СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Манас эпосунун алынган тамгалар ырдайт

Нажмите, чтобы узнать подробности

Манас эпосунан алынган тамгалар

Просмотр содержимого документа
«Манас эпосунун алынган тамгалар ырдайт»

Тузгон:Мурзакаланова Кайрыниса

Сабактын темасы : Тамгалар ырдайт

«А» тамгасы

Айкол Манас кабылан,Атандын жайын сурасан

Алды жагын карасан ,Арстан шердин суру бар

Арт жагына карасан,Алты мин эрдин кучу бар

«Б» тамгасы

Бабан Бакай кеп айтат,Балдарым уккун деп айтат

Болунбо кыргыз болунбо,Болунсон бору жеп кетет

Болунуп кыргыз кетти деп,Болок элге кеп кетет

«В» тамгасы

Ван-Тоо деген жер экен,Вансуу деген эл экен

Вансуу элдин башчысы,Ванхо торо баш болуп

Багындык деп Манаска,Вай-вайлашкан кези экен

«Г» тамгасы

Гулдогон талас жери экен,Гул оронгон кези экен

Гулбадана тон кийген,Гулсары тулпар ат минген

Гулчоро бала шер экен,Гулгун курак кези экен

«д» тамгасы

Даанышман Кошой абакен,Доо Жолойго барды дейт

Далыдан апчып алды дейт,Дегей чалма чалды дейт

Доогурсугон донузду,Далысына салды дейт

«Ж» тамгасы

Жаа тарткычтан Жамгырчы,Жети жуз жоокер алыптыр

Жер жайнаган душмандын.Жолун тозуп калыптыр

Жетик батыр Жамгырчы,Жети кун уруш салыптыр

«З» тамгасы

Зобололуу Алманбет,зоодой тулпар миниптир

Зоот –чопкутун кийиптир,Зулпукар белге илиптир

Заар бетине айланып,Зыргытып жоого кийиптир

«И» тамгасы

Ийиндеги Аккелте,Ийнинен Манас алганы

Ит олбостун талаага,Имерип козду салганы

Ишимди кудай колдо деп,Ирмебей тиктеп калганы

«й» тамгасы

Аргын хандын Ажыбай,Айлакер кыйын эр экен

Андай мындай дегиче,Айжан-жундай кытайды

Бакай Кошой алдына,Байлап келген кези экен

«К» тамгасы

Катагандан канн Кошой,Калктан чыккан алп Кошой

Кулаалы таптап куш кылган,Курама жыйып журт кылган

Касиеттуу жан экен,Карып калган чагы экен

«Л»

Лобнор деген кол экен,Лоб дайра деген жер экен

Леп этип соккон жели жок,Лапылдап ысык чол экен

Ламасына сыйынган ,Лолу деген эл экен

«М» тамгасы

Музбурчак баштап карысы ,Миндеген кошуун баарысы

Манастап уран чакырып,Манас деп бары бакырып

Мына ошондо кыргыздар,Манжуну кирди жапырып

«Н» тамгасы

Нойгуттардан Акбалта,Намыска туулган эр экен

Нарбууданга кмчы уруп,Нойгуттап уран чакырып

Нескарадай калмакка ,найза сунду качырып

«н» тамгасы

Айкол Манас атанды,Абай салып карасан

Айын менен кунундун,жарыгынан буткондой

Алдындагы кара жер ,Калынынан тушкондой

«О» тамгасы

Ошондо Алман караса,Оргуп-оргуп чан чыгат

ОРгуган чандын ичинде,Олбуй-солбуй камчы уруп

Он-тетири теминип,Ойронун Чубак келеатат

«О» тамгасы

Орттонуп ичи чок болуп,Окунуп Манас кеп айтат

Оздон чыккан жат жаман,Озоктон чыккан орт жаман

Очугушкон душмандан Озундон чыккан касс жаман

«П» тамгасы

Перизаада Каныкей,Пендеден артык жан экен

Пахтадай дили ак экен,пейли тунук жан экен

Падыша атан Манаска,Пар келуучу жан экен

«р» тамгасы

Рапыс тондон кийишти,Ыраазы болуп женене

Ырахмат айтып кырк чоро,Кыргыл баштап карысы

Кырк чоронун баарысы ,кырк тулпарга миништи

«С» тамгасы

Сайкалдын жайын сурасан,Сары алтындан тон кийген

Сары тулпар ат минген,Салып курун мойнуга

Султан Манас баатырга,Саламдашкан кези экен

«Т» тамгасы

Торо батыр Манастын,Толгочу кара Тологу

Топ таштарын жайды дейт,толго тартып калды дейт

Тогуздан тушуп толгосу,Топ келишип калды дейт

«У» тамгасы

Узун бойлуу кен далы ,Улан кандын Сыргагы

Ууга чыкса акжолтой,Урушка кирсе сан колдой

Узак жолдон талбаган,Уктап чырым албаган

«Ы» тамгасы

Ырамандын ырчы уулу,Ырчынын экен булбулу

Ырын уккан жыргаган,ыраак жолдо кырк чоро

Ыраазы болуп тындаган

«У» тамгасы

Урбу деген эр экен,Урустомдой шер экен

Уч жуз ашык калмакка,3 кун журду алышып

Узонгудон бут тайбай,устокко-босток сайышып

«Э» тамгасы

Эламандын эркеси ,Эртоштук экен кенжеси

Эки ийиндин ортосу,Эки кулач эр экен

Эчен жыл журуп кыйноодо,Элге келген кези экен

«ч» тамгасы

Чогол Чубак баатырын,Чокморду колго алды дейт

Чогулуп турган кытайга,Чочубай кирип барды дейт

Чочондогон торосун,Чокудан ары салды дейт

«ш» тамгасы

Шер Манастын чоросу,Шуту батыр жолдошу

Шай колдогон шер экен,Шартылдаган эр экен

Шарккула туо=лпар аты бар,шамалдай жургон жаныбар

«х» тамгасы

Хангайдын ханы Эсенхан,Каухар шай кийип башыга

Хандардын алып кашына,Кол куушуруп туруптур

Хан Манастын алдында