Сабактын темасы: Токтоболот Абдымомунов «Абийир кечирбейт» драмасы.
Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү.
Сабактын формасы: Топтордо иштөө.
Сабактын максаты: 1. « Абийир кечирбейт» драмасынын мазмуну жана негизги идеасы жөнүндө маалымат алабыз.
2. Сүйлөө кептерибизди жана сөз байлыктарыбызды өстүрөбүз,түбөлүк достук,көрө албастык, чыныгы сүйүү жөнүндө билебиз.
3. Адамдык бийик касиеттерди баалоого үйрөнөбүз.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу,Саламдашуу.Жагымдуу маанай тартуулоо.
Үй тапшырмасын текшерүү.
Өтүлгөн теманы кайталоо.
Өтүлгөн теманы кайталоо:
Суроо: Т.Абдумомунов ким?
Жооп: Т.Абдумомунов кыргыз элинин таланттуу драматургу жана коомдук ишмери
Суроо :Ал кайда жана качан туулган?
Жооп: Ал Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айылында 1922-жылы туулган.
Суроо: Кесиби ким болгон
Жооп: Даарыгер болгон.
Суроо:Анын кандай чыгармалары бар?
Жооп: чыгармалары көп,мисалы “Ашырбай”,”Капчыгай”,”Абийир кечирбейт” ж.б.
Суроо: Биз аны эмне үчүн коомдук ишмер деп айтабыз?
Жооп: Абдумомунов жогорку кеңешке эки жолу шайланган коомдук ишмер, дагы ал театрлар коомун бир нече жыл жетектеген,ошондой эле жазуучулар коомун да баштаган.
Суроо:Т.Абдумомунов атында Бишкек шаарында эмнелер аталган?
Жооп: Т.Абдумомунов атындагы көчөлөр бар жана Т.Абдумомунов атындагы
Кыргыз улуттук драмтеатр анын атында.
Мугалимдин сөзү: “Абийир кечирбейт” драмасы адам абийири тууралуу ушак айыңдын айынан бузулган уя,кыйраган турмуш,талкаланган тагдыр жөнүндө баяндаган драмалык чыгарма.ал адам жашоосундагы актуалдуу маселелерди козгоп,алардын өз ара мамилесин,сүйүүсүн,күрөшүн,достугун даңазалайт.Карама-каршы пикирлерди,сүйүү менен жек көрүүнү,ишенүү менен чыккынчылыкты көрсөтүп берет.Драматург интеллигент жаштардын ички дүйнөсүн,психологиясын,нравалык адамдык сапаттарын ачууга далалаттанат.Автор көбүнчө моралдык этикалык тарапка көбүрөөк басым жасаган.
Бул чыгарма убагында көптөгөн театрларда коюлуп,далай актер,актрисалардын багын,дареметин ачкан.
Чыгарма 15 жыл ичинде 400 жолу коюлуп,1977- жылы 400 жолу коюлган юбилейи белгиленген.
Кырктын кырындагы чыгарма. Автор чыгарманы 40 жашында жазган.
Көптөгөн жазуучулар бул чыгарманы Ч.Айтматовдун “ Саманчынын жолу” менен окшоштурган.
Драма акыркы жолу автордун аты ыйгарылган Т.Абдумомунов атындагы драма театрда 2012-жылы апрель айында 3-жолу жаңыртылып коюлган.
Жаңы тема: “Абийир кечирбейт” драмасы
Драма 1962- жылы жазылган.
Нурдин,Масадык, Нияз – достор,алар дарыгерлер о.э.алар мед иститутта чогуу окушкан.Кийин алар шааардык клиникалардын биринде чогуу иштешет.
Нурдин- жакшы врач жана ийгиликтүү жигит.
Шайыргүл-белгилүү,таланттуу ырчы кыз жана Нурдиндин сүйүктүүсү.
Нияз -Нурдиндин ийгилигине ичи тарыйт.
Үйлөнүү той болор күнү” Шайыр менен Масадыктын мамилеси бар” деген бузуку кепти досу Нияз Нуриддинге айттырат.
Нурдин ишенет.Үйлөнүү тоюна барбайт.Ал кафеге барып арак ичип отурганда,досу Масадык издеп барат.Масадыктын айтканына ишенбейт.
Нурдин ордунан туруп машинасын айдап кетмек болот,алдынан тоскон Масадыкты Нурдин машинасы менен койдуруп кетет.
Үйлөнүү той болбойт.Нурдин соттолот.Масадыктын бир буту кесилет.
Шайыргүл мугалим Омор деген жигитке турмушка чыгып балалуу болот,уулунун атын Нурдин деп коет.
Кийин түрмөдөн түрмөдөн келгенден кийин да ал Шайыргүлдүн күйөөсү Оморго жолугат.Шайыргүлдүн Масадыкка турмушка чыкпаганын билип,эми Масадыктан мунун себебин билмек болот.Масадык канча жолу өзүнүн таза экенин айтса да,бул бузукулукка Нияз күнөлүү экенини какшаса да,Нурдин ал сөздөргө ишенбейт.Качан гана Сейит бардык чындыкты айтып берип,толук далилдеп салгандан кийин Нурдин бардык күнөө өзүндө болгондугун толук сезип,өзүнүн абийири алдында кечиримсиз иш кылгандыгына өкүнөт.Шайыргүлдү чыныгы сүйүүдөн ажыратып,Масадыкты майып кылган өзүнүн абийири экенин туюп,муну эч убакта кечирүүгө болбой тургандыгын билдирет.Демек ар кандай кыйын,татаал кырдаалдарда да адам аны сабырдуулук менен иликтеп,чындыкты туура баамдап,анан туура чечимге келсе гана өз абийиринин алдында таза бойдон калмакчы.Антпесе,абийирине балта чаап коюшка болот экен.Ал эми андай учурда абийир эч убакта кечирбейт деген жыйынтык драманын негизги сюжеттик өзөгүн,идеалык мазмунун түзгөн.
Акын А.Белеков адам баласынын жан дүйнөсүнүн татаалдыгын:
Адам деген кандай татаал аппарат?
Капкактарын кандай адам ача алат?
Кээ бирөөлөр тетигинен жаңылып,
Келтиришет бир-бирине акарат- деп ,
Абдан жакшы элестетип айта алган.
Т.Абдумомуновдун “Абийир кечирбейт” драмасында адамдын жан-дүйнөсүнүн дал ушул татаалдыгы “,анын тетиктеринен жаңылган” адамдые аркандай абалда калары эң жакшы сүрөттөлгөн.
Жаңы теманы бышыктоо үчүн суроолор:
Драма канчанчы жылы жазылган?
Чыгарма кимдер жөнүндө?
Алардын достугу түбөлүк болдубу?
Нурдиндин тагдырын ким бузду?
“Абийирим мени кечирбейт” деп ким айтты?
Топторго тапшырма берүү: 1-топ”Лидер”
Чыгарманын жанры,персонаждар,автордун максатын,натыйжасын жыйынтыктайт.
2-топ.”Сүрөтчү” Чыгармада пайда болгон эмоционалдыксезимдер:кубануу,кайгыруу,өкүнүү,кыжырлануу,сыймыктануу.
3-топ.”Креатив” Көйгөйдөн,ал абалдан чыгуунун жолдору,мүмкүнчүлүктөдүн бар экенин сунуш кылуу.
4-топ “Оптимист” Позитивдүү ой айтуу,жакшы жагын баса белгилөө
5-топ “Сынчы”Баяндалган же талкууга алынган пикирлерге дайыма каршы пикирде
6-топ “Илимпоз” Илимий баалулугун,жанрдык табылгасын салыштыруу,аргументтер,далилдерди ортого салат.
Баалоо: Окуучулардын суроолорго берилген жооптору жана өзүлөрүнүн логикалык ойлоосу боюнча бааланат.
Үйгө тапшырма: Чыгарманы үйдөн толуктап окуп,каармандардын образдарын жазып келүү.