СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мар Байжиев "Бир тоголок самын" ангемеси. Сабактын иштелмеси.

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мар Байжиев "Бир тоголок самын". Сабактын иштелмеси. 7 - класс.

Просмотр содержимого документа
«Мар Байжиев "Бир тоголок самын" ангемеси. Сабактын иштелмеси.»

Сабактын темасы: Мар Байжиев «Бир тоголок самын». (7 – класс)

Сабактын тиби: Жаӊы билимди өздөштүрүү сабагы.

Сабактын формасы: Класстык сабак.

Сабактын методу: Интерактивдүү методдор. «Башкарып окутуу» (Багыт берип окуу же тыным менен окуу).

Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк

Өнүктүрүүчүлүк

Тарбия берүүчүлүк

М.Байжиевдин «Бир тоголок самын» аӊгемеси тууралуу маалымат алышат.

Тексттеги фактыларды, көз караштарды божомолдоо, салыштыруу, талдоо, баалай билүү көндүмдөрүн калыптандыруу.

Окуянын өнүгүшүн болжолдоо көндүмдөрү калыптанат.



Окуучу ээ болуучу компетенттүүлүк:

Окурмандык компетенттүүлүк

Баалуулук – дүйнө таанымдык компетенттүүлүк

Адабий чыгармачылык компетенттүүлүк

«Бир тоголок самын» аӊгемесинин ар деталын окуп түшүнүшөт.

Тексттеги фактыларды, көз караштарды божомолдойт, салыштырат, талдайт, баалайт.

Аӊгемеге же андагы каармандардын мүнөздөп, «5» мүнөттүк эссе жазуу.



Сабактын жүрүшү:

Этап

Убактысы

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун

ишмердүүлүгү

Компетент-

түүлүктү баалоо

Уюштуруу

5 мин

«Айланган сүйлөм»

Мугалим шарттары менен түшүндүрөт.

Окуучулар кыскараак сүйлөм тандашат. М: «Баланын тили – бал». Ушул сүйлөмдү ар кандай интонация менен айтышат.


Үй тапшырмасын текшерүү.

5 мин

Окуучулардан жаттап келген ырларын сурайт.

Окуучулар ырларын көркөм айтып беришет. (бири – бирине)


Өтүлгөн теманы кайталоо.

5 мин

Омор Султановго кластер түздүртүү.

Кластер түзүшөт.


Жаӊы тема.

15 мин

Мар Байжиевдин «Бир тоголок самын» аӊгемесин тыным менен окууга тапшырма берет. Ар бир тынымдан кийин «Кимдин божомолу дал келди же жакындашты?», «Бул бөлүктө кандай окуя орун алды?», «Мындан ары окуя кантип өзгөрүшү мүмкүн»деген сыяктуу мазмунда уюштурула тургандай суроолор менен коштолот.

Ар бир тынымдан кийин берилүүчү суроолорго жооп беришет, божомолдорун айтышат.


Бышыктоо

5 мин

5 мүнөттүк эссе жазууга тапшырма берилет.

Окуучулар эссе жазышат.


Сабакты жыйынтыктоо

5 мин

Окуучуларга сабакты жыйынтыктоо үчүн суроолор менен кайрылат.

Суроолорго жооп берүү менен сабакты жыйынтыкташат.


Баалоо

3 мин

Окуучулардын активдүүлүгүнө карап, жекече баалоо.

Баа алышат.


Үйгө тапшырма берүү.

2 мин

Чыгарманы аягына чейин толук окуп келүү.

Окуп келишет.




1 – тынымда берилүүчү суроолор:

1. Окуя кантип башталды?

2. Кайсыл мезгилде чагылдырган окуя экен?

3. Силер Турусбектин сөзүнө ишенип жатасыӊарбы?

4. Окуя андан ары эмне болот, божомолдорду айтып көргүлөчү?

2 – тынымда берилүүчү суролор:

1. Зайра деген кыз ким экен?

2. Эмне үчүн Турусбек 3 – чейректен кийин окубай калды?

3. Эмне үчүн үйүндө суусу туруп деле сууга бара берет?

4. Мындан ары окуя кантип өзгөрүшү мүмкүн?

3 – тынымдан кийин берилүүчү суроолор:

1. Турусбек менен Зайранын ортосунда кандай сезим бар?

2. Алар жаанда калып калышты, эми ооруп калышат деп ойлойсуӊарбы?

3. Экөөнүн кимиси ооруп калат?

4. Зайра оорусунан айыгабы?.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!