СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математика 2-кл 3-ч 7сб

Нажмите, чтобы узнать подробности

математика 2-кл 3-ч 7сб

Просмотр содержимого документа
«Математика 2-кл 3-ч 7сб»

Предметтин аты: Математика

Өтүлгөн күнү: 21.01.20

Классы: 2-кл

Сабактын темасы: Эки түгөй кашаалуу туюнтма 475 – 477 - мисал маселелер

Сабактын максаты:

Окуучулар үчүнкүтүлүүчү натыйжалар

1.Эки түгөй кашаалуу туюнтма жөнүндө таанып-билишет. Анын аткарылуу эрежелери менен таанышат. Мамыча түрүндө иштөө менен кашаадагы туюнтманы биринчи табуу менен мисалдарды аткарышат.


1.Эки түгөй кашаалуу туюнтма жөнүндө таанып-билсе. Анын аткарылуу эрежелери менен таанышса. Мамыча түрүндө иштөө менен кашаадагы туюнтманы биринчи табуу менен мисалдарды аткарышса.

2.Логикалык ой жүгүртүүсү, эске сактоосу, математикалык потенциалы өнүгөт.

2.Логикалык ой жүгүртүүсү, эске сактоосу, математикалык потенциалы өнүксө

.

3. Класста тактыкты, тыкандыкты сактоо менен бирге биргелешип иштөөдө ынтымактылуукту сактоого тарбияланышат.


3. Класста тактыкты, тыкандыкты сактоо менен бирге биргелешип иштөөдө ынтымактылуукту сактоого тарбияланса.


Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү сабагы.

Сабактын ыкмасы: Көрсөтмөлүүлүк Сабактын жабдылышы: темага карата көрсөтмөлөр, карточкалар

Сабактын этабы

Убакыт

Мугалимдин иш аракети.

Окуучунун иш аракети

Баалоо

Компетенттүлүк

1. Шыктандыруу

3 мин

-Бири бирине жагымдуу маанай түзүшө, класстын абалына көз салуу -окуучулардын сабакка даярдыгы текшерилет -“Алтын эреже” түзүү.

-Сыйкырдуу микрафон менен

-сабакка даярданат

-сабакка керектүү куралдарын алышат -“Алтын эреже” түзөт





Жалпы класска төмөнкүдөй суроо менен кайрылат: -Геометриялык фигуралардын атын атагыла.

Окуучулар берилген суроолорго жооп беришет. Эгер жооп туура болбой калса калган окуучулар тактайт, толуктайт.


К2

II этап

Ү й тапшырмасын текшерүү

5 мин

Үйгө тапшырма канчанчы мисал берилген? Окуучулар тапшырманы текшеришет. –Өткөн тема боюнча түшүнбөгөн суроолор барбы? - Көп амалдуу туюнтманын жыйынтыгын кантип тапса болот?

474. (56+14)-20=70-20=50 60-(20+13)=60-33=27 80+(12+5)=80+17=97 (30+70)-20=100-20=80


К3




10мин

Сабактын темасы максаты айтылат.Эки түгөй кашалуу туюнтма жөнүндө маалымат берүү менен мисалдарды биргелешип иштөөгө тапшырма берилет. Балдарды оозеки эсептөөгө, чакмакка туура, сулуу жазууга машыктырат. Биримдүүлүккө тарбиялайт.

Окуучулар сабактын темасын жана максатын угат, түшүнөт. Жаңы тема менен таанышып, эрежелерин түшүнөт. Мисалдарды өз алдынча чыгара алат. Өз оюн эркин айтып мисал келтирип, берилген тапшырмаларды так аткарат. Маселенин мазмунуна жараша ой жүгүртүүсү менен түшүнөт.




К2 К3

IV этап

Көнүгүү, машыгуу лар

18 мин

475. 23 жана 17нин суммасынан 45 менен 23түн айырмасын кемит. (23+17)-(45-23)= 40-22=18 №476. (72-40)+(37+23)=32+60=92 (27+33)-(22+18)=60-40=20 (25+25)+(23+17)=50+40=90 82-(49+11)=82-60=22

Окуучулар жаңы темадагы математикалык сөздөрдүн маанисин түшүнүү менен берилген тапшырма боюнча биргелешип иштешет. Аткарган иштерин түшүндүрүп беришет.

Өзүн-өзү баалоо




Белги карточ ка




К2 К3 К4

V этап:

Жыйын тыктоо:

3 мин

-Балдар, бүгүнкү тема силерге түшүнүктүү болуп жатабы? -Кашаада иштөөнүн эки түгөйлүүсүн кандай жол менен чыгарабыз? -Алардан чыккан санды эмне кылабыз?

Окуучулар суроолорго жооп беришет. Калган окуучулар талкуулоо менен толукташат. Бири- бирине суроо менен кайрылышат


К 3 К4


Тапшырма

2 мин

Үйгө тапшырма берүү № 477 Түшүндүрүп берет


Окуучулар тапшырманы талдап, түшүнүк алышат.




Баалоо:


2 мин

Окуучулардын билимдерин баалайт

Алган бааларын күндөлүккө койдурат

өзүн-өзү баалайт


Рефлексия

2мин

Бүгүнкү сабакта силерге эмнелер маанилүү болду?

Эмнелер түшүнүксүз болду?

Сабакта маанилүү болгондорун айтышат.

Түшүнүксүз болгондорун сурашат.

Кол белгилери






Текшерген:О.Б.Б._________________________________