СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Манас жана манасчы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Манас жана манасчы»

Манас жана манасчы

Дүйнө жүзүндө жашаган адамзаттын ар биринин, тилине, улутуна карабай элдик оозеки чыгармаларынын кайсы бир жанрлары, кайсы бир доорлордо жаралып абалтан оозеки формасында гана өнүгүп келгендиги бардыгыбызга белгилүү. Алгач элдик оозеки чыгармалардын үлгүлөрү жамакташкан төрт сап ыр формасынан тартып өнүгүп жүрүп олтуруп, көлөмдүү эпикалык чыгарманын деңгээлине көтөрүлүп, жетилип жаралганга калыптанганга чейин фольклордун майда: макал-лакап, санат, насыят, терме, үлгү, керээз, жоктоо, кошоктордон тартып, миф жана легенда, жомок формалары жаралгандыгы жана элдин каны-жанына сиңе баштагандыгы белгилүү. Бара-бара мындай жанрдын түрлөрү эпикалык чыгарманын канондук сюжетинин калыптанышына түздөн – түз өбөлгө болгон компоненттер экендигин көрөбүз. Сюжеттик окуялардын мазмундук маңызына караганда, бул өңдүү оозеки чыгармалардын жанрларынын топтомдору бир-бирине жалгашып логикалык жактан бир-бирин толуктап жүрүп олтуруп окуянын андан ары уланышына, эпикалык чыгарманын калыптанышына көмөк бергендигин көрөбүз. Ошентип «Манас» эпосу кичине булактан башталып чоң дайрага кошулуп, андан океанга айланып кылымдарды карыткан, тарыхка бай, узак доор сүрүп келген кыргыз элинин улуу маданиятынын көөнөрбөс мурасы болуп калды. Адамзаттын дүйнөлүк оозеки маданиятынын тарыхынын алкагында алганда, убакыт аралыгындагы коомдук формациялардын өнүгүшүнө сереп салсак, адамдардын аң сезиминин үзүрү болгон элдик мурастарга карасак, бир кездерде эпикалык доордун болгондугуна анан калса кылка өнүккөнүнө күбө болобуз. Буга далил иретинде Гомердин «Илиада», «Одиссея», Вергилийдин «Энеида», шумерлердин «Гильгамаш», индустардын «Махабхарата», «Рамаяна», тибет, монгол, бурят версиясындагы «Гэсэр», азербайжан, түрк, түркмөн версияларындагы «Гороглу», калмактардын «Жангар» ж.б. толуп жаткан улуу мурастарды атоого болот. Бул чыгармалардын ички жана сырткы структураларына карсак, стиль, тема, мотив, поэтикалык тили, форма жана формулалар боюнча кайсы бир деңгээлде типтүүлүктү да көргөзө алат. Мына ошол көрүнүштүн өзү эле байыркы мезгилдерден адамдар көчмөнчүлүк коомдо бир-бири менен байланышып, биринин укканын бири эске тутуп калуу жолу менен оозеки маданиятты өнүктүргөндүгүнүн ачык күбөсү. Албетте улуу мурастардын баарысын ар бир элдин ичинен чыккан чыгаан таланттары гана жаратып, сактап келүү жөндөмүнө ээ болушкан. Ошолордун катарында, элибизде улуу Сөз маданиятынын үлгүсүн жараткан, манасчыларыбыз экендигин айтпасак да түшүнүктүү. Баса белгилей кете турган маселе, узак убакыт аралыгында ар бир доордун тушунда жарык жылдыздай жанган мыкты заман манасчылары болгондугу. Эл ал таланттардын оозунан «Манас» эпосун жан дүнүйөсү менен угуп, аны менен таанышып, чыгарманын ички табиятына сүңгүп кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, абалтан бери кан-жанына сиңирип, оозеки угуу маданиятын үйрөнүп келген. Манасчы-улуу көчмөндөрдүн рухий дөөлүтүн жаратып эле тим болбостон, мезгилдер аралыгында аны сактап алып жүрүп, улам кийинки урпагына оозеки түрүндө салттуу вариантты жеткирип олтуруп, дегеле көркөм мурас менен адамзаттын философиялык ой туюмунун тереңдигин, баалуулугун эпикалык дүйнөдө чагылдырды. «Манас» эпикалык чыгармасы жанры боюнча баатырдык эпостордун катарына кирет. Адатта эпикалык чыгарманын мазмун – маңызына жараша бир нече топко бөлүп жүрөбүз (социалдык, баатырдык, экологиялык, лирикалык ж.б.) бул жалпы кенже эпостор менен чогуу алганда. Ал эми «Манас» эпосунун бүгүнкү күндө жетимиш сегизден ашуун толук жана толук эмес варианттары Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын алтын фондусуна жыйналып алынып, кол жазма түрүндө сакталууда. Маселен, «Манас», «Сейтек» баатырлык эпос болсо, «Семетей» лиро эпикалык, «Олжобай Кишимжан» лирикалык болсо, «Кожожаш» социалдык экологиялык ж.б. Кенже эпостордун да бир далайы варианттуулукка ээ. Дастанчылар буларды да оозеки формада айтып бир-бирине өткөрүп келишкен, кийинчерээк жазма вариантттары жаралган коомдун өнүгүү формацияларында бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал эми кыргыздын абалкы Сөз маданиятынын үлгүлөрүнүн сакталышында бул чоң олжо. Мезгилдер аралыгында «Манас» эпосун жаратып, айтып келген улуу өнөр ээлеринин мектеби пайда болгон. Себеби эпос бир эле мезгилде, бир эле манасчынын чыгармачылыгынан калыптанып бүтүп, азыркы биз билген «Манас» феноменине айланып калган эмес. Эпикалык чыгарма бир канча тарыхый стадиалдык катмарды камтып, татаал формада өнүгүп жашап келсе, манасчы да аны жараткан бөтөнчө касиетке ээ индивид иретинде ошончолук узак жана татаал чыгармачылык табиятын аркалап келген обочо жаралган таланттуу адам. Дегеле манасчы менен «Манас» дүйнөсү бир-биринен ажыратып кароого болбой турган, бүтүндөй бир бүтүндүктү түзүп турган дүйнө. Ошентип кичинекей булактан башталган эпопея, бир эле манасчыга таандык болбостон, көпчүлүк таланттардын касиетинен бүткөн жемиш экендигин мыйзам ченемдүү түрдө кабылдап келгенбиз. Булардын жеке эле «Манас» эмес, кыргыз элинин жалпы эле уламыш, поэма, дастандарын айта жүргөндөгүлөрү, андан сырткары санжыра тарыхынан элдин салт -санааларын туюндурган ырлары элге майдай жагып, бир эсе жомокчу иретинде элге таанылгандары, элдин эсинде калгандагысы да ошол. Маселен, бул өнөрдү алып жүргөн улуу өнөр адамдарынын ысымдарын атай кете турган болсок; ХVIII кылымдан тарта болжолдуу жыл наамы менен алганда, Балык Бекмурат Кумар уулу (1799 - 1887), Келдибек Барыбоз уулу (1880 - 1880), Назар Болот уулу (1823 - 1893), Чоодон (1885 - 1900) жылдар аралыгында жашап өткөн экен. Булардан кийинки сапта Ташмат, Касымбай Беки, Сырдыбай, Муса, Исагул жана башка манасчылар тууралуу айрым аңыздар айтылып келет. ХIХ кылымдын акыры ХХ кылымдын башы кыргыз элине Чоюке Өмүр уулу (1863 - 1925), Акылбек (1840 - 1920), Тыныбек Жапый уулу (1846 - 1902), Тоголок Молдо (1886 - 1942), Найманбай Балык уулу (1853 - 1911), Кенжекара Калча уулу (1859 - 1929), Сагынбай Орозбак уулу (1867 - 1930), Жаңыбай Кожек уулу (1869 - 1942) өңдүү жоон топ өнөр адамдарынын ысмын алып келди. Чын – чынына келгенде жогорудагы эки чоң агымдын өкүлдөрүнүн ичинен Сагынбай Орозбаков, Жаңыбай Кожековдун варианттарынын жазылып алынганын айтпаганда, же Тоголок Молдонун жазма вариантын айтпаганда башкаларынын толук вариант жазылып алынган эмес. Тыныбек Жапый уулунун вариантынан колго тутар, басмада жарык көрүп калган «Айчүрөктүн Ак шумкарды ала качышы» өңдүү эпизод менен топук кылабыз (ал өзү болгону 104 беттен турат). Булардын изин суутпай көрөңгөнү улаган Алмабек Топчубек уулу (1897 - 1940), Дыйканбай (1873 - 1923), Жакшылык Сарык уулу (1880 - 1943), Жандаке Байболот уулу (1853 - 1917), Жүгөрү Назар уулу (1864 -1941), Матисак Акбай уулу(1877 – ж болжолдуу жыл наамы). Даректүү кошумча маалыматтар КУИАнын кол жазмалар фондусунунан жана А.Асанканов, Н.Бекмухамедованын «Акындар жана манасчылар – кыргыз элинин руханий маданиятын түзүүчүлөр жана сактоочулар»- деген 1999-жылы чыккан илимий-популярдуу эмгегинен алынды (39-40 бб). Мындан сырткары элдин катмарына толук сиңе элек, даректер толук так айтылбаган манасчылардын ысымдары да бар. Эскертип кете турган дагы бир, токтоого муктаж эки факты бар. Бири Тыныбек Жапый уулу Экинчиси Чоюке Өмүр уулу. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо Ч.Ч.Валиханов менен В.В.Радловдун жазып алган варианттарынын оригиналы менен Тыныбек Жапый уулунан сакталып калган «Айчүрөктүн Ак шумкарды ала качышы», жана Чоюке Өмүр уулунун небереси Ш.Азизовдун варианттары менен салыштырып көрүү. Балким ысмы белгисиз манасчынын орду табылар беле деген ой келет. Негизи жыл наамы боюнча бул Назар манасчыга туура келет. Балким В. Радлов кыргыз жергесине бир нече ирет келгендиктен Назар эле эмес Чоюкеден да жазып алышы мүмкүн. Ал эми Шаабай Азизов Чоюкенин небереси болгондуктан балким Радловдун варианты менен үндөштүгү болушу ыктымал. Манасчылардын кийинки сабында ХХ кылымдын гомери аталган С.Каралаев баш болгон Мамбет Чокморов (1896 - 173), Ыбырайым Абдырахманов (1888 - 1967). Салттуу манасчылардын соңку сабында Чоюке Өмүр уулунун небереси Шаабай Азизов (1927 - 2006), Кааба Атабеков (1924 - 2007), Сейдене Молдокеева (1928 -2008) өңдүү манасчы, семетейчилерибиз жашап өткөн. Адатта манасчылык касиетке өзгөчө маани берип, анын сырдуу табигый талантынын ачкычын ачууга далалаттанып келгенде, буларды бөтөнчө обочо жаралган индивид катарында кабылдоого туура келет. Жалпы эле дүйнөлүк фольклористиканын алкагында албаганда да, кыргыз фольклористика илиминин анын ичинде манастаануунун тарыхында В.В.Радлов, Ч.Ч.Валиханов, В.М.Жирмунскийлерден тарта манасчыларга так аныктама берүү, анын мүнөзүн белгилөө өңдүү илимий – теориялык иликтөөлөргө сереп салсак, М.О.Ауэзов белгилегендей «табигый дааруу» касиетинин таасирисиз манасчы боло ала албагандыгы түшүнүктүү болот. Бул ойго пикирлеш ойлор профессор Р.З.Кыдырбаева. Ж.К.Орозобековалардын илимий эмгектеринен көрүнөт. Өзгөчө бул касиеттин тегерегинде иликтегенде керемет түштүн ролу абдан чоң. «Манас» эпикалык чыгармасы түрк тилдүү эпикалык чыгармаларынын ичинен дагы айырмаланып турган уникалдуу, өтө татаал структурадагы, көп катмарлуу чыгарма. Демек, аны жаратып, айта келген, элге жеткирип келген кызыл тилдүү чеберлер, сөзсүз түрдө өтө зор шыктын таланттын ээси. Так айтканда мыктынын – мыктылары экендиги шексиз. «Манас» - тарыхый эпикалык чыгарма. Манасчы- манас айткан киши. Ал эми Манас деген сөздүн этимологиялык мааниси кандай? Бул сөздүн маанисин түшүнүү кызыгуу туудурбай койбойт. Ман - сөздүн уңгусу К.К.Юдахиндин сөздүгү боюнча алганда жан-ман кош сөз түшүнүгү менен берилет (М: жан- маны калбай эси чыкты) (К.К.Ю); (Кыргызча орусча сөздүк түзгөн К.К.Юдахин. – М., 1985, 16-б). Ал эми Жорж Дюмезилдин француз окумуштуусу «Индоевропалыктардын мифтери жана кудайлары», (Мифы и боги индоевропейцев ( 1992-г) деген эмгегинен алганда: «ман», «мана», «багу мана» деген сөз арийлердин түшүнүгү боюнча биринчи адам маанисинде «жакшылык» (благое), жакшы саамалык, (благая мысль), «жер», «жашоо», жердин энергиясы деген маанини туюндурат экен. (Б.Ш) Эгерде ушул контексте «Манас» эпосунун көркөм текстин карап көрсөк: Манас: Асман менен жериңдин Бир өзүнөн бүткөндөй, Айың менен күнүңдүн Ширөөсүнөн бүткөндөй, Бети түктүү кара жер, Жердигинен түткөндөй,-деген саптар аркылуу берилет. Алынган мисалдын негизинде Ж.Дюземилдин иликтөөсүнө караганда белгилүү бир деңгээлде окшоштукту табууга болот. Манастын айрым варианттарында (Ш.А) Тоолор урап түз болду,Топон суу агып сай болду – дейт, топон суу каптаган климаттык өзгөрүү (катаклизма) жөнүндө эскертилип кеткени бар. Балким топон суудан соң жер жаңырып асман, жер, жердеги жашоо түшүнүгүнүн жазылган маалыматтар да бекер эместир. Манас асман менен жерден бүткөндөй делинсе – биринчи адам түшүнүгү, экинчи айың менен күнүңдүн ширөөсүнөн бүткөндөй дегени байыркы лунардык, солярдык культтун элементтерин сактоо менен, свастикалык эзоторикалык түшүнүмдөр менен да айкалышып купуя табыйгый сырды өзүнө сыйдырат. Мындай сакралдуулук эпикалык чыгарманын архаикалык катмарына таандык болуу менен бирге байыркы пантеондук түшүнүктү да жакындаттырышы мүмкүн. Демек, ман - сөзүнүн кыргыздардын философиялык дүйнө таанымы боюнча манастагы бир кудайдын пендеси (Манасты), теңирдин элчиси – манасчыны атагандыгы бекеринен эмес. Ал эми фольклордук алкакта алганда манасчыны чыгармачылыкка калыптануу этабы боюнча, окумуштуу манастаануучу С.Мусаев төмөндөгүдөй ажырымдайт: 1.үйрөнчүк манасчы 2.чала манасчы 3.чыныгы манасчы 4.чоң манасчы деп бөлүнөт. Ал эми биз (Ж.О) манасчы болуп калыптангандан кийинки этабын беш типке бөлүп карайбыз. 1.Легендарлык манасчылар 2.Классикалык манасчылар 3.Оозеки салттулукту да китептик үлгүнү да бирдей өздөштүргөн манасчылар. 4.Жазгыч манасчылар 5. Аткаруучу манасчылар. Манасчылардын калыптануу этабын төмөндөгүдөй чечмелеп көрөлү. 1.Үйрөнчүк манасчы – манас айтууга жөндөмү бар, шыктуу бала, табигый дааруу касиетинин таасиринде манасты угуп (манасчынын жанында же аралыктан) өздөштүрүп, айтуучулуктун техникасын үйрөнөт. 2. Чала манасчы – эпикалык чыгарманын айрым өзөктүк сюжеттеринен көңүлүнө сактап калып айтып калган мезгили. 3. Чыныгы манасчы – мында төкмөчүлүк, жамакчы, жомокчулук сапаттары айкын көрүнүп, эпикалык чыгарманын негизги өзөктүү окуяларын системалуу түрдө оозеки жат алып айтып калган кези. 4. Чоң манасчы – бул убакта кадимки салттуу манасчы болуу менен бирге эпикалык чыгарманы толук кандуу өздөштүрүп, импровициялоого жетилген убагы. (Ж.О.) Экинчи классификация Ж.Орозобекова тарабынан берилет мында манасчылардын типтери көргөзүлгөн: 1. Легендарлык манасчы – «Манас» эпосунун ичиндеги Ырамандын ырчы уул жэ, Жайсаң мындан сырткары Токтогул, келдибек сыяктуу манасчылардын тобу кирет. Легендарлык дегенде кандай манасчы? Булар тууралуу кыргыз элинде аңыздар кана айтылып калган, негизинде булардын варианттарын жазып алууга үлгүргөн эмеспиз. Ошол себептүү мындай типтеги манасчыларды легендарлуу манасчылар деп айтабыз. 2. Классикалык манасчылардын тибине Тыныбек Жапый уулу баш болгон Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаев өңдүү залкар манасчылар кирет. Өзүлөрүнө чейинки чоң манасчылардын чыгармачылыгынын пайдубалын бекемдеп, эпикалык чыгарманын өзөктүү окуяларын өнүктүрүп, кеңейтип мотивдерин өз бетинче интергретациялап, поэтикалуулугун арттырып, өзүнүн калыптанган стилин туруктуулукка жеткирген, эпикалык чыгарманын идеялык - көркөмдүк өзгөчөлүгүн эң жогорку чекке жеткирген манасчылар кирет. 3. Оозеки салтуулукту сактап, китептик үлгүнү да кош тизгиндеп алып жүргөн манасчылардын тибине жыйырманчы кылымдын акыркы салтуу манасчылары болгон Шаабай Азизов, Кааба Атабеков, Семетейчи Седене Молдокеева өңдүү чоң манасчы, семетейчилерин атоого болот. Шаабай Азизов династиялык манасчы, атасы Азиз манастын үчилтигин толук айткан экен, ал эми Азиздин бир тууган агасы кадимки залкар манасчы салттулуктун чегинде өздүштүргөн. Ал эми басмадан чыккан башка чоң манасчылардын вариантын китептин үлгү болгон, маселен Кошмо бириктирилген вариант (1959-ж чыккан), С.Орозбаковдун вариантарын (1974-81) негизинде бул киши Ыбырайым Абдрахманов, Молдобасан Мусулманкулов, Мамбет Чокморовдорду көрүп, манасын угуп калган, уулу Саякбайдын шакирти болгон. Кааба Атабеков салттулуктун чегинде айтууну устаты чоң манасчы Мамбет Чокморовдон үйрөнгөн, Шаабай Азизов экөөнүн таяке, жээндик жайы болгон. Мындан сырткары Кааба Атабеков Ш.Азизов сыяктуу эле жогоруда аты алган манасчыларды көрүп, алардын айткандарын угуп, Саякбайдан таалим алып калган. Адеген жылдары «Манас» бөлүгүн көп айтып жүргөн, кийин «Семетей», «Сейтекти» айтам, өзүм кагазга түшүрүп жатам деген эле (2004-ж. май) Төрт-Күл Ж.О. «Манас» эпосунун үчилтиги толук айткан, Сейтектен кийинки «Кененим», «Алымсарык», «Кулансарык», «Эрсарык», «Алтын бармак Акаяр», «Арстан түстүү Акжол баатыр» деген урпактарын айтам деген эле манасчы Шаабай Азизов. Тилекке каршы манасчыдан «Манас» үчилтигин гана жазып алууга үлгүрдүк. 4. Жазгыч манасчылардын тибине кыргыздын атактуу фольклор жыйноочусу, изилдөөчүсү жана жазгыч манасчысы Ыбырайым Абдырахмановду, улуу акын, тамсилчи жана жазгыч манасчы Тоголок Молдо (өз аты Байымбет Абдрахманов) кытайлык кыргыздардын жазгыч манасчысы Жусуп Мамайды алууга болот. Ыбырайым Абрахманов «Манастын» өтө көп варианттарын жазып жүрүп, өзүнүн шыгы дагы болуп жүрүп манастын бириктирилген вариантын жазып чыккан. Ал эми Тоголок Молдонун трилогиясы эпостун мазмуну жана көркөмдүк табияты боюнча көп жагынан С.Орозбаковдун вармантына үндөш келгендиги, аны өз заманынын мыкты летописчиси катары тарыхта алгандыгын айгинелейт. Жусуп Мамай кытайлык кыргыздардан чыккан манасчы. Ал агасы Балбайдын таасиринде (Балбай элдик фольклорду көп жыйнаган, «Манастын» варианттарын топтоп жазган … болгон) «Манас» эпосун кесип катары аркалап калган манасчы. Бу киши балким башында жаттап айтса керек бирок өзү белгилегендей эл арасында манас айтпайт жазат. Бүгүнкү күндө манастын сегиз урпагын жаздым дегени бар. 5. «Манас» аткаруучулардын тибине кыргыз эл артисти, эл манасчысы Уркаш Мамбеталиевди атасак болот. Бул киши чейрек кылымга чукул мезгил ичинде театр сахнасында «Манас» үчилтигинен аткарып, манасты элдин калың катмарына жеткирген белгилүү манас аткаруучу, элинин чыныгы патриоту эл сүйгөн, кадырлаган манасчы. Бүгүнкү күндө өзүнүн «Семетей» варианты жарык көрдү. (2010-ж). Айта кете турган кубанарлык саамалык, элибизде салттуу манасчылардын уюткусу үзүлбөйт, табиятынан манасчылык өнөргө шыктуу, таланттуу кыргыздын манасчылары дагы бар. Касманбетов, Жуманазаров, Сейдираманов өңдүү таланттуулар, ошондой эле күчтүү чыгып келе жаткан жаш манасчылардан Талантаалы Бакчиев, Улан Исмаилов, Дөөлөт Сыдыков, Ырыспай өңдүүлөр. Кайсы гана мезгил болбосун жогорудагы атап алган манасчылардай кыргыздын таланттары эл ичинен чыгып, «Манас» дүйнөсү коомдун улам кийинки сабындагы урпактарына жетип олтурат көрүнөт. Мындай түбөлүктүүлүк бардык эле улуттардын насибине буюрбаган чыгар. 2. Манасчылык касиетиндеги түш көрүү Айтуучулук өнөрдүн тегерегинде иликтөө жүргүзүүдө, анын маанилүү проблемаларынын бири айтуучунун «керемет түшүнө» байланыштуу экени адегенде эле көзгө урунган нерсе, бул көрүнүш эч кимге деле жаңылык эмес. Бирок, анын тамырланган терендиги, маани-манызы фетиштик, анимисттик жана ошондой эле тотемдик түшүнүктөр, адамдын психологиялык абалы менен тыгыз байланыштуулугу, дал ушул критерийден алып караганда кызыгууну туудурбай койбойт. Түш көрүү процесси жөнүндө учурда ар кандай аспектидеги изилдөөлөр арбын. Мезгилдер аралыгында канча деген ойлор айтылып, жазылып, аныкталып келген. Ошол себептүү керемет түш аяны тууралуу жүргүзүлгөн илимий –теориялык анализдер бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпой илимий чөйрөдө талаш-тартыштарды, кызуу полемикаларды жаратып келет. Ал иликтөөлөр негизинен философиялык, медициналык, диндик, культтук, мифологиялык, психологиялык, фольклордук ж.б. алкакта изилденген. Илимий адабияттарга караганда басымдуу иликтөөлөр батыш окумуштуулары тарабынан көбүрөөк көтөрүлгөн. Манасчылардын түш көрүүсү Айтуучу (манасчы) өзүнөн мурунку устаттарынын чыгармачылык нарк-насилин кааласа каалабаса да кабылдаган, таасирленген жана үйрөнгөн. Кай бирлери ээрчип жүрүп такшалган, кай бири чоң манасчылардын өзүн көрсөм деп көксөп, аралыктан таасирленген. Бул көрүнүштүн өзү эле манасчылык өнөрдүн касиетин, күчүн, бөтөнчөлүгүн көргөзүп турат. Кезегинде уруу башчылар, бий, бектер оюн-зоок куруп, төтөн чоң аш-тойлорду бергенде төгөрөктүн төрт бурчунан өнөр адамдарын атайын алдырып алардын талантын элге көргөзүп тамаша куруп, байге койгону да болуптур. Кандайдыр бир деңгээлде мындай мамиле, чыгармачыл адам үчүн пайдасы да тийген. Ал изденүүгө, шыгын арттырууга аракеттенип, экинчиден калайык калкка тааныла түшкөн. Элге ар бир өнөр ээсинин чакан өмүр баяны, чыгармачыл жолу, баскан турганы, мүнөзүнө чейин кызык эмеспи. Бирде болбосо бирде мындай суроо дайыма даяр болгон. Айтуучулар да бул суроого маашырлана жооп берип элдин черин жазышкан. Бул көрүнүш, алардан манасчылык касиетине кызыгуудан сырткары, ал өнөрлүү адамдын феномени өзү да кызык экенинин белгиси. Маселен, мындай учурда манасчылар окуяларды куюлуштура айтып келип, чыгармачылык дүйнөсүнүн башатын дал ушул «керемет түш» көрүүдөн баштаган. Керемет түш, андагы укмуштуудай аян, айтуучунун кыял фантазиясы менен ширелишип, тенирге болгон ишенимин арттырып, «манасчы» болууга өзүн өзү таптап даярдаган психологиялык өткөөл маалын камтый турганын байкоого болот. Кыргыз фольклорунун тарыхында ушул себептүү манасчылык өнөргө келүүнүн алдында «керемет түш» жөнүндөгү баян, «түш көрүү» процесси традициялык мүнөзгө ээ болуп келет. Ар бир айтуучунун айтымында ар башка сюжеттик мазмун, ар кандай символдук образдар «жакшы ойлонулуп табылган» кызыктуу ангеме баянына айланат. Бул сыяктуу керемет түштөргө мүнөздүү бир жалпылыкты айта кетсек. Көбүнчө эпикалык каармандардын элеси, үнү, көпчүлүк убакта таруу, буудай же кумдун кириши. Таруу «Манас» эпосунун бүтпөс саптарына салыштырылып, кум-таш болочок манасчынын түйшүгү, изденүүсү менен жорулуп, керемет түштөгү окуянын ачык элестеши, жөнөкөй адамдарды да ишендирбей койбойт. Манасчылар түш баянын айтканда теңирге, арбактарга сыйынып, каармандар менен жанаша жүргөндөй өздөрүн эркин ишенимдүү сезе алышат. Керемет түш биздин байкообузга караганда манасчыга бир нече ирет кайталанып кирет көрүнөт. Анткени психологиялык жагдайдан алып караганда алгачкы белги, алгачкы түш болочок манасчынын көңүлүндө орноп калат да, ал эске тутулган маалымат кайрадан бир убактарда сөзсүз кайталанышы ыктымал, бул адамдагы физиологиялык абалдын иштешин көргөзөт. Манасчы бул көрүнүштү башка көз карашта, өзүнүн жеке түшүнүгү менен кабылдайт. Манасчынын түшүнө, анын реакциясын текст менен бирге анализдеп көрөлү. Саякбай бир жолдошу менен өздөрүнүн айылына жакын Орто Токойдогу бир айылда жарамазан айтып жүрүшүп кеч кайтышат. Анча-мынча олжолуу да болушат. Экөөнүн үйү жолдун эки тарабында болгондуктан эки жакка үйлөрүнө кайтышат. Саякбай капчыгай ичи менен келе жаткан болот, убакыт таңга жуук маалы дейт, ал аңгыча болбой кыйкырык чуу үн угулат. Андан ары эмне болгонун билбейт, ошол уккан жерине эси ооп жыгылып калыптыр. Ошол убакта түш көрөт. Түшүндө кула кашка тай минип алыптыр, ошентип келе жатып жолдон бир чоң кара ташка кез болот. Жакындап келип караса ал таш эмес эле чоң ак үй болуп чыга келет. үйдүн жанында бир көк тулпар байланып туруптур. Ээн талаа жерде бул кайдагы боз үй болуп кетти деп айраң таң калат. Бир оокумда сыйда кара сакалы бар, кара тебетей кийген бир атчан келет да, эсин жыя албай жаткан Саякбайдын жанына токтой калып: Жандын баары козголуп, кырк эки түмөн кол болуп, түнөрүп жаткан жоого аттандык эле, сенин жолукканың абдан жакшы болду. Биле жүр, кадимки Бакай бабаң мен болом. Манас баатырдан сага «бере кет»,- деген аманат күл азыгы бар эле бере кетейин «оозуңду ач»,- дейт. Саякбай таң калган боюнча оозун ачат. Бакай, Саякбайдын оозуна толтура таруу куюп жиберип, «чайнап бардыгын жут, жутпасан кордук көрөсүң»,- деп опузалайт. Саякбай какап–чакап бардыгын жутуп жиберет. Оозундагы таруу эмес эле кум-таш өндөнөт. Жеп болгон соң Бакай колунун учу менен жогорку жакты көргөзөт: тээтиги Ак кула минип балкайган, таалайы адамдан артык жаралган баатыр Манас; анын берки жагында, кынсыз кылыч байланган, Ай сарала ат минген Алманбет деген шер ошол; андан бери карасаң Көгала ат чураткан Чубак баатыр; анын соңунда атка женил, тайга чак Улаккандын эр Сыргак. Манас экөө ага-ининин балдары. Эми сен жети жыл өткөн сон, манасчы болосуң, азыр атынды минип айылынды көздөй кете бер. Алдындан бир ак ирик айдаган аксакал адам жолугат. Анын иригин сатып алып, Манастын арбагына багыштап союп, этин элге тарткын деп коюп жок болуп кетет. Түшүнөн чоочуп ойгонот, жан-жагын караса эч ким жок. Коркконунан шашылып туруп, атын минип айылын көздөй жөнөйт. Жолдо келе жатса бая Бакай айткан иригин айдаган аксакал адам жолугат. Бакайдын айтканын орундап бир ирик сатып алат. Үйүнө барып үй-бүлөсүнө айтып түлоөө өткөрөт. Жети жыл өткөндөн кийин Саякбайдын баякы керемет түшү кайталанат. Түшүндө Бакай: «сага көрүнгөндөн бери жети жыл өттү, бүгүндөн калбай алдындагы атынды Манастын арбагына атап союп элден бата алгын», - дейт. Чоочуп ойгонсо түшү. Атасына түшүн айтат, кудайга жалынып баатырдын арбагына багыштап атын союп, элден бата алат экен. Ошол күндөн баштап оозума манастан саптар келип айтып калдым, деген экен маркум Саякбай Каралаев. Эми Келдибек манасчынын түшү жөнүндө айтылган маалыматтан алып көрсөк; сен дайыма арбактарга багыштап мал союп, куран окутуп жүр, антпесең эркек тукум көрбөй каласың деген так текстин түштөгү чагылышы (чынында манасчыдан эркек тукум калбаган дешет) өңдүү маалыматтарга караганда «керемет түштүн» кириши анын маанисинде бир купуя сыр бар сыяктанат. Түш аркылуу манасчы боло турган окуяны алдын ала билүүсү, көзү ачык адамдардын бал ачканы сыяктуу сезилет. Бул убакта адамдын психологиясында кооптонуу, коркунуч пайда болот, психологиялык процесс жүрөт көрүнөт. Манасчы түш көрдү, түшүндө элестүү аян болду, ал жөнүндө, же бир нече убакыт өткөн соң анын жашоосунда өзгөрүү болгондогу кези менен дал келип калды. Манасчы ушул убакыт ичинде түйшөлүү абалында болот. Маселен: «… бир адам пайда болуп, буларды билесиңби?- деп эле менден сурай баштады. Жок, билбейм мурда көргөн эмесмин дейм. Ал ангыча Манас кырк чоросу менен Чыгыштан Батышты көздөй кетип бара жатыптыр. «Корпогун» - дейт дагы бир үн, сен мындан ары Манас айтып жүргүн…, кимдир бирөө, «Ооба айтат, айтат»,- дейт. Айта албайт, андан көрө көкүрөгүнө мөөр баскыла, деген өктөм үн чыгат. Балким кыйналат башында, анан айтып кетет, мөөрүндү баса бер, дейт ишенимдүү баягы тааныш үн. Ал ангыча болбой, ак селдечен, кыска куйрук ат минген бир адам, менин оң жак көкүрөгүмө мөөрүн баса салды. Болду эми жыйырмага келип калганда «Манас» айта баштайсын,- деп коюушуп көздөн кайым болушту. Ойгонуп кетсем түшүм (М.Чокморовдун түшүнөн)». М.Чокморов түшүн эч кимге айтпай жүрө берет. Кийин оң капталы шал ооруга чалдыгып жатып калат. Баягы көргөн түшү эсине түшөт. Таякеси Донузбайды чакыртып, көргөн билгенин айтат. Таякеси да жөн адам болгон эмес, ошол замат тууган урукка кабар кылып, жылкы союп элден бата алышат. Түш көрүү, көзүнө көрүнүү, кулагына үндөрдүн жаңырышы, ага ишеним артуу өндүү сезимдер манасчынын жан дүйнөсүнөн орун алган, кыялынан, оюнан кетпей турган нерсе. Ошентип манасчылар кичинеден көнүп олтуруп, кийин биротоло чыгармачылыктын арбоосунда такшалган. Манасчынын «теңирдин берген шыбагасы» анын импровизаторлугу, артистик жөндөмү менен ширелишип, кийин эпикалык дүйнөгө индивидуалдуу мамилесин жаратуу чегине чейин жеткен. Керемет түштүн тийгизген таасири туурасында азыркынын чоң манасчылары Ш. Азизов: «Түш көргөм, бир эмес бир нече жолу, эгерде түшүмдө көрүнгөн боюнча эртесинде Манас же анын кырк чоросу жөнүндө айтпай калсам, кадимкидей ооруп калар элем». (Үч-Кайнар: 1995.- 28 апрель) К.Атабеков: «менин түшүмө көбүнчө «Чон казат» окуялары эле кайталанып кире берет. Баатырдын кыргын-сүргүн окуяларынан эле айт, дей берет, ошол өктөм үндөн көп ойгондум, ошондон уламбы мен «Манасты» «Чоң казат» окуясынан баштап айтып калгамын», - деген эле. (Төрт-Күл: 2000 .жыл- май) Көпчүлүк манасчылар «Манасты Ороздунун он уулунан, же Манастын бала чагынан» тартып айтышат. Жогорудагыдай пикирлердин негизинде түш манасчы үчүн чоң өбөлгө, жөлөк, ишеним экенин байкоого болот. Кызый айтып келгенде окшоштук жагы экөөнү токтотуш кыйын. Элирүү, ар кандай кыймылдарды жасоо, төрдөн улагага чейин жылып кетүү, ритмдүү, обондуу ыргактагы рецитация, аны коштоп тарсылдата санын же алаканын чабуу, көздөрүн ала чакмактатып, оозунан көбүк чыкканга чейин булкунмайы бар. Сыртынан караган адамга эпос канчалык кызык болсо, манасчынын кыймыл аракети, турпаты андан да артык кызыгууну жаратары бышык. Келдибек манасчы тууралуу маалыматта, анын манасчы болуп калуусуна Манас жана кырк чоро түшүнө кирип шыбаа болгон деп айтылат. Түштүн биринчи бөлүгүндө болочок манасчынын келечек өмүрү кандай болорун баян этет. Алдын ала Сагынбай, Тыныбек, Кожомгелди манасчылардын ысмы менен түшүндө таанышат. Экинчи бөлүгүндө эпикалык каармандар менен таанышат. Үчүнчү көрүнүштө анын жеке тагдырына байланыштуу айтылган опуза чындык чагылат. Ушул үч кырдаалда, абалда манасчынын психикасынын түшкө карай өзгөрүүсү байкалат. Жогоруда биз талдаган анализге идентификацияланат. Жалпы алып караганда манасчынын түшү жогорудагыдай процессте калыптанган деген жыйынтыкка келүүгө түрткү берет. Ушул жагдайда камтый кетчү бир маселе манасчынын табигый өнөрүнө ооз эки салттуулуктун чегинде калыптанышы. Маселен, манасчылар эпосту күндөп-түндөп, айлап-жылдап айтуу кудретине ээ. Эгерде бир эле манасчыдан бир эпизоду эки башка убакытта жазып алсак, негизги сюжеттик өнүгүү салтка айланган көркөмдүк сүрөттөөлөр сакталат да, ыр саптарында сөздөр өзгөрөт. Экинчи бир эске алуу турган нерсе, бир эле окуяны (эпизодду) эки манасчыга айттыра турган болсок, эки манасчынын айтуусунда ар башка денгээлде чыгат. Оозеки айтуучулуктун табигый сыры ушунда. Маселен, Тыныбек манасчынын «Семетей» бөлүгүндөгү «Айчүрөктүн Ак шумкарды ала качканы» эпизодундагы Семетейдин кууга кушту салып тургандыгы жеринен алып көрөлү: Тыныбекте: Эр Семетей баатырын Сары жибек танап боосунан, Ак шумкарды тартып алды боосунан Кызыл жибек буттан алды дейт, Тордоп кылган томого Тартып баштан алды дейт. Ак шумкар асманга эргип чыкты дейт. («Семетей» ). С.Каралаевд Томогосун шыпырып, Ал ак кууга көргөзсө, Мурдунун суусу куюлуп, Санар жүнү суюлуп, Оодарылып баркылдап, Октос берип жаркылдап, Колго турбай жээлигип, Кокуюңдун шумкары, Өлөрүн билбей ээлигип, Төрөнүздүн дал өзү, Мерчемдүү жерге жеткенде, Бейпай кылып ийди дейт, Кагып ийип как жакка, Түртүп ийип ар жакка. (С.К. «Семетей») Биз «Семетей» бөлүгүндөгү «Айчүрөктүн Ак шумкарды ала качканы» эпизодун бир эле кырдаалды эки айтуучунун текстинин негизинде карап көрсөк, С. Каралаев окуянын өзөгүн сактап өз алдынча эркин импровизациялайт. Тыныбекте «Семетей» куштун томогосун өзү шыпырып коё берет, ал эми Саякбайда «Семетей» кушун Күлчорого берет. Күлчоро кушту кууга салгыча Семетейдин тынчы кетип шашылып, көрүнүп тургандай тексти көркөмдүк жагынан алганда ажырымы байкалбай койбойт. С.Каралаевде окуя драматизацияланып жандуу, көрүп тургандай кыймылдуу сыпатталганын көрөбүз. С.Каралаевдин поэтикалык стили бул жагынан башка манасчыларга салыштырмалуу кыйла арыш алат, күчтүү чыгат. Айтуучулар адата импровизациялай келгенде мыктылары мурдагы тексти майдалап, жанылап толуктап, өздүк боёгун кошуп сүрөттөшөт. Укканды тамшандыра турган тубаса таланттуулук мына ушундай жерлерде көрүнөт. Балким бул касиеттин табийгый сырын манасчы өзү гана билер. Анткени манасчынын табияты өзү табышмак мисалы көптөгөн илимде кезигүүчү чечилбеген сырлар сыяктуу эле биз үчүн манасчынын феноменалдык эс тутумунун кайталангыстыгы, керемет түштүн таасиренен улам манас айтып келгени, сырткы күчтүн таасирин сезе билип манасчылык өнөрдү ыйык тутуп калганы. 3. Эпикалык чыгармадагы түш көрүү Түш жөнүндө иликтөөлөрдүн дагы бир маанилүү бөлүгү эпикалык чыгармалардагы түш проблемасы. Эпикалык чыгарманын өзөгүндө ар кандай керемет түштөр жолугат. Байыркы мезгилдерде эле адамдар алгачкы мифтик чыгармаларда өздөрүнүн сүйүктүү каармандарынын тагдырын, андагы укмуштуудай окуяларды керемет түшкө байланыштырып айтып келишкендиги белгилүү. Көпчүлүк түштөрдүн мааниси алдын ала бир нерседен кабардар кылууну камтыйт. Эпикалык чыгармада түштөрдүн бир нече тибин белгилөөгө болот, маселен баатырдын бойго бүтүү мотивине, үйлөнүү мотивине, дос күтүү, ж.б.. өзүнчө белгилеп айта кетүүчү нерсе, «Манас» эпосунда түштөр байыркы мифтик башаттан бери өнүгүп, эпостун архаикалык катмарынын элементтерин сактап, эпосто белгилүү бир эпизоддун өзөгүн түзүп, элдик каада-салт, ар кандай ишенимдер ритуалдар диндик түшүнүктөр менен бирге чагылганын көрөбүз. Мисалы: С.Орозбаковдун варианты боюнча болочок баатырдын түш аркылуу бойго бүтүү мотивинин чагылышын көрөлү: Жакып байдын түшү: Уйкуну бекер уктабай Урматтуу бир түш көргөнүм Кукулуктап үн чыкса Куштан башка үнү бар Куйрук башы жаркылдайт Куудан аппак жүнү бар, Айбат менен караса Алп кара куш сүрү бар Саноолору Сары алтын, Таканак жүнү баары алтын, Чырымтал жүнү чылк алтын, Текөөрү болот темир дейт, Сепкени өлгөн себил дейт, Тумшугу болот тунжур дейт, Туягы болот канжар дейт, Жыпар менен жуулган Жибектен боону тагыпмын, Алтымыш кулач жибек боо Аягына тагыпмын. Ай мунарын жем кылып Абдан сыйлып багыпмын, Күмүштөн боо тагыпмын, Күн мунарын жем кылып Күпкөлөп жүрүп багыпмын. Асмандагы канаттуу, Айбатынан уча албай, Жерде жүргөн сыяктуу Желип чыгып кача албай, Ага конорго туур жайладым. Алача моюн ак шумкар, Ага кошо байладым,- дейт. Текстен көрүнүп тургандай, кыргыз оозеки поэзиясынын рифмаланган бул сабынын ритмдик ыргагы уйкаш салыштырма эпитеттин негизинде, метафоралык өтмө мааниде туюндурулуп, традициалуу түрдө калыптанган строфикалык паралеллизм менен көркөмдөлгөн эпифора поэтикалык так бай баяндоо аркылуу чагылган. Бир эле куштун образы, анын турган турпаты, көрүнүшү, тумшугунан тырмагына чейин сүрөттөлүшү түштүн объектисиндеги абстрактуу элести туюндуруп, көрүп тургандай жандуу портретин жаратат. Болочок баатырдын образы каймана мааниде берилип, ал жөнөкөй тектен эмес, бардар уюткулуу жерден экенин түштүн маанисинен көрүнүп турат. Мисалы: Ай мунарын жем кылып, Абдан сыйлап багыпмын. Күмүштөн боону тагыпмын, Күн мунарын жем кылып, Күпкөлөп жүрүп багыпмын,- деген строфикалык паралеллизмди табууга болот. Жакшылап караса «алп кара куш сүрү бар» деген салыштыруу, анын келечекте баатыр боло турганынан кабарлайт. «Ай мунарын жем кылып, абдан сыйлап багыпмын» деген саптардын мааниси (кречета) «күндүн, айдын нуруна бөлөп багыпмын» деп чечмеленет да, «солярдык», «лунардык», символикалык объектиге айланат. Анткени бул сөздөрдүн эпикалык чыгармада культтук мааниси бар. Адатта мындай сүрөттөө абстрактуу түшүнүктөргө мүнөздүү. Чыйырдынын түшү: Уйкуга көзү барыптыр, Уюп уктап калыптыр. Чыканагы талыптыр, Чырым уйку алыптыр. Ак селдеси башында Ак сакалдуу бир Адам Келип кирди кашына. Ыйлап жаткан бакырдын, Ырайымы келди жашына: Барбардигер бир кудай Ыйлаба деди силерди Аяктай болгон ак алма Азелден ширин бак алма. Алда буюрган алма деп, Напсиң өлсүн жалма деп Кызыл алма кыз деди, Кызматкербиз биз деди, Кылган иши түз деди. Мына бу айткан сөзүмдүн, Маанисине түш деди. Айтканымды бил деди, Алиги жеген ак алмам, Курсагыма толуптур. Артымдан чыкты ышкырып, Ажыдаар болуптур, Ачууланып оп тартса Ай ааламды соруптур. Көрдүм чоочуп нес болуп, Узарыптыр өз боюм Бир жүз отуз кез болуп. Ойгонуп чоочуп калганым. Алынган мисалдан көрүнүп тургандай, «ак» деген сөздүн мааниси «ак селдеси башында», /ак өң боюнча жогоруда да айтканбыз/ «ак сакалдуу бир адам» деген саптар символдук образга ээ. Мындай көрүнүш манасчынын түшүндө да туруктуу жолугат. Чемелей келгенде эки башка кырдаалда болсо да, «ак» ыйык, таза, бийик (ангел), колдоочу маанисине жакындап кетет. Чыйырдынын түшүндөгү «ак алма», аны жегенден кийин аркасынан ышкырып ажыдаар болуп чыга келгени эпостун мифологиялык катмарын көргөзөт. Жыш жана кезектүү уйкаштык түрк элдеринин оозеки поэзиясында мурдатан калыптанган форма. Түшүндө алма жегенден соң алтымыш кулач ажыдаарды ат ордуна минип, же боюнун жүз отуз эки кез болуп узарып көрүнгөндүгү абстрактуу элес эпикалык цифра менен жомоктук персонаждар фантасмагорияланып гипербола аркылуу чагылат. Жакыптын түшүндө түштүн объектиси куш болсо, Чыйырдынын түшүндө ак алма. Алп кара куш, алтымыш кез ажыдаар бул болочок төрөлө турган баланын баатыр болорунан аян берет. Кийинки түш Бакдөөлөттүн баянынан башталат. Багдөөлөттүн түшүндөгү туйгун деп өтмө маанидеги метафора аркылуу туюндурулган куштун образы, анын алгыр куш экенин айгинелеген ыр саптары жупташкан эгиз уйкаштыкта чыккан. Элпек ыргактагы поэтикалык сыпаттоо гипербола аркылуу берилип текстин көркөм тилин арттырат. Түштүн маанисине караганда талпынган туйгун куштан ийменип, ага урмат кылгандары каймана баяндоо, төрөлө турган баланын келечекте батыр болорунан кабар кылат. Негизинен алынган үч мисалда эпостогу түштүн белгилүү бир тибин аныктоого болот. Андагы алп кара куш, ак алма, туйгун деген каймана өтмө маани эпосто баатырга карата айтылган туруктуу эпитет катары калыптанган. Ошондой эле ай, күн сөздөрүнүн кезигиши түбү-теги байыркы солярдык культтук мааниден келип чыккандыгын көргөзөт. Мисалы, баатырдын келбетин сүрөттөөдө көпчүлүк варианттарда мындай деген туруктуу саптар бар: Айың менен күнүңдүн, Бир өзүнөн бүткөндөй. Асман менен жериндин, Тирөөсүнөн бүткөндөй,- мындай салыштыруулар культтук мааниден жаралгандыгынын мисалы. Бул типтеги түштөр эки бөлүктөн туруп, салтык иш-аракет, жөрөлгөлөр менен коштолуп эпосто бүтүндөй бир окуянын өзөгүнө айланат. Ошентип биз түш баянынын эки бөлүктөн тураарын аныктай алабыз: түш көрүү; түштүн жорулушу. Түштүн экинчи бөлүгү «түштүн жорулушуна» келгенде, ар бир сапты мазмунуна жараша образдуу көрүнүштөрдүн жандырмагын чечмелөө жолу менен өтөрүн көрөбүз. Өткөн параграфта биз манасчылардын түшү, андагы символдуу образдарды талдаган элек. Болжолу эпосто персонаждын укмуштуудай керемет түшү менен айтуучунун түшүнүн ортосунда тыгыз байланыш бардай. Анткени айтуучунун көз алдына баатырлардын элесинин, сүрдүү келбетинин түшүндө көрүнүшү, эпосто болочок төрөлүүчү баатырдын алды артынан коштогон ажыдаардын сойлоп келе жатышы, үстүндө алп кара куштун айланып учушун элестетүүгө көмөк болот сыяктанат. Айтуучунун кабылдоосунда баатырдын образы идеалдаштырылгандай туюм жаратат. Батыр күн нурунан, ай нурунан бүткөн, күн тийген жердин баарын өзүнө каратып, кылычтай өткүр, ажыдаардай айбаттуу, арстандай кайраттуу, аны Көкө Тенир, кара тоо, агыны катуу суу колдойт. Айтуучу түштү чечмелегенде эч кынтыксыз көркөмдүк денгээлде чагылдырып бере алат. Эпикалык чыгармадагы каармандардын түштөрү, алардын чечмелениши улам кийинки окуянын уланышына стимул берип турган сыяктуу. Маселен, Жакып, Бакдөөлөт, Чыйырдынын түшү Манас баатырдын келечек тагдырынан кабарлоо менен окуянын андан ары жүрүшүн камсыз кылат. Манасчынын көргөн керемет түшү анын келечекте манасчы болорунан аян берген бир кап тарууну атка артып алганы же, оозуна таруу куюлуп аны эптеп жутканы өңдүү көрүнүштөрдөн кийинки турмушунда өңүндө туура келген сыяктуу эле, эпостогу төрөлгөн баланын келечекте ыйык касиетке ээ баатыр болорун айкындаган символдор, болбосо Каныкейдин түшү, Манас «Чон казатка» аттанаар алдында бир кырсыкты, жамандыкты туйганы, окуянын соңундагы трагедиялуу көрүнүштөн алдын ала кабарлагансып турат. Ушундай эле көрүнүш Манастын Алмамбетке жолугаар алдындагы көргөн түшүнөн анын жорулушунан Алмамбет Манаска көздөй жан дос болору, өзүндөй шер артык баатыр экени түшүнөн эле билинет. Айтуучу эпикалык чыгармадагы түштөрдү сүрөттөөдө бирдей типтеги форманы колдонгон. Маселен: түш көрөт түш жорулат түш той менен аяктайт түш кийинки окуянын уланышына керектүү бир негизги функцияны аткарат Түш дос күтүү, төрөлүү мотивдери менен бирге чагылат. Түштүн мазмунунда мифологиялык образ, абстрактуу фантастикалык элес камтылган. Айтуучунун эпоско «түш баянын киргизүүсүн» анын бай фантазиясынын жемиши катары кароого да болот. Анткени элдик каада-салт жөрөлгөлөрү, курмандыкка чалуу ритуалы, өңдүү көрүнүштөрдүн бардыгы ширелишип кеткен. Поэтикалык жактан алганда салыштыруу, өтмө каймана метафоралык сыпаттоолор М: Боз ала туйгун - боосу жез; Боору кара мойну-кез; Оң колуңа алыпсың -деп, (С,О.1. к 31-б) болочок баатырды манасчы «боз туйгунга» салыштырып жатат. Ушул эле түштөгү поэтикалык кайталоодо экинчи саптын мазмуну башкача жорулат. М: Туурдагы туйгуну, Турна моюн жез канат, Тумшугу болот боо манат. (С,О.1к.31-б) Бул Манастын карындашы Карлыгачтын төрөлө тургандыгы жөнүндө кабарлайт. Туурдагы туйгуну «турна моюн» кыз балага мүнөздүү сыпаттоо. Айтуучунун чеберчилиги окуяны белгилүү бир системанын алкагында өөрчүтүп, бир-бирине куюлуштуруп мазмундуу ойду көркөмдөп шайкеш келтиргенинен эле байкалып турат. Мындан сырткары түштөрдүн сүрөттөлүшүндө анимистик ишенимдер арбак кудай аркылуу туюндурулуп, төрөлө турган баатырды ажыдаар колдойт экен деп, тотемдик түшүнүктөр менен байланыштырып жатат. Тексте мындай көрүнүш элдин байыркы салт-санаасына кирген курмандыкка чалуу жогоруда айтканбыз «ай туяка мал союп» деген сыяктуу расмий жөрөлгө менен коштолот: Эркегинин баарысын, Нээти казат жараткан, Ургаачысын ар жерде, Үлкөн калба тар жерде Ак түлөөгө жараткан. Камбар боздун үйрүнөн, Кармап келгин бир бээ, Тогуз кара бээ болсун, Токсон кара кой болсун, Ушунун баарын сойгон соң, Толуп ташкан той болсун. Аты жоктор жөө болсун Сыйырдан жетөө союлсун Ач арыктар тоюнсун -деген сыяктуу саптардан көрүнүп тургандай жакшылык үчүн малды курмандыкка чалуу жөрөлгөсүнүн эн майда детальдарынан өйдө чагылдырылып, рифмалык уйкаштыкта ички аллитерация аркылуу поэтизацияланган. Жогорудагыдай эпифоралык түзүлүш кыргыз эпикалык чыгармаларында туруктуу поэтикалык формада калыптанган. Жогоруда биз «Манас» эпосундагы бойго бүтүү мотиви менен байланышкан түш процессин көргөздүк. Манас баатырдын түшүнөн Алмамбеттин ким экенин, кандай баатыр экенин айтуучу кылычка салыштырат, кылыч түз эмес үч жагы кайкан – башкача жасалган. Алмамбеттин чет жерден келгенин айкындайт, кара ташты бир салса «боордою лып» деп кесилип калат- ал Алмамбеттин курч баатырлыгы. Байланган кылычы бир убакта жолборско айланып аркасынан ээрчип алат. Айтуучу образдуу өтмө мааниде сүрөттөп келип күчөтмө боёк кошуп, Күркүрөп жолборс карады, Атагы кайып болгондун, Эч кайсысы калбастан, Моюндарын сунушуп, Таазим кылып турушуп ж.б. Баатыр жолборстой күчтүү, албеттүү эле болбостон, кайып аттуунун бары баш ийди, - деп жатканына караганда, «жолборс» айрым урууларда уруу тотемдик милдет аткарган, балким тотем катары туюндурулган болуусу да мүмкүн. Алмамбет ыйык баатыр, касиеттүү баатыр. «Кукулуктан үн чыкса, куудан башка үнү бар, куйрук башы жаркылдайт, куудан аппак жүнү бар»,- деп баатырдын сындуулугун кууга салыштырат. Айтор айтуучу түш баянын сүрөттөгөн кезде ал болуп жаткан окуянын маңызын тереңден ачып берүү максатында, көркөмдүүлүгүн арттырып, окуяны тереңдетип, кеңейткенин көрүүгө болот. Тактап айтканда манасчылардын түшү, эпикалык чыгармадагы түштөрдү караган кезде эпикалык чыгармадагы түштүн маани-манызы ачып берүүгө аракеттендик. Манасчынын керемет түш көрүүсү, андагы символикалык образдар, манасчынын көзүнө көрүнгөн баатырдын элеси өңдүү көрүнүштөр, манасчынын эпосто түш баянын өөрчүтуүүгө көмөк берген сыяктуу таасир калтыраарын белгиледик. Демек, манасчылык өнөрдө «сырткы дааруу күчүнүн» болушу, анын бар экени илим жүзүндө айтылып мурдатан тастыкталган гипотезаларга, белгилүү бир деңгээлде далилдөөлөргө таянып, манасчылык өнөрдүн калыптанышында керемет түш көрүү, бирден бир негизги купуя сыр каткан көрүнүш жана оозеки айтуучулуктагы уникалдуу эс тутум менен адамдын мээ системасынын миллионго жакын ыр сабын көкүрөккө жат алып айтууга жөндөмү калыптангандыгы жөн салды нерсе эмес феноменалдык сейректик экендигине кепилдик берүү мүмкүндүгү бар деп ойлойбуз. Кылымдар аралыгында не деген манасчылар өттү, манасчылык касиет улам бир муунга берилип жүрүп олтуруп, ушул күндө да сакталып келгенинин өзү уникалдуулук ошол себептүү чакан да болсо эл катмарына кеңири белгилүү боло элек манасылардын айрымдарынын портретине орун бере кетүү орундуу. 4. Балык (Бекмурат) Кумар уулу Болжол менен бу киши 1793-жылы туулган. Калк арасында чоң манасчы иретинде белгилүү болгон. Өзүнүн аты Бекмурат, эл койгон ылакап аты Балык.кумар теги Сарбагыш уруусунан. Турмуштун айынан урук тууганы менен Таласка көчүп барган дешет. Ал жактан атасынан ажырап, жокчулуктун айынан байларга жалчы болуп оокат табат. Элдин оозундагы маалыматка караганда, 13-14 жаш курагынан тартып Манас айта баштаган. 20 жашка келип калганда жамакташып топ ичинде ырдап чыгыптыр. Манасты айтып калуусун түш жоромолунан баштайт. Жаш кезинде Наманган тарапка мал айдап бара жатып чоң жаанда калат. Кеч күүгүм болуп корголоп, бүрүшүп жатып уктап кетет. Түшүндө Манас 40 чоросу менен кирип анын мындан ары Манас айта жүрүүсүн буюруп, ал тургай тору кунан берет. Ойгонсо түшү. Эртеси жолго чыгат жолдон Манас берген тору кунанга өңүндө жолугуп аны минип алып Наманганга чейин минип барганын эскерүүчү экен. Манасты көпчүлңк элге ошол Намангандагы Кушбектин алдында айтканын баяндаган. Кушбек манасчынын өнөрүн билип угуп баалап, сыйлыктар менен сыйлап, Таластын бий, манаптарына бул баланын чыгармачылык өнөрүн билип угуп, карап жүргүлө деп кат жазып берген экен. Ошондон тартып Манасты арбытып эл жыйылган аш тойдо айтып жүрүп даңк аталат. Атагы солтонун Байтигине угулуп Чүйгө чакырат. Чүйдө жашап жүрүп кийин туугандарына 73 жаш курагында Кочкорго көчүп барып ушул жерде отуруп калат. Кочкордон кийин ага 10 жаш чамасында Шапак жолугат. Балыктын өтө чебер залкар устаттыгы жөнүндө Шапактын эскергени бар. Үч жылга Кочкордо туруп кайрадан Чүйгө келип 80 жаш курагында кайтыш болот. Анын сөөгү Байтиктин жанына, Боз-Бөлтөктүн этегине коюлат Балык көп кырдуу таланттуу манасчы болгондугу анын акындык өнөрүнөн, манасчылыктан жана өз элинин тарыхый таржымалын мыкты өдөштүргөн санжырачы экенинен көрүнөт. Айлап айтса түгөнбөй, үнү жагымдуу укмуштуу болгон экен. Маалыматтарга караганда манасы эки чоң бөлүктөн туруп “Оторкан” (кыргыздын байыркы тарыхы баяндалчу экен). Манас бөлүмүндө катагандын кан Кошой, Бокмурун кан. Коёш кан, Жүгөрү кан, Үрпү кан, Мазбурчак, Жамгырчы, Айдаркан, Көкчөкан, Буудайык кан жана башка тарыхый таржымалы баяндалган. Балык манасты кимден үйрөнгөндүгүн так айткан эмес экен. Кыргыз фольклорун мыкты билген Тоголок Молдонун маалыматына таянганда ал болжолу манасты Нооруз манасчыдан уккан. Анын шакирттери Шапак, Сагынбай болгон дешет. Балыктын баласын атасындай манасты айта койгон. Бирок басымдуу өнөрү акындык экени белгилүү. Манастан: «Манастын күмбөзү», «Таластын көрүнүшү», «Манастын кийимдери», Балыктан угуп үйрөнүп калган айрым үзүндүлөрүңн кийин 1923-жылы Кмифтаков тарабынан Кең-Колдо Сулайман Рыскулбек уулунун оозунан жазылып алынган Балыктын өзү акын дагы болгондугун Айтике акын менен айтышы да көргөзөт. Бирин экин болсо да КУИАнын алтын фондусуна жазылып калганы бар. 5. Тыныбек Жапый уулу 1846-жылы Ысык-Көлдүн тескейиндеги Кайнар деген айылда туулган. Бугу уруусунан. Тыныбектин өзүнүн эскерүүсүнө караганда Сагынбай, Калыгул, Тоголок Молдо, Байбагыш, Доңузбай, Дыйканбай, Багыш Сазан уулу жана башкалар андан таалим алышкан экен. Тоголок Молдо, Кулыгулдан Модобасан, Доңузбайдан Мамбет Чокморов таалим алышкан. Тыныбектин небереси Актан Тыныбеков өз убагында элден уккканын термелеп жазып 1938-жылы жазып тапшырган кол жазмасы азыркы учурда жалгыз карманаар факт катары колдонулуп жүрөт. тыныбектин жарды киши болуп, мергенчилик менен күн өткөргөн экен. 14 жашынан «Манасты» айта баштаган, 25ке келгенде кадимки чоң манасчылардын катарын толуктаган. Назар манасчы менен теңтайлашып айткан манасы буга күбө. Көлдө Чыныбай манап экөөнү айтыштырып көргөн экен. Тапшырма манастын өлгөнүнөн күмбөз салдырганга чейин айткыла дейт. Ошондо Назар бир жарым күн айтып Надыр уста бүткөргөнүн айтып токтойт. Тыныбек да бир жарым күн айтып күмбөздү Анжыян, Намангандан алдырган Арстан эшенге салдырат. Бул экөөнүн айтканын угуп олтуруп Манастын күмбөзүн олуя же Тыныбек айткан эшен салбаса, мынчалык узак убакыт күмбөз турат беле деп жеңишти тыныбекке ыйгарышып 100сом бир ат байге алат. (фонетикалык материалдан). Мындай окуядан кийин кыргыздын манаптары Шабдан, Байтик, Сооронбай өзбектер атайын чакырышып ырдатып Тыныбектин зоболосу көтөрүлөт. Тыныбек Токмокко келип 30 күн тынбай «Манас» айткан дешет. Белек Солтоноевдин мүнөздөгөнү боюнча 1896-жылы күз айларында Каракол, Пишпек, Нарын, Токмокко караган кыргыздардын Балыкчыда съезди болуптур. Ошондо Тыныбектин «Манас», «Семетейди» айтканын угуп үч күн тынбай айтты. Өзү толмоч, кызыл чийкил, сакал муруту кичине жашы 45-48 чамасындагы өзү бий экен 200-300 киши уктабастан «Манас» укканын көрдүм деп жазат. (К.Ф. 1057-ж, 511). К.Рахматулиндин жазып кеткени боюнча Тыныбек бала кезинен ыр жандуу болгон экен «Туяна» деген ырын көп аткарчу экен. Бул чыгармасы сакталып калбагандыктан эмне жөнүндө экени белгисиз. Түш көрөт түшүндө, атасы Чоңбаш (Нармантайга жиберет), анын жанында жарым жылча жүрөт. айтылуу Балык манасчыга жолугуп манастын тарыхын үйрөнүөп келген. Назар, Балык, келдибектин айтуусунда Манас угуп каныккан. Акылбек менен Дыйканбайга «Манас» айттырып көрүп Дыйканбай сен жорого айт, Акылбек сен жыйылган топко айт (К.Ф 1093 инв. 20б). Чоңбашты өтө баалоочу экен. Тыныбек бир курдай Сооронбай менен жээни Байбагышты ырдатып көрүп Сооронбай сен айтып арбыта албайт экенсин сен Багыш жакшы жомокчу болуп калыпсың деп баа берет. Кийин 1898-жылы Нарын уездинин чоңдору «Манас», «Семетейди» жазып бергин деп тапшырат. Булл жөнүндө Тыныбек «Семетейден» гана айрым үзүндүлөрдү жазып бердим деп эскерген. «Семетейден бир бөлүм» болжолу Тыныбектики. Тыныбек жомокчунуку деген ат менен 1925-жылы Москвада СССР элдерщин борбордук басмасынан жарык көргөн. Аны басмага Э.Арабаев даярдаган 184 беттен турган жупунун боз китеп. Кара-кыргыз илим комиссиясы тарабынан чыгарылган араб тамгасы менен басылган. Буга Чынкожо, Толтой Акун кандын шаарын камаганы, Айчүрөктү зордук менен алууга аракет кылышы. Айчүрөктүн ак куу кебин кийип аташканы Семетейди издеп чыкканы. Коңурбай менен Музбурчакты сынап өткөнү Чачыкейге жолугушу, Өрдөк-Көлдөгү окуя, Семетейдин кушун издеп чыкканы, Үргөнчтү кечкени, Айчүрөктүн Семетейди тосуп чыкканы, үйлөнүшү менен аяктаганы. Эр Семетей баатырың Кара көздөн нур жанган Качырына кан тамган, Сакалы саадак кабындай, Жакшы чыккан муруту. Чоң балтанын сабындай, Аркасында айдары. Аргымактын жалындай, Муруту чөлдүн камыштай. Мурду тоонун сеңирдей, Көзү көлдүн буткулдай. Тиктегенин жуткудай, Чоңдогу тоонун шарындай. Ысыгы жайдын аптаптай, Суугу сырттын шамалдай. Качырганы жолборстой, Кармаганы илбирстей. Курчтугун көрсөң албарстай, Кеңдигин көрсөн Таластай. Эрдигине карасаң, Атасы өлгөн Манастай. Маңдайына карасаң, Кара кашка тынардай. (КФ.22инв.34-35б). Тыныбек өлгөндө күн тутулган экен. 1902-жылы. 6. Молдобасан Мусулманкулов (1883-1961) Нарын уездинде Куртка болушунун Тегерек айылында туулган акын, манасчы, комузчу жана кыякчы, СССР жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз ССР эл артиси көп компонеттүү таланттуу манасчы болгон. 1935-жылы «Манас» жазып алышкан. «Манас», «Семетейди» толук айткан. 203миң сап болгон. С.О. Алтын менен күмүштүн Ширөөсүнөн бүткөндөй, Асман менен жериңдин Тирөөсүнөн бүткөндөй. Ай алдында дайранын Толкунунан бүткөндөй, Арадагы булуттун Салкынынан бүткөндөй. М.М. Айың менен күнүңдүн Бир өзүнөн бүткөндөй, Алтын менен күмүштүн Ширөөсүнөн бүткөндөй. Асман менен жериңдин Тирөөсүнөн бүткөндөй, Жети кабат кара жер Салмагынан бүткөндөй. Жети дайра деңиздин Жаркынан бүткөндөй, Аңырайган капчыгай Алкымынан бүткөндөй. Абадагы булуттун Салкынынан бүткөндөй, Дайрадагы жаяндын Каарынан бүткөндөй. Ажыдаар, жыландын Заарынан бүткөндөй, Кышкы чилде сууктун Каарынан бүткөндөй. Бейиштеги мөмөнүн Чынарынан бүткөндөй. (ММ В КФ-65 886 инв 100-104-б). 7. Шапак Рысмендеев Шапак Рысмендеев 1863-жылы Кочкор өрөөнүндө Шамшы айылында туулган экен. Бала кезинен сергек ыр күүгө жакын, көркөм сөзгө кулак төшөй уга билген бала экен. Шапактын Манас айтып калуусуна бирден-бир түрткү болгон окуя, атактуу чоң манасчы Балык 70 ашып калган кезинде ата тууруна көчүп барган экен. Ошондо Шапак тестиер бала болуптур. Балыктын Найманбай деген уулу менен курбалдаш болгондуктан аны менен жолдош болуп бирге чоңоют. Найманбайдын атасы Балыктан үйрөнө баштаган экен. Ошентип 26 жашынан тартып “Манас” айткан дешет. Кийин Сагынбай Орозбаковго жолугуп анын Манасын жанында жүрүп угууга мүмкүндүк түзүлүп, көп жылдар алп манасчынын жанында жүрүп калат. Манас айтуунун шыгын үйрөнүп кээде элкин айта коюп жүргөн экен кезинде Нарында туруп калат Ал жерден Акылбек манасчыга жолугат. Акылбектен манастын өзөктүү окуялары болгон “Чоң казатты” жана “Сейтекти” үйрөнөт. 1916-жылдагы үркүндө эл менен Турпанга барып туруп калат. Жашоонун айынан өнөрүнүн аркасында жан багат. 1917-жылы үркүндөн кайтып келишет. Шапактын маначылык өнөргө келишинде Балык, Акылбек, Найманбай, Сагынбай өндүү чоң манасчы, ак таңдай ырчы себепкер болгондугу көрүнөт. Ошондой болсо да манасчыларга салт катары сакталып калган түш көрүү жоромолусуз чыгармачылыгын айтпагандыгын баяндаган. Манасты айтып баштаган убагында бир бир укмуштуудай түш көрөт. Агасынын коюн айдап эл менен бирге ага-ини Анжиян базарына келишет. Кечке соодасын жүргүзүп кайра келе жатып Нарындан Соңкөлгө аша турган белге жеткенде аты баспай жолдошторунан артта калат. Аркасынан кууп жеткенче болбой каш карайып кетет. Бир убакты туш тараптан чөөлөрдүн шакылыктаган үндөрү угулуп кишинин каткырыгындай үндөрдү чыгарышып тегектей баштайт. Күңгөй бети бодур таш, тескейи карагай тирелген “Кай жол” деген жерге жеткенде, алдындагы бээси бир нерсе көргөндөй, ал аңгыча кырдан аябаган катуу үн чыгат. Кыр кырдан жарк журк деп эле таштар кулай баштайт. Чөөлөр коркуп туш-тарапка качып жөнөшөт. Тар капчыгайдан жайыкка чыгып, ат чалдырып эс алмакка лотура кетет. Ал аңгыча атчандардын дүбүртү угулат эки жагын караса эч нерсе деле көрүнбөйт. Ошентип жатып үйүнө аман-эсен келет. Бир эки жума өткөндөн соң баягы ат дүбүртү дагы угулат. Уйкудан чочуп кетет, үйгө эки киши кууп кирип келет. Үй ичи кадимкидей жарык боло түшөт. Алар токтолбостон: жүр, сени баатыр чакырып жатат дейт Шапактын оюнда Шабдан баатыр чакырып жаткан экен деп түшүнөт, тигилердин аркасынан жөнөйт. Алар Шапакты калмактагы көп элге алып келет. Болжолу 40-50 дөй киши дейт. Аңгыча үн угулат. Бул үн бая Соңкөлдүн белиндеги угулган ачуу үнгө окшоп кетет. Шуңшуйган ак калпак кийген узун бойлуу, узун сакал бир киши келип эле сен “Манас” айткын деп буйрук берет. Мурда жети кандын окуясын тамтуң айта жүргөн Шапак аз-аз айтам дейт. Көбөйтүп айткын деп опурулат. Ошентип “Чоң казаттан” айта баштайт. Олтурган кишилер кулак төшөп угуп калышат. Бир оокумда ак сакал киши алакан жайып бата берет. Баары жапырт кол көтөргөндөн таң атып кетет. Шапак ошондон кийин кызып айта баштайт. Ал кызыган сайын баягы аттардын дүбүртү кулагына угулуп турган адат пайда болот. 1935-жылы Шапактын Манастын үчилтиги толугу менен жазылып алынат. Манас бөлүмүнөн: Манастын төрөлүшү жана балалык чагы, “Көкөтөйдүн ашы”, “Чон казат” эпизоддору, “Семетейден”, “Сейтектен” жазылган. Негизги канондук өзөктү сактап кай бирин кенен, кай бир бөлүктөрүн кыскача айтканы жалпы көлөмүндө байкалат. Композициялык жактан алганда окуялар чакан тыкан айтылган. “Манастын аталары” деген аталыш менен варианты башталат. Түп атасы Түбөй андан Тогой, Шыгай, Ногойкан, анын балдары Бай Жакып, Ороз, Үсөн, ушулардын тушунда Ногойдун эли түзөлдү деп баштайт. Ушул убакта калмак кытайлар Алооке баш болуп басып алат. Анын аярлары белгилегендей зилинде көз камандар Манаска бузук көз карашта болору баяндалат. Негизи Шапактан жалпы көлөмү 200 басма табак жазылып алынган. Мындан сырткары “Мендирман”, “Жаныбек”, “Аяз” деген жөө жомоктор жазылган. Шапак 1956-жылы 93 жаш курагында Кара-Суу айылында дүйнөдөн кайткан. 8. «Манас» эпосундагы мифологиялык жандыктардын жана тулпардын образы. «Манас» эпосу көп катмарлуу чыгарма болгондуктан миф башатынан башталган легенда, жомоктон тартып тарыхый чындыкка үндөш окуяларга чейинки баскычты кучагына алат. Ошону менен катар биз доорлор ичиндеги, алсак, байыркы антикалык доорлордун, солярдык жана лунардык культтардын элементтерин жолуктурабыз. Байыркы гректердин мифтеринде жолуккан башы адамдыкы, денеси аттыкы, же башы айбандыкы тулку бою бир жандыктын дене түзүлүшүнө окшогон зооморфдук, кентавр, минотаврлардын миксантропизмдик образдарын кездештиребиз. Ошол сыңары «Манас» эпикалык чыгармасында жалгыз көздүү дөөлөр, кериктин образдары жана учуучу тулпарлардын көркөм образдардын фантасмагориялык функциялары чагылат. Ошонун негизинде эле «колдоочулук» функцияга өткөн мифтин кийинки баскычында жаралган алп кара куш, алтымыш баштуу ажыдаар, кырк бөрү ак инген ошондой эле тотемдик маанидеги марал, бугу, кумайыктын образдары. Кызык жери эпикалык чыгармадагы бул жандыктардын ар биринин өз орду бар эпостун канондук сюжетинде булардын образдары белгилүү бир жанрдын ичинде болуусу менен бирге, башка жанрлар менен синкреттешип сюжеттик өзөктө көркөмдөк сүрөттөгө ээ болгондогусу. Ушул жана башка маселелердин эпикалык чыгарманын көркөм поэтикасында кандай орун алгандыгын чечмелеп көрөлү. Эпикалык чыгармада, Тоолор кулап түз болду, Көлмө ордуна көл болду Деген саптар (Ш.А) вариантында жолугат. Байыркынын жомогу ушул доордон баштап айтыла баштады дейт манасчы. Демек, эпикалык чыгарма жер жүсүндөгү климаттык чоң өзгөрүүлөрдөн баштап, топон, суу түшүнүгү менен айкалышып жатат. Ал эми С.Орозбаковдун же С.Каралаевдин варианттарындагы классикалык үлгүдө калыптанган Манастын портретин алсак: Айың менен күнүңдүн Бир өзүнөн бүткөндөй, Асман менен жериңдин Ширөөсүнөн бүткөндөй, - деген саптар солярдык жана лунардык культ дегенибиздин өзү дагы, баатырдын идеалдуу образы сакралдык элементтерге карк сугарылып, кандайдыр сырдуу, касиеттүү колдоочулары бар. Алар баатырдын минген тулпары, башында айланып учуп көк асманды кара булут чулгагандай, канатын жайса күндүн нурун тоскон алп кара кушу. Болбосо баатырдын алдында ажыдаардын алты оролуп жатышы, эки тарабында кырктан кара тулпар коштоп, болбосо кырк бөрүнүн оңдонуп жатышы, өңдүүсүрөттөлөт: Манас - Капырай, адамдан бөлөк сүрү бар, Арыстандай түрү бар, Кара чаар кабылан Капталынан чамынат Чолок көк жал жолборсу Аркасында камынат («Манас» 1958. 50б) Манас – Жан казандай башы бар, Жаткан иттей кашы бар, Көзү көлдүн буткулдай Көрүнгөнүн жуткудай Так төбөнүн үстүндө Алты айлынып кара куш Капталында чамынат Кара чаар жолборс Оң жагынан караса Кырк бөрүсү оңдонуп Алты оронуп алганы Алтымыш баштуу ажыдаар (Манас Ш.А.) Ак куланын образын карасак: Асты жагын караса Алты жасоол жол баштап, Ортосунда чоң кула ат Олжоңдотуп жетелеп, Он эки жайсаң баш коштоп, Жети желдет желдирип, Жол ачкын деп бош-боштоп , Калбанын кара оюнан Кайнарлуу сунун боюнан, Төрт миң кулан айдатып Төгөрөктөтүп ойнотуп, Жетимиш кулач ажыдаар, Жети жерден чынжырлап Жетимиш жерден кишендеп Ажыдаарын сойлотуп, Азуулу арстан жолборстон Алты жолборс байлатып, Арып менен үстүнө Алп кара куш айлантып. (С.О.Манас 4т.54-б) Бул жердеги баатыр менен тулпардын бирдей даражада тотемдик, колдоочулук маани аркылуу туюндурулуп жатышынын өзү, эпикалык чыгарманын эң байыркы катмарындагы архаикалык баскычтын элементин көргөзүп турат. Эгерде гректердеги кентавр, минотаврлар Гера менен Зевстин кошулгандан жаралган болсо, «Манас» эпосундагы мифтик элементти алып жүргөн баатыр менен бир күндө төрөлүшү, трансформациялангандыгын белгилөө негиздүү. Мындай образдардын негизинде реалдуу турмушка жакындашып эпостогу тулпардын баатыр менен бир күндө төрөлүшү, экөөнүн эмчектеш болушу өзгөчө касиет, сапатта ээ болуусу өңдүү баскычы келип чыккан. Ажыдаар – алты, жети баштуудан тартып, алтымыш, жетимиш баштуу болуп фантасмагорияланат. Дүйнөлүк элдердин жомокторунда, легенда, мифтеринде, эпикалык чыгармаларында кеңири тараган образ. Адатта баатырдын, баатырлыгын, алп күчүн, кайратын даңазалоодо экинчи позицияда колдонулган образ. Үчүнчү жагынан алсак, чыгыш элдеринде ажыдаар «улуу» тукумунан болгондуктан колдоочулук касиетке ээ «Манас» эпосунда ажыдаар дал ушул алкакта чагылган. Алп кара куш – эркин, күчтүү, кайраттуу эр жүрөктүүлүктүн символу катары жомоктордо, эпикалык чыгармаларда кеңири жолуккан мифологиялык куш. Кыргыз эпосторунда «Эр Төштүктө» архаикалык рудиментке ээ, баатырдын образы менен тулпары менен паралелль сүрөттөлгөн. Ал эми «Манас» эпосунда тотемдик колдоочулук функцияны аркалайт. Бөрү - «Манас» эпосунда бөрү мифтик элементти алып жүрүү менен бирге «колдоочулук» тотемдик мааниде чагылган. Мисалы: Адамдар анда кеп айтат, Андай көр балам деп айтат, Бөрү болгон биз деди, Бөлөкчө жансыз сиз деди, Кыдыр Иляс деген бар, Сизди кырк күндөн бери издеди. Кырк чилтен деген биз деди, Козуңа салган тиш деди Анда Манас кеп сурайт: Кандайлыктан адамдар, Карышкыр болдуң деп сурайт. Карышкыр болгон кайсыңыз Кайсы экенин айтыңыз? Кана көк бөрү болчу көрөйүн, Көңүлүм анан бөлөйүн, Ал сөздү бала салганы Кызматта жүргөн кырк чилтен Каткырып күлүп калганы Бир силкинип бирөөбү, Көк бөрү боло калганы. Бирде бөрү, бирде адам, Анык сонун экен деп, Көөнүнө бала алганы –дейт. (С.О.Манас.1-том.94-96-бб) Кырк чилтен, Кызыр Иляс, кырк бөрү бул Манастын төрөлгөндөн касиеттүү башкача жаралгандыгын туюндурган, образдар. Дегеле баатырдын өзүнүн төрөлүү мотивинде карап көрсөк, Чыйырдынын боюна бүтүшү, түш көрүшү, түшүндөгү көргөнүн Байжигиттин жоруганы Байбиченин түшү экен, Түшүндө көргөн иш экен. Ай тийген жердин баарысын Алат экен балаңыз, Анда тынсын санааңыз! Күн тийген жердин баарысын Күтөт экен балаңыз Күндө тынып санааңыз! Алтымыш кулач жибек боо Аягына такканын, Ай мунарын жем кылып Азем кылгын бакканың Алтымыш жашка чыкканча Аким болуп журт сурап, Алат экен дүйнөнү, Арбак конуп башына Аны алда таала сүйгөнү. Ажыдаар ат кылып, Байбичең минип жүргөнү Шол баланы ороюн Дүйнө жүзүн сүргөнү. Ажыдаардай айбаттуу Арстандай кайраттуу, Эркек уул, эр болуп Не кыйындык баарысы Эсеп берип, эл болуп Карайт экен көзүнө, Кара тоодой касиет Конот экен өзүнө. (С.О. 48 б. 1-том) 1978-жыл Кыргыз басмасы. Ошентип, ыр саптарынан ачык көрүнүп тургандай төрөлөр баланын, эпикалык чыгарманын идеалдуу каарманынан кабар берилет. Анын чоо-жайы байыркы анемисттик (арбак конуп башына), тотемдик (ажыдаар) жана исламдык (алда таала сүйүп) элементтер менен шөкөттөлгөн. Түш көрүү мотиви жеке эле манасчынын өзүнүн калыптануу жолунда эмес, эпикалык чыгарманын өзөгүндө дагы маанилүү функцияны аткарып, кийинки өзөктүү окуяны андан ары жалганышына өбөлгө болуп берет экен. Дегеле эпикалык чыгармадагы мифтик символикалык белгилерге жык толгон жан-жаныбарлардын болушу эпикалык чыгарманын стадиалдык өнүгүү катмарын көрсөтүп турат. Себеби эпикалык чыгарма мындай көрүнүштөрдү өзүнө сиңисүү менен кылымдар аралыгында тарыхый чындык окуяларына чейин өсүп жетилген. Эми «Манас» үчилтиги боюнча тулпардын образы бул жандыктардан бөтөнчө бир секичеде турары жөнүндө учкай кеп улай кетели. Дегеле түрк тилдүү элдердин чыгармаларында сереп сала кетсек тулпар баатырдын ысмы аталган жерде дайыма кош бирдиктүү айтылып жүрөт. Бул кош образ, белгилүү бир деңгээлде баатырдын баатырдык парасатын оболото көтөрүп даңазалап турат. Ал эми булардын тарыхый булактарына кайрылсак, архаикалык деңгээлден кийинки кадимки каса тулпар (баевой конь) маанисине чейин чагылган. Айта кете турган дагы бир маселе жогоруда кеп кылгандай түрк тилдүү элдердин эпикалык чыгармаларында жолуккан мифтик фантасмагориялык элементтери жагынан жакын жалпы үндөштүктү табууга жана да кийинки этаптагы трасформацияланган образдарга чийин өсүп жетилгендигине күбө болобуз. Маселен март элинин эпосунда Тхож тулпар обого учак. Рувалардын «Алтай бугусу¹ эпосунда тулпары кишиче сүйлөйт, учат, алдын ала боло турган көрүнүштү айтып берет». Кара калмактардын «Ак боз ат», «Кара жорго» эпосторунда бири от жагат, бири деңизден чыгып келет ж.б. «Манаста» карт күрөң манаска таарынат мени «Чоң казатка» минбей койду деп, деп үйүрүн алдына түшүрүп, кайра чыгат, «Карач көкүл баяны» эпосунда Көкүлгө адамча тил бүтүп сүйлөт турган тулпарын карасак: Куюшканды кыскартып, көмөлдүрүк узартып, Узун жолду кыскартып, Уча турган куш атмын, Кокус калбы жыгылып, Колтугумда канат ба, Колго тизгин бек карма деп жатат. Мына бул сыяктуу жомоктук боёк менен берилген образдардын трансформациясы иретинде айтылуу Бокмурундун Мааникерин, Манастын Ак куласын, Алманбеттин Сараласын, Семетейдин Тайбуруулун алууга болот. «Манас» үчилтигинде тулпардын ысымы бар, өңү дагы символикалык мааниге ээ, тулпардын касиети бир нече катмарда чагылат, ошондой эле өзөктүү окуяларды атайы мотифдин негизинде өнүгүп чыгат. Мындан сырткары тулпардын образын терең ачууда поэтикалык көркөм каражаттардын, такатап айтканда троптун жөнөкөй жана татаал формалары өтө кеңири колдонулган. Ар бир манасчы жомоктук, мифтик башаттын элементтерин кеңири колдонуу менен реалдуу каса тулпардын образын жеткиликтүү сүрөттөөгө жетише алган. Бул тема манасчылар үчүн өтө берилүү, сүйүү менен кумардан чыгып айткан эпизоддорду түзгөн. Маселен Ак куланын классикалык формага ээ туруктуу портреттеринин биринен мисал алып көрсөк: .Сказание «Алтай Бугу» - Кызыл-Тув книж. Изд. 1960-ж. 26-27-бб. 1 Маңдайында багы бар, Кулагында шамы бар, Кондурдай болгон жаныбар (С.О) Чаткаягы Чаткалдай, Жүрүп кетсе чатына, Жүктүү төө баткандай, Кең соорунун үстүнө Он экиден он эки Жыйырма төртү биригип Төшөк салып жаткандай ж.б. (С.О) Ушул сүрөттөмө улам кийинки манасчылардын айтуусунда даяр калка сыяктуу колдонулуп түрдүү вариациянын жаралышына өбөлгө болуп берген. «Манас» үчилтигиндеги тулпардын образы боюнча 1994-жылы атайын кандидаттык дисссертация коголуп анын негизинде жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн, илимпоздор жана жалпы окурманда үчүн монография жарык көргөн ал илимий эмгектин автору Ж.К.Орозобекова эмгек «Манас» эпосундагы тулпардын көркөм образдары деген аталышына 1997-жылы Кыргызстан-Сорос фондусунан жарык көргөн. 9 .Тема: «Манас» эпосунун структурасы. «Манас» эпикалык чыгармасынын структурасы жөнүндө кеп козгогондо анын жалпы каноникалык сюжеттик өзөгү жөнүндө гана эмес, негизги басым анын түзүлүшүнө багытталышы керек. Ошол себептүү биз эпикалык чыгарманын ички жана сырткы структурасы тууралуу сөз учугун улап көрөлү. «Манас» эпикалык чыгармасы тууралуу илим айдыңында кылым карыткан мезгилдерден бери сөз кылып келебиз. Адегенде эле Кыргыздардын акын-импровизатор айтуучулары тууралуу эскерилип анда араб аалымы Аль -Тахир Марвазинин ХII кылымдагы белгилеп кеткени, болбосо ХVI кылымдан дарек айтып турган Сайф-аддин Аксикентинин «Тарыхтар жыйнагы», болбосо Ч.Ч.Радловдун жазып алган үчилтиги анын негизиндеги Октябрь революциясына чейинки жана кийинки изилдөөлөр, алардын багыттары жана башка. Ошол мезгилдерден тартып манастаануу илими калыптана баштады. Окумуштуулар эпикалык чыгарма тууралуу жана анын айткан манасчы тууралуу салмактуу илимий-теориялык эмгектерди жаратышты жана жаратып келишет. Негизинен азбы-көпбү тереңби же тайкыбы теориялык базабыз топтолду. Ошол теориялык иликтөөлөрдү жана эпикалык чыгарманын көркөм сюжеттик текстинин алкагына таянып, «Манас» эпосунун структуралык түзүлүшүн анализдөөгө жана синтездөөгө мезгил жетилди деген ойдобуз. Айтмакчы «Манас» эпикалык чыгармасы өзүнүн көлөмүнө, терең мазмунуна жараша өтө татаал, көп катмарлуу, көп мативдүү, көп тематикалуу чыгарма. Мунун ичинде адамзаттын анатомиясы сыяктуу клеткалык деңгээлден бүтүндөй бир толуккандуу физиологияны элестеткендигин белгилесек орундуу. Эпостун сюжетинен элдик оозеки чыгармачылыгынын көптөгөн жанрларын учуратабыз. Эң негизгиси алымча кошумчасыз, бардыгы орду-орду менен эпикалык чыгарманын тулку боюна сиңкреттешип биримдиктүү өзөктүк окуяга кирип кеткендиги менен баалуу. Манасчылардын баяндагына караганда, жер жаралгандан берки, адам аң сезими айлана чөйрөнү таанып билип, табият менен адамзаттын айкалышкан тиричилигинен берки окуяны чагылдырганына караганда бул эң байыркы, терең тамырланган чыгарма. Маселен алып көрөлү: Тоолор кулап түз болду, Суулар агып көл болду, - дейт манасчы Шаабай Азизов. Топон суу жаратылыштын климаттык өзгөрүүсү, катаклизма жөнүндөгү маалымат. Ал эми кийинки баскычтан көрсөк Ч.Ч.Валихановдун варианты боюча алганыбызда маселен, Көкөтөй күнү бүтүп, сааты келип, ичер суусу түгөнүп, керез айтып жатат: Менин корор кунум бутуп, ичээр суум тугонду көрүнөт, элим, мен өлгөндө: Кылыч менен кырыңар, Кымыз менен жууңар, Чарайна менен чаптаңар, Булгаары менен каптаңар ж.б. Бул ыр саптары антикалык доордогу адам өлүгүн коюу расмий ритуалынан кабар берет. Сөөктү жерге берүү адамзатта ар түрдүү ыкмалар менен ишке ашат. Тарых булактарында кыргыздар эмне үчүн сөөк коюу, сөөгү чыгат, сөөктү жерге берди деп айтышат. Биздин улуу урпактарыбыз бир кездерде сууга, тоого, күнгө, айга, отко, чагылганга табынышкан (язычники). Байыркы дүйнөлүк диний агымдардын Бонн, Ламаизм, Бурханизм, Буддизм, Шаманизмдин ишенимдерине караганда, алардын түрдүү расмий ритуалдарынан кабардар болобуз. Кыргыздардын улуу урпактары өлгөн адамды арча жыгачынан кыналган сал формасындагы жыгачка сөөктү жаткырып, бекем таңып бийик, эл жашаган аймактан алыс, обочо жерге дарактын башына илип коюшкан, бир жыл айланганда ал кишинин сөөгү гана калып, ошону расмий түрдө көмүшкөн экен. Ошол мезгилден тартып жерге сөөгүн жашырганды деген түшүнүк калган. Ал эми жогоруда көргөзүлгөн көркөм текст байыркы грек фараондорун шөкөттөп кою менен параллелдүүлүктү жаратат. Болжолу бул биздин заманга чейинки 7-8-к аралыктарын, момуя менен майлап, соңунда тулку боюн алтындын ширөөсүнө капташкан. Көкөтөйдүн ашында сүрөттөлгөн элементтер дал ошол рудименттердин белгисин көрсөткөн дегенге мүмкүндүк берет (словарь Античности 1989-жыл). Дегеле Манастын классикалык портретине кайрылсак: Алтын менен күмүштүн ширөөсүнөн бүткүндөй, Айың менен күнүңдүн бир өзүнөн бүткөндөй, Бети түктүү кара жер, жердигинен түткөндөй,- деген салыштырмалуу поэтикалык саптардын мааниси байыркы солярдык жана лунардык культка барып такалат. Эпикалык баатырдын образындагы сакралдуулук, өзгөчө касиет дагы улам жогорудагыдай саптар менен ширелишкен шекилдүү. Ушундан улам Манастын образын пантеон катары кабылдоого туртку берет. Эпикалык чыгарманын кийинки катмары анимистик, тотемдик жана фетиштик түшүнүктөргө карк сугарылган. Арбакка ишенүү, колдоочу түшүнүгүнүн өкүм сүрүшү, адам сезиминин айлана чөйрөнү кабылдоо, аңдоо сезимдеринен улам келип чыккандыгын айгинелейт. Алар бир нерсени паана кылуу, коргонуу, андан бир колдоочулук күтүү акыл эси менен өздөрүнө ишенимдерди жаратышкан. Ал эми алар түш көрсө, түшүндө кандайдыр жандык көрүп, ал жандык кол салбай, жандап өтсө, же жанына жатып калса, жөн эле көрүнсө, ал жаныбарды колдоочу катары кабылдап калышкан. Эпостун классикалык варианты болгон С.Каралаевдин вариантында «Каныкейдин Букарга качышы» эпизодун алсак, Семетейди Марал эмизип, жети күнү жети түн айланып жанынан чыкпайт. Баса элек бала кадимкидей чоноюп, Маралды ээрчип, Каныкей менен Чыйырдыдан бир топ алыстап кетет. Каныкей ойгонуп кетип, ботодой боздоп канкордон калган туягын издеп ыйлагандагы жеринен келтирсек болот. Мындай ишенимдердин элементтери азыр дагы жок болуп кеткен эмес. Маселен, айтылуу Кыдыр акени эки кызыл жолборс колдогон деп айтылып келсе, Сарт акенин айтып кеткени боюнча, Дөөлөс уруусунун колдоочусу Кара ит, болгондогу маалымдалат (А.Иманов, сарт аке2000) Кыргыздагы бугу уруусу –олень, Сары багыш уруусу – лось ж.б. Бул мисалдардан «Манас» эпикалык чыгармасындагы байыркы түшүнүктөрдүн орун алгандыгын көрөбүз. Фетиштик түшүнүк дагы ушул алкактан орун алат. Эпосто бай терек, (дүйнө элинин эпикалык чыгармасында кеңири тараган) тактап айтсак түрк-монгол этносторунда терең мааниге ээ (И.Молдобаев. Эпос «Манас» как источник по истории государственности кыргызов 2004. 14б). Фетишизмдик элементтери азыр дагы көп жерлерде ыйык мазарларда жолугат. Маселен «Каныкейдин Букарга качышы» эпизодунда байтеректен (Сүт тамчылап Чыйырды менен Каныкей ачкалыктан аман калат Ш.А). Болбосо Чыйырды менен Бакай мазарга барып сыйынып, түнөп (поломничества) (С.О) балалуу болууну тилешип мазарга чүпөрөк байлашат. Бул ыйык символикалуу белги фитишики түшүнүктөрдү көргөзөт негизги бурханизмдин элементтерин алып жүрөт. Эпостун структурасындагы кийинки катмар кулчулук дооруна туура келет. Айтылуу Көкөтөйдүн ашында (Ч.В) ат чабышта баш байга 90 кул сайылып жатат, кийинки трансформациясы (С.О) 90 кара мал (бодо мал) сайылат. Манастын жана атту баштуу кыргыздын жакшылары үй кызматына, мал чарбачылыган жумушчу күч кул жумшаганын белгилүү. Феодалдык катмар- мында эпикалык чыгармада баштапкы мамлекеттик түзүлүш орун алган. Алсак кыргыздардын феодалдык коомунда чоро, эр, баатыр, бай, бек, хан наам титулдары болгон. (И.М.) «Манас» эпосундагы этникалык карым-катнаш, этномаданият «Көкөтөйдүн керээзинен» эле көрүнүп турат. Бул тууралуу илимий эмгектерде¹ шибей, көгөй, солон, салаң, кара кытай, манжу, тайман, элдери кыргыздар менен коңшулаш болуп алакалашып турганы. Болжолу кыргыздар ошол мезгилдерде эле Борбордук Азия, Сибир элдери, Урал, Кавказка чейинки аймакты кучагына алат. Байыркы уруулар аргын, дөөлөс, жедигер, катаган, дуулат, дөрбөн, коңурат, кыпчак, маңгыт, ногой, мундус, муңгуш, уйшун-үйшүн, эштек ж.б. айрымдары азыркы убакытка чейин сакталаган. Капиталсттик доордун элементтери эпикалык чыгармада экономикалык жана саясий көз караштардын баштапкы элементтерин учкай да болсо көргөзөт. Улуу жибек жолунун Кытайдын чоң саякатчысы Чжан Цянь баштаган сапары көпкө өкүм сүргөн. Цинь империясы талкалангандан кийин Кытай элинде экономикалык, саясий жана социалдык кризис башталган. Соодагерлер ошондо Улуу жибек жолун башташыптыр. Улуу жибек жолу Джунгариядан тартып Чыгыш Түркстан, Орто Азияга жана Борбордук Азияны камтыган, (Фергана, Бактрия, Парфия). Бул Кытай сепили салынганга Цинь империясынан кийинки (206-220 н.э, б.э миң жылдык 6,700км.) Хан империясынын тушунда болгон² алгачкы соода кербендеринин жүрүшүндөгү, тактап айтканда улуу жибек жолунун издеринен кабар берген бартердик товар алмашуу, ошол аймактарда жашаган элдердин экономикалык байланышы жонундо кабар берет. Никифоров В.Н. Восток и всемирная история. –М: наука 1977 История Китая 1,2,3.1 Кыргыздын Кытай жибектерин сатып алышы, үй тирлигине керектүү буюм-тайымдарды колдонулушу, Сары таздын көмүр өчүргүч болуп Күл-Токой жүрүшү, Төкөр уста Бөлөкбайдын согуштук курал жабдыктарды жасашы, темирди ширетүү, булгаарынын укмуштуудай технологиясын чагылдыргын Каныкейдин кандагайы, узак мөөнөттө сапарда колдонулуучу тамак-аш азыгы, күл азыктын сүрөттөлүшү буга күбө. «Манас» эпикалык чыгармасы тулку бою бир өзөктө туруп бир нече тарыхый баскычтарды ичине камтыгандыгын көрдүк. Эми көркөм поэтикалык жагдайында кеп кылсак. Кылымдар аралыгында эпик айтуучулардын ХVIII кылымдан тарта мектеби туптоло баштаган экен. Алардын ар бири чыгармага азбы-көпбү, өз кышын коюп кынап жүрүп олтурган. Натыйжада кыргыздын өтө бай, терең мазмундуу лексикалык жана поэтикалык тили калыптанган гениалдуу чыгармасы жаралган. Мындай күчтүү поэтикалык тилдик каражат, манасчыларга өлбөс- өчпөс поэтикалык дүйнөнү чабыттап поэзиянын улуу көөнөрбөс пирамидасын курууга көмөк берген. Кылымдар аралыгында бизге белгилүү 78 ашуу эпостук толук жана толук эмес вариантын жазып алып сактоо мүмкүндүгүнө ээ болдук. Ошентип, эпикалык чыгарманын баштапкы өзөгү (основный остов) сакталып айрым темалары, мотивдерди, портретттик сыпаттоолор, баталдык сценалар вариацияланды. Позитивдүү көз караштан алаганда, эпостун идеалык-көркөмдүк табияты барган сайын толукталып байып жүрүп олтуруп кадимки биз билген классикалык үлгүсүнө чейин осуп жетилди. «Манас» эпикалык чыгармасынын циклизациялык уланышы, ошондой эле жандуу айтылып калышы буга айкын күбө. «Манас» трилогиясы эле эмес анын кийинки урпактары: «Кененим», «Алым Сарык», «Кулан Сарык», «Эр Сарык», ошондой эле андан аркы уланыштары «Алтын бармак Акаяр», «Арстан тустуу Акжол баатыр» бизге маалымат иретинде болсо да келип жетти. «Манас» эпикалык чыгармасынын ички структурасын чечмелеп көрөлү. Эгерде бир чоң даракты тамырынан өөдө карай элестеткенде төмөндөгүдөй түзүлүштө, тарыхый катмарда жайгашкандыгына кубо болобуз: Ыр түзүлүшү Эпостун поэтикалык көркөм каражаттары Эпостун варианттары Негизги өзөк Эпостун тарыхый доорлору. Капиталистик доордун элементтери Феодалдык доордун элементтери Кулчулук доордун элементтери Мифологиялык жана реалдуулук түшүнүктогу катмар Фетиштик түшүнүк Тотемдик түшүнүк Анимистик түшүнүк Солярдык жана лунардык культ. Жогоруда көргөзүлгөн схеманы теориялык жактан чечмелөөгө аракет жасап көрөлү: Солярдык жана лунардык культ, - дедик; Айың менен күнүңдүн, Бир өзүнөн бүткөндөй. Асман менен жериңдин, Ширөөсүнөн бүткөндөй- деген саптарга анализ жургузо кетсек. Эпикалык баатырдын образындагы сакралдуулук, өзгөчө касиет дагы улам жогорудагыдай саптар менен ширелишкен,- деген элек. «Манас» эпосунун текстиндеги башкы каарманды суроттогон туруктуу эпитетти мисалга алып, учкай кеп козгогонбуз. Буга илимдин тарыхында тагыраак жоопту «Дүйнөлүк дин» китебинен табууга мүмкүн болду. Эпикалык доордо, күндүн, айдын жарык нуру анын баатырдык чыгармадагы башкы баатырдын обройур которуудо, аны пантеон катары тутууда, ыйык касиет ыйгарууда, баатырдын корком образынын сакралдуулугуна басым жасоодо «табу» тушунугуно кайрылууга туура келет. Тарыхый-теориялык булактарына таянып ( (язычниктердин) таржымалы тууралуу маалымдасак, анда төмөндөгүдөй берилиптир. Ислам дининде дагы, христиан дининде дагы, адамдын туулушу жана келбес дүйнөгө кетишинде эки нерсеге акцент берилген. Бири бейиш, экинчиси тозок (Ад и Рай). Ал эми эки түшүнүктүн ортосунда свастика – эзоторикалык символикалык белги бар. Бул белги биздин ата бабаларыбыз (отко, сууга, жерге, абага) дүйнөну, айлана чойрону тааныган убактан тартып, (язычества) символ катары өкүм сүрүп келген экен. Дээринде эзоторикалык символикалык белги эки жактуу каралат. Илимде ал жөнүндө минтип айтылган: «Существуют два вида свастики: разница – в направлении её лучей. Свастика, лучи которой направлены влево, против часовой стрелки, символизирует темные, или же внешние, аспекты мира». Правостороняя свастика напрямую связана с древним индоевропейским символом солнца, так называемым «солнечным крестом» сааттын жебеси менен жүрсө, саат жебесине каршы тийген күн нуру «өмүрдөн» ажыратат. Эгерде Мьёлльнердин теориясына таянсак, (адамдын жандан ажыроосу) эң күчтүү фалликалык-майтарылгыс күчкө ээ, чагылгандын кучундой куч (фаллическая молния) адамды жанынан ажыратат делинет. Мисалы, кыргызда «чымын жаны учту» же, «жан чыкты», «отуп кетти» деген маани бар. Алынган создордун тупку манызы дал ушул свастикага барып такалат. Ал эми башка багытта карасак, бул эки символикалык белги, жылдын төрт мезгили (жаз, жай, - жаралуу) «порождающие», күз, кыш – жок болуу «разрушение» түшүнүгү менен бирге айтылат дагы, төрт стихия менен параллель маанини туюндурат, алар (от, жер, суу, аба); буга адамдын жашоосундагы төрт убак (төрөлүү, жашоо өмүрү, өлүмү жана кайра жаралуу– анын урпактарынын калышы); акыл эстин (руханий, айбандык адамдык, ыйыктык); психологиялык абалдын (кабылдоо, ой жүгүртүү, сезимталдуулук, интуиция); Ошентип «Күн» нуру, түндүн сулуу символу болгон «ай», дайыма жогорудагыдай символикалык белгилер, түшүнүктөр менен бирге жанаша жашап келген экен. Байыркы гректердин түшүнүмүндө, күн – символикалык түрдө «асман», «жер» түшүнүгүн байланыштырып, аны башкарып турган күндүн кудайы Зевс дешсе, германдыктар ушул эле тушүнүктү Зиу кудай аркылуу туюндурушат, мааниси жагынан гректерге ундош, англосаксондор Тиу, римдиктер – юпитер дешет. Эгерде антикалык доордо күндүн кудайы, язычниктердин пантеону болуп жатса, демек «Манас» эпикалык чыгармасынын башкы каарманы Манас күн менен айдын ширөөсүнөн бүтсө, асман менен жердин тирөөсүнөн бүтсө, корком текстин маанисине караганда, ай менен күн тутулуп, экөө бир-бирине дал келип, тогошуп турган маалында ортосунан жаралгандай ой жаратары негиздуу. Мисалы, баатырдын келбетин сүрөттөөдө көпчүлүк варианттарда мындай деген туруктуу саптар бар: Айың менен күнүңдүн, Бир өзүнөн бүткөндөй. Асман менен жериндин, Тирөөсүнөн бүткөндөй,-деп суроттойт Сагынбай Орозбаков. мындай салыштыруулар культтук мааниден жаралгандыгын коргозуп турат. Дагы бир мисалды корсок, анда: Ай мунарын жем кылып, Абдан сыйлап багыпмын. Күмүштөн боону тагыпмын, Күн мунарын жем кылып, Күпкөлөп жүрүп багыпмын,- деген строфикалык паралеллизмди табууга болот. Жакшылап караса «алп кара куш сүрү бар» деген салыштыруу, анын келечекте баатыр боло турганынан кабарлайт. «Ай мунарын жем кылып, абдан сыйлап багыпмын» деген саптардын мааниси (кречета) «күндүн, айдын нуруна бөлөп багыпмын» деп чечмеленет да, «солярдык», «лунардык», символикалык объектиге айланат. Анткени бул сөздөрдүн эпикалык чыгармада культтук мааниси бар. Албетте табияттын ар кандай кубулуштарына таянган биздин улуу ата-бабалардын ишенимдери тарых беттериндеги сакралдуулук, табу, пантеон түшүнүктөрүнө жакындап келет. (А. Потапов. Алтайский шаманизм.1990.г), Бир эсе, идеалдуу эпикалык баатырдын керемет дуйно менен, космогониялык тушунуктор менен, байланыштуу торолушу, символикалуу белгилерге, боекторго бай мотивдин өзү культтук мааниге ээ. Мындай символикалык образдар ошондой эле, айрым бир салттык ритуалдардын (мисалы, соок коюу расмиси) келип чыгышына оболго болгон дешке негиз бар, мисалы , «Кокотойдун ашы» болугун келтирсек болот. Анимистик түшүнүк – биринчи ирет илимий термин катары немец окумуштуусу Г.Шталь тарабынан (1708-жылы) кирген. «Жан» – окумуштуунун чечмелегени боюнча адамдын баардык жашоо процессинде кошо жүргөн кыймылдуу нерсе болуусу менен, өмүрдө башталмасы да аягы да жок сыяктанат, ал тупсуз жана бутпойт, деп түшүндүрөт. Ал дененин жашашына мүмкүндүк берет башкача айтканда (ваятельница тела), кийин бул термин Э.Б. Тайлордун этнографиялык иликтөөлөрүндө колдонулган. Тайлордун теориялык иликтоолоруно караганда, жан (душа) жана ишеним, арбак (дух) жөнүндөгу проблема гана каралбастан, ар кандай диний агымдардын келип чыгышынын башаты дагы адамдын анимистик түшүнүктөрунон улам оорчугондугун корөбүз.Элдик Адамдын фантазиясынын чексиздиги, ой жүгүртүүнун уч кыйыры жоктугу, ошол кыялкеч дуйнодон жаралган легенда, мифтер, мындан сырткары түш көрүү, андагы керемет окуялардын маанисинин реалдуу жашоодо дал келип калуусу, аянды кабылдоо өңдүү процесстеринде дагы анимистик түшүнүктүн таасири бар экенин экендигин тануу мумкун эмес. Бул пикирлердин башаты Р.Маретт, Дж. Фрезер, Л.Штернберг, З. Фрейд, К. Г Юнг сыяктуу аалымдарга таандык. Алардын окшош жагы, адамзаттын жашоосуна ылайым сырткы күчтөрдүн таасиринин болуп келгендиги, тирүүлөргө таасирин тийгизип турарына басым койгондугунда. Озгочо байыркы адамдар, аң сезиминде буга абдан ишенишкен. Чындыгында адамдын акыл эсинин жогорку чегинде да, мындай кубулуштарды азыр дагы таптакыр четке кага алышпайт. Кыргыздардын дүйнө таанымында мындай көрүнүш күчүн жоготпой айрым элементтери сакталган. Ал эми эпикалык чыгарманын текстине кайрылсак: «Манас» эпикалык чыгармасында баатырлар жекеге чыкканда, душманга каршы бет келишкенде, чоң казатка аттанарда; Сары дайраны кечээрде Семетей Букардан чыгып, Кен Таласты коздой келе жатканда кай жеринен кечээрин билбей апкаарый тушот, ошондо атасы Манас кадимкидей козуно корунуп, жол коргозуп озу баштап кечип бергенин алсак, болбосо Кулчоро Ургончту кечип бара жатканда атасы Алмамбет, аяш атасы Манас, аяш атасы Чубак колдоп ойузго чыгарып койгон жеринде, Кулчоронун арбакка таазим кылганы эпизоддорду алсак, (Ш. Азизовдун варианты боюнча) сөзсүз кудай, арбак колдо, алла илла пайгамбар же башка сөздөрдү колдонушкандыгын коробуз. Мындай корунуш ушу кундо да турмушубуда кучун жоготпой келген убактар арбын. Ар бир эле адам башына кыйчалыш кун тушсо, ооруга чалдыгып катуу сыркоо болсо, бир маанилуу иш баштаса, «бир кудай бар, колдой кор, кудай бере кор, арбак колдосун, кудай турат ж.б ушул сыяктуу» создор менен жалбарып келишет. Ал тургай оздорун актоо максатын; кудай урсун, кудай коруп турат, арбак бар, арбагы турат ж.б. Анимисттик тушунуктун азыркы убакка чейин активдуу турдо мааниси жоголбой сакталып калгандыгына караганда, маселен, ар бир адам кайсы гана диндин маданиятын кабылдабасын «бир кудайдын» бар экенине тигил же бул денгээлде созсуз ишеним артаарын бышыктайт. Мындай аң сезимдин элементи диний түшүнүк менен шөкөттөлгөн. Анан калса бир эле диндин алкагында эле эмес, мындай корунуштор диндердин синкреттуулугун дагы коргозот. Тотемизм – түшүнүгү илимий термин иретинде англиялык саякатчы Дж. Лонгом тарабынан 1791-жылы кирген. Автор тотемизмди уруулук мүнөздө колдонулгандыгын айкындаса, З.Фрейд «Тотем и табу» эмгегинде диний агымдардын эң алгачкыларынын чыгышына өбөлгө болгон тотемдик ишеним делинет, дагы маселен: (иудаизм жана христиан диндеринин жаралышында) деген ойлорун ортого салат .ж.б. Биздин оюбузча, мындай корунуштор иудаизм менен христиан диндерине эле эмес, исламга, шаманизмге буддимге ж.б диндерге деле муноздуу сыяктанат. Дүйнө элдеринин эпикалык чыгармаларынын алкагында алсак, (.Компанелли П. Возвращение языческиз традиций /перевод санг. Е.Широковой/ -М.: КРОН – ПРЕСС, 2000. – 352с; Элфорд Алан Ф.Боги Нового тысячелетия –М.: Вече. 1998. –528с). грек мифтериндеги кентавр, минотаврлардын образы; маселен, уйгурлардын эң байыркы айтымы болгон Огуз кагандын портрети мындай сүрөттөлөт. Огуздун буттары буканыкы, денеси карышкырдыкы, көкүрөгү аюунуку болсо, «Манас» эпосунда Манастын мойну жолборстукундай, жылан көз, кулагы карышкырдыкындай деп сүрөттөлүп, төрөлгөндө эле тогуз карын майды бир жалмайт»,- деген поэтикалык корком каражаттар бар (В.Радлов, 1885. 112 с). Бу да болсо эпикалык доордун озогун тузгон образдардын улам кийинки трансформациясын коргозот. Ал эми тотемизмдин – уруулук мүнөзгө ээ болушунун мисалы катары, маселен бугу (олень), сарбагыш (сарыбагыш-желтый лось) азыркы урууларды алсак болот. Мындан сырткары, уруучулукка байланыштуу элибизде ар кандай иш чараларды белгилегенде ар кандай ритуалдар менен коштолуп, эскертилип санжыра тарыхый булак катары колдонулуп келет. Тотем, адам аң сезиминде колдоочу түшүнүгү терең мааниге ээ болуп, адамга сырткы күчтүн таасири болгондугун көргөзгөн. Тотемдик тушунук өмүр үчүн күрөшүүдө, паана издоого, адамдын жакшылыктан үмүттөнүшүнө үндөгөн, күч катары функцияны аркалап жүрөт. Ал эми эпикалык училтикте болсо, тотемдик тушунук укмуштуудай кенен тематикада чагылат. Манастын бойго бутоорунон тартып, анын небересинин окуяларына чейинки («Манас», «Семетей», «Сейтек») эпикалык мейкиндикти кучагына сыйдырат. Бир нече мисалдарды карасак, ачык айкын корунуп турат: Жакып байдын түшү: Уйкуну бекер уктабай Урматтуу бир түш көргөнүм Кукулуктап үн чыкса Куштан башка үнү бар Куйрук башы жаркылдайт Куудан аппак жүнү бар, Айбат менен караса Алп кара куш сүрү бар Саноолору Сары алтын, Таканак жүнү баары алтын, Чырымтал жүнү чылк алтын, Текөөрү болот темир дейт, Сепкени өлгөн себил дейт, Тумшугу болот тунжур дейт, Туягы болот канжар дейт, Жыпар менен жуулган Жибектен боону тагыпмын, Алтымыш кулач жибек боо Аягына тагыпмын. Ай мунарын жем кылып Абдан сыйлып багыпмын, Күмүштөн боо тагыпмын, Күн мунарын жем кылып Күпкөлөп жүрүп багыпмын. Асмандагы канаттуу, Айбатынан уча албай, Жерде жүргөн сыяктуу Желип чыгып кача албай, Ага конорго туур жайладым. Алача моюн ак шумкар, Ага кошо байладым,- дейт. Текстен көрүнүп тургандай, кыргыз оозеки поэзиясынын рифмаланган бул ыр сабынын ритмдик ыргагы уйкаш салыштырма эпитеттин негизинде, метафоралык өтмө мааниде туюндурулуп, традициалуу түрдө калыптанган строфикалык паралеллизм менен көркөмдөлгөн эпифора, поэтикалык так бай баяндоо аркылуу чагылган. Бир эле куштун образы, анын турган турпаты, көрүнүшү, тумшугунан тырмагына чейин сүрөттөлүшү, түштүн объектисиндеги абстрактуу элести туюндуруп, көрүп тургандай жандуу портретин жаратат. Болочок баатырдын образы каймана мааниде берилип, ал жөнөкөй тектен эмес, бардар уюткулуу жерден экенин түштүн маанисинен көрүнүп турат. Ай мунарын жем кылып, Абдан сыйлап багыпмын. Күмүштөн боону тагыпмын, Күн мунарын жем кылып, Күпкөлөп жүрүп багыпмын,- деген строфикалык паралеллизмди табууга болот. Бул ыр саптарын жогоруда да келтиргенбиз,тотемизмге тиешелуу жагдайы «Алп кара куш» болочок баатырдын колдоочуларынын бири. Ал Манастын портретин суроттогон жерде дайыма тобосундо айланып учуп журо турганы баяндалат. Чыйырдынын түшүндо болсо: Уйкуга көзү барыптыр, Уюп уктап калыптыр. Чыканагы талыптыр, Чырым уйку алыптыр. Ак селдеси башында Ак сакалдуу бир Адам Келип кирди кашына. Ыйлап жаткан бакырдын, Ырайымы келди жашына: Барбардигер бир кудай Ыйлаба деди силерди Аяктай болгон ак алма Азелден ширин бак алма. Алда буюрган алма деп, Напсиң өлсүн жалма деп Кызыл алма кыз деди, Кызматкербиз биз деди, Кылган иши түз деди. Мына бу айткан сөзүмдүн, Маанисине түш деди. Айтканымды бил деди, Алиги жеген ак алмам, Курсагыма толуптур. Артымдан чыкты ышкырып, Ажыдаар болуптур, Ачууланып оп тартса Ай ааламды соруптур. Көрдүм чоочуп нес болуп, Узарыптыр өз боюм Бир жүз отуз кез болуп. Ойгонуп чоочуп калганым.(С.О) Чыйырдынын түшүндөгү «ак алма», аны жегенден кийин аркасынан ышкырып ажыдаар болуп чыга келгени эпостун мифологиялык катмарын көргөзөт. Жыш жана кезектүү уйкаштык түрк элдеринин оозеки поэзиясында мурдатан калыптанган форма. Түшүндө алма жегенден соң алтымыш кулач ажыдаарды ат ордуна минип, же боюнун жүз отуз эки кез болуп узарып көрүнгөндүгү, абстрактуу элес, эпикалык цифра менен жомоктук персонаждар фантасмагорияланып, гипербола аркылуу чагылат. Жакыптын түшүндө түштүн объектиси куш болсо, Чыйырдынын түшүндө ак алма. Алп кара куш, алтымыш кез ажыдаар, бул болочок төрөлө турган баланын баатыр болорунан аян берет. Кийинки түш Бакдөөлөттүн баянынан башталат. Багдөөлөттүн түшүндөгү «туйгун» деп өтмө маанидеги метафора аркылуу туюндурулган куштун образы, анын алгыр куш экенин айгинелеген ыр саптары жупташкан эгиз уйкаштыкта чыккан. Элпек ыргактагы поэтикалык сыпаттоо, гипербола аркылуу берилип текстин көркөм тилин арттырат. Түштүн маанисине караганда талпынган туйгун куштан ийменип, ага урмат кылгандары каймана баяндоо, төрөлө турган баланын келечекте баатыр болорунан кабар кылат. Алп кара куш, ак алма, туйгун деген каймана өтмө маани, эпосто баатырга карата айтылган туруктуу эпитет катары калыптанган. Манасты кырк чилтендин колдоп журушу, бору уруулук тотем, ал эми Нурдун кызы Нурпери, Оң ийнинде ойноду, Алтымыш баштуу ажыдаар, Алты оролуп сойлоду, Кыркасынан тизилип, Кырк бөрүсү оңдонду,- деп суроттолгон Шаабайдын вариантындагы Манастын портрети, тотемдик тушунуктун айкын мисалы боло алат. Эпосто С. Орозбаковдун, С. Каралаевдин ж.б. айтуусунда «Айың менен күнүңдүн ширөөсүнөн бүткөндөй, асман менен жериңдин бир өзүнөн бүткөндөй» деген классикалык үлгүдөгү баатырдын образы бар, Бул мисалга жогоруда да кайрылдык, манасчынын өзүнүн белгилегенине караганда (Ш.А) Манас бойго бүткөндөгү мотивде «нурдан бүткөнү» баяндалат. Баатырдын оң ийнинде Нур перинин ойноп турганы башы ошол мифтик түшүнүктөн келет. Алтымыш баштуу ажыдаар, кырк бөрү бул жерде «колдоочунун» функциясын аткарып тотемдик түшүнүктөр менен чагылган. Кийинки сүрөттөөлөрдө «теңирдин сүйгөн пендеси» деген саптардын туруктуу колдонулушу да ушунда абалкы түшүнүктөрдөн улам келип чыккан болуу керек. Колдоочулардын, пирлердин образдары байыркы тотемдик алгачкы диний ишенимдердин элементтерин алып жүрүүсү менен, баатырлардын кандайдыр ыйыктык касиети бар адамдар экендиги алдыңкы планга чыгарат. Маселен, Манасты башынан «Кыдыр» даарыган, баатырды курчап турган атмосфера өзгөчө бир мифологиялык дүйнөдө чагылдырылса, Чубакты «Көкө Теңир» Акбалтага бала кылып ыйгарып берет. Ал эми Сыргакты атасы Улаккан көз тийет деп эл көзүнө көрсөтпөй «Ак маралга» эмиздирип бактырат. Ак марал, бала алты жашка чыкканча жылыга алты жолу айланып келип эмизип баккан экен. Ал эми Алмамбет, жер алдында жети жылы окуп, жетимиш уруу тил билип, ар кандай магиялык касиеттерге үйрөнөт. Жогорудагы баатырлардын образына сереп салсак, алардын ар биринин төрөлүшү, баатыр болуп калыптанышына чейинки ата-теги, кайталоонун негизинде, туруктуу эпитет катары калыптанганы көрүнөт. Кошумчалай кетсек, мындай образдар, эпостун башкы каарманы Манас баш болгон Чубак, Сыргак, Алмамбет баатырлардын касиеттүүлүгүн даңазалоо менен идеалдуу образ жаратуунун бирден-бир жолун коргозот. Алсак, буларга Теңирдин буйругунан улам касиеттүүлүгү «теңирим сүйгөн пенде экен» дегенинен; Бир кудайдын пендеси, Яалла-илла-ла, Келмеңе тилиң келтир деп, же, Бар бардигер бар деди Бир кудайым жар деди, Алла илла пайгамбар, Бир өзүңө жар болсо Бир олуя билбесе, Билгичтерден билип ал, Уламадан угуп ал, Бекер айтып койбосо, Бир кудайым жар болсо.ж.б. (Ш.А. «Манас».) Бул да болсо, тотемдик образдардын эпикалык чыгармадагы диний тушунуктордун оорчушуно жана калыптанышына оболго болуп бергендигинин айкын мисалы боло алмакчы. Эпосто тенирчилик, ислам, буддизм, бурханизмдин ж.б диний ишенимдердиин синкреттуу турдо колдонулушу дагы, эпикалык доордогу адам ан сезиминин кайсы бир денгээлде бир кылка онугуу мезгилин коргозот. Фетишизм - жөнүндө так маалыматты белгилүү этнограф С.М.Абрамзондун кыргыздар тууралуу эмгегинен, (Ф.Кыргызстан 1990-ж. 327бет. «Киргизы и их этноченетические и историко- культырные связи») ошондой эле окумуштуу З.Н.Ворожейкинанын «Доисламские верования киргизов в ХVI в (по рукописи «Зия ал - Кулуб»)»: Вопросы филологии в истории стран советского и зарубежного Востока –М.: Наука. 1961. 182-189-бб. изилдөөлөрүнөн жолуктурабыз. Иликтөөлөргө караганда, байыркы кыргыз, казак тарыхтарында жолуккандай ан сезимде бир ишенимге байлануу, таяныч тутуу, тиленүү максатында ар кандай иш аракеттер болгондугун коргозушот. Мисалы, алардын бири адамдардын дарактын башына, бутактарына «бут» илишкендиги (санскрит тилинен алганда, бут- силует түшүнүгүн берип, идол-икона маанисинде колдонулат). Мындай иш чара байыркы сахаларда салт катарында өлгөн жакындарынын кебетесин жыгачтан жонуп жасап, уйлоруно коюп коюшкандыгы жонундо маалымат бар. Булардын түшүнүгүндө, отуп кеткен адамды акыреттик дүйнөдө колдойт, акыреттик дүйнөдөгү колдоочусу бул «жыгач келбети» болот деп ишенишкен. (Ф.Поярков. Джины. Из области киргизских верований. –М.: ЭО. 1984. №1 Этнография). Дагы бир цитатага конул болсок: « В Народных эпических произведениях часто встречаются строки: «Эту жертву повящаем духам предков. Да поддержат они нас!». О поклонении кыргызов духам предков писал Ч. Валиханов, отмечая их веру в загробную жизнь». Подтверждением этому служил обычай изготавливать «тул»(глиняная кукла), когда умирал мужчина. На тул надевали чапан (верхняя одежда) и головной убор, затем усаживали (К.К Юдахин) рядом с вдовой, оплакивающей смерть мужа». (О.ДЖ. Осмонов. История Кыргызстана (С древнейших времен до наших дней)/ Учебник для ВУЗов /.-Б., 2005..288-б) «Манас» эпикалык чыгармасындагы мазарга сыйынуу, түнөө В.Радловдун жазып алган вариантында С.Орозбаковдун вариантында жолугат. (Мазар – араб тилинен алганда – табынуу, сыйынуу маанисинде берилет) – диний ишенимде мусулмандар сыйынуучу «ыйык жерлер» кирет. «Манас» эпосунда кыргыздар ислам динине киргенге чейин шаман болушканы (язычники) анын элементтерине (ыйык булак, мазар терек) ондуу жерлерге табынышканы; «Манастын торолушундо», Жакып менен Чыйырды ыйык дарак түбүнө сыйынганын көрөбүз. В.Радловдун, буга жакын версия С Орозбаковдун варианттарында: Бул Чыйырдыны алганы, Жайы, кышы он төрт жыл Бул мазарлуу жерге сыйынбайт, Бул алмалуу жерге оонабайт, Бу арашандуу жерге түнөбөйт,- деп Багдөөлөт Жакыпка чагым кылат. Куржунду мойнуна илип, мазар көрсө бакырып, жер, суу, тоо ташка сыйынгандан кийин Чыйырдыдан уул көрөт. С.Орозбаковдун вариантында Багдөөлөт Жакыптын жарасына туз салгандай Чыйырдыга карап: Эжекемдин жолун кууп Этегимден кан чыкпай, Баштагы болгон эжемдин Жолун жолдоп кеттим деп, Бала десем зарланып, Бала туубай койгондон Байбиче өлбөйт арданып, Үйүм толгон көөхар таш Үмүтүм көп, башым жаш, Жер оротосу Боз-Дөбө Билесиз басып жылбасын, Мээнет баскан Чыйырды Пендени сендей кылбасын деп Муну уккан Чыйырды бар кудайга жалынып Малым, зарым түгөл ал. Аман койсоң чалымды, Жашартар кудай жанымды, Ушунчанын ээси о кудай, Угар бекен зарымды? Алда берсе тилегим, Аябас элем барымды, - деп зарлайт. Ошентип жатып уктап кетет, туш корот түшүндө бир укмуш иш көрөт, ак алма жейт, ал жеген алмасы артынан ажыдаар болуп ышкырып чыгат. Ушул сюжеттин өзүндө ыйык жер катарында Боз-Дөбө суроттолот. Боз-Добо топоним эле эмес, ал бир ыйык касиеттин белгисин туюндурат. Манастын төрөлгөндө эле жер «ордосунда» төрөлүшү (пуп земли); Жакып менен Чыйырдынын мазарга сыйынуусунун ал жерге түнөгөндугунун натыйжасында балалуу болушкандыгынын озу, культтук мааниге ээ ырым-жырымдардын жаралышынан, калыпташышынан кабар берип турат. Маселен, мазардагы даракка кызыл, көк чүпөрөк байлап коюшкандыгы, негизи бурханизмде кучтуу сакталган, бул монголдордо салттык жоролго катары калыптанганган экен. Мындай элемент бизде кыргыздарда бүгүнкү күндө да сакталып калгандыгы, кездешкенде да, байыркы архаикалык элементтерди, рудименттерди толугу менен алып жургондугу албетте кызыгууну жаратат, мааниси жагынан мазарга сыйынуу, тиленүү, табынуу азыр дагы өзгөргөн жок. Жалпы эле турк-монгол элдеринде мааниси жагынан типтуулукту жаратат. Жогоруда биз солярдык, лунардык культ, анимисттик, тотемдик, фетиштик түшүнүктөрдун эпостун терең тамырларында орун алып, архаикалык катмардын культтук мааниге ээ болгон элементтерин сактап келгендигин кеп кылдык. Эпикалык чыгарманын ички структурасында булар өзүнчө бир кенен, ары терең мааниге ээ чоң тилкени ээлеп турат. Эпикалык чыгарманын озоктуу окуяларында мифологиялык, жомоктук элементтер арбын. Кызыгы, бул суроттоолор, окуяны кызыктуу кылыш учун айтылса, экинчи жагынан турмуштук окуялар менен параллелдуу турдо суроттолуп кете бергени. Эпостун бул катмары дагы ички структурада жалпы алганда эн керектуу орунда турат. Мифологиялык жана реалдуулук катмары жөнүндө соз болгондо, училтиктин ичине сыйган мифологиялык образдардын толук жыйындысы камтылышы керек. Анын экинчи капшытында реалдуулук жатат. Мифология кенен тушунук, бул маселе тууралуу училтик боюнча алганда, озунчо фундаменталдуу турдо иликтоого муктаж. Себеби жалпы эле кыргыз фольклористикасынын алкагында алганда, бул проблема боюнча толуккандуу эмгек али жарала элек, айрым бир проблемалардын айланасында иликтоолор бар. «Манас» эпосу көп катмарлуу чыгарма болгондуктан миф башатынан башталган легенда, жомоктон тартып тарыхый чындыкка үндөш окуяларга чейинки баскычты кучагына алат. Ошону менен катар биз доорлор ичиндеги, алсак, байыркы антикалык доорлордун, солярдык жана лунардык культтардын элементтерин жолуктурабыз. Байыркы гректердин мифтеринде жолуккан башы адамдыкы, денеси аттыкы, же башы айбандыкы тулку бою бир жандыктын дене түзүлүшүнө окшогон зооморфдук, кентавр, минотаврлардын миксантропизмдик образдарын кездештиребиз. Ошол сыңары «Манас» эпикалык чыгармасында жалгыз көздүү дөөлөр, кериктин образдары жана учуучу тулпарлардын көркөм образдардын фантасмагориялык функциялары чагылат. Ошонун негизинде эле «колдоочулук» функцияга өткөн мифтин кийинки баскычында жаралган алп кара куш, алтымыш баштуу ажыдаар, кырк бөрү ак инген ошондой эле тотемдик маанидеги марал, бугу, кумайыктын образдары. Кызык жери эпикалык чыгармадагы бул жандыктардын ар биринин өз орду бар эпостун канондук сюжетинде булардын образдары белгилүү бир жанрдын ичинде болуусу менен бирге, башка жанрлар менен синкреттешип сюжеттик өзөктө көркөмдөк сүрөттөгө ээ болгондогусу. Ушул жана башка маселелердин эпикалык чыгарманын көркөм поэтикасында кандай орун алгандыгын чечмелеп көрөлү. Эпикалык чыгармада, Тоолор кулап түз болду, Көлмө ордуна көл болду Деген саптар (Ш.А) вариантында жолугат. Байыркынын жомогу ушул доордон баштап айтыла баштады дейт манасчы. Демек, эпикалык чыгарма жер жүсүндөгү климаттык чоң өзгөрүүлөрдөн баштап, топон, суу түшүнүгү менен айкалышып жатат. Ал эми С.Орозбаковдун же С.Каралаевдин варианттарындагы классикалык үлгүдө калыптанган Манастын портретин алсак: Айың менен күнүңдүн Бир өзүнөн бүткөндөй, Асман менен жериңдин Ширөөсүнөн бүткөндөй, - деген саптар солярдык жана лунардык культ дегенибиздин өзү дагы, баатырдын идеалдуу образы сакралдык элементтерге карк сугарылып, кандайдыр сырдуу, касиеттүү колдоочулары бар. Алар баатырдын минген тулпары, башында айланып учуп көк асманды кара булут чулгагандай, канатын жайса күндүн нурун тоскон алп кара кушу. Болбосо баатырдын алдында ажыдаардын алты оролуп жатышы, эки тарабында кырктан кара тулпар коштоп, болбосо кырк бөрүнүн оңдонуп жатышы, өңдүүсүрөттөлөт: Манас - Капырай, адамдан бөлөк сүрү бар, Арыстандай түрү бар, Кара чаар кабылан Капталынан чамынат Чолок көк жал жолборсу Аркасында камынат («Манас» 1958. 50б) Манас – Жан казандай башы бар, Жаткан иттей кашы бар, Көзү көлдүн буткулдай Көрүнгөнүн жуткудай Так төбөнүн үстүндө Алты айлынып кара куш Капталында чамынат Кара чаар жолборс Оң жагынан караса Кырк бөрүсү оңдонуп Алты оронуп алганы Алтымыш баштуу ажыдаар (Манас Ш.А.) Ак куланын образын карасак: Асты жагын караса Алты жасоол жол баштап, Ортосунда чоң кула ат Олжоңдотуп жетелеп, Он эки жайсаң баш коштоп, Жети желдет желдирип, Жол ачкын деп бош-боштоп , Калбанын кара оюнан Кайнарлуу сунун боюнан, Төрт миң кулан айдатып Төгөрөктөтүп ойнотуп, Жетимиш кулач ажыдаар, Жети жерден чынжырлап Жетимиш жерден кишендеп Ажыдаарын сойлотуп, Азуулу арстан жолборстон Алты жолборс байлатып, Арып менен үстүнө Алп кара куш айлантып. (С.О.Манас 4т.54-б) Бул жердеги баатыр менен тулпардын бирдей даражада тотемдик, колдоочулук маани аркылуу туюндурулуп жатышынын өзү, эпикалык чыгарманын эң байыркы катмарындагы архаикалык баскычтын элементин көргөзүп турат. Эгерде гректердеги кентавр, минотаврлар Гера менен Зевстин кошулгандан жаралган болсо, «Манас» эпосундагы мифтик элементти алып жүргөн баатыр менен бир күндө төрөлүшү, трансформациялангандыгын белгилөө негиздүү. Мындай образдардын негизинде реалдуу турмушка жакындашып эпостогу тулпардын баатыр менен бир күндө төрөлүшү, экөөнүн эмчектеш болушу өзгөчө касиет, сапатта ээ болуусу өңдүү баскычы келип чыккан. Ажыдаар – алты, жети баштуудан тартып, алтымыш, жетимиш баштуу болуп фантасмагорияланат. Дүйнөлүк элдердин жомокторунда, легенда, мифтеринде, эпикалык чыгармаларында кеңири тараган образ. Адатта баатырдын, баатырлыгын, алп күчүн, кайратын даңазалоодо экинчи позицияда колдонулган образ. Үчүнчү жагынан алсак, чыгыш элдеринде ажыдаар «улуу» тукумунан болгондуктан колдоочулук касиетке ээ «Манас» эпосунда ажыдаар дал ушул алкакта чагылган. Алп кара куш – эркин, күчтүү, кайраттуу эр жүрөктүүлүктүн символу катары жомоктордо, эпикалык чыгармаларда кеңири жолуккан мифологиялык куш. Кыргыз эпосторунда «Эр Төштүктө» архаикалык рудиментке ээ, баатырдын образы менен тулпары менен паралелль сүрөттөлгөн. Ал эми «Манас» эпосунда тотемдик колдоочулук функцияны аркалайт. Бөрү - «Манас» эпосунда бөрү мифтик элементти алып жүрүү менен бирге «колдоочулук» тотемдик мааниде чагылган. Мисалы: Адамдар анда кеп айтат, Андай көр балам деп айтат, Бөрү болгон биз деди, Бөлөкчө жансыз сиз деди, Кыдыр Иляс деген бар, Сизди кырк күндөн бери издеди. Кырк чилтен деген биз деди, Козуңа салган тиш деди Анда Манас кеп сурайт: Кандайлыктан адамдар, Карышкыр болдуң деп сурайт. Карышкыр болгон кайсыңыз Кайсы экенин айтыңыз? Кана көк бөрү болчу көрөйүн, Көңүлүм анан бөлөйүн, Ал сөздү бала салганы Кызматта жүргөн кырк чилтен Каткырып күлүп калганы Бир силкинип бирөөбү, Көк бөрү боло калганы. Бирде бөрү, бирде адам, Анык сонун экен деп, Көөнүнө бала алганы – дейт. (С.О. Манас. 1-том. 94-96-бб ) Кырк чилтен, Кызыр Иляс, кырк бөрү бул Манастын төрөлгөндөн касиеттүү башкача жаралгандыгын туюндурган, образдар. Дегеле баатырдын өзүнүн төрөлүү мотивинде карап көрсөк, Чыйырдынын боюна бүтүшү, түш көрүшү, түшүндөгү көргөнүн Байжигиттин жоруганы Байбиченин түшү экен, Түшүндө көргөн иш экен. Ай тийген жердин баарысын Алат экен балаңыз, Анда тынсын санааңыз! Күн тийген жердин баарысын Күтөт экен балаңыз Күндө тынып санааңыз! Алтымыш кулач жибек боо Аягына такканын, Ай мунарын жем кылып Азем кылгын бакканың Алтымыш жашка чыкканча Аким болуп журт сурап, Алат экен дүйнөнү, Арбак конуп башына Аны алда таала сүйгөнү. Ажыдаар ат кылып, Байбичең минип жүргөнү Шол баланы ороюн Дүйнө жүзүн сүргөнү. Ажыдаардай айбаттуу Арстандай кайраттуу, Эркек уул, эр болуп Не кыйындык баарысы Эсеп берип, эл болуп Карайт экен көзүнө, Кара тоодой касиет Конот экен өзүнө. (С.О. 48 б. 1-том) 1978-жыл Кыргыз басмасы. Ошентип ыр саптарынан ачык көрүнүп тургандай төрөлөр баланын, эпикалык чыгарманын идеалдуу каарманынан кабар берилет. Анын чоо-жайы байыркы анемисттик (арбак конуп башына), тотемдик (ажыдаар) жана исламдык (алда таала сүйүп) элементтер менен шөкөттөлгөн. Түш көрүү мотиви жеке эле манасчынын өзүнүн калыптануу жолунда эмес, эпикалык чыгарманын өзөгүндө дагы маанилүү функцияны аткарып, кийинки өзөктүү окуяны андан ары жалганышына өбөлгө болуп берет экен. Дегеле эпикалык чыгармадагы мифтик символикалык белгилерге жык толгон жан-жаныбарлардын болушу эпикалык чыгарманын стадиалдык өнүгүү катмарын көрсөтүп турат. Себеби эпикалык чыгарма мындай көрүнүштөрдү өзүнө сиңисүү менен кылымдар аралыгында тарыхый чындык окуяларына чейин өсүп жетилген. Эми «Манас» үчилтиги боюнча тулпардын образы бул жандыктардан бөтөнчө бир секичеде турары жөнүндө учкай кеп улай кетели. Дегеле түрк тилдүү элдердин чыгармаларында сереп сала кетсек тулпар баатырдын ысмы аталган жерде дайыма кош бирдиктүү айтылып жүрөт. Бул кош образ, белгилүү бир деңгээлде баатырдын баатырдык парасатын оболото көтөрүп даңазалап турат. Ал эми булардын тарыхый булактарына кайрылсак, архаикалык деңгээлден кийинки кадимки каса тулпар (баевой конь) маанисине чейин чагылган. Айта кете турган дагы бир маселе жогоруда кеп кылгандай түрк тилдүү элдердин эпикалык чыгармаларында жолуккан мифтик фантасмагориялык элементтери жагынан жакын жалпы үндөштүктү табууга жана да кийинки этаптагы трасформацияланган образдарга чийин өсүп жетилгендигине күбө болобуз. Маселен март элинин эпосунда Тхож тулпар обого учак. Рувалардын «Алтай бугусу¹ эпосунда тулпары кишиче сүйлөйт, учат, алдын ала боло турган көрүнүштү айтып берет». Кара калмактардын «Ак боз ат», «Кара жорго» эпосторунда бири от жагат, бири деңизден чыгып келет ж.б. «Манаста» карт күрөң манаска таарынат мени «Чоң казатка» минбей койду деп, деп үйүрүн алдына түшүрүп, кайра чыгат, «Карач көкүл баяны» эпосунда Көкүлгө адамча тил бүтүп сүйлөт турган тулпарын карасак: Куюшканды кыскартып, көмөлдүрүк узартып, Узун жолду кыскартып, Уча турган куш атмын, Кокус калбы жыгылып, Колтугумда канат ба, Колго тизгин бек карма деп жатат. Мына бул сыяктуу жомоктук боёк менен берилген образдардын трансформациясы иретинде айтылуу Бокмурундун Мааникерин, Манастын Ак куласын, Алманбеттин Сараласын, Семетейдин Тайбуруулун алууга болот. «Манас» үчилтигинде тулпардын ысымы бар, өңү дагы символикалык мааниге ээ, тулпардын касиети бир нече катмарда чагылат, ошондой эле өзөктүү окуяларды атайы мотифдин негизинде өнүгүп чыгат. Мындан сырткары тулпардын образын терең ачууда поэтикалык көркөм каражаттардын, такатап айтканда троптун жөнөкөй жана татаал формалары өтө кеңири колдонулган. Ар бир манасчы жомоктук, мифтик башаттын элементтерин кеңири колдонуу менен реалдуу каса тулпардын образын жеткиликтүү сүрөттөөгө жетише алган. Бул тема манасчылар үчүн өтө берилүү, сүйүү менен кумардан чыгып айткан эпизоддорду түзгөн. Маселен Ак куланын классикалык формага ээ туруктуу портреттеринин биринен мисал алып көрсөк: .Сказание «Алтай Бугу» - Кызыл-Тув книж. Изд. 1960-ж. 26-27-бб. 1 Маңдайында багы бар, Кулагында шамы бар, Кондурдай болгон жаныбар (С.О) Чаткаягы Чаткалдай, Жүрүп кетсе чатына, Жүктүү төө баткандай, Кең соорунун үстүнө Он экиден он эки Жыйырма төртү биригип Төшөк салып жаткандай ж.б. (С.О) Ушул сүрөттөмө улам кийинки манасчылардын айтуусунда даяр калка сыяктуу колдонулуп түрдүү вариациянын жаралышына өбөлгө болуп берген. «Манас» үчилтигиндеги тулпардын образы боюнча 1994-жылы атайын кандидаттык дисссертация коголуп анын негизинде жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн, илимпоздор жана жалпы окурманда үчүн монография жарык көргөн ал илимий эмгектин автору Ж.К.Орозобекова эмгек «Манас» эпосундагы тулпардын көркөм образдары деген аталышына 1997-жылы Кыргызстан-Сорос фондусунан жарык көргөн. Училтиктин ар бир озоктуу окуясында, эпизоддордо тигил же бул денгээлде чагылган майда мифтик элементтер камтылган. Алар тематикаларда, мотивдерде чагылат. Кээде мифологиялык элемент бутундой бир озоктуу окуянын кенейип оорчушуно да себеп болот. Мисалы баатырдын торолуу мотивинде Чыйырды көргөн тушундогу, 120 кез болгон ажыдаардын аркасынан ышкырып чыгышы же, Айчуроктун ак куу кебин кийип учушу, бул фрагменттин бири бутундой бир окуялардын озогун улоо менен, эпикалык чыгармадагы «баатырдын торолуу» мотивинин негизин тузсо, ал эми Айчуроктун мифологиялык образы, эпостун архаикалык катмарындагы элементин чагылдыруу менен, элдик традициянын, тактап айтканда «бел куда» салтынын кандай маааниси болгондугун айкындоо менен бирге эле, эпикалык чыгармадагы «баатырдын уйлонуу» мотивинин негизин тузот. Маселен башка бир онутогу окуя, Ч.Валихановдун варианты боюнча алганда, Жолойдун Чабдар аты адамча тил бутуп, суйлоо касиетине ээ болгондон сырткары, ал алдында келе жаткан кербенди тоолору менен адамдарды кошо жутуп алат. Анын ичине кирип кеткендер аркайган адыр аралап, аба жетпей карангыга кез болуп, эмне болду деги деп, эстен кетип делдиреп турганда, адырандап анды –донду карабаган кандай азоо деп, Кошой балбан коро калып, Чабдарды куйруктан алып, башынан айландырып жерге бир урганда, Чабдардын карды эштей эшилип ичинен кербендердин чубап чыгышы ондуу сценкалардын укмуштуудай баяндалышы, жомоктук боекторду тартат. Ошондой эле портретик суроттоолордо каармандардын корком образдарында, маселен Алмамбет торолгондо, Азизкан кумон санап озунун аярларынын айтымы боюнча, бул бала менин баламбы, деп сынап кытайлардын сыйкырдуу кудугуна таштатышы, Алмамбеттин колдоочулары булут болуп кубулуп, кудуктун тубуно жеткирбей тосуп алышы, «Алмамбеттин жомогу болумундо» (Ш.А) эн бир кызыктуу сюжеттерден. Баатырларды курчап турган айлана чойрону чагылдырууда, каармандардын кереметуу тушторундо, баатырлардын каса тулпарынын образдарында ж.б. Озгочо башкы кармандар болгон Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргактын, Айкожо, Каныкей, Айчуроктун образдарынын айланасындагы окуялардан, тотемдик, анимисттик, фетиштик тушунуктордун тегерегиндеги окуялардан, дуйно элдеринин эпосторуна таандык типтуулукту жолуктурууга болот. Мифологиялык жандыктардын образдарынын бири ажыдаардын ролуна кайрылсак, анда, маселен байыркы гректердин тарыхында жылаан, ажыдаар тукумдоонун символу катарында колдонулса, дүйнөлүк элдердин жомок, миф, эпикалык чыгармаларынын көпчүлүгүндө мындай образдар жолугуп; жылан, ажыдаар – кара күч, жеңилбес жоо, коркунучтуу жоо катары суроттолот. Баатырлар булар менен беттешип аларды өлтүрүп, же минип алып учуп – «унаа катары», кээде «колдоочу» иретинде тутушат. Чыгыш маданиятында жыланга, ажыдаарга ыйык мамиле кылышкан, кыргыздардын атынан атабай тергеп «улуу» дешкени бекеринен болбосо керек. Орус жомогундагы «Змей Горыныч», европалыктардын «Песнь о Нибелунгах», грек мифтериндеги «Гераклдын баатырлыгы», Зефс менен Гифондун согушу, «Персейдин Горгон - Медузаны өлтүргөнү», шумерлердин Гильгамашынын Хумбаба менен кармашы, мына булардын бардыгы дүйнөлүк оозеки маданиятында жыландын, ажыдардын образы архетиптик мотивге ээ болгондугун көргөзөт. Тескерисинче чыгыш элдеринде маселен кытай, япон, корей, монгол («Гесер») жана түрк тилдүү элдеринин эпикалык чыгармаларында «ыйык колдоочу фукциясын аркалап, өзүнчө символикалык мааниге ээ. Баатырдын фантасмагорияга карк толгон портретинде баатырдын сүрү, ыйыктыгы күчтүүлүгү жана өлбөстүгү дагы жылан, ажыдаар, арстан, жолборс, кабылан, бөрү, алп кара куш өңдүү жаныбарлардын коштоосунда чагылып, ал тургай баатырдын портрети жолборс жүрөк, арстан жүрөк, кабыландай качырган, алгыр куштай талпынган, ажыдаардай оп тартып сыяктуу туруктуу эпитет, салыштырмалуу аркылуу сүрөттөлүнөт. «Манас» үчилтигинде мифологиялык катмардан сон, кийинки катмарларда, реалдуу турмуш чындыгында жакын трансформацияланган образдардын жаралгандыгын көрүү кыйын эмес. Ошентип, мифологиялык образдар эпосто реалдуу турмуш чындыгына жакын окуялардын чагылышына копуро болуп берген откоол позицияны ээлейт дагы, миф менен реалдуулуктун ортосунда тутумдаштырып турган эпикалык мезгилди (эпическое время) кучагына алып турат. Эпикалык чыгарманын кийинки катмарында кулчулук доордун элементтери чагылат. Кулчулук доордун издери- «Манас» эпикалык чыгармасы адам цивилизациясы онуккон сайын жаны коомдун жаныча формаларын утур озуно синирип журуп олтурган. Эпостун тулку боюнда мындай элементтер жиги билинбей жуурулушуп кеткени дагы, айтуучулардын чеберчилиги менен тыгыз байланыштуу ишке ашкан. Жогорудагыдай мифтик кыял дуйно, жашоо тиричилик менен эриш-аркак суроттолуп журуп олтуруп, чыгарманын реалдуу катмарына чейин осуп жетилген. Мисалы «Кошой менен Жолойдун курошу» болугу бирден-бир кызыктуу окуялардан. Анда В. Радлов жазып алган вариант боюнча; «Байгесинин башына токсон мин калча кул саям, токсон мин кара нар саям», десе, С Орозбаковдо ушул эле саптар, «Токсон мин кара, жуз мин кой, байгесинин башы де» деп трансформацияланган.(3-китеп.91-бет) Ал эми кандагай жонундогу окуяда; «алтымыш кулга сурдургон, токсон куну биригип, тогуз куну тиштеген» (Ч.В) кандагайдын жасалышы тууралуу ыр саптары айтып тургандай, кул жумшап, кун кызматын отогон замандан кабар берет. Эпостун башка варианттарынан мындай мисалдарды арбын келтирууго болот. Маселен, Токор уста Болокбайдын жанында «коорук баскан кулдары кырк кун тынбай узанган» деп Манастын дурбусун жасап жатканда айтылат. Мындан сырткары кызматчы кундор, ат баккан кулдар, делинсе, Конурбайдын коп малай, деп айтылат. Демек кул менен кун жумшап иштеткени, адамдын мал сыяктуу бааланып, тартууга берилгени; алсак Шоорук кан кызы Акылайды куйоого бергенде, отуз кызды кошо кун кылып кошоктоп берип жатат. Ушул эле корунуштон алыс эмес Айчуроктун алдындагы кундору аталат. Каныкейдин жунду, терини , кулазыкты, чоролорго согуштук кийим кечектерди даярдоо процесстеринде кенен суроттолот. Каныкейдин алдында алтымыш кун, кырк кызы баары бирдей уз кызы деп баяндалганын алсак жетиштуудур. Кошумча айта кетуучу маселе, эпосто кээде аял затын «кун», ал эми эркек адамды «кул» деп атаганы да бар. Контекстик мааниде бул создордун манызы албетте башка ракурстан каралат. Мисалы, «Эр албаган эски кун», бул Айчурокко карата айтылып жатат, болбосо «кереметтуу кун эле» деп Каныкейге карата да айтылат. Канчорону «арам олгон эссиз кул», Сарытазды «Он эки жылы багыптыр, айныбаган кайран кул» (Ш.А) дейт. Кийинки алынган мисалдардын тегерегинде албетте озунчо соз болуусу керек. Эпосто кулчулук доорго байланыштуу салттык жоролголор дагы орун алат. Мисалы эки уруу чабышып, элдешуунун белгиси катары кыз алышып, кыз беришкен салт болгон болсо, анын башаты дагы «Манастан» бери келе жатканын белгилоого болот. Кээде «Ак уйлуу» деп бутундой бир уй булону уруу башчылары алардын эркисиз эле, башка урууларга берип салган. Мисалы ал тексте томондогудой баяндалат: Алооке, Манастын кабарын мыктап угуп, элчинин кулагына кумдай куюп, баштагыдай зордук кылып Жакыпты камап турган жери экен; Бай Жакып деген бу кыргыз, Тапкан экен онойду, Келсе менин жериме, Кенешеп корсун элине, Окуматтан айрылып, Окунбос болсо турсун деп. Улуктуктан айрылып , Урушпас болсо турсун деп, Манас алам ак уйлуу, Маган моюн сунсун деп Элчиси элуу келиптир,(С,О. «Манас».1980.2-к.,178-б) ************ ************* Ачуусу аябай келип, Манас Алоокени минтип чаап алганда, жан соогалап турган Алоокеге шарт коет; Эй , Алооке деп айтат, Жалбарып жанын сурадын, Жайынды коруп турамын, Туп Бээжин жаткан жериниз, Тумон кытай элиниз, Бабам откон жерибиз, Башкы балан Боокени, Мага жолдош бериниз, Ак уйлууго алганым, Ал соумо конбосон Азыр бугун башына, Акыр заман саламын,- деп (С,О. «Манас».1980.2-к.,196-б) айтылгандай «ак уйлуу» кылып алууга бул жерде жогорку рангдагы башчылар аталып жатат. Ак уйлууго барган адам, белгилуу бир моонот ичинде башка тарапта жашап келген, ага бардык шарттар тузулуп берилип, керек болсо уйлондуруп дагы коюшкан. Албетте бул кыргыз башчысы Манастын дипломаттык сапатын коргозуу менен, акылман, саясатчы экенин дагы чагылдырат. Мындай окуялар кыргыздын кийинки эле санжыра тарыхында да сакталган. (К. Иманалиев. Тагай бий.-Б..2011.) «Кокотойдун ашы» эпизодунда тогороктун торт бурчунан келген меймандардын кызматчы кул, кундору «турулуп тушуп жут болду»,- деп суроттолот. Демек, кайсы этникалык катмардын окулу болбосун, эл бийлегендердин кулдары, кундору ар жерде кошо жургондугу тогун эмес. Ушул кулдардын, кундордун колунан ар кандай буюм-тайымдар жаралып, алардын ээлери кээде кулдардын баасын бычып саткан учурлары жок эмес. Мисалы Каныкей «Анжыяндан тандатып, алтымыш жамбы алтынга алдырып келген кул ушу» деп Манастын жабдыктарына оймо салдырып, алтын кумушту камырдай ийлеген Токор устага жардамчы кылып, терини боегон ар кандай тусту келтирип, жандуудай сурот тарткан кулу жонундогу саптарды алсак. Мындай корунуш кыргыздардын кийинки тарыхый издеринде да кездешет. Тарых беттериндеги энеолит, коло доорлорунда (А.Н Бернштам. По следам древних культур. От Волги до Тихого океана.-М.,1954.) археологиялык табылгалар, Саймалуу таш эстеликтеринде калган издер, андроновдук маданияттын улгулорун алсак, байыркы бир доорлордун издерин коргозгон болсо, «Манас» эпосубузда корунуп тургандай, кылымдар бою оозеки поэзиясында тарых издерин табууга болот. Эпостун текстинен кыргыздын мыкты эл башындагы жакшылары дыйканчылыгын да, устачылыгын да, малчылыгын да, узчулугун да ушул кул, кундордун кучу менен жасаганын коробуз. Мындай корунуштор эпостун озунчо бир катмарын ээлегени дагы бекер эмес. Феодализм доорунун белгилери- «Манас» эпосунун ички тузулушундо феодализмдин элементтери арбын. Маселен, мамлекеттик башкаруу жолдорунда, этникалык катмарлардын бир-бири менен болгон байланышында, улуу жибек жолу менен байланышында, элдин башкаруучу окулдорунун иш чараларында, титулдарга ээ болушунда, дипломатиялык байланыштарында, аймактык чек ара алардын функцияларында ж.б. Эпосто чагылган элдин социалдык саясий жашоосун, феодалдык башкаруу системасынан коробуз. Мисалы: Капкасы алтын коргондо, Кан Манастын ордодо, Он жагында баатырдын, Отуз эки каны бар, Сол жагында олтурган, Кырк баатырдын саны бар. Астында алтын тагы бар, Башында доолот багы бар. Тугонгурдун бу кундо, Тутоп турган чагы бар. Айланасын камаган, Албарс кылыч колго алып, Акырая караган, Алты мин аскер дагы бар. Коргону коло тоо болгон, Арыгы темир ноо болгон. Бадышалык чон коргон Каалгасы сом калай, Салтанаты бир далай, Капка кармап туруучу, Он эки кузот, бир малай, Бекзаададан бешоо бар, Желдеттерден жетоо бар.(С.О) 4-к.1982-ж.20-21-бет. Текстен корунуп тургандай, мамлекет башындагы адамдын соолоту, аны курчап турган тоболдор, булардын ар биринин милдети бар. Бул жерде кытайдын элчилерин кабылдап жаткандагы эпизод. Дипломатиялык суйлошуу алдындагы учур. Кыргыз тоболдорунун корунушу, манасчы аларды коруп тургандай баян кылат. Манас, койкашка баатыр эле эмес, ал таланттуу саясий ишмер, акылман жетекчи, кылдат дипломат, эл учун башын сайган улук каган. Он жагында баатырдын отуз эки каны бар, Сол жагында олтурган, Кырк баатырдын саны бар. Кыргыздардын каганы баш болуп, уруулук кандар, бекзаадалар, чогулуп, маанилуу маселе чечуу устундо турган кезине караганда Манастын эли «туптуу кыргыз эли экен, тупоктуу найза колго алган, тутогон бурут шери экен» деп, элчилер сынап, баатырдын айбатынан устуно шыр кире албай апкаарый тушкону бекер эместир. Ар бир кандын аты аталганда, манасчы ал кандын жери кайсы, эли кайсы, уруусу ким, кимдин баласы, кандай кийинип турат, мунозу кандай, баатырлыгы шердиги, элге отогон эмгеги тууралуу баяндап журуп олтурат. Мисалы ал томондогудой эпитеттер аркылуу чагылат. Тенир –Тоону жердеген, Катагандын эр Кошой, Кабылан сындуу шер Кошой; ***** ***** ***** Алтын кемер курчанган, Айдай бетин нур чалган, Азизкандын Алмабет; ***** ***** ***** Сары арканы жайлаган , Сан жылкысын айдаган, Таруусун таштай актаган, Катынын кыздай мактаган, Эки отуктун бокчосу, Айдаркандын Кокчосу. ж.б Сюжеттик озокто ар бир кан оз уруусунун милдетин аркалап, ууру- бору жокпу деп, жетим-жесир балага, жарды менен жалчыга карап аларга жардам берип, ач-арыктар тоюнсун деп согум болуп берген жерлерине караганда, элге тегиз кам коргон эл башчыларынын иш аракеттерин коробуз. Чалгын чалып, атайын чек кызматындагы желдеттери, алардын башында турган башчылары ылайым элди душмандан коргоп. козомолго алып турганы; Кыргыз элинин байыркы эл болгонун эч ким тана албайт, бир кездерде оз алдынча мамлекет болгонугунун дагы бир белгиси, анын оз жери, тили, салт санаасы, туусу, мамлекеттик белгиси (герби) болгондугу дагы бир ирет далилдеп турат. Дагы тактап айтсак, Манастын тушунда мамлекеттик бекем системанын болгонун озоктук окуялар таамай чагылдырат. Капиталисттик доордун элементтери- жонундо соз кылганда, откон кылымдагы тарыхый изибизге кайрылууга туура келет. Дээрлик (сонку) бир кылым мезгил чамасын алганда эле, кыргыздар капитализмди басып откон эмес, феодализмден дароо эле социализмге отуп кетишкен, деген догманы теория жузундо социдеология айта берип, чын эле ошондой болгон деп бардыгыбыз кабылдаганбыз, «Элин бору болсо, бору бол, тулку болсо тулку бол» дегендей тарбияланганбыз. Дээрлик кылым, а балким андан да узак мезгилдер аралыгында, «Манас» тек кана корком чыгарма таризинде кана окулуп, изилденип келгендиги деле буга кубо. Эгерде тарыхый булак болбосо, корком чыгарма болгон кундо да, жок жерден окуялар бир-бирине жалгашып, бутундой бир озокту тузушу, же элдик традициябыздын озогу сакталып калышы кыйын болор эле го. Андыктан чыныгы тарыхый издерин толуктоого, тариздоого мезгил жетилгендигин белгилоо ашыкча болбос. Эпостун сюжеттик озогунун рамкасынын алкагынан чыкпай алганда, бир мезгилдердеги кыргыз мамлекетинин туптолуу, онугуу жолунда бир нече кандыктар болуп, алар мамлекеттин экономикалык жана саясий багыттагы алгачкы иш аракеттеринде, капиталисттик доордун баштапкы элементтерин коргозуп турат. Мисалы, кандыктар дыйканчылык, мал чарбачылык, анчылык, жер кендерин казууну оздоштуруу, текстилдик кол онорчулугун онуктуруусу, сут азыктарынын ысырапсыз пайдаланууну уйронгондору; эпостогу элдин каада-салттарынын суроттолушу, элдин жай турмушунун аквалы, согуштук мезгил мына ушулардын бардыгы, убагында жаны туптолгон мамлекеттин онугуу жолунда болгонунун кубосу катары «Манас» эпикалык чыгармасы чагылдырат. Буга кошумча кенен маалымат менен коптогон фактологиялык материалдарды И.Б Молдобаевдин «Эпос «Манас» как источник по истории государственности кыргызов» аттуу монографиясынан табууга болот. Автор этнографиялык, тарыхый аспектиде кыйла терен, анализдерди жасаган. (И.Б Молдобаевдин «Эпос «Манас» как источник по истории государственности кыргызов».-Б.,2004). Текстин озуно эле кайрылып, «Кокотойдун ашы» болугун эле алсак, ашка келген меймандардын чыкырылып жатканда манасчы ар бирине муноздомо берип комментариялайт: Кокотой кан олду де, келбес жайды корду де, атам дунуйо жыйган мол кылып, жарды менен жалчынын ичкенин кызыл чай кылып, кыз келинин ырдатып, кызыл ала шайы кийдирип, кербенден алган чопо идиш, акак мончок, коохарын, эндик менен упасын, мулдо эл коргон упаасын, бардыгын тегиз шайлаган, сулкулдогон сулоосун, суусар,тулку терисин жибектей кылып ийлеген, токсон мин тоого арттырып кербен башы шайлатып, кулазыгын мол алдырып, санабай мол жургун деп индастанга жиберген, Кытайдан алган жибекти, памилдеген кызыл чай, арттырып келген ошондо. Кечээ кабарын угуп Манастын, Урум, Эрен эл деген, телегейи тен деген, Оогандан болуп тууганы, Ооматы келип турганда, Жаркент менен Маргалан, Самаркан, Букар, Жеткайттын, кангай, мангул баарысы кандыгы келип баш урган, ошондо угуп билип ал, билбегенин коруп ал, Кан Манаска кабар айт. Атакемдин сан дунуйо, кечээ кайтпас сапар кеткенде опаа болуп бербеген, чымын жаны учканда, калды баары жалганда, атандын кору куу дуйно, бугун бар да эртен жок, ушундай экен дуйно бок…(Ш.А.в) жамгырдай тогулгон ыр саптарынан корунуп тургандай, кыргыздар жакын жана алыс мамлекеттер менен соода байланышын тузгондугу, озунон чыккан товарларын, алтын, кумуш, жамбыларга пулдап, кай бирин бартердик жол менен соодалаганы, кербенчилердин келип тушкону, атайын кербен кутчу сарайы, темирден болот топсосу, дейт. Элдин турмушун суроттогон ыр саптарынан: Жай- Добого жай алып, Кашкардан кара чай алып, (С.О.2-к.161-б) кербендердин кетип бара жатканы. Болбосо, Бойрок жамбым ботон бар, Тай туягым бироо бар, Чыныгы жамбым учоо бар, (В. Радлов.,1885.148-б жогорудагы адабияттан.) «жамбы» акча бирдиги катары колдонулганын билдирет. Башка мисал, Каныкей, толгочу Кара Толокко кумуш жамбы карматып, Тайторум чыгып келеби, (Ш.А.в)- деп толго салдырып жатат. «Чон казат», «Манастын Каныкейге уйлонушу», «Алмамбеттин жомогу», «Каныкейдин жомогу» сыктуу озоктуу окуяларда, аскердик курал- жарак даярдоодо, сут продукциясынан копко чыдаган азыктарды даярдоодо, кулазыктын технологиясын даярдоо процесстеринде; эт, май азыктарын, терини иштетуу, ар кандай баалуу металдарды казып алып, кайра иштетип, алардан аттын ээр токумун, жабдыктарын даярдаганы; жундон боз уйдун кийиздерин жасагандары, боз уйдун ички жасалгасын суроттогону; териден бутуна кийген отугу, колундагы мээлейи, камчысы, , айтор адамдын жашоо учун шарттарына ылайык нерсенин баардыгы камтылып, негизгиси алар кандай жолдор менен жасалгандыгын баяндаганы кыргыздарда капитализмдин элементтери байыркы эле мезгилдерде болгондугун коргозот. Башынан мал чарбачылыгы менен жан сактаган эл, жайыттагы ден соолукка пайдалуу чоптордон тартып, малдын муйузунон туягына чейин ысырапсыз пайдалануу жолдору эл башчыларынын иш аракеттеринен байкалат, Анжыяндын Санжыбегинин черуусу дан, орук, мейиз жангагын, тогуз жуз тоого артып келип кара малга айырбаштап, Буркуттунун зоосунан отуп, Суусамырды жээктеп, Аныртынын белин ашмакка эртен менен эртелеп, эл тургандан эртерээк жоноп калган чагы экен. (Ш.А) Дегенине караганда, соода ич ара этникалык катмарларда да, коншулаш мамлекеттер менен да мамиленин болгондугунун мисалы. Дагы бир эпизодго кайрылсак анда; Эсенкан, аярлардан соз уктум, кербендерден кеп уктум, бу кыргызда Манас деген туулат экен, туулары менен жок кылбаса, ааламды бутун алат экен деп, коркуп тогуз жуз тоого жук артып. Кыргыздарды чалып келууго, кербенчи кейпин кийгизип, эгер Манас бала торолсо, алмадай башын алып кел, эштей кардын эшип кел, эшектей башын кесип кел,- деп, кербен башына оз кишилеринен шайлап, он тынчыны кошуп тапшырып жонотот.(Ш.А.в) алынган мисал деле, илгертен эле кыргыздарда соода байланыштары боюнча кабары болгондугун коргозот. Дегеле корком текстин ичинде улуу кочмондордун, соода жолдорун тастыктаган географиялык жер суу аттары бугунку кундо да дал келгени арбын. Ошентип, байыркы бабаларыбыздын дареги жонундо маданий, диний, саясий, экономикалык жагынан кабар берип турган окуялар, эпосубуздун озунчо бир катмарын ээлеп, кайсы бир денгээлде тарыхый чындыкка ундошуп, капиталисттик доордун элементтеринин, тарыхый эпосубузда оозеки формасында болсо да сакталып калганы биз учун ото маанилуу. Эпостун негизги сюжеттик озогу-жогорудагыдай тарыхый катмарларды оз боюна синирип журуп олтуруп, эпос, торт сап жамакташкан ыр формасынан уланып, кылымдар аралыгында кенейип калыптанган. Канча деген кызыл тилин кайраган чечендер кыштарын кынабады. Укмуштуудай керемет ыр дуйносун бир эле адам жаратпастан, коллективдуу обочо касиетке эгедер талант ээлери биринен-бири угуп, биринен -бири отуп, бирин-бири толуктап журуп олтуруп, акыры океандай кенен, философиялык манызы терен, тематикасы коп турдуу, мотивдерге бай, кыргыздын нукура тилин сактаган, оозеки поэзиянын кайталангыс улгусу болгон «Манас» феномени кылым арытып озунун уникалдуулугун жоготпой сакталып калган. Доорлор аралыгында ар замандын манасчы, семетейчилери генеалогиялык формасын бугунку кундо да оргуп айтып келет. Айтканда да кай бири, ачылгыс сыр каткан манасчылык касиеттин улуу кучу менен айтат; кай бири оз заманынын жарчысы болуп, жаттоо искусствосунун алкагында айтат; кай бири, кыргыздын кадимки жамакташкан жорго тилине салып, классикалык варианттардан азыктанып, башка профессионал прозанын улгусун жаратып келет; кай бири драмалык жанрдын алкагында жаны секичесин табат; кай бири дуйнолук алкакка жете тургандай классикалык музыка дуйносундо чагылдырат; кай бири кыл калемдин кудурети менен образдардын системаын тартат; а кай бири скульптурада кайталангыс образдардын келбетин жасайт; «Манастын» темасында чыгарма жараткан адам тугонгус ойдун, тупсуз философиясына сунгуп кирип, нечен деген татаал туйшукту башынан кечирет. Эгерде андай денгээлге чыга албаса, белгилуу бир жанрдын алкагында чыгарма жаратышы кыйын. Мындай туйшук мансты изилдеген илимпозго да тикеден-тике тиешелуу. Турдуу жанрдагы чыгарма жараткан адамга караганда, манастаануучу (эгерде ал фундаменталдуу изилдоочу) илимпоз болсо, алда канча оор жукту которот, узак мезгилде калыптанат. Ал эми «Манас» эпосунун бүгүнкү күндө жетимиш сегизден ашуун толук жана толук эмес варианттары Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын алтын фондусуна жыйналып алынып, кол жазма түрүндө сакталууда. Мезгилдер аралыгында «Манас» эпосун жаратып, айтып келген улуу өнөр ээлеринин мектеби пайда болгон. Себеби эпос бир эле мезгилде, бир эле манасчынын чыгармачылыгынан калыптанып бүтүп, азыркы биз билген «Манас» феноменине айланып калган эмес. Эпикалык чыгарма бир канча жогорудагыдай тарыхый стадиалдык катмарды камтып, татаал формада өнүгүп жашап келсе, манасчы да аны жараткан бөтөнчө касиетке ээ индивид иретинде ошончолук узак жана татаал чыгармачылык туйшугун аркалап келген обочо жаралган таланттуу адам. Дээринде «Манас» айткандардын бардыгы эле манасчы боло берген эмес. Кудурет тубаса шык ыйгарып, даарыганда гана манасчылык касиетти аркалоого бел байлашкан. Булар чыгармачылыктын татаал процессинин алкагында калыптанышкан. Андан кийин, бара-бара эпостун бутактанган дарак сыяктуу турдуу варианттары жаралган. Мезгилдер аралыгында алардын ичинен мыктылары иргелип чыгып, манасчынын аткаруусундагы вариант элге жакпаса, кабылданган эмес. Эл «Манасты» ушунчалык аздектегендиктен, айтып жаткан манасчыны сын элегинен созсуз откоргон, эл катмарына эмгеги синип, таланты баалангандар чыгаандары ошон учун сейрек кездешкен. «Манастын» манызы, корком табияты, колому манасчынын дареметинен болгон. Эпостун канондук озогундогу негизги окуялар дагы, мыкты манасчылардын вариантына таандык. Чыгаан манасчы адамзаттын генийи, анткени ал кыргыз элинин бутундой тарыхын оозеки формасында, нукура тилинде жараткан чебер создун устасы. Ар бир варианттын айтуучусунун озунун жеке стили калыптанат, анын негизги кучу поэтизациясында. Поэтизация кулуктордун таймашына окшош, чарчабаган дулдулдай, жол арыган сайын кызыйт, чоктой кызарып илеби кучтуу келет. Агыны катуу дайрадай, ношорлогон жамгырдай соз берметин бир дем менен илебин кайтарбай ырдап журуп олтурат. Илимде манасчынын поэтикалык тили гипербола, эпитет, синекдоха, аллегория, кайталоо, параллелизм, литота, метафора, салыштыруу деп иликтенип, бул корком каражаттардын жонокой жана татаал формаларынын ар бирин талдап изилдеп келебиз. Манасчы поэзия дуйносундогу рифма, рефрен ыр тузулушунун уникалдуу формасын жараткан индивид. Тотон тирадалык стильде айткан жерлеринде кыргыз тилинин лексикасы канчалык бай экендигин мыктап коргозо алышат. Гипербола- «Манас» эпосундгы бирден- бир кенири колдонулган троптун туру. Каармандардын образдарын алда канча апыртып, мифологиялык боектор менен фантасмагориялаган учурларда, мифтик доолордун жан -жаныбарлардын сыйкырдуу касиеттерин суроттоодо, айлана чойродогу жаратылыш сулуулугун суроттогондо, баатырлардын курал жарагын,алардын тулпарларынын кулуктугун суроттогондо ото жыш колдонулат. Салыштыруу- Сюжеттик озокту жандуу кылып беруудо негизги поэтикалык корком каражаттардын бири. Каармандардын портретин тартууда, анын адамдык касиетин эрдигин, мунозун, кайгысын –кубанычын бир нерсеге салыштырып, суроттойт копчулук убакта гипербола менен бирге колдонулуп корком ыкманын татаал формасын тузот. Маселен, алынган мисалда гипербола, салыштыруу, эпитет, метафора өңдүү троптордун түрлөрү баатырдын жана анын тулпарынын укмуштуудай мифоэпикалык партретин түзгөт. Алсак: Ак кула: Манас: Чаткаягы Чаткалдай, Жаткан иттей кашы бар, Жүрүп кетсе чатына, Жан казандай башы бар, Жүктүү төө баткандай, Мурду тоонун сеңирдей, Кең соорунун үстүнө, Муруту көлдүн камыштай, Он экиден он эки, Көзү көлдүн быткылдай, Жыйырма төртү биригип, Көрүнгөндүжуткудай. Төшөк салып жаткандай. Жалаяк ооз жар кабак. (Ш.А.“Манас”) (С.К.”Манас”) Алынган мисалдардан көрүнүп тургандай тулпардын чаты Чаткал тоого салыштырылып, кен соорусунун устуно жыйырма торту биригип тошок салып жаткыдай , апыртылып жатат. Ал эми баатырдын келбети аябаган зор доонун элесин берет. Бул жерде гипербола , салыштыруу чогуу келип троптун татаал туру колдонулган. Мааникер: Ак кула: Тайдай этин тарытып, Кайыптан тууган Ак кула Тайгандай жонун түзөтүп, Катыра салбас карасаң, Койдой этин коротуп, ------------------------------- Коёндой жонун түзөтүп, Тайдай этин таратты. Араандай оозу ачылып, Тайгандай жүнүн түзөттү, Кандуу көбүктөр чачып, Койдой этин коротту. Көрүнбөгөн жерде көрүнүп, Коёндой жонун ойротту Көк түтүн болуп бөлүнүп Эми, алты айчалык жол басып, Омбул-омбул оютуп, Ак куладай күлүгү, Ал табына келиптир. Жети айчалык жол басып, Жол табына келиптир. Көк булуттун асты менен, Муундуу чөптүн үстүнөн Эми аркырап келип учкан дейт. (С.К “Манас”. ) Тексттеги поэтикалык салыштыруу, строфалык кайталоо “тайдай”, “тайгандай”. “койдой” деп ар кандай жандыктарга, тулпардын жүрүшү “көк түтүнгө”, “араандай” деп аркыраган шамалга салыштырылып, мындай синтаксистик праллелизимдин негизиндеги салыштыруу, вариациялык турго ээ. С.Орозбаковдун вариантындагы ушул эле сүрөттөөнүн кеңейтилген айтуусунда тулпардын образынын классикалык үлгүсү туруктуу формуласы төмөндөгүдөй; Мааникер: Ак кула: Кайберендей арымдап, Маңдайында багы бар, Оозунан көбүк буртулдап, Кулагында шамы бар, Туягынын кундузу, Куюндан бүткөн жаныбар, Тутана жаздап токтолуп Тумшугунун үстүндө, Туягы кызыл чок болдуп, Ноктонун кеткен агы бар, Жүгүрүп өтүп жүз аттан Кондурдай болгон жаныбар Түйүлүп өтүп үч аттан Оң жамбашта калы бар. Жүгүргөнү учкандай Октой болгон жаныбар. Жеткире байлап жарышса, Туягы тийген жерлери, Бакбаягы малынып, Жер очоктой казылып, Маралдай төшү салынып, Кара боолук суулугу, Куюшкандык узарып, Жерди көздөй басылып, Кулжадай көзү кызарып, Желдей учуп бүгүлүп, Шыйрагын шыпшап жонгондой, Караанын көргөн кара журт, Кулагынын боруму, Баш байгеден түңүлүп. Күл тотусу конгондой, (С.О. 1-т. 29-б.) (С.О. 1-т.28-б.) Манасчынын чеберчилигинен эпостогу ар турдуу, көрүнүктүү тулпарлардын көркөм образдарынын толук арсеналын көрүүгө болот. Ар бир тулпар кайталангыс, жеткиликтүү, жандуу образга ээ. Жан-жаныбарларга жөн гана салыштырып кайберендей, маралдай, кайыптай, кулжадай, кул тотусундай, желмаяндай деп койбостон, туягы жүгүргөн сайын от чыкчуудай кызарып, басыгы учкан куштай, кайыпка жеткизбей, тулпардын кайыптан туулганын ыйык белгилери катары саналып, айтор тулпардын чоо жайы көз алдыңа көрүп тургандай тартылып кетет. Дагы бир кенири колдонулган троптун туру эпитет. Жолой Жолой Алтымыш эрди бир жутуп, Алтымыш батман буудай жеп, Кан жыттанган ит бүрүк. Дан жыттанган чоң Жолой. Алтымыш жылы жөө басып, Алтымыш алпты бир союп, Тер жыттанган ит бүрүк,-десе, Кан жыттанган чоң Жолой. Ч.Валихановдо : С. Орозбаковдо: Жолойдун портретин түзүүдөгү мындай туруктуу эпитет башка варианттарда да негизинен ушундай строфикалык кайталоо менен чагылат. Ар бир каармандын же персонаждардын портретин берүүдө жогорудагыдай ыкма туруктуу орун алган. Мисалы, Бакайдын портретиндеги туруктуу эпитет: Карангыда коз тапкан, Капилеттен соз тапкан, Алдыга койсо ак жолтой, Артка койсо сан колдой, (С.О) Сыргактын портретинде: Атка жеңил тайга чак, Кара кезек кыргагы, Кагылайын Сыргагы.(Ш.А) ж.б. Алдыга салса ак жолтой, Жоого салса сан колдой, (С.О) Чубактын портретинде: Минди корсо качпаган, Мин экен деп шашпаган, Акбалтанын Чубагы, Эрдин бири бу дагы (Ш.А) Жогоруда алынган мисалдарда, эн кенири тараган корком каражаттардын ар башка манасчыда кандай суроттолгонун коргоздук. Жайытына мал калбай, Жаман атта жал калбай, Жамынарга тон калбай, Жай бастырар жол калбай. же, Катын алар бой койбой, Кыргынды катуу саламын, Кызынан тартуу аламын, Кейишти катуу саламын, Келинин тартууга аламын (С.О) Алынган мисалдардагы жыш уйкаш редиф ыр сабынын аяк башында учурайт. Кээде жыш, кээде аксак уйкаштыктагы редифтер кобунчо адамдын эмоциясын чагылдырганда пайдаланылат Озум кандын уулу элем, Кан кыл деп айттым киминди, Калабалуу кан Чубак, Канын экоон бирикчи, Кайра кирип Бээжинге, Кагайымбы жининди, (С.К) бул жерде редиф, киминди, бирикчи, жининди.

1

10



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!