СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Маселе иштөө (Химиялык теӊдемелер боюнча)

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Химиялык тендемелер  төмөндөгүдөй болуп түзүлөт:

1. Реакцияга кайсы заттар кирип, реакциядан кийин кандай заттар пайда болгондугун аныктайт.

2. Теңдеменин сол жагына реакцияга катышкан алгачкы заттар, ал эми теңдеменин оң жагына реакциянын натыйжасында келип чыккан продуктунун формулаларын жазышат.

Алгачкы заттар менен алынган продуктунун ортосуна барабардык же сызыкча → коюлат.

Просмотр содержимого документа
«Маселе иштөө (Химиялык теӊдемелер боюнча)»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Маселе иштөө (Химиялык теӊдемелер боюнча)

Сабактын методу: репродуктивдүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: эсеп чыгаруу

Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Химиялык теӊдемелер боюнча маселелерди чыгарууну окуп үйрөнүшөт

  • Химиялык теӊдемелерди туура түзө алышса;

Массанын сакталуу законун айтып бере алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Химиялык формула, химиялык кубулуш, индекс, коэффицент,заттардын көп түрдүүлүгү, химиялык теӊдеме боюнча алган билимдери өнүгөт. Ынтымактуу болууга тарбияланышат.

химиялык теӊдеме түзүү боюнча көнүгүүлөрдү аткарууда:

  • Химиялык формула;

  • химиялык кубулуш;

  • индекс;

  • коэффицент;

  • заттардын көп түрдүүлүгү;

  • химиялык теӊдеме түшүнүктөрүн пайдалана алышса.

Өз алдынча жана топто иштей алышса

Күтүлүүчү натыйжа:

  • Теӊдемелерди жазышат;

  • Заттардын массасынын сакталуу законунун негизинде тендемелерди түзөт;

  • Теӊдеме теӊдөөнү билишет;

  • Химиядагы негизги закондор, түшүнүктөр жөнүндө айтып бере алышат;

  • Теӊдемелерди жазып теӊдей алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Химиялык теӊдемелер жана аларды түзүү боюнча маалымат алышат.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Химиялык формула, химиялык кубулуш, индекс, коэффицент,заттардын көп түрдүүлүгү, химиялык теӊдеме түшунүктөрү калыптанган.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.

Жагымдуу маанай түзүү: Ѳзүңөрдүн колуңардын сүрөтүн дептериңерге тарткыла да бири –бириңерге берип ага ал окуучуга болгон комплиментиңерди жазгыла.Аягында окуучу дептерин алып өзүнө жазылган комплименттерди окуп ойун айтат.Окуучулардын ойун угуу.

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

1.Калтырылып кеткен заттардын ордуна формулаларды койгула,теңдегиле жана реакциянын типтерин жазгыла:

а) H2SO4+ Na NO3= HNO3+... б) ...+S =FeS в)H2SO4+K=K2SO4+...

г) Na+…= Na2S д)...+O2 =MnO е) Fe+... =FeCl3

ж) O2+ ...= H2О з).. + H2 =NaH и) ...+HBr= ВaBr2+ H2

Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

Химиялык тендемелер төмөндөгүдөй болуп түзүлөт:

1. Реакцияга кайсы заттар кирип, реакциядан кийин кандай заттар пайда болгондугун аныктайт.

2. Теңдеменин сол жагына реакцияга катышкан алгачкы заттар, ал эми теңдеменин оң жагына реакциянын натыйжасында келип чыккан продуктунун формулаларын жазышат.

Алгачкы заттар менен алынган продуктунун ортосуна барабардык же сызыкча → коюлат.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):

1.Химиялык реакциянын теңдемесине калтырылып кеткен коэффициенттерди койгула:

а)Mg+O2= Mg O б) Mg +Cl= Mg Cl2 в)Fe+O2 = Fe2O3

3.Төмөндөгү заттардын ортосунда жүрүүчү реакциялардын теңдемесин түзгүлө:

а)суутек жана кычкылтек б)алюминий жана кычкылтек

Баалоо: