СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Манас таануу"интеллектуалдык таймаш боюнча сабак

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Манас таануу"интеллектуалдык таймаш боюнча сабак

Просмотр содержимого документа
«"Манас таануу"интеллектуалдык таймаш боюнча сабак»

Сабактын темасы: анас таануу интеллектуалдык таймашы

8-класстын окуучулары катышат.

Сабактын максаты: Кыргыз элинин эң негизги руханий мурасы жана тарыхый байлыгы болгон үчилтигин окуучулардын аң сезимине жеткирүү.

Кыргыз элинин тарыхын,маданиятын,тилин сактоо,өнүктүрүү,рухий дөөлөттөрдү даңазалоо.

Окуучуларды эпосунун философиясынын негизинде жарандык атуулдукка,достукка,биримдикке,улут аралык ынтымакка тарбиялоо жана мекенчил сезимин жогорулатуу.

Сабактын жабдылышы:Сүрөттөр,буклеттер,учкул сөздөр.

Сабактын тиби:Таймаш сабагы

Сабактын жүрүшү:Окуучулар эки топко бөлүнүшөт.Ар бир топтун топ башчылары болот.Таймаш беш бөлүмдөн турат.Таймашка залкар манасчы С.Каралаевдин варианты боюнча даярданышат.

Мугалим:Түгөнгөн сайын түтөгөн,

Түлөгөн сайын түктөнгөн,

Бул түптүү журттун белгиси.

Өлгөн сайын өөрчүгөн,

Бул өсөөр журттун белгиси,-деп айтылгандай,түптүү кыргыз элинин дүйнө таанымы өзүнчө бир керемет.Биз теңдешсиз эпосу менен дүйнө элине көкүрөк кагып сыймыктанабыз.

1.Саламдашуу.Атын жактап,ураан чакырып,топту тааныштыруу.(5упай)

2.Үчилтик боюнча суроолор.,,бөлүмдөрү боюнча бештен суроо.(5упай)

1-топко суроолор:

1.Басып өткөн жолуна баашалуу калаа орногон ким? (Түгөл кан)

2.Кошойдун Жарманас менен Билерикке берген тартуусу?(Телжээрде,Коёнбоз)

3.Каныкей Текеченин Ормонбекке тиет деген ушак сөздү ким баштаган?

4.Ысмайыл Семетейге арнап канча күн той берет? (17күн)

5.Кыяз эмне себептен жети кемпирди жалдайт?



2-топко суроолор:

1.Жакып эмне себептен зарлайт?

2.Жөө желдет Алоокеге кандай суук кабарды жеткирет?

3.Кабырга сынып,өпкөнү кысып калганда кантип айыктырган?

4.Семетей Бакайды кантип сынайт?

5.Устаранын учундагы уунун күчү канчалык эле?

3.Угуп тап.Көөнөргөн сөздөрдү чечмелеп берүү.(5упай)

Кырк үйлүү кыргыз эл бекен

Кайран Дөңгө балбаным

Сен чыгаргын жүз киши

Калмактардан Жолойкан

Мен чыгарам жүз киши

Эсенкандын кырк нарга

Кыйла көөхар,сары алтын

Дорбого салып арталы.

Күрмө кийген күчтүү кан

Күркүрөп чогу каптай көр

Таш сайынган тазалар

Кызыталак бурутту

Такыр жерге таптай көр

Башына коок кийгизип

Эки колун тең байлап

Эки көзүн тең чукуп

Эсенкандын алдына

Тирүү байлап баргыла



4.Өз ара суроолор.Ар бир топ атаандашына экиден суроо даярдап келет.(5упай)

5.Сыр куржун.Үчилтикте кездешкен макалдарды сыр куржундан алып чечмелеп беришет.(5упай)

Сабырдын түбү сары алтын

Вазир жакшы хан жакшы,аял жакшы эр жакшы

6.Сырттандарды сынайбыз.Топ башчыларына ондон суроо.Ар бир суроого 10 секунд берилет.Ооба же жок деп гана жооп бериш керек.(Туура жоопко 2упай)

1-топко суроолор:

1.Чыйырды Семетейдин таенесиби?(жок)

2.Алтынай Семетейдин таенесиби?(ооба)

3.Ажыбай 70 түрлүү тил билгенби?(ооба)

4.Карачанын кызы Акылайбы?(жок)

5.Айчүрөк 18миң ааламды бир күндө кыдырганбы?(ооба)

6.Чубактын аялы Аруукеби?(жок)

7.Алмамбеттин аты Саралабы?(ооба)

8.Шуутунун улуту кыргызбы?(жок)

9.Талгак болгон Чыйырдыга шерди Кожожаш алып келеби?(жок)

10.Көрпөяндын баласы Жообузарбы?(жок)

2-топко суроолор:

1.Ошпурдун уулу Чегебайбы?(ооба)

2.Сейтекти Каныкей төрөдү беле?(жок)

3.Алмамбет билим алганбы?(ооба)

4.Байтайлактын уулу Бакайбы?(жок)

5.Семетей Таласта туулду беле?(ооба)

6.Манастын көзү өткөндө бийлик Көбөшкө өттү беле?(ооба)

7.Кызгалдак кушпу?(жок)

8.Каракүңдүн уулу Жообузарбы?(ооба)

9.Каныкей Манастан 32жашында айрылганбы?(ооба)

10.Семетейдин тоюнда тулпарлар Кара-Деңизден коё берилеби?(ооба)

Жыйынтыктоо:эпосу-эрдикти,жоокердик ар намысты,Мекенди ыйык тутууну даңазалаган залкар чыгарма.эпосу-руханий нарк,тил казынасы,патриотизмдин бийик өрнөгү,улут сыймыгы.Ошондуктан казынасынан дайым азыктанып туруу,анын ордолуу ойлорун боюбузга,жан дүйнөбүзгө терең сиңирип,Ата журтубуздун патриоту болуу,улуу мурасыбызды ар тараптан үйрөнүү,беш колдой билүү,аны менен сыймыктануу,аны кийинки муундарга өткөрүп берүү-биздин парзыбыз.