«Ойлонбостон үйрөнүү пайдасыз, бирок үйрөнбөстөн ойлонуу кооптуу» Конфуций.
Мен эми түшүндүрөйүн, бош банка бул силердин жашооңор. Чоңураак таштар жашооңордогу негизги нерселер: үй-бүлө, денсоолук, бала-чака... Булар, башкасы жок болсо да, жашооңорду толтурган нерселер болуп эсептелет. Буурчак болсо силердин өзүңөр үчүн гана өтө маанилүү болгон нерселер, мисалы: иш, жеке унаа, үй-жай... ал эми кум бардык башка майда-чүйдө нерселер. Эгерде банканы башынан кумга толтурганыбызда, буурчак дагы, таштар дагы батпай калмак. Ошондуктан жашоодо бардык нерсени өз убагында жасоо керек.
Майда-чүйдө нерсенин артынан жүрө берген адам жашоодогу негизги «таштарды» ордуна жайгаштыра албай калат. Тагыраак айтканда, ден-соолугун чыңдап, үй-бүлө куруп, бала-чакалуу болгон адам каалаган учурда эс алып, достору менен жолугушуп, конокко барып ж. б. иштерин аткара берет. Ошондуктан жашоодогу эң маанилүү болгон нерселерди өз убагында аныктап алуу керек.
Жашоодогу эң маанилүү өзгөрүүлөр нерселерди кандай болсо, ошондой кабыл алганда башталат. Буга жашоо берген нерселерди кабыл алуу жана өзүбүздү кабыл алуу кирет.Биздин өзгөрүлүп жаткан жашообузда, биз
Жеке өнүгүү жана үйрөнүү сезимдерибизди жана сезимдерибизди кандай болсо ошондой кабыл алууга даяр болгондо пайда болот , аларды өзгөрткөн, басуучу же күңүрттөгөн акылдын чыпкасынан өткөрбөй.
Акыл эмне болуп жаткандыгын түшүндүрүп берерин унутпасак болот, бирок ага кептелип калганда, биз көңүлүбүздү чындыктан алаксытып жатабыз.
Чыныгы үйрөнүү ар бир сезимди кабыл алып, өзүбүздү сезүүгө даяр болгондо пайда болотбиз жашаган ар бир жагдайдан келип чыккан.
Жашоонун агымын ээрчип, ушундайча өзгөрөбүз. Себеби биз четке каккан жана кабыл албаган нерселердин бардыгы бизди өзүбүз менен байланышты үзүүгө мажбур кылат жана ал эмнени билдирет.
Жашообуздагы сөзсүз фактыларды кабыл алганда, биз кайгы-капаны катуу күч менен сезе алабыз. Бирок аны сезүү бизди андан бошотот , бизди алдыга жылып, жаңы сезимдерге жана тажрыйбаларга орун бошотууга бошотот.
Жашообузда болуп жаткан нерселерди кабыл ала баштаганда, биз өзүбүздү кабыл ала баштайбыз. Биз башкаларды жана өзүбүздү кечирүүгө, жаңы тажрыйбаларга умтулууга, энергияны гүлдөп, тирүү сезүүгө даяр болобуз.
Каалаганыңды 20 саатта кантип үйрөнсө болот?
Орус, араб же кытай тили болобу? Же балким квант физикасыбы? Биздин мээ - канчалык татаал маалымат болбосун бардык нерсени, өзгөчө башында тез кабыл алат.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, жаңы бир нерсени өздөштүрүп баштаганда алгачкы 20 саат абдан маанилүү.
Дал ушул учурда мээ жаңы маалыматты тез кабылдайт. Кызыгууңузга жараша, мээ жаңы нерсеге тез реакция жасайт.
9 кылымдагы немис философу жана психологу Герман Эббингауз, алгачкылардан болуп мээ жаңы маалыматты кантип кабыл аларын изилдеген.
Ал "ийри үйрөнүү" идеясына же жаңы жөндөм менен ага кеткен убакыттын өлчөмүнүн байланыштырган.
Аны графикага чийип көрсөтө турган болсок, "маалыматты" узунунан же у-огуна жана "убакытты" туурасынан же х-огуна жайгаштыруу керек.
Эббингауз, ийри графикада - алгачкы сааттарда жаңы нерсени үйрөнүүгө канчалык көп убакыт коротсок, ошончолук көп маалымат аларыбызды аныктаган.
Андан кийин мээнин маалыматты тез кабыл алуу мүмкүнчүлүгү төмөндөгөн. Жаңы бир нерсени үйрөнүүгө кеткен убакыт жогорулаган сайын, жаңы маалыматты бат кабыл албай каласыз.
- Эстутумду жакшыртуунун оңой жолдору
Бүгүнкү күнү Эббингауздун графиги жаңы нерсени үйрөнүүгө кеткен убакытты өлчөө жана бизнес чөйрөсүндө иш канчалык жемиштүү болуп жатканын аныктоо үчүн колдонулуп келет.
Демек, жаңы бир нерсени өздөштүрүп жатканда, баштапкы 20 саат аябай чыңалган жана жемиштүү убакыт болот. Анткени жаңы маалыматты көргөндө, мээбиз болушунча көп маалыматты сиңирүүгө ылайыкташкан.
Убакыттын өтүшү менен, маалымат кайталанса, мээ жакшы кабыл албай калат жана тез үйрөнүү жараяны токтойт. Бул баскычты "адаттануу" деп атасак болот. Ал учурда биз жаңы үйрөнгөн өнөр же жөндөмүбүздү акырындык менен курчутабыз.
Ошондуктан жаңы бир нерсени үйрөнүп жатканда, ал канчалык татаал болбосун, кабыл алуу басаңдаганча болушунча көп маалыматты өздөштурүү керек.
Маалыматты сиңирүүнүн дагы бир жолу - "беш сааттык эреже" болуп саналат. Анда жаңы бир нерсени үйрөнүүгө күнүнө бир сааттан, беш күн бөлүү керек.
АКШны негиздеген Бенжамин Франклин, дал ушул ыкманы жактырган. Ал күн сайын атайын убакыт бөлүп, жаңы бир нерсени үйрөнүүгө же маалыматты өздөштүрүүгө умтулган.
Бенжамин Франклин мектепте үч гана жыл окуган, бирок ал өмүрүнүн аягына чейин китепти колунан түшүрбөй, акылын көптөгөн маалымат менен азыктандыра алган
Франклин жаңы нерсени үйрөнүүгө дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин жок дегенде бир саат убакытын бөлгөн.
Тандаган темасы боюнча жетиштүү маалымат алгандан кийин, ал жаңы темага өткөн. Ушундай тартипте уланта берген.
Эксперттердин айтымында, эгерде "беш саат" ыкмасын колдонсок, анда жаңы нерсени ар төрт аптада өздөштүрөбүз. Ал үчүн мотивация жана дисциплина керек.
Дүйнө жүзүндө мындай ыкманы жактагандар арбын. Чынында бул ыкмалардын көптөгөн түрлөрү бар.
Опра Уинфри, Билл Гейтс, Илон Маск, Уоррен Баффетт же Марк Цукерберг сыяктуу атактуу ишкерлер жаңы бир нерсени үйрөнүү үчүн күн сайын убакыт бөлгөндүктөн ийгиликке жеткенин айтышат.
Эгер сиз да дайыма билим алып турууну, жаңы маалыматты өздөштүрүүнү көздөсөңүз, анда сизге эки маанилүү нерсе керек: үйрөнүүнү улантуу ынтызарлыгы (мотивация) жана аны ишке ашыруу тартиби (дисциплина). (NT)
Мээнин иштешин кантип жакшыртуу керек? Эң жөнөкөй сегиз кеңеш
1. Физикалык көнүгүүлөр
Дененин үзгүлтүксүз кыймылынан улам мээ же нейрондорду байланыштырчу синапстардын көлөмү чоңойот. Мээ клеткалары кеңейип, алардын ортосунда жаңы байламталар түзүлөт. Жакшы иштеген жүрөк мээни ар дайым кычкылтек жана глюкоза менен камсыздап, токсиндерден арылтат. Эгер киши таза абада көбүрөөк болсо, эң керектүү болгон D витамини менен дагы камсыз болот.
2. Кыймыл-аракеттин жардамы менен эстеп калыңыз
Аталган ыкманын эффективдүүлүгү далилденген жана актерлор арасында кеңири тараган. Эгер кыймыл-аракеттин жардамы менен бир нерсени жаттоого аракет кылсаңыз, маалымат сиздин башыңызда жакшы сакталат.
3. Туура тамактануу менен мээге күч кубат бериңиз.
4. Мээңизди дем алдырыңыз
уура тамактануу мээнин иштеши үчүн пайдалуу
Анча-мынча стресс дагы керек - ал биздин кооптуу учурлардан мобилизациялануубузга жардам берет. Стресс мээнин кортизол гормонун иштетип чыгуусуна көмөктөшөт. Аталган гормон кишинин ой топтоосуна чоң өбөлгө түзөт.
Организмге керектүү болгон канттын жана энергиянын 20 пайызы мээге кетет. Ошондой эле мээ кандагы глюкозанын деңгээлинен дагы көз каранды.
Кант нормадан ашып кеткенде мээ белги берет жана ал кишиге сезилет. Киши даамдуу тамак жегенде мээ допамин бөлүп чыгарат. Ошондуктан бизге даамдуу тамактар абдан жагат. Бирок эң жакшы эмоциялар бир гана мээге эмес, ашказанга дагы керек.
5. Жаңы тапшырмаларды коюңуз
Мээнин иштешин жакшыртуу үчүн сүрөт тартуу дагы пайдалуу
Мээни мурун аткарып көрбөгөн тапшырмалар менен толтуруңуз.
Чет тилдерин үйрөнүңүз же сүрөт тартыңыз. Мунун бардыгы мээни сергитүүгө жардам берет.
6. Музыка угуңуз
Мээнин активдүү болуусуна музыканын жардамы чоң
Музыка мээге өзгөчө дем бере турганы калетсиз. Музыка уккан же аткарган кишинин мээси активдүү болот экен.
Гитара черткенди же пианино ойногонду билбесеңиз абдан жакшы, каалаган учурда музыка уга аласыз. Хордо ырдаңыз же билет сатып алып концертке кириңиз. Булар дагы сиз үчүн абдан пайдалуу.
7. Экзаменге жатаар алдында даярданыңыз
Биринчи окуу, андан соң уйку
Күндүз сиз жаңы бир нерсе үйрөнсөңүз же сөз жаттасаңыз, мээнин айрым клеткаларынын ортосунда нейрон байланыштары түзүлөт.
Сиз уктагандан кийин байланыш күчөп, жаттаган сөз же нерсе эсиңизде сакталып калат. Андыктан эс тутумду консолидациялоо үчүн уйку абдан маанилүү.
Эгер экзаменге даярданып жатсаңыз, уктап бара жатканда суроолордун жообун бир ирет кайталап алыңыз.
8. Туура ойгонууну үйрөнүңүз
Эртең менен таң менен кошо ойгонуңуз
Уйку пайдалуу экени талашсыз. Бирок беш сааттан аз уктасаңыз ой жүгүртүүңүз начарлайт.
Ал эми он сааттан ашык уктасаңыз башыңыз дендароо абалга кептелет. Бирок бир күндүк энергияңызды калыбына келтирүү үчүн туура уктоо гана эмес, туура ойгонуу дагы маанилүү.