СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Манас таануу "интеллектуалдык таймашы Адабият сабагы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Манас таануу "интеллектуалдык таймашы Адабият сабагы»

Тема: Манасым -- менин мурасым

Максаты: Окуучулардын «Манас» эпосу боюнча билим деңгээлин аныктоо,

эпос боюнча билимдерин тереңдетүү,элибиздин тарыхына

кызуугуларын арттыруу,Мекенди сүйүүгө,коргоого,кызмат кылууга

тарбиялоо.

Таймаштын жүрүшү:

1. Саламдашуу (командага эпостон алып ат коюп ,аны жактап беришет )

2.»Манас»(С. Каралаевдин варианты боюнча ар бир топко 5ден суроо берилет

3. «Сыр куржун»( Көөнөргөн сөздөрдү чечмелеп берүү: 1 сөз, 1 макал)

4. «Күтүлбөгөн суроо (ар бир окуучуга бирден суроо )

5. Өз ара суроо (команда атаандашына 1 суроо даярдап келет)

1. Саламдашуу

1-топ «Аян» тобу 11-класс

2-топ «Каныкей» тобу 10 –класс

3-топ «Эр Манас» тобу 9-класс

4-топ «Айкөл Манас “ тобу 8-класс

5 –топ “Кыраан Манас “ тобу 7а-класс

6-топ “Айкөл” тобу 7б-класс

2. «Манас» бөлүмү

1.Манастын умай энеге берген суроосу?

2.Биринчи жолу Манасты кимдер хан көтөрүшөт?

3. Манастын атасы Жакыпка койгон дооматы (Каныкейге үйлөнөөр алдында)

4. Алмамбеттин өз эл-жерин таштап кетишине эмне себеп болгон?

5. Аккуланын энеси кайсы үйүрдөн ?Жакып ал үйүрдүэмне деп өзгөртөт?

6. Карача эмне себептен Текестин ордуна кан болбой калган?

7. Эмне үчүн Манасты экинчи жолу хан көторүштү?

8. Манастын Чет Бээжинге кан болушун сүйунчулөп Таласка ким барат ,Каныкей катка эмне деп жазат? Кат Манаска жетеби ?

9. Манастын балалуу болушуна Кошойдун кандай тиешеси бар?

10. Манас экинчи жолу кандайча үйлөнгөн?

11.Ачалбарс ,аккелтени Манаска ким тарабынан тартууланган?

13. Көкөтөйдун ашында кандай мелдештер өткөрүлөт?

14. «Манасты унуткансып»-бул ылакап эмнеден келип чыккан?



3. Сыр куржун

1. «Барпы»- 12 жашар сулуу кыздардын бөйрөгүнөн жасалган жашартуучу дары.

«Наштар»- жарадар болгон жараатты кесип дарылоочу бычак сымал курал.

2. «Ала-Тоодой эт,

Алакөлдөй чык толот» макалды чечмеле

«Эр чекишпей бекишпейт» макалды чечмеле



4.»Күтүлбөгөн суроо»

1.Манас менен бир күндө жарыкка келген кайсы жаныбар? (Аккула)

2.Көкөтөйдүн ашында канча ат чабылат? (1000 ат)

3. Эр Көкчө улуту жана кимдин баласы? ( Казак, Айдаркандын баласы)

4. Манастын киндик энеси ким? (Дамбылданын зайыбы канымжан)

5. Алмамбетти багып өстүргөн энеси ким? ( Изат)

6.Чубак кимдин баласы? (Акбалтанын)

7.Жакыптын аты Туучунакты издеген бала ким? (Меңдибай)

8. Көзкандын өз аты ким? (Үсөн)

9. «Манас»эпосунда «Атка жеңил тайга чак,уйкусу жок жолго сак”деп сыпатталган ким?

(Сыргак)

10.”Чоң казатта”Бакай кыргыз кошунун кандыгын кимге өткөрүп берет? (Алмамбетке)

11.Асаба көтөргөн чоро ким? (Тазбаймат)

12.Шаатемир кимдин атасы (Чачыкейдин)

13.катагандын каны ким? ( Кошой)

15.Манастын апасынын өз аты ким? ( Шакан)

16.Чыйырды эмнеге талгак болот.(Жолборстун журөгүно)

17. чыйырдыга жолборстун жүрөгүн ким алып келип берет( Бадалбай)

18.Бокмурун кимдин уулу (Көкөтөйдүн)

19.Көкөтөйдүн ашына кечигип келген хан ?( Манас)

20. көкөтөйдүн ашында канча атка байге коюлат?( 61 атка)

21.Каныкейдин колдоочу пири ким болгон?(Бала,оң ийнинде)

22.Жакып баласын кандай жалган ысым менен уулун атады?( Чоң жинди)

24.Чоң казатка барганда колдун эсебин алган баатыр (Тазбаймат)

5. Өз ара суроо

Ар бир топ бирден суроо даярдап келет.

Жыйынтыктоо:

Ар бир топтун жооп бергенине карап балл берилип, жыйынтык чыгарылат.















“Семетей “ жана “Сейтек “ эпосу

1. Чынкожо ким?Ал эмне болуп Семетей ,Күлчоролор менен чатакташып калат?

2.Үмөтөй деген ким? Анын Семетейге кол салышы кандай?

3.Каныкей менен Чыйырдыны Бакай кайсы жерден табат жана аларга эмнелерди берет, эмне деп айтат?

4. Семетейди алып Чыйырды кайсы жерге жашынат .Чыйырды канча жашта болгон?

5. Алты арам деген кимдер ,алардын аттарын атап бергиле?

6. Семетей кайда,кантип чоңоет,ким чоңойтот , кимдер эмне деп даттанып келиш ет?

7.Кең –Көлчүктүн гүл токою кандайча өзгөрдү,анын себеби эмнеде?

8. Сарытаз деген ким болгон ,ал Семетейге кандайча жоолугат.Семетейге эмне деген ачуу сөздөрдү айтат?

9. Семетей эмне үчүн таарынып жатып алат?Кишимжан деген ким,ал Семетейге эмне деп айтат?

10.Манастын 40 чоросу Семетейге кошулабы? 40 чоронун тагдыры эмне болот?

11.Семетей Айчүрөккө кантип үйлөнөт?

12. Семетей Коңурбай менен согуш кандай аяктайт? Айчүрөк Семетейди эмне үчүн каргады , каргыш деген эмне?

13.Канчоро деген ким?Ал эмне үчун Семетейге чыккынчылык кылат? Төлгө таш жөнундо айтып бергиле?

14.Кыяз жети кемпирге кандай шарт коет? Айчүрөккө жети кемпир жайын ким айтып барат?

15.Сейтектин атын ким коет, Айчүрөк Сейтекти кантип чоңойтот?

16.Күрчоро Сейтекке кантип жоолукту?

17.Кыяздын минген аты кандай аталат?Ал аттын кандай сапаттары бар?Айчурөк атты Кыяздан эмне үчун сурайт? Атты кийин эмне кылышат?

18.Канчоро Күлчорону кантип тосуп алат? Канчорону ким өлтүрөт?

19. Кайып болгон Семетей эмне себептен Күлчорону укпайт, Кулчоро эмнелерди айтат,Семетей элге кошулабы?

20.Сарыбай деген ким? Сейтекке эмне учүн согуш ачат,аны ким өлтүрөт?



Көөнөргөн сөздөр

1.Кыргы-

2.барпы-

3.Наштар-

4.Күчала-

5жамбы-

6. ком-

7.асый-

8. кайып болуу-

9.туулга-

10.казат-

11. омуроо-

12.күрмөк-

13.кайыптар-

14. даңгыт-

























Макалдар

1”Көкөтөйдүн ашы, көп чырдын башы

2.Ат- адамдын канаты

3.Ат жакшысын мингизет,тон жакшысын кийгизет

4.Эр чекишпей бекишпейт.

5.Ала-Тоодой эт ,Ала-Көлдөй чык толот.

6.Тайбуурулдун тартууга кетени,Семетейдин ажалынын жеткени

8.Калкым Кыргыз сен үчүн, курман болуп кетейин

9.Бөлүнсөң бөрү жеп кетет,бөлунуп калды кыргыз деп ,бөлөк элге кеп кетет

10. Өздөн чыккан жат жаман,өзөктөн чыккан өрт жаман



































“Манасым –менин мурасым” аттуу таймаштын программасы

1. “ Атын жактоо” (Командага эпостон ат коюп, аны дактап беришет 3 минут)

2.”Үчилтиктен” ( С.Каралаевдин варианты боюнча 5 суроо берилет)

3.”Сыр куржун” ( 1 макал,1 көөнөргөн сөз чечмелеп берет)

4. “Кутулбөгөн суроо” (Ар бир катышуучуга бирден суроо берилет)

5. “ Өз ара суроо” (Ар бир топ атаандашына бирден суроо даярдап келет)



Катышуучу класстар:

7-11-класска чейин

Калыс мугалим : Сулайманова А.

Өтүлүүчу күн : 23.01.2024-жыл

Даярдаган мугалим: Усеналиева Г.