Окуучуларга ватманга жазылган маселе таркатылат. Мугалим столдун бетине дептерлерди үчкө бөлүп койду. 1-бөлүктө 20 дептер, экинчисинде андан 2 эсе көп, үчүнчүсүндө экөөндө биригип канча болсо ошончо дептер болгон. Мугалим столго бардыгы канча дептер койгон? (Мугалим окуучуларга убакыт берет) 1-бөлүктө | 2-бөлүктө | 3-бөлүктө | Бардыгы биригип канча дептер? | 20 дептер | Андан 2 эсе көп | 1чи менен 2чиде канча болсо ошончо | Чыгаруу: 1) 20*2=40 2)20+40=60 3) 20+40+60=120 дептер Бир канча окуучудан өздөрүнүн жооптору менен бөлүшүүнү суранат. бул жоопту кайдан жана кантип таптың. Бул тапшырманы кантип аткаргандыгыңды түшүндүрүп бере аласыңбы? Эгерде ушул эле мисалды башка окуучу бул маселени жообун 60 деп берди, силер ушул жоопко ынандыңарбы. Ал окуучуга кандай деп түшүндүрөт элеңер. Бул маселени чыгаруунун дагы башка жолдору бар деп ойлойсуңарбы. ( Ушул эле маселенин жообу аркылуу окуучулар деңгээлдерге бөлүнөт) Окуучунун жооп берип жаткандыгына карата түстөр таркатылат жана ошол эле түстөр аркылуу окуучулар топторго бөлүнүшөт. Жашыл түс:- Эң жакшы жооп бергендер катарына кирип, жогорку деңгээлдер тобуна кошулат. Кызыл түс:- Сабакка орто деңгээлде катышып жаткандыгы эске алынып, ортоңку деңгээлдер тобуна кошулат. Сары түс:- Сабакка такыр жооп бербей жаткандыгына байланыштуу ушул түс ыйгарылып, төмөнкү деңгээлдер тобуна кошулат. Окуучулар топторго бөлүп алгандан кийин жаңы темагы түшүнүк берилет. Балдар биз буга чейин эки орундуу санды бир орундуу санга көбөтуунү үйрөнгөнбуз Санды эки орундуу санга көбөйтүш үчүн ошол санды эки орундуу сандын ондуктарына жана бирдиктерине айрым-айрым көбөйтүп, көбөйтүндүлөрдү кошуп коюу керек. Көбөйтүүчүлөр мамыча түрүндө жазылып, көбөйтүү амалы бирдиктен башталып аткарылат. Мс: 18 25 *11 *15 18 125 +18 25 198 375 Жаңы тема түшүндүрүлгөндөн кийин жупта иштөө үчүн тапшырмалар берилет. (ушул эле жерде дептерге числону жазышып, мисалдарды иштей башташат) 212*20=4240 18*40=720 26*8=208 114*20=2280 25*40=1000 51*9=459 300*15=4500 26*18=468 18*5=90 99*12=1188 25*15=375 22*8=176 Анда балдар жуптагы тапшырманы иштеп болгон болсок анда 948-маселеге көңүл бурабыз. ( тапшырма топко берилет) Балдар ар биринде 8 түптон болгон 12 катар тал жана 10 катар ак кайын олтургузушту. Балдар баардыгы канча түп дарак олтургузушту? Маселени эки жол менен чыгар. Берилди: Чыгаруу: 8 түптө 12 катар тал 1)(12*8)+(10*8)=96+80=176 10 ак кайың 2) (12+10)*8=22*8=176 Баардыгы-? Биринчи топ - маселенин шарты менен чыгарышат. Экинчи топ - КГАыкмасын колдонушуп, матрица менен иштешет. Үчүнчү топ – маселенин бир блугүн таякчанын жардамында аныкташат |