Просмотр содержимого документа
«Манас эпосунун идеясы........»
"Манас" эпосунун идеясы, же Улуу кыргыз кагандыгынын тарыхый миссиясы
Кандайдыр бир себептерден улам жазуусун жоготуп, жазма маданиятын унутуп калган элдердин тарыхый аң-сезимин чагылдырган булактардын бири - бул эпостор, анын ичинде тарыхый окуялардын таасиринен келип чыккан баатырдык эпостор. Тарыхый эпостор ошол элдин коомдук уюмдашуу деңгээлин, мамлекеттүүлүк тарыхын жана социалдык өнүгүү тепкичин да көргөзүп турат. Мисалы, айрым элдердин эпостору үй-бүлөлүк же уруулук деңгээлден көтөрүлбөй, бир баатырдын фантастикалык кара күчтөр менен согушуп, үй-бүлөсүн, же уруусун душмандардан коргоо менен гана чектелет.
Ошону менен бирге чыныгы тарыхында үлкөн мамлекет куруп, башынан улуттун жадында терең из калтырган чоң тарыхый окуяны өткөзгөн саналуу гана элде биздин "Манас" сыяктуу эпопеялык эпостор бар. Учурунда В.В. Радлов кыргыздардын эпос салты тууралуу мындай деген: ..... так и отдельные предания и сказки, исторические воспоминания, рассказы и песни как бы вследствие силы притяжения присоединяются к эпическому центру и при всем своем раздробления делаются частями объемистой общей картины, в которой отражаются все мысли и стремления народа, одним словом совокупность народного духа.
Окумуштуулардын басымдуу бөлүгү (И. Молдобаев, С. Мусаев, М. Ауэзов, А.Н. Бернштам ж.б.) "Манас" эпосунун келип чыгыш тарыхын VIII-IX кылымдарга алып барып, 840-жылы курулган Улуу кыргыз кагандыгы менен байланыштырышат. Эми Улуу кыргыз кагандыгынын тарыхый миссиясы эмне эле? Андан мурунку Түрк кагандыгы, Уйгур кагандыгы сыяктуу Борбордук Азиядагы түрк-монгол элдерин бир туу алдында бириктирип, Кытай императорунан салык алып, Улуу Жибек жолун контролдоо, б.а. талаа империясын куруу эле. Эми Улуу кыргыз кагандыгы буларды ишке ашыра алды беле? Тилекке каршы, жок. Эң биринчиден түрк элдеринин Батышка карай көчүшү, Кытайдын бирде кыргыздарга, бирде уйгурларга тарткан, тагыраак айтканда, Борбордук Азияда дагы бир көчмөн империя курулушун каалабаган саясатынан улам тарыхый миссиясын толук аткара алган эмес. Ошону кийин улуттук духубуздун казынасы "Манас" эпосунда адабий өңүттөн ишке ашырганбыз. Башкача айтканда, түрк-монгол элдерин ичине камтыган, Түштүк Сибирден, Монголиядан Каспий деңизине чейин созулган чоң мамлекет куруп, Кытайды чапканбыз.
Мисалы, Манастын максаттарынын бири - бул түрк элдеринин башын бириктирип Кытайды чабуу:
Токсон уруу өзүбек,
Тозгону болсо жыяйын,
Тозоку кытай журтуна
Tополоңду кылайын.
Aлтымыш уруу алаштын,
Азганы болсо жыяйын,
Арбак урган Кытайга
Азапты мындай кылайын!
Орто кылымдарда Борбордук Азиядагы бирдиктүү түрк мамлекеттеринин акыркысы болгон Улуу кыргыз кагандыгынын мураскору болгон биздер түрк элдеринин интеграциясынан качпай, тескерисинче анын башында болушубуз абзел. Анткени:
1. Түрк элдеринин эң байыркыларынан бири катары моралдык жоопкечилигибиз жана артыкчылыгыбыз бар.
2. "Манас" эпосу сыяктуу бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн мүдөөсүн чагылдырган улуу маданий байлыгыбыз бар.
3. Улуу кыргыз кагандыгынын тарыхый миссиясын милитардык эмес (ага алыбыз жетпейт), руханий өңүттөн ишке ашырышыбыз зарыл.