Эскертүү: Үй тапшырма “ Google ФОРМАда” түзүлгөн тест алдын ала ТЕЛЕГРАММда түзүлгөн каналга төмөндөгүдөй ссылка жиберилет, ар бир топ ал тестти иштеп электрондук почта аркылуу мага жиберишет.Жыйынтыгы сабак башталаар алдында таблодо баарына электордук доска аркылуу чагылдырылат да, алган упайына жараша балл коюлат. Мисалы: https://forms.gle/BweiC8LJC9UYCLp16 Жаны сабак Мугалимдин сөзү: Арыбаӊыздар, ар намысын туу туткан уюткулуу кыргыз элим. Биз бүгүн 8-класстын окуучулары менен ата-энелердин арасында өтчү «Манас таануу» таймашын баштайбыз.Кыргыздын улуу акыны Байдылда Сарногоев айткандай Кыргызым бүтпөс ырымсыӊ, Кыярбас кызыл туумсуӊ. Сан жагыӊ чакан болсо да, Сапатыӊ менен улуусуӊ – дегендей, сапаты менен улуу болгон кыргыз эли илгертен Манас айтып, аны урпактарына мурас калтырып, ушундай чоӊ эпосту оозеки бизге чейин жеткирген улуу калк. Айтылуу Манас баатырдын урпактарына салам айтып, бүгүнкү оюнду баштайбыз. Эӊ оболу эки тарап менен тааныштыра кетсем: 1 – топ Эсентурова Сауле менен апасы Токсонова Рахаттан түзүлгөн «Кыргыз көчү» тобу ал эми 2-топ :Алыбаев Нурболот менен апасы Осмоканова Назира куралган “Улуу Мурас” тобу, 3-топ: Үсөнова Мунисе менен апасы Алишерова Элмирадан куралган “Айчүрөк” тобу, 4-топ болсо,Жолочиев Байэл менен апасы Бирназарова Бурул түзгөн “Кабылан” тобу. 5-топ _Бейшенбекова Алияна жана Бектуров Урмат” Кырк чилтен” тобу, 6-топ Эрменкулова Айганыш менен апасы Мурзакулова Гүлбара”Алп Кошой” тобу ж.б. 7-топ Эржанова Мадина менен Көкшүңбаева Бурул “ 8-топ Кадыркулов Ызат менен Абдыкалыкова Гүлбара 9-топ Бапаева Телегей менен Акунова Назира 10 Эркинбекова Кымбат менен Жумалиева Эркингүл 11-топ Минаева Даткайым менен Акунова Салтанат Кара кылды как жарган калыс катары топтогон упайларыңарды эсептеп туруу үчүн серепчилерибизди шайлап алсак: 1.Мектеп дегенде күйүп -жанган , ар бир ийгилиги үчүн күйүп-жанган мектебибизди жетектеп жүргөн директорубуз Эралиева Гүлай эжей. 2.Организатор : Исмаилова Кенжегүл эжей. 3.Кыргыз тили жана адабияты мугалими : Молдоева Ирина эжей. Эми сиздерди оюндун эрежелери менен тааныштырып кетейин. 1. Ар бир топ бири – бири менен саламдашат. 2.Үчилтиктен суроолор берилет 3. Күтүлбөгөн суроо. 4. Сыр куржун сөз чечмей. 5. Серепчиден суроо. 6. Өз ара бири – бирине суроо беришет. Таймаштын жүрүшүн баалап туруш үчүн серепчилерди дайындайбыз. ___________________________________________ ____________________________________________ Анда эмесе, эки тарпка ийгилик каалап, таймашты баштайбыз. 1-бөлүм. Проектордун жардамы менен Power Point платформасы аркылуу даярдалган "Манас эпосу" - кыргыздардын муундан муунга айтылып келген оозеки тарыхы, маданияты, аттуу слайдга көңүл бурабыз. 2-бөлүм. Ар бир топ бири – бири менен саламдашат. 1 – топ. «Кыргыз көчү» тобу: Салам айттым кыргызымдын тоосу болуп, Салам айттым жамгырымдын суусу болуп. Салам айттым комузумдун күүсү болуп, Салам айттым кыргызымдын кызы бол. 2– топ. «Улуу Мурас» тобу: 3 – топ. «Айчүрөк» тобу: 4 – топ. «Кабылан» тобу: 5 – топ. «Кырк чилтен» тобу: 6 – топ. «Алп Кошой» тобу: 2-бөлүм «Манас»,»Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүнөн берилет. Бул суроолор “Jeopardy” платформасынын негизинде түзүлгон тесттик суроолор электрондук доскада көрсөтүлүп берилет. Ар бир топ кезек менен таблодо көрсөтүлгөн бөлүмдөрдөгү упайларды тандап алуу менен, суроолого даярданат, жооп берет. Эгерде жооп бере албай калса, кесек кийинки тпко берилет. Кайсы топ суроону туура тапса упай ошол топко упай берилет. Таблодогу 25 суроо берилип бүткөндөн кийин, жыйынтык ушул программада көрсөтүлүп, жыйынтыкталат. 1. Алгач ирет Манаска кырк чилтен менен Кызыр кандай шартта жолугат? (Жооп: Манастын кɵзүнɵ бɵрү кɵрүнɵт, аларды кырк жолдошу менен кубалап баратканда кырк чилтен менен Кызыр кɵзүнɵ кɵрүнɵт, алар менен жолугат) “Улуу Мурас” 2. Алооке менен Молто кан тарабынан кыргыздар туш тарапка чачыраганда ,Yсѳндүн тагдыры кандай болот? (Жооп: Усѳндү айдап кетишип, кара калмак элинин СазанШан деген жеринде кой артына салышат. Усѳн атын жоюп ,Кѳз каман деп атын ѳзгѳртүп калмактын динине кирет, Калмактан катын алып балалуу болот, балдарына калмакча Дѳрбѳлдѳй менен Барбалдай ат коет, калган балдарына кыргыз атын койбостон калмак атын койду дейт. Ушуну менен Усѳн кара калмак болду дейт.) “Кыргыз көчү” 4.Кошойдун туулган жери? (Жооп:Менин жайым сурасаң- Медияндын чѳлүндѳ, Олуят ѳткѳн жеринде, Баабедин деген мазардын Так ошондо туулдум.) “Улуу Мурас” 5. Кандай максат менен Кѳзкамандар Манаска келип кошулат? Кѳзкамандар Манаска келип кошулганын себеби Манасты ѳлтүрүү. “Кыргыз көчү” 6. Эмне учун Темиркан Семетейди 12 жашында үйлөнтүп коет? Таятасы Темиркан Семетейди Таласка кетээрде энчи болуп берип,Шаатемир кызы Чачыкейге үйлөнтөт.Себеби Семетей Манас өлгөндөн кийин 12 жашка чейин Темиркандын колунда чоңоет.Ошондуктан Темиркан Семетейдин милдетинен кутулайын деп ойлойт. “Улуу Мурас” 7. Манастын көзү өткөндө Зулпукор кылычы ,Аколпок тону,Аккелте мылтыгы,Сырнайзасы кимдин колунда калат?(Абыке Көбөштөрдүн колунда калат) “Кыргыз көчү” 8.Сейтек жөнүндө кабарды Күлчоро кимден угат? Жооп:Канчоро кан болуп,элге салык салып,элди кыйнайт.Мындай кыйноодон тажаган эл качмак болот.Ошондо Кутубайдын баласы Акжолтой: “Айчүрөктүн боюнда бала бар,эгер эркек төрөсө,ошону бел кылабыз,ошого чейин күтөлү,тентибегиле”-дейт. “Улуу Мурас” 9 Семетей кайып болгондон кийин Таласка ким ээлик кылат? Жооп:Чачыкейге үйлөнүп,Канчоро кан болот “Кыргыз көчү” 10. Сейтек Таласка келгенде аны кимдер тосуп чыгат? Жооп:Сейтектин алдынан Тайбуурул чыгат.Сейтек Тайбуурулду жалынан жыттайт.Анан Семетейди эстешет.Тайбуурул кайып болот.Буркураган боз инген тосуп чыгат,анан торпок кайтарган чоң энеси Каныкейге жолугат. Күтүлбөгөн суроо: Күтүлбөгөн суроолор “POWER POINT” платформасында даярдалды. Ар бир топко сурлоолор бирдей деңгээде түзүлүп, кезек менен берилет да, бирде деңгээлдеги балл берилет. «Кыргыз көчү» тобуна. 1. Айбанбозду Манаска ким берет? (Кошой) 2. Акбалтанын небереси ким? (Канчоро) 3. Алмамбеттин атасы салдырган шаар. (Туӊша) 4. Байдын балдары ким? (Бакай,Тайлак) 5. Бакдөөлөттүн атасы ким? (Чаян) 6. Арчаторуну Манаска ким тартуу кылат? (Бокмурун) Күтүлбөгөн суроолор: «Улуу Мурас» тобуна. 1. Атка артып жүрүүчү чоӊ мылтык. (Жазайыл) 2. Бокмурун кимдин баласы? (Көкөтөйдүн баласы) 3. Бүгүнкү Эркеч – Тамдын баштапкы аталышы. (Туӊша бел) 4. Жакыптын токолу ким? (Бакдөөлөт) 5. Жезнай деген эмне? ( Музыкалык үйлөмө аспап) 6. . «Өлгѳн сайын ѳрчүгѳн, түгѳнгѳ сайын түтѳгѳн» деп кайсыл элди сүрѳттѳйт?Ж: Кытай. 4. Сыр куржун. Көөнө сөздөрдү чечмелөө. «Кыргыз көчү» тобуна берилген сөз жана макал. Абузамзам – көөнө сөз. Мааниси (араб сөзү) кол менен жасалган көлчө. Макал. «Бирөөнүн элинде султан болгуча, өз элиӊде ултан бол» - деген макалды чечмелеп, мисал келтиргиле. Сыр куржун. Көөнө сөздөрдү чечмелөө. «Улуу Мурас» тобуна берилген сөз жана макал. Мамырчылык – көөнө сөз. Мааниси (араб сөзү) бейкутчулук,тынччылык. Макал. «Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман» - деген макалды чечмелеп, мисал келтиргил. 5. Серепчилерден бир суроо “Улуу Мурас” Кытайлардын куралсыз согушкан баатырлары? Жооп:Ата-энесинин ой-боюна койбой 4 жашында чогултуп,бир адамга билгизбей,бир адамга туйгузбай,адамдын буту баспаган ээн сарайда казынан эсебинен бактырылып,капка кум толтуруп,баш манжанын учу менен 18 жыл урдуруп,таш-дубалды урганда бырын-чырын чыгара турган кол канжар деген атак алышкан оңчөй казыналык балбандар . “Кыргыз көчү” Кыяз кыргыздын кайсы уруусунун каны болгон? Кыяз-эпостогу терс каарман.Кыяздын атасы Тотой Чынкожо менен бирдикте Семетейдин тушунда Ногой уруусуна баскынчылык корсоткон.Кыяз Жети-Озондо бойлогон калмактардын каны болгон.Ал атасы сыяктуу эле кобунчо бироонун шыкагында жургон,кайраты жок каарман. Кошумча суроолор. ( талап кылынган учурда берилет) Семетей кайып болгондо Акшумкар менен Кумайык эмне болот? Жооп:Алар да кошо кайып болот. Чоң Билгич менен Чоң Килте бир тууганбы? Жооп:Чоң билгич Кожожаштын баласы,Чоң Килте Коңурбайдын небереси, экөө бир тууган эмес 6. Өз ара суроо. Бири – бирине өздөрү даярдап келген суроолорун беришет. Ар топ өзүлөрү көөнөргөн , эпостогу учкул сөздөрдөн түзүшүп, бири-бирне беришет, чечмелеп жоопторун айтышат, анан жыйынтык чыгарышат. 7. Сыр сандыктагы суроолор: “Миллионер” платформасында даярдалды. Ар бир топко сурлоолор бирдей деңгээде түзүлүп, кезек менен берилет да, бирде деңгээлдеги балл берилет. |