СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Манас таануу" инеллектуалдык таймашынын план сценарийси

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Манас таануу" инеллектуалдык таймашынын план сценарийси»

Манас таануу

«Несен жолу кырылган

Муӊ зар төгүп чыӊырган.

Жерин коргоп ар качан

Туу алдында жыйылган.

Кыргыз көчү келатат,

«Манас», «Манас», «Манас»-деп,

Тээ байркы кылымдан.»

Ушул ураандын алкагында уюштурулган 8-«А» жана 8-«Б» класстарынын окуучуларынын күчү менен даярдалган «Манас таануу» интеллектуалдык таймашын ачык деп жарыялоого уруксат этиӊиздер.

40 чорону башына жыйып,Бакай бабабыздын мындай деп согуш алдында айтканы бар:

«Согушуп эле калбаӊар,

Согуштан артта калбаӊар.

Бүгүн душман ,эртеӊ эл,

Бүлүндүрүп салбаӊар.» Мына ушундай даӊктуу элдин урпагы катары улуу эл экенибизди ар убакта таанып жүрөлү,билип жүрөлү деген ниетте бүгүнкү таймашка келген эки топту тааныштырып өтөйүн: оӊ жагымда:

8-«А» классынын «АККУЛА» тобу , со жагымда 8-«Б» классынын «КАБЫЛАН» тобу.

Бул таймашка сарасеп салуучу,

Кара кылды как жарган

Калыстык менен башкарган

Жүрөгүнүн төрүндө

Так калыстык сакталган калыстар тобу менен тааныштырсам,

Калыстар тобунун төрайымы: Абдираимова Жамалкан эжеке,мүчөлөрү: Саканова Ү. жана Шамшиева Г.

Бардык катышуучуларга түшүнүктүү болсун үчүн таймаштын жүрүшү менен таанышып алсак

1.Саламдашуу

2.Үчилтиктен суроолор

3.Сыр куржун

4.Жер -суу аттары

5.Күтүлбөгөн бир суроо

6.Серепчиден бир суроо

7.Үй тапшырма

«Тил ырыскы, тил дөөлөт

Тирүүлүк өзү зор дөөлөт.

Баш ырыскы,бак дөөлөт,

Бар байлыгыӊ зор дөөлөт»- демекчи,1- тапшырма саламдашып алуу үчүн кезек берели.

2-тапшырма: « Ач айкырык куу сүрөөн,

Ай ааламга салчубуз.

Ай- жылдап Манас айтканда

Айрандай уюп калчубуз.»- деп залкар манасчыларыбызды эскрип келишкен.Анда эмесе үчилтиктен суроолорду баштайбыз.(барабан айландырылып,топтун мүчөлөрү суроолорду бирден алып жооп беришет,3 суроого жооп берилет)

1. «Манас» эпосунун негизги өзөк окуялары кайсылар?

- Манастын төрөлүшү,бала чагы.

- Алгачкы эрдиктери,жортуулу.

- Алтайдан Ала-Тоого көчүү.

-Алмамбеттин келиши

- Манастын Каныкейге үйлөнүшү.

-Көзкамандар окуясы

-Көкөтөйдүн ашы.

-Чоӊ казат, кичи казат.

-Баатырдын набыт болушу.

2. Эпостогу айрым каармандар өз аты калып,лакап атка конуп кетишкен .Алар кимдер?

Шакан-Чыйырды, Санирабига-Каныкей,Манас-Чоӊ жинди, Көзкаман-Усөн,Бердибек-Сыргак,Болот-Чубак,Карахан-Темирлан.

3. Эпостогу баатырлардын тулпарлары.Манастын жоо жарактары.

Манас-Аккула,Коӊурбай-Алгара,Төштүк-Чалкуйрук,Семетей-Тайтору,Сыргак-Көкчебич,Бакай-Көктулпар,Алмамбет_Сарала,Көкөтөй-Мааникер,Сейтек-Тайбуурул,Жолой-Ачбуудан,Чубак-Көкала,Күлчоро-Суркоён. Жоо-жарактар:Сырнайза,ак келте,зулпукар,чарайна,кандагай,аколпок.Жоо кийимдери:туулга,чопкут,соот.

4. Эпостогу кыргыз элинин үрп-адаттары,каада-салттары,ырым-жырымдары кайсылар?

Хан көтөрүү,куда түшүу,калыӊ берүү,кыз оюну,үй тигүү,сарпай,бешик той,ат коюу,келиндин жүгүнүп качуусу,каргыш-ок аттоо,ж.б

5. Кыргыз эли жөндөмүнө жараша манасчыларды 4 топко бөлүп келишкен .Алар кайсылар?

1- үйрөнчүк ( устаты айткан айрым эпизоддорду жаттап алышып айтышкан)

2- чала манасчы, 3- чыныгы манасчы,4- чоӊ манасчылар(Манасчылык өнөрдүн жеткен чеги).

6. Алмамбет менен Чубактын чатагы эмнеден улам чыкты? Чубактын чатак салганы туурабы?

Чоӊ казатта Алмамбет менен Сыргак чалгынга кетишет.Кабар келгиче ордо оюнун башташат.Бир жагын Кыргылчал,экинчи жагын Ажыбай баштайт.Ажыбай тарап ута баштайт.Эки тарап уруша кетишет.Ошондо Ырамандын ырчы уул Акбалтанын Чубагына келип: «Нойгуттун кырааны сен,ойрон Тейит мен болсом,анан калмактан келген Алмамбет кулдан неге кемсиӊ ,теӊ тууган болгонуӊ менен кем туугансыӊ»-деп көнүтөт.Алмамбет менен Чубакты Бакай элдештирет: «Бөлүнсөӊ бөрү жеп кетет,бөлүнүп калды кыргыз деп,бөлөк элге кеп кетет».

7. Көзкаман ким? Көзкамандар окуясы.

Көзкаман _Үсөн. Үсөн-Жакыптын агасы.Мансты өлтүрүү үчүн Эсенкан жиберет.Манасты ууландырышат.Каныкей Манасты айыктырат.Көзкамандар бири-бирин өлтүрүшөт.

8. Эпосто «Көкөтөйдүн ашы,көп чырдын башы»-деп айтылат,эмне үчүн?

Аштын башталышындагы 6 хандын чатагы,Жолойдун,Нескаранын чатагы,Жолойдун эт уурдаганы,Коӊурбайдын Мааникерди сурашы Чоӊказаттын чыгышына алып келет.

9. «Каалаганым ыйманым,

Каканда калды жыйганым»- деген сөз кимге таандык?Эмнени түшүндүрөт?

Бул Алмамбет баатырга карата айтылган.Өз эли журтумду таштап келип отурам дейт.Алмамбеттин журтун таштап келишинин дагы себеби бар:1-Улуктун урматына адамды курмандыкка чалуу салтына каршы болот,2- жаш балдардын боорунан жашартыруучу дары жасоого каршы болот,3- мусулман динин кабыл алат.

10. Манас кандай кызга үйлөнмөк болот? Манастын баатырдык салт боюнча үйлөнүшү кимдин кеӊеши боюнча болду?

Байдын да,бийдин да, кулдун да,эрке өскөн кандын да жуп болбосун.Акылы жетик,сылык,пейли кеӊ,жылуу сөз,төрт тарабы теӊ болгон,ширин сөз,акыл менен эр баксын,айла менен эл баксын,сарамжал,уз болсун дейт. «Мен биле турган кеп болсо,

Оймоктуудан узду алам

Оюмда жүргөн кызды алам

Керемети кеӊди алам

Акыл-эси ошонун ,мени менен теӊди алам.алты жылдык зыянды,

Биле турган кызды алам.

Жан жолдошко жаман сөз

Айтпай турган кызды алам

Жаман жерге жамбаштап

Жатпай турган кызды алам

Бейбаштардын үйүнө

Кирбей турган кызды алам.

11. Чоӊ казат. Кичи казат. Соӊку согуш.

Алмамбет менен Чубакты Бакай элдештирет: «Бөлүнсөӊ бөрү жеп кетет,бөлүнүп калды кыргыз деп,бөлөк элге кеп кетет»-деп. Манас жеӊишке жетет,Чет-Бээжинге кан болот.Баатырларынан айрылган Коӊурбай Манастан кек алуу үчүн атайын жасатылган балтаны алып,Манасты жайлаш үчүн Чет-Бээжинге кетти.Манасты Бээжинге кан болду деп эр Шуутуну Таласка сүйүнчүгө жиберет.Каныкей кабар укканда: «Алтын так минди дегиче,ажалы жетти десеӊчи,кыраандардын баарысын,кытайга белек алдырат»-деп капа болот.Каныкей жаман түш көрүп,кат жазып,эр Шуутудан Манаска жөнөтөт.Кат сууга агып кетет.Эл Таласка кайтат.Манас азан айтып жатканда Коӊурбай айбалта менен Манасты жарадар кылат.Кезекте турган Ажыбай уктап калган болот.

Кичи казатта Манас Коӊурбайдын амалына алданып,7 күн урушту токтотуп турууга маакул болот.Коӊурбай Кожожашты чакырып(кытай):Көкчө,Музбурчак,Сыргак,Алмамбет,Чубак,Серек,12 баатыр өлөт.Аккула да өлөт.Манас аколпоктун жакасындагы болот ок менен8 кытайды өлтүрөт.Манас экинчи жолу намаз окуп жатканда Коӊурбай келип,кыр аркага найза менен саят.Алмамбеттин сөөгүн Саралага таӊып жөнөтөт.

12. Баатырдын өлүмү.

3- тапшырма: Күнүмдүк турмушта колдонуп жүрсөк,сырттан келген сөздөр кыргыз тилин бузбаса деген ойдо «сыр куржун» бөлүмүн баштайбыз.Менин колумдагы куржунда Манста кездешкен ,бир көзүндө азыр колдонуудан чыгып калган көөнө сөздөр,экинчи жагында макал-лакаптар бар. Ар бир топтон бирден окуучу же топ башчысы келип,сыр куржундан алышып,топ менен бирге жооп беришет.

Көөнө сөздөр: «БАТЫЛ»- туура эмес,динге карата айтылат.Жалган дүйнө тааным дегенди билдирет.мөт

«КУН КУУ»- мурунку өчтү алуу,Үмөтай атасы Көнчөнүн кунун кууйт.Манас чоӊ казатка алпарып өлтүр дейт,Семетейдин,Манастын кунун кууйт.

«ЖЕСЕК»- кароол,чалгын ,күзөт.

«КАЙСАР»- обу жоктук,оо сар дегенди түшүндүрөт

«ТҮЛӨӨ»- жакшылык,жамандык болгондо мал ,туяк союп түлөө өткөрөт.М: Семетей кайып дүйнөдөн келгенде түлөө өткөрүшөт.

Макалдар : 1. Котур ташы койнунда.

2. Айылды арамдык бузат,достукту каралык бузат.

3. Манасты унуткансып.

4. Бирөөнүн элинде султан болгуча,өз элиӊде ултан бол.

4-тапшырма: Жер-Суу аттары боюнча тесттик тапшырмалар:

1. Манас кайсыл жерде төрөлгөн?

а) Ала-Тоодо б) Алтайда в) Таласта г) Бээжинд

2. Көкөтөйдүн ашы өткөн жер:

а) Ысык-Көл б) Каркыра в) Алтай г) Сары-Өзөн

3. Манас менен Шоруккан беттешкен жер:

а) Кызылдын –Бели б) Кыйба в) Күрмөнтү г) Куу-Тез

4. Көкөтөйдүн мал жайыттарынын бири:

а) Үч-Жыгач б) Үч-Суу в) Үч Турпан г) Үч Марал

5. Эпостогу эпикалык душман аталган кытайлардын башкы шаары- борбору?

а) Түӊгүш б) Туз-Тоо в) Түп Бээжин г) Турпа

6.21 жашта өлгөн Сыргакты баш кылып курман болгон баатырлардын сөөгү каерге коюлган?

а) Кара-Суу б) Көк-Булуӊ в) Ит-Өлбөс г) Чет-Бээжин

7.Алмамбеттин сөөгү коюлган жер:

а) Чеч-Дөбө б) Анжиян в) Муз жайлоо г) Бээжин

8.Манас биринчи казатка аттануу кеӊешин кайсыл жерде өткөрөт?

а) Боз дөбөдө б) Булгар тоо в) Тунук булак г) Аскар тоо

5-бөлүм: Күтүлбөгөн бир суроо: Ар бир катышуучунун Манасты канчалык деӊгээлде билишине күбө болобуз.

1. Чыйырдынын чыныгы аты: Шакан

2. Каныкейдин кыз кезиндеги аты: Санирабига

3.Айчүрөк кимдин кызы: Акун кан

4. Манасчылардан 5 нү ата: Сагымбай,Саякбай,Тыныбек, Чоюке,Балык Кумар уулу,Жусуп Мамай ж.б

5. Манастын акыреттик жары: Сайкал

6.Мансатын курал-жарактарын ким жасаган? Бөлөнбай

7. Көкөтөйдүн ашы өткөн жер: Каркыра

8. Көкчө кайсы элдин ханы? Казак

9. Чоӊ казатка барганда колдун эсебин алган баатыр: Тазбаймат

10. Алмамбет чалгынга кошо ала кеткен 40 чоронун бири: Сыргак

11. Семетейдин өзөк окуялары: Каныкейдин Көбөштөн чабылышы.Семетейдин чоӊоюшу.Таласка келиши.Айчүрөккө үйлөнүшү.Коӊурбай менен согушу.Кайып болушу.

12. Сейтектин өзөк окуялары: Сейтектин төрөлүшү.Бала чагы.Кыяздын өлүмү.Таласка келиши.Кайып болуу(Бакай,Каныкей,Семетей,Айчүрөк,Күлчоро)

13. Кытайлык манасчы: Жусуп Мамай

14. Манастын 1000 жылдык маарекеси качан болгон? 1995-жылы 25-31-августтар.

15. Алмамбет төрөлгөндө Бээжинде эмне болот? 70 күнү күн жаап,жер титиреп кетет.

16. «Атка жеӊил,тайга чак,уйкусу жок,жолго сак»-деп эпосто ким сүрөттөлөт? Сыргак

17. Көкөтөйдүн ашында ай-ааламга кабар берген ким? Жаш Айдар

18. Манастын баатырдык салт боюнча үйлөнүшү кимдин кеӊеши боюнча болот? Алмамбеттин

19. Тайторуну ат чабышка кошуудагы Каныкейдин максаты эмне?

20. Манастын канча осуяты бар? 7.

6-бөлүм: Серепчиден бир суроо.

1. Алооке эмне себептен Анжиянды жердеп калат?

Жообу: Кыргыздарды чабат да ,ал жерден Мекенден сүрүп,бош калган жерди ээлеп алат.(Кыргыздын түпкү Мекени болгон Анжияндан кыргыздар сүрүлгөндө ,бош калган жерди Алооке ээлеп калган).

2. Бакайды сүрөттөп бергиле?

Жооп: Бакай- капилеттен сөз тапкан,караӊгы түндө көз тапкан,чечен,акылман,көрөгөч,Манастын кеӊешчиси,баатыр,айрылганды эптеген,бузулганды кураган,үзүлгөндү улаган,эӊ жакын ишеничтүү адамы.

3. «Манасты унуткансып»- бул макакал эмнеден улам келип чыккан?

4. Алмамбет Манаска келгенде кайсы атты минип келет?

Жооп : Кыл жейрен деген тулпарды.

7- тапшырма :Үй тапшырма . Мында топтор сахна көрүнүшү,эпос боюнча сүрөттөр жана эпостон үзүндүлөр айтышат.

Мына ошентип таймашты жыйынтыктайбыз ,жыйынтыктоо сөзүн калыстарга узатабыз.

Биз менен тарыхты сынагыла

Ийилбестен намысты чыӊагыла,

Дүнгүрөтүп заманын келе жатат,

Дүбүртү күч жаш муун мына-мына!

Уӊгусуна жарачу кыргызымдын

Урпактары Манастын мына-мына!

Баарыӊарга чоӊ рахмат!





























4 Б.Шамшиев атындагы гимназия класстары бар жалпы билим берүүчү орто мектептин 8-«А» жана 8-«Б» класстарынын ортосунда өткөрүлгөн «МАНАС ТААНУУ» интеллектуалдык таймашынын план сценарийси.

2018-2019-окуу жылы.



Осмонова С

Имарова Б


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!