СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Манас МЕЗГИЛИНДЕГИ кыргыз коому
жана мамлекети
Даярдаган: т.и.д., проф.: Т.Кененсариев
Манас доорундагы кыргыз коому жана мамлекети
Эгер биз Манас баатырдын тарыхыйлыгын тактоо маселесинде анын жашап өткөн мезгилин аныктай алсак, анда азыркы кыргыз тарыхнаамасындагы изилденген маалыматтарга таянып, Манас баатыр жашап өткөн доордун коомдук мамилелерин реалдуу көрсөтмөкпүс. Бирок, тилекке каршы Манас доорундагы кыргыз коомун так сүрөттөөгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ошондой болсо да “Манас” эпосунун жаралуу доорунун божомолдонгон мезгилинин алкагында эпосто чагылган тарыхый окуяларды реалдуу тарыхый процесс менен салыштыруу аркылуу гана бир нерсе айтууга болот. Бирок, дагы бир жолу эскерте кете турган нерсе – бул сүрөттөөлөр азырынча гипотетикалык деңгээлде гана болгондуктан, манастаануу илиминде дагы да далай тактоолор жасала бериши турган көрүнүш.
Жогору жакта Манастын тарыхыйлыгы жөнүндөгү бапта айтылгандарды эске алсак Манас доорундагы кыргыз коому биздин заманга чейинки I миң жылдыктын экинчи жарымынан биздин замандын X кылымына чейинки кыргыз элинин жашап өткөн тарыхый окуяларына байланышат. Бул мезгил дүйнөлүк тарых илиминин доорлорго бөлүштүрүү тили менен айтканда алгачкы общиналык коомдон (Льюи Моргандыкы боюнча “варварлык доор”0) цивилизацияга, башкача айтканда уруулар жана тайпалар “эл” деп аталуучу баскычка көтөрүлүп, ал эми алар жашаган коомдо мамлекеттин белгилери, башкача айтканда аймактык жана чарбалык бүтүндүк, экономикалык, тилдик жана идеологиялык жалпылык, социалдык жиктелүү, коомду уюштуруу жана башкаруу органдары пайда болгон жана калыптанган доорду түшүндүрүп турат. Манас эпосунда так ушул белгилер чагылган. Салтуу айтылып келген эпостун саптарында илимий тарыхтын цивилизациялык доору реалдуу чагылып турат десек жаңылышпайбыз.
Демек, Манас доорундагы кыргыз коомунун жана мамлекетинин негизги белгилери катары төмөнкүлөрдү атоого болор эле.
Уруулардын жамаатташ жашоосу жана “эл” жалпылыгы
“Баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүн” болгон саясий жалпылык.
Уруулардын, элдердин конфедеративдик биримдиги же чөлкөмдүк жалпылыгы.
Мамлекеттик уюштуруу жана башкаруу органдары, куралдуу күчтөр (кошуун, кырк чоро, түмөндөр). Аскердик демократия
Чарбалык жалпылык элдин жыргалчылыгын камсыз кылуунун шарты
Элдин социалдык жиктелиши жана реалдуу турмушу
Руханий, идеологиялык жалпылык
Манас доорундагы кыргыз коомунун жана мамлекетинин жогорку аталган белгилерин эпостун саптарынан издеп көрөлү.
Уруулардын жамаатташ жашоосу жана “эл” жалпылыгы
Уруулардын жамаатташ жашоосу жана “элдик” жалпылык кандайча калыптангандыгы Манастын саптарынан даана байкалып турат. Мисалы, эпосто учураган жүздөн ашуун этникалык аталыштын арасында жарымына жакыны Манастын туусу астына конфедеративдик жамаатка биригүүгө ниеттенген түрдүү элдердин жана уруулардын аталыштары. Алар:
Каптап келген кыргызда
Карыясы Кошой бар,
Кабыландар кошо бар....
Элемандын Төштүгү,
Эштектен бар Жамгырчы,
Казактардан Көкчө бар,
Кара жаак Үрбү бар,
Анжыяндын Санжыбек,
Буудайыктын Музбурчак
,... Алчын, Үйшүн, Найман бар.
Аргын Кара-Кожо бар, деген саптар конфедерацияга кирген элдердин жана алардын башчыларын белгилесе, Манастын кырк чоросу Манастын кол алдына баш кошууга далаалаттанган жамаатташ жашаган бир катар элдердин жана уруулардын өкүлдөрүн чагылдырат. Манаста:
Кырк баатырдын баары, бар,
Кыраан Бакай кары бар.
Кырк чоронун башчысы
Кыргыл сындуу чалы бар.
Күлдүрдүн уулу Чалыбай,
Күлдүргүчү Ажыбай,
Кыйындын бири Кутунай,
Кара Токо, Мажиги,
Камбар уулу Чалиги,
Алчындардын Атайы,
Үйшүндөрдүн Үмөтү,
Үмөт уулу Жайсаңы,
Бообек, Шаабек, Шүкүрү,
Арбандардын Алтайы,
Дөрбөндөрдүн Төртайы,
Төлгөчү кара Төлөгү,
Өнөрү журттан бөлөгү,
Агыдай далы көрүүчү –
Ашкере айтып берүүчү,
Топтун башы Токотой,
Эл билгичи Элеман,
Калк бийлеген Калкаман,
Серендеген Сереги
Серпишкен жоого чыйрагы,
Коңгуроолуу Кошабыш,
Кош башкарган эр Ыбыш,
Кадыр, Жайык, Шууту бар,
Калк чайкаган куусу бар.
Түмөн, Жайнак, Шууту бар,
Түмөндөп чыккан ушу бар.
Казактан бар Жоорончу,
Кара тейит журтунан
Кайкыл, Бөкөл, Тоорулчу,
Шыңгынын уулу Кербени,
Шышты кашка Дөрбөнү,
Бөрү жолду Бөгөлү –
Жоону алыстан көрөрү.
Ырчуул, Бозуул – ыктуусу,
Эр Тазбаймат мыктуусу,
Кара Түлөө, Кабыке,
Жаңгыр уулу Жабыке,
Кутунайдын куу жигит
Кубулжуган шум жигит,
Баатырлардын баары бар,
Башчысы Кыргыл кары бар, делет.
Демек, Манастын коошунундагы башчылардын ысымдары аркылуу кыргыз этносунун тегерегине бириккен түрдүү элдердин жалпылыгын көрө алабыз.
Жогорку саптарда эскерилген антропонимдер реалдуу тарыхта ириде бир топ этнонимдердин атылышы болгон. Алсак, эштек, казак, тейит, үйшүн, алчын, арбан, дөрбөн жана башкалар, казактардын Көкчөсү, өзбектердин Санжыбеги, кыпчактардын Үрбүсү, оогандын Акун хан, түркмөндөрдөн "Жарагы белде бир кучак" болгон Музбурчак, каракалпактан Бердике, башкырлардан Жамгырчы баары баш кошуп, "Аргын менен кыргызга салып койгон чеп" болушат. "Казак, кыргыз туушкан, кызыр чалган мурунтан", "Кабырга тууган кыпчак" деп, Манас алардын баарын бир тууган көрөт. Өзүн кыргыз элинин гана эмес, жалпы түрк калктарынын кулунумун деп эсептеп, баарысынын намыс-ариети, тагдыры, келечеги үчүн түйшөлөт.
Манас эпосундагы «Эл» түшүнүгүн тарыхый маалыматтардагы илимий «Эл» термини менен салыштырсак, “Эл” эки мааниге ээ. Биринчиден, ал бүт кыргыз урууларынын биримдигин билдирет жана уруулар союзунун же мамлекеттин синоними катары түшүнүлөт. Экинчиден, бул (көп учурда) үстөмдүк кылып турган ак сөөктөрдүн биримдигин билдирет. «Эл» термининин мындай мааниге ээ болуп калышы урук-уруу түзүлүшүнүн ыдырашы менен байланыштуу, анткени бектер мурда уруулардын кызыкчылыгын этибарга албай өз өкүмүн жүргүзүп, уруулар союзунун кеңешинде элдин кызыкчылыгын эмес, өзүнүн жеке кызыкчылыгын коргогон. «Эл» кыргыз коомунун шартында бек төбөлдөрдүн саясый бирикмеси, «кеңеши» катарында түшүнүлүүгө тийиш.
“Баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүн” болгон саясий жалпылык
Алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн саясий жалпылыгы “баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүн”деген принцип аркылуу ишке ашкан. Бул принцип чынында байыркы доорлордогу түркий көчмөн уруулардын, анын ичинде кыргыздардын жашоо тартибинен алынып, коммунисттик доорго чейин жашап келди.
Лью Моргандын тили менен айтканда “варвардык” этаптан “цивилизацияга” өтө баштаган мезгилде кыргыздардын айлананасына бириккен түрдүү түрк жана мангул уруулары алгачкы конфедеративдүү мамлкеттүүлүк түзгөн. Манастын хан шайланышына байланышкан окуя муну так көрсөтөт. “Түптүү журт түрк уруулары” гана эмес, “каны башка кай бир элдер” да Манастын мамлекеттүүлүгүнө кирген. Мисалы, Манас Алтайда Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап, элдин мал-мүлкүн өзүнө кайра кайрып берип, туткундан бошотот. Маңгул туткундарынын ыраазы болуп кыргыз аксакалдарына берген тартуусун “айрып алдык жоодон деп, аксакалдар муну алса, анан кайдан оңолду?” деп Манас аларды кайрып берип, өзүнүн кенендигин, тареңдигин көрсөтөт. Маңгулдар бизди эл кылып алыңыз деп Манастан өтүнүшөт. Манас тышкы жоого каршы биригип, ынтымакта бололу деген оюн билдирет.
Ороздунун он уулунун улуусу Бай “Кең Кашкардын ары жагына, Кебез-Тоонун бери жагына” барып баш калкалап жүрүп, Алтайда дүңгүрөп атагы чыга баштаган Манасты издеп, далай азап-тозок менен Алтайга жетип, Манас менен таанышып, жоо жакадан, бөрү этектен алып турган коогаландуу кезде бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу керектигин таасын туйган акылман Бай Манаска Алтайдагы коңшулаш түрдүү элдердин өкүлдөрүн чакырттырып, чоң жыйын, курултай уюштурат да калайык-журтка маанилүү кеңеш айтат. Ошондогу Жакыптын улуу агасы Байдын элге кайрылып турган жери:
Айлананын баарынан
Арбын келдиң калайык.
Тумшугубуз катпайлык.
Туюкта минтип жатпайлык.
Башчысы болбой марыбайт,
Баш-аламан жарыбайт.
Камдуу журт жоого кор болбойт.
Калкалайм десең жанынды,
Калдайган журтум биригип,
Көтөрүңөр канынды....
Өлүп калсак кокустан,
Бир чукурга тололук.
Тирүү болсок баарыбыз
Бир дөбөдө бололук.
Калкка кабар салалык,
Кайраты бар бирөөнү
Кан көтөрүп алалык.
Байдын бул сөздөрүндө байыркы кыргыз мамлекетинин жалпы элдик курултай институтунун жардамы менен демократиялык мүнөздө “ийри олтуруп түз кеңешип” шайлоо жолу менен мамлекет башчысын шайлашы ачык көрүнүп турат. Ошентип, кыргыз, казак, маңгул жана башка түрдүү түрк тилдүү уруулар дүңгүрөп көтөрүлүп, “Каныбыз Манас болсун” деп бир ооздон сунуш кылат. Манас адегенде көнбөйт. Бирок “калктын баары күңгүрөп, кайраттанып дүңгүрөп”, хандыкка өзүң ылайыксың деп, болбой бүтүм кылышып, жаш Манас баатырды ак кийизге салып кан көтөрүшөт. Ороздунун көк туусу кайрадан желбиреп, көккө көтөрүлөт.
Уруулардын, элдердин конфедеративдик биримдиги же чөлкөмдүк жалпылык.
Ошентип, Манастын мамлекетинин алгачкы башаты Алтайда курулган. Демек, кыргыз мамлекеттигинин алгачкы чөлкөмдүк биримдиги Алтай доорунда болгон. Бул чөлкөмдүк биригүү кыргыз мамлекетинин конфедеративдик мамлекеттүүлүгүн көрсөтүп турат. Бул процессти кыргыз тарыхынын реалдуу барактарына айкалыштырсак, ал кеминде 400-500 жылдык мөөнөттү ээлеп турат. Себеби, алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгү биздин заманга чейинки IV-III кылымдарда Чыгыш Түркстанда, Теңир-Тоого жамаатташ чөлкөмдөрдө болгондугу маалым. Бул доорду эпостогу Ороздунун мамлекетинин доору деп эсептөөгө болот.
Ал эми биздин эранын башындагы I-V кылымдарда кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндө тарыхый маалыматтар жок. Бирок, VI кылымдан тартып, кайрадан Енисей кыргыз каганаты түптөнгөн. Барс-бектин мезгилинде жана андан кийин Енисей кыргыз каганаты саясий-экономикалык жана руханий жактан өнүккөн. Кыргыз мамлекетинин ички жана тышкы саясаты калыптанган. Демек, Манастын Алтайда курулган конфедеретативдик кыргыз мамлекети биздин замандын VI-X кылымдарын, башкача айтканда 400-500 жыл чамалуу мезгилде жашап турган Енисей кыргыз каганатынын доорун чагылдырып турат деп божомолдоого болот.
“Манас” эпосунда кезиккен шибээ (шивей), солон, кара кытай, манжу, калмак, канкы, тебит (тибет), жаң-жуң сыяктуу көптөгөн этнонимдердин кезигиши кыргыз элинин евразия континентиндеги түркий эмес элдер менен эртелеп эле мамилелеш болгондугунан кабар берет. Чынында кыргыздардын Сибирдеги түрк элдеринен тышкары тунгус-маньчжур уруулары, ханзулук бир катар элдер, Борбор-Азиядагы, Уралдын түштүгүндөгү, Кавказдын түндүгүндөгү, атүгүл Крым жарым аралындагы жана башка чөлкөмдөрдөгү элдер жана мамлекеттер менен болгон дипломатиялык алакалары тарых илиминде далилденип келе жатат.
Кыргыз мамлекетинин өнүгүү апогейи тарых тастыктап тургандай IX кылымдагы “Улуу кыргыз Дөөлөтүнө” чейин жеткен. Так ушул мезгилде кыргыздардын негизги тобу өз ата мекени болгон Теңир-Тоодо мурун калып калган туугандарына кошулуп, байыркы мамлкеттүүлүктү калыбына келтирүү үчүн улуу максат койгон. Так ушул тарыхый улуу максат эпостун негизги сюжетинде өзөктүү окуя катары чагылып турат деп божомолдоо тарыхый жактан туура.
Эпосто: “Алтайда кантип туралык, Арбын аскер куралык. Атышкандан баш тартпай Ата жолун кубалык”0 -деген Манастын максаты анын түпкү ата-мекенин табуу менен мамлекеттин чөлкөмдүк биримдигин орнотууга болгон аракеттенүүсү экендигин далилдеп тургансыйт. Бирок Манас Алтайдан Ала-Тоого көчүүнү буйрук менен эмес, өз ыктыяры менен аткарууга үндөйт. Бул бир эле учурда Манастын өлкөсүнүн демократиялык баалуулуктардын негизинде жашагандыгын далилдеп турат. Мисалы, Манас: “Көрбөгөн жерге баргын деп, Зордобосмун силерди. Алтайда ата жериңер Андижанга барууга Бизге уруксат бериңер! Калганыңар калыңар, Каалаганың барыңар”0 - дейт.
Л.Н.Бернштамдын маалыматтары боюнча: "Тянь-Шань мына он беш жүз жылдан бери (1500 жыл) энесайлык конокторду кабыл алып келди. Он беш жүз жылдан ашык мезгил ичи кудуреттүү Энесай дарыясынын жээктеринен ак мөңгүлүү тоолордун этегине кыргыздар байыркы мезгилде өздөрү түптөгөн өлкөгө акырындык менен, бирок тынымсыз агылып турган. Бул процесс кыргыздардын улуу көчүү доору катары саналышы абзел деп санайт0. Кытай булактарындагы Чжи-Чжинин жортуулу (бул жөнүндө мурунку бапта айтылган) жана анын шарданы менен кыргыз урууларынын (кытай жылнааларында “цзянь-кундар” деп аталышат) биздин заманга чейинки доордун 49-47 ж.ж.Талас өрөөнүндө жайгашышы кыргыздардын байыркы кыргыз мамлекетин түптөгөндүгүн чагылдыргандай. Бул окяны Л.Н.Бернштам Талас жергеси улуу көчтүн алгачкы этабыдагы эң батыш чеги болгон деп санайт0. Гунндар бул жердин тургундары усундарды талкалап, Ысык-Көл ойдуңунан орун алган алардын борбор шаары Чигуну ээлеген. Усундар Кытай жана Орто Азияда тыгыз соода-сатык мамиледе болуп, бир топ өнүккөн өлкө болгондугу тарыхта маалым. Демек, усундар Чжи-Чжи баштаган гунндар, анын ичинде кыргыздар болгон уруулар бирикмеси тарабынан багындырылган. Ошентип байыркы мамлекетинин ээлеген мейкиндиги азыркы Талас, Ысык-Көл аймактары болгон деп болжолдоого болот.
Эпосто айтылгандай Ороздунун мамлекети тарыхый реалдуу мезгилге алганда биздин эранын баш чендеринде болгон оор кырдаалда чачырап кеткен. Бул процессти азырынча тарыхый далилдер менен сүрөттөөгө мүмкүнчүлүк жок. Анткени, тарыхы илиминде биз жогор жакта айтып өткөндөй биздин замандын башындагы болжолдуу 500 жылдык мезгил жөнүндө тарыхый изилдөөлөр өз жемишин бере элек. Бирок, ал мезгилде кыргыздардын бир тармагы Чыгыш Түркстан аркылуу Алтайга ооп (эпосто Жакып баштаган топ), дагы бир тармагы (Чыгыш Түркстандагы Турпан ойдуңунда калып, (эпосто Бай баштаган топ), ал эми кыргыздардын чоң тобу азыркы Кыргызстандын чөлөмүндө жана ага канаатташ жерлерде калып (эпосто Көкөтөй менен Кошойдун, Төштүктүн эли) мамлекеттүүлүгү тараса да элдигин жоготпой өмүр сүрүп келе бергендигин божомолдоого болот. Албетте, бул процессти изилдөө али кыргыз тарыхчыларынын келерки милдети.
I-V кылымдарда жана андан кийинки доорлордо кыргыздар Теңир-Тоо жана Жети-Суу аймагында жашап келгендиги жөнүндө азыркы тарыхта далилдер арбын. Ал эми Х кылымдан тартып кыргыздар Тянь-Шан чөлкөмүндө биротоло жашаган. Демек, биздин замандын дээрлик миң жылдык мөөнөтүндө (I-X кылымдар) кыргыздар байыркы ата-мекенинде, ал эми дагы бир чоң бөлүгү VI кылымдан тартып Енисейде жашап турган жана мамлекеттүүлүктү өнүктүргөн деп божомолдоо абзел.
Х кылымдагы автор Истахри жана "Худуд ал-Алам" кол жазмасынын белгисиз автору төмөнкү маалыматтарды берет. Истахриде кыргыздар Ысык-Көлдө болгондугу айтылса, "Худуд ал-Аламда" Жети-Сууну кыргыз урууларынын жердегендиги бир нече жолу эскертилет. "Худуд ал-Аламдын" белгисиз автору чигилдер түндүктө кыргыздар менен чектешкендигин маалымдайт, ал эми чигилдер Ысык-Көлдүн жака белинде жашагандыгы белгилүү. Ушул маалыматтарды жана Гардизинин маалыматтарын өз ара салыштыруу менен кыргыздар Х к. карата Енисейден башка Жети-Сууда тухси менен чигил урууларынын ортосунда жана түндүктө талааларда кимактар менен чектеш турушкандыгын белгилөөгө болот0.
Тянь-Шанда, Түркстанда жана Мавераннахрда кыргыз уруулары эчактан бери эле конуп-көчүп, отурукташып жашап келгендигин Француз Улуттук китепканасында сакталып турган Аль-Истахринин "Климаттардын китеби" кол жазмасында жана Ибн-Хаукалдын "Жолдор жана облустардын китебиндеги" маалыматтар чагылдырат. Анда кыргыздар карлыктар менен коңшулаш турушат, кыргыздардан жогоруда (Жейхун дарыясынын) жикилдер жердешет деген маалыматтар бар. X к. саякат жасаган Абу-Долеф тогузгуздардын жеринен кыргыздардын жергесине өтүп төмөнкүдөй сүрөттөп жазат: "Кыргыздар күрүч, таруу жана төөнүн этинен башка уйдун, койдун, эчкинин эттери менен тамактанышат. Алардын сыйынуучу чиркөөсү бар, жазууда камышты пайдаланышат. Эл өзү акыл-эстүү, баам-парасаттуу. Күйүп турган шамды өзү өчмөйүнчө өчүрүшпөйт. Сыйынууда өзгөчө бир калыптагы ыргактуу тилди колдонушат. Мускус бар, бирок аз. Бир жылда үч майрамы бар. Туулары жашыл түстө. Түштүк тарапты карап сыйынышат. Сатурн жана Чолпон жылдыздарына табынышат, Марсты жамандыктын белгиси деп түшүнүшөт. Жапайы жаныбарлар өтө арбын. Түнү күйүүчү таштары бар, бирок өлкөдөн сырт жактарда күйбөйт. Журт эгесинин бийлиги өтө чоң, анын жанында жашы кырктан ашпаган эч кимдин отурууга акысы жок. Бул жерди бир ай бою тынч жана толук коопсуздукта басып өттүк" деп жазган0.
Алтайда алгач хан көтөрүлүп, курулган кыргыз мамлекети мурунку “ата журту” Ала-Тоого көчүп келгенден кийин өзүнүн конфедеративдүү биримдигин көрсөткөн мамлекеттик белгилерге ээ боло баштаган. Ал белгилердин негизгиси мамлекеттин чөлкөмдүк жалпылыгы болгон. Манастагы Көкөтөйдүн ашы чакырылган Каркыранын кең түзүнө түрдүү жактардан келген элдин кылкылдап толушу жөнүндө эпизод Манастын мамлекетинин чөлкөмдүк жалпылыгын чагылдырып турат. Көкөтөйдүн ашына тыягы Алтай менен Каңгайдан, быягы Кырым менен Урумдан, тиги жагы Ооган, Ирандан, Индостандан, чыгышы Бээжин. Кебез-Тоодон, батыш жагы Оролдон, бери жагы Үргөнч менен Букардан, Анжыян, Алайдан, Сары-Аркадан сансыз мейман келип түшөт.
Манастын Ак-Ордону Таласка орнотуп, Ата-Мекенин аныктап жашап турушунун, кыргыз мамлекетинин чөлкөмдүк биримдигинин мисалы төмөнкү саптардан көрүнүп тургансыйт: “Ата уулулар, малдуулар Алайды барып жайласын. Башы Жылдыз, Каркыра Байкаган жетер баркына, Баш тартпагын өлүмдөн Бабаңдын калган наркына0.
Х к. тиешелүү "Худуд ал-Алам" аттуу кол жазмада түштүктөн - Тибеттен, түндүктө - кыргыз Ала-Тоосун карай созулуп жаткан Манас тоо кыркасы тууралуу жана Жети-Сууда жашаган кыргыз уруулары жөнүндө сөз жүрөт. Кол жазмада кыргыздар менен тогуз-огуздардын коңшу тургандыгы, ошондой эле түндүктө жана чыгышта кыргыздар менен кимактар Иртышты бойлой жанаша жашагандыгы бир нече ирет эскертилет. Текстте кыргыздар чыгыштан Кытай жана Чыгыш океанга, түштүктө тогуз-огуздар жана карлуктар менен чектеш, батышта кимактар, түндүктө - чексиз мейкиндик менен чектешкен. Тогуз-огуздардын башчысы ээлеп отурган карлуктардын Пенчул (Вень Су – азыркы Үч-Турпан) аттуу бир шаары "азыр кыргыздардын ээлигинде" деп айтылат кол жазмада.
Бул маалыматтарды Гардизинин маалыматтары менен салыштыруу аркылуу кыргыздардын Энесайдан башка Алтайда, Чыгыш Түркстанда (Пенчуль), Жети-Сууда, Чүй өрөөнүндө тухси менен чигилдердин ортосунда, Таласта жана Жети-Суудан жогорураакта кимактардын талаасында жашагандыгын билебиз. Ошентип, Энесай жана Алтайдан башка дагы үч жерде кыргыздардын өз алдынча топтору Жети-Суунун өзүндө, ага жакынкы түштүк-чыгышта жана түндүктө болгон. Мындай маалыматтар жалгыз эмес, кытайлык "Вэйлио" булагы кыргыздарды (гегунь) Жети-Суунун түндүк жагында деп көрсөтөт0. В.В.Бартольд да кыргыздар улуу держава кезинде өздөрүнүн ээликтерин түштүк-батышты көздөй кеңейтип отурушканын белгилейт. Ушундай эле ойду ал бир топ илгери "кыргыздар карлуктар менен биримдикте тогуз-огуздарга каршы чыгышкан жана азыркы мекендеген жери Жети-Суунун бир бөлүгүн ээлешкен" деп айтканы бар0.
Ошентип, Кыргыз мамлекетинин экинчи куралышы (эпосто Манастын Таластагы мамлекети) Энесайдын көз жетпеген жайыттарынан Саян-Алтай бел-белестерине, моңгол жеринин тоо-түздөрүнө, Жети-Суу, Теңир-Тоого чейин жеткен.
“Улуу Кыргыз дөөлөтү” мезгилиндеги тарыхый маалыматтарды мисалга алсак, Кыргыздардын куралган экинчи мамлекеттүүлүгүнүн, конфедеративдүү өлкөсүнүн чек аралары Таншунун маалыматы боюнча уйгур жеринен чыкса төө менен 40 күндө жете турган аймакта турган делет. Эгерде төөнүн бир күндүк жүрүшүн 30—50 км деп аныктай турган болсок, анда бул аралык дээрлик 2000 км ге барабар келет. Мындай болгондо кыргыздардын өкүмдарынын ордосу, болжол менен, Енисей аймагында, ага Абакан суусу куйган ченде орун алган болот. Кытайлар жазып көрсөткөн жол уйгурлардын ордосунан Хягас өлкөсүнө Селенга суусун кечип өтүп, Косогөл көлүнүн чыгыш тарабына жакын жерден кеткен. Кыргыздардын чыгыш чектери Селенгага, демек, Байкалга да өтө жакын канатташ жатса керек.
Кыргыздардын түштүк чек арасы Чыгыш Түркстан менен, же Таншу билдиргендей, Турфан менен канатташ болгон, башкача айтканда Жети-Суу менен түздөн-түз коңшу турган. Мына ошентип, Алтай кыргыз уруулары жайгашкан аймактарга кирип отурат. Буга карлуктар кыргыздардын түштүк-батыш кошунасы болгондугу да далил болот.
Кыргыздардын таралышынын чек аралары биздин заманга чейинки доорлордон биздин замандын X кылымына чейинки бери эле дегенде 1300 жыл мезгилинде жоокерчилик замандын капшабы менен улам өзгөрүлүп турса да алардын ошол доорлордогу чек араларын негизинен байкоого болот. Ошону менен бирге айрым кыргыз урууларынын андан ары алыскы батышка кирип барганын айгинелеген фактылар бар. Мындай деп айтууга бизди Таластын жогору жагында табылган кыргыз тибиндеги эстелик жазуулар0 жана Чыгыш Казакстандын Бахты айылы ченде кокустан табылган кытай күзгүсүндөгү кыргыз эпиграфикасы негиз болуп отурат0.
Кыргыздардын Жети-Сууда таралышы жөнүндөгү толгон фактылар бар. Алардын айрымдарын айта кетели. Таншу булагында кыргыздардын түштүктө Тянь-Шань тоолоруна чейин жеткени айтылат0. Тянь-Шань тоолорун демейде Саяндар деп атоо кабыл алынган, бирок аталган тоо кыргыздардын түштүк-чыгыш чек арасы болсо керек. Түштүк чек ара жөнүндөгү бул пикир биз жогоруда көрсөткөн Чыгыш Түркстанга карама-каршы келбейт.
Көрсөтүлгөн чек аралар кыргыз урууларынын таралышынын чек аралары болуп саналат, бирок аларды кыргыз мамлекетинин чек арасы деп саноо илимий жактан аша чапкандык болор эле. Кытай тарыхы кайсы бир эл жөнүндө жазганда аны өз алдынча бөлүп, ал кайсы гана контексттерде учурабасын ошол уруулар жөнүндөгү бардык маалыматтарды топтогон. Башка сөз менен айтканда, кыргыз уруулары тараган аймактар кытай булактары тарабынан сөзсүз түрдө кыргыз мамлекетинин курамына киргизилген. Бирок, булл чынында эле андай эмес. Башка булактар менен салыштырууда анын каталарын табу анча деле кыйынчылыкка турбайт. Ошентсе да болжолдуу түрдө кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн Манас эпосунда чагылышын баамдоо толук мүмкүн деп эсептейбиз.
Мамлекеттик уюштуруу жана башкаруу органдары.
Аскердик демократия
“Манас” эпосундагы кыргыз коому байыркы көчмөн демократиясына негизделген принциптер менен жашап келсе, “Улуу Кыргыз дөөлөтүнөн” кийинки замандарда “варварчылыктан цивилизацияга өтүүнүн” процесси аяктай баштаган. Эми кыргыз коомчулугунда “хан”, “бек”, “бай”, “кедей”,“кул”, “күң” сыяктуу социалдык катмарлар калыптанып, таптык коомдун көрүнүштөрү үстөмдүк кыла баштаган. Эгер аскер демократиясы Манастын мезгилине туура келсе, цивилизация Семетейдин, айрыкча Сейтектин, жана анын урпактарынын мезгилин чагылдырат. Эгер Манас мезгилинде ата-мекен табуу, өз алдынча мамлекеттүүлүктү калыбына келтирүү, кыргыз өлкөсүнүн чөлкөмдүк биримдигин, чегаралык бүтүндүгүн камсыз кылуу сыяктуу мекенчил идеялар башкы орунда туруп, алар үчүн күрөш жүрсө, эми Семетейдин, Сейтектин мезгилинде кыргыз коомчулугунун ички ыйкы-тыйкылары, уруу-уруулук өз ара чатактары, кырчылдашкан так талашуулар сүрөттөлөт.
Манас доорундагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизги белгилери жөнүндө маалымат далилдер эпостун салттуу саптарынын көп жеринде орун алган. Эң оболу Манас эпосунда мамлекеттиктин символдору болгон туу, асаба байрак, желек, мөөр, таажы, хан, бек, бий, баатыр, сынчы, чечен, кул, күң сыяктуу көптөгөн терминдер колдонулат.
Мамлекетти башкаруу аппараты түшүнүгү да “Манас” эпосунда далилдүү берилген. Бардык чечимдердин жеке адамдын эрки менен эмес, акылман аксакалдардын кеңеши менен, ири чечимдердин “курултай” аркылуу алынышы Манас баатыр баштаган мамлекеттин ички жана тышкы турмушу көчмөн демократиясынын, куру эле дегенде “аскер демократиясынын” принциптерине негизделип тургандыгын көрсөтүүгө болот. Эпосто тигил же бул чечим кабыл алынгандан кийин сөзсүз той, баатырдык оюн-зоок же салбуурун менен коштолгон. Манастын Бакай, Кошой, Каныкей сындуу жакын кеңешчилери, Алмамбет, Чубак, Сыргак сыяктуу жакын нөкөрлөрү, Кыргыл чал баштаган кырк чоросу негизги чечимдерди кабыл алуунун бардык этаптарында катышат. Алар кээде Манаска макул болушпай, чырлашып да кетишет. Бул көрүнүштөр мамлекетти башкаруучу катары кабыл алынган саясий-аскердик элитанын укуктарынын бирдейлигин, атүгүл тойго (курултайга) катышкан элдин ар бир адамынын укуктарынын жерге тепселип калбагандыгын далилдеп турат. Демек, Манастын мамлекети көөнө көчмөн демократиясынын коому, өлкөсү жана мамлекети болгон деген тыянак чыгарууга түртөт.
Эпостогу мамлекеттик башкаруу менен кыргыз тарыхындагы мамлекеттүүлүктүн өнүгүү процессин салыштырганда кыргыз коомунун түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү аны кадимки феодалдык түзүлүштөн айырмаланып тургандыгын байкоого болот. Муну кытай булактарынан издеп көрөлү. Чындыгында, кытайлар бөлөк элдер жөнүндө жазганда, алардын коомдук түзүлүшүн өз мамлекетинин түзүлүшү менен салыштырып сүрөттөшкөн. Алсак, кыргыздар жөнүндө жазганда аларда чынында да феодалдык иерархия болгон сыяктуу баяндайт. Мисалы: «Ажо Кара-Тоодо турат. Анын конушу кыска, жоон жыгач мамылар менен курчалган. Анын кийиз менен жабылган чатыр үйү бар, ал Мидичжи деп аталат. Бектери кичирээк чатырларда жашашат. Аскер бардык муундардан топтолот. Алман төлөөчүлөр киш жана тыйын чычкан терилерин төгүшөт. Кызматчылар төрт баскычка бөлүнөт, алар: министрлер, башкы башкаруучулар, башкаруучулар, иш башкаруучулар, жетекчилер жана дагандар (тархандар). Министрлери жетөө, башкы башкаруучулары — үчөө, башкаруучулары — он. Алардын баары аскер кол башчылары. Иш башкаруучулары он беш деп эсептелинет; жетекчилери менен дагандарынын чини жок»0. Бул фактылар чынында феодализмдин классикалык белгилерин бере албайт. Ошондой болсо да мамлекеттүүлүктүн баштапкы этабын мүнөздөгөн конфедеративдүү кыргыз мамлекеттүүлүгү Манас эпосунда жеткиликтүү чагылдырылган десек жаңылбайбыз.
“Манас” эпосунда байыркы кыргыз коомчулугунда баатырдык, жоокердик идея культ катары кабыл алынгандыгын далилдеген фактылар арбын. Аталган идеологиянын Манастын образынын атчан жоокер катары көрүнүшү б.з.ч. III кылымдардан эле башталган байыркы кыргыздардын, айрыкча VI-IX кк. Эне-Сай доорунда калыптангандыгынан байкалат. Атчан жоокерчилик - аска сүрөттөрүнүн негизги мотиви. Атчандар адатта оор жарактуу болуп тартылган. Булар - соот-чопкут менен жылчыксыз корголгон рыцарлар. Кыргыз баатырлары Бөлөкпай уста жасаган жоо-жарактарды, Каныкейдин уздары жасаган аскер жабдыктарын кийүү аркылуу аскердик иштерде, кандуу кагылыштарда колдоно билген. Муну белгилүү археологдордун чыгармалары да далилдеп турат0. Бул сүрөттөөлөргө караганда атчан кыргыз жоокерлеринин негизги куралдары саадактуу жаа (алеңгир жаа же ышкырык чыккан жебелер менен жабдылган жаа), желектүү найза (түпөктүү, бөрү тилдүү сыр найза), “нар кескен” айбалта, “шиберге койсо өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен” асмандан жааган метеорит темиринен жасалган “албарс” кылыч, мыктуу чочмор (күрсү), буканын териси капталган темир калкан, ошондой эле калкалоочу кийимдери: соот, чарайна, “ак олпок”, туулга, жоо бут кийим болгон. Алардын минген аттары буттарынын учуна чейин үртүктөлгөн же майда темир пластинкалардан жасалган соот менен калкаланган. Манастын эпосто сүрөттөлгөн жоо кийими, курал жарагы аталган аска сүрөттөгү курал – жарак, жоо кийими менен бирдей. Башкача айтканда байыркы атчан кыргыз жоокеринин келбети көркөм сүрөттөгү жана көркөм сөздөгү чагылдырылышы катары көрүнөт.
Кыргыздарда өзүнүн уруусуна бекемдиги, ата-баладан келе жаткан идея катары элине берилгендиги баатырдык доордун эң башкы сапаттардын бири болгон. Байыркы таштагы жазуулардан төмөнкүдөй саптарды окуйбуз: "Бөрү башына иш түшкөндө өзүнүн кичине бөрүлөрүн таштап кетет, ал эми барс эч качан таштабайт". Барс жаныбарынын аты күч-кубат символу катары кыргыз урууларынын башчыларына ыйгарылган. Кыргыз жоокери уруштан качса, башы кесилген, милдетин аткара албаган элчинин көргөн күнү да ушундай болгон. Бул жол башчынын эмес, элдин талабынан келип чыккан. Саткындын жазасы өлүм делген. Коркоктук элдешсиз жазаланган. Кыргыздын туусун бекем туткан, чачылган урууларды бооруна кысып бириктирген аты белгисиз кыргыз ажосу 840-жылы Уйгур каганына "Сенин күнүң бүттү. Мен жакында сенин алтын ордоңду алам, анын алдына атымды байлап, туумду саям. Эгерде согушам десең токтобой кел, болбосо тез жоголгун" деп айткандыгы Манас баатырдын Чоң казаттагы эрдиктерине окшошуп тургандыгын байкоо кыйын эмес.
Манас эпосундагы алгачкы кыргыз мамлекетинин дагы бир мүнөздүү белгиси - бул уруулук түзүлүштөн “цивилизацияга” өтө баштаган доордо кыргыз коомчулугунда байкала баштаган “элдин социалдык жиктелиши жана реалдуу турмушу”. Бул көрүнүш Манастагы төмөнкү окуяда чагылып турат. Бай Жакыптын Алтайдагы тапкан байлыгын уулу хан Манас мамлекеттин беделин бекемдөө, азган-тозгон элдин жыргалчылыгын көтөрүү үчүн сарптап жибергендигине нааразы болуп, анын уулуна айткан катаал жемесине таарынган Манас “кара ниет атама, кыжылдашып нетейин, атанын каарын укканча, бир жакка тентип кетейин” деп, эч бир жанга көрүнбөй, түнү менен Таластын Беш-Ташын ашып, Анжыян тарапка кирип кетет. Анжыяндын Боз-Талаасынан жолуккан баба-дыйкан аксакал абышканын кеңеши менен “куу дүйнө жыйып, мал күтүп, не муратка жетейин, андан көрө мен эми, аштыкчы болуп кетейин”, деп Манас Боз-Талаага байырлап, дыйканчылык кылганга өтөт. Күз келип, аштык бышканда баба-дыйкан аксакал экөө кырман толо кызыл алышат. Манас Карача деген даражалуу адамдан кайыптан бүткөн Аккуланы буудайга алмашып алат. Көп өтпөй Боз-Талаага Бакай, Сыргак, Чубактар күтүүсүз келип калышат. Алар Манасты издешип, кечпеген суусу, баспаган тоосу, барбаган жери калбаптыр. Бакай: “Таарындым Жакып чалга деп, талаада жатып алба деп, милдетин алгын элиндин, намысын күткүн жериңдин”, - деп Манаска бек, бек айтат. Манас айтса-айтпаса төгүнбү, деп Аккуланы минип, Айманбозду жетелеп, баатырлары менен Таласка жүрүп кетет.
Кыргыз коомундагы социалдык жиктешүү
Жогоруда келтирилген материалдар кыргыз коомунда мүлктүк теңсиздик орун алганын жетишерлик даражада айгинелеп турат. Бирок мүлк жагындагы теңсиздик уруулук түзүлүштүн бардык көрүнүштөрүн жок кылып жибере алган эмес, анткени уруу төбөлдөрү анын сакталып турушуна кызыктар болгон. Кыргыз коомунун түзүлүшүндөгу уруулук-демократиялык жана социалдык жиктешүү чырмалышып кеткенин эпосто көрүүгө болот. Кыргыздардагы көчмөн мал чарбачылыгы үй-бүлөлөрдүн ортосунда көчүү-конуу жайларын жана жер аянттарын чектөөнү жана байлар тарабынан жалпы жамааттык жерди тартып, ээлеп алуу мүмкүнчүлүгүн шарттаган. Кыргыз эстелик тексттеринде ушундай маалыматтар бар. Анда жер аянттарынын тигил же бул адамдарга таандык экендиги жөнүндө, «өз жери» жөнүндө бир нече жолу сөз болот. Кайсы бир учурда (Бегре) өлгөн адам тарабынан «мен кайын атамдын конуш жайынан бөлүндүм» деп айтылат.
Манас доорундагы кыргыз коомчулугунда жеке ээлик түрүндөгү жайыт жерлердин майдаланып, ээликтерге бөлүнүп кекткендигине далилдер көп. Ошол эле учурда жр ээликтеринин пайда болушу дегенибиз мүлк жагындагы, атап айтканда, малга ээлик кылуудагы теңсиздиктин да келип чыгышын көрсөтөт. Кытай булактары кыргыздарда үйлөнүү учурунда көп малдан турган калың берген бай мал чарбачылар жөнүндө айтат. Кытай тексти «байлар калың үчүн жүз жана миң баш мал (жылкы жана кой) беришет» деп билдирет0.
Уюк Туран эстелигиндеги тексте мындай сөздөр бар: «Мен жыйырма үч жашымда бөлүндүм, Эгюк Катун жеримден бөлүндүм, теңирим жараткан элимден, асыранды уулдарымдан, өз уулдарымдан, алты миң жылкымдан, тулпар ханымдан, букарамдан, бактылуу шериктеримден бөлүндүм. Элимдин, курдаш эрлердин, бардык эрлердин, уулдарымдын жана күйөө балдарымдын, келиндеримдин убайларын толук көрбөй кеттим». Бул жазуунун башка бир бөлүгүндө мындай деп айтылат: «Куйдагы кунчуюмдан, балдарым силерден бөлүндүм, баарыңардын ырахатыңарды көрбөй кеттим. Күңдөрүмдөн, шериктеримден бөлүндүм»0.
Кытай булактарында кыргыздардын жогорку өкүмдары «ажо» деп эсептелинет. Анын энчилүү туусу бар. Башкалары муундардын аты менен атала берет. Киш жана сүлөөсүн терилеринен асыл кийимдер тигилет. Ажо кышында киш тебетей, жайкысын — курбусу алтындалган, төбөсү бийик, этеги кайрылган калпак киет. Калгандары ак кийиз калпак кийишет0. Рашид ад-Дин кыргыздардын жогорку өкүмдарынын «еди» титулу бар экенин белгилейт0. Сыягы, Ажо ушул титулдун транскрипциясы болсо керек. Анын үстүнө чыгыш түрктөрү кыргыз өкүмдарын «адикут» титулу менен да аташкан.
Эмнеси болсо да, руна тексттеринде негизги бийлик күчүн бектер түзүшкөн, бирок байыркы кыргыз коомунда борбордошкон күчтүү бийлик болгон эмес. Кыргыз коомунун өз-өзүнчө турган жамааттарынын бытырандылыгы, Мында биринчи орунда бек жана анын карамагындагы кара будун турган.
Байыркы кыргыз коомунун негизги өндүргүч күчү кедей мал чарбачылардан, керт башы эркин калктан — «кара будундардан» турган. Кара будундар ак сөөктөргө карама-каршы турган, бул Чакул эстелик жазуусунда ачык эле көрүнүп турат: «мен кара будунумдан, ошондой эле өз элимден бөлүндүм»0. «Кара будун» же жөн эле «будун» терминин кыргыз элинин катардагы мүчөлөрү катарында түшүнүү керек. Бектер «эш», «эр» же «алп» — баатыр, балбан деген ардактуу титулдарды алып жүрүшкөн.
Кыргыздардын тез-тез болуп туруучу согуштары аларга көп сандаган байлыктарды гана бербестен, согуш туткундарын да берген. Алар «кул» катары пайдаланылган. Тексттерде кулдар өз термини менен белгиленген. Алсак, мисалы, кул аялдар — ойнош-күңдөн — «кунчуйдан айырмаланып, «куни» деп аталган. Эркек кулдар «киши казгантым», башкача айтканда бул «менин тутунган адамдарым» деген термин менен берилген0. Кыязы, «киши» деген термин, кордогон мааниде, бектин жалчылары, кулдары жана малайлары деген түшүнүктү берсе керек.
Ата «кан» термини менен аталган. Үйдүн башкы байбичеси «катун» деген титулду алып жүргөн; «апа» — «чоң ата», түп ата; «ача» — эже, «ачи» — улуу бир тууган (же уул); «ини» — кенже бир тууган (же уул); «келин» — уулдун, ининин аялы; «кудугэ» — күйөө бала; «кадын» — кайын ата; «огул» жана «улы» — уул; «кыз» — кызы. Аял жагынан тууганчылыктын номенклатурасы толук эмес, эркек жагынан бир кыйла толук иштелип чыкканы мүнөздүү. Бул үй-бүлө жана нике мамилелеринин патриархалдык мүнөзүн дагы бир жолу ачык ырастап турат.
Аял жагы үчүн жалпыланган терминология мүнөздүү. Эненин өз тукуму үчүн «кыз, оглы» термини, үй-бүлөгө сырттан келгенге — «келин, оглы» терминдери колдонулган. Кыязы, «келин» термини аялды калың берип алууга байланыштуу болсо керек, ал эми «келин» жана «калым» терминдеринин теги бир болушу мүмкүн. Калың жөнүндө бүткүл көчмөн түрк элдери үчүн мүнөздүү болгон кыргыздардагы никелешүүнү баяндаган кытай булагы да эскерет. «Үйлөнгөндө калыңына жылкы жана кой берилет»0.
Чарбалык жалпылык элдин жыргалчылыгын камсыз кылуунун шарты
«Манас» эпосунда Кыргыз мамлекетинин элинин чарбасы, соода-сатык мамилелери толук чагылып турат. Анда Улуу Жибек Жолунун бардык маршруттарын да, анда жүргүзүлгөн товарлардын түрлөрүн да баамдоого болот. Эпостогу кездеме-маталардын, жибек кездемелеринин аталыштарынын арбындыгы, мисалы “торгун”, “тубар” деп аталган кытай жибектеринин аттары, баалуу асыл таштар, күмүштөр жана башкалар Манастын өлкөсүнүн Улуу Жибек Жолунда зор маанси болгондугунан кабар берет.
840-жылдан кийинки 50-60 жыл чамасында орногон “Улуу Кыргыз дөөлөтү” мезгили кыргыздын гүлдөгөн заманы катары легендага айланган. Кыргыздардын орто кылымдардагы мамлекетинин даңкы далайга кеткендигин Азербайжан ойчулу Низами Гянджевинин XII кылымда жазган «Искендер-намэ» поэмасында келтирилген бир легенда ырастап турат. Анда Кыргыз деген бактылуу өлкө бар, анын ордо калаасы укмуш, бир кезде анда алардын ажосу Искендер Зулкарнайынды улуу колбашчы катары эмес, урматтуу конок катары кабыл алган. Дүйнөнүн жарымын каратып алган Искендер кыргыздардын шаарындагы тартипти жана жыргалчылыкты көрүп таң калган. Мөмөлүү бакты, миңдеген малды, асыл буюмдар сакталган дүкөндөрдү эч ким кайтарбай эле, баары түгөл турат экен. Кыргыздардын падышасы менен эли бири-бирине төп келип, эч кандай нааразылыктар жок экен. Кыргыздардын арасында байы да, кедейи да, каардуусу да, кыйналганы да жок экен. Низаминин айтуусу боюнча бул Кыргыз хандыгы бактылуулуктун, байгерчиликтин, бир туугандыктын жана теңдиктин өлкөсү болуптур.
Бул легенда Эне-Сай кыргыз каганатынын башка мамлекеттерден өзгөчөлүгүн көрсөтүп тургандыгын байкоого болот. Демек, мындай тартип жана жашоо образынын болушу курултайларда иштелип чыккан укуктук-нормативдик эрежелердин негизинде ишке ашкандыгында күмөн жок.
VII к. карата кыргыздар жөнүндө археологиялык да, жазма маалыматтар енисейлик кыргыздардын экономикасын, бир аз социалдык түзүлүшүн жана искусствосун чагылдырып турат. Кытай булактарында хакас0 деген ат менен кыргыздар жөнүндө толук баяндамалар бар, перс жана араб тарыхчылары менен географтары да кыргыздардын мекенин, турмуш-тиричилигин, орун алып турган аймагын толук жазып көрсөтүшөт.Булактардын негизинде Енисейдеги кыргыздардын VIII—X кк., алардын өзгөчө гүлдөп, күч-кубатка жетишип турган мезгилиндеги тарыхын баяндоого болот.
Енисей эстелик жазууларынын негизги көпчүлүгү VII кылымга таандык. Эстеликтердеги тексттердин көпчүлүгү белгилүү бир трафарет боюнча жазылган. Адегенде өлгөн адам өзү «бөлүнүп» кетип жаткан дүйнөдөгү бардык нерселер жөнүндө айтылат, экинчи бөлүгүндө маркумдун өзү «убайын, жыргалын көрбөй» кеткен нерселер жөнүндө айтылат. Бул тексттерде ошондой эле анын байлыгы, ага-туугандары, өзү жашаган системадагы коомдук мамилелер жөнүндө айтылат.
Чыныда чарба жөнүндө эстеликтерде маалыматтар аз. Бирок, Манас доорундагы кыргыз коомунун чарбасын аныктоого жетишерлик маалымат бар. Мисалы,эстеликтердин биринде маркумдун 6000 жылкысы (Уюк Туран), дагы биринде маркумдун койлору, уйлары, эки үйү ж.б. болгону айтылат (Элегей). Малга мал ээсинин тамгалары басылган (Ачура). Кыязы мал кыргыз ак сөөктөрүнүн негизги байлыгын түзсө керек. Эстелик жазуулардын биринде, мал үчүн анын согушка же жайлоого «барганы» айтылат0. Кытай жылнаамасы да мал чарбачылыгынын өскөнүн көрсөтүп турат: «Жылкылары семиз жана ирдүү келет, чарпышып-алышканда кимиси күчтүүлүк кылса ошол мыкты деп эсептелинет. Төөлөрү жана уйлары бар, уйлар менен койлор көбүрөөк. Бай дыйкандардын бир нече миң баш малы бар». Кыргыздардын кийиз боз үйлөрдө жашаганы, кийим үчүн кой терисин пайдаланганы, эт жана бээнин сүтү (кымыз) менен тамактанышары да мал чарбачылыгы жөнүндө айтып турат. Жогоруда келтирилип кеткен 6000 жылкы жөнүндөгү кабар апырткандык эмес, анткени кытай жылнаамалары да байларда бир нече миң баш мал болгонун билдирет.
VIII—X кк. таандык бейит коргондордо табылган буюм-тайымдар Кыргыз мамлекетинин тургундарынын чарбачылыгынын көчмөн мүнөзүн жана жашоо-турмушунун жоокерчилик түрүн өтө далилдүү көрсөтүп турат.Сөөк пластиналар менен капталган жаа, темирден согулуп жасалган чоң жазы жебелер сыяктуу жоо-жарактар бар. Ээрдин темир үзөнгүсү бар, ээр токум жана ат жабдыктар өсүмдүк жана айбанаттар түрүндөгү татаал оймо-чиймелер менен шөкөттөлгөн0. Кытай булактары маалымдагандай, кыргыздар «ар-намыстуу жана туруктуу» келет, алар «согушта жааны жана тууну колдонушат. Атчандар колу менен буттарын жыгач калкандар менен жаап алышат; ал эми ийиндерине тегерек чарайна кийип алышат, алар курч жебеден жана кылычтан сактайт». Салт боюнча, салгылаштан корккон кыргыз жоокердин башы алынган0.
Чарбачылыгында дыйканчылык олуттуу орунду ээлеген, бирок бул жөнүндө руна тексттеринде бирин-серин гана, «тарлыг» — айдоо жер (Улупсем Кули Кем) жөнүндөгү эскерүүлөр бар. Жогоруда келтирилген кытай маалыматтарында кытайлар кыргыз дыйкандарын билишкендиги көрүнүп турат. Анда төмөнкүдөй бир кабар бар: «Таруу, арпа, буудай жана гималай арпасын эгишет. Унду кол тегирмен менен тартышат, үрөндү ай жылынын үчүнчү айында себишет да, тогузунчу айында оруп-жыйнашат (апрель жана октябрь). Боткодон ачытып шарап жасашат. Мөмө-жемиш бак-дарактары жок, короосунда жашылчалар да болбойт»0. Дыйканчылык археологиялык материалдар менен да далилденет. Кетмендин ордуна эми темир тиштүү соко пайда болгон, ага өгүздү же уйду чегишкен. Темир ороктор да көп тарай баштаган. Коло доорундагы данды колдо сүргүлөп, жанчып майдалоонун ордуна жаргылчак пайда болгон, бул жөнүндө кытай булагы жана археологиялык табылгалар да билдирет0. Соконун темир тиштери тараган аймактарды байкоо кургакчыл райондор да өздөштүрүлө баштаганын көрсөтөт, мында түшүм сууну каналдар аркылуу алып келүү менен камсыз кылынган0.
Археолог С. Киселев тоонун бийик жеринен суу алып келе турган каналды изилдеп, суу жолдо кезиккен дөңсөөлөр менен аңдан аскага атайылап оюлуп жасалган ноолор аркылуу алып келинерин, суу агып түшө турган жерлерге таш төшөлүп, суунун агымы андан ары уланып отурарын байкаган0.
Кыргыздардын ушул негизги эки ишмерлиги менен катар эле аңчылык да кеңири тараган, бул Бегренин жана Алтун көл эстелик жазууларында эскерилген0. Кытайлар кыргыздардын өлкөсүндө тарпандар, эликтер, мүйүздүү, кара куйрук эчкилер, ал эми дарыяларында «жети фут жылмакай жана сөөгү жок, оозу мурдунун астында болгон» балыктар бар экенин кабарлайт.0 Табылган гарпундар менен кайырмактар кыргыздарда балыкчылык болгонунан кабар берет, ал эми аң уулоо учурлары аскадагы жазууларда көп жолу чагылдырылган. X—XI кк. болсо аң уулоо жөнүндө мусулман булактары да билдирет.
Салык төлөөчү кыргыздар салык үчүн киш жана тыйын чычкан терилерин тапшырышкан. Эстеликтердеги жазууларда соода-сатыкта алмашуу баалуулугу катарында улам көбүрөөк мааниге ээ болуп бараткан алтын менен күмүшкө чоң маани берилген. Руна тексттеринде аларды казып алууну баяндоого көп көңүл бөлүнөт, ал эми алардын мүрзөдөн табылышы көмүлгөн адамды мүнөздөө үчүн олуттуу мааниси бар.
Руханий, идеологиялык жалпылык
«Манас» эпосунда чагылдырылган идеологиялык биримдик түрк элдеринин башка эпосторунда, мисалы огуз-намэ сыяктуу дастандарда чагылган идеологиялык биримдиктен алда канча бийигирээк деңгээлге жеткендиги бавйкалат. Мисалы, Огуз-намэде огуздардын айланасында башка түрк урууларынын гана этникалык биригүүсү чагылдырылса, Манаста түрлүү түрк элдери гана эмес, башка түрк эмес элдердин да Манастын “Эл” деп аталган коомунун курамында, кыргыз элинин тегерегине саясий мамлекеттик биригүү идеясы көтөрүлгөн. Бул, чынында Манас баатыр баштаган мамлекеттин татаал конфедерациялык түзүлүшүн көрсөтүп турат. Ошол эле учурда “Манас” эпосуна “Огуз-намэнин” тийгизген таасири зор болгондугу, Манастын эпосто дайыма Өгүз кагандын урпагы катары белгиленип тургандыгынан байкоого болот0. “Манас” эпосунда анын “көк жал эр” “көк бөрү”, “Көк Теңирдин уулу” сыяктуу эпитеттер менен коштолуп турушу байыркы жана эрте орто кылымдарда калыптанган түрк мамлекеттик идеологиялык баалуулуктар Манастын мамлекетинин идеологялык башаттарын чагылдырып тургансыйт.
“Манас” эпосунда кыргыз коомчулугунун, мамлекетинин руханий жалпылыгы катары бааланган маданий баалуулуктар жөнүндөгү маалыматтар эң көп учурайт. Алардын ичинен турак-үйлөрдүн типтери, кийимдердин түрү, ат жабдыктары, тамак-аштын түрлөрү кеңири келтирилген. Айрыкча, согуш өнөрүнө байланыштуу курал-жарактардын, атүгүл ар бир баатырга тийешелүү аталыштары менен келтирилген аскер куралдарынын түрлөрү, аскер жабдыктарын даярдоодогу “Каныкейдин сарамжалы” же “Бөлөкбай устанын жасаган куралдары” өзгөчө орунду ээлейт.
«Манас» эпосунда кыргыздардын руханий маданиятынан да кеңири маалыматтар бар. Аларда элдик каада-салт, ырым-жырым, элдик медицина, мифтер боюнча кеңири маалыматтар берилген. Эпосто дүйнөлүк негизги үч дин аталып, мисалы, “мусулман”, “тарса” (несториан) жана “бутпарас” (буддизм), атүгүл “отпарас” (зороастризм), ошондой эле албетте “теңирчилик” сыяктуу диний ишенимдер жөнүндө маалыматтар учурайт. Элдик оюн-зооктордун түрлөрү, музыка, мисалы, 20дан ашуун музыка аспаптарынын түрү, жоокердик музыка жана анын аспаптары (доолбас, керней, сурнай) эпосто кеңири сүрөттөлгөн. Ошондой эле астралдык маданият (жайчылык), жылдыздардын жайгашышына карата өнүккөн астрономиялык түшүнүктөр, жаратылыштын касиеттерин таанып-билүүдөгү жетишкендиктер жана башкалар Манастын мамлекетинин руханий жалпылыкка ээ болушун көрсөтүп турат.
Байыркы мезгилде кыргыздардын коому саясий мамиле жагынан өзүнө алуучу өлкө болсо, маданият жагынан башкаларга берүүчү өлкө болгон. Көчмөн түрктөр, анын ичинде кыргыздар өзгөчө Хань династиясынын тушундагы Кытай маданиятына өз салымын кошкон; Кытай жак көркөм өнөрдөгү реализм үчүн көчмөндөргө милдеттүү, ошону менен бирге көчмөндөр Кытайдан эл аралык мамилелер маданиятын үйрөнүшкөн. VIII к. Монголиядагы түрк эстеликтери VII к. Энесай эстеликтериндеги жаңы гана калыптана баштаган жазуудагы стилине караганда бир топ так структурага жана стилистикага ээ болгон.
Көпөндөгү Чаатастын табылгалары археологдор тарабынан мурда ачылгандар менен чогуу алып караганда, устачылык жана металл эритип куюу өнөрлөрүнүн буюмдары енисейлик кыргыздардын жогорку чеберчилигин көрсөтүп турат. Кытай жылнаамасы да кыргыз өлкөсүндө «алтын, темир жана коло бар» экенин айтат. Кытайлар кыргыздардын кериктин терисин тешип кете турган жоо куралын өтө жогору баалашкан. Кыргыздардын көп сандаган металл кендери жана алардан жасалган буюмдар: сооттор, чөйчөктөр, үзөнгүлөр, ат жабдыктары д.у.с. белгилүү.
Кол өнөрчүлүктүн өнүгүшү кыргыздар менен башка өлкөлөрдүн, атап айтканда, Кытай, Орто Азия жана Тибеттин ортосунда алмашууну пайда кылган. Таншунун маалыматы боюнча «Дашиден (арабдар, Орто Азия) жыйырма чакты төөгө жүктөлүп кооз жибек кездемелер келип турган; кээде жүк көп болсо жыйырма төрт төөгө жүктөп келишкен. Мындай кербен үч жылда бир жолу жөнөтүлүп турган»0.
Кеңири маданий байланыштар жөнүндө айтуу менен бирге, кыргыз жазуусунун пайда болушу жөнүндөгү маселени да коюшубуз керек; бул жөнүндө кытай жылнаамасы да кабарлайт («алардын жазуусу жана тили уйгурлардыкы менен бирдей»). Кыргыздардын жазуусу чыгыш түрктөрдөн кабыл алынган деген пикир болсо да алар кыргыз элине таандык маданий жетишкендик деп таанууга толук негиз бар. Жазуунун пайда болушу менен мүрзөлөргө коюлган таш мамылардын бетиндеги тесттердин тили чынында накта кыргыздардыкы эмес, байыркы расмий түрк тилинин варианты болгондугу маалым. Ошондуктан рун жазууларынын басымдуу көпчүлүгү байыркы кыргыз тилинин өзгөчөлүгүн берүүгө жөндөмсүз. Кыргыз коомунун төбөлдөрү Чыгыш түрк кагандыгынын төбөлдөрү менен өз ара тыгыз мамиледе болушкандыктан, көбүнчө мүрзөлөргө коюла турган эстеликтер үчүн руна жазуусундагы расмий чыгыш түрк тилин кабыл алышканы табигый нерсе.
Манас эпосундагы чагылдырылган доорлорду алып карасак, кыргыз мамлекети, кыргыз коомдук мамилелери жөнөкөйдөн татаалга карай өнүгүп олтурган. Эгер биздин заманга чейинки III-I кылымдардагы байыркы кыргыз мамлекеттүүлүгү (эпос боюнча Ороздунун заманы) аскер демократиясынын принциптеринде турган конфедеративдүү примитивдүү мамлекет болуп эсептелген. Анда туруктуу мамлекеттик аппарат, туруктуу чөлкөмдүк жалпылык жана туруктуу бир тилде сүйлөгөн элдик жана руханий жалпылык жок. Аталган жалпылыктар эми гана сезилип кел жаткандыгын байкоого болот.
Ал эми биздин замандын VI—X кк. карата кыргыздардын коому (Енисей кыргыз мамлекеттүүлүгү) — жогору деңгээлде уюмдашкан көчмөн коом болгондугу ырасталууда. Ал коомдун эли дыйканчылык, мал чарбачылык, аңчылык жана балыкчылык менен кесиптенишкен.
Мал чарбачылыгы менен дыйканчылыктын өнүгүшү, ошондой эле согуштар менен шартталган мүлк жагындагы жиктелүү VI—X кк. кыргыз коомунда социалдык жиктешүүнү күчөткөн. Бири-бирине карама-каршы турган таптардын пайда болушуна алып келген. Бирок, ошол эле учурда таптарга бөлүнүүнүн шартында, уруулук түзүлүштүн жана анын идеологиясынын көрүнүштөрү да сакталып кала берген. Бул өзгөчөлүк кыргыз коомунун үстөмдүк кылуучу төбөлдөрү — өзүлөрүнүн тандалгандардан турган жамаатын — элди түзүп алышкан бектер тарабынан атайылап колдоого алынып, сакталып турган. Уруулук түзүлүштө патриархалдык үй-бүлө басымдуулук кылган. Бирок, энелик укуктун калдыктары мал чарба системасында, дыйканчылыкта сакталып кала берген.
Кыргыз коомунда кол өнөрчүлүгү олуттуу түрдө өнүккөн. Бул факты Манас эпосунда жакшы чагылдырылган. Кен казып алуу өндүрүшүнүн өнүгүшү Кытай, Тибет жана Орто Азия менен соода жана маданий байланыштардын орношуна, кыргыздардын маданияты менен искусствосунун жогорку деңгээлге өсүп жетишине жардам берген. Кыргыз мамлекетинде башка элдерден жана мамлекеттерден айырмаланып, металл өндүрүшү эң жогорку деңгээлге жеткен. “Шиберге койсо өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен” метеориттен (аны темир дебей курч дешкен) жасалган албарс кылычтар жөнүндөгү мисал илгерки кыргыздарды башка элдерден аскер куралдар жагынан жетишкендиктеринен өзгөчөлөп турат. Мүмкүн металл иштетүүнүн мындай жетишкендиги Енисей Кыргыз каганатынын түпкүр кылымдардан бери карай акырындык менен өнүгүп, ички жана тышкы саясатта, айрыкча аскер өнөрү жагынан күч алып, “Улуу кыргыз дөөлөтүн” түзүүгө негиз болуп берген деп божомолдоого болот.
Жыйынтык. Жогоруда «Манас» эпосунун жаралыш доору жана кыргыз улут сыймыгы Манас батыр жашаган заман жөнүндө тарыхчы жана манастаануучу окумуштуулардын илимий ой-туюмдары менен божомолдорун мисалга келтирдик. Манас баатыр жашаган доор жана «Манас» эпосунун жаралыш мезгили биздин заманга чейинки I миң жылдыктан биздин замандын X кылымына чейинки кыргыз элинин тарыхый окуяларына байланышып тураары жөнүндө окмуштуулардын айткандарына да токтолдук. Ал түгүл бул мезгил дүйнөлүк тарых илиминин доорлорго бөлүштүрүү тили менен айтканда алгачкы общиналык коомдон (Льюи Моргандыкы боюнча “варварлык доор”0) цивилизацияга, башкача айтканда уруулар жана тайпалар “эл” деп аталуучу баскычка көтөрүлүп, ал эми алар жашаган коомдо мамлекеттин белгилери, башкача айтканда аймактык жана чарбалык бүтүндүк, экономикалык, тилдик жана идеологиялык жалпылык, социалдык жиктелүү, коомду уюштуруу жана башкаруу органдары пайда болгон жана калыптанган доорду түшүндүрүп турат деген ойго да чарпылдык.
Анткен менен акыркы жыйырма, отуз жылдарда илимде, анын ичинде тарых жана этнология илимдеринде да бир топ жаңылануу, мурдагы жаңылыш жыйынтыктардан баш тартууга туура келип жатат. Мисалы, дарвинистик теориянын жаңылыштыгы такталып баратат. Ошол эле учурда адамзат тукумунун коомдошуусу жана цивилизациясы бир нече ирээт кайталанганы жөнүндө кеп кызып, далилдөө аракеттери жүрүүдө. Андыктан биздин цивилизация он миңдеген жылдар мурда баатырдык доор менен башат алганын, күнчыгыш улуу таланы мекендеген көчмөн жоокер уруулар жана улуттар, анын ичинде Кыргыз эли да эр Манас баштаган мамлекет түзүлүшүн ошо баатырдык доордо жаратканын «Манас» эпопеясы далилдеп турат.
Тарых кайталанып турат деген улуу сөз бар. Манас баатыр баштаган Кыргыз эли жашап өткөн баатырдык доор да бир нече кайталанышы мүмкүн. «Манас» эпопеясында айтылган тарыхый окуялар да андан кабар берип турат. Андыктан Кыргыз элинин бул ирээттеги цивилизациясынын башатында турган баатырдык доор бери дегенде он миң жыл арыраакта болгон деген ой кайсы бир деңгелде чындыкка жакын. Ошону үчүн «Манас» эпопеясынын жазылып алынган бир нече варианттарында баяндалган окуяларды кытай, перс, араб жазма тарыхтарындагы айрым маалыматтар менен окшоштуктарга дал келтирүү, эпос каармандарын тарыхый баатырлардын прототиби болушу түк мүмкүн эмес. Улуу окумуштуу Л. Н. Гумилевдун, «Өткөн тарых бүгүнкү күн менен жазылат» дегени бар. Өткөн тарых кылдат үңүлө жана түшүнө билүү аркылуу жазылышы шарт. «Манас» эпосу бир жарым миң, миң жыл, атүгүл үч жүз, төрт жүз жыл жыл мурда жаралган деген жаңылыш ойду таңуулап жүргөндөрдүн тарыхый бирдиктүү таянычы жок болуп жатышы ушундан.
Айрым тарыхчылар «таш доору» аталган мезгил мындан үч-төрт миң жылча илгериде аяктап, анан коло доор башталган деген божомол айтып келатышат. Ал эми кытай, мисир (египет), шумер жана башка жазма булактарда коло (темир) металл доору ага чейин дагы беш-он миң жыл мурда эле болгонун белгиленген. Жогоруда айтылгандай, Сыма чян, Бернштам, Абрамзон, Гумиелев, Бичурин, Мурат ажы жана башка тарыхчылар «Байыркы кыргыздар …а) жер чукуп, кен казып, эриткен темирден, …б) көктөн түшкөн курчту (метеоритти) таап келип, алардан эмгек жана аскер куралдарын жасаган деген маалыматты жазышкан.
Мисалы, тарыхчы Мурат ажы, алтайлыктар курчтан (мереориттен) албарс бычак жана канжарларды жасашкан» десе, окумуштуу Л.Ю. Морган күнчыгыш тарапта (алтайда) «…адамзаттын темир иштетүү жолун табышы цивилизацияга жол ачкан…» деген жыйынтык чыгарган. Демек, кыргыздан мындан он миң жыл илгери эле кыргыздар коло, темир, алтын, күмүш гана эмес, көктөн түшкөн курчту (метеоритти) эритүү жана иштетүү технологиясын билишкен. Айта кетчү нерсе, бул технология ошол кездеги кыргыз усталарына гана белгилүү болгон. Алтай, Миңсууда жашаган ал көөр усталар жана алардын шакирттери байыркы кылымдарда тынымсыз жүрүп турган кызыл кыргын согуштардын биринде тукум курут болуп, ал технологияны өздөрү менен ала кеткен деген уламышта чындыктын үлүшү бардай. Алардан кийин ал технологиянын сырын табыш үчүн кытай окумуштуулары канча аракет кылган менен таба алышкан эмес. Курчту (метеоритти) эритүү ка жакын. жашаган учурунда жкайсы жана кийин унутулуп, учурдагы, албарс буюм же курал жасоо азыркы металлургия илимине да белгисиз.
Сыма чян баш болгон байыркы кытай тарыхчылары өз жазмаларында улуу талаада жашаган көчмөн жоокер элдердин улут жана мамлекет катары өнүгүүлөрү «түмгөнгө чейинки миң жылдар мурда болгонун» жазышат. Эгерде, «түмгөн» (түмөн) түшүнүгү он миң жылды түшүндүрөөрүн эске алсак, анда ал өнүгүү он бир, он эки жылдар мурда болгонун аңдайбыз. Демек, улуу талаада, Алтай менен Миңсууда темир өндүрүү мындан он үч миң жыл мурда кадимки кесипке айланган десек болот. Кыргыздар өндүргөн темирди ошол баатырдык доордон баштап кытай кербенчилери улуу жибек жолу аркылуу дүйнөнүн булуң-бурчтарына ташып соодалап турган. Темирди кыргыздар керектүү буюмга айлантып, мисалы, барскан катары калыпка куюп, кербенчилерге соодалашкан. Айрым тарыхчылардын Ысык Көл боюндагы Барскон шаарынын атын барскан менен байланыштырганы бар. Дөбөгө айланган бул байыркы шаарды изилдеген археолог тарыхчылар андан темир эриткен мештердин жана устаканалардын калдыгын табышканы кыргыздар байыртан темир иштеткенине күбө болсо керек.
Окумуштуу Л. Морган «адамзаттын бир бөлүгү мындан беш миң жыл илгери эле цивилизацияга жеткенин, анын бир арий эли» болгонун, алар күнчыгышта калыптанганын божомолдогон. Кыргыздар эзелтен өзү аруу эл, акылман, акыйкат, эл, жер коргоп, журт башкарган кыйындары менен билгилерин аруу адам деп аздектегени белгилүү. Ал эл кытай жазма тарыхында бирде геагун, сеа, сера, хунну, ху, гун, сак, усун аталыштаболгонуна карабай, алар тилдери, дили, дини тектеш эл катары жазылат. Тарыхчы Мурат ажы арийлер «Алтайда калыптанып, чар тарапка тараган» дейт. Муну немис окумуштуулары да белгилеген.
«Манас» эпосунда Манас баатыр жана анын чоролору жөнүндө:
Айың менен Күнүңдүн,
Бир өзүнөн жаралган.
Алтын менен күмүштүн,
Ширөөсүндөй жаралган.
Асман менен жериңдин,
Тирөөсүндөй жаралган. – деген сүрөттөө бар. Бул сүрөттөө ал баатырлардын, деги эле кыргыз элинин аруу тазалыгын (арий тукум экенин) тактап турганын таныш кыйын.
Ооба, кыргыз эли арий эл экени шек туудурбайт. Байыркы кытай, тибет жазма тарых маалыматтары күнчыгыш улуу талаасында көчмөндөр цивилизациясын жараткан кырылгыс, куругус эл болгону баяндалат. Мындан улам кыргыз аталыш адегенде эл биримдигин түшүндүргөнү, улуу талаада тиричилик өткөргөн нечендеген көчмөн жоокер уруулар менен элдердин биримдигинен жаралган конфедеративдик мамлекеттин гүлдөөсү начарлап, бара бара кырк уруу биримдиги гана кыргыз наамын сактап калган, ал уруулардын айрымдары да кийинки доорлор менен замандарда өз алдынча бөлүнүп чыгып улутка айланган деген жыйынтык чыгарса болот. Көчмөндөр цивилизациясы, ал көчмөн жоокер уруу, элдер тутунган аскерий демократия буга жол берген.
Л. Гумилев, Мурат ажы, Р. Рахманалиев, И. Молдобаев жана башка бир катар тарыхчылар алтайлыктар дүйнө жүзүндө эң алгачкылардан болуп жапайы аттарды колго үйрөткөнүн айтышкан. Бул кеп улуу талаадагы дөбөлөрдү казып изилдөөдө адамдардын сөгү менен кошо аттардын сөөгү табылгандан улам айтылса керек. Ал дөбөлөр он миң жылдар мурда жашаган адамдардын колунан жаралган. Илимий бул ой жапайы жаныбарларды изилдеген илимпоздордун жапайы аттардын үйүрлөрү күнчыгыш улуу талаада жайылып жүргөнү жана аларды адамдар он беш миң жыл илгериде колго үйрөтүп, аңчылыкка жана аскер ишине пайдалана баштаганы жөнүндө айткандарына дал келет. «Манас» эпосунда аларлар миңгилер, буудандар, аргымактар, тулпарлар, жорголор жана башка нечен түргө бөлүп айтылышы, жапайы аттар чынында эле күнчыгышта алгач колго үйрөтүлүп, пайдаланыла баштаганынан кабар берет. Хинди элинин «Махабхарата» эпосунда аттар аскер ишине пайдаланылганы кеңири баяндалышы жапайы жылкыларды кунчыгыш элдери эң алгач колго үйрөтүп, пайдалана баштаганына күбө.
Л. Гумилев баш болгон бир катар окумуштуулардын «коло доорунда жашаган кыргыздарда баатырлар жана журт башчылар өлгөндө анын жанына аялын кошо көмгөн салт болгон» деген илимий бүтүмү бар. «Манас» эпосунда Алманбет каза болгондо аялы Арууке өз жанын кыйып, жубайы менен бирге көмүлүүнү каалаганын билип, Манастын жары Каныкей анын боюнда бар экенин, баатыр күйөөсүнүн тукумун улаар бала төрөп, эрезеге жеткирүүгө милдеттүү экенин айтып, аны тыят эмеспи. Мына ушу эки маалыматты салыштыра отуруп, Манас баатыр жана анын кыргыз эли коло доорунда, башкача айтканда мындан он, он эки миң илгерки баатырдык доордо жашаганын болжолдосо болот.
Гуманитардык илимде архаикалык мезгил, доор деген түшүнүк көп колдонулат. Мисалы, окумуштуу Бернштам кыргыз тарыхын изилдеген илимий жыйынтыктарында «өтө архаикалык мезгилде кыргыздардын маданиятынын өнүгүшүнүнүн жогорку деңгээли», Бичурин, Гумилев, «күнчыгыш мейкининде көчмөн жоокер элдердин архаикалык тарыхый нугу жана маданий изи», Р. Кыдырбаева «Манас» эпосун изилдөөдө «архаикалык доор» деген түшүнүктөрдү байма-бай колдонушат. Албетте, архаикалык доорду байыркыдан байыркы доор деген түшүнүккө төп келет. Ал эми кайбир окумуштуулар архаика унут калган, бирок эс тутумда кайра жаңыруучу дегендей да түшүндүрүп жүрүшөт. Бул эки түшүнүккө бирдей таянуу менен Манас баатыр жашаган жана «Манас» эпосу жаралган доорду иликтей келсек, экөө тең баатырдык доорго алып барып, таканчык табат.
Андыктан, «Манас» эпосунун өзөгүндө ошол баатырдык доордун окуялары турат деп айтсак болот. Аны алгач Манас баатырдын акын чоросу Ырамандын Ырчуулу ошо баатырдык доордо жараткан. Окумуштуулар шумер, аккад эли мындан сегиз миң жыл илгертеде жараткан «Гилгамеш» эпосун жаңычыл көз карашта изилдөөдө андагы каармандардын эл, жер коргоодо көрсөткөн баатырдыктары, аалам түпкүрүндө делинген улуу жаратуучуну Денгир (Теңир) атап, асманга сыйынуу, күнгө табынуу, көк уулу, күн тукум түшүнүктөрү жана башка көптөгөн окуялардын баяндалышы кыргыздын «Манас» эпосу менен өтө үндөшөөрүн байкашканын айтып, жазып жатышат. Ал эми, дагы башка окумуштуулар, шумер, аккад тукумдары улуу талаадан келип, Ефрат жана Тигир - эки дайра ортосунда жашаган элдер менен бирге мамлекет түзүп, гүлдөгөн цивилизациясы соолууга багыт алганда, муундарынын эс тутумунда сакталуу көчмөн жоокер эркин жашоосун улантканы кайрадан улуу талаагы кайтып кеткенин жазып жатышат. Бул изилдөөлөр Манас баатыр жана анын эли мындан он миң жыл илгери жашаганын, «Манас» эпосун анын гений акын чоросу Ырамандын Ырчуулу ошол баатырдык доордо жаратканын ачыктоого жол көрсөтүп турат. Андыктан биз «Манас» эпосун изилдөөдө аны элибиздин улуу мурасы жана тарых түркүгү катары жаңычыл көз караштан изилдешибиз зарыл.
0 Морган Л. Г. Древнее общество или исследование линий человеческого прогресса от дикости через варварство к цивилизации. Л., 1933.
0 Орозбаков С. Манас. 2-к.-Ф., Кыргызстан, 1982. 23-б.
0 Орозбаков С. Манас. 2-к.-Ф., Кыргызстан, 1982. 152-б.
0 Бернштам Л.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Т.I. Б., 1997.-332-б.
0 Бернштам Л.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Т.I. Б., 1997.-332-б.
0 Бернштам Л.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Т.I. Б., 1997.-517-б.
0 Аристов Н.А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы Б., 2001.-269-б.
0 Орозбаков С. Манас. 2-к.-Ф., Кыргызстан, 1982. 23-б.
0 Бернштам Л.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана.-Б.,2004, 502-б.
0 Бартольд В.В. Очерк истории Семиречья. -Ф., 1943.-24-б.
0 Малов С. Древне-турецкие надгробия с надписями бассейна реки Талас.//Известия АН СССР, 1929; Массон К..К истории открытия древне-турецких рунических надписей в Средней Азии.//Материалы Узкомстариса, вып. 6-7, 1936.
0 Бернштам Л.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы жана археологиясы боюнча тандалма эмгектер /Түзгөн, алгы сөзүн жазган жана которгон Мамбеталиев Сатыбалды. Б.: 2004. 3-бап. Биздин замандын VI-Х кк. нисейлик кыргыздардын социалдык-экономикалыктүзүлүшү.
0 Таншу, гл. 140; Бичурин И. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. I.-М.-Л. 1950, 443-б.
0 Бичурин И. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. I.-М.-Л. 1950.,445-б.
0 Плетнева С. А. Кочевники средневековья М., 1982, 94-б.; Худяков Ю.С. Вооружение енисейских кыргызов VI-XII вв. – Новосибирск, 1980, 25-б.
0 Бичурин И. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. I.-М.-Л. 1950, 446-б.
0 Бернштам Л.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы... 3-бап
0 Бичурин И. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. I.-М.-Л. 1950, 445-б.
0 Рашид ад-Дин. Сборник летописей. История монголов в переводе Березина. ТВОРАО, т.5, 1858, 130-б.
0 Бернштам Л.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы... 3-бап
0 Бернштам Л.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы... 3-бап
0 Бичурин И. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. I.-М.-Л. 1950, 446-б
0 Бичурин И. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. I.-М.-Л. 1950, 442-452-бб.
0 Бернштам Л.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы... 3-бап
0 Киселев С. жана Потапов Л. Киргизы. История СССР,ч. III—IV, 495-б..
0 Бичурин И. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. I.-М.-Л. 1950, 444-б.
0 Бичурин И. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. I.-М.-Л. 1950, 444-б.
0 Киселев С. жана Потапов Л. Киргизы. История СССР, ч. III—IV, 493-б.
0 Левашева В. П. Из далекого прошлого южной части Красноярского края. Красноярск, 1939.
0 Киселев С. жана Потапов Л. Киргизы. История СССР, ч. III—IV, 493-б.
0 Бернштам Л.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы... 3-бап
0 Бичурин И. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. I.-М.-Л. 1950, 444-б.
0 Гёзалов Ф. Проблемы идеологической прасхемы «Манаса»// Эпос "Манас" как историко-этнографический источник. Тезисы международного научного симпозиума, посвященного 1000-летию эпоса "Манас". - Бишкек, 1995, 58-59-бб.
0 Бичурин И. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. I.-М.-Л. 1950, 449-б.
0 Морган Л. Г. Древнее общество или исследование линий человеческого прогресса от дикости через варварство к цивилизации. Л., 1933.
10