СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Манас эпосунун изилдениши

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Манас эпосунун изилдениши»

2013. 08.05. 11-класс.

Кыргыз адабияты. (Ачык сабак) Өмүрбек кызы Бегаим.

Сабактын темасы: Манас эпосунун изилдениши.

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: “Манас” эпосунун Октябрь революциясына чейин жана революциядан кийин кайсы окумуштуулар изилдегенин билишет. “Манас” эпосуна арналган илимий конференция тууралуу маалымат алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын ой жүгүртүүсү жана байланыштуу кеби өсөт, “Манас” эпосунун изилдениши тууралуу класстер түзө алышат.

Тарбия берүүчүлүк: Сабак аркылуу кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрүн мурасынтарын сактоо, аны келечек муундарына жеткирүү идеяларын алышат.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу этабы: Доскага тема жазылат. Муз жаргыч. Окуучулардын көңүлүн буруу жана сабакка чакыруу максатында мугалим окуучуларга бирден пластилин таратып, өздөрүнө жаккан буюмду жасатат. Окуучулар ал буюмду эмне үчүн жасагандыгын айтып беришет.

Мугалим: Мына көрдүңөрбү балдар, биз кандай нерсе болбосун ага мээримибизди төгүп жана жылуулугубузду өткөрсөк гана андан бир пайдалуу нерсе чыгат. “Манас” эпосуна да изилдөөчүлөр ушундай жылуулук берип, мээримин төгүп изилдегени үчүн ал дүйнөлүк деңгээлге чыкты. ( 5-7 мин.)

Үй тапшырманы суроо. (2мин)

Жаңы теманы түшүндүрүү. Топтор менен иштөө.

Окуучуларды “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги боюнча айттырып топторго бөлүп алуу. Тапшырмалар:

1 – топко: “Манас” эпосунун Октябрь революциясына чейин изилдениши.

“Манас” эпосу жөнүндө кагаз жүзүндө биринчи маалымат берген тарыхый эмгек, XV-XVI кылым чектеринде Кыргызстандын түштүгүндө жашап өткөн Сайфидин Аксыкентинин “Маджму ат-таварик” (Тарыхтар жыйнагы) аттуу кол жазма болуп эсептелет. (Аталган эмгек фарсы-тажик тилинде жазылган). Анда Манас баатырдын калмак баскынчыларына каршы-күрөшү, жортуулдары баяндалат.

“Манас” эпосун азыркы биздин доорго Ырчыуул, Жайсаң сыяктуу байыркы манасчылардын ысымын калтырды. Ырчыуул Манастын кырк чоросунун бири болуп, кандуу жортуулдарда бирге жүрүп, ошол баатырдык жүрүштөрдү даназалап ырдап келген. Эпосто Ырчыуул “Ырамандын Ырчыуул, ычкыры бапик кырк муун” деп өзгөчө сүрөттөлөт. О.э. ырчы Жайсаң жөнүндө “Жалаң үйдүн борумун, жарым күнү ырдаган” деп берилет. Тилекке каршы революцияга чейинки манасчылардын ысымдары элдик уламыштарда, аңыз сөздөрдө гана сакталып, алар жөнүндө толук маалымат болбогондуктан, алардын чыгармачылык таржымалын толугу менен жазып берүү мүмкүнчүлүгү болгон жок. Бирок эки доордун (19-20-к.) чегинде жашап өткөн улуу манасчылардын ысымдары биздин заманга чейин сакталып айтылып келди.

Кыргыз эпосу жөнүндөгү илим революцияга чейин эле орустун белгилүү окумуштуусу В.В.Радлов жана казак ориенталисти Ч.Ч.Валиханов тарабынан негизделген. Өздөрүнүн алгач жазмаларында (В.В.Радлов 1862-ж. Ч.Ч.Валиханов 1856-ж) кыргыз эпосу “Манасты жана анын тексттерин илимий талдоонун натыйжасында алар кыргыз фольклористикасынын эң биринчи барактарын ачышты. 1904-жылы Санк-Петербургда орус тилинде жарык көргөн Ч.Валихановдун (1835-65) “Жунгария очерктери” аттуу эмгеги Манас таануу илиминин алгачкы “төл башы” болуп эсептелет.Аталган очерктерде Ч.Валиханов өхүнүн “Манас” эпосу жөнүндө алгачкы илимий байкоолорун ортого салган. Казак окумуштуусу “Манас” – кыргыз мифтеринин, жомокторунун, легенда-санжыраларынын жыйнагы. Бул кучак жеткис эпопеяда кыргыздардын турмуш образы, салт-санаасы, адеп-ыйманы, географиясы, диний жана медициналык түшүнүктөрү, эл аралык мамилелери чагылдырылган” – деп таамай баа берген.

Ч.Валихановдон кийин кыргыз элинин учу-кыйырына көз жетпеген улуу эпосу жөнүндө олуттуу, салмактуу илимий ойлорду биринчилерден болуп айтуу, жазуу бактысы В.Радловдун үлүшүнө туш келген. Ал кыргыз эпосуна байланыштуу ойлорун негизинен 1885-жылы Санк-Петербургдан жарык көргөн “Түндүк түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү” аттуу томдукка жазган “Кириш сөзүндө” айткан. Бул “Кириш сөздө” В.В.Радлов биринчи кезекте, кыргыз элинин сөз өнөрүнө жогору баа берген. Кыргыздардын өз эне тилинде ойду ачык, так түшүндүрүп, көрктүү, чечен сүйлөй билгенин, кыргыздын сөзү кра сөз болсо да, ыр сыяктуу куюлушуп турарын, кара кыргыздардын ырчы, акындардын, жомокчулардын көркөм сөзүн өтө жогору баалашарын жана ыр өнөрүнүн Ала-Тоо аймагында өтө бийик деңгээлде өсүп жеткендигин баса белгилеген. “Манастын” эпизодун В.В Радлов 1862-жылы бугу уруусунан чыккан Манасчыдан андан кийин 1869-ж. сарбагыш уруусундагы манасчыдан да жазып алган. Ал тарбынан жазылып алынган эпизоддор жалпы көлөмү 14000 саптан турган, орус транскрипциясы менен кыргыз тилинде жана немец тилиндеги котормосу 1885-жылы Санк-Петербургдан чыккан.

Кыргыздар жөнүндөгү этнографиялык маалыматтар, “Манас” жөнүндөгү билдирүүлөр 1861-1917-жылдары басылып чыккан. Алар академик В.В.Бартольд, Т.Семёнов – Тянь-Шанский, Г.Н.Потониндин эмгектери болгон. Орус окумуштуусу П.М.Мелироанский эпостун тарыхый катмарына көңүл бурган. “Манас” эпосун толук жазуу 1924-жылы К.Мифтаков тарабынан башталган о.э. “Манас” эпосун (толук жазуу) топтоодо, жазууда Ы.Абдырахмановдун ролу чоң.



2 – топко: “Манас” эпосунун Октябрь революциясынан кийин изилдениши.

“Манас” боюнча илим-изилдөө иштери Октябрь төңкөрүшүнөн кийин кенири кулач жайган. Окумуштуу Павел Фалевдин 1922-жылы Ташкентте “Илим жана агартуу” журналына жарыяланган “Кара-Кыргыз жомогу кантип курулат?” аттуу илимий макаласын Совет бийлигинин доорундагы Манас таануу илиминин алгачкы карлыгачы десек да болот. П.Фалев (1888-1922) аталган макаласын В.Радлов жазып алган “Манастын” текстине негизденип жазган. Анын макаласынын илимий жаңылыгы “Манастын” айрым тексттери менен байыркы Орхон-Енисей таш эстеликтериндеги рун жазууларынын окшоштугун мисалдар менен ырастап көрсөткөн. О.э., “Кара кыргыздардын былинасы кандай курулат?” (1922) деген макаласында “Манас” эпосунун текстин Күлтегин эстелигиндеги жазмалар менен салыштырып, андагы окшоштуктарды аныктаган. Фалевдин мындай илимий гипотезасын 1952-жылы “Манаска арналган” бүткүл союздук конференцияда Мухтар Ауэзов колдоп: “Манас” эпосунун жаралуу доорун, эпостун байыркы негиздерин 9-кылымдан издөө биринчилиги ыраматылык Фалевге таандык”, - деп атайы белгилеп кеткен. Аталган конференция “Манас” негизги маселеси катары “Манас” эпосунун элдүүлүк проблемасын талкуулаган жалпы союздук илимий форум, “Манасты” изилдеп үйрөнүү багытындагы орчундуу баскыч, манастаануу илиминдеги бурулуш учур. Конференция 1952-жылы 6-10-июнда Фрунзеде өткөн жана конференцияны өткөрүүгө СССР илимдер академиясынын Президуму демилгечи болгон. СССР ИАнын негизги максаты “Манас” эпосун ар кандай сынга алуулардан сактап калуу болгон. Илимий сессияда профессор Л.И.Климович, профессор А.К.Боровков баш болгон москвалык, ленинграддык окумуштуулар “Манас” эпосунун элдүүлүк проблемасына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилешип, колдогу колдогу варианттар орчундуу кемчиликтерге ээ дешип, Конференцияны өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу керек деген жыйынтыкка келишкен. Негизги 4 доклад болорун белгиленип, докладчылар дайындалган. Алар: А.Ю.Якубовский “Манас” эпосунун калыптанышынын тарыхый шарттары” деген доклады менен,профессор Л.И.Климович “Манас” эпосун изилдөөнүн жыйынтыктары жана милдеттери”, профессор А.К.Боровков “Манас” эпосунун элдүүлүк проблемасы”, жазуучу Ө.Жакишев “Манас” эпосунун варианттарын талдоо” деген докладдары дайындалган. О.э. бир катар жардамчы докладдарды даярдоо да белгиленген.



Манас таануу илиминин калыптанышына жана өнүгүшүнө ошол эле казактын улуу окумуштуусу жана жазуучусу М.Ауэзовдун, В.М.Жирмунскийдин, А.Н.Бернштамдын, К.Рахматуллиндин, С.М.Абрамзондун, А.А.Петросяндын, П.Н.Берковдун, М.И.Богданованын, Е.Д.Поливановдун, А.Х.Маргуландын өтөгөн эмгектери зор.

Манас таануу илиминде казак илимпоздорунун ичинен Ч.Валихановдун салтын уланткан Мухтар Ауэзов (1897-1961). Мухтар Ауэзов 20-жылдардан баштап Сагымбай Орозбаковдун вариантына негизденип, “Манасты” изилдөө ишин баштаган. 20-30-жылдарда эл ичин аралап, ырчы, жомокчу, манасчыларга жолугуп, алардын айтуусунда “Манасты” көп жолу уккан. “Манасты” өзү да эл оозунан жазып алган. Саякбай Каралаев менен достук мамиледе болгон. Саякбай жөнүндө “Мындай дастанчы Сакеңден кийин дүйнөгө келбейт”, - деп айткан сөзү бар. Ауэзов манасчыларды өз көзү менен көрүп, “Манасты” өз кулагы менен угуп, эпосту ич жактан терең түшүнүп, терең иликтеп чыгармачылык лабараториясында 20-30 жыл бою уланып отуруп, акыры “Манас” – кыргыз элинин баатырдык эпосу” аттуу илимий эмгегин жараткан. М.Ауэзов “Манас” жомогунун алгачкы ядросун “Чоң казат” окуясы түзүшү мүмкүн деп айтып, эпостун жаралыш мезгилин тарыхый чоң окуя менен байланыштырып, ошол аскердик жеңиштин башында турган ажо, жетекчи полководец Манас болгон деген божомолду сунуштаган.

Академик Виктор Жирмунский да жомокчулардын “Манасты” жашыруун сырдуу керемет күчтүн аян берүүсү менен айтып калуусу жөнүндөгү маселеге кайрылган. Илимпоздун “Манас” эпосун үйрөнүүгө киришүү” (1948) аттуу изилдөөсү болуп эсептелет. Жирмунский “Манасты” дүйнө элдеринин эпостору менен салыштырып, көп жеринен окшош, типтеш экенин мисалдар менен ачып көрсөткөн. Буга чейин “Манас” дүйнө элдеринин эпикалык чыгармалары менен салыштырылган эмес. Окумуштуу кыргыз жомокчу-дастанчылары башка калктардын эпос жаратуучуларынан кескин айырмаланып, “Манасты” музыкалык аспаптын коштоосуз өтө көрөсөндүү кол жасоолор жана бай мимика менен аткараарын белгилейт. Ал төмөндөгүдөй деп жазган: “Манас айтып жатканда айтуучу – төкмө өзгөчө эргүү абалында болот. Угуучулардын реакциясы аны ого бетер шыктандырат. Ошондуктан эпикалык чыгарманын текстин ушундай сеанстын учурунда жазып алыш керек. Лабараториялык шартта манасчыны жалгыз камап алып, эжелетип айттырып жаздырганда, айтуучу мазмунду жөнөкөй гана баяндап калат, текст чыгармачылык менен күпүлдөп айткандагыдай эң сонун көркөм боёктордон ажырап калат. Эпикалык чыгарманын стилин талдоо жомокчу эл алдында эргип ээн жайкын айтып жатканда жазылып алынган тексттин негизинде жүргүзүлгөнү абзел”.

Орус адабиятчысы, профессор Вавел Наумович Берковдун (1896-1969) «Алтай эпосу жана «Манас» аттуу чакан изилдөөсү да кызыктуу гипотезалары менен айырмаланат. Профессор кыргыз эпосу “Манастын” алтайлыктардын “Алып-Манаш” жомогу менен байланышы барбы деген суроону койгон. П.Н. Берков алтайлык “Алып-Манаштын” сюжетин талдап келип, бул эпос архаикалуу экендигин, негизин мифология түзүп тургандыгын, а.э. кыргыздын “Манасында” болсо “реалисттик” тенденция көрүнөө байкалаарын белгилеген. Бирок окумуштуу Алып Манаш менен Манастын сырткы түрпөт түрлөрүндөгү , кебете-кешпирлериндеги, ошондой эле алардын тулпарларынын турпаттарындагы кээ бир окшоштуктарды жана башка айрым үндөштүктөрдү талдап келип, “Манас” түпкү теги жагынан байыркы мифологиялык “Алып-Манаштан” “уруктанып” өсүп чыгып, кийин бара-бара зор поэзия-энциклопедияга өсүп чыгышы мүмкүн деген гипотезаны айткан.

3 – топко:

Александр Натанович Бернштам (1910-1956) Ленинграддык көрүнүктүү тарыхчы, археолог жана этнограф. А “Манас” эпосуна багыштап 20дан ашык изилдөөлөрдү, эмгектерди, макалаларды жараткан. А.Н.Бернштам эмгектеринин биринде “Манас” эпосун элдик көркөм чыгарма катары кароо менен гана чектелүүбүз керекпи же анын тарыхый баалуулугун да көңүлгө алганыбыз туурабы?” – деген суроону коюп, анан өзү мындай деп жооп берген: “ Колдогу маалыматтарга таянып, мындай жыйынтык чыгарууга болот. Биринчи, 820-847-жылдарды камтыган кыргыз урууларынын көз карандысыздык үчүн күрөшүн баяндаган тарыхый повест да болуп эсептелет. Экинчи, 9-кылымда, 820-847-жылдар аралыгында өздөрү келип катылган уйгурлар менен күрөшүп, акыры аларды талкалап, кыргыздар тарыхчы, академик Бартольд жазгандай, Азияда өздөрүнүн “улуу мамлекетин” түзгөн. Бернштам ошол мезгилде кыргыздардын башында Яглагар-хан аттуу тарыхый инсан турган деп далилдеп, ошол баатырды Манас баатырдын прототиби деп эсептейт.

“Манас” эпосун 1-жолу тарыхый-этнографиялык булак катары изилдеген окумуштуулардын бири Саул Матвеевич Абрамзон (1905-1977) болуп саналат. 1926-жылы Ленинград мамлекетик университетин бүтүп Кыргызстанга келип, тоолуу крайдын тарыхын изилдей баштаган. Ала-Тоо аймагында 5 жыл жашап, эмгектенип, 1931-жылы Ленинградга турукт уу жашоо үчүн кайра кайтып барган да, өмүрүнүн акырына чейин Кыргызстандын тарых жана этнография илими, анын жергиликтүү өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болгон. С.М. Абрамзон “Манас” менен моңголдордун 1240-жылкы “Сокровенное знание” аттуу тарыхый мурасынын ортосундагы кээ бир сюжеттик окшоштуктарды (мисалы, Дэй-Сечен менен Жакыптын түшүнө ак шумкардын бирдей кириши, Темучин менен Манастын көздөрүнүн окшоштугу, Манастын да, Темучиндин да төрөлгөндө кан уучтап түшкөндөрү сыяктуу) байкап, кыргыз-моңгол, кыргыз-калмак эпосторун тереңирээк салыштырып изилдөөнүн зарылдыгын белгилеген. Окумуштуу эпостордун ономастикасын жакшылап үйрөнүүнүн өзү да жемиштүү натыйжаларды бериши мүмкүн экендигин жазат. Маселен, “калмактын “Жангар” эпосунун башкы каармандарынын бири Хонгор “Манастагы” Коңурбайдын атын эске салат” – дейт окумуштуу. О.э., “Манастагы” Жолойдун аты 14-кылымда Алтынхан династиясын негиздеген моңгол князы Шолой Коң-тайчынын ысымына окшоштугун белгилеп, эпикалык Жолой менен тарыхый Шолой бир эле киши болушу ыктымал деп жазган.

“Манаска” арналган илимий эмгектердин ичинен Медина Искендеровна Богданованын (1908-1962) “Кыргыздын баатырдык эпосунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө” аттуу изилдөөсү өзүнчө айырмаланып турат. Богданованын аталган негизги изилдөөсүндө “Манастын” башка элдердин эпосторунан айырмаланган өзгөчөлүгү төмөнкүлөр деп эсептейт:

  1. “Манас” эпосунун ушул күндөргө чейин оозеки жашап, манасчылар тарабынан эл ичинде активдүү аткарылып, тереңдеп, сюжети кеңейип, көркөм сөз каражаттары байып, жаңы окуялар менен толукталып (Мисалы, Сагымбай манасчынын вариантындагы Манастын Түндүккө жана Батышка жасаган жортуулдары, Илья Муромец менен согушканы) жандуу кыймылда, өсүүдө тургандыгы;

  2. Негизги өзөк сюжети сакталса да көп варианттуулугу, көп сюжеттүүлүгү;

  3. Эпосто кереметтүү-фантастикалык элементтер менен реалисттик элементтердин жанаша жашашы;

  4. “Манаста” ар түрдүү доорлордун тарых-санжырасы, ырлары, поэмалары, жомоктору, уламыштары биригип, бири-бири менен өрүлүшүп, жуурулушуп бир бүтүндү түзүп калгандыгы;

  5. “Манаста” ар замандын ырчыларынын, манасчыларынын ойлору жана оргуштаган төкмөлүк өнөр жемиши топтолгондугу, - деген сыяктуу мисалдар менен ырастаган.

Арфо Авестисовна Петросян (1909-1985) СССР элдеринин адабияты жана фольклору боюнча адис болгон жана 1952-жылкы “Манас” боюнча өткөрүлгөн конференцияны уюштурууга жана анда “Манастын” элдүүлүгүн коргоого активдүү катышкан илимпоз. А.А.Петросяндын 1961-жылы Москвадан жарык көргөн “Киргизский героический эпос “Манас” аттуу илимий жыйнакка жана “Манас” сериясынын 1-томдугуна жазган баш сөздөрү өзүнүн олуттуулугу менен өзгөчөлөнөт. “Баш сөздөрүндө” “Манастын” кыргыз элинин көп кылымдык турмушунун көркөм летописи экендигин, таланттардын чыгармачылык эмгегинен эленип өткөн жогорку көркөмдүүлүгүн, элдик азыркы рухий турмушуна тийгизип жаткан таасирин, азыркы кыргыз тарыхый романын “Манастын” көрөңгөсүсүз элестетүү мүмкүн эместигин ж.б. артыкчылыгын белгилеп көрсөткөн.

Чыгыш тилдерин изилдөөчү, Евразия элдеринин 20дан ашык тилин билген, 30-жылдарда Кыргызстанда жашап, репрессияга дуушар болгон филолог-илимпоз Евгений Дмитриевич Поливанов (1891-1938) 1-жолу “Манас” эпосун орус тилине которуунун принциптери (1936) жөнүндө илимий ой-пикирлерин айтса, 40-жылдары адабиятчы Калим Рахматуллин (1903-1946) “Манасчылар”, “Улуу патриот окумуштуу Манас” деген эмгектеринде алгач ирет манасчылар, алардын чыгармачылык өзөчүлүктөрү тууралуу кенен-чонон сөз кылган. “Манас” өзүнүн архаикалык катмарларында “уруулук, патриархалдык-кулчулук түзүлүштүн” элементтерин чагылдырат деген Манас таануу илиминин алгачкы башталышында айтылган ой К.Рахматуллинге таандык. “Көптөгөн белгилүү манасчылардын чыгармачылык өмүр таржымалын эпостун калыптануу тарыхы менен синхрондуу байланышта үйрөнүүнү биринчи баштаган да таланттуу изилдөөчү К.Рахматуллин”, -деп жазат Манас таануучу Р.З.Кыдырбаева, өзүнүн “Манас” эпосунун генезиси” аттуу эмгегинде.

Бул жерде Манас таануу илиминде Чокон Валиханов менен Мухтар Ауэзовдун салтын уланткан казак академиги Алкей Хакан уулу Маргуландын “Чокон жана Манас” деген белгилүү изилдөөсү жөнүндө сөз кылбай өтүү мүмкүн эмес. Анын эмгегинин өзгөчөлүгү кеңири тарыхый, архивдик материалдарга негизделип жазылгандыгында. Окумуштуу мында “Манас” эпосунун революцияга чейин жыйналыш жана изилдениш тарыхына кенен токтолгон. Чокон Валихановдун Ысык-Көлгө келгенге чейин, Омскиде окуп жүргөндө эле “Манастан” кабары бар экендигин, “Көкөтөйдүн ашынын” кантип табылгандыгын кызыктуу, мурда белгисиз фактылар аркылуу кең-кесири, мазмундуу баяндаган.



4 – топко: Кыргыз изилдөөчүлөрү тарабынан изилдениши.

“Манас” эпосу Кыргызстандын илимпоздору тарабынан ар түрдүү аспектиде изилденип келген жана изилденип жатат. “Манастын” этнографиялык тарабы жана турмуштук-тарыхый негиздери жөнүндөгү маселелер Белек Солтоноев, академик Б.Жамгырчинов, С.Ильясов, А.Хасанов, О.Караев, А.Мокеев, И.Б.Молдобаев ж.б. тарыхчы жана этнограф окумуштуулар тарабынан изилдөөгө алынган.

Изилдөөчүлөрдүн ичинен “Манасты” изилдөөгө көп эмгек жумшаган, “Манас” боюнча 50гө жакын докладдарды жасаган тарых илимдеринин доктору, көрүнүктүү илимпоз Имель Бакиевич Молдобаев б.с. “Манас” дастанын жанындай сүйгөн бул илимпоз эпоско байланышкан тарыхый жерлерди, б.а., Түштүк Сибирди, Саян-Алтайды, Монголияны өз демилгеси менен кыдырып чыккан. Дагы бир белгилей турган нерсе, жогорудагы “Манас” боюнча эмгек жазган тарыхчы-окумуштуулар эпосту атайы изилдеген кишилер болгон эмес. И.Б.Молдобаев болсо улуу эпосту изилдөөнү туруктуу колго алган кыргыздын биринчи профессионал “Манас” изилдөөчү-тарыхчысы. Ал С.М.Абрамзондун “Манас” эпосун этнографиялык жактан изилдөө боюнча белгилеген илимий багыттарын уланткан. Эпосту кыргыз элинин Түштүк Сибир, Борбордук Азия, Ортоазия, Волга-Урал, Крым, Кавказ, Памир элдери менен болгон этномаданий байланыштарын,кыргыз калкынын ар түрдүү мифтерин , эпосто сакталган этностун байыркы ишенимдерин: тотемизмдин, анимизмдин, шаманизмдин жана ислам, будда диндеринин издерин, каада-салттардын мазмунун ишенимдүү ачып чыккан. Мисалы, “Манастагы” “бут”, “буткана”, “Буркан”, “Лайлама”, “Лаанат-маанат” деген сыяктуу будда түшүнүктөрүн талдоо аркылуу ырастайт. И.Б.Молдобаев “Манас” эпосунун түзүлүшүн алгачкы башталышын байыркы гундардын дооруна тиешелүү деп ойлойт. Бул гипотеза тарыхчы Белек Солтоноевдин ушундай божомолуна үндөш.

Болот Юнусалиев (1913-1970) – кыргыз тил илиминин классиги, филология илимдеринин доктору, академик. Манас таануу илимине орчундуу салым кошкон улуу окумуштуу. Ал “Манас” эпосунун бириктирилген кошмо вариантын түзүүгө жана басмадан бастырып чыгарууга жетекчилик кылган. 1952-жылкы эпосту изилдеп үйрөнүүгө арналган айтылуу бүткүл союздук чоң конференцияда “Манастын” элдүүлүгүн чечкиндүү коргоп чыккан патриоттордун бири ушул Б.Юнусалиев болгон. Ал улуу эпопеяга 50-6-жылдарда “Манас” эпосунун доору жана келип чыгышы жөнүндөгү маселе карата”, “Манаска кириш сөз”, “Кыргыздын баатырдык эпосу “Манас” деген изилдөөлөрдү арнаган. Б.Юнусалиев бириктирилген вариантка жазган “Кириш сөзүндө” “Манас” жомогу жүздөгөн жылдар бою кыргыздар үчүн таалим алуучу роман-китептин, таасирдүү сахнанын жана экрандын, өткөндү эске салуучу тарых китебинин милдетин аткарып келген”, - деп айткан. Ошол эле “Кириш сөздө” окумуштуу “Манас” жомогу кайсы доордо пайда болгон деген суроону коюп, бул суроого эпостогу турмушта болгон тарыхый окуялар менен сюжеттик эпизоддорго, этнографиялык, лингвистикалык, ономастикалык, топонимикалык фактыларга негизденип, “Манастын” келип чыгышы кыргыздардын улуу мамлекетин кыйраткан 9-11-кылымдагы кара кытайлардын баскынчылык доору байланыштуу деген ойду айткан. Б.Юнусалиев тилчи катары эпостун тилине өзгөчө көңүл буруп, “нечен кылымдардан бери ашкан чеберчилик менен өрчүтүлүп, элестүү сөздөрдүн түгөнгүс казынасына айланган “Манас” жомогу азыркы адабий тилибизди байытууда да абдан чоң роль ойнойт”, - деп көрөгөчтүк менен жазган.

Профессор Мухтар Борбугуловдун “Манас” эпосунун байыркы башаттары” аттуу илимий изилдөөсү да өзүнүн олуттуулугу менен өзгөчөлөнүп тургандыгын көрсөтүп өтүү керек. М.борбугулов бул изилдөөсүндө П.Н.Берковдун “алтай эпосу жана “Манас” аттуу эмгегиндеги “Манастын” алгачкы мифологиялык түпкү теги жөнүндөгү оюн тереңдеткен. М. Борбугулов эр Манастын образы өзүнүн адепки “түйүлдүк” абалында элибиздин эң байыркы дүйнө түшүнүктөрү, ишенимдери менен тыгыз байланышта экендигин белгилеп, төмөнкүдөй корутунду чыгарган: “Көрсө, Манас “айың менен күнүңдүн бир өзүнөн бүткөн” экен. Мына ошентип, Манас – же күн менен айдын өзү, же алардан бүткөн – алардын уулу. Бул болсо, П.Н.Берковдун алтай эпосу байыркы кыргыздардын солярдык (күнгө байланыштуу) мифи менен байланыштуу деген гипотезасын чындыкка жакындаштырат. “Алып-Манаш” “Манастын” бир бөлүкчөсү болгон соң, албетте, “Манас” да – мүмкүн дагы көбүрөөк деңгээлде миф менен байланыштуу”.

Көп жыл бою “Манас” секторунун илимий-уюштуруу иштеринин башында туруп келген, кыргыз Манастаануу илиминин ветерандарынын бири Самар Мусаев. “Манас эпосу”, “Манастын” тексттерин илимий жактан жарыялоонун проблемалары”, “Каныкейдин образы” аттуу илимий эмгектердин автору. Орус, кыргыз тилдеринде чыккан “Манастын” томдуктарына, илимий жыйнактарга көптөгөн олуттуу мазмундагы баш сөздөрдү жазган, эпостун тексттерин жарыялоодо эмгеги зор. Фольклор илиминин жетишкендиктерине таянып, “Манастын” академиялык басылышын басмага даярдоонун негизги принциптерин иштеп чыккан. Илимпоздун С.Орозбаковдун вариантынын академиялык басылышынын 1-томдугуна жазган “Кириш сөзүн” өзгөчө бөлүп көрсөтүү керек. Изилдөөчү Сагымбай Орозбаковдун чоң манасчы болушунда түш көрүү керемети эмес, жаш кезинде Чоңбаш, Тыныбек, Найманбай, Балык, Келдибек сыяктуу манасчылардын манасын угуп, алардын таалим-тарбия мектебинен өткөндүгү башкы ролду ойногондугун ырастап, төмөндөгүдөй корутунду чыгарат: “Манасчылык өнөрдүн алгачкы кадамын түш көрүүдөн баштаган ар бир талапкер кесиптин сырларын дароо эле өздөштүрүп, өнөр ээси катары тааныла койбойт. Чыгармачылыгынын алгачкы этаптарында башка кесип ээлеринен үлгү алуу, үйрөнчөктөк баскычтан өтүү, башка манасчылар айткан варианттары менен таанышуу, алардагы ийгиликтерди өздөштүрүп, өз вариантына сиңирүү, ыгы менен пайдалануу жомокчулардын бүт өмүрү боюнча улантыла турган өзгөчө узак процесс”

Раиса Заитовна Кыдырбаева (1930) – көрүнүктүү “Манас” изилдөөчү. Кыргыз адабиятынын маселелерине, фольклорго, “Манаска” арналган 10го жакын монографиянын ээси. 1981-жылы Түркияда түрк элдеринин 2-бүткүл дүйнөлүк конгрессине Кыргызстандын өкүлү катары катышып, “Манас” боюнча доклад жасаган. “Манас” эпосунун генезиси” аттуу фундаменталдык изилдөөсүнөн улам дүйнөнүн фольклорист-окумуштууларынын арасында кадыр-баркка ээ болгон. Раиса Заитовнаны Манастаануу илиминин кыз Сайкалы десек болот. Р.Кыдырбаева “Манас” эпопеясын Саян-Алтай, түрк-моңгол эпосторуна салыштырып изилдеген. Илимпоз кыргыз эпосунун түзүлүш, өнүгүш тарыхы 3 чоң доорду баштан кечиргендигин аныктаган. Булар:

а) байыркы уруулук түзүлүштүн жана түрк каганатынын доору;

б) Ортазиядагы урууларды жана элдерди басып кирип кыйла ассимляциялаган моңгол баскынчылыгынын доору;

в) Ортазия, анын ичинде Тяншань аймагы менен байланышкан жунгар Хандыгынын түзүлүш доору. Р.Кыдырбаева “Манас” дастанынын түпкү көөнө, архаикалык тамырлары Саян-Алтай эпосторунун байыркы эпикалык катмарлары менен байланышта экендигин мисалдардын негизинде ырастайт.

“Манас” изилдөөчү Райкул Сарыпбеков В.М.Жирмунский сыяктуу Манастын грек, славян, түрк ж.б. калктарынын эпосторундагы образдар менен салыштырып талдап келип, Манастын образы түпкү абалында мифтик кудай катары жаралгандыгын, анан байыркы жамааттык-уруулук формациянын бузулуп, анын идеологиясы болгон мифологиянын арткы планга сүрүлүп, мифтик көөнө образ бара-бара жүрүп отуруп, жердеги реалдуу адамды элестеткен тарыхый баатырдык образга айлангандыгын, бирок Манастын бүгүнкү образында мифологиялык, тотемдик, зооморфтук байыркы башталмалар реликт, рудимент катары (мисалы, кээде “кара чаар кабылан, капталында чамынып “Манасты” колдоп жүрүшү) сакталып калгандыгын ырастап көрсөткөн.

Топтор текст менен таанышып окуп чыгышат. (5)

Текстти окуп чыккандан кийин бири-бирине түшүндүрүп берүү үчүн окуучуларды кайрадан башка-башка топко чачуу. Бириккен топтор кайрадан бири-бирине түшүндүрүп беришет.(3мин.)

Окуучуларды кайра мурунку топторго бириктирүү. Таркатылган тексттин негизинде өзүңөр чыгармачылык менен презентациялап бересиңер. (Ар бир топко ватман, маркер таратылат). (10 мин.)

Окуучулардын иштеген эмгектерин презентациялап беришет. Анда эмесе кезек биздин илимпоздорубузда. (10 мин.)

Мугалим окуучуларга толуктоолорду киргизип, илимий конференция тууралуу маалымат берет.

Сабакты бышыктоо:

Доскага сандыктын сүрөтү тартылган ватман илинет. Балдар, бул сандыкчаны “Манас” эпосу деп элестеткиле. Оозу ачыла элек, ичинде эмне бар экени белгисиз, ал тургай бул сандык качан жаралгандыгы белгисиз. Силерге суроо:

“Манас” эпосун кайсы мезгилдерде кимдер изилдегенин стикерге жазып сандыкчанын айланасына жабыштырып койгула. Окуучуларга стикер таратылат.

Балдар, биздин бүгүнкү “Манас” эпосунун изилденишине арналган семинарыбызга манас айтып берет элем деп атайын Ысык-Көлдөн 5 жаштагы Болот уулу Үмүт аттуу кичинекей манасчыбыз келген экен. Анда Үмүттү тосуп алсак.

Проэктрден Болот уулу Үмүттүн айткан манасы коюлат.(4 мин.)

Корутундулоо:

Муну менен эмне демекчибиз, манасчылардан учугубуз кур эмес. Кыргыз барда “Манас” эпосу дагы да терең изилденип жашай бермекчи. Үмүткө окшогон кичинекей манасчылардын “Манасын” изилдей турган илимпоздорубуз азыр биздин арабызда отурушу мүмкүн.

Баалоо: Топтук баалоо.

Үй тапшырма: “Манас” эпосу чет элдерде кандай изилдениптир билип келүү.