СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Манас"эпосунун структурасы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Манас"эпосунун структурасы»

«Манас» эпосунун структурасы.

«Манас» эпикалык чыгармасынын структурасы жөнүндө кеп козгогондо сөз анын жалпы каноникалык - сюжеттик өзөгүнө гана эмес, негизги түзүлүшүнөбасым жасалышы керек. Анткени, «Манас» эпикалык чыгармасынын ички жана сырткы структурасы илим айдыңында кылым карыткан мезгилдерди өзүнө камтып турат. Оозэки айтылышы баатырдык доордон берки, кеминде беш-жети миң жылды камтыганы айтылып келаткан «Манас» эпосу жана аны айта келаткан кыргыздын гений акындары жөнүндө маалыматтартибет, кытай, перс жазма тарых булактарында биздин заманга чейинки миң жылдыктарда катталса, араб аалымы Аль -Тахир Марвази ХII кылымда белгилеп отурат. ХVI кылымда Аксылык Сайф-аддин молдо өзүнүн«Тарыхтар жыйнагы» китебине «Манастан» үзүндү келтирип, бул улуу чыгарма эрте орто кылымдарда жарыяланган китептерде да баяндалганын эскертет.

Октябрь революциясына чейин венгер Алмаши, казак Ч. Валиханов, айрыкча В.Радлов эпостун үчилтигибоюнча иликтөө жүргүзүп, манастаануу илимине башат ачса, ХХ-кылымдын отузунчу жылдарынан кийин кыргыз, совет окумуштууларынын ар башка багыттардагы илимий изилдөөлөрү манастаануу илиминин калыптандыра баштады. Жалпысынан айтканда, окумуштуулар «Манас» эпикалык чыгармасы жана манасчылар тууралуу салмактуу илимий-теориялык эмгектерди жаралышына айтаарлык салым кошо алышты жана салым кошуп жатышат.

Негизинен, азбы-көпбү,тереңби же тайкыбы, теориялык база топтолуп, ошол теориялык иликтөөлөргө жана эпикалык чыгарманын көркөм сюжеттик текстинин алкагына таянып, «Манас» эпосунун структуралык түзүлүшүн анализдөө жана синтездөө мезгили келип жетти.

«Манас» эпикалык чыгармасы зор көлөмүнө, терең мазмунуна жараша өтө татаал, көп катмарлуу, көп мотивдүү, көп тематикалуу чыгарма. Элестүү айтканда, «Манас» эпикалык чыгармасы адам анатомиясынын жөнөкөй клеткалык деңгээлинен бүтүндөй бир толуккандуу физиологиясына чейинки көрүнүштөрдү, адамзаттын алгачкы коомдук түзүлүшүнөн өнүккөн көчмөн цивилизациясына жана аскерий демократиясына өсүп жеткен мезгил окуялары менен тарыхый бийиктиктерди камтып турат. Эпостун сюжети тарыхый өзөктүү окуялар жана элдик оозеки чыгармачылыктын көптөгөн жанрлары аркылуу даңазалуу айтылганы, негизинен, алымча кошумчасыз, бардыгы орду-орду менен эпикалык чыгарманын тулку боюна сиңкреттешип, бирдиктүү өзөктүк окуяга багындыра алганы менен баалуу.

Манасчылардын баяндаганына караганда, жер жаралгандан берки, адам аң сезими айлана чөйрөнү таанып билип, табият менен эриш-аркак айкалышкан тиричилигин чиелеништире, аны үчүн болгон баатырдык жана карапайым умтулуу окуяларын ынанымдуу чагылдырганына караганда «Манас» эпосу дүйнөдөгү эң байыркы, терең тамырланган чыгарма. Маселен«Манастагы»:

Тоолор кулап түз болду,

Суулар агып көл болду, - деген эки сапта адамзат

жашаган улуу мезгил, жаратылыш айлана чөйрөдөгү климаттык өзгөрүүлөр, катаклизмдер, атүгүлУлуу Топон суу жөнүндө да маалымат камтылган. Жер аалам бетинде болуп өткөн мындай өзгөрүүлөрдү илимий кыска жана нуска түшүнүктө айтуу кыргыз элине, анын гений акын, философ манасчыларына гана таандык. Көкөтөйдүн ичер суусу түгөнүп, күнү бүтөөр сааты келгенин сезип, элине кайрылып:

Кылыч менен кырыңар,

Кымыз менен жууңар,

Чарайна менен чаптаңар,

Булгаары менен каптаңар, - деген керез айтканы бар. Керез баатырдык(антикалык) доордогу сөөк коюу салтын баяндап турат. Сөөк коюу салты ар замандаар түрдүү ыкмада ишке ашкан.

Оозэки жана жазама тарых булактарында кыргыздар өлгөн адамды көмүүнү сөөк коюу, сөөк чыгаруу, сөөктү жерге берүүдеп айтышаары көп эскерилет. Эмне үчүн антип айтышкан? Ал кездерде улуу урпактарыбызТеңирге, улуу Жаратуучу турган асманга, ошондой эле сууга, тоого, күнгө, айга, откотабынышкан. Байыркы дүйнөлүк диний агымдардын, айталы, Ламаизм, Бурханизм, Буддизм, Шаманизмдин ыра жоролорун изилдөөлөр менен тааныша келсек, аларда ар түрдүү расмий ритуалдар болгонун көрөбүз.

Тарых булактарындагы маалыматтарда Күнчыгыш улуу мейкинде көчмөн турмуш өткөргөн уруулар менен улуттар өздөрүнүн атактуу адамы каза болгонда анын өлүгүн арча жыгач тактага таңып, эл жашаган аймактан алыс, обочо жерде өскөн бийик дарактын башына илип коюшканы айтылат. Арадан бир жыл айланган соң, табыттакалган сөөктү алып келишип, өрттөп, же жерге көмүшкөн. Кыргыздар ошондон бери сөөк коюу же сөөк жашыруу деп келишет. Аскер жүрүш учурунда баатырлык менен курман болгон жоокердин этин шылып, сөөгүн чаначка салып, «тууган жердин турпагы буюрусун» деп мекенине алып келип, жерге жашыруу салтын кыргыздар ыйык сактаган.

Кызыгы, «Манас» эпосунда айтылганбул салт байыркы грек падышаларын, мисир, шумер фараондорун шөкөттөп кою салты менен параллелдүү көрүнүш. Болжолу, биздин заманга чейинки миңжылдыктарда бийлик жүргүзгөн императорлор менен фараондор өлгөндө алардын денесин сүт менен жууп, момуя,арчанын чайыры, дагы башка дары-дармектер менен майлап, соңунда булгары төшөлгөнтабыткасалышкан. Кээдеалтын кеп кийгизишкен. Көкөтөйдүн ашында сүрөттөлгөн элементтер дал ошол рудименттердин айрым бир белгилерин көрсөтүп турат. (словарь Античности 1989-жыл).

«Манас» эпосу көп катмарлуу чыгарма болгондуктан миф башатынан башталган легенда, жомоктон тартып тарыхый чындыкка үндөш окуяларга чейинки баскычты кучагына алат. Ошону менен катар биз доорлор ичиндеги, алсак, байыркы антикалык доорлордун, солярдык жана лунардык культтардын элементтерин жолуктурабыз. Байыркы гректердин мифтеринде жолуккан башы адамдыкы, денеси аттыкы, же башы айбандыкы тулку бою бир жандыктын дене түзүлүшүнө окшогон зооморфдук, кентавр, минотаврлардын миксантропизмдик образдарын кездештиребиз. «Манас» эпикалык чыгармасында жалгыз көздүү дөөлөр, кериктин образдары жана учуучу тулпарлардын көркөм образдардын фантасмагориялык функциялары чагылат.

Ошонун негизинде эле «колдоочулук» функцияга өткөн мифтин кийинки баскычында жаралган алп кара куш, алтымыш баштуу ажыдаар, кырк бөрү, ак инген, ошондой эле тотемдик маанидеги марал, бугу, кумайыктын образдары. Кызык жери, эпикалык чыгармадагы бул жандыктардын ар биринин өз орду бар. Эпостун канондук сюжетинде булардын образдары белгилүү бир жанрдын ичинде болуусу менен бирге, башка жанрлар менен синкреттешип. сюжеттик өзөктө көркөмдөк сүрөттөөгө ээ болгондугу. Ушул жана башка маселелердин эпикалык чыгарманын көркөм поэтикасында кандай орун алганбайыркынын жомогу:

Тоолор кулап түз болду,

Көлмө ордуна көл болду, - деп айтылган доордон баштап айтыла баштаганын манасчы Шаабай Азиз уулу атайы белгилеп айтканы бекер эместей. Ал эми С.Орозбаковдун же С.Каралаевдин варианттарындагы классикалык үлгүдө калыптанган Манастын портрети:

Айың менен күнүңдүн

Бир өзүнөн бүткөндөй,

Асман менен жериңдин

Ширөөсүнөн бүткөндөй, - деген солярдык жана лунардык культтуксаптар менен коштолуп, баатырдын идеалдуу образы сакралдык элементтерге карк сугарылып, кандайдыр сырдуу, касиеттүү колдоочулары бар экенин аныктап отурат. Баатырдын минген тулпары, башында айланып учуп көк асманды кара булут чулгагандай, канатын жайса күндүн нурун тоскон алп кара кушу, же болбосо бут алдында ажыдаардын алты оролуп жатышы, эки тарабында кырктан кара тулпар коштоп, кырк бөрүнүн комдонуп жатышы аркылуу сүрөттөлөт: Манас:

Капырай, адамдан бөлөк сүрү бар,

Арыстандай түрү бар,

Кара чаар кабылан

Капталынан чамынат

Чолок көк жал жолборсу

Аркасында камынат («Манас» 1958. 50б)

же

Жан казандай башы бар,

Жаткан иттей кашы бар,

Көзү көлдүн буткулдай

Көрүнгөнүн жуткудай

Так төбөнүн үстүндө

Алты айлынып кара куш

Капталында чамынат

Кара чаар жолборс

Оң жагынан караса

Кырк бөрүсү оңдонуп

Алты оронуп алганы

Алтымыш баштуу ажыдаар – деп сүрөттөлсө (Ш.А.), анын минген аты Аккула:

Асты жагын караса

Алты жасоол жол баштап,

Ортосунда чоң кула ат

Олжоңдотуп жетелеп,

Он эки жайсаң баш коштоп,

Жети желдет желдирип,

Жол ачкын деп бош-боштоп ,

Калбанын кара оюнан

Кайнарлуу сунун боюнан,

Төрт миң кулан айдатып

Төгөрөктөтүп ойнотуп, - деп (С.О.Манас 4т.54-б)баатыры менен тулпары бирдей даражада тотемдик, колдоочулук маани аркылуу туюндурулат. Мунун өзү, эпикалык чыгарманын эң байыркы катмарындагы архаикалык баскычтын элементин көргөзүп турат. Эгерде гректердеги кентавр, минотаврлар Гера менен Зевстин кошулгандан жаралган болсо, «Манас» эпосундагы мифтик элементти алып жүргөн баатыр менен бир күндө төрөлүшү, трансформациялангандыгын белгилөө негиздүү.

Мындай образдардын негизинде реалдуу турмушка жакындашып, эпостогу тулпардын баатыр менен бир күндө төрөлүшү, экөөнүн эмчектеш болушу өзгөчө касиет, сапатта ээ болуусу өңдүү баскычы келип чыккан.

Ажыдаар – алты, жети баштуудан тартып, алтымыш, жетимиш баштуу болуп фантасмагорияланат.Дүйнөлүк элдердин жомокторунда, легенда, мифтеринде, эпикалык чыгармаларында кеңири тараган образ. Адатта баатырдын, баатырлыгын, алп күчүн, кайратын даңазалоодо экинчи позицияда колдонулган образ. Үчүнчү жагынан алсак, чыгыш элдеринде ажыдаар «улуу» тукумунан болгондуктан колдоочулук касиетке ээ «Манас» эпосунда ажыдаар дал ушул алкакта чагылдырылган.

Алп кара куш – эркин, күчтүү, кайраттуу эр жүрөктүүлүктүн символу катары жомоктордо, эпикалык чыгармаларда кеңири жолуккан мифологиялык куш. Кыргыз эпосторунда «Эр Төштүктө» архаикалык рудиментке ээ, баатырдын образы менен тулпары менен паралелль сүрөттөлгөн. Ал эми «Манас» эпосунда тотемдик колдоочулук функцияныаркалайт.

«Манас» эпосунда бөрү мифтик элементти алып жүрүү менен бирге тотемдик «колдоочулук» мааниде чагылдырылган. Мисалы:

Адамдар анда кеп айтат,

Андай көр балам деп айтат,

Бөрү болгон биз деди,

Бөлөкчө жансыз сиз деди,

Кырк чилтен деген биз деди,

Козуңа салган тиш деди

Анда Манас кеп сурайт:

Кандайлыктан адамдар,

Карышкыр болдуң деп сурайт.

Карышкыр болгон кайсыңыз

Кайсы экенин айтыңыз?

Кана көк бөрү болчу көрөйүн,

Көңүлүм анан бөлөйүн,

Ал сөздү бала салганы

Кызматта жүргөн кырк чилтен

Каткырып күлүп калганы

Бир силкинип бирөөбү,

Көк бөрү боло калганы.

Бирде бөрү, бирде адам,

Анык сонун экен деп,

Көөнүнө бала алганы–дейт

(С.О.Манас.1-том.94-96-бб).

Кырк чилтен, кырк бөрү Манастын төрөлгөндөн касиеттүү, бир башкача жаралгандыгын туюндурган образдар. Дегеле баатырдын өзүнүн төрөлүү мотивине кайрылсак, Чыйырдынын боюна бүтүшү, түш көрүшү, түшүндөгү көргөнүн

Байжигиттин жоруганы:

Байбиченин түшү экен,

Түшүндө көргөн иш экен.

Ай тийген жердин баарысын

Алат экен балаңыз,

Анда тынсын санааңыз!

Күн тийген жердин баарысын

Күтөт экен балаңыз

Күндө тынып санааңыз!

Алтымыш кулач жибек боо

Аягына такканын,

Ай мунарын жем кылып

Азем кылган бакканың

Алтымыш жашка чыкканча

Алат экен дүйнөнү,

Арбак конуп башына

Ажыдаарды ат кылып,

Байбичең минип жүргөнү

Шол баланы ороюн

Дүйнө жүзүн сүргөнү.

Ажыдаардай айбаттуу

Арстандай кайраттуу,

Эркек уул, эр болуп

Не кыйындык баарысы

Эсеп берип, эл болуп

Карайт экен көзүнө,

Кара тоодой касиет

Конот экен өзүнө.

(С.О. 48 б. 1-том1978-жыл Кыргыз басмасы).

Ошентип булыр саптардан ачык көрүнүп тургандай, төрөлөөр бала - эпикалык чыгарманын идеалдуу карманы жөнүндө ушундайча кабар берилет. Анын чоо-жайы байыркы анемисттик (арбак конуп башына), тотемдик ажыдаар, арстан өңдүү элементтер менен шөкөттөлгөн. Түш көрүү мотиви жеке эле манасчынын өзүнүн калыптануу жолунда эмес, эпикалык чыгарманын өзөгүндө дагы маанилүү функцияны аткарып, кийинки өзөктүү окуяны андан ары жалганышына өбөлгө болуп берет.

Дегеле эпикалык чыгармадагы мифтик символикалык белгилерге жык толгон жан-жаныбарлардын болушу эпикалык чыгарманын стадиалдык өнүгүү катмарын көрсөтүп турат. Себеби эпикалык чыгарма мындай көрүнүштөрдү өзүнө сиңирүү менен кылымдар аралыгында тарыхый чындык окуяларына чейин өсүп жетилген.

Деги эле«Манас» үчилтигинде тулпарлардын образы бөтөнчө бир секичеде турат. Кыргызга тектеш тилдүү элдердин чыгармаларында сереп салсак, баатырдын ысмы аталган жерде тулпарыдайыма коштоп, бирдиктүү айтылып жүрөт. Бул кош образ, белгилүү бир деңгээлде баатырдын баатырдык парасатын оболото көтөрүп даңазалап турат. Байыркы тарыхый булактарга кайрылсак, бул элдердин эпикаларында тулпарлар архаикалык деңгээлден баштап кадимки каса тулпар (баевой конь) маанисине чейин чагылдырылганын көрөбүз.

Айта кете турган дагы бир маселе жогоруда кеп кылгандай, кыргызга тектеш тилдүү элдердин эпикалык чыгармаларында жолуккан мифтик фантасмагориялык элементтеринен жалпы жакындыкты жана үндөштүкбайкалат жана алар кийинки этаптарда ар башка трасформацияланган образдарга чийин өсүп кеткнине күбө болобуз. Маселен март элинин эпосунда Тхож тулпар обого учак. Рувалардын «Алтай бугусу¹ эпосундагы тулпар кишиче сүйлөйт, учат, алдын ала боло турган көрүнүштү айтып берет. Кара калмактардын «Ак боз ат», «Кара жорго» эпосторунда бири от жагат, бири деңизден чыгып келет ж.б.

«Манаста» карт күрөң мени «Чоң казатка» минбей койду депманаска таарынып, үйүрүн алдына түшүрүп, кайра чыгат. «Карач көкүл баяны» эпосунда тулпарга адамча тил бүтүп сүйлөт турганы:

Куюшканды кыскартып,

Көмөлдүрүк узартып,

Узун жолду кыскартып,

Уча турган куш атмын,

Кокус калбы жыгылып,

Колтугумда канат бар,

Колго тизгин бек карма, -деп жатат. Бул сыяктуу жомоктук боёк менен берилген образдардын трансформациясы иретине Бокмурундун айтылуу Мааникерин, Манастын Ак куласын, Алманбеттин Сараласын, Семетейдин Тайбуруулун алууга болот.

«Манас» үчилтигинде тулпарлардын өз ысымдары бар. Алардын өңү дагы символикалык мааниге ээ. Өзгөчөлүү касиеттери да бир нече катмарда чагылып, өзөктүү окуялардын түзүлүшүндө атайы мотифдин негизинде өнүгүп чыгат. Мындан сырткары тулпардын образын терең ачууда поэтикалык көркөм каражаттардын, тактап айтканда троптун жөнөкөй жана татаал формалары өтө кеңири колдонулган. Ар бир манасчы жомоктук, мифтик башаттын элементтерин кеңири колдонуу менен реалдуу каса тулпардын образын жеткиликтүү сүрөттөөгө жетише алган.

Бул тема манасчылар үчүн өтө берилүү, сүйүү менен кумардан чыгып айткан эпизоддорду түзөт. Маселен, Ак куланы сүрөттөөдө:

1 Маңдайында тагы бар,

Кулагында шамы бар,

Кондурдай болгон жаныбар (С.О)

Чаткаягы Чаткалдай,

Жүрүп кетсе чатына,

Жүктүү төө баткандай,

Кең соорунун үстүнө

Он экиден он эки

Жыйырма төртү биригип

Төшөк салып жаткандай (С.О) – өңдүү классикалык формага ээ туруктуу портрети сөз кудурет күчү менен тартылат. Ушул сүрөттөмө улам кийинки манасчылардын айтуусунда даяр үлгү(калып) катары колдонулуп, ар түрдүү вариациялардын жаралышына өбөлгө болгон.

Камбар ата тукумунан чыккан аргымактарды ушуга окшош сүрөттөө кыргызга тектеш башка элдердин эпос, жомокторунда да жолугат. (Сказание «Алтай Бугу» - Кызыл-Тув книж. Изд. 1960-ж. 26-27-бб).«Манас» үчилтигиндеги тулпардын образы боюнча 1994-жылы атайын кандидаттык дисссертация корголуп анын негизинде жогорку окуу жайлардын студенттери, илимпоздор жана жалпы окурмандар үчүн окуу китеп «Манас» эпосундагы тулпардын көркөм образдары» деген аталышта 1997-жылы жарык көргөн.(автору Ж.К.Орозобекова)

Эпикалык чыгарманын кийинки катмары анимистик, тотемдик жана фетиштик түшүнүктөргө карк сугарылган. Кыргыздарда адам сезиминин айлана чөйрөнү кабылдоосу жана аңдоосунан улам келип чыккан аян алуу касиети, арбакка ишенүү, колдоочу түшүнүгүнө маани берүү, кайып дүйнө, окультивдик, тотемдик ыйыктыктардын өкүм сүрүшү улуттун өзгөчө сезимталдуулугун айгинелейт. Бул сезимкайсы бир ыйык нерсени паана кылуу, андан колдоо күтүү, ал аркылуу өздөрүн жаман көз, жаман сөздөн коргоо ишенимин жараткан. Кыргыздар түшүндө көргөн жандык ага кол салбай, жандап алса, ырайымдуу болсо, аны колдоочу катары кабылдашкан. Улуу эпосто да ошондой.

Эпостун классикалык үлгүсү болгон С.Каралаевдин вариантында «Каныкейдин Букарга качышы» эпизодунда, Семетейди Марал эмизип, жети күн, жети түн айланып, жанынан чыкпайт. Баса элек бала кадимкидей чоноюп, Маралды ээрчийт. Мындай ишенимэлементтери кылым кечип сакталып келатат. Айтылуу Кыдыр акени эки кызыл жолборс колдоп, коштоп жүргөнү, Дөөлөс уруусунун колдоочусу Кара ит экенин Сарт аке баяндаганы бар.(А.Иманов, сарт аке2000).Кыргыздын бир уруусунун аты Багыш (Карабагыш, Сарбагыш), дагы бириники Бугу, тибетте жашаган кыргыздар өздөрүн Топоз тукуму эсептешкени, мыкты чыкма адамдарды бөрүнүн баласы деп көтөрө чалмай да азыр да учурайт.

Элибиздин байыркы түшүнүктөрүнөнкабар берген мындай мисалдар«Манас» эпопеясында арбын. Ал фетиштик түшүнүктөр менен бир алкактан орун алган. Фетишизм элементтери байыртан азыркы күнгөчейин элибиздин ыйык мазарларга, булактарга тайынууларынан байкалат. Чыйырды менен Жакып мазарга барып, түнөп, тайынып (С.О) балалуу болууну тилешип, ал жерде өскөн даракка кошо табынып, тооп кылышат. Бул ыйык жана символикалуу белги фетиштик түшүнүктөрдү көргөзөт.

«Манас» эпосунда бай терек (дүйнөлүк дарак) жөнүндө да кеп жүрөт. Каныкейдин Букарга качышы эпизодунда байтеректен сүт тамчылап Чыйырды менен Каныкей ачкалыктан аман калат (Ш.А). Мында Бай терекЧыйырды менен Каныкейди сактап калышы аркылуу каймана түрдөулут башчылардын энелери, очок ээлери, мамлекет кутун сактап калганын айтып отурат.(И.Молдобаев.Эпос «Манас» как источник по истории государственности кыргызов 2004. 14б). Бай терек башкаэлдердин эпикалык чыгармаларында, айталы, жакуттардын олонхолорунда жана башкатүрк-монгол этносторунда да кеңири кездешет. Булишенимдер негизинен бурханизм элементтерин алып жүрөт.

Эпостун структурасындагы кийинки катмар кулчулук дооруна туура келетдеп айтса болчудай. Бирок, белгилүү этнологдордун пикири боюнча көчмөн жоокер элдерде кулчулук классикалык мааниде болгон эмес делинет. Көчмөндөрдө кул же күң жеке менчик деңгелден жогору баркталып, кадимки үй-бүлө мүчөсү эсептелген. Ошондуктан балдарынын ысымдарына кул деген мүчө (Темир+кул, Таш+кул)кошулган. Мисалы, Көкөтөйдүн ашындагы ат чабыштын баш байгесине90 кул сайылган десе (Ч.В), башка варианттарда 90 кара мал сайылганы айтылат. Кыязы, Чокан Валиханов өз мезгилинин илимине тууралап жазса керек. А балким, кийинки манасчылар аны трансформациялап айтышы да мүмкүн (С.О).

Эпикалык чыгармада баяндалган мамлекеттик түзүлүштө баштапкы феодалдык катмар орун алган деген түшүнүк келатат. Алсак, кыргыздардын феодалдык коомунда чоро, эр, баатыр, бай, бек, хан наам титулдары болгон (И.М.). Байыркы баатырдык доордо түптөлө баштаган көчмөндөр цивилизациясы менен аскердик демократия да муну көрсөтүп турат. «Манас» эпосу этникалык карым-катнаштар менен этномаданиятты «Көкөтөйдүн керээзи» аркылуу эң сонун чагылдырган. Буга тарых булактарында¹ шибей, көгөй, солон, салаң, кара кытай, манжу, тайман, элдери кыргыздар менен коңшулаш болуп алакалашып турганы далил. Кыргыздар ошол баатырдык доордон баштап, кийинки миң жылдыктар боюКүнчыгыштан Сибир, Урал, Борбор Азия, Кавказка чейинки аймактарда ат изин салып, ал жерлерде жашаган элдер менен байланышта жашаган. «Манаста» айтылган - аргын, дөөлөс, жедигер, катаган, дуулат, дөрбөн, коңурат, кыпчак, маңгыт, ногой, мундус, муңгуш, уйшун-үйшүн, эштек өңдүү байыркы уруулар азыр да сакталуу.

Капиталисттик доордун элементтери эпикалык чыгармада экономикалык жана саясий көз караштардын баштапкы элементтерин учкай да болсо көргөзөт. Кытайдын чоң саякатчысы Чжан Цянь кеңири жана даректүү баяндаган Улуу жибек жолу көп кылымдар бою дүйнө мамлекеттери менен элдерин байланыштырып турган. Цинь империясы талкалангандан кийин Улуу Дубалдын ары жагында экономикалык, саясий жана социалдык зор кризис башталганда Кытай соодагерлери Улуу жибек жолуна аттанып, ал Борбордук Азия, Чыгыш Түркстан, Орто Азияны (Фергана, Бактрия, Парфия) камтыган. Бул Цинь империясынан кийинки (б.з.ч.206-220 ж. ж.) Хан империясынын тушундаболгон² алгачкы соода кербендери, тактап айтканда бартердик товар алмашуу аркылуу эле улуу жибек жолунун ачылышы (узундугу 6,700км), ошол аймактарда жашаган элдердин экономикалык байланышын чыңай баштаганынан кабар берет.Никифоров В.Н. Восток и всемирная история. –М: наука 1977 История Китая 1,2,3.1

Эпосто кыргыздардын Кытай жибегин жана башка маталарын, буюм-тайымдарын сатып алып, үй тирлигине колдонушу айтылат. Ошол эле убакта кыргыздардын усталары менен уздары башка элдер билбеген технологиялык жаңылыктарга ээ болгондугу да даңазаланган. Төкөр уста Бөлөкбай темир, жез, курч (метеорит) эритип, албарс кылыч, шамшар, жез найза, мылтык жана башка аскерий курал жабдыктарды жасашы, аны үчүн Сарытаздын Күл-Токойдокөмүр өчүрүп жүрүшү, укмуштуудай иштетилен булгаарыдан Каныкей эне кандагай, башка уздар кийимдерди тигиши, узак мөөнөт жоо жүрүштөрдө, көч сапарларда кыргыздар өзгөчөлүү буюмдарды, тамак-аш, күл азыктардыколдонушканы буга мисал. Ушундай турмуштук нерселер «Манас» эпосунда кадимки көрүнүш катары сүрөттөлүп жатышы, кыргыз цивилизациясынын өнүккөнүн көрсөтүп турат.

«Манас» эпикалык чыгармасы тулку бою бир өзөктө туруп, бир нече тарыхый баскычтарды ичине камтыгандыгын көрдүк. Эми көркөм поэтикалык жагдайына кайрылсак, кылымдар аралыгында улуу манасчылардын мектеби түптөлгөнүн байкайбыз. Алар жөнүндө оозэки маалыматтар кылымдар түпкүрүнөнайтылып келатса, б.з.ч II-кылым, б.з I-кылымдарында Кытай жазма булактарында,перс, араб булактарында Х-ХVI–кылымдарда катталган.

«Манас» эпикалык чыгармасынын ички структурасын чечмелей келгенде тарыхый катмарлар жайгашкандыгын, ал бир чоң даракты тамырынан өөдө карай элестеткен - төмөндөгүдөй түзүлүштө экенин байкоого болот:


  • Ыр түзүлүшү

  • Эпостун поэтикалык көркөм каражаттары

  • Эпостун варианттары


Негизги өзөк
  • Эпостун тарыхый доорлору.

  • Капиталистик доордун элементтери

  • Феодалдык доордун элементтери

  • Кулчулук доордун элементтери

  • Мифологиялык жана реалдуу түшүнүктөгү катмар

  • Фетиштик түшүнүк

  • Тотемдик түшүнүк

  • Анимистик түшүнүк

  • Солярдык жана лунардык культ.


Эми, жогоруда көргөзүлгөн схеманы теориялык жактан чечмелөө аракетин жасайлы. Алды жакта:

Айың менен күнүңдүн,

Бир өзүнөн бүткөндөй.

Асман менен жериңдин,

Ширөөсүнөн бүткөндөй- деген саптарга талдоо жүргүзүүдөанын солярдык жана лунардык культ менен ширелишкенин,эпикалык баатырдын образындагы сакралдуулук, өзгөчө касиеттерисүрөттөлгөн ушул туруктуу эпитетти мисалга алганбыз. Эпикалык доордо, күндүн, айдын жарык нуру анын баатырдык чыгармадагы башкы баатырдын абройун көтөрүүдө, аны пантеон катары тутууда жана ага ыйык касиет ыйгарууда баатырдын көркөм образынын сакралдуулугуна басым жасап, «табу» түшүнүгүнө кайрылууга туура келет.

Айталы, «Дүйнөлүк дин» деген китепте тарыхый-теориялык булактарда байыркы калктардын (аларды язычниктердешип?) таржымалы тууралуу төмөндөгүдөй маалымат берилет. Ислам жана христиан диндеринде адамдын туулушу жана келбес дүйнөгө кетишинде эки нерсеге өзгөчө көңүл бурулат. Алардын бири бейиш, экинчиси тозок. Эки түшүнүктүн ортосунда эзоторикалык символикалык белги (свастика) турат. Бул белги биздин ата бабаларыбыз отко, сууга, жерге, абага табынып, анын философиялык айдыңына сереп салып, дүйнө таанымын калыптандырган убактан бери(язычества), символ катары пайдаланылып келе жаткан белги. Эзоторикалык символика болгон бул белги да эки жактуу каралат.

Илимде ал жөнүндө: «Дүйнөдө эки түрдүү свастика учурайт. Алардынбири экинчисинен нур багыттары менен айрымаланып турат. Нуру солго, сааттын жебесине каршы багытталган свастика жамандыкты, башкача айтканда, дүйнөнүн караңгы жагын же сырткы көрүнүшүн билдирип турат» деп айтылат. Нуру оң тарапка багытталган свастика түздөн-түз байыркы индоевропалыктардын күн символикасы. «Күн чырымын» («солнечный крест») элестеткен свастиканын нурлары сааттын жебесиндей оң айланганы өмүрдү, бакыбаттуулукту жана жеңилбестикти билдирсе, саат жебесине каршы тийген күн нуру «өмүрдөн» ажырагандыкты туюнтат.

Эгерде, Мьёлльнердин теориясына таянсак, (адамдын жандан ажыроосу) эң күчтүү фалликалык-майтарылгыс, чагылгандын күчүндөй (фаллическая молния) күч менен адамды жанынан ажыратат. Мисалы, кыргызда «чымын жаны учту» же, «жан чыкты», «өтүп кетти» деген сөздөрдүн түпкүмаани - манызы дал ушул тетири айланган свастикага барып такалат.

Ал эми башка багытта карасак, символикада жылдын төрт мезгилинин жаз, жай айлары - жаралуу (порождающие), күз, кыш айлары– жок болуу (разрушение) түшүнүгү жана төрт стихия - от, жер, суу, аба менен параллель мааниде берилет. Буга адамдын жашоосундагы төрт убак - төрөлүү, жашоо, өлүм жана кайра жаралуу (анын урпактарынын калышы); акыл эси (адамдык рух, ыйыктык); психологиялык абал (кабылдоо, ой жүгүртүү, сезимталдуулук, интуиция) да кирет. Ошентип,жаркын жашоо символу - Күн нуру, түндүн сулуу символу – Ай нуру дайыма жогоруда айтылган символикалык белгилер, түшүнүктөр менен жанаша жашап келет.

Байыркы гректер символикалык түрдө Асман - Жер байланышын башкарып турганКүн кудайы Зевс дешсе, германдыктар аны Зиу кудай аркылуу туюндурушат. Аны англосаксондор Тиу, римдиктер Юпитер дешет. Баарынын мааниси гректердин түшүнүгүнө үндөш. Эгерде, антикалык доордо Күн кудайы язычниктердин пантеону болсо, кыргыздынулуу эпопеясындабаш карман Манасты«күн менен айдын ширөөсүнөн, асман менен жердин тирөөсүнөн бүткөндөй» деп сүрөттөп, анын ай менен күн тогошунан жаралганын билдирип турат.

Баатырдын келбетин сүрөттөгөн жогорку саптар «Манас» эпосунун дээрлик баардык варианттарында туруктуу түрдө сакталышы, анын культтук мааниден жаралгандыгынын күбөсү.Эпостун варианттарында:

Ай мунарын жем кылып,

Абдан сыйлап багыпмын.

Күмүштөн боону тагыпмын,

Күн мунарын жем кылып,

Күпкөлөп жүрүп багыпмын,- деген строфикалык паралеллизм да учурайт.

Эпосто Манас баатырды бала кезинде «алп кара куш сүрү бар» депсүрөттөп, улуу күчкө салыштыруу аркылуу анын келечекте баатыр боло турганын кабарланат. «Ай мунарын жем кылып, абдан сыйлап багыпмын, Күн мунарын жем кылып, күпкөлөп жүрүп багыпмын» деген саптар, алп кара куш балапан, барчын кезинде күндүн, айдын нуруна бөлөп багыларын чечмелегендиктен, эпикалык чыгармада ал сөздөр «солярдык», «лунардык», символикалык жана культтук мааниге ээ болуп чыга келет.

Албетте, табияттын ар кандай кубулуштарына таянган улуу ата-бабалардын ишенимдери тарыхый сакралдуулук, табу, пантеон түшүнүктөрүнө ээ. (А. Потапов. Алтайский шаманизм.1990.г), Идеалдуу эпикалык баатырдын керемет дүйнө менен, космогониялык түшүнүктөр мененбайланышта торолушу, символикалуу белгилерге, боекторго бай мотивдүү культтук мааниге бай. Мындай образдар айрым бир салттык ритуалдардын келип чыгышына өбөлгө болгон дешке негиз бар. Айталы, эпопеянын «Көкөтөйдүн ашы» бөлүгүкыргыздардын сөөк коюу жана эскерүү салтын кеңири чагылдырат.

Анимистик түшүнүк – биринчи ирет илимий термин катары немец окумуштуусу Г.Шталь тарабынан (1708-жылы) кийрилген. Окумуштуунун чечмелегени боюнча «жан» адамдын баардык жашоо процессинде кошо жүргөн кыймылдуу нерсе болуусу менен, өмүрдө башталмасы да аягы да жок, түгөнгүс, бутпөссыяктанат. Ал дененин, башкача айтканда (ваятельница тела) жашашына мүмкүндүк берет. Кийин бул термин Э.Б. Тайлордун этнографиялык иликтөөлөрүндө колдонулган. Тайлордун теориялык иликтөөлөрүндө, жан жана ишеним, арбак жөнүндөгу проблема гана каралбастан, ар кандай диний агымдардын келип чыгышынын башаты дагы адамдын анимистик түшүнүктөрүнөн улам өөрчүгөндүгүн көрсөтөт.

Адамдын кыялы менен фантазиясынын чексиздиги, ой жүгүртүүсүнун уч кыйырсыздыгы, ошол ой чабыты күчтүү дүйнө аркылуу жаралган легенда, мифтер, мындан сырткары түш көрүү, андагы керемет окуялардын маанисинин реалдуу жашоодо дал келип калуусу, аянды кабылдоо өңдүү процесстеринде дагы анимистик түшүнүктүн таасири бар экендигин тануу мүмкүн эмес. Бул пикирди Р.Маретт, Дж. Фрезер, Л.Штернберг, З. Фрейд, К. Г Юнг сыяктуу аалымдар да билдирген. Алардын окшош жагы, адамзаттын жашоосуна ыйык сырдуу сырткы күчтөр таасири тирүүлөргө да тийип турарына басым койгондугунда. Өзгөчө байыркы адамдардын аң сезиминде ага ишенүү өтө күчтүү болгон.

Чындыгында адамдын акыл эсижогорку чекке өскөн азыркы учурда да мындай кубулуштар дүйнө элдеринин эстутумунда таптакыр четке кагылбай келатат. Батыш менен чыгыштын көрүнүктүү окумуштуулары айткандай, «антүү дегеле мүмкүн эмес» (Вернадский, Гумилев).Кыргыздардын дүйнө таанымында да мындай көрүнүш күчүн жоготпой, айрым орчунду элементтери сакталган бойдонучурайт. Эпикалык чыгарманын текстинде Манас жана башкабаатырлар жекеме жекеге чыккандагы же душманга каршы жортуулга, чоң казатка аттанаар алдындагыандай кубулуштар өтө көркөм баяндалган.

Семетей Букардан чыгып, Кен Таласты көздөй келе жатканда Сары дайраны кай жеринен кечээрин билбей апкаарый түшкөндө атасы Манас кадимкидей көзүнө көрүнүп, жол көргөзүп,өзү баштап кечип бергени, жеКүлчоро Үргөнчтү кечкенде атасы Алмамбет, аяш аталары Манас, Чубак коштоп,өйүзгө чыгарганы, же Күлчоро баатырдын арбакка таазим кылганы жана башка эпизоддор, (Ш. Азизовдун варианты боюнча) улуу Жараткан, Кудай, пир, рух, арбак колдо деген тилектер, же башка ыйык сөздөрдү колдонулганы көп учурайт.

Мындай көрүнүштөркыргыз эл ичинде ушу күндө да турмуштук күчүн жоготпой келатат. Ар бир кыргыз баласы башына кыйчалыш күн түшкөндө, оору, сыркоого чалдыкканда же бир маанилуу иш баштаарда, «Улуу Жараткан!Манас баба, ата арбактар колдой көр!Теңирим, жакшылыгыңы бере көр!» ж.у. с.каалоо, тилектерин айтып, чексиз ааламдагы кудурет күчкө кайрылат. Суранат. Кээде жалбарат. Атургай,өзүн актоо максатында, «Кудай урсун!Жараткан өзү күбө, көрүп турат. Арбак бар…» өңдүү ыйык сөздөрдү колдонот.

Анимисттик түшүнүктүназырга чейин мааниси жоголбой,активдүү түрдөсакталып келатканы, адам кайсы гана диндикабылдабасын «бир кудайдын» бар экенине тигил же бул денгээлде сөзсүз ишеним артаарын бышыктайт. Мындай аң сезимдин элементи диний түшүнүк менен шөкөттөлгөн. Анан калса, мындай көрүнүштөр, бир эле алкакта сакталбай, кеңири таркап кетиши, диндердин синкреттүүлүгүн көргөзүп турат.

Тотемизм – түшүнүгү илимий термин иретинде англиялык саякатчы Дж. Лонгом тарабынан 1791-жылы кирген. Автортотемизмди уруулук мүнөздө колдонулгандыгын айтса, З.Фрейд «Тотем и табу» эмгегинде алгачкыдиний агымдардын (маселен: бут, иудаизм) жаралышына тотемдик ишеним өбөлгө болгон дейт. Мындай көрүнүш христиан, ислам диндерине да мүнөздүү экени да айтылып жүрөт.

Дүйнө элдеринин эпикалык чыгармаларынын алкагында алсак, (.Компанелли П. Возвращение языческиз традиций /перевод санг. Е.Широковой/ -М.: КРОН – ПРЕСС, 2000. – 352с; Элфорд Алан Ф.Боги Нового тысячелетия –М.: Вече. 1998. –528с).уйгурлардын эзелки уламыштарында айтылган Огуз кагандын образы байыркы грек мифтериндеги кентавр, минотаврлардын портретинеокшош сүрөттөлөт. Огуздун буттары буканыкы, денеси карышкырдыкы, көкүрөгү аюунуку делинип айтылса, «Манас» эпосунда Манастын мойну жолборстукундай, көзү ажыдардыкындай, кулагы карышкырдыкындай деп сүрөттөлүп, төрөлгөндө эле тогуз карын майды бир жалмады»,- деген поэтикалык көркөм каражаттарга бай (В.Радлов, 1885. 112 с). Бул саптар эпикалык доордун өзөгүн түзгөн образдардын улам кийинки трансформациясын көргөзөт.

Тотемизмдин – уруулук мүнөзгө ээ болушунун мисалы катарыбугу (олень), сарбагыш (желтый лось) уруу аталыштарын айтсак болот. Мындан сырткары, уруучулукка байланыштуу элибизде ар кандай иш чараларды белгилегенде ар түрдүү ритуалдар менен коштолуп, алар санжыра-тарых булактары катары да колдонулуп келатат. Тотем байыркы адамдардын аң сезиминде колдоочу маанидеги терең түшүнүккө ээ болгондуктан адам менен жаратылыштын эриш аркак жашоосунда сырткы күчтөрдүн таасири зор.. Тотемдик түшүнүк өмүр үчүн күрөшүү, паана издөө, жакшылыктан үмүт үзбөө өңдүү ишенимдерге үндөгөнкүч катары өзгөчө функцияны аркалайт.

Ошондуктан эпикалык училтикте тотемдик түшүнүк укмуштуудай кенен тематикада чагылдырылат. Манас энесинин боюна бүтөөр мезгилден тартып, небереси Сейтектин окуяларына чейинки («Манас», «Семетей», «Сейтек») эпикалык мейкиндикти кучагына сыйдырат. Ал нечен мисалдар аркылуу ачык айкын чечмеленген:

Жакып байдын түшү:

Уйкуну бекер уктабай,

Урматтуу бир түш көргөнүм.

Кукулуктап үн чыкса,

Куштан башка үнү бар.

Куйрук башы жаркылдайт,

Куудан аппак жүнү бар.

Айбат менен караса,

Алп кара куш сүрү бар.

Саноолору Сары алтын,

Таканак жүнү баары алтын,

Чырымтал жүнү чылк алтын,

Текөөрү болот темир дейт,

Сепкени өлгөн себил дейт,

Тумшугу болот тунжур дейт,

Туягы болот канжар дейт.

Жыпар менен жуулган,

Жибектен боону тагыпмын,

Алтымыш кулач жибек боо,

Аягына тагыпмын.

Ай мунарын жем кылып,

Абдан сыйлып багыпмын,

Күмүштөн боо тагыпмын.

Күн мунарын жем кылып,

Күпкөлөп жүрүп багыпмын.

Асмандагы канаттуу,

Айбатынан уча албай,

Жерде жүргөн сыяктуу

Желип чыгып кача албай,

Ага конорго туур жайладым.

Алача моюн ак шумкар,

Ага кошо байладым.


Текстен көрүнүп тургандай, кыргыз оозеки поэзиясынын рифмаланган ыр сабынын ритмдик ыргактарынын, уйкаш салыштырма эпитеттеринин негизинде метафоралык өтмө мааниде туюндурулган жана традициалуу түрдө калыптанган строфикалык паралеллизм менен көркөмдөлгөн булл эпифоралар поэтикалык так, ошол эле учурда бай баяндоолор аркылуу чагылдырылган. Бир эле куштун образы, анын турган турпаты, көрүнүшү, тумшугунан тырмагына чейин сүрөттөлүшү, түштүн объектисиндеги абстрактуу элести туюндуруп, көрүнүп тургандай жандуу портретин жаратат.

Болочок баатырдын образы каймана мааниде, ал жөнөкөй тектен эмес, бардар уюткулуу жерден экенин түштүн мааниси аркылуу берилет.

Ай мунарын жем кылып,

Абдан сыйлап багыпмын.

Күмүштөн боону тагыпмын,

Күн мунарын жем кылып,

Күпкөлөп жүрүп багыпмын,- деген строфикалык паралеллизм дал ошо метаформалык эпитет. Бул ыр саптардын тотемизмге да тиешелуу жагдайы бар. Анткени, «Алп кара куш» болочок баатырдын колдоочуларынын бири. Ал Манастын портрети сүрөттөлгөн жерде дайыма анын төбөсүндө айланып учуп жүргөнү кошо баяндалат.

Чыйырдынын түшүндө болсо:

Алиги жеген ак алмам,

Курсагыма толуптур.

Артымдан чыккан ышкырып,

Ажыдаар болуптур,

Ачууланып оп тартса

Ай ааламды соруптур.

Көрдүм чоочуп нес болуп,

Узарыптыр өз боюм

Бир жүз отуз кез болуп.

Ойгонуп чоочуп калганым.(С.О) –деп Чыйырды түшүндөжеген «ак алма»ажыдаар болуп ышкырып аркасынан чыга келгени эпостун мифологиялык катмарын көргөзөт. Жыш жана кезектүү уйкаштык кыргыз жана ага тектеш элдердин оозеки поэзиясында мурдатан калыптанган форма. Түшүндө алма жегенден соң алтымыш кулач ажыдаарды ат ордуна минип, же боюнун жүз отуз эки кез болуп узарып көрүнгөндүгү, абстрактуу элес, эпикалык цифра менен жомоктук персонаждар фантасмагория жана гипербола аркылуу чагылат.

Жакыптын түшүндө түштүн объектиси куш болсо, Чыйырдынын түшүндө ак алма. Алп кара куш, алтымыш кез ажыдаар,бул болочок төрөлө турган баланын баатыр болорунан аян кабар берет. Кийинки түш Бакдөөлөттүн баянынан башталат. Бакдөөлөттүн түшүндөгү «туйгун» деп өтмө маанидеги метафора аркылуу туюндурулган куштун образы, анын алгыр куш экенин айгинелеп, жупташкан эгиз уйкаш ыр саптары менен айтылат. Элпек ыргактагы поэтикалык сыпаттоо жана гипербола аркылуу берилиши текстин көркөм тилин арттырган.

Алп кара куш, ак алма, туйгун деген каймана өтмө маани, эпосто баатырга карата айтылган туруктуу эпитет. Ал эпитет дээрлик баардык варианттарда калыптанган түрдө айтылат. Манасты кырк чилтен колдоп жүрүшү, бөрү уруусунун жаралышы элдин жашоо турмушунда тотемдик ишенимдин мааниси чоң болгонун көргөзөт. Шаабайдын вариантындаМанастын портрети:

Нурдун кызы Нурпери,

Оң ийнинде ойноду,

Алтымыш баштуу ажыдаар,

Алты оролуп сойлоду,

Кыркасынан тизилип,

Кырк бөрүсү оңдонду,- деп сүрөттөлүшү дагы тотемдик түшүнүктүн айкынмисалы.

Эпосто С. Орозбаков, С. Каралаев жана башка манасчылар «Айың менен күнүңдүн ширөөсүнөн бүткөндөй, асман менен жериңдин бир өзүнөн бүткөндөй» деген классикалык үлгүдөгү образды айта келишет. Шаабай манасчынын Манас бойго бүткөнүнайтышында анын «нурдан бүткөнү» баяндалат. Баатырдын оң ийнинде Нур перинин ойноп турганы ошол мифтик түшүнүктөн келет. Алтымыш баштуу ажыдаар, кырк бөрү бул жерде «колдоочунун» функциясын аткарып, тотемдик түшүнүктөр аркылуу чагылдырылат. Кийинки саптарда«теңирдин сүйгөн пендеси» деген сүрөттөөлөртуруктуу колдонулушу да ушундай түшүнүктөрдөн улам келип чыккан болуу керек.

Колдоочулардын, пирлердин образдары байыркы тотемдик алгачкы диний ишенимдердин элементтерин алып жүрүүсү менен, баатырлардын кандайдыр ыйыктык касиети бар адамдар экендигин алдыңкы планга чыгарат. Маселен, Манас баатырды курчап турган чөйрө өзгөчө бир мифологиялык дүйнөдө чагылдырылса, Чубакты «Көкө Теңир»ыйгарып,Акбалтага бала кылып берет. Ал эми Сыргакты атасы Улаккан көз тийет деп эл көзүнө көрсөтпөй «Ак маралга» эмиздирип бактырат. Ак марал,бала алты жашка чыкканча жылыга алты жолу айланып келип, эмизип турат.

Ал эми Алмамбет, жер алдында жети жылы окуп, жетимиш элдин тилин билип, ар түрдүү магиялык касиеттерге үйрөнөт. Баатырлардын образына сереп салсак, алардын ар биринин төрөлүшү, баатыр болуп калыптанышына чейинки ата-теги, кайталоонун негизинде, туруктуу эпитет катары калыптанганы көрүнөт. Мындай образдар, эпостун башкы каарманы Манас баш болгон Чубак, Сыргак, Алмамбет баатырлардын касиеттүүлүгүн даңазалоо менен идеалдуу образ жаратуунун бирден-бир жолун көргөзөөрүн кошумчалай кетели. Буларды«теңирим сүйгөн пенде экен» деп баяндоо;

Бир Теңирим жар деди,

Бир өзүңө жар болсо

Бир олуя билбесе,

Билгичтерден билип ал,

Уламадан угуп ал,

Бекер айтып койбосо,

Бир Кудайым жар болсо, -деген саптар (Ш.А.)алардынТеңирдин буйругунан улам касиеттүүлүгүн кабарлайт. Булмисал эпикалык чыгармада тотемдик образдардын өөрчүшүнө жана калыптанышына өбөлгө болгонуна далил. Эпосто тенирчиликишениминин синкреттуу түрдө колдонулушу эпикалык доордо адамзат аң сезиминин, кайсы бир денгээлде, бир кылка өнүккөнүнкөргөзөт.

Фетишизм - жөнүндө так маалыматты белгилүү этнограф С.М.Абрамзондун кыргыздар тууралуу эмгегинен, (Ф.Кыргызстан 1990-ж. 327бет. «Киргизы и их этноченетические и историко- культырные связи») ошондой эле окумуштуу З.Н.Ворожейкинанын «Доисламские верования киргизов в ХVI в (по рукописи «Зия ал - Кулуб»)»: Вопросы филологии в истории стран советского и зарубежного Востока –М.: Наука. 1961. 182-189-бб. изилдөөлөрүнөн жолуктурабыз. Иликтөөлөргө караганда, байыркы кыргызтарыхында эл аң сезими бир эле ишенимди ар кандаймаксатта тиленүүсүнө таяныч тутканын көргөзөт.Мисалы, адамдардын дарак бутактарына «бут» илишкендиги (санскрит тилинен алгандабут-силует түшүнүгүндө, идол-икона маанисинде колдонулат).

«Манас» эпикалык чыгармасындагы мазарга сыйынуу, түнөө В.Радловдун жазып алган С.Орозбаковдун вариантында жолугат. (Мазар – араб тилинен алганда – табынуу, сыйынуу маанисин берет) – диний ишенимде мусулмандар сыйынуучу «ыйык жерлер» кирет. «Манас» эпосунда кыргыздар ислам динине киргенге чейин шаман болушканы (язычники) анын элементтерине (ыйык булак, мазар терек) өңдүү жерлерге табынышканы; «Манастын төрөлүшүндө», Жакып менен Чыйырды ыйык дарак түбүнө сыйынганын көрөбүз. С Орозбаковдун вариантында:

Бул Чыйырдыны алганы,

Жайы, кышы он төрт жыл

Бул мазарлуу жерге сыйынбайт,

Бул алмалуу жерге оонабайт,

Бу арашандуу жерге түнөбөйт,- депБакдөөлөт Жакыпка чагым кылат. Куржунду мойнуна илип, мазар көрсө бакырып, жер, суу, тоо ташка сыйынгандан кийин Чыйырдыдан уул көрөт. (С.О.) Бул сюжетте Боз-Дөбө сүрөттөлөт. Боз-Дөбө топоним эмес, касиеттүү ыйык жерди туюндурат. Манас төрөлгөндө эле жер «ордосунда» төрөлүшү (пуп земли); Жакып менен Чыйырдынын мазарга сыйынуусунун ал жерге түнөгөндүгүнүн натыйжасында балалуу болушкандыгынын өзү, культтук маанидеги ырым-жырымдардын жаралышын, калыпташышын кабарлайт. Манас төрөлгөн жер Жер киндиги экендигин азыркы илим аныктап отурушу (Алтай , Тува Азиянын чок ортосу) кыргыз эли ошол учурларда эле илимпоз болгонун айтып туру.

Эпопеянын өзөктүү окуяларында мифологиялык, жомоктук элементтер арбын. Кызыгы, бул сүрөттөөлөр бир жагынан окуяны кызыктуу кылыш үчүн айтылса, экинчи жагынан турмуштук окуялар менен параллелдүү сүрөттөлүп, эпостун ички структурасынын тарыхый чындыгы ачылып турат. Үчилтик мифологиялык образдардын толук жыйындысын камтыгандай көрүнгөн менен анын чордонунда реалдуулук жатат.Бул жааттан алганда үчилтик өзүнчө фундаменталдуу иликтоого муктаж. Себеби, жалпы кыргыз фольклористикасынын алкагында булмаселе толуккандуу изилденбей келатат. Айрым бир проблемалардын айланасында иликтөөлөрдү айтпаганда, айтаарлык эмгек али жарала элек.

Үчилтиктин өзөктүү окуяларында жана эпизоддорунда мифтик элементтер тигил же бул денгээлде, ар кандай тематикаларда жана мотивдерде чагылат. Кээде мифологиялык элемент бүтүндөй бир өзөктүү окуянын кенейип өөрчүшүнө себеп болот. Мисалы, Айчүрөктүн ак куу кебин кийип учушу. Эпикалык чыгармадагы Айчүрөктүн мифологиялык образы, эпостун архаикалык катмарындагы элементин чагылдыруу менен, элдик традициянын, тактап айтканда «бел куда» салтынын мааанисин айкын тактоо менен бирге,эпикалык баатырдын үйлөнүү мотивинин негизин түзөт.

Дагы бир өңүттөгү окуя, Ч.Валиханов жазып алган вариантта, Жолойдун Чабдар атына тил бүтүп, адамча сүйлөө касиетине ээ болгондон сырткары, ал алдыда келе жаткан кербенди адамдары менен, атүгүл,тоолорду кошо жутуп алат. Анын ичине кирип кеткендер аркайган адыр аралап, карангыга кез болуп, аба жетпей, эмне болду деги деп, эстен кетип делдиреп турганда, адырандап анды - дөңдү карабаган кандай азоо деп, Кошой балбан көрө калып, Чабдарды куйруктан алып, башынан айландырып жерге бир урганда, Чабдардын карды эштей эшилип, ичинен кербендер чубап чыгышы өңдүү укмуштуу баяндоолор жомоктук боекторду тартат.

Дагы бир мисал, Алмамбет төрөлгөндө атасы Азизкан бул бала менин баламбы деп күмөн санап, сынамакка кытайлардын сыйкырдуу кудугуна таштатышы, Алмамбеттин колдоочулары булут болуп кубулуп, кудуктун түбүнө жеткирбей тосуп алышы, «Алмамбеттин жомогу бөлүмүндө» (Ш.А) эң бир кызыктуу сюжеттер менен айтылат. Баатырларды курчап турган айлана чөйрөнү чагылдыруудан, каармандардын керемет түштөрүнөн, тулпарды баяндоолордон, башкы кармандар Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргактын, Айкожо, Каныкей, Айчурөктүн образдарынан жана башка окуялардан, тотемдик, анимисттик, фетиштик түшүнүктөрдү башка эл эпосторуна таандык типтүүлүктү жолуктурууга болот.

«Манастагы» мифологиялык ажыдаар колдоочу жаныбар. Кыргыздар аларды атынан атабай «улуу» деп тергешкен. Деги эле Күнчыгыш элдеринин маданиятында жылаанга, ажыдаарга ыйык мамиле кылышкан. Байыркы уламыш баяндардаал тукумдуулуктун символу. Ал эми башка элдердин жомок, миф, эпикаларында жылаан, ажыдаар – кара күч, жеңилбес жоо, коркунучтуу жоо.Баатырлар аларды жеңип, же өлтүрүп, же «унаа катары» минип, учушат. Орус жомогунда «Змей Горыныч», европалыктарда «Песнь о Нибелунгах», грек мифтеринде Гераклдын баатырлыгы, Зефс менен Гифондун согушу, Персейдин Горгон - Медузаны өлтүргөнү.

Бир катар дүйнөлүк оозеки маданиятта жылаандын, ажыдаардын образы архетиптик мотивге ээ болсо, чыгыш элдеринде, маселен, кытай, япон, корей, монгол («Гесер») жана кыргызга тектеш тилдүү элдердин эпикалык чыгармаларында ыйык колдоочу фукцияны аркалап, өзүнчө символикалык мааниде.Баатырдык фантасмагорияга карк толгон Манастын портретинде анын эрктүүлүгү, сүрү, ыйыктыгы, күчтүүлүгү, «жолборс жүрөк, арстан жүрөк, кабыландай качырган, алгыр куштай талпынган, ажыдаардай оп тартып»деген туруктуу эпитеттерменен сүрөттөлөт.

«Манас» үчилтигинде мифологиялык катмардан сон, кийинки катмарларда, реалдуу турмуш чындыгына жакын трансформацияланган образдар жаралган. Эпосто алар реалдуу турмуш чындыгына жакын окуялардын чагылышына көпүрө болуп, өткөөл позицияны ээлейт да, миф менен реалдуулук тутумдашып турган эпикалык мезгилди (эпическое время) кучагына алат.

«Манас» эпосунун ички түзүлүшүндө көчмөндөр цивилизациясы менен аскерий демократия айкын байкалып турат. Өткөндө бул көрүнүштү комидеологияга байланыштуу феодализмдин элементтери деп, аны тарыхый коомдук формация катары эмес, улуттук кемчилик катары кароо болгону жашыруун эмес. Маселен, мамлекеттик башкаруу жолдорунда, этникалык катмарлардын бир-бири менен болгон карым-катнашын, улуу жибек жол байланышын, элди башкаруучулардын ишмердүүлүгүндө, даражаларга, титулдарга ээ болууда, элчилик, дипломатиялык байланыштарда, аймактык чек аралардын функцияларында жана башка көрүнүштөрдө феодалдык артта калгандыкка караганда көчмөндөр цивилизациясы менен жоокер жашоо демократиясынын артыкчылыктарын, элдин социалдык саясий жашоосун,конфедеративдик башкаруу системасын байкайбыз.

Капкасы алтын коргондо,

Кан Манастын ордодо,

Оң жагында баатырдын,

Отуз эки каны бар,

Сол жагында олтурган,

Кырк баатырдын саны бар.

Астында алтын тагы бар,

Башында дөөлөт багы бар.

Түгөнгүрдүн бу күндө,

Түтөп турган чагы бар.

Айланасын камаган,

Албарс кылыч колго алып,

Акырая караган,

Алты миң аскер дагы бар.

Коргону коло тоо болгон,

Арыгы темир ноо болгон.

Бадышалык чоң коргон

Каалгасы сом калай,

Салтанаты бир далай,

Капка кармап туруучу,

Он эки күзөт, бир малай,

Бекзаададан бешөө бар,

Желдеттерденжетөөбар. (С.О) 4-к.1982-ж.20-21-бет.


Текстен корунуп тургандай, мамлекет башындагы адамдын сөөлөтү, аны курчап турган төбөлдөр, булардын ар биринин бар. Бул жерде кытайдын элчилерин кабылдап жаткандагы, дипломатиялык сүйлөшүү алдындагы учур сүрөттөлүп жатат. Кыргыз төбөлдөрүнүнсөөлөтүн манасчы көрүп тургандай баян кылат. Манас, койкашка баатыр эле эмес, ал таланттуу саясий ишмер, акылман жетекчи, кылдат дипломат, эл үчүн башын сайган улук каган.

Он жагында баатырдын,

Отуз эки каны бар,

Сол жагында олтурган,

Кырк баатырдын саны бар. - Кыргыз каганы Манас баш болуп, уруулардын кандары, бекзаадалар, акылман, билгилер чогулуп, маанилүү маселе чечүү учурунда Манастын эли «түптүү кыргыз эли экен, түпөктүү найза колго алган, түтөгөн бурут шери экен» деп, элчилер сынап, баатырдын айбатынан үстүнө шыр кире албай, апкаарып турганы айтылып жатат.

Ар бир кандын аты аталганда, манасчы ал кандын жери кайсы, эли кайсы, уруусу ким, кимдин баласы, кандай кийинип турат, мүнөзү кандай, баатырлыгы, шердиги, элге өтөгөн эмгегин таасын баяндай жүрүп олтурат. Мисалы:

Тенир –Тоону жердеген,

Катагандын эр Кошой,

Кабылан сындуу шер Кошой;

***** ***** *****

Алтын кемер курчанган,

Айдай бетин нур чалган,

Азизкандын Алмабет;

***** ***** *****

Сары арканы жайлаган ,

Сан жылкысын айдаган,

Таруусун таштай актаган,

Катынын кыздай мактаган,

Айдаркандын Көкчөсү... дегендей эпитеттер аркылуу баяндайт.

Сюжеттик өзөктө ар бир кан өз уруусунун милдетин аркалап, ууру- бөрү жокпу деп, жетим-жесир балага, жарды менен жалчыга жардам берип, ач-арыктар тоюнсун деп согумуна чейинкамсыз кылган, камкоржурт башчылардын элдүүлүгүн, акыйкат, теңчилдиги даңазаланат. Чалгын чалып, чекте турган жоокерлер, алардын башчылары эли, журтун душмандан коргоптурганынкөрөбүз.

Кыргыз элинин байыркы эл болгонун эч ким тана албайт. Улуттукөз алдынча мамлекети, жери, тили, салт санаасы, туусу, мамлекеттик белгиси (герби, эн тамгалары) болгондугу мунун далили. Байыркы баатырдык доордо Күнчыгыш улуу талаасында жашаган элдердин башын бириктирип, конфедеративдүү улуу Кыргыз империясын түзгөн айкөл Манас журт башчы мамлекеттик бекем системаны негиздегенин эпопеянын өзөктүк окуялары таамай чагылдырып турат.

Эгерде тарыхый булак болбосо, көркөм чыгарма болгон күндө да, жок жерден окуялар бир-бирине жалгашып, бүтүндөй бир өзөктү түзүшү, элдик традициябыздын өзөгү сакталып калышы мүмкүн болмокэмес. Андыктан, улуу «Манас» үчилтигин тыкыр изилдеп, элибиздин чыныгы тарыхый издерин толуктоого, тариздөөгө мезгил жеткендигин тануу кыйын.

Эпостун сюжеттик өзөгүнүнрамкасынын алкагынан алганда байыркы кыргыз мамлекетинин түптөлүү, өнүгүү жолунда бир нече кандыктар болгону, алар мамлекеттин экономикалык жана саясий багыттагы алгачкы иш аракеттерди жасаганы байкалат. Эпопеяда айтылган кандыктар дыйканчылык, мал чарбачылык, аңчылык, жер кендерин казууну өздөштүрүп, кол өнөрчүлүктү өнүктүргөнү, сүт азыктарынын ысырапсыз пайдалана билүү, элдин каада-салттарыкалыптанышын, жай турмуш жана жоокерчилик, согуш мезгилинсүрөттөөлөр түптөлгөн жаңы мамлекеттин өнүгүү жолунда болгонун чагылдырган. Буга кошумча кенен маалыматтарды жана көптөгөн фактологиялык материалдарды И.Б Молдобаевдин «Эпос «Манас» как источник по истории государственности кыргызов» аттуу монографиясынан табууга болот. Автор этнографиялык, тарыхый аспектиде кыйла терен, анализдерди жасаган. (И.Б Молдобаевдин «Эпос «Манас» как источник по истории государственности кыргызов».-Б.,2004).

«Кокотойдун ашы» бөлүгүн айтууда манасчы ашка келген меймандардын ар бирине мүнөздөмө берип, комментариялайт:

Көкөтөй кан өлдү де,

Келбес жайды көрдү де,

Атам дүнүйө жыйган мол кылып,

Жарды менен жалчынын,

Ичкенин кызыл чай кылып,

Кыз келинин ырдатып,

Кызыл ала шайы кийдирип,

Кербенден алган чопо идиш,

Акак мончок, коохарын,

Эндик менен упасын,

Мүлдө эл көргөн упаасын,

Сүлкүлдөгөн сүлөөсүн,

Суусар,түлкү терисин,

Жибектей кылып ийлеген,

Токсон миң төөгө арттырып,

Кербен башы шайлатып,

Күлазыгын мол алдырып,

Кытайдын жибек,матасын,

Индостандан памил чай,

Арттырып келген ошондо.

Кечээ кабарын угуп Манастын,

Урум, Эрен эл деген, телегейи тең деген,

Оогандан болуп тууганы,

Ооматы келип турганда,

Жаркент менен Маргалан,

Самаркан, Букар, Жеткайттын,

Кангай, мангул баарынын,

Кандыгы келип баш урган,

Ошондо угуп билип ал,

Билбегениң көрүп ал,

Кан Манаска кабар айт.

Атакемдин сан дүйнө,

Кечээ кайтпас сапар кеткенде,

Опаа болуп бербеген,

Чымын жаны учканда,

Калды баары жалганда,

Атаңдын көрү куу дүйнө,

Бүгүн бар да эртең жок,

Ушундай экен дүйнө бок…(Ш.А.) -


Жамгырдай төгүлгөныр саптардан көрүнүп тургандай, кыргыздар жакын жана алыс мамлекеттер менен соода, саясый, экономикалык, аскерий байланыштарды түзгөндүгү баяндалып жатыры.

Дегеле эпостун текстинен кыргыздар ат изин салганжерлерди жана соода жолдорун тастыктаган географиялык жер суу аттары бүгүнкү күндө да дал келгенибайыркы бабаларыбыздын маданий, диний, саясий, экономикалык даректеринен кабар берген окуялар, эпосубуздун өзүнчө бир чоң катмарын ээлеп, кайсы бир денгээлде тарыхый маалыматтарды, байыркы баатырдык доордун, көчмөндөрцивилизациясынын, жоокер демократиянын элементтерин оозеки формада болсо да сактап калганы биз үчүн өтө маанилүү.

Эпостун негизги сюжеттик өзөгү -жогорудагыдай тарыхый катмарларды өз боюна синире жүрүп олтуруп, жамакташкан ыр саптары кылымдар бою кеңейип калыптанган. Канчалаган чечендер кызыл тилин кайрап, улуу эпостун түзүлүшүнөкөркөм сөз кыштарын кынабады. Укмуштуудай керемет ыр дүйнөсүн бир эле адам жаратпастан, коллективдүү, өзгөчө касиетке эгедер талант ээлери биринен-бири угуп, биринен -бири өтүп, бирин-бири толуктай олтуруп, акыры мухиттей кенен, философиялык маңызы терең, тематикасы көп түрдүү, мотивдерге бай, кыргыздын нукура тилин сактаган, оозеки поэзиянын кайталангыс үлгүсү - «Манас» феномени уникалдуулугун жоготпой сакталды.

Доорлор аралыгында ар замандын манасчы, семетейчилери аны оргуп айтып келди. Айтканда да кай бири, манасчылык касиеттин улуу күчү менен айтты; кай бири өз заманынын жарчысы болуп, жаттоо искусствосунун алкагында айтты; кай бири, кыргыздын кадимки жамактуу жорго тилине салып, классикалык варианттардан азыктанып айтты; кай бири прозанын профессионал үлгүсүн жаратып келет; кай бири драмалык жанрдын алкагында жаны секичелерди табууда; кай бири дүйнөлүк алкакка жете тургандай классикалык музыка дүйнөсүндө чагылдырууда; кай бири кыл калемдин кудурети менен образдардын системасын тартат; кай бири скульптурада кайталангыс образдардын келбетин жасайт.

«Манастын» темасында чыгарма жараткан адам түгөнгүс ойдун, түпсүз философиясына сунгуп кирип, нечен деген татаал түйшүктү башынан кечирет. Эгерде андай денгээлге чыга албаса, белгилүү бир жанрдын алкагында чыгарма жаратышы кыйын. Мындай түйшүк манасты изилдеген илимпозго да тикеден-тике тиешелүү. Түрдүү жанрда чыгарма жараткан адамга караганда, манастаануучу (эгерде ал фундаменталдуу изилдөөчү) илимпоз болсо, алда канча оор жүктү көтөрөт.

Эпикалык чыгарма бир канча жогорудагыдай тарыхый стадиалдык катмарды камтып, татаал формада өнүгүп жашап келсе, манасчы да аны жараткан бөтөнчө касиетке ээ индивид иретинде ошончолук узак жана татаал чыгармачылык түйшүгүн аркалап келген обочо жаралган таланттуу адам. Дээринде «Манас» айткандардын бардыгы эле манасчы боло берген эмес. Кудурет тубаса шык ыйгарып, даарыганда гана манасчылык касиетти аркалоого бел байлашкан. Булар чыгармачылыктын татаал процессинин алкагында калыптанышкан. Андан кийин, бара-бара эпостун бутактанган дарак сыяктуу түрдүү варианттары жаралган. Мезгилдер аралыгында алардын ичинен мыктылары иргелген. Манасчынын аткаруусундагы вариант элге жакпаса, кабылданбай, уланбай калган. Эл «Манасты» ушунчалык аздектегендиктен, айтып жаткан манасчыны сын элегинен сөзсүз өткөргөн. Эл катмарына эмгеги сиңип, таланты бааланган чыгаандарошону үчүн сейрек кездешкен. «Манастын» маңызы, көркөм табияты, көлөмү манасчынын дареметинен болгон.

Эпостун канондук негизги окуялар дагы, мыкты манасчылардын вариантына таандык. Чыгаан манасчы адамзаттын генийи. Анткени ал кыргыз элинин бүтүндөй тарыхын оозеки формасында, нукура тилинде жараткан чебер сөздүн устасы. Ар бир варианттын айтуучусунун өзүнүн жеке стили калыптанат, анын негизги күчү поэтизациясында.

Поэтизация күлүктөрдүн таймашына окшош, чарчабаган дулдулдай, жол арыган сайын кызыйт, чоктой кызарып илеби күчөйт. Агыны катуу суудай шоокумдуу да, кудуреттүү, нөшөр жамгырдай төгүлүп, сөз берметтери бир дем менен кубула куюлушуп, дем кайтарбай ырдала жүрүп олтурат. Илимде манасчынын поэтикалык тили гипербола, эпитет, синекдоха, аллегория, кайталоо, параллелизм, литота, метафора, салыштыруу катары иликтениши ошондон. Манасчы поэзия дүйнөсүндө рифма, редифыр түзүлүшүнүнуникалдуу формасын жараткан индивид. Тотон тирадалык стильде айткан жерлеринде кыргыз тилинин лексикасы канчалык бай экендигин мыктап көргөзө алат, манасчы.

Гипербола-«Манас» эпосундгы бирден- бир кеңири колдонулган троптун түрү. Каармандардын образдарын алда канча апыртып, мифологиялык боектор менен фантасмагориялаган учурларда, мифтик дөөлөрдүн, жан -жаныбарлардын сыйкырдуу касиеттерин сүрөттөөдө, жаратылыш сулуулугун, баатырлардын курал жарагын,тулпарларын баяндаганда өтө жыш колдонулат.

Салыштыруу- Сюжеттижандуу кылып берүүдөгү негизги поэтикалык көркөм каражаттардын бири.Каармандардын портретин тартууда, анын адамдык касиетин эрдигин, мүнөзүн, кайгысын –кубанычын бир нерсеге салыштырып, сүрөттөйт, көпчүлүк убакта гипербола менен бирге колдонулуп, көркөм ыкманын татаал формасын түзөт. Маселен,гипербола, салыштыруу, эпитет, метафора өңдүү троптордун түрлөрү баатырдынжана анын тулпарынын укмуштуудай мифоэпикалык портретин түзөт. Алсак:

Ак кула: Манас:

Чаткаягы Чаткалдай, Жаткан иттей кашы бар,

Жүрүп кетсе чатына, Жан казандай башы бар,

Жүктүү төө баткандай, Мурду тоонун сеңирдей,

Кең соорунун үстүнө, Муруту көлдүн камыштай,

Он экиден он эки, Көзү көлдүн быткылдай,

Жыйырма төртү биригип, Көрүнгөндүжуткудай.

Төшөк салып жаткандай. Жалаяк ооз жар кабак.

(Ш.А.“Манас”) (С.К.”Манас”)


Бул жерде гипербола , салыштыруу чогуу келип троптун татаал туру колдонулган.Манасчылардын чеберчилигинен эпостогу тулпарлардын көркөм образдарынын толук арсеналын көрүүгө болот. Ар бир тулпар кайталангыс, жеткиликтүү, жандуу образга ээ. Жан-жаныбарларга жөн гана салыштырып кайберендей, маралдай, кайыптай, кулжадай, кул тотусундай, желмаяндай депкойбостон, туягы жүгүргөн сайын от чыкчудай кызарып, басыгы учкан куштай, кайыпка жеткизбей, тулпардын кайыптан туулганын ыйык белгилери катары саналып, айтор тулпардын чоо жайы көз алдыңа көрүп тургандай тартылып кетет.

Дагы бир кенири колдонулган троптун туру эпитет.

Жолой(Ч.Валихановдо)ЖолойС. Орозбаковдо:

Алтымыш эрди бир жутуп, Алтымыш батман буудай жеп,

Кан жыттанган ит бүрүк. Дан жыттанган чоң Жолой.

Алтымыш жылы жөө басып, Алтымыш алпты бир союп,

Тер жыттанган ит бүрүк,-десе, Кан жыттанган чоң Жолой.


Жолойдун портретин түзүүдөгү мындай туруктуу эпитет башка варианттарда да негизинен ушундай строфикалык кайталоо менен чагылат. Ар бир каармандын же персонаждардын портретин берүүдө жогорудагыдай ыкма туруктуу орун алган. Мисалы, Бакайдын портретиндеги туруктуу эпитет:

Карангыда көз тапкан,

Капилеттен сөз тапкан,

Алдыга койсо ак жолтой,

Артка койсо сан колдой, (С.О)

Сыргактын портретинде:

Атка жеңил тайга чак,

Кара кезек кыргагы,

Кагылайын Сыргагы.(Ш.А) ж.б.

Алдыга салса ак жолтой,

Жоого салса сан колдой, (С.О)

Чубактын портретинде:

Минди көрсө качпаган,

Мин экен деп шашпаган,

Акбалтанын Чубагы,

Эрдин бири бу дагы (Ш.А)

Жогоруда алынган мисалдарда, эн кенири тараган корком каражаттардын ар башка манасчыда кандай суроттолгонун коргоздук.

Жайытына мал калбай,

Жаман атта жал калбай,

Жамынарга тон калбай,

Жай бастырар жол калбай. же,

Катын алар бой койбой,

Кыргынды катуу саламын,

Кызынан тартуу аламын,

Кейишти катуу саламын,

Келинин тартууга аламын (С.О)

Алынган мисалдардагы жыш уйкаш редиф ыр сабынын аяк башында учурайт. Кээде жыш, кээде аксак уйкаштыктагы редифтер кобунчо адамдын эмоциясын чагылдырганда пайдаланылат.

Канткен менен кыргыз рухунун туу чокусу жана ооз эки чыгармачылыгынын улуу сыймыгы, баатырдык тарыхынын көөнөргүс эстелиги болгон «Манас» эпосун айтуучулардын ар бири чыгармага азбы-көпбү, өз кышын кынады. Натыйжада, кыргыздын өтө бай, терең мазмундуу лексикалык жана поэтикалык тилин калыптандыруучу, муундан муунга берген гениалдуу чыгармасы жаралган. Мындай күчтүү поэтикалык тилдик каражат, манасчыларга өлбөс- өчпөс поэтикалык дүйнөнү чабыттап, поэзиянын улуу пирамидасын курууга көмөк берген. ХХ-кылымдан баштап «Манас» эпосу элдик чыгармачылыктын тарыхый эпопеясы, адамзаттын маданияты менен адабиятынын шедеври катары таанылып отурат.

Кийинки бир жарым кылым аралыгында «Манас» эпосунун бизге белгилүү 78 ашуун толук жана толук эмес вариантын жазылып алынып, сакталууда. Ошентип, эпикалык чыгарманын негиздүү өзөгү сакталып, айрым темалары, мотивдери, портретттик сыпаттоолору, согуш сценалары вариацияланды. Позитивдүү көз караштан алганда, эпостун идеалык-көркөмдүк табияты барган сайын толукталып, улам байый жүрө олтуруп, кадимки биз билген классикалык үлгүсүнө чейин өсүп жеткен. «Манас» эпикалык чыгармасынын циклизациялык уланышы, ошондой эле жандуу айтылып калышы, буга айкын күбө.

«Манас» үчилтиги «Семетей», «Сейтек» эпостору менен чектелбей, айкөл Манас бабанын кийинки урпактарынын эрдиктерин баяндаган: «Кененим», «Алым Сарык», «Кулан Сарык», «Эр Сарык», «Алтын бармак Акаяр», «Арстан түстүү Акжол баатыр» өңдүү жана башка уланыштары бизге маалымат иретинде болсо да келип жетти.





1

20