Просмотр содержимого документа
«Манас жаштар уюму»
«Манас Жаштары» Уюму
Ош областык «Манас жаштары» уюмунун тарыхы
Ош облусундагы жаш өспүрүмдөр уюму облустук жаштар комисиясынын демилгеси жана Ош облустук билим берүү башкармасынын колдоосу менен 1996-жылы 15-майда түзүлгөн. Жаш өспүрүмдөр уюмун түзүү боюнча алгачкы сунуш 1994-жылы 14-сентябрда облустук жаштар форумунун кароосуна коюлуп, андан соң облустун район-шаарларынын мектептеринде уюмдун Уставын,программасын,тиешелүү атрибут-символикаларын тандоо боюнча кеңири талкуу жүрүзүлгөн.Улуу бабабыз Манас атанын осуяттарын колдоп,мектептерде мурдагы «октябряттын» ордуна «Сейтек», «Пионерлердин» ордуна»Семетей» жана «Комсомол» уюмунун ордуна «Манас» кошундары пайда болгон. 2010-жылдын 1-октябрында облустук Конференциянын токтомунун негизинде өзгөртүүлөр,толуктоолор киргизилип Кыргыз РЕспубликасынын Юстиция министирлигинен кайрадан кароодон өткөрүлгөн.Натыйжада Ош облустук «Манас жаштары» уюму болуп өзгөртүлгөн.
Ош областык «Манас жаштары» уюмунун желегинин аныктамасы
Ош облусунун «Манас жаштары» уюмунун желеги кызыл түстө боёлгон,узундугу 150 см,туурасы 75 см желектин кызыл түсү- келечекке карай умтулуунун белгиси.Анын ортосундагы жалын сымал сары түстөгү өсүмдүк «Манас»,»Семетей»,»Сейтек» кошундары боз үйдүн түндүгүнө,бир мүдөөгө,бир уюмга биригип тургандыгын айгинелейт.
Ал эми түндүктү тегерете тартылган өсүмдүктүн орнаменти- жаш муундарга мамлекетибиздин келечеги үчүн талыкпай терең билим алууга,өсүп өнүгүүгө,аны чыңдоого жана көздүн карегиндей сактоого үндөөнүн белгиси.
Туунун автору:А.Конушбаев. Кабыл алынган күнү:2001-жыл
«Манас жаштары» уюмунун ыры:
Жаштар маршы.
Сөзү:Кармышак Ташбаевдики. Обону: Түмөнбай Кадыровдуку
Ош областык «Манас жаштары» уюмунун негизги максаты:
Жаштарды жана өспүрүмдөрдү улуттук маданияттын негизинде тарбиялоо,алардын адамзаттын баалулугун түшүнүшүнө ар тараптуу камкордук көрүү,мекенчил сезимдерин өстүрүү.
Негизги принциптери:
«Биз Манас атанын урпактары кыргыз элинин гүлдөп өсүшүнө ар дайым өз салымыбызды кошуу менен башкаларды дагы колдоого чакырабыз»
«Биз үчүн мамлекеттин бүтүндүгү,көп улуттту калктардын ынтымагы,кооз мекен жерибизден өткөн артык эч нерсе жок»
«Биз Кыргызстандын эртеңки келечегине ишенебиз!»