| Сабактын максаты: | Окуучулар үчүнкүтүлүүчү натыйжалар |
| 1.Туюнтманын маанисин табуу жөнүндө билимдерин тереңдетишет. Берилген тапшырмалар боюнча биргелешип, топто, жупта иштөө менен аткарышат. Оозеки мисал келтирип, суроолорго жооп беришет. | 1.Туюнтманын маанисин табуу жөнүндө билимдерин тереңдетсе. Берилген тапшырмалар боюнча биргелешип, топто, жупта иштөө менен аткарышса. Оозеки мисал келтирип, суроолорго жооп берсе. | |
| 2.Ой жүгүртүүсү, эске тутуу жөндөмдүүлүгү, жыйынтык чыгара билүүсү, кабыл алуусу өнүгөт. | 2.Ой жүгүртүүсү, эске тутуу жөндөмдүүлүгү, жыйынтык чыгара билүүсү, кабыл алуусу өнүксө. |
| 3. Окуучулар биргелешип иштөөдө тактыкка, тыкандыкка, тазалыкка тарбияланышат. | 3. Окуучулар биргелешип иштөөдө тактыкка, тыкандыкка, тазалыкка тарбияланса. |
| Сабактын этабы | Убакыт | Мугалимдин иш аракети. | Окуучунун иш аракети | Баалоо | Компетенттүлүк |
| 1. Шыктандыруу | 3 мин | -Бири бирине жагымдуу маанай түзүшөт -класстын абалына көз салуу -окуучулардын сабакка даярдыгы текшерилет -“Алтын эреже” түзүү. | -Сыйкырдуу микрафон менен -сабакка даярданат -сабакка керектүү куралдарын алышат -“Алтын эреже” түзөт | | |
| | | Жалпы класска төмөнкүдөй суроо менен кайрылат: -Геометриялык фигуралардын атын атагыла. | Окуучулар берилген суроолорго жооп беришет. Эгер жооп туура болбой калса калган окуучулар тактайт, толуктайт. | | К2 |
| II этап Ү й тапшырмасын текшерүү | 5 мин | Үйгө тапшырма канчанчы мисал берилген? Окуучулар тапшырманы текшеришет. –Балдар, үй тапшырманы аткарууда эмнени байкадыңар? - Кашаага эмне максатта алып жатабыз? | Окуучулар берилген суроолорго жооп беришет. №468. Туюнтмаларды жазып маани-лерин тап. а) 30+40=70 80-70=10 б) (25+10)+45=35+45=80 в) (37-17)+20=20+20=40 | | К3 |
| | 10мин | Сабактын темасы максаты айтылат. Туюнтманын маанисин табуунун ыкмаларын түшүндүрүп, мисалдарды иштөөдө жол көрсөтүп турат. Карточкалар аркылуу топтордо мелдеш уюштурат. | Окуучулар сабактын темасын жана максатын угат, түшүнөт. Туюнтмалардын маанилерин табуу жөнүндө маалыматтарга ээ болуп, эсине сактап алат. Мисалдарды ой жүгүртүп чыгаруу менен түшүндүрүп берет. Топтордо иштешет. | | К2 К3 |
| IV этап Көнүгүү, машыгуу лар | 18 мин | №469. а) 38+(46-18)=38+28=66 б) 40-(15+5)=40-20=20 в) 54-(27+14)=54-41=13 (48+29)-15=77-15=62 10+(2+3)=10+5=15 20-(17+2)=20-19=1 №470. 80-(28+14)=80-42=38 (55-50)+16=5+16=21 92-(50+40)=92-90=2 (53+7)-49=60-49=11 (47+23)-18=70-18=52 34+(29+18)=34+47=81 №471. Марат-8алма, 5 алмурут а.к. Инисине – 6 ж.б. Канча -? (8+5)-6=13-6=7 Ж: 7 ж.к. | Окуучулар жаңы темадагы математикалык сөздөрдүн маанисин түшүнүү менен берилген тапшырма боюнча биргелешип иштешет. Аткарган иштерин түшүндүрүп беришет. №472. Апам 37 жашта, мен 7 жаштамын. Апам менден канча жашка улуу? 37-7=30 Ж: 30 ж.у. №473. Туюнтмаларды жазып, маанилерин тап. (40-20)+30=20+30=50 (65+15)-40=80-40=40 90-(50+10)=90-60=30 | Өзүн-өзү баалоо Белги карточ ка | К2 К3 К4 |
| V этап: Жыйын тыктоо: | 3 мин | -Балдар, биз туюнтманын маанисин кантип таптык? -Эмнеге көңүл буруш керек экендигин билдиңерби? | Окуучулар суроолорго жооп беришет. Калган окуучулар талкуулоо менен толукташат. Бири- бирине суроо менен кайрылышат | | К 3 К4 |
| Тапшырма | 2 мин | Үйгө тапшырма берүү № 474 Түшүндүрүп берет | Окуучулар тапшырманы талдап, түшүнүк алышат. | | |
| Баалоо: | 2 мин | Окуучулардын билимдерин баалайт | Алган бааларын күндөлүккө койдурат | өзүн-өзү баалайт | |
| Рефлексия | 2мин | Бүгүнкү сабакта силерге эмнелер маанилүү болду? Эмнелер түшүнүксүз болду? | Сабакта маанилүү болгондорун айтышат. Түшүнүксүз болгондорун сурашат. | Кол белгилери | |