СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Манас таануу. предмети

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Манас таануу. предмети»


Манас” жана тарыхый чындык

Даярдаган: т.и.д., проф.: Т.Кененсариев


Баш сөз

Манасты изилдөөнүн эң бир татаал, көп кырдуу, ошону менен бирге архиактуалдуу маселеси бул “Манас” эпосунун доорун, Айкөл Манастын өзүнүн жеке инсандык тарыхыйлыгын жана эпостун жаралуу мезгилин аныктоо болуп саналат.

Манас эпосунун тарыхыйлыгын аныктоонун бирден бир жолу төмөнкү үч суроого жооп табуу менен байланышат. Алар:

  1. Манас баатыр тарыхый инсанбы?

  2. Манас эпосунун жаралуу доору качан башталган?

  3. Манас эпосу кыргыз тарыхынын кайсыл окуяларын чагылдырат?

Аталган үч суроо бири-бири менен тыгыз байланышып турат. Эгер биз Манас эпосундагы негизги окуяларды кыргыз тарыхынын реалдуу өтмүшүнүн тизмегинен таба алсак, анда “Манас” ысмын алып жүргөн, же Манас баатырдын өмүр-таржымалын, турпатын көтөрүп жүргөн прототипти аныктоого болот. Жогорку эки суроого аздыр-көптүр жооп тапкандан кийин гана Манас эпосунун жаралуу доорун аныктоого мүмкүнчүлүк туулат.

"Манас" эпосун ушул убакка чейин изилдеп келген окумуштуулар негизинен эпостун тилдик, этнографиялык, руханий маселелерин, андагы эл достугу, баатырдыктар, манасчылардын варианттарындагы өзгөчөлүктөр жөнүндө иликтеп, бирок, Манас ким, жомоктун каарманыбы же тарыхтагы болгон адамбы, качан жана кандай эрдиктери менен даңкы чыккан, алар туурасында кандай жазма даректер бар? деген суроолорго жооп бере алышкан эмес.

Манас баатырдын тарыхыйлыгы жана “Манас” эпосунун жаралышы боюнча кыргыз манастаануу илиминде Кыргызстандын Кеңеш бийлиги мезгилинде азыноолак изилдөөлөр жүргөн болсо да 1940-80-жылдарда коммунисттик идеологиянын капшабында жарытылуу ийгилик болгон эмес. 1991-жылдан кийинки эгемендик доорунда гана бир катар жаңы божомолдор пайда болду. Эгемендүүлүктүн шарданы Манас эпосуна кызыгууну мамлекеттик деңгээлге чыгара алган. Натыйжада 1996-жылы Таласта “Манас 1000 жыл” мааракеси өткөрүлгөн.

Манастын 1000 жылдыгын өткөрүү кыргыз коомчулугунда улуу эпосту тереңдеп изилдөөгө түрткү берген. Тарыхчылар, адабиятчылар, атүгүл, гуманитардык илимге анча тиешеси жок адамдар да Манас баатырды жана “Манас” эпосун иликтөөгө кирише баштаган. Бирок, алардын айрым пикирлери жана божомолдору көңүлгө алаарлык болгону менен азырынча концептуалдуу жыйынтык чыгарылбай келатат.

Тереңирээк караганда, Манас баатырдын тарыхыйлыгы менен “Манас” эпосунун жаралуу доору эки башка маселедей сезилет. Анткен менен бул маселелерди илимий таризде талдоо учурунда аларды бир тегиздикте, чогуу кароо зарыл. Эгер биз бул ыкманы кабыл алсак, анда Манас эпосун изилдөөнүн алгачкы мезгилинен ушул мезгилге чейин Манас баатырдын тарыхыйлыгы жана “Манас” эпосунун жаралуу доорун чечмелөөгө мүмкүнчүлүк жаралат.

Кеңеш бийлиги мезгилиндеги илимий божомолдордо Манастын тарыхыйлыгы жөнүндө эмес, анын жаралуу дооруна гана көңүл бурулган. 1958-жылы жарыкка чыккан Манас эпосунун китебиндеги профессор Б.Юнусалиевдин кириш сөзүндө мындай деп жазылат: “Алгачкы изилдөөлөр боюнча басма сөздө жана илимий жыйналыштарда эпостун чыгышы жөнүндө азырынча айтылган үч божомол (гипотеза) бар: 1) Енисейлик Орхон доорунда (VII-IX к.к.) чыгышы жөнүндө (проф. М. О. Ауэзов, проф. А. Н. Бернштам), 2) Алтай доорунда (IX-XI к.к.) чыккандыгы жөнүндө (Б. М. Юнусалиев), 3) Жунгар доорунда (XVI- XVIII к.к.) чыгышы жөнүндө (проф. А. К. Боровков, проф. И. Л. Климович)0. Бул үч божомол жакынкы күндөргө чейин өмүр сүрүп келди. Бирок, эгемендик доорунда аталган божомолдорго конкреттүү жаңы пикирлер да кошулду. Түрдүү божомол айткан изилдөөчүлөрдүн саны азыр ондоп саналат.

Манастын кыргыз тарыхы менен байланышкан маселелерин изилдеген окумуштуулардын кеңири тизмегин алардын төмөнкү эки маселеге карата мамилеси менен бөлүштүрүүгө болот.

Биринчи маселе - Манастын тарыхыйлыгы же Манас баатыр тарыхта болгон адамбы же жокпу? деген суроого жооп берүү.

Экинчи маселе – Манас эпосунун жаралуу доорун аныктоо боюнча ой-пикирлер.

  1. Манастын тарыхыйлыгын тактоо

Окумуштуулар Манастын тарыхыйлыгы жөнүндөгү биринчи маселеге келгенде негизинен 3 топко бөлүнүшөт. Төмөндө алардын ар бирине кыскача сереп салып көрөлү.

    1. Бул топтогу окумуштуулар “Манас тарыхта болгон адам, ал конкреттүү тарыхый инсан” деген жыйынтыкка келишет.

XX кылымдын 40-50-жылдарында бир катар окумуштуулар “Манас” эпосунун жаралуу доорун гана эмес Манас баатырдын тарыхыйлыгын да тактоого аракеттенишкен. Кыргыз тарыхынын анык күйөрманы, белгилүү чыгыштаануучу, түрколог, археолог, тарыхчы-окумуштуу А.Н.Бернштам кыргыз тарыхы боюнча эмгектеринин катарында алгачкылардан болуп Манас баатырдын тарыхыйлыгы, “Манас” эпосу жана анын жаралуу доору жөнүндө олуттуу илимий гипотеза сунуш кыла алган0. Ал Манас аттуу ысым алып жүргөн инсан тарыхый маалыматтарда кезикпегенин мойнуна алып, бирок баатырдын прототиби катары 840-жылы Уйгур кагандыгын талкалап, “Улуу Кыргыз дөөлөтүн” калыптандырган азырынча аты белгисиз кыргыз ажосу болуусу мүмкүн. Ажо Бей-Тин шаарын алгандан кийин белгисиз себептер менен 847-жылы каза болгондо айтылган кошок ыр Манас эпосунун алгачкы уюткусу катары калыптанган болушу абзел деген божомолду келтирген.

А.Н.Бернштамдын пикирине тектеш божомолду казак элинин улуу жазуучусу жана белгилүү манас таануучу Мухтар Ауэзов да айткан. 1950-жылдары ал эпостун элдүүлүгүнө шек келтиришкендерге каршы туруп, бул чыгарма кыргыз элинин гана эмес, бүткүл дүйнө сыймыктана турган зор эпопея экендигин баса белгилөө менен анын тарыхыйлыгын да тастыктоо аракеттенген. М.Ауэзов эпостун эң өзөктүү окуясы болгон Чоң Казатты Кыргыз каганаты менен Уйгур кагантынын 829-847-жылдардагы согушуна салыштырган жана анын негизинде Манас эпосу 840-47-жылдардан мурун пайда болгон эмес деген илимий пикир айткан. Уйгурлардын бай тактысы Бей-Тин шаарын каратып, Улуу Кыргыз Дөөлөтүн негиздеген аты белгисиз кыргыз ажосу 847-жылы өлгөн, так ушул инсан Манас болушу ыктымал деп жазган. Кыргыздардын салты менен айтылган Манас жөнүндө алгачкы кошоктор 847-жылдан баштап акырындык менен эпоско айланган, ал эми “Манас” деген ысым манихей дининин ал кездеги кыргыз башчыларына, мамлекеттик жетекчилерине болгон зор таасиринин натыйжасында пайда болгон деген пикирди айтат0. Анткени, чынында манихей ишениминин негиздөөчүсү сириялык Мани деген адам болгондугу тарыхтаа малым. Ири диний агым катары манихейизмдин Түштүк Сибирь элдерине, анын ичинде кыргыздарга болгон таасири 8-9-кылымдарда күчтүү жүрүп, уйгурларды кагандары, кийин кыргыз ажолору да “Манас” ысымын каймана ысым (прозвище, титул) катары алып жүрүшү толук мүмкүн. Енисей кыргыздарынын манихей ишенимине киргендиги жөнүндөгү маалыматты Түштүк Сибирь элдеринин, анын ичинде кыргыздардын, азыркы тува, хакас элдеринин тарыхый узак жылдардан бери изилдеп келген тарыхчы И.Л. Кызласов да олуттуу белгилеп келе жатат0.

Манас баатырдын тарыхыйлыгы жөнүндө пикирди манасчылар өздөрү да тактоого аракет кылышкандыгын айтпай кетүүгө болбос. Мисалы, манасчы, эпос изилдөөчү жана жыйноочу Ы.Абдрахманов илгерки манасчылар Манастын жашаган мезгилин Мухаммед пайгамбардан кийин болгон деп айтышчу, ал эми манасчы С. Орозбаков болсо Манастын болгонуна 1040 жыл болду деп айткан эле деген маалымат берет. С.Орозбаков 1930-жылы каза болгон. Эгер бул маалыматты көңүлгө алсак, анда жөнөкөй эле эсептөө аркылуу Манас баатыр болжолдуу түрдө 880—890 жылдары жашаган инсан болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келүүгө болот. Ы.Абдраманов С.Орозбаковдун “Манас менен Кошой уйгурлар менен 8 жыл кармашкан” деп айткандыгын олуттуу пикир катары белгилеп кетет0. Тарыхый фактылар чынында муну да ырастап тургандай. Анткени, 830-жылдардын аягында башталган Уйгур каганатына каршы согуш 846-47-жылдары уйгурларды биротоло талкалап, Кыргыз каганатынын ордосун Бей-Тин шаарына жакын Селенга өзөнүнүн боюна жайгаштыруу менен аяктагандыгы тарыхта далилденген белгилүү окуя. Анын үстүнө кыргыз-уйгур согушунун эң жогорку чеги, башкача айтканда чоң казаты 840-47-жылдары өткөн. Бул мезгил чыл эле 8 жылды түзүп турат. Бирок, эпосто Манас баатырдын согуштары негизинен калмактар менен болот. Демек, уйгурлар менен болгон согуштардын Манас эпосунда чагылышын тактоо татаал маселе экендиги көрүнүп турат. Андыктан, эпостун негизги өзөгүн кыргыз-уйгур согуштары түзгөнбү, же башка элдер, мисалы манчжур, хатай, кыдан элдери же кийинки калмактар менен болгон кармаштар түзгөнбү, терең изилдөөлөр менен тактоо келечектин маселеси.

Кыргыз-Уйгур согуштары үч этаптан турган. Биринчи этап 808-821-жылдарды кучагына алып, катуу кармаштар экинчи этапта – 821-840-жылдары болгон. Ал эми 840-47-жылдарды камтыган үчүнчү этапта кыргыздар Уйгур каганатын биротоло талкалап, аны тарыхтан өчүрүүгө жетишкен. Манастын прототибине ылайык улуу инсан аты белгисиз кыргыз ажосу так ушул экинчи жана үчүнчү этаптардын мезгилинде өзүнүн элди бириктирүү жана уйгурлардын эзүүсүнөн бошонуп, өз алдынча мамлекеттүүлүктү куруу максатын ишке ашыра алган.

Кытай булактарында Гюйлу Бага аттуу бир уйгур канзада 839-жылы уйгур ханы Чжан-Синге каршы көтөрүлүш чыгарып, кыргыздарга жардам бергендиги жөнүндө маалымат бар. Бул факты Алмамбеттин окуясын да элестетип кетет. Ал уйгур каганынын жашынган сепилин айтып берген. 839-840-жылдары кыргыздар менен уйгурлардын катуу кармаштары жүрүп жаткан мезгилде аты белгисиз кыргыз каганы уйгур каганына мындай деген кат жиберген. “Сенин тагдырың бүттү. Мен жакында сенин алтын ордоңду аламын, атымды анын алдына байлап, туумду саямын. Эгер мени менен жекеме-жекеге чыгууга даасаң, тез арада кел, эгер корксоң, анда жогол”.

Натыйжада уйгур каганы өлтүрүлүп, анын уулдары (тегиндер) чар тарапка качып, аялы – кытай каншасы Тайхо туткундалган. Кытай менен кызматташтык мамилени сактап калуу максатында кыргыздар Тайхону күчтүү отряддын коргоосунда Кытайга жиберишет. Бирок, жолдо уйгурлардын дагы бир ханы Уге аларга кол салып, натыйжада Тайхо үч жылдан кийин гана Кытайга жеткен. Айыгышкан кармаштардын натыйжасында кыргыздар уйгурларды улам сүрүп, алардын көбү Кытайга, андан ары Тибетке качкан. Аман калган 13 уруу Угени каган деп жарыялап, ал кыргыздарга каршылык көрсөткөнү менен 846-жылы август айында өлгөн.

846-жылы аты белгисиз кыргыз каганы өзүнүн ордосун Селенга өзөнүнүн боюна жайгаштырып, Кытай менен дипломатиялык жана соода байланышын калыбына келтирет. Бирок, 847-жылы аты кыргыз ажосу өлгөн. Бул окуя албетте Енисейдеги улуу саясий окуялардын аягына чыгышын убактылуу токтотуп койсо да, император У Цзунь Кытайга жиберилген кыргыз элчисин өтө жогорку деңгээлде кабыл алып, аны Вохай (Корея) элчисинин жогор жагына олтургузган экен. Кытай императору Кыргыз каганатына жооп элчилерди жиберип, анын өлкөсүн тактап, жазып келүүнү тапшырат. Сүрөтчүлөргө кыргыз каганынын сүрөтүн тарттырууга, анын ысмын Тан империясынын династиясынын ата-бабаларынын тегин тактаган санжырага коштурууга буйрук берет. Анда кыргыз каганы да, Тан императору да байыркы Ли Линден тараган деген санжыралык маалымат жазылган.

Бул окуялар Тан династиясынын (619-906) мезгилинде жазылган Танау тарыхында кезигип0, белгилүү Суджин эстелигинде да чагылдырылган0.

Манастын тарыхыйлыгына өткөн кылымдын 80-90-жылдарында, айрыкча эгемендүүлүк жылдарында илимпоздор астейдил көңүл бура баштады.

Мисалы, көрүнүктүү чыгыш таануучу, таланттуу тарыхчы Ө.Караевдин Манас баатыр жана “Манас” эпосу боюнча бир нече чыгармалары бар. Ал өзүнүн көптөгөн изилдөөлөрүндө Манас баатырдын тарыхый адам экендигинен шек санабайт. Манас баатыр жөнүндө кыргыз тарыхынын алгачкы жазма тарыхый булагы болуп эсептелген Маджму атут-Таварихтеги фактыларды келтирүү менен Ө.Караев ”Манас” XV кылымга чейин эле эпос катары болбосо да поэтикалык фольклордук түрдө жашап келген, андагы окуялар кыргыз тарыхынын X кылымдан берки барактарын чагылдырып турат жана бул Манас баатырдын тарыхый инсан экендигин айгинелейт деп жыйынтык чыгарган0. Окумуштуу Ө.Караев мурунураак жарыяланган бир эмгегинде “Манас” эпосунун алгачкы варианты 840-жылы кыргыздардын уйгур кагандыгын талкалашына байланыштуу келип чыккан болуу керек божомолду айтып кеткен0. Анын пикири боюнча «Манас» эпосундагы Уйгур каганатынын борбору Ордо-Балыкка байланыштуу алгачкы сюжеттер бара-бара кыргыздарынын Беш-Балыкка карай жортуулундагы окуялар менен алмаштырылып калса керек деп жазган. Беш-Балык – Чыгыш Түркстандагы, азыркы Үрүмчү шаарына жакын жердеги ири шаар. 840-жылы енисей кыргыздарынан түштүккө карай качкан Пан-Тегин баштаган уйгурлар ушул шаарга келип токтоп, кыргыздарга катуу каршылык көрсөтүшкөн экен. Айыгышкан салгылашуулардан кийин кыргыздар Беш-Балыктан Үч-Турфанга чейинки жерлерден уйгурларды сүрүп чыгып, өздөрү биротоло отурукташып алган. Бул жердеги мурда «Ли-и-дэ-цзянь» деген дарыяны X к. баштап кыргыздар «Манас» дарыясы деп атап, кийинчерээк бул дарыянын боюндагы өрөөн, шаар да Манастын атынан атала баштаган. Чыгыш Түркстандагы Беш-Балык шаары байыркы заманда Бэйтин деп аталып, «Манас» эпосундагы Манас баатыр «Чоң Казат» уюштурган Бээжин ушул Бейтин шаары болушу толук ыктымал деп жазган Ө.Караев0.

Демек, Ө.Караевдин пикири боюнча Манас баатыр Орду-Балыкты ээлеген кыргыз каны, аскер башчысынын прототип. Болжол менен Манас» эпосунун биринчи варианты Караханийлердин саясий жактан күчөп турган доорунда, башкача айтканда XI кылымдын биринчи жарымында түзүлүп бүткөн. Андагы мурунку сюжеттер бара-бара Тянь-Шань аймагында болуп өткөн тарыхый окуялар менен толукталган. Ошентип, Чыгыш Түркстандагы кармаштар «Манас» эпосунун енисейлик вариантынын, тяншандык вариантына өтүшүнө негиз болуп калган жана ушунун өзү «Манас» эпосу Манас өрөөнү жана анын батыш тарабында жашаган кыргыздардын арасында жаралгандыгын тактоого мүмкүндүк түзөт. Кыргыздар менен уйгурлардын ортосундагы карама-каршылыктардын натыйжасында «Манас» эпосундагы Орду-Балык жөнүндөгү ырлар Бешбалык-Бэйтинге байланыштуу окуялар менен алмаштырылып кетиши мүмкүн” деп жазат0.

Манасты Алтын Ордо доорундагы реалдуу адам катары сүрөттөгө аракет кылгандардын катарында белгилүү манастаануучу И.Молдобаев кирет. Ал Манаста Алтын Ордо мезгили да чагылдырылгандыгын жазып, “Маджму атут-Таварихте Алтын Ордонун реалдуу тарыхый инсандары: Темир Кожо (1361), Токтомуш (1376-77, 1380-1398), Темир-Кутлуг (1396-99) жана башкалар менен бирге Манас дагы реалдуу инсан катары берилген деп билдирет. Мисалы, Маджму атут Таварихтеги: “Сейид Джелал ад-Дин Темир-Кожону Токтомуш ханга кызматчы кылып бекитип, ага Өлмөс-Куланды берди. Манасты Токтомушка сардар кылып дайындады. Токтомуш хан Манаска шаар салдырып, аны Манас деп атады”0, деген сөздөр бул пикирди тастыктап турат деп жыйынтык чыгарат.

Эгемендик доорунда “Манас” эпосу б.з.ч. жана б.з. башында хуннулардын жана гунндардын доорунда пайда болгон, Манас баатыр хуннулардын падышасы Модэ-Шаньюй болушу мүмкүн деген көз карашты биринчи кезекте жазуучу-изилдөөчү, кыргыз фольк-хистори жанрынын көрүнүктүү өкүлү О.Айтымбетов айтып чыкты. Ал "Манас" эпосунун мазмуну, окуя өткөн жерлери жана каармандары жөнүндөгү маалыматты кытай санжыраларынан, табу, гуин, скиф, түрк тарыхындагы көп булактар менен таанышуунун натыйжасында: «Манас-байыркы кара кыргыз тарыхынын Энциклопедиясы» деп таанып, хуннулар оң канат кыргыз, ал эми алардын ханы кадимки Манас, Мете хан болгон деген божомолду жазат0.

О.Айтымбеттин пикири боюнча: «Манас»эпосундагы бардык окуялар бир гана тарыхый Манаска тиешелүү эмес. Бул эпосто «Оңдордун башынан өткөргөн тарыхый окуялардын беш алты катмары жатат. «Манаска» өзөк болгон үч катмар б.з.ч. тарыхый окуяларды кучагына алат. Эң биринчи катмар жана негизги катмар – б.з.ч. I кылымдын орто чениндеги тарыхый окуялар, экинчи жана эң негизги катмар – б.з.ч. III кылымдын аягындагы тарыхый окуялардан тартып, б.з.ч. I кылымдын баш ченине чейинки тарыхый окуялар, үчүнчү катмар – б.з.ч. VI-V кылымдагы тарыхый окуялар». Негизи Манастын кейипкерин биздин замандан эмес, байыркы кыргыздар болуп эсептелген хуннулардын тарыхынан издешибиз зарыл. Анын изи байыркы кытай тарыхында жатат. Чоң казат гунндардын шаньюйунун Кытайга император болгондугу менен аяктайт. Демек, Манастын тарыхыйлыгын түбү так ушул жакта деп ишенет О.Айтымбетов.

О.Айтымбетов жана аны жактагандар Хунну империясын негиздеген Тоуман хан эпостогу Манастын чоң аталарынын бири Түмөн хан, анын уулу Модэ бул Манас деп эсептешет. Ал Кытайга бир нече ирет кол салып, бирок аны толук ала алган эмес. Кытайды талкалаган анын уулу б.з.ч. 174-165-жылдары бийлик жүргүзгөн Лао-Шань болгон. Бул фактынын Манас баатыр кытайды жеңе албай, анын уулу Семетей эр жетип күчкө толгондо атасынын бардык душмандарын жеңген окуяга үндөшүп кетерин негиз кылышат.

Атүгүл, Т.Оторбаев аттуу изилдөөчү “Манас” эпосунун жаралышын хунну доорундагы Мете хандын мезгилине таандык, ал эми Манас б.э.ч. 29-жылы туулган тарыхый инсан деген пикирди айтууга чейин барды0. Ж. Саякбаев аттуу изилдөөчү болсо кытайларды чапкан хуннулар бул кыргыздар. Алар сегиз аргумент менен негизделет. Хунндар кытай тилинен которгондо “Күн хандын тукумдары” дегенди түшүндүрөт. Күн хан Өгүз хандын улуу баласы, ал эми “Манас” эпосунда кыргыз каганатын негиздеген Манас, Бакай, Чубак, Сыргак ж.б. Күн хандын тукумдары болгон деген пикир жазат0.

Манас баатырдын тарыхыйлыгын байыркы сак жана хунну доорлорунан издеген изилдөөчүлөргө белгилүү демократ жана коомдук ишмер, азыркы учурда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Манас таануу” кафедрасын жетектеп жаткан Т.Тургуналиев да кирет. Ал: байыркы замандарда кыргыздар «падыша урууларын», «чөл империяларын», каганаттарын түзгөн элдерин бири деп айтууга негиз бар. Мүмкүн, Геродот атап кеткен Таргитай падыша (Таргытай) биздин түпкү улуу атабыз, ал баш болуп курган мамлекет кыргыздардын эӊ алгачкы мамлекети болушу мүмкүн0, деп айтуу менен Манас баатырдын жашаган мезгили ошол сак дооруна барып такаларын божомолдойт.

Манас баатырдын тарыхыйлыгы жана “Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндөгү маселеде жакынкы эле жылдарда оригиналдуу, ошол эле учурда таптакыр башкаларга окшобогон дагы бир божомол жаралды. Кеп интернет сайттарынан Кыргызстандын тарыхын кыскача жазып келе жаткан заманбап изилдөөчү Турусбек Мадылбай менен Америкадан Кыргызстанга келип, өз алдынча изилдөө менен алектенип жүргөн волонтер Ричард Хьюиттин (Хевиттин) - Рыспектин жазгандары жөнүндө жүрүп жатат.

Т.Мадылбай мындай дейт: “Эпосторду эч далили жок жомок катары кароого болбойт. Тактап айтканда, байыркы эпостор куру жерден жаралып, элдин дүйнөгө көз карашын гана көрсөткөн чыгармалар эмес, алар элдин ар кыл мезгилиндеги тарыхый окуяларын чагылдырган жылнаама болгон.” “Манас” эпосунда бардык окуялар, адамдардын ысымы, тагдырлары Манас баатырдан тегерегинде өткөндүктөн эпостун өзөгүн түзгөн байыркы Манас аттуу каарман жашаган болушу керек деп ойлойт.

Андан ары ал “Манас" деген ысымдын пайда болушу тууралуу талаштарды айтып келип, ал Азия континентиндеги бир нече географиялык, гидронимикалык аталыштардын, Индиялык мифтердин, философиялык ой-жүгүртүүлөрдүн негизинде жаралышы мүмкүн деген пикирлерди санап өтүп, "чындыкка жакыныраагы - Манастын өз аты дагы, атасынын Жакып деген аты дагы туура келген Тоораттагы Йаковдун уулу Манасси десек болот. Себеби, бир ат окшошконун кокустук десек дагы, эки ат тең окшошкондугун тана албайбыз” деп жыйынтык чыгарат0.

Ричард Хевиттин (Рыспек) изилдөөсү башкалардан өзгөчө. Ал кыргыз Жакыбы менен еврей Йакуб пайгамбарды салыштырып-талдоо, Рабига жана Ребека, Самария, Самарганд, Самакай, Манас менен Мусанын Көчү, кыргыз элинин салт-санаалары, Кыргызстандын Ысык-Көлү, Семетей деген жана башка темаларды изилдеген китебинде кызык ойлорду берет.

Кыргыздар “Тегин жерден өрт чыкпайт” дешет деп андан ары ал христиандар менен жөөт-иудалар Улуу Жибек Жолу менен ар кайсыл мезгилдерде Борбордук Азияга келип турушкан. Балким бул Жакыптын уулу Манас да чаар китептеги жоголгон элдердин байыркы бабасы болгон, өз тукумунун башчысы Йакуб уулу Манаседен чыкканынын кошумча күбөсү болуп жүрбөсүн…-деген божомолду сунуштайт. Манассинин уруусу жөнүндөгү пайгамбарлык жазуу менен (б.э.ч. X-VIII кк.) “Манас” эпосунун болжолдуу жаралышынын (б.э.VIII-X кылымдарынын) ортосундагы ээн калган мезгил эпосто да чагылат деп жазат Хевитт. Мисалы, “Он эки кылым салбаптыр, Бул Каракан өлгөнү, Каарланган каапырга, Укурук кайраар калбаптыр.

Хевитт Ассирия Самарияны талкалаган биздин эрага чейинки VIII кылымдан биздин доордун IV кылымына чейинки он эки кылым ичинде чаар китептеги Манассинин тукумдары, ошондой эле “Манас” эпосундагы кыргыздар кайда жүрдү? деген суроо койот. Аталаш туугандар Тибет жакка ооп кеткен Бай менен Алтайдагы Жакып кайрадан жолукканда эпосто мындай делет: Он эки уруу кыргыздын, Өлүшүн жоктоп кыйналдым, Аларды санап ыйладым. Кенже иним Жакып” дегенде, Күндө үч убак ыйладым,0 Күйүттөн жанды кыйбадым. Демек, бул окшоштуктар жөн жерден чыккан окшоштуктар эмес экендигин Хевитт туруктуулук менен сунуштап келет0.

Албетте, кыргыз окурмандарынын ичинде Т.Мадылбай менен Р.Хевиттин божомолуна каршы чыккан да, аны олуттуу деп санагандар да бар. Бирок, таптакыр танып жиберүүгө болбой турган жүйөөлүү факторлор бул божомолду да манас таануу илиминде өз орду бар көз караш деп саноого мүмкүндүк берет.

Акыркы кезде дагы бир өзгөчөлөнгөн божомол пайда болду. Ал салттуу “Манас” эпосун башкача жол менен, тагыраак айтканда аны “кайыптан алып кагазга түшүргөн - Бүбү Мариям Муса кызынын божомолу. Бүбү Мариям илимий-изилдөө аркылуу эмес, “медитация” жолу менен легендарлуу Жайсаң Үмөт уулунун айтканына негиздеп Манас баатырдын тарыхыйлыгын “далилдеп”, атүгүл баатырдан кайсыл жылы төрөлгөндүгүнөн бери “аныктоого жетишти”0. Миф менен фантастиканын илимди жокко чыгарган, башкача айтканда, тарыхтагы фольк-хистори багытынын одурайган одоно түрүн көрсөткөн божомол экендигине карабастан мындай “ачылышка” манас таанууга кызыккан жана анын менен тигил же бул деңгээлде шүгүрлөнгөндөрдүн бир даары, атүгүл айрым абройлуу тарыхчылар да ишене башташты.

Айрым сүрөөнчүлөр Бүбү Мариямдын “кайыптан алып кагазга түшүргөн” Манасын 10 том китеп кылып басмадан чыгарышты, жолугушууларды, интервьюларды, килейген конференцияларды уюштурушту. Ошентип, кийинки мезгилде аттуу-баштуу адамдар, коомдук ишмерлер, атүгүл депутаттар мындай укмуштуудай фантастикага жол берген Бүбү Мариям Муса кызынын “Манасын”расмий таанууга өтүштү.

Бүбү Мариямдын салттуу манасчылардан айырмасы мында. Эгер салттуу манасчылар (негизинен Сагымбай жана Саякбай) бир жолку аян же түш көрүү менен Манас айтып калышса, Бүбү Мариям атайын транска (кайып болгон Жайсаң Үмөт уулунун арбагы менен жолугушууга) мезгил-мезгили менен тынымсыз кирип турат, арбакка суроо даярдап, андан жооп алат, Жайсаңдын купуя (зашифрованный) айткан маалыматтарын чечмелейт (расшифровывает), ал маалыматтар башка бирөөлөр аркылуу кагазга текст катары түшүрүлүп, дагы бирөөлөр аркылуу редакцияланып, китеп болуп чыгат. Анан да Бүбү Мариям арбактар менен сүйлөшүп отуруп, Манас баатыр 670-725-жылдары жашаган деп “аныктап салды”0.

Бул божомолдун тегерегинде учурда кыргыз коомчулугунда талаш-тартыш көбөйдү. Ошондой болсо да манастаануу илиминде көңүл бурууга акылуу көз караш катары саноого болот.

Акыркы мезгилде Манастын тарыхыйлыгы жана “Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндө жогорку пикирлердин капшабындагы талаш-тартыш ойлордун түрдүү варианттары көбөйдү. Белгилүү окумуштуу Улуттук Илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү Ө.Осмонов Бүбү Мариям Муса кызынын “ачылыштарын” кандайдыр бир деңгээлде колдогондой пикирлерди жазууда. Бүбү Мариям айткан “Куттуу Эл Төрөсү” деген псевдоним тарыхтагы Кутлуг Элтериш Каганды элестетип турат деген окумуштууларга кошулуп, Кытайда жарык көргөн “Ханзу жазмаларындагы кыргыздар” аттуу китепте айтылган алтайлык Кутлук Элтерес (Элтериш) 682-жылы кытай аскерлерине каршы чыгып, 5 миңдей аскер топтоп, 47 жолу жүрүш жасап, 20 жолу согушуу менен адегенде Батыш Түркстанды, анан Чыгыш Түркстанды кытайлардан бошоткондугу жөнүндөгү маалыматка таянат. Ошентип Ө.Осмонов кытайлыктар жазган Кутлук Элтерес – Куту улук Эл төрөсү – Манас баатырдын өзү болгон деп эсептейт0.

Ө.Осмонов Бүбү Мариямдын биринчи жолу Манастын туулушу жөнүндө “так датанын көрсөтүшү, албетте ар бир илимпоздун көңүлүн буруп, кызыгууну жаратты”, деп белгилейт. Окумуштуу 679-681-жылдары Кытайдын Тан империясына каршы көтөрүлүш чыгарып, 682-жылы Экинчи Чыгыш-Түрк каганатын (Көк Түрктөр каганаты) негиздеп, мурунку өзүнүн Кутлук-Чор деген ысымына Элтериш каган (682-691) деген наамды ыйгарган инсан Манасты элестетип турат деген айрым тарыхчылардын жүйөөсүнө жана Бүбү Мариямдын айтканына кошулуп, бул “тарыхый факт Алтай тоолоруна сүрүлгөн кыргыздардын башчысы Жакыптан төрөлгөн Манас баатыр (тарыхый булактардагы Кутлук Элтериш –Куту улук Эл Төрөсү) эрезеге жете баштагандан тартып боштондук үчүн күрөшүп, ата-бабанын жерин басып алган баскынчы, зордукчу душмандарды айдап чыккан деген ойду жаратат”0, деген илимий божомол келтирүү менен Манас баатырдын тарыхыйлыгын тастыктоого аракет кылат.

Бул жерде төмөнкүдөй суроо туулат. 682-744-жылдары жашап, Улуу Талаадагы эң зор мамлекетти башкарып, Тан империясына тең тайлашып турган Элтериштин кичүү иниси Капаган каган (691-716), Элтериштин уулу Бильге каган (716-734), Элтериштин досу жана акылчысы Тонукөк баатыр, Елтериштин экинчи уулу, Бильге кагандын бир тууганы Күлтегин кыргыздын Манас баатырынын бир туугандары, уулдары жана нөкөрлөрү болуп калып жатпайбы. Анын үстүнө көк түрктөрдүн 711-жылы кышында Өтүкен токоюнда кыштаган кыргыздын легендарлуу каганы Барс-бектин армиясын капыстан сокку уруу менен талкалап, өзүн Күлтегин менен болгон эр сайышта өлтүргөн фактыны анда кайда алып барабыз?

Акыркы жылдары Манастын туулган, өлгөн жылын кескин далилдөөгө аракеттенген божомолчулардын пайда болгондугун айтпай кетүүгө болбос. Мисалы, “Кылым көчү” коомдук кыймылынын башчысы Ш.Түмөнбаев Манас менен Чыңгыз хандын ортосунда байланышты белгилеп, Ала-Тоодогу кыргыздардын Ногой ханы каза болгондон кийин кытайлардын кысымы менен анын эң кичүү уулу Жакып Алтайга сүрүлүп, көп жыл калмактар менен жашаганга мажбур болгон деп жазат. Ал жерде Жакып жер айдап, алтын издеп дүнүйө кылып, байып, жашы улгайып калганда, болжолу 670-жылы Манас аттуу баатыр балалуу болот. Манас, Жайсаң манасчынын айтымы боюнча, элүү төрт жыл жашаган. Муундан муун болуп, он алтынчы тукуму Бука эмир деген зор комузчу болгон. Так ушул Бука эмир 1224-жылы өлгөн Чыңгыз хандын улуу уулу Жучинин каза болушун Темучин ханга комуздун күүсү менен угузгандыгы жөнүндө баяндаган деген божомолду билдирет Ш.Түмөнбаев0.

Манастаануучу, “Манас жаңырыгы” телекөрсөтүү ишканасынын башчысы Т.Токтогазиев Манастын Кытайга жасаган Чоң Казатынын, анын трагедиялуу аякташынын себептерине кеңири талдоо жүргүзүп, атүгүл бул окуя 715-720-жылдары болуп өткөндүгүн, 724-жылы Семетей төрөлүп, Манас каза болгонун божомолдогон фольк-хистори чыгарманы коомчулукка сунуштоодо. Ал 751-жылы тарыхта реалдуу болуп өткөн Талас (Атлах) согушу жөнүндө жазып жатып, жүз миң аскери бар Кытай армиясы менен 100 миң аскерден турган араб армиясынын беттешкени, бул салгылашка 27 жаштагы Семетей баштаган кыргыздардын арабдар тарабында салгылашканын белгилеп өтөт0.

Манастын тарыхыйлыгына байланыштуу изилдөөлөрдү анализдеп, алардын божомолдорун топторго бөлүп, Манастын тарыхыйлыгы 840-жылы түзүлгөн Улуу Кыргыз Дөөлөтүнүн жеңиштерине байланыштуу аныкталышы мүмкүн деген илимий сунуштарды киргизүүгө аракеттенген дагы бир окумуштууну айтпай кетүүгө болбос. Ал тарых илимдеринин доктору, профессор Т.Кененсариев. Т.Кененсариев “Манас” деген антропонимди алып жүргөн тарыхый инсан кыргыз тарыхында болгон деген пикирди тастыктоо азырынча илимий жактан мүмкүн эместигин белгилөө менен, “Манас” антропониминин ушул мезгилге чейинки белгилүү тарыхый булактардын эч жеринде кезиге электигинен “Манас” деген ысым башка бир реалдуу мамлекеттик ишмерге, тарыхый инсанга кийинчерээк ыйгарылган псевдоним-ысым болуп жүрбөсүн деген пикирди айтат. Демек, Т.Кененсариевдин сунушунда сөз “Манас” деген антропонимдин эмес, “Манас” деген терминдин айланасында жүрүшү керек. Манас деген термин биздин эрага чейинки көөнө доорлордон ушул убакка чейин бүткүл Евразия континентинин аймактарында дин окууларында, космонимикада, оронимикада, гидронимикада, топонимикада, антропонимикада жана башкаларда жолугуп, ушунчалык кеңири мүнөзгө ээ. Ошондуктан биз аларды карап олтуруп, Манас болгон эмес деген тыянакка кошулууга таптакыр мүмкүн эместигине ынанабыз деп жазат0.

Акыркы кезде Манас баатырдын тарыхыйлыгына ишенген, бирок, аны Чыңгыз ханга байланыштырган изилдөөчүлөр да пайда болду. Алар сөз кылынып жаткан топко негизинен киришсе да, бир аз өзгөчөлөнгөн ойду айтышууда. Мисалы, жаш илимпоз Т.Акеров байыркы замандарда Түштүк Сибирде европеоиддик антропологиялык түстөгү “мангу” деген эл жөнүндөгү маалыматты айтып жатып, ХII-ХIII кылымдардагы жазылган кытай булактары "Сунмо цзивэнь" жана "Да Цзинь го чжи" белгилеген енисей кыргыздарынан түндүгүрөөктө жайгашкан ак жүздүү, эр жүрөк жана дөө сымак эрлери бар уруулар, ошондой эле Рашид ад-Диндин чыгармаларында Алакчын өлкөсүндө жашаган өзгөчө уруулар “усиндер” тууралуу маалымат так ушул мангу элине таандык деп эсептейт.

Ошону менен бирге Т.Акеров байыркы мангу элинин баатырларына түспөлдөш сүрөттөлгөн Манас кадимки Чыңгыз-хандын бабалары болушу мүмкүн деген божомолду айтып0, муну атактуу Темучжиндин енисей кыргызы Малик-баяуд менен легендарлуу эне Алангоадан туулган байыркы кыргыздардай сары чач, көк көз борджигиндердин урпагы болгондугуна байланыштырат. Бирок ал Манас баатырдын Чыңгыз хан менен генетикалык байланышын аныктоого аракеттенгени менен анын тарыхыйлыгы тууралуу олуттуу көз караш айта элек.

    1. Манас болгон болуу керек, бирок ал реалдуу адам эмес, кудай” деп аныктоого аракет кылган экинчи топ Манас изилдөөчүлөрдүн Манастын тарыхыйлыгы жөнүндө пикирин жазгандардын дагы бир бөлүгү болушат.

Андай пикирдегилердин арасына кесиби тарыхчы эмес, бирок тарыхый маселелерди байма-бай жазып келишкен бир катар кыргыз фольк-хистори жанрынын өкүлдөрүн киргизсе болот. Мисалы, алардын бири журналист К.Сыдыкова: “Теңирден уюп куюлган Купуя Манас... Материалдуу-идеялуу бүкүлү, бүтүмү. Дүйнө-Теңди уютуп турган Манас касиет...”0 деген сөз айкаштары аркылуу Манас баатыр жөнөкөй реалдуу адам эмес, убакыт жана мейкиндик ченемине баш ийбеген укмуштуудай феномен катары сүрөттөйт. К.Сыдыкованын пикиринде Манас кыргыз тарыхында бир нече жолу жаралып, “элге келген”. Ар кандай доордо ар түрлүү аттар менен келген деп жазат (Афросиаб, Маодун жана башка).

Манас эпосу жөнүндө түздөн-түз изилдешпесе да К.Сыдыкованын пикирлерине шайкеш пикирлерди "Манас" ааламы ой-толгоолорун козгогон К.Мусаев0 , жалпы адамзатка алымдуу идея – бул «Манас цивилизациясынын манифести» деп жарыялап, Теңирден термелген Нур бабасы Угуз аркылуу Манаска уюган деген пикирди сунуштаган Чоюн Өмүралиев0, Аттиланы Манаска тете бабасы катары эсептеген Н.Абдрахманов0, Түмөн, Сактан, Ууз, Манас аталарыбызды руханий жолдо бириктирип турган нерсе бул кыргыздын канындагы касиеттүү керемет – айкөлдүк деп санаган А.Жакшылыков0 сыяктуу тарыхчы эмес изилдөөчүлөр да айтып келишүүдө. Бирок, алардын бири да азырынча Манастын тарыхыйлыгын тастыктаган илимий пикир айтыша элек.

“Манас” эпосу катардагы эпикалык чыгарма эмес, ал дүйнө таанымдын уңгусу, сакралдык феномен деп тастыктаган көз караштагылардын ирилеринин бири искусствонун белгилүү чебери Б.Шамшиев. Биринчи киносу Манас жана улуу манасчы Саякбайга арналып, кийин дүйнөдөгү таланттуу 100 режиссордун катарына Т.Океев менен катар кирген бул киночу ишмер: мен «Манас» - бул улуу эпос экендигин жакшы түшүнчүмүн, бирок 40 жылдан ашуун изденүүдөн кийин анын эң байыркылыгына жана таңкаларлыктай улуулугуна эми гана түшүнүп келе жатамын дейт0. "Манас" бир жагынан дастан, бирок түпкүлүгүндө культтук нерсе. "Манас" илгерки бардык диндерге чейин чыккан биринчи культ. Башкалар Адам, Ева дешет. Алардын аттары бар. Манас атам - Манас дадам - Манас адам. Каныкей эне, бул илгерки шумердик проформа. Каныкей Эве, евтин (очоктун) ээси, Ев- Ева. Манас жер жүзүндө биринчи пайда болгон адам, Ман, Ману 0.

Андан ары Б.Шамшиев байыркы кыргыздардын кудайга сыйынуусун төмөнкүдөй чечмелейт: «Асман, Манас, Алас - ар балээден калас!» Алла - Кудай Бак берген Ай Ата - Аз ээси, Улуу Умай эне - Жер, Эл Энеси, Ыйык кут - Манас баласы. "Манастагы" «Бакай» бул «Бак берген Ай Ата». «Алла» деген соз кайдан чыкты? «Ал» деген сөз бул Күч (энергия). Ошол Күч (энергия) жерге космостон тике (вертикально) түшөт. Эми космоско Жерден кайтарылган энергияны «Ла» дейт. Экөө бириккенде – «Алла» болуп калат да, «жашоо», «өмүр» дегенди билдирет! Ошентип, Манас төрт диндин: буддизм, иудаизм, христианство, исламдын түпнегизи болуп саналат0.

Ошентип, Б.Шамшиевдин пикиринде Асман” бул энергия. Манас болсо - дух. Ал эми Алас деген сөз - мыйзам. Белгилүү француз мифологу Жорж Дюземилдин0  биримдиктин үчилтиги тууралуу теориясына таянсак Асман, Манас, Алас мына ошол үчилтик болот. Энергия, дух, закон – армия, эл жана жрец-башкаруучулар0.

Б.Шамшиев байыркы мезгилде Анлантида сыяктуу жок болуп кеткен адамзатка тийешелүү улуу цивилизациянын бири бул белгилүү орус сүрөткери Н.К.Рерих издеген табышмактуу Шамбала өлкөсү болгонун баяндайт. Н.К.Рерихтин Шамбаланы Тибет тоолорунун арасында жашаган Куэнь-Лунь кыргыздарына байланыштырган жол эскермелери сакталып калган. Манастын издерин Орто Азиядан, Түштүк Сибирден эмес, Тибеттен издөөнү туура деп эсептеген Б.Шамшиев, Н.К.Рерихтин Улуу Гималай тоолорунун койнундагы түбөлүк өлбөс адамдар эсептелген махатмалар жашаган ак карлуу, сырдуу өлкө Шамбала жөнүндөгү эскермелеринин негизинде орус географы А.В.Станишевский менен этнограф С.Абрамзон0 эскерген тибет кыргыздарынын (ладак кыргыздары, санджуй кыргыздары, Кашмирге жакын жайгашкан Кыргызджангал айылы) руханий мурастарына кайрылуу илимге чоң салым кошоор эле деп ойлойт. Кытай археологдору тарабынан Такла-Макан чөлүнөн европалык расага таандык мындан 4 миң жыл мурун жашаган мумиялардын табылышы, алардын байыркы кыргыздарга тийешеси бар экендиги далилденсе, анда кыргыз этногенезин Тибет багытына буруу туура болор эле деген пикирди айтат0.

Б.Шамшиев мындан 6 миң жыл мурунку акыркы муз каптоо дооруна чейин азыркы Такла-Макан чөлүндө өздөрүн “эр” деп атаган арийлер-кыргыздар укмуштуудай цивилизацияны түзүшкөн деген божомол айтат. Ал өлкө илимде Шамбала деп аталып, так ошол өлкөдө Биринчи адам кудай - Манас төрөлгөн болуу керек, ошондуктан Тибетте “Манастын” руху жана духу сакталып, ал Индиянын философиялык окууларынын негизин түзгөн деген пикирде0.

Чынында кыргыздардын Тибет менен болгон  этногенетикалык тарыхый жана маданий байланышы 1-чи миң жылдыкта эле калыптанышы мүмкүн экендигин белгилүү этнограф, кыргыз таанучу С.М.Абрамзондун  «кыргызда жылан, курт чакканда, алардын уусун кайтаруу үчүн «Көкүнөрдүн көлүнө көч, какшаалдын чөлүнө көч» деп айтылган ырымы бар» деген маалыматы0 далилдеп турат. Сөз түндүк-чыгыш Тибеттин этегиндеги Цинхай провинциясында жайгашкан Кукунор көлү жөнүндө болуп жатат. А.Н.Бернштам дагы өз мезгилинде Тибеттин этегиндеги аймактарда  жашаган  VIII-IX кылымдарга таандык кыргыз уруулары туурасында белгилеген0. Ал эми лингвист С.Е. Маловдун изилдөөсү боюнча Лобнор тили түздөн-түз байыркы кыргыздардын тилинен улам келип чыккан делет0.

Кыргыз тарыхында Тибет менен Енисей кыргыз каганатынын байланышы болгону белгилүү. Мисалы, атактуу Барс-бектин бир тууганы б.з. VIII кылымынын башында Тибетке жиберилип, кайтпай калган. Н.К.Рерихтин иниси, тарыхчы Ю.Н.Рерих Тибет эпосу Гэсарды изилдеп жатып, анда тибет тилинде “сера” деп аталган жалгыз мүйүздүү носорог жөнүндө айтылгандыгын эскерген0. Ал эми “Манас” эпосунда “керик минген жалгыз көздүү Мадыхан” жөнүндө маалымат бар. Демек, баатырдык эпостордун байыркы доорлордо жаралыш процессинде Түштүк Сибирь менен Тибеттин көчмөндөрүнүн, тагыраак айтканда тибеттиктер менен кыргыздардын байланышы байкалып тургансыйт. Кыскасы, кыргыздар батышынан түндүк Кашмир, Каракорум, Такла-Макан, түндүгү Хотан, Лобнор, Күкүнөр, түштүгү Аксай-Чин, Раскем дарыяны жердеп Куэнь-Лунь тоо кыркысын бойлой кеткен тилкеде байыртан эле жайгашкандыгын айтууга толук мүмкүнчүк бар0

Манасты руханий феномен катары түшүнгөн пикирди Б.Шамшиевдин уулу Чынгыз Шамшиев да жазууда. Ал: “Байыркы римдиктердеги Янус менен Юпитер, арийлердеги Митра менен Варун, авеста мезгилиндеги Багу Мана менен Аса сыяктуу эле кыргыз элинин мифологиясында жогорку персонаждар катары акылман Бакай менен алп Манас жашап келет. Чынын айтканда Манас – бул айлан-көчөк дүйнөнү тартипке алып келүүчү кудай сымак жашоонун башаты менен аны тануунун күчүн тең салмакта кармап турган феномен. Ал кыргыз элине жыргалчылыкты белек кыла алуучу фактор”, дейт0.

“Манас Ордо” коомдук бирикмесинин Президенти А.Усупбаев да Манасты улуу руханий феномен катары баалап келет. Ал көчмөндөрдүн дүйнө таанымында үч нерсе ыйык, алар: Теңир кудай, айлана-чөйрө жана жаратылыш, бабаларга сыйынуу культу. Көчмөндөрдүн дүйнө таанымында чечүүчү фактор бул космосту, асманды, башкача айтканда Теңирди баарынын жогору жана ыйык койгон космоцентризм. Ал эми Манас – бул Теңирге тете феномен0 деп санайт.

    1. Манастын тарыхыйлыгына болгон көз караштардын ичинде “Манас аттуу тарыхый инсан таптакыр эле болгон эмес, ал тек миф” деп тастыктаган изилдөөчүлөрдүн тобу да бар.

Алардын катарына Манас баатыр реалдуу адам эмес, бирок “Манас” эпосу фольклордун алпы катары катары санаган белгилүү фолькорчу-окумуштуу В.М.Жирмунский0 кирет. “Манас” эпосу гана эмес, түрк эпосторун кеңири палитрада изилдөөгө алган бул окумуштуу “Манас” эпосунун жаралуу доору узак убакытты, б.з. V кылымынан XIX кылымга чейин камтыган жана ал кеминде үч чоң доордон турат деп жазган0. Бирок, ал Манас баатырдын тарыхыйлыгы жөнүндөгү божомолго каршы болгон.

“Манас” эпосунун башаты байыркы мифтерден, мифологиядан тамырлап чыгат деген пикирди 1960-жылдардасоветтик көрүнүктүү окумуштуу, адабиятчы П.Н.Берков0 да айткан.

Түркмөнстандык окумуштуу, байыркы тексттердин купуя сырларын ача билген (расшифровка) адис Аразбай Ураев болсо эпостун түпкү негизинде биринчи адам Мана (первочеловек Мана) жөнүндөгү арийлик миф жатат. Анда негизги идея жамандык менен жакшылыктын күрөшү болуп, ошондуктан бул анын архаикалык эпос экендигинен кабар берет деген оюн билдирип, Манас баатырдын тарыхыйлыгын танат0.

Кыргыз изилдөөчүлөрүнөн Манас баатырды тарыхый инсан катары эмес, мифологиялык башаттардан куралган руханий феномен катары сүрөттөгөн изилдөөчү М.Мамыров болгон. Ал XIII кылымга дейре “Манас” сөзү ысым катары кеңири колдонулуп келген деп, ага Тоораттагы, Индия мифтериндеги терминдерди мисал кылат да, орто кылымдарда “Манас” термини өзүнүн популярдуулугун жоготуп, мифологиялык персонажга айланган деп жазат. Демек, окумуштуунун пикиринде “байыркы мезгилдерден бери Манасты ондогон уруулар Теңир-кудайга тете болгон мифологиялык баатыр катары түшүнүп келгендиктен, биз “Манас” эпосу мифологиялык башаттарга негизделген деп эсептейбиз” деп жыйынтык чыгарган0.

Бул пикирге шайкеш божомолду Кыргыз Эл жазуучусу, адабият таануучу, профессор М.Борбугулов да жазат0. Окумуштуу Манас эпосунун байыркы башаттарын антикалык доордон издөө менен Манастагы айрым идеялар, элибиздин дүйнө кабылдоо өзгөчөлүктөрүнүн эволюциялык өсүп-өнүгүш жолу Манас тек мифтик тамырдан келип чыккандыгын айгинелейт дейт.

Манас баатырдын тарыхыйлыгы жөнүндөгү маселеге кайрылган окумуштуулардын пикирлерин жыйынтыктап жатып айта кетчү нерсе – Манастын тарыхый инсан экендигинен шек санабаган изилдөөчүлөрдүн улам арбып бара жаткандыгы. Эгер андай пикирде өткөн кылымдын 50-жылдарына чейин бирин-экин гана изилдөөчү болсо, азыркы учурда алардын катары ондон ашуун, болгондо да олуттуу изилдөөчүлөр.


  1. Манас эпосунун жаралуу доорун аныктоо

Манас изилдөөчү окумуштуулар Манас эпосунун жаралуу доорун аныктоо жөнүндөгү экинчи маселеге келгенде изилдөөчүлөрдү негизинен төрт топко бөлүгө болот.

    1. Алардын биринчи тобу Манас эпосу биздин заманга чейинки эң байыркы жана байыркы доорлордо эле пайда болгон деп далилдөөгө аракеттенишет.

Негизинен бул пикирдеги изилдөөчүлөр б.з.ч. II миң жылдыктан баштап б.з. V кылымына чейинки байыркы мезгилдерде көчмөндөр баатырдык доордо жашаган жана анын натыйжасында баатырдык эпостордун жаралышына ыңгайлуу шарт түзүлгөн дешет. Манас эпосу да ошол шартта пайда болгон деп аныкташат.

Мындай пикирди алгачкы кыргыз тарыхчысы Белек Солтоноев өз убагында белгилеген. Ал “Манас” эпосунун жаралуу доорун кыргыз тарыхындагы б.э.ч. 210-жылдан б.з. XVI-XVII кылымдарындагы калмак чапкынына чейинки он ири тарыхый окуялардан издөө керек деген ойду айтып, ошол эле учурда эпостун алгачкы ядросунун жаралышын алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу мезгилине (б.э.ч. III кылым) алып барып такаган0.

Манас эпосунун 1000 жылдыгына карата 1995-жылы өткөн мааракеге арналган симпозиумдун материалдарында “Манас” эпосунун алгачкы издерин биздин заманга чейинки доорлордон издеген божомолду изилдөөчү А.Бакиров айткан0. Түркмөнстандык окумуштуу, байыркы тексттердин купуя сырларын ача билген (расшифровка) адис Аразбай Ураев «Манас» эпосунун жаралышына 1000 эмес, кеминде 2500-3000 жыл болгон деп божомолдойт. Ал В.Радлов 1896-жылы жарыялаган “Манас” эпосунун үзүндүлөрүндөгү идеяларды, адам аттарын, топонимдерди изилдеп, анын негизинде эпос сюжеттик жагынан байыркы мезгилден ушул мезгилге чейин идеялык принциптерин өзгөртпөй келген деп эсептейт0.

“Манас” эпосу гана эмес, түрк эпосторун кеңири палитрада изилдөөгө алган В.М.Жирмунский “Манас” эпосунун жаралуу доору узак убакытты, б.з. V кылымынан XIX кылымга чейинки мезгилди камтыган жана ал кеминде үч чоң доордон турат деп жазган0.

Манастын жаралуу доорун боолгологон Дастан Сарыгулов да ушул божомолдун тобуна кирет. Ал «Эр Манастын сыр найза, Учун соккон колодон, өткүр, бекем, курч кылып, ичине болот сологон...” деген саптарга таянып, окуя – коло дооруна таандык деп жазат0.

Ушул эле топко жогоруда Манастын тарыхыйлыгы жөнүндө маселеге болгон көз караштарына сереп салынган изилдөөчүлөрдүн бир катары кирет. Мисалы, Мете хан бул Манас деп кесе айтышкан О.Айтымбетов менен Т.Оторбаев, Манас Күн хандын тукуму деп далилдеген Ж.Саякбаев, Манасты сактардын легендарлуу падышасы Таргитайга байланыштырган Т.Тургуналиев, Манас баатырдын тарыхыйлыгын четке кагып, бирок байыркы мифтик доордо жаралган деп жазышкан М.Мамыров, М.Борбугулов, Б.Шамшиев, Ч.Шамшиев, А.Усупбаев, Манас баатыр менен Тоораттагы Манассени байланыштарган Т.Мадылбай, Р.Хевитт жана башкалар киришет.

    1. Манас эпосу биздин замандын VI-VIII кылымдарында жаралган деген экинчи пикирди төмөнкү окумуштуулар айтып өтүшөт. “Манас” эпосунун жаралыш доорун эрте орто кылымдардагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнө (VI-X кк.) байланыштырган окумуштуулардын алгачкысы, атактуу түрколог В.В.Радлов болгон. Ал Кыргызстанга 1862-жылы келгенде Текестеги кыргыздардын бугу уруусунун айылында болгон. Ал эми экинчи жолу - 1869-жылкы келишинде Ысык-Көлдүн батыш өңүрүндө жашаган кыргыздардан оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн, анын ичинде Манастан үзүндүлөрүн жазып алган. Бул материалдардын алгачкы тексттери 1885-жылы орус тамгасы менен кыргыз тилинде жана окумуштуунун өз котормосунда немис тилинде жарык көргөн. В.В.Радлов “Манас” эпосу Енисей кыргыз каганаты мезгилинде пайда болушу мүмкүн деп жазган менен ал мезгил кайсыл кылымдарга таандык экендигин так айткан эмес0.

Советтик окумуштуулардан алгачкы манас таануучу катары профессор П.Фалев байыркы Орхон-Енисей таш эстеликтериндеги рун жазууларынын мазмууну менен “Манас” эпосунун мазмуунунун окшоштугун белгилеп, эпостун жаралыш доорун ушул мезгилге таандык кылат0.

Белгилүү советтик тарыхчы С.В.Киселов да Манас эпосунун жаралуу доору жөнүндө А.Н.Бернштам жана М.Ауэзовдун божомолдоруна жакын ой айтканы менен0, бирок Манас баатырдын тарыхый адам экендигин белгилеген эмес. Көрүнүктүү манас таануучу К.Рахматуллин Манас эпосу Енисей кыргыз каганты мезгилинде пайда болгондугун белгилеген0. Бирок, ал дагы Манастын тарыхый инсан экендиги жөнүндө ачык пикир айта алган эмес.

“Манас” эпосунун жаралышына 840-жылдагы улуу окуя, Улуу Кыргыз дөөлөтү мезгилинде кыргыздардын Борбордук Азияга таралышы түрткү болгон болуу керек деген пикирди С.Малов0 жазган. Ал эми түрктаануучу белгилүү Россиялык окумуштуу С. Кляшторныйдын0 пикири боюнча IX кылымдын ортосундагы Енисейдеги кыргыз каганатынын Уйгур каганатына жасаган жортуулу, кыргыз кол башчысы жана улуу элчиси Алп Солдун качкан уйгурларды кубалап, Чыгыш Түркстанга, Тибетке чейин келиши кыргыз элинин “Манас” эпосун жаратууга түрткү берген окуялар болушу мүмкүн деген божомолду келтирет0.

Жогорку пикирди улантуу менен Манас баатырдын тарыхыйлыгын тактабаса да анын эпос катары жаралуу доорун изилдеген кыргыз фольклорист-манастаануучу Р. Сарыпбеков “Манас” эпосунун “эпостук ядросунун” жаралышын VI—Х кылымдарга таандык деп эсептейт. Мында ал 711-жылы Барс-бег Ынанчу Алп Билгенин чыгыш түрктөрдөн жеңилиши, 840-жылдагы Уйгур кагандыгын талкалоо сыяктуу зор окуялар чагылдырылган0 деген пикирин билгизип, ал эми Х кылымдагы кыргыздардын кара-кытайлардан запкы көрүшү “Чоң Казаттын” акыркы этабын чагылдырат деп божомолдогон0.

Т.Акеров аттуу жаш тарыхчы өзүнүн 2011-жылдын акырында коргогон кандидаттык диссертациясына карата сунуш кылынган монографиясында Манастын жашап өткөн доорун VII-VIII кылымдар деп тастыктайт. Анда Манастагы окуялар енисейлик кыргыздарды Барсбек каган жетектеп турган VII-VIII кылымдардагы окуяларды чагылдырат деген пикир айтылган0.

679-681-жылдары Кытайдын Тан империясына каршы көтөрүлүш чыгарып, 682-жылы Экинчи Чыгыш-Түрк каганатын (Көк Түрктөр каганаты) негиздеп, мурунку өзүнүн Кутлук-Чор деген ысымына Элтериш каган (682-691) деген наамды ыйгарган инсан Манасты элестетип турат деп эсептеген белгилүү тарыхчы Ө.Осмонов0 да Манастын жаралуу доорун VII кылымга алып барат. Бирок, ал андан ары Манас эпосу кандай тартипте улуу эпос болуп калыптангандыгына пикир жаза элек.

Азыркы мезгилдеги Орусиялык археологдордун пикири да “Манас” эпосунун жаралыш доорун аныктоого багыт бере алат деп ойлойбуз. Мисалы, евразиялык көчмөндөрдүн маданиятын изилдеп жүргөн Г.Г.Король жалпы эле Күнчыгыш элдеринин эпосторунун негизги кыртышынын жаралыш доору эрте орто кылымдарга туура келет, анткени анын мазмуну жана поэтикасы эрте орто кылымдарга таандык орхон-енисей жазмалары менен үндөшүп турат деген пикир билдирет0. Бул жерде Күнчыгыш элдеринин баатырдык эпосторунун түпкү башатын Түштүк Алтайда VI-VIII кылымдарда эле калыптанган “Алп-Манаш” эпосу түзөт деген пикирди өз убагында Е.М.Мелетинский0 мурун эле жазгандыгын белгилөө кетүү да ашыкча эмес.

    1. Манас эпосунун жаралуу доору биздин замандын X–XIII кылымдарга таандык деген үчүнчү пикирде турган окумуштуулар “Манас” эпосу кыргыздардын X–XII-кылымдардагы кара-кытайлар менен күрөшүн чагылдырат жана эпос катары Алтайда жана Орто Азияда калыптанган деген гипотезага таянышат. Кайсы бир деңгээлде мындай гипотезанын башында казак элинин чыгаан окумуштуусу Ч. Валиханов турган. Ал 1856-жылы полковник М.М.Хоментовскийдин Ысык-Көлгө жасаган ири аскерий-илимий экспедициясынын курамында тоолук кыргыздар менен алгачкы жолу жолуккан жана белгисиз бир манасчыдан эпостун “Көкөтөйдүн ашы” үзүндүсүн жазып алган.

Манасты аздыр-көптүр иликтөөгө алган Ч.Ч.Валиханов: "Манас" эпосу "бир убакытка келтирилген жана бир адамдын — Манас баатырдын тегерегине топтолгон кыргыз мифтеринин, жомокторунун, ылакаптарынын энциклопедиялык жыйнагы, кыргыздардын талаа "Илиадасы" деп, эпопеяда кыргыздардын турмушу, салты, географиясы, диний жана медициналык түшүнүгү жана эл-аралык мамилеси орун алган"0 дейт. Ал Манас баатырдын тарыхыйлыгы жөнүндө пикир айтпаганынан Манастын тарыхыйлыгына ишенбегендигин байкоого болот. Ага карабай, Ч.Ч.Валиханов 1840-жылдары Талаа губерниясынын “Чоң Кыргыз ордосундагы” орус өкмөтүнүн приставы болуп иштеген майор Г.Франелдин кызыктуу маалыматын жаза кеткен. Анда 1849-жылы бул жердеги кыргыздар өздөрүн ногой тукумдары аташканын, илгерки замандарда атабыз Кыргызбай Адыгине жана Тагай деген эки уулу менен Или дарыясынын боюнан бул жактагы тоолорго көчүп келген экенбиз деген маалыматты беришкени жазылган0. Бул маалымат Манас баатырдын тарыхыйлыгын тактоого багыт бериши мүмкүн.

Өткөн кылымдын 50-жылдарында Манаска олуттуу көңүл бурган адам көрүнүктүү окумуштуу Б.Юнусалиев болгон. Ал: “Эпос – тарых эмес, бирок "Манас" эпосунун кыргыз элинан тарыхына тыгыз байланыштуу экенин танууга болбойт. Кыргыздардын башынан өткөргөн окуялуу доорлор, эл үчүн талыкпай кызмат кылган алдыңкы адамдардын образдары көркөмдүк формада жомоктон орун албай койгон жок” деп белгилеген. Бирок, ал Манасты тек “чоң жомок” деп санап, ал граждандык тарых эмес, көркөм чыгарма, эпос деген жыйынтык чыгарган0.

Б.Юнусалиев кыргыздар XII кылымга чейин Алтай тарапта жашаган, IX-X кылымдарда бирдиктүү мамлекет болуп, күчү толуп турган доорунун аяк ченинде баскынчылык кылган кара кытайлардан жапаа тартышы, бытырандылыкка, бүлүнчүлүккө жана калың кыргынга учурашы байыркы "Манас" жомогунун чыгышына себеп болушу мүмкүн деп божомолдогон. Ошол чабуулдардан кийин кыргыз уруулары башынан өткөзгөн унутулгус тарыхый окуялар, мисалы, алардын XII–ХШ кылымдардын чегинде моңголдордун үстөмдүгүнө каршы төрт ирет көтөрүлүш чыгарышы, андан кийин ойроттордун, калмактардын, манжуулардын эзүүсүнө каршылык көрсөткөн кыймылдар, эпостон орун албай койгон эмес деген оюн жазган0.

Мындай божомолду кийин советтик окумуштуулар, мисалы И.Молдобаев0 да уланткан. Ал «Манас» эпосунун эң алгачкы ядросу кара-кытайлардын чабуулдары мезгилинде пайда болуп, буга чейинки жана мындан кийинки окуяларды камтып турат жана Элюй Даши «Манас» эпосундагы Жолойдун прототиби болушу ыктымал деген божомолду келтирет. Негизинен, И.Молдобаевдин пикири боюнча «Манас» эпосунда кыргыз тарыхынын бери эле дегенде “кыргыз” деген этноним тарыхта белгилүү болгон доордон баштап, XX кылымга чейинки жети доору чагылып турат0 дейт.

Белгилүү манас изилдөөчү Самар Мусаев дагы эпостогу окуялар X–XII-кылымдардагы кыргыз элинин башынан өткөн кайгылуу доорлорун чагылдыргандыгын белгилеген0.

Адабиятчы катары Манастын тарыхыйлыгы жөнүндө изилдөө жүргүзбөгөн филология илимдеринин доктору, профессор манастаануучу Р.Кыдырбаева “Манас” эпосунун ичиндеги камтылган маалыматтар кыргыз тарыхынын бир катар доорлорунун циклдерин чагылдырат деген ойду берет0, бирок Манастын жаралуу доору жөнүндө так пикир айткан эмес.

Манас таануучу окумуштуу Э. Абдылдаев Манастын тарыхыйлыгы жөнүндө пикир айтпаса да “Манас” эпосунун жаралуу дооруна арналган китебинде анын калыптанышын беш этапка бөлүп, эпостун ядросу Х—XII кылымдарда пайда болуп, карахандар дооруна такаларын, ал эми калган этаптар XIII кылымдан XIX кылымга чейин, атүгүл XX кылымдын 20-30-жылдарына чейин созулуп, азыркы абалына жеткендигин жазат0.

Манас эпосунун жаралышын Чыңгыз-хандын дооруна байланыштырган изилдөөчүлөр да бар. Аларга Манас менен Чыңгыз хандын ортосунда байланышты тастыктоого аракеттенген Ш.Түмөнбаев менен Т.Акеровду киргизсе болот.

    1. Манастын жаралуу доорун XIV–XVIII кылымдардагы Чыңгыз хандын жапырыгынан кийинки окуялар жана калмактар менен болгон согуштарга байланыштырган топко Манас баатырдын тарыхыйлыгы жөнүндө ооз ачышпаганы менен XIV–XVIII кылымдардагы тарыхый маалыматтардын эпосто көбүрөөк орун алышына таянышып, мурунку тарыхый фактыларды көз жаздымда калтырышкан окумуштуулар кирет. Бул топтун негизи өкүлдөрү профессорлор А. К. Боровков менен Л.И.Климович. Алар кыргыздардын 840-жылы Чет Бээжинди алышы (Чоң Казат), Алтайдан Ала-Тоого көчүшү (840-жылдан кийинки окуя), кара кытайлар менен согушу (X-XI кк.), Чыңгыз хандын монголдоруна каршы күрөштөр (XII–ХШ кк.) эпостон кантип орун алып калгандыгына жооп беришпей туруп эле эпостун жаралышына, анда чагылып турган кийинки XVI–XVIII кылымдардагы жунгар чабуулдары кезиндеги тарыхый маалыматтарды негиз кылышат. Ошону менен бирге алар “Манас” эпосун Тянь-Шанда жашаган кыргыздар жаратышкан деген жыйынтык чыгарышат0.

Тарыхчы А.Мокеев да “Манас” эпосу Тянь-Шанда калыптанган элдик оозеки чыгарма деген пикирде. Анын божомолунда эпостун жаралышы XIV-XVI кылымдарга таандык. Бирок, ал дагы Манас баатырдын тарыхыйлыгы жөнүндө кеп козгобойт0.

Ушул жерде Манас баатырдын жашаган доору Аксак Темирден кийинки доорлордо болгон деген пикирди манасчы Ж.Кожеков жактагандыгын, бирок, бул пикирге манасчы жана изилдөөчү Ы.Абдрахманов карамандай каршы болгондугун белгилеп коюу керек0. Бул божомолду жактаган топтун авторлору башка топтогуларга караганда саны жагынан аз. Акыркы мезгилдерде профессорлор А.К. Боровков менен Л.И.Климовичтин көз карашын жактаган тарыхчы, этнограф же башка манастаануучу жокко эсе.

Манастын тарыхыйлыгы жана жаралуу доору боюнча божомолдорго корутунду сөз катары төмөндөгүнү белгилөөгө болот.

Биз жогоруда манастаануу илиминдеги эки оор маселенин: Манас баатырдын тарыхыйлыгы жана “Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндө маселелердин айланасындагы көз караштарды анализдеп өттүк. Албетте, бул бөлүштүрүү формалдуу, бирок, көз караштарды салыштырууда жана типтештирүүдө жардам бере алат. Изилдөөлөрүнө сереп салынган 60 ка жакын авторлордун басымдуу көпчүлүгү “Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндө өз ойлорун айта алышкан. Бирок, Манас баатырдын тарыхыйлыгын тактоо боюнча ашып кетсе бир нече гана изилдөөчү, анын ичинде А.Н.Бернштам менен М.Ауэзов, Ө.Караев менен О.Айтымбетов сыяктуу авторлор илимий божомолдорун расмий басма сөздө чагылдырышкан. Бир нечеси Манастын тарыхыйлыгы жөнүндө мезгилдүү басма сөздө, Манас боюнча конференциянын жыйнактарында, энциклопедияда жана интернет-ресурстарында жарыялашкан.

Ошентип, Манас баатыр тарыхта болгон деген авторлордун саны жыйырмага жакын, ал эми Манас эпосунун жаралуу доору биздин заманга чейинки мезгилдерде болгон деген авторлор манас таануучулардын көпчүлүгүн түзөт.

Демек, манастаануу илиминин алдында так ушул талаш жана проблемалуу эки маселени чечүүдө талыкпай эмгектенүү зарыл экендиги көрүнүп турат.


Манас баатыр тарыхый инсанбы?


Эми Манас баатыр тарыхый инсан болгон деген негизги божомолго бир аз тарыхый сереп салууга өтөлү.

Эгер “Манас” деген энчилүү атты алып жүргөн кыргыз баатыры, ханы же мамлекеттик ишмери тарыхта болгон болсо, анда ал түрк, уйгур, кытай, калмак жана башка коңшу элдер менен аскерий, саясий, экономикалык жана маданий алакаларды түзмөк да кандайдыр бир тарыхый жазмаларга анын ысмы чагылмак. Эпосто айтылгандай кыргыз үчүн тагдыр чеччү улуу окуяларды жасаган мындай инсан сөзсүз тарыхый булактарда жолукмак. Анткени, тарыхта аздыр-көптүр иш жасаган орто жана кичи инсандардын аттары кытай, араб, перс булактарында, орто кылымдардагы орхон-енисей жазмаларында байма-бай эле учурайт эмеспи. Бирок, ушул күнгө чейин аларда “Манас” ысмын алып жүргөн инсан негедир али кезиге элек. Биздин замандын IX кылымында өнүккөн Хазар каганатында Манас аттуу каган жөнүндө учкай маалымат бар0. Бирок, анын ишмердиги Манас эпосундагы окуяларга таптакыр эле коошпойт. XVI кылымдын башында жазылган “Маджму атут-Таварихтеги” Манас жөнүндөгү маалымат негизинен санжыралык таризде гана. Ошентип, аталган маалыматтарды эсепке албаганда “Манас” аттуу тарыхый инсан бир дагы тарыхый булакта жок экендигин дагы бир жолу тастыктоого туура келет.

Демек, “Манас” деген антропонимди алып жүргөн тарыхый инсан кыргыз тарыхында болгон деген так жыйынтык чыгаруу азырынча илимий жактан мүмкүн эмес. Анда, “Манас” деген ысым башка бир реалдуу мамлекеттик ишмерге, тарыхый инсанга кийинчерээк ыйгарылган псевдоним-ысым болуп жүрбөсүн деген ой туулат. Болушу мүмкүн...

А)“Манас” термини жөнүндө сөз

Андай болгондо алгачкы сөз “Манас” деген антропонимдин эмес, “Манас” деген терминдин айланасында жүрүшү керек. Мындан “Манас” термини антропонимби, символдуу атакпы (псевдоним), философиялык (теософиялык) категориябы же мифтик аталышпы деген бир нече суроо келип чыгат.

“Манас” термини кезиккен географиялык чөлкөм байыркы Месопатамиядан тартып, түндүк-чыгышты көздөй, Индия, Непал, Тибет, Борбордук Теңир тоо, Чыгыш Түркстан, Алтай, Ыраакы Чыгышка чейин жолугат. “Манас” термини байыркы ишенимдерде (Авеста, Заратуштра, Иудаизм, Индуизм, Буддизм), диний китептерде (Тоорат, Библия), алгачкы философиялык окууларда, мифтерде, эпостордо кезигет. Терминдин жолугуу хронологиясы б.з.ч. II миң жылдыктардан башталган эң байыркы доорлордон ушул күнгө чейинки мезгилди кучагына алат.

Демек, “Манас” термини эң байыркы мезгилден бери эле Евразия континентиндеги руханий турмушка сиңип, диний, саясий түшүнүктөрдө, философиялык, теологиялык окууларда гана колдонулбастан, топонимдерде, оронимдерде, гидронимдерде, космонимдерде, этнонимдердерде, атүгүл антропонимдерде (адам аттарында) да колдонулуп келгендиги айкын.

Кыргызстанда да Манаска байланышкан аттар көп учурайт. Анткени, “Манас” термини кыргыз эли үчүн эбегейсиз маанилүү. “Манас” кыргыз элинин жашоосунда руханий да, идеологиялык да, саясий да, керек болсо экономикалык да мааниси зор сөз. Демек, кыргыз эли үчүн “Манас” тек гана эпос, баатыр эмес, ал символ, атүгүл ишеним, дин. "Манас" деген сөздөгү сакралдык маани кыргыз элинин руханий жашоосунда кылымдардан-кылымга өтүп жашоодо, анын уңгусун ар бир кыргыз атадан балага өткөрүп асырап келет. “Манас” деп ураан чакыргандан баштап, Манастын аты менен антташат, Манастан колдоо суранат, Манас деп бир улуу ишти башташат, кыскасы Манас элдин турумушунда, жашоосунда, тарыхында жана күнүмдүк турмушунда кыялында жана болочок максат-милдеттеринде колдонулуучу ыйык түшүнүк, символ болуп келет.

Эң кызыгы Манастагы бардык көрүнүштөр, руханий баалуулуктар кыргыз элинде эң көп учурап, аны атадан-балага, укумдан-тукумга оозеки мурастап келген салт, жогорку руханий дэңгээлдеги белгилер менен коштолгон “манасчылык” өнөрүнүн так ушул кыргыз элинде гана жолугушу да уникалдуу нерсе.

Жогорку маалыматтарды карап олтуруп, “Манас” эпосунун тек “чоң жомок” гана эместигине ынанасың. Албетте, “Манас” биринчи кезекте эпос, болгондо да эпикалык элдик чыгарма. Бирок, ошол эле учурда фантазия да эмес. Евроазия континентинин тарыхында, бардык жашоо ареалында Манаска байланышкан маалыматтардын учурашы аны фантастикалык болумуш деп гана атоого мүмкүндүк бербейт. Демек, Манаста али ачылбаган сырлар көп.

“Манас” деген ысымды тарыхый булактарда жолуктура албагандан кийин, демек биз аны кыргыз тарыхында жашап өткөн Манас ысымындагы реалдуу тарыхый инсан катары издебей, кыргыз тарыхындагы Манастай баркы бар улуу тарыхый инсанга берилген символуу ысым деп түшүнүшүбүз абзел. Анткен менен жер-сууларга адамдардын аттары бекеринен коюлбайт. Аты географиялык объектилерге коюлган адамдын басымдуу көпчүлүгү бир кезде тарыхта жашап өткөн инсандар болгон.

б)“Манас” эпосунун өзөктүү окуялары жана аларда кыргыз тарыхынын чагылышы.

Эгер биз “Манас” термининин айланасында ой жүгүртүп, Манас баатырдын прототибин издей турган болсок, анда эң биринчи кезекте “Манас” эпосунун өзөктүү окуяларын таап, алардын кыргыз тарыхындагы чагылышын анализдешибиз керек. Окумуштуулардын басымдуу көпчүлүгү Манаста кыргыз тарыхынын 5 доорунун тарыхый окуялары камтылгандыгын мойнуна алышат.

Алар:

Биринчи - б.з.ч. VII кылымдан б.з. V кылымына чейинки байыркы көчмөндөрдүн жашоосу. Бул мезгил улуу талаа элдеринин баатырдык доору болуп, анын натыйжасында баатырдык эпостордун жаралышына шарт түзүлгөн. Манас эпосу да ошол шартта түзүлүшү мүмкүн деген пикир бардыгын жогору жакта айтып өттүк.

Экинчи – жаңыланган Кыргыз жана жаңы Түрк каганттарынын доору (VI-X кылымдар). Бул доорлордо азаттык үчүн, мамлекеттик үчүн күрөштөр активдүү жүрүп, анын капшабы менен баатырдык эпостордун калыптануусу жаңы этапка өсүп чыккан. “Манас” эпосунун жаралуу доору ушул мезгилде болгон деген пикирди белгилүү окумуштуулардын, илимий манас таануучулардын басымдуу көпчүлүгү жакташат.

Үчүнчү – б.з. X кылымынан баштап Улуу Талаадагы саясий үстөмдүк кыргыз урууларынан түрктөр менен монгол урууларына өтө баштаган. Түштүк Сибирдеги бул саясий кырдаалда бир катар кыргыз уруулары, анын ичинде өздөрүн түрк атай баштаган уруулар Орто Азияга, Теңир Тоого ооп, жаңы конуштарды ээлеген. X-XII кылымдарда Кыргызстан карахандар дөөлөтүнүн курамында болуп, түрк цивилизациясынын “гүлдөө доорун” салтанаттаган. Бул шартта баатырдык эпостун өнүгүүсү андан ары уланып, анын адабий мүнөзү жакшырган, толукталган.

Төртүнчү - XII кылымда кидандардын жапырыгы башталып (Елюй), аны Чыңгыз хандын коошундары уланткан. Түрк цивилизациясынын гүлдөгөн жетишкендиктерине сокку урулган, түрк этносторунун, анын ичинде кыргыздардын азаптуу, эзилүү мезгили башталган. Бул мезгилде баатырдык эпос, анын ичинде Манас эпосу элдин духун көтөрүүгө, күчтү бириктирүүгө, азаттыкка чыгууга жана мамлекеттүүлүктү калыбына келтирүүгө үндөгөн. Демек, баатырдык эпостун социалдык, гуманитардык жана руханий-тарбиялык мааниси жогорулап, анын стилдик жагы да андан ары өнүккөн. “Манас” эпосунун жаралуу мезгили үчүнчү жана төртүнчү доорго таандык деген божомолдор бир катар изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде учурайт.

Бешинчи - XV—XVIII кылымдардагы калмак жапырыгы менен кармашуу доору баатырдык эпостун мекенчилдик ролун жогорулатып, азаттык үчүн, мамлекеттүүлүктү калыбына келтирүү үчүн болгон күрөштөр “Манас” сыяктуу эпосту биротоло калыптандырып, ага эпопеялык мүнөз берип, элдин өткөн тарыхынынын улуу энциклопедиясына айландырган. Бул мезгил, ошентип “Манас” эпосунун акыркы калыптануу доору болуп калган. Айрым бир окумуштуулар “Манас” эпосу ушул мезгилде жаралып, анын мазмунуна мурунку өткөн окуялар да камтылган деген пикирде.

Негизинен, жогорку келтирилген беш доор тең эпосто чагылып турат деген пикир мурунтан эле далилденилгендигин айта кетүү туура. Бирок, “Манас” эпосунда биринчи кезекте кыргыз элинин башынан өткөн баатырдык доорунун эң ийгиликтүү жана жемиштүү, же кайгылуу мезгилдери чагылган. Андай мезгилдердин алгачкысы биздин заманга чейинки III-I кылымдардагы хунну мезгилиндеги окуялар, кийинкиси VI—IX кылымдардагы Енисей кыргыз кагантынын түптөнүү жана өнүгүү доорундагы, андан ары IX—X кылымдардагы “Улуу Кыргыз Дөөлөтү”, XI-XII кылымдардагы кара-кытайлар менен болгон кармаштар, XIII-XV кылымдардагы монгол жапырыгы менен Моголистан мезгилиндеги окуялар, XVI-XVII кылымдардагы ойрот-жунгар чабуулдары жана кыргыз элинин азаттык күрөштөрүнө байланыштуу тарыхый фактылар эсептелет.

Бул жерде “Манас” эпосундагы сюжет Манас баатырдын тарыхый инсан катары жашап өткөн мезгилинен кийинки гана окуяларды чагылдырып турат деген так кесе айтуу туура эмес. Эпостун байыркы кыртыштарына Манас баатырдын тарыхый жашап өткөн мезгилинен мурунку кыргыз элинин тарыхындагы “эсте калган” ири окуялар да орун алышы толук мүмкүн. Ошентип, “Манас” дастанынын эпикалык ядросу кыргыз элинин биздин заманга чейинки III-I кылымдарындагы, кийин айрыкча биздин замандын VI—IX кылымдарындагы тарыхый окуяларга байланышып турат деген пикир илимий жактан туура божомол.

Кыргыз элинин башынан өткөн кыйын кезеңдерде, мисалы, көк түрктөр менен болгон айыгышкан кармаштарда (VIII к.), “Улуу Кыргыз дөөлөтүнөн” кийинки башталган кара-кытайлар менен болгон күрөштөр мезгилиндеги алсыроо доорунда (XI-XII кк.) мурунку өткөн окуялар оозеки эпикалык фольклор таризинде кайрадан иштелип, элдин рухун көтөрүүгө мекенчилдикти күчөтүүгө багытталган. Ал эми монгол жапырыгынан кийинки доорлордо, айрыкча калмак-кыргыз согуштарындагы XVI—XVII кылымдардагы көз карандысыздык үчүн күрөш доорлорундагы окуялар калыптанып калган эпостун сюжетин улам күчөтүп, ага катышкан персонаждардын санынын көбөйүүсүнө, окуялардын байыркы пласттарына эл тарыхынын жаңы окуяларын кошуу менен татаалданып олтурган.

“Манас” эпосунун өзөктүү окуяларын иликтөөдө жана анын жаралуу доорун аныктоодо атактуу чыгыш таануучу Л.Н.Гумилевдин “пассионардык” теориясы бир топ жардамын тийгизет0. Окумуштуунун пикири боюнча IV кылымдын орто ченинде Тынч океанынан келген муссон Улуу Талаага жан киргизип, көчмөндөр жашыл жайыттарга карай тароо менен, саясий ири өзгөрүүлөр башталат. Так ушул мезгилдерге Алтай чөлкөмүндөгү темир иштетүүнүн башталышы чоң таасирин тийгизген. Мурун хунну доорунда темир Тибет менен Кытайдан алынып келинчү. Металл иштетүүнүн башталышы легендарлуу Ашинага таандык болгон.

Ошентип, Ашина тукумунан алгач Улуу Түрк каганаты (552-604), анын капталында Енисей Кыргыз каганаты (VII-VIII кк.) пайда болуп, Улуу Талаада болуп көрбөгөндөй саясий өзгөрүүлөр жүргөн. Пассинардык түрткү – элдин тарыхы үчүн жаратылыштагы кургакчылык же суу каптоодой эле мааниси бар көрүнүш. VI-VII кылымдарда Меккадан Японияга чейинки чөлкөмдөрдө элдердин жандануусу ушунчалык күчтүү болгон, натыйжада мурунку уруулук түзүлүшкө негизделген социалдык система кыйрап, анын ордуна жаңы этностор жаңы коомдук түзүлүштү калыптандырып, “эл” системасы кирген. Так ушул мезгилдерге Барс-бектин башкаруу мезгилине тийешелүү Енисей Кыргыз каганатынын коомдук жашоосунун ийгиликтери таандык.

Түрк каганатынын алсыздыгынан пайдаланган Кытай Улуу Талаага үстөмдүк кылганы менен 682-жылы Кутлуг Эльтерес-хан Түрк каганатын кайрадан жандандырган да 745-жылга чейин кытай баскынчылыгынын мизин кайтарып турган. Ошол доорлордо болгон Талас салгылашуусунда Кытай армиясы кыргыздардан жеңилип, түндүктө кидандардан, түштүктө Тибет хандыгынан да олуттуу сокку жеген. Улуу Талаадагы ал согуштар 846-жылы Уйгур каганатынын кыргыздар тарабынан биротоло талкаланышына, атүгүл уйгур элинин Түштүк-батышка же Чыгыш Түркстанга карай оошуна алып келген. Бул саясий оош-кыйыш б.з. IV-V кылымдарында башталган кыргыздардын пассионардык чыңалуусунун натыйжасы эле.

Демек, “Манас” эпосундагы өзөктүү окуялар так ушул Улуу Талааны укмуштуудай өзгөрүүлөргө алып келген пассионардык чыңалууга байланыштуу болуп жүрбөсүн. Анткени, пассионардык чыңалуунун Улуу Талаадагы көчмөндөрдүн саясий өнүгүүсүндөгү негизги өзөгү мамлекет түптөө жана өз алдынчалык саясий жашоого жетишүү болуп эсептелген. Евразия континентиндеги бардык элдердин тарыхында так ушул негиз саясий өзгөрүүлөрдүн өзөгү бойдон калып олтурат. Бул мыйзам ченем кыргыз элинин ошол мезгилдеги тарыхына да тиешелүү.

Улуу Талаада “өз ордун таап, өз алдынча түтүн булатууга” умтулган тарыхый инстинкт жогоруда айткандай биздин замандын IV-V кылымдарында башталган этникалык улуу бурулуштун (пассионардык түрткүнүн) таасири менен кыргыз урууларын саясий жактан активдешүүгө алып келди да, VI-IX кылымдардагы Енисей кыргыздарынын тарыхы негизинен өз алдынчалык үчүн күрөштөргө жана мамлекеттикти түптөөгө тикеден-тике байланышып өнүккөн. Ошондуктан басма сөздөрдө жана илимий кеңешмелерде манас таануучулардын көпчүлүгү тарабынан айтылып жүргөн пикир — эпостун негизги идеялык мазмуну кыргыздардын баскынчыларга каршы болгон баатырлык аракеттерине байланыштуу деген пикир чындыкка туура келет.

“Манас” эпосундагы негизги өзөк-идея, ошентип, элди бириктирүү, мамлекет куруу, мекенди коргоо жана аны сактоо, кыргыз жерин кеңейтүү жана өнүктүрүү болуп саналат. Эпостогу окуялар ушул идеянын айланасында өнүгөт. Демек, Манас эпосунун азыркы күнгө чейинки бизге белгилүү варианттарынын баарында төмөнкүлөр өзөктүү окуялар катары камтылган:

  • Кыргыз элинин тышкы душмандардын соккусунан бөлүнүп-жарылышы. Ногой хандын же Ороздунун он уулунун туш-тушка тарашы, кыргыздардын айрым бөлүгүнүн Ала-Тоодо (Теңир-Тоодо) калып, калгандарынын Ирандан, Тибеттен тартып, Алтай, Сибирге чейин тарап кетиши;

  • Он уулдун бири Жакыптын Алтайды туруктап, ал жерде Манастын төрөлүшү, балалык чагынын өтүшү;

  • Манастын өз ата-мекенин издеши, Ала-Тоо, Ысык-Көл, Чүй, Талас, Фергана өрөөндөрүндөгү алгачкы кармаштар жана кыргыз жерлерин бошото башташы;

  • Алтайдан Ала-Тоого көчүү;

  • Манастын Самарканд, Букара, Ургенчке чейинки жортуулдары жана Каныкейге үйлөнүшү;

  • Көкөтөйдүн ашы жана чоң чатактын башталышы;

  • Калмактарга каршы чоң казат;

  • Чоң казаттын жыйынтыгы жана Манастын өлүмү;

  • Манастын урпактарынын ишмердиги жана кыргыз элин бириктирүүнүн андан ары уланышы.

Манас эпосунун башындагы кыргыздардын бытырандылыкка учурап, баскынчылар тарабынан күч менен ар кайсы жакка таратылып көчүрүлүшү жөнүндөгү окуя (Ороздунун он уулунун таратылышы) кыргыз тарыхынын фактысы катары биздин заманга чейинки мезгилдерде чынында эле болуп өткөн. Окуялар кытай жылнаамаларындагы маалыматтарда кезигет. Анда кытай империясына кызмат кылуудан баш тартып, б.з.ч. 49-жылы хуннулардын шанүйү Чжи-Чжи өзүнүн кошуундары менен Чыгыш Түркстандагы бир катар урууларга, алардын ичинде усундарга каршы жортуул баштагандыгы, аларды өзүнүн кол алдына бириктирүүнү көздөгөндүгү айтылат0.

Чжи-Чжи б.з.ч. 49-46-жылдары Чигучан – Кызыл өрөөн аталган борбор шаары Ысык-Көлдүн азыркы Түп районунда жайгашкан усундарды, Балхаш көлүнөн түндүк-чыгышка карай созулган аймактарда жашаган угелерди (уйгурларды), алардан түштүк-батышыраак аймактарда жашаган цзянь-кундарды, динлиндерди талкалаган. Динлиндер деп аталган уруулар кадимки Түштүк Сибирь динлиндери эмес. Бул жерде сөз кытай жылнаамаларында жалпысынан динлиндер деп атаган Тянь-Шанды жана анын тоо тармактарын камтыган аймактарда жашаган кыргыздардын бир бөлүгү жөнүндө болуп жатат. Дал ушул цзянь-кундардын (кыргыздар) ээлеген жерлерде Чжи-Чжи өзүнүн ордосун жайгаштырган0.

Ушул окуядан кийин Чжи-Чжи түштүктү көздөй, усундарга каршы экинчи жортуунун баштайт. Ошол мезгилде Каңгүй уруулар союзу мамлекетинин чет-жакаларында тынчтыкты камсыз кылуу максаты менен коңшу Усун мамлекетине каршы күрөшүүгө Чжи-Чжи башында турган түндүк гуннуларды жардамга чакырган болучу. Натыйжада Чжи-Чжи Талас өрөөнүнө басып кирет. Цзянь-кундардын ээлигинен усундарга карай жортуулда жергиликтүү кыргыз уруулары да Чжи-Чжинин аскерлеринин курамында болгондугу, алар түндүк Тянь-Шандын тоо этектерине жана Талас өрөөнүнө чейин жеткендиги кытай жылнаамаларында ырасталып турат.

Бул жортуул б.з.ч. 47—46-жж. кышында болгон. Ушундан кийин жогорку Талас шанүй Чжи-Чжинин ордосу болуп калат да, 10 жылдан кийин, башкача айтканда б.з.ч. 36-ж. кытай кол башчылары Чэнь Тань жана Гань Янь-шоу тарабынан талкаланган0. Бул окуялар цзянь-кундардын (кыргыздардын) бир бөлүгүнүн батышта (башкача айтканда Таласта) мекендеп калышына себеп болгон. Бул фактыны биздин замандын III к. ортосу ченге жакын мезгилге таандык кытай булагы Вэйлио да белгилейт. Келтирилген фактылар байыркы кыргыздардын эки бутакка бөлүнүп кеткендигин, алардын көпчүлүк бөлүгү Енисейде (бул бөлүктүн базасында VI—X к. кыргыз мамлекети келип чыккан), экинчиси Тянь-Шань аймагында отурукташып, азыркы Кыргызстанды алгачкы мекендеген бөлүгүн түзгөндүгүн ишенимдүү көрсөтүп турат.

Эгер биз азыркы кыргыз тарыхнаамасындагы кыргыз элинин келип чыгышына байланышкан сактар жана усундар кыргыздардын азыркы Кыргызстандын аймактарында жашаган эзелки ата-бабалары катары кабыл алынып келе жаткан илимий корутундуларды олуттуу түрдө эске ала турган болсок Манас эпосундагы Ороздунун он уулунун туш-тарапка таралышы сактардын, усундардын хунну уруулары менен чабыштары жүргөн биздин эрага чейинки IV-I кылымдардагы саясий окуяларды чагылдырып турат деп санашыбыз эп.

В) Манас баатырдын кейипкери (прототиби) жөнүндө

Жогорку анализдин негизинде Манастын прототибин реалдуу инсандардын ичинен биздин заманга чейинки сак падышасы Таргитайдан, хуннулардын шаньюйу Мете хандан, VIII кылымдагы Эне-Сай кыргыз каганатынын каганы, ажосу Барс-бектен, айрыкча 840-жылы Уйгур каганатынын борбору Бейтинди (Бешбалыкты, Манаста Бейжин) алып, Улуу Кыргыз дөөлөтүн негиздеген тарыхта аты белгисиз калган кыргыз каганынан, Кыргыз державасынын мамлекеттик белгилүү ишмери Тепе Алп-Солдон издөө жөндүүрөөк деген гипотезалык пикирге келүүгө болот. Албетте, Манастын прототибин аныктоо келечектин иши.

Жыйынтык сөз.

Жогорку анализди жыйынтыктап келип Манас эпосунун негизги өзөгү мамлекеттүүлүктү түптөө жана саясий жактан өз алдынча жашоого жетишүү болуп санлгандыгын баса белгилөө зарыл. Ал өзөк - идея, ошентип, элди бириктирүү, мамлекет куруу, мекенди коргоо жана аны сактоо, кыргыз жерин кеңейтүү жана өнүктүрүү болуп саналат. Эпостогу окуялар ушул идеянын айланасында өнүгөт. Демек, Манас эпосунун азыркы күнгө чейинки бизге белгилүү варианттарынын баарында ушул өзөктүү окуялар камтылган.

Жогорку өзөктүү идеянын ишке ашыруучу жолу бирөө гана болгон. Ал кыргыздардын мурунку ата-мекени болуп саналган Ала-Тоону, азыркы кыргыздар жашап жаткан аймактарды (анын ичине Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу автоном аймактары да кирет) кайрадан ээлеп, байыркы Ороздунун доорундагы кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү аракети болгон. Ошондуктан Манаста Алтайдын Ала-Тоого көчүү жана Ала-Тоодон калмактарды сүрүп чыгуу эпизоддору айтылат.

Демек бул зор окуя төмөнкү логикалык ырааттуулукта жүргөн болушу толук ыктымал.

Биринчи окуя - Манас эпосунда Манастын бабаларынын, анын чоң атасы Ороздунун кыргыз мамлекети катары айтылышы. Бул мезгил б.з.ч. III кылымдан биздин замандын IV к. чейинки болуп өткөн тарыхый өнүгүүнү чагылдырып турат. Кыргызстандын тарыхында эчактан эле изилденип келе жаткан б.э.ч. 3-кылымдагы Усун-кыргыз мамлекети, Сак элдеринин мамлекеттүүлүгү, Талас ээлиги, Теңир-Тоодогу цзянь-кундар, Лопнордогу кыргыздар, биздин эранын башындагы Боро-Хоро, Кыргыз-Нор аймактарындагы кыргыздардын алгачкы мамлекеттүүлүгү жөнүндөгү маалыматтар Манас эпосунун башында сүрөттөлгөн алгачкы кыргыз мамлекетин тастыктап турат.

Экинчи окуя – Манас эпосунда айтылган Ороздунун мамлекетинин кыйрашы. Бул окуя тарыхта байыркы кыргыз мамлекетинин тышкы душмандардын кол салуусунан талкаланып, азыркы Теңир-Тоо аймактарынан Енисей, Алтайга, кай бири Тибетке карай IV-VI кылымдарда сүрүлүш доорун чагылдырат.

Үчүнчү окуя - Манас эпосунда Алтайда Манастын туулуп, анын кыргыз урууларын жана башка урууларды бириктирип, мамлекеттүүлүк түзүшү, Манастын хан көтөрүлүшү жана калмактарга каршы алгачкы согуштар. Тарыхый маалыматтарда болсо бул окуялар биздин замандын VI-X кк. Енисей, Миң-Суу, Алтай аймактарындагы кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүгүшү катары чагылдырылган. Тарых илиминде бул доордогу Енисей кыргыз кагаганатынын VI-X кылымдардагы түзүлүшү, өнүгүшү, Улуу Кыргыз дөөлөтү (840-жылдан баштап) жана анын тарыхы эчак далилденген.

Төртүнчү окуя – Манас эпосунда Манас хан шайланып, калмактардын бир катар хандарын жеңип, Алтайдан Ала-Тоого көчүүсү катары берилген. Тарых илиминде болсо бул окуя Кыргыз мамлекетинин Уйгур каганатын кыйратып, аскерий күчөшү жана кыргыз башчыларынын Улуу Талаадагы жортуулдары, ошол окуялардын капшабы менен кыргыз урууларынын Теңир-Тоого карай жер которуулары (829-900-жылдар) жөнүндөгү маалыматтар менен тастыкталып турат.

Бешинчи окуя - Жер которуу жана байыркы Кыргыз мамлкетин калыбына келтирүү сюжети Манас эпосунда кыска гана убакытты (Манастын гана өмүр-жолу) камтыган менен реалдуу тарыхта ал жер которуу уланып, XVIII кылымга чейин созулган. Анда кыргыздардын Карахандар доорунда жашашы, чингизиддердин, тимуриддердин доору, Моголистан, Мухаммед Кыргыз жана калмактарды акыркы жолу 1758-60-жылдарда биротоло Кыргызстан сүрүп чыгып, азыркы Кыргызстанга, Чыгыш Түркстан чөлкөмдөрүнө кыргыздардын биротоло жайгашышы менен аяктаган.

Демек, Манастагы окуялар реалдуу тарыхта биздин заманга чейинки III кылымдан биздин замандын XVIII к.чейинки тарыхый окуяларды чагылдырып турат. Анын өзөгүндө жоголгон байыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү жана Ала-Тоого жайгашуу идеясы жатат.


0 Юнусалиев Б. "Манас" эпосуна кириш сөз. //Манас. Биринчи бөлүк. I китеп. – Фрунзе: Кыргызмамбас. – 1958.-5-б.

0 Бернштам А.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы жана археологиясы боюнча тандалма эмгектер. /Түзгөн, алгы сөзүн жазган жана которгон Мамбеталиев С. Б.: 2004, 576-б.

0 Ауэзов М. Киргизский героический эпос «Манас». – В кн.: Ауэзов М. Мысли разных лет. Алма-Ата, 1959.

0 Кызласов Л.Р. История Южной Сибири в средние века. М. 1984, 142, 146, 147-бб.

0 Абдырахманов Ы. «Манастын» кайсы кылымда пайда болгондугу тууралуу // Советтик адабият жана искусство. – 1941. - № 3.- 59-60-бб.

0 Бичурин Н.Я. Извлечения из истории династии Тан.// Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. I.-М.-Л. 1950.

0 Малов С.Е. Енисейская письменность тюрков. М.-Л., 1952, 84-б.

0 Караев О. Ранние сообщения о Манасе. Эпос «Манас» и эпическое наследие народов мира. Тезисы международного научного симпозиума, посвященного 1000-летию эпоса «Манас». Б.,1995.

0 Караев О. «Манас» эпосунун жаралышы жана анын доору//КМ. – 1988, 18-август.

0 Караев О. «Манас» эпосунун жаралышы жана анын доору//КМ. – 1988, 18-август.

0 Караев О.”Манас” эпосунун жаралышы жана анын доору.//Манас.Энциклопедия.1-том.-Б.,1995.134-б.

0Молдобаев И.Б «Манас» – историко-культурный памятник кыргызов.-Б.-1995. –56-б.

0 Айтымбет О. Кара-кыргыз.1-3 китептер.- Б. 1994-1995.

0 Оторбаев Т. Манас Ата тарыхы. – Талас. 1992. -3-4-бб.

0 Саякбаев Ж. Кыргыздардын жаралышы жана бүткүл Евразияга тарашы.-Б., 2011.

0 Тургуналиев Т. Кыргыз мамлекеттүүлүгү качан пайда болгон?// И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жарчысы.-№ 4.-Б.,2012.-11-14-бб.

0Мадылбай Т. Жакып менен Манас, Иаков менен Манасси.//Көк нуру гезити, 01.06.2005.

0 Ыйык китептеги Даныяр пайгамбардын китебинде да Ысраил эли үчүн да үч маал ыйлап, сыйынат.

0Рысбек – Ричард Хевит (Рысбек) Жоголгон табылды.-Бишкек, 2012.

0"Манасты" эң биринчи Жайсаң айткан...”ДаярдаганАйнагүл Сапарбек кызы.//Агым, 20.12.2005.

0Чоротегин Т. Эпос, история, заблудший дух//Вечерний Бишкек. 15 июня 2012 г. № 86.

0 Осмонов Ө. «Манас» эпосунун тарыхый окуялар менен байланышы жөнүндө.//И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жарчысы.-№ 4.-Б.,2012.-95-102-бб.

0 Осмонов Ө. «Манас» эпосунун тарыхый окуялар менен байланышы жөнүндө.// И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жарчысы.-№ 4.-Б.,2012.-95-102-бб.

0 Түмөнбаев Ш. Манас менен Чыңгыз хандын ортосундагы байланыш./Караңыз: http://kmb3.kloop.kg. «Neweurasia-Kyrgyzstan», 11.01.2011-ж.

0 Токтогазиев Т. Айкөл Манас тарыхый инсан. Алтайдагы, Ала-Тоодогу, Бейжиндеги издер.-Б.,2013.

0 Кененсариев Т. Манас эпосу жана тарыхый чындык...// И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жарчысы.-№ 4.-Б.,2012.- -40-47-бб; Ошол эле автор. Манас жана тарыхый чындык.// http://www.barakelde.org/muras/ 23,27,28.08.2012; Ошол эле автор. “Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндө божомолдор//http://www.barakelde.org/muras/ 31.08.2012; Ошол эле автор. Манас баатырдын тарыхыйлыгы.// http://www.barakelde.org/muras/ 03.09.2012; Ошол эле автор.Манас баатыр тарыхый инсанбы? //http://www.barakelde.org/muras/ 03.09.2012;Ошол эле автор. "Манас” эпосунун өзөктүү окуялары жана аларда кыргыз тарыхынын чагылышы.// http://www.barakelde.org/muras/ 07.09.2012; Ошол эле автор. Манас баатырдын прототиби жөнүндө// http://www.barakelde.org/muras/ 07.09.2012.

0Акеров Т. Был ли Чингиз хан потомком Манаса? //Кут Билим. №08, 20.03.2008.

0 Сыдыкова К. Кыргыз тарыхы: Илимий тарыхый эмгек. 3-басылышы.– Б., 2007, 7-б.

0 Мусаев К. История Великой Кыргызской империи. –Б., Ала-Тоо, 1999. Ошол эле автор. История великой кыргыз-кыпчакской империи. Бишкек, 2002.

0 Өмүралиев Чоюн. Теӊирчилик: Коом-Мамлекет. – Бишкек: Кыргыз Жер, 2012.

0 Абдрахманов Н. Улуу баян.-Бишкек, 2007.

0 Жакшылыков А. Эстутум: Кыргыз Көчмөн Цивилизациясы. Манас дүйнөтааным. -Бишкек, 2005, 472-б.

0 Шамшиев Б. Статья длиною в жизнь. Интервью.// 06.04.2006, источник: Размах.ру: http://www.razmah.ru/showarticle.asp?id=2892

0 Шамшиев Б. Казакстанда кино тартам //Таңкы азаттык (3-чыгарылыш) Бейшемби, Август 16, 2012. Бишкек убакыты: 10:52

0 Шамшиев Б. Загадка знака Манаса. В Киргизском эпосе "Манас" описана… Шамбала//Караңыз: Общественный рейтинг. 26 августа 2004 г. | № 32 (204). Ошол эле автор. Иисус – сын Манаса. //Караңыз: Общественный рейтинг. 2 марта 2006 г. № 8 (279)

0 Дюземил Жорж. Мифы и Боги индоевропейцев (Georges Dumеzil " Mythes et Dieux des Indo-Europеens ", Flammarion, Paris, 1992).

0 Шамшиев Б. Казакстанда кино тартам //Таңкы азаттык (3-чыгарылыш) Бейшемби, Август 16, 2012 Бишкек убакыты: 10:52

0 Решетов A.M. СМ. Абрамзон – исследователь центральноазиатских киргизов.// Этнографическое обозрение, 2001 № 1., 145-б.

0 Шамшиев Б. Загадка знака Манаса. В Киргизском эпосе "Манас" описана… Шамбала //Караңыз: Общественный рейтинг. 26 августа 2004 г. | № 32 (204)

0 Шамшиев Б. Загадка знака Манаса. В Киргизском эпосе "Манас" описана… Шамбала //Караңыз: Общественный рейтинг. 26 августа 2004 г. № 32 (204); Ошол эле автор. Иисус – сын Манаса. //Караңыз: Общественный рейтинг. 2 марта 2006 г. № 8 (279)

0 Абрамзон СМ. Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи. Л., 1971.57-б.

0 Бернштам А.Н.Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы жана археологиясы боюнча тандалма эмгектер /Түзгөн, алгы сөзүн жазган жана которгон Мамбеталиев С. Б., 2004, 3,5,8-баптар.

0 Малов С.Е. Енисейская письменность тюрков. М., Л., 1952.

0 Молдобаев И.Б. Гипотеза о применении носорогов в боях (Эпос «Манас»  о некоторых вопросах военной организации кыргызов) // Мээрим. 1998. № 1.-20-23-бб.

0 Байымбетов А. Бабалар байырлаган жерге сапар//Караңыз:«24.kg» MA, 20.06.2012. 0 Шамшиев Ч.Индоевропейский миф и эпос “Манас” // Караңыз: http://www.kyrgyz.ru/?page=247

0 Усупбаев А. "Эпос "Манас" - как один из древних космоэкологических источников культуры кочевников Азии"//Караңыз: www.presskg.com/forum/10/1112_12.htm

0Жирмунский В.М. Введение в изучение «Манаса». – Фрунзе., 1948. 79-80-бб.

0 Жирмунский В.М. Введение в изучение «Манаса». – Фрунзе., 1948. 79-80-бб.

0 Берков П.Н.. Алтайский эпос и «Манас».//В кн.: Киргизский героический эпос «Манас». М.: Изд-во АН СССР, 1961, 235-256-бб; Ошол эле автор. Алтайский эпос и «Манас»//Проблемы исторического развития литератур: Статьи / Сост. Н. Кочеткова и Г. Фридлендер. — Л.: Худож. лит. Ленингр. отд-ние, 1981. 443-464-бб; Ошол эле автор. Идея родины в «Манасе».//В кн.: Манас: Героический эпос киргизского народа. Фрунзе, 1968, 192-202-бб. 

0 Ураев А. О феномене “Манас”.// Караңыз: http://www.eposmanas.ru/?page=32

0 Мамыров М.«Манас» — эпос, возникший из мифа.//Эпос "Манас" как историко-этнографический источник. Тезисы международного научного симпозиума, посвященного 1000-летию эпоса "Манас". - Бишкек, 1995, 115-116-бб.

0 Борбугулов М. "Манас" эпосу:башаттары, эволюциясы. – Б., 2004, 160-б.

0 Солтоноев Б.С. Кызыл Кыргыз тарыхынан// Ала-Тоо, - 1988. - №11. 118-119-бб.

0 Бакиров А.А. Исторические этапы развития эпоса "Манас"//Эпос "Манас" как историко-этнографический источник. Тезисы международного научного симпозиума, посвященного 1000-летию эпоса "Манас" - Бишкек, 1995, 5-6-бб.

0 Ураев А. О феномене “Манас”.// Караңыз: http://www.eposmanas.ru/?page=32

0Жирмунский В.М. Введение в изучение «Манаса». – Фрунзе., 1948. – стр. 79-80-бб.

0 Сарыгулов Д. Кыргызы, история, кризис./Караңыз: http://kg.at.ua/articles/sarygulov _book.doc.

0 Радлов В,В, Краткий отчет о поездке в Семиреченскую область и на Иссык-Куль летом 1869 г.//Изв.РГО, т.IV, 1870, № 3.

0Фалев П. Как строится кара-киргизская былина. О кара-киргизском эпосе.// Наука и просвещение. № 1.-Ташкент, 1922.

0 Киселев С.Б.. Древняя история Южной Сибири.-М., 1951.

0 Рахматуллин К.А. Творчество манасчи. Сюжетные особенности отдельных вариантов эпоса.// "Манас — героический эпос киргизского народа".-Фрунзе, изд. "Илим", 1968.

0 Малов С. Е. Енисейская письменность тюрков. М., Л., 1952.

0 Кляшторный С.Г. Историко-культурное значение Суджинской надписи. // Проблемы востоковедения. 1959, №5.

0 Кляшторный С.Г. Историко-культурное значение Суджинской надписи. // Проблемы востоковедения. 1959, №5.

0 Сарыпбеков Р. «Манас» эпосундагы баатырдык мотивдердин эволюциясы. – Фрунзе. 1987. 7-33-бб.

0 Сарыпбеков Р. «Манас» эпосундагы баатырдык мотивдердин эволюциясы. – Фрунзе. 1987. 29-б.

0 Акеров Т. Древние кыргызы и Великая степь.-Б.,2005.

0 Осмонов Ө. «Манас» эпосунун тарыхый окуялар менен байланышы жөнүндө.// И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жарчысы.-№ 4.-Б.,2012.-95-102-бб.

0 Король Г.Г. Искусство средневековых кочевников Евразии. Очерки. – Москва-Кемерово,2008.-14-б.

0 Мелетинский Е.М. О генезисе и путях дифференциации эпических жанров.// Руский фольклор. Материалы и исследования.-М., Л., 1960. Вып.5. 96,97-бб.

0Валиханов Ч.Ч. Записки о киргизах//Собр. Соч. в 5 т. Т. 2 – Алма-Ата. 1886, 46-49-бб.

0Валиханов Ч.Ч. Заметки по истории южносибирских племен//Собр. Соч. в 5-ти тт. Т. 1 – Алма-Ата.-1884, 301-б.

0 Юнусалиев Б.М. "Манас" эпосуна кириш сөз. 2-бөлүм...

0 Юнусалиев Б.М. "Манас" эпосуна кириш сөз. 3-бөлүм...

0 Молдобаев И. «Манас» - историко-культурный памятник кыргызов. – Б., 1995.

0 Молдобаев И.Б.Эпос “Манас” и его значение в мировой культуре.//Эпос "Манас" и эпическое наследие народов мира. Тезисы международного научного сипмозиума, посвященного 1000-летию эпоса "Манас", 27-28 августа 1995 г. Бишкек. 1995.-3-5-бб.

0Мусаев С. Манас: Научно-популярный очерк. – Б.: Шам, 1991.

0 Кыдырбаева Р. «Манас» эпосундагы традициялык жана индивидуалдык маселелерине карата. Фрунзе, 1967; Ошол эле автор. Сказительское мастерство манасчи. Фрунзе, 1984.

0 Абдылдаев Э. «Манас» эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптары. – Фрунзе. 1981. 241-264-бб.

0 Боровков А. К. О народности киргизского эпоса «Манас»; Климович Л. И. Об изучении эпоса «Манас».//Альманах «Дружба народов», 1952, № 5, 230-265-бб.; Климович Л.И. «Манас». Киргизский эпос. Великий поход,;«Советская книга», 1946, № 12, 90—96-бб.

0 Мокеев А. Этапы этнической истории киргизского народа на Тянь-Шане//Проблемы этногенеза и этнической истории народов Средней Азии и Казахстана. М., 1988, 88-89-бб.

0Абдырахманов Ы. «Манастын» кайсы кылымда пайда болгондугу тууралуу // Советтик адабият жана искусство. – 1941. - №3 (17), 59-60-бб.

0Шамшиев Б. Загадка знака Манаса. В Киргизском эпосе "Манас" описана… Шамбала//Караңыз: Общественный рейтинг. 26 августа 2004 г. | № 32 (204)

0 Гумилев Л.Н. Этногенез и биосфера Земли.-М., 1993; Ошол эл автор.Тысячелетие вокруг Каспия.-М.,1993.

0 Бернштам А.Н. Из истории гуннов I в. до н.э. (Хуханьеи Чжи-Чжи шаньюй). СВ, т. 1, 1940.

0 Бернштам А. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы жана археологиясы боюнча тандалма эмгектер. / http://www.bizdin.kg

0 Бернштам А.Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы жана археологиясы боюнча тандалма эмгектер. / http://www.bizdin.kg

9