СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 09.06.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Манас таануу тест

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Манас таануу тест»

Манас таануу 1-модул жеӊил суроо


1.Манас эпосунун жанрдык белгилерин тап.

1) оозекилиги 2) синкеттүүлүгү 3) түбөлүктүүлүгү 4) тарыхыйлыгы

2. «Манас» эпосу байыркы кыргыз рухунун туу чокусу –деп ким айткандыгын белгиле.

1) Ч.Валиханов 2) Ч.Айтматов 3) М.Ауэзов 4) В.Радлов

3.С.Орозбаковдун айтуусу боюнча «Манас» эпосун жазып алган окумуштууну белгиле.

1) К.Рахматулин 2)Буудайбек Сабыр уулу 3) Ы.Абдрахманов 4) Тоголок Молдо

4. «Теӊири Манас» аттуу кара сөз м-н жазылган эмгектин авторун белгиле.

1) С.Каралаев 2) А.Жакыпбеков 3) Б.Исаков 4) Тоголок Молдо

5. Кара булут каптап , добул жүрдү.Нөшөрлөгөн кара жамгыр урду. С.Каралаев «Манасты» аткаруусун токтоткон жок, эч бир адам кеткен жок. Бардыгы «Манасты» жамгыр алдында угуп жатышты. Кимдин кайсы белгилүү адамдын эскерүүсүнөн?

1) З.Бектеновдун 2) Н.Сейдирахмановдун 3) Ч.Айтматовдун 4) В.В Радловдун

6.Манас Атанын арбагы колдоп: «канчалар чабуулга кирип бирөөсү да тирүү чыкпаган жерден мен гана тирүү чыктым» -деп согуштун катышуучусу эскерет. Согуштан аман келген инсанды белгиле.

1) комузчу Мадазимов 2) солгой ырчы Сааданбек 3) манасчы Саякбай 4) актёр Рыскулов

7.Советтик доордо «Манас» эпосу эл оозунан жыйналып, китеп болуп басылып чыкса да, ал басылмалардын нускалары ченелүү болгон, эмне үчүн?

1) коммунисттик идеология тарабынан чектелген 2) элдин суроо талабы жок болгон

3) эпоту басып чыгарууга каражат жетишсиз болгон 4) билбейм

8) «Түкологиянын атасы» деген атка конгон, академик окумуштуу немец элинин кулуну ким болгон?

1) К.Рахматулин 2) К.Мифтаков 3) В.В Радлов 4) Ч.Валиханов

9. «Манас» эпосунун миӊ жылдыгы канчанчы жылы, каерде өткөрүлгөн?

1)1994-ж. Нарында 2)1995- ж. Таласта 3)1995- ж. Ошто 4) 1996-ж. Бишкекте

10.Ата журтту баскынчылардан бошотуу аракеттери кайсы эпизоддо берилет. Туура жообун тап.

1) Нууркер м-н болгон согушта 2) Кошой дөөгө келгенде

3) Текес хан м-н болгон согушта 4) Чоӊ казатта

11.X кылымда Орто Азияла болуп кеткен географ, акын жана саякатчы ... 1923-жылы Мешхед шаарынан табылган кол жазма китебинде кыгыздардын тамак-ашы, диндик жөрөлгөлөрү жөнүндө кызыктуу маалыматтары табылган. Көп чекиттин ордун төмөнкү окумуштуулардын ичинен тиешелүүсүн тап,

1) В.В Радловдун 2) Махмул Кашкаринин 3) Жусуп Баласагындын 4) Абу Дулафтын

12.XV-XVI кылымдардын чектеринде Кыргызстандын түштүгүндө жашап өткөн “Маджму ат-таварих” (Тарыхтардын жыйнагы) кол жазма китебинин автору, фольклорчу ж-а этнограф ким болгон?

1) Сайффаддин Аксыкент 2) Аль-Фараби 3) Аль-Хорезм 4) Бируни

13.XIX кылымдын экинчи жарымында “Манас” эпосун эл оозунан жыйнап алууга олуттуу көңүл буруп, бул ишке биринчи жолу илимий негиз салган казак окумуштуусу ...

Көп чекиттин ордуна тиешелүүнү белгиле.

1) К.Рахматулин 2) К.Мифтаков 3) В.В Радлов 4) Ч.Валиханов

14.Ч.Валиханов жыйнаган фольклордук-тарыхый материалдарынын ичинен эң маанилүүсү Ысык-Көлдүн Түп аймагынан белгисиз манасчыдан жазып алынган, 3600 ыр саптан турган үзүндү, араб тамеасы м-н жазган “Манас” эпосунун бир бөлүгү “......”. Көп чекиттин ордуна тиешелүү эпизодду белгиле.

1) “ Манастын балалык чагы” 2) “Көкөтөй хандын ашы” 3) “Алманбет баатырдын аңгемеси”

4) “Манастын атасына таарынып аштык айдаганы”

15. 1860-1871-жылдар аралыгында он бир жыл бою тынымсыз илимий экспедицияга чыгып саякат жасап,илимий-иликтөө иштерин жүргүзүп, фольклордук-этнографиялык материалдарды жыйнаган

Окумуштууну белгиле.

1) К.Рахматулин 2) К.Мифтаков 3) В.В Радлов 4) Ч.Валиханов





Манас таануу 1-модул орто суроо


1.”Какыра суусунун боюндагы бугу уруусунун кара кыргыздар м-н кездештим. Кара кыргыздардын өңүн көргөргөндө алтайлык тоолук калмактар м-н төлөнгүттөрдүн жүзү дароо көз алдыма элестеди. Казактардан айрымасы баштарына кийген ак кийиз калпактары бар экен. Анан ар бир боз үйдүн түбүндө найза жөлөнүп турат. Казактарда андай жок” – деп жазган. Кайсы изилдөөчү окумуштуунун сөзү ?

1) З.Бектеновдун 2) В.В Радлов 3) А.Маргулан 4) Ч.Валиханов


2. XIX кылымдын экинчи жарымында “Манас” эпосун айта жана жаза билген сабаттуу манасчыларды белгиле.

1) Ы.Абдырахманов, Ш.Рысмендиев 2)Тоголок Молдо, Ы.Абдырахманов

3) Ж.Кожеков, М.Чокморов 4)М.Мусулманкулов,Б.Сазанов


3.С.Орозбаковдун айтуусу боюнча эпостун кайсы бөлүмдөрү жазылып алынган?

1) “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчөө тең 2) “Манас” эпосу

3) “Семетей” бөлүгү 4) “Сейтек” бөлүгү


4.Айтылуу кыргыз тарыхчысы, 30-жылдары репрессияга туш болуп атылып кеткен,

“Кызыл кыргыз тарыхы” деген китептин автору кайсы катарда?

1) Белек Солтоноев 2) Касым Тыныстанов 3)Жусуп Абдырахманов 4) Ишенаалы Арабаев


5. “1896-жылыиюль айында Каракол, Пишпек, Токмокко караган бүткүл кыргыздар 15 күн Кетмалдыда съезд кылып, ошондо Тыныбектин “Манас”,”Семетей” айтканын уктум.Эл съеэдге көп карабастан,күндүр-түндүр анын үстүндө болду. Күн баткандан таң атканча 200-300 киши

уктабастан үйдө, тышта унчукпастан тегеректеп карап олтурганын көрдүм”-деп, Б.Солтоноев кайсыл китебинде жазган?

1) “Тарыхтардын жыйнагы” 2)“Кызыл кыргыз тарыхы”

3) “Манас”- улуу рух” 4) “Манас” поэмасы


6.Манас баатыр үчүн баарынан мурда эмне кымбат?

а) Ата журт,эне тил ыйык,атуулдук ар-намыс,адал эмгек ыйык,мекен алдындагы парз ыйык

б) Өзүнүнүн сак-саламаттыгы,тунук сүйүү ыйык, минген атты ыйык

в) Акыйкатка,актыкка негизделген достук,ата-баба салты ыйык,таза абийир,адеп- ыйман ыйык

г)Эне ыйык, ата ыйык, ак калпак ыйык, журттун биримдиги ыйык

д) Мал- мүлк ыйык, алтын-зээр ыйык,бийлик- байлык ыйык

ж)меймандостук нарк ыйык, улууну урматтаган, аялзатын ардактаган эреже ыйык

Жогорудагы дал келүүчүлүктөрдү белгиле.

1) а,в,г,ж 2) а,в,г,ж 3) б,в,г,д 4) а,б,г,д


7.Борбордук Азиянын кеменгер ж-а чыгаан уулдарынын бири XIX кылымда эл ичинен “Манастын” үзүндүсүн жазып алып жатып, төмөнкү ой жорууларды,божомолдорду жазганы бар.

“Бул балким, кагаз бетине түшкөн биринчи кыргыз сөзү болуш керек”-деп кайсы окумуштуу айтканын белгиле.

1) З.Бектеновдун 2) А.Маргулан 3)Чокон Валиханов 4) К.Рахматулин


8.Чокон Валихановдун кыргыздардын элдик оозеки чыгармачылыгына кызыгуусуна таасир тийгизген ким жана кандай себепттер болгон?

1) Омскиде офицердик окуу жайда окуп жүргөндө окутуучусу Н.Ф.Костылецкийдин лекциясы

2) Ысык-Көлгө саякатка келгенде Телтайдын “Манас” айтканын угуп

3) Кененсары Касымов деген жакын тууганынан угуп

4) 1848-жылы Сарыбагыштын бийи Сартайдан Манас баатырдын баянын угуп


9.Берлин университетинде окуп жүрүп, чыгыш тилдерине кызыгып калышына университеттин мугалими,урал-алтай таануунун негиз салуучуларынын бири Вильгельм Шоттон чоң таасир алган, чыгыш тилдери- монгол, түрк, кытай, урал-алтай тилдерин мыкты билген окумуштууну белгиле.

1) Ч.Валиханов 2) Н.И. Веселовский 3) А.Маргулан 4) В.В Радлов

10.1931-жылы улуу манасчы Саякбай Карала уулунун айтййсунда “Манас” эпосун жазып алууну уюштурган,эпостогу накыл сөздөрдү чемелеп, аларга түшүндүрмө берген кыргыз элинин ардактуу академиги, “Манас” эпосунун изилдөөчүлөрүнүн бири ... көп чекиттин ордун толукта.

1) Б.Юнусалиев 2) К.Тыныстанов 3) Х.Карасаев 4) С.Мусаев


11.”Манас” эпосундагы өзөк окуялары. С.Орозбаков жана С.Каралаевдин вариаттары менен Элдик варианттарынын ( Б.Юнусалиевдин) дал келүүсү, кайсыл ашыкча,белгиле.


а) Манастын төрөлүшү жана балалык чагы

б) Манастын алгачкы эрдиктери:Нескара ,Жолойду жеңгени

в) Манастын хан көтөрүлүшү

г) Манас баштаган кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчүшү

д) Кичи казат

ж) Манастын Каныкейге үйлөнүшү

з) Манастын кыз Сайкал менен сайышуусу

и) Алманбеттин жомогу

к) Көкөтайдын ашы

л) Чоң казат


Элдик вариант Б.Юнусалиевдин түзгөн вариатты

а) Манастын балалык чагы

б) Кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого келиши

в) Манастын Алооке менен Шорукту жеңиши

г) Аккулага ээ болушу

д) Алманбет баатырдын аңгемеси

ж) Баатырдын жары

1) б,в,к,л ,г 2) а, в, з, ж,л 3) и,к,в,д,г 4)д,з,ж,и,б

12.Б.М.Юнусалиевдин эпос боюнча эмгегинин аталышын белгиле.

1) “Манас” эпосунун историзми 2) Генезис эпоса “Санаса”

3) “Улуу баатыр баяны” 4) Улуу жомокчу, укмуштуу “Манас”

13.К.Рахматулиндин “Манас” эпосуна байланыштуу жазган эмгегинин аталышы кайсыл катарда экендигин тап.

1) “Алп манасчынын албан эмгеги” 2) “Сказительское мастерства манасчи”

3) “Манасчылар жана изилдөөчүлөр” 4) “ Манасчылар”











Болочок баатырдын өзгөчө сапаттарга ээ болушун эпостун сюжетинин негизинде сүрөттөлүшү

1) Бар-бар ыйласа он эки жашар үнү бар,ар мүчөсү адамдан башкача жотолуу,

































Манас таануу 2-модул жеӊил суроо


1.Кырк чоронун ар бирине кийим-кечек, соот, курал –жарак, минер атына чейин даярдап койгон ким?

1) Жакып 2) Каныкей 3) Алманбет 4) Бакай

2.Кыргыз элинин салт-санаасы , улуттук оюндарды кенен чагылдырган бөлүм?

1) Манастын Каныкейге үйлөнгөндөгү 2)Көкөтайдын ашында

3)Чоң казатта 4) Манас төрөлгөндө

3.Жолой дөөнү жыгып, элдин намысын короп калган баатыр

1)Эр Көкчө 2) Эр Төштүк 3) Алп Кошой 4) Сыргак

4.Коңурбайдын негизги куралы

1) өз күчүнө ишенүү 2) желдеттерине ишенүү 3) айлакердиги 4) сыйкырчылыгы

5.Семетейди ким тарбиялап өстүрөт?

1) Чоң атасы 2) Бакай абасы 3) Ысмайыл таекеси 4) Алманбет аяш атасы

6. Каныкей эмне үчүн Тайторуну ат чабышта чабат?

1) байге алыш үчүн 2)күлүктүгүн сынап 3) кызыгып 4) төлгө кылып

7.Семетей Манас баатырдын уулу экендигин кимден угат?

1) Чыйырды чоң энесинен 2) Сарытаздан 3)Коңурбайдан 4) Каныкейден

8. Саякбай Каралаев качан, кайсыл жерде төрөлгөн?

1)1894-жылы, Тоң районунун Семиз бел айылында 2)1897-жылы,Чолпон-Атада Бостери айлында 3)1895-жылы,Караколдо Ак-суу айлында 4)1896-жылы,Түп районунда

9. 1921-1931-жылдары Каракол районундагы Маман жана Ырдык айлында кандай кызматта иштеген ?

1) сельсоветтин катчысы 2) айылдык кеңештин башкармасы 3)бригадир 4)кой ферма

10.Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатынын тил жана адабият ИИИсине иштөө үчүн С.Каралаевди кайсы жылы чакыртып алышкан?

1) 1931-жылы 2) 1932- жылы 3) 1930-жылы 4) 1933-жылы

11. Канчанчы жылы Саякбай Каралаевди Кыргыз Мамлекеттик филармониясына “Манас” айтуучу кылып кабыл алышкан?

1) 1933-жылы 2) 1934-жылы 3)1935-жылы 4) 1936-жылы

12. Саякбай Каралаевдин манасчылык таланттынын балалык кезинде кызыгуусуна ким таасир берген ?

1)чоң атасы Дакиш 2)Чоюке Өмүр уулу 3)Ырамандын ырчы уулу 4)Найманбай Балык уулу

13.1924-жылы Саякбай кайсыл белгилүү манасчыга жолугуп, бир нече жылдар ээрчишип жүрүп “Манас” айтуунун ыкмаларын үйрөнүп, таалим алган?

1) Балык Ооздон 2) Келдибек Карбоз уулунан

3) Чоюке Өмүровдон 4) Наймнбай Балык уулунан

14.Кытайлык кыргыз Жусуп Мамай “Манас” эпосунун канча урпагына чейин айткан?

1) 5 урпагына чейин 2) 7 урпагына чейин 3) 8 урпагана чейин 4)10 урпагана чейин

15.Жусуп Мамай манасты ким аркылуу үйрөнгөн?

1) атасы Мамайдан 2) агасы Балбайдан 3)Ыстам Кожодон 4) Сагымбай Орозбаковдон

16.Аялдардан чыккан эң алгачкы манасчы ким?

1) Сейде Дейди кызы 2) Алиман Жанкорозова 3)Ширин Сарыгулова 4)Даркүл Күйүкова


Манас таануу 2-модул орто суроо


1.Өз ыктыяры менен Кызыл гвардиячылар отрядына кошулуп, Кызыл Аскер менен бирдикте Сибирде,Алма-Атада, Бухарада Советтик бийликти коргого канчанчы жылы барган?

1) 1916- жылы 2) 1917-жылы 3) 1918-жылы 4) 1919-жылы

2. С.Каралаевден “Манас” эпосунун биринчи бөлүгү толугу менен канчанчы жылы жазылып алынган?

1) 1936-жылы 2) 1935-жылы 3) 1937-жылы 4) 1939-жылы

3. С.Каралаев СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болуп качан кабыл алынган?

1) 1935- жылы 2) 1937-жылы 3) 1939-жылы 4) 1938-жылы

4. С.Каралаев Кыргыз ССРинин Эл артистти деген наамга канчанчы жылы ээ болгон ?

1) 1939-жылы 2)1940-жылы 3) 1942-жылы 4) 1944-жылы

5.Жусуп Мамай канча жашынан “Манас” эпосун айта баштаган?

1) 7 жаштан 2) 8 жаштан 3) 10 жаштан 4) 12 жаштан

6. Жусуп Мамай биринчи жолу көпчүлүк элдин суранычы боюнча эл алдына чыгып, “Манас” эпосун канчанчы жылы айткан?

1) 1930-жылы 2) 1932-жылы 3) 1933-жылы 4) 1935-жылы

7.Атасы Мамай эмне үчүн ”Кырк жаштан өтмөүнчө “Манас” айтпа “-деп акыл-насаатын айткан, Жусупка.

1) “Манас деген тирүү олуя, жаш адам жакшы-жаман иштерге жолугат” –деп корккон

2) “элдин назары түшөт” –деп корккон 3) Манасчы эмес молдо болуусун каалаган

4) ооруп калат деп корккон

8.Белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиев кайсыл жерде, качан туулган?

1) 1934-жылы, Түп районунун Талды-Суу айылында

2)1937-жылы,Чолпон-Атада Тору-Айгыр айлында

3)1935-жылы, Караколдо Кеӊколдо айлында

4)1936-жылы,Тоӊ районунда Семиз-Бел айлында

9.Уркаш Мамбеталиев эмгек жолун качан, кайсы жерден баштаган?

1) 1958-жылы Токтогул Сатылганов атындыгы Кыргыз улуттук филармониясында

2) 1957-жылы Ысыс-Көл драм театрында 3)1959-жылы Кыргыз улуттук драм театрында

4) 1961-жылы Чүй областынын Шаршен атындагы “Эл шайырлары” драм театрында

10. Уркаш Мамбеталиев Кыргыз Эл Респуликасынын Эмгек сиңирген артисти деген наамды качан алган?

1) 1990- жылы 2 ) 1993- жылы 3) 1992- жылы 4) 1991- жылы

11.Шаабай Азизов Ысык-Көл областык драм театрында артист болуп иштеп турганда, ким тарабынан Кыргыз мамлекеттик филармониясына манасчы болуп иштөөгө чакыртылат?

1) С.Каралаев тарабынан 2) Т.Абдумомунов тарабынан 3) А.Токомбаев тарабынан

4) М.Убукеев тарабынан

12. “Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан жат жаман” эпосто кимдерге карата айтылган?

1) Алманбет менен Сыргакка 2) Кошой менен Бакайга 3) Абыке менен Көбөшкө

4) Жакып менен Чыйырдыга

13.”Ай кулагы калкандай, алаңгар көзү чолпондой” деген сүрөттөө кайсы каарманга таандык?

1) Кошойго 2) Жакыпка 3) Акбалтага 4) Бакайга

14.”Теңирчилик” аттуу философиялык эмгегинде “Манас”- көчмөн духтун,цивилизациясынын алтын кору, кыргыздын кечөөкү улуттук философиясынын уңгусу,”Манас” эпос эмес, андан да жогору турган төгөрөк аалам сыяктуу деген өзгөчөлүү концепцияны тартуулайт,- кайсы окумуштуу айткан?

1) Болот Юнусалиев 2) Чоюн Өмүралиев 3) Самсар Мусаев 4) Мухтар Борбугулов

15.1952-жылы эпосту изилдеп үйрөнүүгө арналган бүткүл союздук чоң конференцияда “Манастын” элдүүлүгүн чечкиндүү коргоп чыккан патриот, филология илимдеринин доктору, окумуштуу ...

1) М. Борбугулов 2) А.Э Измайлов 3) Б.Юнусалиев 4) С. Мусаев




Манас таануу 2-модул оор суроо


1.”Атам да, чоң атам да өтө жоош,момун адамдар экен” –деп кайсы манасчы эскерет.

1) С.Орозбаков 2) С.Каралаев 3)Жусуп Мамай 4) У.Мамбеталиев

2.Үч жолу “Эмгек Кызыл Туу” ордени, “Ардак белгиси”медалы, Ардак грамоталар менен сыйланган, Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССР жазуучулар союзунун мүчөсү деген наамга ээ болгон манасчы ...

1) С.Каралаев 2) Жусуп Мамай 3) С.Орозбаков 4) У.Мамбеталиев

3.”Манас” эпосунан башка “Эр Төштүк” эпосун, жомок, аңгемелери жарыкка чыккан манасчы...

1) С.Орозбаков 2) У.Мамбеталиев 3)С.Каралаев 4) Жусуп Мамай

4. 1992-жылы Сагынбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине ардактуу конок катары чакырылган белгилүү манасчы ...

1) У.Мамбеталиев 2) Р.Исаков 3)Жусуп Мамай 4) С.Назаркулов

5.1966-жылы “Маданий революция” саясатында, 1966-1978-жылдары саясий куугунтукка туш болгон манасчы ...

1) С.Каралаев 2) Жусуп Мамай 3) Ырамандын Ырчы уулу 4) Сагынбай Орозбаков

6.1990-жылы Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн “Манас” эпосу боюнча Эл аралык илимий конференцияга катышкан манасчы ...

1) Шаабай Азизов 2) Р.Исаков 3 ) С.Назаркулов 4)Жусуп Мамай

7.”Жолборстун астында кара күчүктүн тайманбай “Манас” айтып турушу оңой иш эмес, сенден бирдеме чыгат”-деп, Саякбай Каралаев кайсы манасчыга карата айткан?

1) С.Назаркуловко 2) У.Мамбеталиевге 3) С. Касманбетовко 4) Шаабай Азизов

8. Динчил кайната-кайненеси “шайтаны бар экен” –деп манас айтырбай тыюу салат. Бирок ла болбойт. Акыры тамагына уу кошуп өлтүрмөкчү болушат. УУ кошкон тамакты ичсе да өлбөй качып кетип манас айткан манасчы ...

1) А. Жанкорозова 2) Сейде Дейди кызы 3) Ш.Сарыгулова 4) Ж.Сейдакматова

9.1965-жылы ак таңдай акын Алымкул Үсөнбаевдин үйүнө келип, Сякбайдын, Осмонкулдун, Ысмайылдын ж.б залкар шайырлардын алдында “Семетейден” айтып ак баталарын алган ким?

1) С.Күмүшалиева 2) Ж.Сейдакматова 3) А. Жанкорозова 4) Сейде Дейди кызы

10. “Эр Сарык”, “Алымсарык”, “Кулансарык”, “Кененим”, “Алтын бармак Акаяр”, “Арстан түстүү Акжол баатыр” аттуу “Манас” эпосунан кийинки бөлүктөрүн айткан манасчы ...

1) С. Касманбетовко 2) Шаабай Азизов 3) Р. Исаков 4 ) С.Назаркулов

11.Кинорежиссер М.Убукеевдин аракети менен 1994-жылы “Акыркы манасчы” 20мүнөттүк кинотасма жана “Манастын аалымы” аттуу илимий-популярдуу кинотасмасы кайсы манасчы жөнүндө тартылат?

1) С.Каралаев 2) С.Касманбетов 3) Ш.Азизов 4) Н.Сейдрахманов

12.”Ысык-Көл” күндөлүгү (1861-ж), “Кыргыздар жөнүндө үн тасмалар” (1871-ж), “Жунгарлар очерктери” (1861-ж) ж.б эмгектерин жараткан, кыргыз элинин тарыхын, этнографиясын жана оозеки чыгармачылыгына байланыштуу бай матерталдарды жазып изилдеген тунгуч илимпоз... (Көп чекиттин ордуна тиешелүү авторду тап).

1) Ч. Валиханов 2) Б. Юнусалиев 3) В. Радлов 4) К.Тыныстанов

13.”Көкөтайдын ашы” бөлүмүнүн түп нускасын казак академиги А.Х. Маргулан Ленинграддагы СССР илимдер Академиясынын Чыгыш таануу институнун кол жазмалар фондусунан кайсы жылы тапкан?

1) 1962-жылы 2) 1965-жылы 3) 1964-жылы 4) 1965-жылы

14. ”Манас”-бул кыргыз элинин белгисиз мезгилдерден биздин күндөргө чейинки жазылбаган тарыхынын-түгөнбөгөн архиви.Ошол белгисиз мезгилдерден жазылбаган тарыхты биринчи кагазга түшүргөн окумуштуу ким?

1) И.Арабаев 2) Ч. Валиханов 3) В. Радлов 4) К.Тыныстанов

15.1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын он күндүгүндө жогорку баага татыктуу болгон опера ...

1) “Манас” операсы 2)“Алтын кыз” операсы 3)“Семетей” операсы 4) “Айчүрөк” операсы


СӨАИ-30 суроо


1.Манасчы, төкмө акын,эл агартуунун отличниги, Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу Манас-1000 юблейлик медалынын жана “Даңк” медалынын ээси,1987-жылдан бери Кыргызстанда өткөрүлгөн “Манас” айтышынын 7 ирээт жеңүүчүсү ...

1) С.Касманбетов 2) Р. Исаков 3) З. Баялиев 4) Н.Сейдрахманов

2.”Ар бири өзүнчө зор дүйнө, түгөнгүс байлык”-деп Ч.Айтматов кайсы өнөрдү баса белгилеген?

1) ырчылык 2) манасчылык 3) кол өнөрчүлүк 4) комузчулук

3.Ата Журтту баскынчылардан бошотуу аракеттери кайсы эпизоддо берилет?

1) Нуукер менен болгон согушта 2) Көктайдын ашында

3)Чоӊ казатта 4) Текес хан менен болгон согушта

4.18 томдон 200 миӊден ашуун ыр саптан турган “Манас” эпосунун варианты кайсы залкар манасчыга тиешелүү?

1) Жусуп Мамайга 2) С.Каралаевге 3) С.Орозбаковко 4)У.Мамбеталиевге

5.Кыргыз элинен чыккан белгилүү семетейчи айым ...

1) 1) А. Жанкорозова 2) Сейде Дейди кызы 3) Ш.Сарыгулова 4) Ж.Сейдакматова

6.Бир эле учурда ырчылык, артисттик жөндөмгө ээ болгон таланттуу инсандар ...

1) көз боёмочулар (клон) 2) кино актёрлор 3) манасчылар 4) ырчылар,бийчилер

7.Астыга салса ак жолтой, артта жүрсө сан колдой болгон, касиеттүү карыяӊ ...... эсен- аман жатабы? Көп чекиттин ордуна тиешелүү атты тап.

1) Акбалта 2) Жакып 3)Кошой 4) Бакай

8. “Досум тирүү болсо учурашып, өлсө куран окуп келем, абалы начар болсо Каныкейге үзүр айтам, аман-эсен жатышса Семетейди жентектеп кайтам”-деп камданып жолго чыккан кайсы каарман?

1) Алмамбет 2) Көкбөрү 3)Чубак 4) Сыргак

9. Калмактын белгилүү кандарынын бири жана бүт кытайдын аскер башчысы Соородук кайсы баатырдын атасы ...

1) Көкчөнүн 2) Көкбөрүнүн 3) Алмамбеттин 4) Жолойдун

10.”Улуу ашымды бергенде, Жакыптын уулу жаш Манаска барып акыл салып, мусулман менен каапырды чогултуп, менин бир карызымдан кутулта көр”-деп керээзин айткан ким?

1) Бакай 2)Көкөтөй 3)Коӊурбай 4) Бай

11.”Медерим менин, энекем,

Каршылык кылбай, кайгырбай,

Батаӊды, бергин, берекем!” -деп энесинен бата сураган ким?

1) Кыз Сайкал 2) Манас 3) Каныкей 4) Алмамбет

12.”Ишин, теӊир, оӊдочу,

Жесириӊди колдочу!

Үмүткөр болгон, байкушту,

Жер каратып койбочу!

О, кагылайын кулунум!

Тилегиң теңир берсинчи” –деп теңирден жалынып суранган каарман ...

1) Жакып 2) Чыйырды 3)Бакай 4) Канымжан

13. 643 ат чабылган чабышта эң биринчи жеңишке чыккан тулпар ...

1) Аккула 2)Айманбоз 3) Чалкуйрук 4) Тайтору

14.”Намыска туулган Семетей келечекте эр болуп, Манастын ордун басар бекен?” деген үмүт менен алтымыш асый Тайторуну тобокелге салып, төлгө кылып чапкан ...

1) Чыйырды 2) Бакдөөлөт 3) Санирабиха 4) Акылай

15.Эли-жерине болгон кусалыгы артат, бирок, Көбөштөн көргөн кордугун унута албайт. Бул кайсы каарман?

1) Каныкей 2) Семетей 3) Акылай 4) Чачыкей

16.”Астыга келсе .......,

Уулуңдун жүзүн көрөсүң,

Урматына коносуң!

Артта калса бул аттың,
Өлүмгө көздү сүзүп кой!..” Көп чекиттин ордуна тиешелүү сөздү белгиле..?

1) Телтору 2) Тайбуурул 3) Маникер 4) Тайтору

17.Манас баатырга мусуман болдум деп ишеничине кирип,Коңурбайга тымызын кабар берип турган (кытай) тыӊчы ким?

1) Манжуу 2) Шуйкучу 3) Шууту 4) Нескара

18.”Манаска алышып алыӊ, күрөшүп күчүӊ жетпейт,атышсаӊ ок өтпөйт, чабышсаӊ кылыч кеспейт, сайышсаң найза тешпейт.Бир айла менен гана Манасты жеӊбесеӊ башка учурда жеңе албайсыӊ? ...”- деп, Коӊурбайга кеңеш берген ким ?

1) Шууту 2) Нескара 3) Манжуу 4) Шуйкучу

19.Коңурбай Манасты кантип жарадар кылат?

1) уктап жатканда 2) тамагына уу коштуруп 3) азан айтып жатканда 4) эс алып отурганда

20. Коңурбайды ким найза менен саят?

1) Ажыбай 2) Кыргыл чал 3) Агаяр 4) Алмамбет

21.Жарадар болгон Коңурбайды эч кимге билгизбей даарылап караган ким?

1) ) Манжуу 2) Шуйкучу 3) Шууту 4) Нескара

22.”Береним Манас барында беттешкенди жеңчү элем, арстаным турса жанымда өлүм жок мага дечү элем”-деп, каңырыгы бел түтөп, ителгидей эки көзүн ирмебестен Манасты даарылап сакайткан ким?

1) Бакай 2) Ажыбай 3) Кыргыл чал 4) Алмамбет

23.”Ит-Өлбөстүн чөлүндө согушуп жатып Алмамбет, Чубак, Сыргак баш болуп кырк кыраандын ичинен он экисинен айрылдык “-деп, оорукта жаткан Манаска ким кабар берет?

1) Ырамандын Ырчы уулу 2) Ошпур 3) Ажыбай 4) Кыргыл чал

24.Алмамбетти ким өлтүрөт?

1) Коңурбай 2) Нескара 3) Кожожаш 4) Эсенкан

25.Кыргыздын улуу акыны Токтогул менен кезигишкенде “Манасты” бир күн, бир түн тынбай айтыптыр, ошондо : ”Кыргыздан мындай манасчыны эч көргөн эмесмин, эстен тандым”-деп, кайсы манасчыга таӊ калган?

1) С.Каралаев 2) Жусуп Мамай 3) Ырамандын Ырчы уулу 4) Сагынбай Орозбаков

26.Манас айтуу менен бирге бүркүт, куш, ителги, шумкар салган чоң мүнүшкөрчүлүк өнөрдү аркалаган манасчы ...

1) С.Орозбаков 2) У.Мамбеталиев 3)С.Каралаев 4) Жусуп Мамай

27. 2014-жылы май айында Кыргыз Республикасынын ” Баатыры” деген наамдын берилишин угуп, бирок, кабыл алууга жетишпей жарык дүйнө менен кош айтышкан манасчы ...

1) С.Орозбаков 2) У.Мамбеталиев 3)С.Каралаев 4) Жусуп Мамай

28.1991-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1994-жылы Кыргыз Эл артисти ардактуу наамга жана “Түгөлбай ата” сыйлыгынын лауреты, о.э.”Манас” орденинин ээси ...

1) У.Мамбеталиев 2) Р.Исаков 3)Жусуп Мамай 4) С.Назаркулов

29.2005-жылы түүлга. Үч жарым жашынан Манас айткан. 2015-жылы июнь айында “Маданияттын мыкты кызматкери” деген наам ыйгарылган. Ал Кыргызстандын тарыхында бул төш белгиге ээ болгон мектеп окуучусу ...

1) Дөөлөтбек Сыдыков 2) Камил Мадаминов 3)Үмөт Дөөлөтов 4) Акыл Айдаров

30.Манас баатырдын сөөгүн кайда коюшту?

1) Эчкиликтин зоосуна 2) Чамбыл- Бел деген жерге 3)Көк жайыкка 4) Теңир-Тоого


Скачать

© 2020 2966 2

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!