СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 13.07.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Маңкурт жөнүндө баян

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Маңкурт жөнүндө баян

Просмотр содержимого документа
«Маңкурт жөнүндө баян»

Эне- Бейит кабырстандын тарыхы өзүнчө эл оозунда калган уламанын оролу тээ илгерки айдар көкүл жуңжаңдар Сары –Өзөктү басып алып, башка эл менен басташып, колго түшкөн туткундарга түшкө киргис кордук көрсөткөн мезгилден башталат. Айдар көкүлдөр колуна түшкөн туткундарды кээде бул чөлкөмдөн алыска кулчулукка сатып жиберишчү экен. Эртедир-кечтир бир күнү мекенине качып кетер жаш туткундар үчүн кулга сатылышы жакшылык менен барабар болуптур. Адам чыдагыс азапты айдар көкүлдөрдүн колунда калган туткундар тартчу. Аларга шири кийгизип кыйнап, эсин жоготуп салчу экен. Бу шорго көбүнесе согушта колго түшкөн жаш жигиттер малынчу. Оболу жуңжаңдар туткундун чачын бир жолу оң, анан тескери кырып жалтыратат. Ал ортого нары жакта касапчы жуңжаңдар бир чоң төөнү союп жаткан болот. Оболу төөнүн терисин калың, оор келген моюн терисин сыйрып ала коюп, аны устаралап кырып ийип, анан кеп кылып туткундун жалаң башына кийгизет. Азыркы суучулдар кийчү кеп такыядай болуп калат. Моюн тери төрт-беш туткунга шири кеп болуп чыгат. Шири ысык күнгө кургаган сайын кысып, туткундун үнү кудайга жетип, тынат. Өлбөй калганы өткөн өмүрүн, ата-тегин такыр эстей алгыс маңкурт кул болуп кала берет. Шири кийгизгенден кийин туткундун мойнуна чоң дөңгөлөктөй жалмыяр байлайт. Анысы туткун жаңы кыйналганда да башын жерге жаздана албасын дегени. Анан жанталашканда үнү кудайына жетсе да бизге угулбасын деп, туткундарды айылдан алыс, күн тийген ачыкка алпарып салат. Эки колун, эки бутун байлап, жанына ичер суу, сызар даам койбостон таштап коёт. Бу кыйноо төрт-беш күнгө созулат. Ал ортодо тыякта касташкан душмандар бу туткун болгон тууганынын абалын билип, жаны барында куткарып кетүугө капилет кол салбасын үчүн айлана- тегеректеги мерчемдүү багыттарга кароол кол жиберип коёт. Бирок ачык айдыңда жашырынып ким келе алсын, келгени да бирде-экиде болсо керек. Анын үстүнө айдар көкүлдөр туткунун маңкурт кылып салат экен деген кабар тараган соң туткун болгондордун жакындары да эми аны куткарган менен эс-акылдан ажыраган бир сүлдөрүн алып келет экенбиз да, андай ишке тобокелдин кереги эмне деп тим болушчу. Мына ошондо Наймандан чыккан бир эне гана колго кеткен уулунун тагдырын ойлоп, чыдай албаптыр. Найман-Эне деп эл оозунда улама болуп калган киши ошол. Сары-Өзөктүн учу-кыйырсыз бардык тарабында Найман-Энени улама кылып ушу бүгүн да эл унутпайт. Тиги кабырстандын Эне-Бейит деп аталып калышы да ошол себептен. Талаага ташталган туткундардын көпчүлүгү жан чыдагыс азапта Сары-Өзөктүн аптабын көтөрө албай өлүп кеткен. Тирүу калса беш-алты туткундан бирөө же экөө калган. Ачкадан, же чаңкап өлсө бир жөн го. Өлгөндөр төөнүн кам териси күндүн кактоосунда улам кургаган сайын кысылып отуруп, мээни баш сөөктөн сыгып чыккыдай абалга жеткирген азаптан өлгөн. Күн ысыган сайын темирдей куураган шири жылаңач башты чемгер салгандан бешбетер кысат. Ал аз келгенсип, эки күн өткөн соң жылаңач куйкадан жаңы чач да баш багат. Азиаттыктардын тикендей тик өскөн кайратту чачы шириге сайылып, анан тешип өтө албаган соң кайра кайрылып куйкага сайылат. Мунун кыйноосу ширинин азабын ого бетер күчөтөт. Ошентип бара-бара туткундар эс-акылын жогото баштайт. Беш күн өткөндөн кийин туткундардын кимиси тирүү калганын билүүгө айдар көкүлдөр келет. Кыйноого тушкөндөрдүн бирөөн тирүу тапса максатына жеткендей ыраазы болушчу. Тирүу калганды кыйноосунан бошотуп, суу берип, акырындап ал-күчүнө киргизип алышчу. Бирок ал эми адам эмес эс-акылдан айрылган маңкурт кул. Адамдын адам болгон касиети, жаралгандан кошо жаралып, өлгөндөн өзү менен кошо кетчү, айбандан айырмалап турган жалгыз касиети эс-акылы болсо, аны түп тамыры менен жулуп салса, - бу не деген шумдук! Андан көрө туткундун журөгүн өлтурөр кыйноого салса, же түз эле башын алып салса тигиге салыштырганда адилетчлик болбойбу. Кыяматту тунгуюк тарыхынан жамандыктын не бир кыянаттуу түлөрүн алып чыккан айдар көкүл көчмөн жуңжаңдар эми адамдын эң бийик назилине кыянатчылык кылышты. Алар адамдын эс-учун жоготуунун жолун табуу менен бирге адам табиятына каршы ойго келгис кыянатчылык кылышты.












































































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!