-
Манас эмнеден башталат?
-
Манас менен анын бабаларынын кандай окшоштугу бар?
-
Алооке, Молто эмне үчүн Каракан тирүү кезинде кол салган жок?
-
Каракан каза тапкан соң эмне үчүн ордуна бирөө кан шайланган жок?
-
Боортокто деген сөздүн маанисин чечмелеп бериңиздер?
-
Каракандын сегиз уулунун ичинен эрени ким деп айтылат?
-
Алооке, Молто кыргызга кол салганда аскеринин кубаттуу экенин өзгөчө кандай мисалынан билсек болот?
-
Алоокенин Молто кандан айырмачылыгы?
-
Кытай 90 жолу чапса да кыргыздын кырылбагандыгынын сыры эмнеде?
-
Алоокенин аскеринде жүргөн Дөңгө менен Жолойдун кандай окшоштугу бар?
-
Алооке, Молто кыргызды чапканда Текечи, Шыгай кантип айдоого кеткен жок?
-
Манас менен Алоокенин бир окшоштугу?
-
95 төөдөгү алтынды Жакып кандайча байкап калат?
-
95 төөдөгү алтынды Жакып, Акбалта алганын Алооке кайдан билет?
-
Алтынды алдың деген Алооке эмне себептен Акбалта баштаган кыргызды кырып жиберген жок? 1
-
Алооке менен Молто кандын кимисинин даражасы чоң болгон?
-
Молто кандын мыйзамдуу өлкөнү курганын кантип биле алабыз?
-
Нескара менен Молто кандын кандай жакындыгы бар?
-
Шибенин Дөңгө балбаны Алооке кыргызды чапканында кайсы кызматты аркалаган?
-
Алты-Шаарлыктар Алоокеге айына канча салык төлөгөн?
-
Кыргыздар Алтайга кайсы мезгилде айдалган?
-
Жакып, Акбалта Ак-Талаага кайсы учурда жеткен?
-
40 үйлүү кыргыз Алтайга барганча ага чейин кыргыздар барды беле?
-
Ак-Талаа менен Алтай бир жерби?
-
Ак-Талаага барган кыргыздар кандай жумуш орундарында иштеген?
-
Алтайга барган кыргыздын бат буттан турушунун сыры эмнеде?
-
40 үйлүү кыргыздын башкы девизи кандай болгон?
-
Дүйнөсү жок 40 үйлүү кыргыз кайсы акчасына аштык алып айдады?
-
Алтайга барган Жакыптын алгач байыганында алтыны канча там болгон?
-
Жакып эмне үчүн Бичикке эмес даңзага жазылат?
-
Жакып эмне үчүн жаш кезинде балага зарлаган эмес?
-
Жакып балалуу болуу үчүн эмнеге дагы көп аял алган жок?
-
Жакыптын кайнатасы ким болгон?
-
Чыйырды улуубу же Бакдөөлөтпү?
-
Жакып алгач кайсы аялын алган?
-
Эсенкан эмнеден улам төрө элек баладан кооптонот?
-
Чылаба кандын шаарын кийин ким борбор кылган?
-
Салаалык эли жөнүндө эмне билесиз?
-
Кытайдын сынчылары Манастын кайсы белгисин карап издейт?
-
Эсенкан Манас менен ымалага келип жашаса болбойт беле?
-
Манасты издөө үчүн чыккан сынчылар кайсы курактагы балдарды текшерүүгө алат?
-
Жүзгө чыккан адам төрөлө элек баладан корккон окуя?
-
Манасты издеген кытай тыңчылары эмне үчүн 12 күн той кылышат?
-
Кытай тыңчылары эмне үчүн Манасты экинчи ирет издеген жок?
-
Жарманас эмне себептен кытай зынданында 12 жыл гана жатат?
-
Дүнүйөсү ашып-ташкан Жакып эмне себептен улам кайгырат?
-
Жакып ишкерлигин кайсы багытта жүргүзгөн?
-
Жакып түш көрбөсө уулду болот беле?
-
Жакыптын кылычы тоону бузган учур?
-
Жакыптын түшүн Акбалта кантип жоруйт?
-
Жакып эмне себептен мал соелу деген Чыйырдынын сунушуна макул болбой коет?
-
Манас кайсы мезгилде төрөлгөн?
-
Чыйырды эмне себептен шердин этине талгак болот?
-
40 үйлүү кыргыз кандай убадага шерттешет?
-
Чыйырды көз жарганда Жакып эмне себептен жылкыга кетип калат?
-
Жакып кандай шартта элди сүйүнчүгө барбагыла дейт?
-
Манастын тулпары Торучаар тууралуу Жакыпка алгач ким айтат?
-
“Тайгылбаган бийиктен, такыр жери кем эмес, ташта өскөн кийиктен” – сөз эмне жөнүндө болуп жатат?
-
Манас төрөлгөндө эмне себептен колуна кан, алтын кармай түшкөн?
-
Билерик канча бир тууган?
-
Жакып өмүрүндө канча ирет рекорд коюп элди таң калтырат?
-
Серкесин сетер көтөрүү деген эмне?
-
Өлгөндүн малын тең бөлгөн журт?
-
Манас канча жашында басат?
-
Манастын лидерлик сапаты канча жашында чыга баштаган?
-
Манастын калкка камкор экенин бала курагындагы кайсы окуядан айтып бересиңер?
-
Манасты Ошпурга канча жылга багып бер деп берет?
-
Манас ордону алгач канча жашында ойногон?
-
Өзү бала болсо да башка балдардын укугун коргоп аларга жардам берген баатыр?
-
Жылкычы башы Канжаркол эмне себептен 40 балага катылат?
-
Кочку эмне себептен Манасты кармап кетмекчи болот?
-
Эсенкан эмне себептен 10 миң колду Алтайга жиберет?
-
Чыныгы Манас бар экенин уккан Эсенкан эмне себептен Жар Манасты ордон чыгарган эмес?
-
Манаста канча Керке бар?
-
Жолой, Дөңгө Алтай тоосунда эмне себептен 3 ай тыным алууга камынат?
-
Жоо бөрүсү Жолой эмне себептен Манасты түз кирип кармап кеткен жок?
-
Кытайдын 200 тыңчысы эмне себептен амал колдонот?
-
Өзү катылган 200 балбанды тындым кылган Манаска Жакып эмне себептен доомат коет?
-
Жердин бетин майыштырган балбандардын Манаска алы келбегенинин сыры эмнеде?
-
Акбалта Ала-Тоого көчүү үчүн кандай камылга көрдү эле?
-
Алтайдагы кыргыз эмне себептен Ала-Тоого көчмөк болушат?
-
Алтайда турганда улам-улам кол салган кытайга каршы Манас эмне себептен чабуул жасап кол салбайт?
-
Манасты кармап кетүү үчүн Эсенкан эмне себептен өзү келбейт?
-
Жолойдун балбандыгынан башка кандай өнөрү болгон?
-
Шибээ эли жашаган жердин өзгөчөлүгү?
-
Манас эмне себептен Кошойго барууну чечет?
-
Кырк чилтен эмне себептен Кызыр жана Шай ата менен биргеликте Манаска чогуу жолугат?
-
Ошпур калмак болсо да эмне себептен Жакыпка адал кызмат кылат?
-
Алтайда көр оокаттын азабын тартып жүргөн учурда Акбалта башка баатырлардын кандай турмуш өткөрүп жатканын кайдан билген?
-
Кыргызда эмне үчүн түш жоруткан?
-
Кошойдун эң жакын жолдоштору ким болгон?
-
Жолой баштаган кытайдан мыктылары Кошойду жеңе албаганынын сыры эмнеде?
-
Кутунай Манасты алгач көргөндө эмне себептен тааныган эмес?
-
40 чоро Манаска эмне үчүн ат үстүнөн салам берген эмес?
-
Манаска кимдер ат үстүнөн салам бере алган?
-
Кошой Каракан каза тапканда тажиясына катышты беле?
-
Кошойдун туулган жери?
-
Алптын уулу Жүгөрү эмне себептен улам каза табат?
-
Манастын төрөлөрүн Кошой билгенби?
-
Кошой жаш курагында канча күн тынбай уруша алчу эле?
-
Кошой куш салганбы?
-
Кызылбаш журту бир мезгилде эмне себептен башчылары жок калган?
-
Жанаалы, Карач эмне себептен Кошойго каршы кол салат?
-
Нескара эмне себептен Билерикти туткундап алат?
-
Билериктин тулпары?
-
Азизкандын шаары?
-
Билерик колго түшкөн жер?
-
Шибээнин Калдай каны эмне себептен каза табат?
-
Нескара өмүрүндө андай эрди көргөн эмесмин деп таң калган каарман?
-
Чоң аяр Эсенканга кандай сунуш айтат?
-
Эсенкан эмне себептен Жарманас менен Билерикти бир жерге камайт?
-
Манас эмне себептен карындашын Жарманаска берет?
-
Кошой Жарманас менен Билерикти кайсы мезгилде бошотуп алат?
-
Кайыпчал эмне себептен Улакканды аман алып калат?
-
Сыргак менен Сайкалдын кандай жакындыгы бар?
-
Ат-Башыдан аттанган Манас Алтайга бара жатканда өргүү алган жер?
-
Дөөдүр эмне себептен Бээжинге ыйлап барат
-
Луйпу, Шуйпу булар кимдер?
-
Эсенкан эмне себептен Чоң Аярдын айтканы чын экен деп таң калат?
-
80 күндөп жаан жаайбы?
-
Кытайдын бичиги кайда сакталган?
-
Бичик эмне себептен 60 барактан турат?
-
Душманы куда болуп калган учур?
-
Жолой кайсы жерде төрөлгөн?
-
Ачбуудандын бир айыбы же артыкчылыгы?
-
Жолой эмне себептен Жолой атка конгон?
-
Кутубийдин тулпары?
-
Каражой эмне себептен казыналык мерген болгон?
-
Кутубий Телкызылга кайсы жерден ээ болот?
-
Акбалтанын тулпары?
-
Жакып эмне себептен Кутубийге жардам бербей коет?
-
Дидар сөзүн чечмелеп берсеңиздер?
-
Манастын тушунда Бороончу болгонбу?
-
Нескара эмне себептен Манастан 3 күн тыным сурайт?
-
Кошой Жарманас менен Билерикти кантип оңой эле куткарып кетет?
-
Жарманасты бошотууда Кошой кимдер менен барат?
-
Кошой эмне себептен кымбат тулпарларды элге берип коет?
-
Каражойдун тулпары?
-
Манас менен Орго качан беттешет?
-
Каражой эмне себептен казаттын башында эле Торучаарды аткан жок?
-
Каражой эмне себептен Манасты атып салган эмес?
-
Каражой эмне себептен өзү билип Торучаарды аткан эмес?
-
Жолой эмне себептен Манаска миң төөдө чайын алдырган?
-
Айкожо эмне себептен Айбанбозду Манаска берет?
-
Айкожо Айбанбозду кайсы жерден алдырган?
-
Кудайназар, Кутунай эмне себептен Кошой менен Алтайдан кайра Ат-Башыга келбейт?
-
Жоорукер минген Жортуулчу эмне себептен Манас менен бирге Ала-Тоого келбейт?
-
Манас кайсы айда жарык дүйнөгө келген?
-
Эсенкан эмне себептен жаныбардан кароол койдурат?
-
Коңурбайдын атын ким койгон?
-
Каёбоз эмне себептен кичи мекенинде кызмат кылбайт?
-
Маамытбек кайсы жерде төрөлгөн?
-
Жаш кезинде эле Эсенкандан даражалуу болгон ким?
-
Олжого келген атты өз аты кылып каттоо үчүн кандай ыкманы колдонгон?
-
Алтайдан Сары-Өзөнгө келген Манас канча күн тыным алат?
-
Кырк үйлүү кыргыз Алтайдан Ала-Тоого көчкөндө кайсы жерлерди басып өткөн?
-
Манас эмне себептен Таласты ордо күтүп калган?
-
Манас эмне себептен ээн жаткан Сары-Өзөндү жердеп калган эмес?
-
Акбалта эмне себептен Сары-Колго кетмек болот?
-
Акбалта эмне себептен Кутубийди ала кетет?
-
Мажилис деген сөздү чечмелеп берсеңиздер?
-
Жакып эмне себептен уулу Манаска каршы чыгат?
-
Манас эмне себептен Жакыпка таарынып кетет?
-
Атасына таарынган Манас эмне себептен Анжыян тарапка барат?
-
Манас Анжыянда аштыктын кандай түрүн айдаган?
-
Баабедин жердин атыбы же эрдин атыбы?
-
Бабадыйкан эмне себептен аштыктын жарымын алган эмес?
-
Карачанын эркек уулу болгонбу?
-
Карача эмне себептен Кула тайды сатып жиберген эмес?
-
Карача Кула тайды өзүнө арнап минип алса эмне болмок?
-
Сүт кымыран деген сөздү чечмелеп берсеңиздер?
-
Айкырынан жамынуу дегенди түшүндүрүп берсеңиздер?
-
Карачанын эли аштык таппай каатчылыкка батканда кыргыздар эмнеге каатчылыкка туш келген эмес?
-
Карача Кула тайга кайсы жерден ээ болгон?
-
Карача эмне себептен Аккуланы өзгөчө багат?
-
Аккула канча жашка толгондо Манас ээ болот?
-
Манас эмне үчүн атасынын туугандарын издейт?
-
Манастын кылычы эмне себептен асмандан түшкөн?
-
Манас асмандан түшкөн алты курчтун ичинен өзүнүн кылычын кантип тааныган?
-
Алты курчту санап берсеңер?
-
Асмандан түшкөн кылыч кандай адамга карата берилет?
-
Олуя-Ата эмне себептен мындай аталып калган?
-
Бакай Манасты канча жыл издейт?
-
Бакай эмне себептен Желпиниште төрөлгөн?
-
Бакай 17 жашка чыкканча эмне себептен Манасты издеген эмес?
-
Капырдын колунда каза тапса аты калаага коюлган каарман?
-
Бакай бала курагында жетим өскөндүктөн кандай шартта баш калкалаган?
-
Бакай эмне себептен Манасты Бээжинге издеп жети жолу барган?
-
Бакай Манасты Мысыр менен Багдатткан канча жыл издейт?
-
Капилеттин сөз тапкан, караңгыдан көз тапкан каарман?
-
Аккелтени эмне үчүн жандуу мылтык деп коет?
-
Бакай эмне себептен Аккелтени уурдатып жиберет?
-
Аккелтенин Аккелтелигин аныктаган эмне белгиси бар?
-
Бакай катып кеткен Аккелтени 60 жер ченчи кайдан билген?
-
Алтымыш орус жер ченчи Аккелтени уурдап кеткенин Бакай кантип билген?
-
Керке кан эмне себептен Аккелтени берген жок?
-
Ажыбай Карткүрөңгө кантип ээ болгон?
-
Ажыбай атасы менен эмне себептен таарынышып кеткен?
-
Ажыбай эмне себептен Манаска келип кошулат?
-
Жоого кирсе бүлдүргүч, өрүүдө жатса күлдүргүч каарман?
-
Манас, Бакай, Ажыбай эмне үчүн антташат?
-
Ажыбай эмне себептен оозу түктүү элге элчиликке барат
-
Керке кан Аккелтенин ордуна башка мылтык берип алдап койсо эмне болмок?
-
Керке Аккелтени эмне себептен 6 айдан кийин анан берели дейт?
-
Керке эмне себептен Аккелтени казынага катып койбой жер ченчиге берип качырат?
-
Шууту эмне себептен Манаска чоро болуп калат?
-
Эмне үчүн Шууту кийген калпак үзүктөй калпак деп сыпатталат?
-
Ырчыуул кайсы элден болгон?
-
Шууту кайсы элден болгон?
-
Акжайнак кимдин уулу?
-
Манастын Алоокеге казат ачышынын себеби эмнеде?
-
Алоокенин кан ордосу жайгашкан жер?
-
Бир тайбаста канча жолборс күчү бар?
-
Манастын Алоокеге казат ачышына ким себепкер болгон?
-
Манастын келээрин Алооке кайдан билет?
-
Маргалаңда бир мезгилде эмне себептен кедейдин бардыгы байып кеткен?
-
Алооке Каканга качканда кайсы ашуу менен ашып кеткен?
-
Алоокенин Бээжинге чейин кире качпай өргүү алганына эмне себеп болду?
-
Алоокенин качканын Чалыбай кимден угат?
-
Акчык тоосу тууралуу эмне айта аласыздар?
-
Алооке Маргалаң, Анжыянда канча жыл бийлик курган?
-
Алооке Манастан качпай кечирим сурап жашаса болот беле?
-
Алоокенин көп балалуу болгонунун сыры эмнеде?
-
Манастын тушунда кандай тамактын түрлөрүн жасаган?
-
Уйкуда жаткан Алоокеге кабарчысы кайсы жерден Манасты көргөнүн айтып кабар берет?
-
Кутка кан деген ким болгон?
-
90 алп менен 80 алп эмне себептен Чоюн алпты жеңе алган эмес?
-
Бакай эмне себептен 90 алпка жардам берет?
-
Кум-Арыктан качкан Алоокенин жолун тозгон чоролор?
-
Көзү тирүүсүндө жер-сууга аты калган чоролор?
-
Алоокенин чай алуучу жери?
-
Ажыдаардын окуусу кайсы жерде жайгашкан?
-
Туугандашалы деген Алоокенин сунушуна Манас эмне себептен көнгөн жок?
-
Тазбайматтын атасы?
-
Манас кимди пир тутчу эле?
-
Алоокени жеңген соң Манас эмне себептен бүткүл кандарды чогултат?
-
12 кан мусулман эмне себептен Манасты кан шайлайт?
-
Килемдин өзгөчө түрүн билесизби?
-
Шоорук кайсы жерди байырлаган?
-
Катыны адам, эркеги ит бул кайсы эл?
-
Шоорукка бара жаткан Манас кайсы жерге өргүү алат?
-
Кайып-Булак тууралуу эмнелерди билесиз?
-
Кырк чоронун бири Төлөктүн негизги кызматы?
-
Бакайдын айтуусу боюнча: “Жорго качыр, кызыл кын, узун чокой, жаргак шым бели бош журт”, - бул кайсы эл?
-
Ажыбайдын элчи катары дипломатиялык сапары кайсы элге болгон?
-
Кыргызга кыргын кылган Шоорукка Манас эмне үчүн элчи салып кенендик кылат?
-
Шоорук эмне себептен Манаска урушпай эле багынып берет?
-
Урааны жоомарт тукуму болгон эл?
-
Түркмөн элинин ичиндеги негизги чоң уруусу?
-
Карач эмне себептен кызын Бакайга берген жок
-
Түркмөн эли ичинен канча уруудан турат?
-
Карач эмне себептен жуучу түшүп келген кандарга кызын берген эмес?
-
Жанаалы, Карачтын салбуурундаган жери?
-
Карач эмне себептен кызын Бакай барса бербей Манас барса берип коет?
-
Бакай эмне себептен Наркызылды алууга ашыгат?
-
Карыкан эмне себептен Коңурбайды Манаска каршы жибербей коет?
-
“Тил уккан киши кан болоор, тил укпаган мал болоор” – деген сөздү Карыкан кимге карата жана эмне себептен айтат?
-
Акбалта эмне себептен 60 аял алса да уулду боло алган жок?
-
Акбалта кайсы мезгилде кайыптан уул таап алат?
-
Акбалта таап алган баласын эмне үчүн эч адамга билгизбей өзүнүн уулу кылат?
-
Чубактын апасы?
-
Акбалта эмне себептен көп аял алган?
-
Чубактын таятасы?
-
Акбалта Маркатайды алганына канча жыл болгон соң гана уулду болот?
-
Акбалта менен Кыяздын жашоосундагы бир окшоштук?
-
Акбалта Чубакка билим берүүдө кандай аракеттерди көргөн?
-
Акбалта эмне үчүн уулу Чубак сан дүйнөсүн сапырып, малын чачса да урушкан жок?
-
Чубак эмне себептен атасына таарынып кетип калат?
-
Олуят чал эмне себептен Чубакка ат тартуулайт?
-
Чубак минген Көгала кайсы тулпардан тараган?
-
Көгала тулпардын Чубактыкы экенин кантип далилдейсиңер?
-
Сарыбай эмне себептен Көгаланы алууга ашыгат?
-
Чубакты эзели көрбөгөн Сарыбай эмне себептен душман көргөн?
-
Белестен чыккан 5 киши эмне себептен Чубакка ок өтпөс тон берет?
-
Чубак эмне себептен Букарды камайт?
-
Темиркан Букарды камаган Чубакка каршы эмне себептен кызы Каныкейди жиберет?
-
Кара сурдун сулуусу, мусулмандын нурдуусу, кең көйнөктүн тазасы, ургаачынын паашасы атыккан аял?
-
Каныкей Букардагы өз сарайында канча тулпарды таптап жүргөн?
-
Каныкейдин Букардагы кезинде минген тулпары?
-
Каныкей эмне себептен согуш сырларын үйрөнүүгө киришкен?
-
Букарды камаган Чубак эмне себептен аягына чыгып калаага ээлик кылбайт?
-
Чубак чоро болоордо Манас кандай түш көрөт?
-
Чубак эмне себептен Каныкей менен беттешкенде качып кетет?
-
Бакай Каныкей тууралуу кимден уккан?
-
Отко салса күл болбос, жоого түшсө күң болбос каарман?
-
Манас эмне себептен Каныкейди алууга аргасыз болот?
-
Манас Каныкейди албаса эмне болмок?
-
Чубак эмне себептен Кашкарга 9 сапар кол салат?
-
Манас Желмаянга качан ээ болот?
-
Желмаян канча асыйында Манаска келет?
-
Желмаяндын башка төөлөрдөн өзгөчөлөнгөн бир белгиси?
-
Манаска Желмаянды ким тартуулайт?
-
Шай атанын тулпары?
-
Манас Кумайыкка кантип ээ болот?
-
Кумайыкка Кумайык экен деп ким ат койгон?
-
Кумайык кандай шартта кайып болуп кетмек?
-
Акаяр эмне себептен Манаска чоро болуп калат?
-
Жакып эмне себептен Темирканга куда түшүп барууга каршы болуп коет?
-
Манас Каныкейди алаарда Жакып канча уулду болуп калган?
-
Жуучу түшкөн Бакайга Темиркан кандай жооп берет?
-
Манас Каныкейге күйөөлөп барып эмне үчүн дароо алып кеткен жок?
-
Каныкей эмне себептен Кумайыкты багып берүүгө макул болот?
-
Жети кандын чатагы эмне себептен чыгат?
-
Жети кандын чатагы кайсы жерде ачыкка чыгат?
-
Кытай, калмак Көкөтөйдүн ашында эмне себептен чуу чыгарат?
-
Жети кан Манастын алдына барганда кандай деп амал табат?
-
Төштүк эмне себептен тоюна Манасты чакырган жок?
-
Манастын ашы эмне себептен Көкөтөйдүн ашындай болгон жок?
-
Кара үңкүрдү үй эткен, кара токой мал эткен каарман?
-
Белине токоч байлаган, оозун ачып асманга, керели-кечке кайлаган эл?
-
Тогуз уулдун кенжеси, кудайдын сүйгөн пендеси болгон каарман?
-
Таарусун таштай актаган, катынын кыздай мактаган эл?
-
Букарай Шарып ары дагы, Бузулган Чамбыл бери жагы Орто-Чаткал жердеген баатыр?
-
Эмне себептен Алманбетти жол башына шайлаган?
-
Кол башына дайындалган Бакай эмне себептен кандыкты берип коет?
-
Каканга барууга кайгырып жаткан калың кол эмне себептен кайра барууга камданышат?
-
Алманбет чалгынга эмне үчүн Карткүрөңдү алат?
-
Алманбет эмне себептен чалгынга Сыргакты жолдоштукка алат?
-
Алманбет эмне себептен Чубакты чалгынга жолдоштукка албайт?
-
Алманбет Канышайдын ордосун кантип сыр билгизбей кирип барат?
-
Алманбет менен Чубактын чатагы эмнеден улам келип чыгат?
-
Алманбет эмне себептен Тал-Чокуга чейин кытайдын жайын толук айткан эмес?
-
Тал-Чокудан Таласты караган Манас кандай абалда калат?
-
Азизкан менен Акбалтанын кандай окшоштугу бар?
-
Азизкан эмне себептен Коңурбайдан жерин кайра алган эмес?
-
Алтынай канча жашында Алманбетти төрөгөн?
-
Алманбеттин таятасы?
-
Соорондүк менен Темиркандын окшоштугу?
-
Коңурбайдын Азизканга тийгизген жакшылыгы?
-
Азизкан эмне себептен уулуна өзү ат койгон эмес?
-
Азизкан кандай максатта Алманбетти окууга жиберет?
-
Алманбет канча жашында окууга кирет?
-
Кожожаш канча жыл кесик оору менен ооруган?
-
Алманбет менен Кожожаштын билиминде эмне айырма бар?
-
Алманбет Эсенканга эмне себептен кандык сурап барган?
-
Алманбет эмне себептен Коңурбайды алты жолу көмө коет?
-
Жалгыз көз элинин каны?
-
Калдайдын каны?
-
Бурулча Алманбет нурдун уулу экенин кайдан билген?
-
Алманбет Түп Бээжинге барган соң канча күндөн кийин энесинин катын алат?
-
Алтынай эмне себептен Алманбетке каз жазат?
-
Алманбет 40 күнчүлүк жолдогу шаарына түш оогондо чыгып кечке маал кантип жеткен?
-
Алманбет эмне себептен Мажикти тындым кылмак болгон?
-
Алманбет 40 чоросуна аргымакты кайдан алып келип мингизет?
-
Алманбет тору бээни кайсы жерден кармап келет?
-
Азизкан эмне себептен Алманбеттин сунушуна көнгөн жок?
-
Алтынай эмне себептен Алгараны көмө сайган жок?
-
Алтынайды ким атып өлтүрөт?
-
Алманбет 40 чоросунан кантип айрылган?
-
Алманбет энеси менен чоролорун кайсы көмгөн?
-
Улуу Кытай дубалы тууралуу Манаста кандай айтылат?
-
Алманбет казакты тапканча алгач кайсы элге кезиккен?
-
Алманбет Көкчөдө канча жыл турган?
-
Алманбеттин Манаска келишине Каныкей кандай салым кошкон?
-
Алманбет жай ташка качан ээ болгон?
-
Алманбет Бээжинден эмне себептен кеткен?
-
Алманбет эмне себептен Көкчөгө келип конуп калат?
-
Алманбеттин Көкчөдөн кетүүсүнө эмне себеп болгон?
-
Алманбет эмне себептен убаданы бузган Көкчөнүн катыгын берген жок?
-
Алманбет Көкчөдөн чыккан соң кайда барат?
-
Салдын(кеме) ээси шайык эмне себептен Алманбет алтын берсе да Сараланы кемеге салган жок?
-
Алманбет Мекеге барган соң кайра эмне себеп менен артка кайтат?
-
Мажик кимге үйлөнгөн?
-
Алманбеттин Манаска келээрин эн алгач ким билген?
-
Эсенкан эмне себептен Манаска Бээжиндин кандыгын берип коет?
-
Манас Бээжинди алган соң эмне себептен Ала-Тоого кетпей калып калат?
-
Алманбет тыргоотко барганда шек билдирбеш үчүн кандай амал колдонот?
-
Алманбет Коңурбайдын кароолго кийген тонун кайсы жерден табат?
-
Коңурбай Бээжинге кеткенине канча күн болгон сон Алманбет Сыргак менен чалгын чалат?
-
Эшек кулак балбан Канышайга канча суу ташып турган?
-
Канышайга суу ташыган балбаны сууну канча убакта алып келип турган?
-
Музкиндик, Бозкертик эмне себептен Алманбетке алдырып коет?
-
Алманбет эмне себептен Канышайдын ордосуна бүткүл кандары майрамдаган маалында барып калды?
-
Алманбеттин чынары бүчүр байлаганы эмнени билдирет?
-
Бурулча түшүн эмне себептен сыбызгы менен айткан?
-
Алманбет Бурулчаны эмне себептен чалгын чалганда дароо ала кеткен эмес?
-
Алманбет, Сыргак эмне себептен Кыр-Кайыңдан жылкы тиет?
-
Кыр-Кайыңдагы 40 жылкычынын башчысы ким болгон?
-
Сыргактан жара жеген Карагул кайсы жерден качып кутулат?
-
Сыргак эмне себептен ооруктагы аскерге Бээжинди алдык деп айтып барат?
-
Тал-Чокуда куугунга каршы кол баштаган Манас эмне себептен Карткүрөңдү минген жок?
-
Ит-Өлбөстүн Кызыл-Кум канча күндүк чөл болгон?
-
Коңурбай Айбанбозду көрүп кандай сын берет?
-
Жараланган Сыргакты Бакай кайсы жерден көрөт?
-
Музбурчак менен Көрөгөч кандай амал колдонот?
-
Кыпчак Шыгайдын тулпары?
-
Кичи Казат менен Чоң Казаттын айырмасы эмнеде?
-
Чоң Аярдын Алманбетти жеңе албаганынын бир сыры?
-
Ыламаны жайлаган Алманбет кандай амал колдонот?
-
Ажгу менен Жажожо булар кимдер?
-
Байчоронун тулпары?
-
Тикен алп менен Агаяр Алманбетке эмне себептен алдырып коет?
-
Жамгырчы эмне себептен жемеге калат?
-
Эсенкан баштаган кытайдын мыктылары эмне себептен Бээжинди Манаска берүүгө аргасыз болот?
-
Бийөнгө деген эмне?
-
Музбурчак, Көкчө кайсы жерде каза тапкан?
-
Сыргактын сөөгү коюлган жер?
-
Манасты таң калтырган бала?
-
Манас каза тапкан жер?
-
Сайкалдын кайсы жерге коюлган?
-
Көкбөрү түркмөн элин канча сапар чаап алган?
-
Коёнаалынын каза табышына эмне себеп болгон?
-
Манастын Коёнаалыга берген белеги?
-
Коёнаалы кимдин колунан каза табат?
-
Карачанын үйүндө бир учурда эки жоготуу болгон учур?
-
Ырчыуул, Шууту бузукулук кылган чоролорго эмне деп кайрылат?
-
Абыке, Көбөш эмне себептен Каныкейдин ордосун чабат?
-
Бакай эмне себептен үч кан элиндеги чатакка барган жок?
-
Жакып эмне себептен Каныкейге кара санаган?
-
Каныкейди Ормонбекке тийет экен деген ушак кепти ким айтат?
-
Манас каза тапкан соң кырк чоронун ичинен кимиси Абыке, Көбөшкө кошулбай коет?
-
Акылай эмне себептен Көбөшкө тийип кетет?
-
Абыке, Көбөш эмне себептен арачыга киши жиберет?
-
Арачыга эмне себептен башкалар эмес Кыргылчал менен Тазбаймат барат?
-
Алты арам эмне себептен Манас менен казаттарга барган эмес?
-
Алты арам эмне себептен Манаска кара санаган?
-
Каныкей эмне себептен башка жака эмес Букарга качат?
-
Манас эмне себептен Каныкейди Букарга кач деп керээз айтат?
-
Каныкей карып калган Чыйырдыны эмне себептен өзү менен кошо ала кетет?
-
Каныкей эмне себептен Жообузарды Семетейдин сыр бешикке бөлөгөн?
-
Бурулча эмне себептен саанчы болуп калат?
-
Каныкейди ким Көбөшкө өлтүртпөй сактап калат?
-
Карымбай эмне себептен Каныкейге жардам көрсөткөн жок?
-
Бакай эмне себептен Каныкейди ордосунан тапкан жок?
-
Кошой эмне себептен Тайторуну берген?
-
Каныкей эмне себептен атасына баргысы келген жок?
-
Семетейди Бакай эмне себептен өзү багып өстүргөн жок?
-
Каныкей эмне себептен Күл-Токойдо жатып шашпай эс албайт?
-
Темиркандын Кокон тараптагы чеги кайсы жер болгон?
-
Күрөөгөндөн күйөө балдарынын тың чыкканына эмне себеп болгон?
-
Коңурбайдын эжеси?
-
Бөрүкөз Бурулчадан улуу болгонбу же кичүү болгонбу?
-
Каракандын тушунда Мекенин каны ким болгон?
-
Алооке эмне себептен Самарканды Буркалыкка берип койгон?
-
Каныкей канча жашында инилүү болот?
-
Каныкей Кең-Көлчүккө карап төлгө кылат?
-
Кең-Көлчүк эмне себептен Каныкейдики болуп аталып калган?
-
Кайсы тойдо балбандар 90 күн тынбай күрөш өткөргөн?
-
Манас Каныкейди алган тойдо жеңкетайга канча дүйнө сарпталган?
-
Манастын ашы өттү беле?
-
Кең-Көлчүктөгү Каныкей эмне себептен Чыйырдыны карап мүшкүл болду го деп чоочутат?
-
Темиркан эмне себептен Каныкейди Букардын бир бурчуна башчы кылат?
-
Арызданып барган кожолорго Темиркан эмне деп жооп кайтарат?
-
Каныкей эмне себептен Акборчукту эмес Тайторуну чапмак болот?
-
Каныкей Тайторуну чабууда эмне себептен 6 жолу дүрбү салат?.
-
Каныкей эмне себептен Тайторуну чабууда эркекче кийинип барат?
-
Семетей эмне себептен Ысмайылдын сөзүн укпай Тайторуну сүрөп келет?
-
Каныкей Тайторунун байгесин эмне кылат?
-
Темиркан канча жашында Букарга кан шайланган?
-
Темиркан кайсы учурда барып Частазымдан бата алган?
-
Темиркандын казынасы канча там болгон?
-
Төөбалбан менен Акбалбан Букардагы тойго чейин күрөштү беле?
-
Семетей эмне себептен Төөбалбан менен күрөшүүгө бел байлайт?
-
Каныкей эмне себептен Семетейге ата-тегин эрте айткан эмес?
-
Букарга барган Чыйырды Семетейди канча жашында көргөн?
-
Семетей бабаларынын жайын эң алгач кимден угат?
-
Эдигей, Шээйрен булар кимдер?
-
Манаста хор ансамбли болгонбу. Болсо мисал келтирип берсеңиздер?
-
Темиркан эмне себептен Сары таздан чочулаган?
-
Семетейдин шумкары эмне себептен кыргоолду тие албай коет?
-
Семетей эмне себептен Сары тазды жонго тартып жиберет?
-
Семетей эмне себептен Таласка алгач өзү жалгыз барат?
-
Бакай эмне себептен уулуна ичи чыккан эмес?
-
Семетей кандай сөз айтып Бакайды жашытат?
-
Манастын казынасы Таластын кайсы жерине катылган?
-
Таласка келген Семетейге эли-жердин баянын ким айтып берет?
-
Арууке эмне себептен Күлчорону өзү багып өстүргөн жок?
-
Бурулча Алманбет каза тапкан соң эмне иш менен алектенет?
-
Эсенкан эмне себептен Бурулчаны эрке өстүргөн?
-
Семетейдин тушунда жаш балдар көп ойногон оюн?
-
Каныкей Күлчорого арнап Таласка жөнөгөн Семетейден эмне берип жиберет?
-
Кардыгач эмне себептен Манастын каза болгонун уккан эмес?
-
Чоңтаман, Дөңкөй эмне себептен эрте каза табат?
-
Көкөтөйдүн ашына орустун канча уруусу катышкан?
-
Темиркан Таласка көчкөн Семетейди кандай узатат?
-
Темиркан Семетейге эмне себептен башка кызды эмес Чачыкейди алып берет?
-
Баймырза качан каза табат?
-
Баймырзы каза тапканда Семетей эмне себептен Абыке, Көбөшкө кабар айттырат?
-
Баймырза канча жашында каза табат?
-
Үрбү эмне себептен Семетейге каршы кол топтоого катышат?
-
Семетейге каршы сокку урабыз деген алты арамдын аскери кайсы жерге топтолот?
-
Эки-Кемин эли башчысынан качан ажырайт?
-
Тазбаймат менен Кыргылчал эмне себептен Сары канга катылат?
-
Абыке, Көбөш эмне себептен Семетейге барып туугандашкан эмес?
-
Буямбек эмне себептен Семетейге каршы кол курап келген?
-
Кырк чоро эмне себептен кытайга кире качат?
-
Алгач качкан кырк чорону Семетей кайсы жерден кууп жетип токтотуп калат?
-
Кырк чоро Абыке, Көбөш каза тапкан соң эмне себептен Семетейге барып чоро болгон эмес?
-
Семетей эмне себептен экинчи ирет качкан чоролорду токтогууга ашыгат?
-
Семетей эмне себептен кытайга качкан кырк чорону Кочкордон жок кылат?
-
Кырк чорону кырган Семетейге Бакай кандай акыл айтат?
-
Манаста казына башчысы ким эле?
-
Семетей эмне себептен Чынкожого элчи салат?
-
Чынкожого элчиликке канча адам барган?
-
Бакай, Күлчоро Чынкожого бара жатып кайсы жерлерди басып өтөт?
-
Чынкожо эмне себептен Семетейдин сунушуна макул болгон жок?
-
Күлчоро эмне себептен Кара атка ногойдун энин салган?
-
Күлчоро эмне себептен Чынкожого 12 жылдык алымды аламын деп булкунат?
-
Канчоронун мылтыгы?
-
Чынкожо эмне себептен башкага эмес Толтойго барат?
-
Толтой менен Кыяздын мүнөзүндө кандай окшоштук бар?
-
Толтой Чынкожону укпай койсо болмок беле?
-
Чынкожо Толтойго келгенде жедигерлик кандай кеп кылды эле?
-
Чынкожо Толтойго барган соң канча убакыттан кийин анан Ооганга кол салууга камынат?
-
Акун кан калааны камаган Толтойго кандай шарт коет?
-
Чылбыр чайноо деген эмне?
-
Акунканга жедигер тараптан ким элчиликке барат?
-
Айчүрөк эмне себептен 12 канды кыдырууга аргасыз болот?
-
Айчүрөк Сынжыбекти кантип сынап өтөт?
-
Айчүрөк кандарды сынаганда Төштүк кайсы жерди жердеген?
-
Айчүрөк Күлчорого кандай сын берген?
-
Айчүрөк эмне себептен Чачыкейге эмес Каныкейге түз кайрылган жок?
-
Чачыкей эмне себептен Айчүрөктүн сунушуна көнгөн жок?
-
Айчүрөк Чачыкейге кандай сунуш киргизет?
-
Чачыкейге арага барган үч байбиче кимдер болгон?
-
Бакай, Бакай болгону андай кордук көргөн эмес эле. Ал кайсы кордук иш?
-
Акшумкарды издеп чыккан Семетей Үргөнчкө жетпей кайсы жерге өргүү алат?
-
Семетей Ооганга эмне себептен алгач Күлчорону жиберди?
-
Айчүрөк Семетейдин жолун тосуп кайсы жерге чатыр көтөрөт?
-
Көкөтөйдүн ашы кайсы окуяда айтылат?
-
Көкөтөй канча жашында уулду болот?
-
Көкөтөй Бокмурунду кайсы жерден таап алат?
-
Чынкожо Көкөтөйдүн ашына канча жашында барган?
-
Бокмурун эмне себептен Манасты ашка чакырбай коет?
-
Бокмурун Көкөтөйдүн ашын өткөрүүгө кимди башчы кылып дайындайт?
-
Көкөтөйдүн ашын өткөрүүгө кайсы жерлер сунушталат?
-
Көкөтөйдүн ашында эмне себептен биринчи ат чабылган?
-
Чабарманга жиберген Жаш Айдарга эмне себептен Котондун суусун ичпе деп айтат?
-
Жеркенди ким жердеген?
-
Нескара эмне себептен Мааникерди күч менен сурайт?
-
Бокмурун эмне себептен Жаш Айдарды Мааникерди мингизип Манаска чаптырат?
-
Чабарманга келген Жаш Айдарды Манас кандай кабылдайт?
-
Көкөтөйдүн ашында Жолойго каршы эмне себептен Кошой чыгат?
-
Жолойго каршы күрөшүүгө Багыш эмне себептен чыккан эмес?
-
Агыш эки күн күрөшүп жеңе албай жаткан Түкүбайды кантип жеңген?
-
Коңурбай Көкөтөйдүн ашындагы ат чабышка эмне үчүн Алгараны чапкан жок?
-
Манас Көкөтөйдүн ашындагы эр сайышка эмне себептен Аккула менен чыккан жок?
-
Коңурбай кайсы жерде төрөлгөн?
-
Манас эмне себептен Алгараны Коңурбайга берип коет?
-
Көкөтөйдүн ашында эмне себептен башка элдер жамбы ата алган эмес?
-
Толтойду ким тындым кылат?
-
Каканга аттанган Семетей, Бакайлар Ысык-Көлгө келгенде кайсы жерге өргүү алышат?
-
Семетей, Бакайдын казат ачып келе жатканын Мурадылга ким айтып барат?
-
Жөө желдет 14 атты алып Каканга казат ачуу үчүн камынып келе жаткан Семетей, Бакайды кайсы жерден көрөт?
-
Куу түлкү кароол карап жаткан жер?
-
Коңурбайдын куу түлкүсүн башка түлкүлөрдөн эмне айырмачылыгы бар?
-
Аккулжа кайсы жерлерде оттоп, суу ичкен?
-
Кытайлар Баңпаң деген жер?
-
Куу өрдөк кароол карап жаткан жер?
-
Семетей куу өрдөктү эмненин жардамы менен алат?
-
Баймырза менен Чыйырдынын жаш айырмасы канча?
-
Жолум үй деген эмне?
-
Карагул ооруп калганда жайсаңдары кантип баккан?
-
Эркектер бийлегенби?
-
Түшү Карагулга жакпасын билип туруп Бозбала эмне себептен айтты?
-
Коңурбай эмне себептен Алгараны жылкыга кошуп кетет?
-
Коңурбай Алгараны Карагулга тапшырып жатып кандай тапшырма берет?
-
Коңурбайдын тышкы чалгындоо кызматы кандай иштеген?
-
Коңурбай Бакайды эмне себептен өлдү деп ойлойт?
-
Манаста уйку тууралуу кандай сабак айтылат?
-
Коңурбайдын канча аялы болгон?
-
Алгараны жайлоого таштаган Коңурбай кайсы атты минип кетет?
-
Карагул эмне себептен Семетейге алдырып коет?
-
Семетей эмне себептен Карагулга алданып калат?
-
Жоодур кайсы шаардан качып чыкканда Коңурбайга кармалып калган?
-
Тайбуурулдун башка тулпарлардан кандай артыкчылыгы болгон?
-
Карагул Семетейге Алгара деп алдап кайсы атты мингизет?
-
Семетейге кыйды кара атты мингизген Карагул эмне себептен жоору атты минип алат?
-
Карагул эмне себептен Тайбуурул айдаган жер жайнаган жылкынын бардыгын артка бурган жок?
-
Семетей тийген жылкы ичинен тандалма тулпарларды Карагул кайсы жерге бөлүп кетет?
-
Дөмөрчө деген эмне?
-
Семетей Алгаранын куйругун кайсы жерден жулуп алат?
-
Карагул эмне себептен эс алууда жүргөн Коңурбайдын тынчын алат?
-
Карагул эмне себептен Коңурбайды кекетет?
-
Сүлдөр деген эмне?
-
Найзанын учун эмне деп аташат?
-
Алгаранын турмушундагы эң оор күн?
-
Коңурбайдын мал доктурлары канчалык деңгээлде күчтүү болгон?
-
Кытай баатырларынын ичинен Коңурбайды кантип дароо таануу мүмкүн болгон?
-
Артта калган Бакай кайсы жерден Семетейди көрөт?
-
Жылкы тийген Семетейди Бакай эмне себептен урушат?
-
Таш өбөк деген эмне?
-
Чуңкурчак деген сөздүн мааниси?
-
Коңурбай кандай мылтык көтөргөн?
-
Коңурбай эмне себептен душманына суктанат?
-
Коңурбай эмне себептен өткөн күнүнө армак кылат?
-
Доо аяган каралуу, жоо аяган жаралуу деген макалды чечмелеп Манастан мисал келтирип берсеңиздер?
-
Атын алдырып жиберген Күлчоро кайсы атты минип Каканга казат ачат?
-
Семетей жарадар болгондо Көкчөнүн Көгаласы канча асый эле?
-
Аты жок калган Канчоро кайсы атты минип келет?
-
Мурадылдын тулпары?
-
Канчоро минген Кулансур кайсы жылкы тукумунан?
-
Кырымдын уул Мурадыл 14 атты кайсы жерден тийип кетет?
-
14 атты айдаган Жөөжелдетти Бакай кайсы жерден көрөт?
-
Мурадылдын Жөөжелдет кытайдын кайсы элинен?
-
Мурадыл Кылжээрдесин кайсы жерден алдырган?
-
Мурадылды ким жок кылат?
-
Бакай эмне себептен Кылжээрдени соогат сураган чоролорго берген жок?
-
Мурадылдын Кылжээрдесинин тагдыры кандай болот?
-
Семетей Мурадылдын колунан 14 атты кайсы жерде кайра алат?
-
Мурадылды жайлаган Семетей, Бакайлар кайсы жерге өргүү алып, уйку кандырат?
-
Манас шаары кайда жайгашкан?
-
Эмне үчүн перилер Айчүрөктү бешикке салып калтырып кеткен?
-
Бакай Күлчорону Айчүрөккө жиберип жатып канча күндө келүүсүн өтүнөт?
-
Айчүрөккө кабарга бара жаткан Күлчоро кайсы минип барат?
-
Айчүрөк эмне себептен башка курбусун эмес Быйтыны ээрчитип алат?
-
Быйты кимдин кызы?
-
Айчүрөк эмне себептен Быйтыны ара жолго таштайт?
-
Айчүрөк Быйтыны кайсы жерге таштап андан ары сапарын улайт?
-
Айчүрөк жараланган Семетейди караган Бакайды кайсы жерден көрөт?
-
Айчүрөк канча аттаганда Семетейдин огу түшөт?
-
Жараланган Семетейдин ичиндеги буланы Айчүрөк эмненин жардамы менен алып чыгат?
-
Коңурбай ууланган найза менен Манасты кайсы жерден жарадар кылган?
-
Бакай арттан куугун түшкөн Коңурбайдын колун кайсы жерден көрөт?
-
Мурадылдын кунун кууйм деп аттанган Коңурбай менен Күлчоро кайсы жерден жекеге чыгат?
-
Түктүүкаман баласы?
-
Токушкердин бутунун өлчөмү канча болгон?
-
Чыкчыт, мыйлык бул сөздөр кайсы буюмга тиешелүү?
-
Орокбаштын тону?
-
Чейрек кылымдан ашуун убакытта Бакайга кезиккен Коңурбай эмне себептен жоголуп кетет?
-
Жөөжелдет эмне себептен Коңурбайга Манастын кунун берели дейт?
-
Акбалта каза тапканда анын журтун ким башкарып калган?
-
Жалпы тектеш элден кол жыйнап Коңурбайга кол курап анан келели деген Бакайга Семетей эмне себептен макул болбой коет?
-
Маты дөө кайсы жерден болгон?
-
Матынын Коңурбайды демиткенине эмне себеп болгон?
-
Атойнок чоронун аты кайсы жерге коюлган?
-
Манаста Байгур айтылабы?
-
Маты балбан эмне себептен элине кан болгон эмес?
-
Маты дөөнүн минген унаасы?
-
Семетейдин кичи казатында Коңурбай эмне себептен көөкөр үйлөп калат?
-
Коңурбайдын жигити Акаяр шибээлерге кайсы учурда башчы болот?
-
Карагул эмне себептен тыргоотко кан шайланат?
-
Таласка аттанган Коңурбайдын жолун тосуп чыккан Семетей канча аскер менен каршы аттанат?
-
Сары кандын баласы?
-
Жамгырчынын баласы?
-
Коңурбай Таласты камаган казатта туу кармаган ким болгон?
-
Жамгырчы Коңурбай менен канча сапар кезиккен?
-
Жамгырчы Коңурбайга акыркы ирет кезиккенде канча жашта эле?
-
Кылкылдаган кытай көп элден куралгандыктан согуштарда кайсы тилде иш алып барган?
-
Чоң Ады кимдин уулу?
-
Чоң Адынын атасын жазбай тарткан сапаты?
-
Катаалдын уулу Карагулдун тулпары?
-
Карагулдун казыналык тону канча топчулуу болгон?
-
Карагулдун найзасынын учун бөрү тил кылып кайсы уста жасаган?
-
Сыргактын наркескенин кийин ким колдонгон?
-
Канчорону көргөн Нескара эмне деп таң калат?
-
Эр Дуңша менен Матынын кандай жакындыгы бар?
-
Канчоронун булдурсунунун өзгөчөлүгү?
-
Катаалдын уулу Карагул кантип каза табат?
-
Таласты камаган казатта Токушкердин кайсы уулу катышкан?
-
Дыйко балбан кайсы окуяда айтылат?
-
Манаста аты окшош каармандар кездешеби?
-
Бээжиндин капкасын ачууда канча күч колдонулган?
-
Эсенкан Манас каза тапкан соң кыргыздын жайын, Семетейдин жүргөн турганын кантип угуп турган?
-
Таластагы элге келчү сууну ким тосуп коет?
-
Түктамандын толук аты кандай?
-
Күлчоро Түктаманды эмне деп алдайт?
-
Сур атың Бээжиндиктин малы эмес деген Түктаманга Күлчоро кайдан алдым дейт?
-
Күлчоро Түктаманга айткан жети тулпарды санап берсеңер?
-
Жойкына деген ким болгон?
-
Түктаманды тындым кылган Күлчоро кандай амал колдонот?
-
Кытайлар Таласты камаганда суу бекиткен жер кандай аталып калган?
-
Кытайдын Акаяры кайсы тулпарды минип жүргөн?
-
Бурган-Суу жайын билүү үчүн Коңурбай кимди жиберет?
-
Бердөө кан деген ким болгон?
-
Коңурбай кайсы кызды алууга ашыкты эле?
-
Ороңгу карыганда үйүндө жатып эс албай эмнеге согушка катышты?
-
Коңурбай эмне себептен Бакай, Бөлөкбайды жайлап Күлчорону аман калтыргыла дейт?
-
Канжаркол деген кимдер. Алардын артыкчылыгы эмнеде?
-
Канжарколдордун калк ичиндеги оюну кайсы мезгилде ойнолгон?
-
Жөө күлүктөр кантип тандалган?
-
Ажайыптын окуусу Бээжин менен Какандан канча аралыкта болгон?
-
Коңурбай калдайларын кайсы жердеги окууга жиберген?
-
Маадай, Дыңша эмне себептен Ала-Тоого экинчи ирет келген эмес?
-
Жамгырчынын соңку эрдиги?
-
Тайбуурул эмне себептен кытайга олжо болуп кетет?
-
Чылаба кандын минген унаасы?
-
Чылабаны ким жок кылган?
-
Чылаба каза тапканда кытай бийлиги кыргыз канына тартуулаган тулпар?
-
Бээжинде салаалык элден башка дагы кайсы эл калып кеткен?
-
Тайбуурулду олжологон кытайдын аскери кайсы жерлерге өргүү алат?
-
Шайымбет эмне себептен колго түшүп кетет?
-
Туткундагы Шайымбетти ким куткарат?
-
Күлчоро эмне себептен Шайымбетти жемелейт?
-
Коңурбайдын жандай көргөн Акаяры эмне себептен кыргызга өтүп кетет?
-
Эштектердин Акаяр кантип кытай колунда калып кеткен?
-
Жарманасты бошотууга барган Кошойдун аскеринен кимдер адашып калып кеткен?
-
Эштектердин Акаярдын кытайга барганда өзгөргөн аты?
-
Эштектин Акаярын ким күйөө бала кылгысы келген?
-
Колгот түшкөн Буурулду Коңурбай багуу үчүн кимге тапшырат?
-
Канжар балбан кимдин баласы?
-
Түктамандын кайсы уулу даңзага чийилген?
-
Канжар балбан канча жыл окуган?
-
Канжар балбандын экинчи аталышы?
-
Тайбуурулду алуу үчүн Күлчоро кандай амал колдонот?
-
Күлчоро эмне себеп болут Акаярга алдырып коет?
-
Акаяр эмне себептен Күлчорону жайлабай элден бөлүп башка жака алып кетет?
-
Акаяр Күлчорону кайсы жерге алып кетет?
-
Маңгүбө журтунун алп, дөөлөрдөн башка эмне артыкчылыгы болгон?
-
Нескара эмне себептен Каканда каза болбойт?
-
Семетей эмне себептен Күлчородон Коңурбайдын канын сурап калат?
-
Коңурбай Семетейди эмне деп алдоого аракет көрөт?
-
Коңурбай качан казат табат?
-
Коңурбайдын сөөгү кайсы жерге коюлган?
-
Эки баш деген эмне себептен мындай аталып калган?
-
Коңурбай каза тапкан соң Алгара эмне болот?
-
Коңурбайды тындым кылган соң Бакай кытайдан кайсы кудасын табат?
-
Коңурбай, Нескараны жайлаган Семетей эмне себептен Бээжинге барып кай болгон жок?
-
Үмөтөй эмне себептен казат учурунда барып кыргызга колдоо көрсөткөн жок?
-
Үмөтөй эмне себептен өзү барып Какандан атасынын кунун алган эмес?
-
Үмөтөй эмне себептен Семетейден атасынын куунун доолайт?
-
Семетейдин киндик энеси ким болгон?
-
Үмөтөй канча бир тууган болгон?
-
Үмөтөйдүн оолукканын казак журту кандай кабылдаган?
-
Күрпөңдөгөн Үмөтөйгө Акеркеч кандай акыл айтат?
-
Казактан кол алган Үмөтөй кайсы жерлерди басып Семетейге барат?
-
Коңурбайдан аман алып калдың деп Шайымбет кантип ыраазычылык билдирет?
-
Күпүлдөгөн Үмөтөйгө Күлчоро кандай жооп берет?
-
Күлчоро күүлөнгөн Үмөтөй жайын айтканда Бакай кандай акыл айтат?
-
Каныкейдин эжелерин санап бергиле?
-
Акеркечтин өзгөчө касиети?
-
Күпүлдөгөн Үмөтөйгө Семетей кандай сунуш айтат?
-
Үмөтөйдүн тулпары?
-
Эмне үчүн өзү келип катылып мерт тапкан Үмөтөйгө кун берет?
-
Акеркеч эмне себептен Тайбуурулду кордоп коет?
-
Акеркеч эмне себептен Кыязга кат жазат?
-
Жедигердин тың чыкмалары кимдер эле?
-
Күнжүт шаарындагы элдин кыргыздан өзгөчөлүгү эмне болгон?
-
Күнжүт менен Шооруктун элинин окшоштугу?
-
Чубак Кыязга эмне деп кат жазган?
-
Кыяздын тулпары?
-
Канчоронун Семетейге болгон таарынычы?
-
Канчоро Семетейди жоого таштап, жолго калтыруу үчүн кандай амал колдонот?
-
Жедигер бүлүк салаарда Айчүрөк кандай түш көрөт?
-
Айчүрөктүн түшүн Семетей кандай жоруп коет?
-
Айчүрөк эмне себептен күмбөзгө барууга аттанган Семетейди каргаган?
-
Күмбөзгө зыяратка жөнөгөн Семетейди каргаган Айчүрөк каргышын артка албаганда эмне болмок?
-
Желмаяндын коргоочусу?
-
Он эки күнү от жакса да кайнабаган казандын сыры эмнеде?
-
Кыргызда түлөө эти бышпай түнөрсө эмне болот деген кеп бар?
-
Толтой куну деп элдин эки тизгин, бир чылбырын берсекчи деген Канчорого Күлчоро кандай жооп берет?
-
Кадырбай менен Төлөбай эмне себептен Кыязга найзасын таштап артка кайттык деп барат?
-
Семетей баккан 14 ат эмне себептен Тайбуурулча боло алган эмес?
-
Жашоодон үмүтүн үзгөн Семетей Күлчорого эмнелерди дайындайт?
-
Семетей кайып болоорунда атпай кыргызга кандай керээз айтат?
-
Сары канды көргөн жедигерлик эмне деп кайрылат?
-
Кыяз кимдер менен курбалдаш болгон?
-
Кыяз эмне себептен Сары канга Тооторуну тарталы дейт?
-
Күлчоро Сары кан сөөгүн кайсы атка артып кетет?
-
Сарыкандын сөөгү кайсы жерге коюлган?
-
Төкөр уста Бөлөкбайдын тулпары?
-
Акжолтойдун калың элге айткан акылы?
-
Чыйырды канча жашка барат?
-
Семетей кайып болгондо Каныкей канча жашта эле?
-
Кыяз берген тойдо таз сүзүшкө кимдер чыгат?
-
Кара дөө эмне себептен Семетей менен бирге казаттарга барган эмес?
-
Канчоро, Кыяз кыргызды чапканда Кара дөө эмне кылат?
-
Жедигердин Куту эмне себептен Карадөөнү багып алган?
-
Карадөөнүн эң алгачкы эрдиги?
-
Канчоро буйрук кылганда Күлчоронун кечирин ким кескен?
-
Күжүрмөндүн минген аты?
-
Жез тумшук көрүп жактырган күлүк?
-
Семетей эмне себептен Боз быштыны Билерикке берген эмес?
-
Кайыпчалдын тулпары?
-
Жел кайыптын кулундарын санап бергиле?
-
Боз бышты кыргызга кандайча келип калган?
-
Манаста Ак-Буура дарыясы айтылабы. Айтылса кандай ат менен кездешет?
-
Манаста Араван районунун аталышы кандай аталат жана кайсы окуяда?
-
Эр Кутунун минген тулпары?
-
Карадөө эмне себептен байгесин алган жок?
-
Олжого кеткен Айчүрөк эмне себептен Кыязды тындым кылган эмес?
-
Айчүрөк Кыязды кантип алдаган?
-
Кыяз кайсы учурда жети кемпирди чогултат?
-
Айчүрөктүн айынан калкты жыйган Кыязга Куту кандай акыл айтат?
-
Кыяздын байлыгы канча казына болгон?
-
Жети кемпир эмне себептен наристени жок кылууга бел байлайт?
-
Кыяз жети кемпирге кандай шарт коет?
-
Кыяз жети кемпирге берген устара үчүн канча малын сарптаган?
-
Жети кемпир колдонгон устара кайсы ууга чыланган?
-
Төрөлө элек баланын Манастын урпагы экенин Кыяз билгенби?
-
Жети кемпир Кыяздын талаптарын угуп кандай шарт койгон?
-
Айчүрөккө жети кемпир жайын ким айтып барат?
-
Карачач эмне себептен Айчүрөккө колдоо көрсөтөт?
-
Жети кемпирдин устарасы эмне себептен ишке жараган жок?
-
Айчүрөк жети кемпирдин сөөгүн кайда жашырган?
-
Сейтек төрөлгөндө асманда кандай белги болот?
-
Сейтек төрөлгөндө кандай белги менен төрөлгөн?
-
Кыязга уулду болдуң деп эң алгач ким сүйүнчүлөйт?
-
Кутунун айтуусу боюнча канды кудай ураарда кандай болот?
-
Балага арам санаган Кыяздын оюн ким буруп кетет?
-
Кыяз эмне себептен уулуна той берет?
-
Айчүрөктөн күндөштөрү кимдер эле?
-
Кыяз алгачкы жубайына кантип үйлөнгөн?
-
Кыяз аял кишиге кандай мамиле жасаган?
-
Кыяз эмне себептен экинчи ирет аял алган?
-
Эмне себептен Кыяздын такасы жерге кирип кеткен?
-
Баланы өлтүрмөкчү болгон Кыяз Айчүрөктүн каарынан кантип аман калат?
-
Бур учурда эки башка абалды мыкты аткарган кайсы каарман?
-
Жедигер журту эмне себептен ат кое алган жок?
-
Думана эмне себептен баланын атын Сейтек койгон?
-
Сейтектин атын койгон кожону Кыяз эмне үчүн камап койгон жок?
-
Айчүрөк Сейтектин жетимдигин билгизбеш үчүн кандай амал колдонгон?
-
Кара дөө Сейтекке кайсы жерден кезигет?
-
Кара дөө эмне себептен Сейтекке салбуурундан жолугат?
-
Сейтек канча жашында Кара дөөдөн бабаларынын жөнүн угат?
-
Сейтек Күлчоро жайын алгач кимден угат?
-
Кызылсартты ким издеп табат?
-
Күлчоро эмне себептен Карагулдан суранат?
-
Кыяз эмне себептен Карагулду тең ата көргөн эмес?
-
Бешиги төргө өтпөгөн, атасы мээрим төкпөгөн каарман?
-
Күлчоро эмне себептен Айчүрөккө таарынат?
-
Карагул кандай шарт менен Күлчорону жиберет?
-
Күлчорону Кыяз өлтүрмөкчү болгондо ким сактап калат?
-
Сейтекти аман алып калуу үчүн Айчүрөк кандай арга тапкан?
-
Жылкыдан кабар алуу үчүн бара жаткан Сейтекке Кыяз кандай талап коет?
-
Сейтек эмне себептен Карагулду тындым кылууга аргасыз болот?
-
Көмүт деген эмнени билдирет?
-
Кызылсарттын Күлчорого келип жардам берүүсүнө негизги эмне себеп болгон?
-
Кызылсарт ким менен 3 сапар антташкан?
-
Кызылсарттын балбандарынын артыкчылыгы эмнеде?
-
Кызылсарт Күлчорону кантип айыктырат?
-
Айчүрөк эмне себептен жылкыдагы Сейтекке бармак болот?
-
Кыяз эмне себептен Тооторуну Айчүрөккө бербеймин деп айта алган эмес?
-
Жезкемпир Айчүрөктүн кайсы буюмуна таң калган?
-
Жез тумшук кемпир сынаган тулпар?
-
Кыяздын тайы кайсы эл болгон?
-
Жанаалы, Карач эмне себептен жедигерден көөнү калган?
-
Баабедин ата жактырган күлүк?
-
Айчүрөк Кыяздан Тооторуга кошуп кайсы буюмду кошо сураган?
-
Аттан сөгүш уккан учурду билесизби?
-
Жылкыдагы Күлчоро, Сейтекти Кыяз кайсы жерден жол тосот?
-
Тооторуну алдырган Кыяз жылкыга кайсы атын минип келет?
-
Жедигерге эмне үчүн Кара дөө кан болот?
-
Сейтектин тушунда Таластагы кыргыз күздөгөн жер?
-
Кышында калкты көчүрүп мазасын алган кан?
-
Канчоронун ордосундагы чынар, терек эмне себептен соолуп калган?
-
Канчоронун тушунда тыштан душман кол салбаганынын себеби эмнеде?
-
Ордосунан чыкпаган, сарайында көп уктаган кан?
-
Канчоронун башы жарылган учур?
-
Канчоро кандай өлүм табат?
-
Күлчоро эмне себептен Сейтектин сунушуна макул болбой коет?
-
Сейтек уулу чоңойгонун айткан Кара дөөгө Семетей эмне себептен маани берген эмес?
-
Айчүрөккө кайып болгон Семетей жайын ким сүйүнчүлөп келет?
-
Кара дөө кайып болгон Семетейди кайсы жерден табат?
-
Семетей эмне себептен Күлчоро жалынса да кебин угуп, жооп бербей коет?
-
Көкмончок эмне себептен Семетейди кайып кылып кеткен?
-
Кайыптан кайра бул жашоого эмненин жардамы менен келсе болот?
-
Кайып болгон Семетей Желпиниште канча жыл жүргөн?
-
Семетей эмне себептен 3 жыл арап чөлдөрүндө жүргөн?
-
Сарыбай эмне себептен башка баатырды эмес Карадөөнү биринчи жайлайт?
-
Сарыбай Карадөөнү кайсы жерден көргөн?
-
Карадөө Сарыбайдын колунан кайсы жерден каза табат?
-
Сарыбай менен Бакайдын кандай окшоштугу бар?
-
Барса-Келбестин жолун кантип жаптырган?
-
Желпиништи бүгүнкү Америка материги дегенге кандай негиз бар?
-
Араан ооз баатыр?
-
Сарыбай Семетейдин толук жайын кимден уккан?
-
Сарыбай Семетейге келип кол салгыча кайсы кандыктарды чаап алган?
-
Карадөөнүн ок өтпөс тону?
-
Желмогуз уулу Сарыбайга эмне үчүн кыргыз баатырларынын алы жеткен эмес?
-
Чаңдаяк эмне себептен Сейтекке эл болом жан амандыгын сурайт?
-
Куялынын тулпары?
-
Сарыбайды ким тындым кылат?
-
Акберметке Сейтектин жайын айтып ким сүйүнчүлөйт?
-
Сейтекти тосуп чыгууга аттанган Акбермет кандай формадагы сөйкө салынып чыгат?
-
Акжолтой эмне себеп болуп Күлайымды алып калат?
-
Сейтек Акберметке кайсы жерден кезигет?
-
Байкоңур канча жашында атасынан айрылган?
-
Байкоңурдун Китеге айткан арманы же болбосо акыркы тилеги?
-
Эсенкандын ордуна кийин ким кан болгон?