СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат 6-класс Көп кырдуу талант-С.Чокморов

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат 

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат 6-класс Көп кырдуу талант-С.Чокморов»

Сабактын темасы: Коп кырдуу талант –Суймонкул Чокморов.

Сабактын максаты:
Окуучулар Суймонкул Чокморовдун омуру,чыгармачылык жолу тууралуу кенири маалыматка ээ болушат.Коп кырдуу талант ээсинин баскан жолундагы урунттуу окуялар аркылуу окуучулар жондомдуулукторун арттырышат жана чыныгы инсандык сапаттарга тарбияланышат. Сабактын тиби: Ж аны билимди оздоштуруу.

Сабактын усулу: Топ менен иштоо, «Ротация»методу ж.б

Сабактын жабдылышы: С.Чокморовдун суроттору,буклет,ватман,маркер,карточкалар,интерактивдуу доска

Сабактын журушу:

  1. Уюштуруу.Окуучуларды толуктоо,Жагымдуу маанай тузуу(окуучулар бири-бирине жакшы комплименттерди айтышат).Бугун биз 3 топко болунуп сабак отобуз.1. «Актёрлор». 2. «Суротчулор». 3. «Акындар».

  2. Уй тапшырма бышыктоо: Суроо жооп иретинде

  3. Жаны темага оболго:1)Азыр кайсы ай?2)Декабрь айында кайсы даталуу кундор бар ?3)Ч. Айтматов ким болгон?

  4. Жаны тема:

2017-жыл силер билгендей «Адеп,ыйман жана маданият жылы» деп президентибиз А.Атамбаев тарабынан жарыяланган. Ошондуктан биз бугун тарыхта да маданиятта да очпос изи калган коп кырдуу талант –С.Чокморов жонундо соз кылабыз.24-ноябрдан 1-декабрга чейин С.Чокморовду эскеруу жумалыгы болгондуктан,биз да эскере кетпесек болбос. Анда,созу ,обону Б.Мамаевге таандык «Суймонкулга» деген ыр окуучулардын аткаруусунда :

Картайып бараткансып когултур биздин тасма кундон улам,

Журогум кысылгансыйт кандайдыр бир адамдан жардам сурайт.

Кайырма: Суймонкул тур ордундан,

Жон жатпа жер алдында.

Арбагын жумша,жумша,

Кыргыз калкына.

Шумкар элен элиндин дунгуроп ат чабышта наамын алган,

Кун элен сен жериндин аскалуу Ала-Тоого нурун чачкан.

Кайырма

Артындан кадам шилтеп ишенем бир куч алып ойго терен,

Максатым кыргыз элге сенчелик кызмат отоп берсем деген.

Кайырма

(Окуучулар С.Чокморовдун портретине гул коюшат)Азаматсынар ,балдар.

Бийик болсо койгон максаты,

Эр жигиттин элге тараар жакшы аты.

Андай атты ойлоп калсам негедир,

Эске тушот Суймонкулдун ак чачы.



Ал ак чачтар кара болчу комурдой,

Жаркын талант чайпалбай да тогулбой.

Элестелип бут дуйного таркады,

Кыргыз ону Суймонкулдун онундой.-

Деп, кыргыз эл акыны Жолон Мамытов жазгандай кыргызды дуйнолук коомчулукка тааныткан залкар суроткер,залкар киноактер,кыргыз жузу Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чоң-Таш айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргызда ат коюу ошол убактагы окуяларга байланыштуу болгон экен. Анан Сүймөнкулдун туулган мезгили турмуштун кыйынчылык, саясий карама-каршылык убагына туура келет. 1939-жылы репрессиядан, ачарчылык жылдардан кийин өлкөдө кичине болсо да тынчтыктын, токчулуктун жыты сезиле баштайт. “Элде сүймөнчүлүк, жакшылык болсун” деген тилекте атасы Чокмор жаңы төрөлгөн наристесинин атын Сүймөнкул деп коет. Сүймөнкул он бир бир туугандын онунчусу. Үйдө эркектердин эң кенжеси болгондуктан атасы “көкүрөк күчүгүм” деп эркелетип, ар убак жанына эрчитип алчу экен. Ал алты жашынан мектепке кирген. Ал учурда мектептер жети жылдык болгондуктан Сүймөнкул 7-классты ийгиликтүү аяктап, 1953-жылы сүрөтчүлөр окуу жайына окууга өтөт. Аны бүтүрүп, Кыргыз ССР маданият министрлигинин жолдомосу менен Ленинграддагы И. С. Репин атындагы сүрөтчүлөр институтунан окуусун улантат. Толук билим алган соң Фрунзедеги өзү окуган окуу жайга мугалим болуп иштейт. Иш билгилиги, өнөрүнүн арты менен бир топ ийгиликтерге жетишип, 1967-жылы СССР сүрөтчүлөр Союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынат. Ушул жылдан тартып киного тартылууга кадам таштайт. Бирок, тасма иштери менен бирге сүрөтчүлүк өнөрүн да таштаган эмес. Ал бала чагында эле көп нерселерге умтулган экен. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей, Сүймөнкул да өзүн ар өнөрдөн сынап көргөн. Жашоо, турмуш, жаратылыштын кубулушу аны ар түрдүү ойго кабылтканы үчүн ар түркүн кубулуштагы сүрөттөрдү гана тартпастан, өз туулган жерин сүрөттөп, ыр да жазып көргөн. Өнөрдүн кайсы жагы жөндөмдүү болсо, адам ошол тарапка ооп кетет тура. Сүймөнкул да сүрөтчүлүк өнөргө басым жасагандыктан анын акындык өнөрү кала берген.

Сүймөнкул жайбаракат, токтоо адам болгон. Биртууган агасы Намырбектин эскерүүсүндө ал басканда да шашпай, кез-кезде токтоп бир нерселерди ойлоп туруп калчу. Ал адамдарды бир көргөндө эле жакшы, жаманын ажырата билчү. Бирок, кандай адам болбосун жакшы мамиле жасачу. Буга сүрөтчүлүктүн, чыгармачылык дүйнөнүн таасири тийгендир. Бирөө менен сүйлөшүп олтурганда да жанындагылардан сөз талашпастан, сөзгө төркүн берген мыкты сапаты бар эле. Сүймөнкул тааныштары же жакындары менен жолукканда өзүнчө бир майрам болчу. Өзү тоону, токойду, талааны кыдырып жүргөндү укмуштуудай жакшы көрчү.
Кинодо бир топ мыкты образдарды өтөсүнө чыгара аткарган талант мергенчилик, балык уулоо дегенди жети желмогузундай көрөр эле. Чыккан чөп менен аккан суудан башкага зыян кыла албаган жан болуптур. Жада калса чымын-чиркейди да өлтүрө алчу эмес. Ошондуктан мал сойгонду үйрөнгүсү келбей, мал союлганда башка жакка басып кетчү. Ал үчүн бүтүндөй жан-жаныбарлар ыйык сезилчү. Сүймөнкул жайбаракат сүйлөгөнү менен үнү бийик болгон. Созолонто ырдап, комузда кол ойното чер жазчу. Кайсы бир жылы догдурга көрүнгөндө өпкөсү начар экенин угуп, “Кап, ырчы болсом болмок. Чоң ырчылардын көөдөнү чоң, өпкөсү чың болот экен” деп айтчу экен.
Ат мингенди беш жашынан үйрөнүп, чаап жүргөндү жакшы көрүп, ат үстүндө өзүн абдан эркин сезчү. Анан күндүн кечи менен таңдын атышын аябай зарыгып күтчү, себеби ошондой маалда ар түркүн сүрөттөрдү тартар эле.

КИНОДОГУ ӨМҮР
Сүймөнкулдун табият тартуулаган талантынын маанилүү сапаттары кинодо алгачкы ирет образ жаратуусунда эле ажайып ачыка чыга келди. М. Ауэзовдун чыгармасы боюнча Б. Шамшиев тарткан «Караш караш окуясы» тасмасы экранга чыккандан кийин кино өнөрүнө өзгөчө таланттуу актёр келгендиги маалым болду. Сүрөтчү Чокморов буга чейин кинодо тартылып көрбөгөндүгүнө карабастан, Бактыгулдун образын такшалган актёрлордун деңгээлинде ойногон. Ал каармандын ички дүйнөсүнө сүңгүп кирип, турмуштагы зулумдук, наадандык менен келишпес күрөш жүргүзгөн, бул күрөштө өлүмдөн да кайра тартпаган, майышпас, эрктүү адамдын элесин жаратты. Сүймөнкулдун андан кийинки актёрлук таржымалындагы эң чебер түзүлгөн Карабалта менен Ахангулдун образдары кандайдыр бир деңгээлде Бактыгулдун образына жакын. Бул үч образдын жалпылыктары бар. Бактыгул сыяктуу эле Карабалта, Ахангул да жакырчылык замандын запкысын тартып, акыйкаттык, чындык үчүн тайманбай күрөшкөн адамдар. Бул образдардын мыкты чыгышы Сүймөнкулдун өз элинин турмушун, үрпадат, салтын терең билгендигинде болуш керек. Сүймөнкулдун беттеген максатына жетмейин жаны жай албаган темирдей бекем эрки, адам таң калаарлык чыдамкайлуулугу экранда элдик мүнөзгө ээ болгон жаркын образдарды жаратууга көмөкчү болду.

Дүйнөлүк кинематографиянын эң көрүнүктүү чеберлеринин бири жапан кинорежиссеру Акира Куросаванын саякатчы жана жазуучу Н. Арсеньевдин повести боюнча «Мосфильм» киностудиясында койгон «Дерзу Узала» тасмасындагы Чокморов ойногон Дерзунун ишенимдүү досу Чжан Баонун элеси да ушундай мүнөзгө ээ. Акира Куросава С. Чокморовдун кинодогу эмгектерине байкоо жүргүзүү менен аны учурдагы чыгармачылыгы эң кызыктуу актёрлордун бири катары белгилеген.
Залкар жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган «Жамийлада» — Даниярдын, «Көк мелжиген тоолордо» Байтемирдин, «Кызыл алмада» — Темирдин, «Эрте жаздагы турналарда» Бекбайдын образдарын жаратуу менен Сүймөнкул көп кырдуу талантынын дагы бир кырын көрсөтө алды. Бул образдардан С. Чокморовдун тышкы ыкчамдыкты жана шамдагайлыкты талап кылган эпикалык мүнөздөгү образдарды түзүүгө гана чебер эмес, ошондой эле каармандардын жан дүйнөсүндөгү көзгө көрүнбөгөн жана байкалбаган ар кандай кылдат белгилерди, психологиялык сезимдерди так ачып бере алган лирикалык маанайдагы киноактёр экендигин баамдайбыз. С. Чокморов Т. Океевдин «Улан» тасмасында Азаттын, кинорежиссер А. Видугиристин «Жалаң эразаматтар» тасмасында Касымдын образдарын жогорку чеберчиликте аткарган.
С. Чокморов жогоруда аталып өткөн негизги образдардан тышкары дагы айрым тасмаларда экинчи катардагы каармандардын элестерин түздү. Көрүүчүлөр менен болгон эң кыска жолугушууда да аларга терең таасир калтырган. Мисалы: «Уркуядагы» Үтүр устанын, «Толкундар жээкте жоголот» тасмасында Асхаддын, «Каныбектеги» Жолой мергендин образдары да эстен кетпейт.

Актерлук өнөрүнүн башталышы

Сүймөнкул Чокморов өзүнүн актердук жөндөмдүүлүгүн Ленинградда окуп жүргөндө 24-25 жашында баамдаган. Кандайдыр бир күч түрткү берип, кино-актер болууну эңсеп, кинодогу актерлордун аткаргандарын туурап, өз алдынча машыгып жүрчү. Ошентип “көрүнгөн тоонун алысы жок” демекчи, окуусун бүтүп келгенден кийин Болот Шамшиев менен таанышат. Кино тармагынын ары жак, бери жагын таанып, билет да киного тартылуу тилеги орундап, “Караш-караш” тасмасында башкы каармандын ролун ойнойт. Алгачкы ролун мыкты аткарган үчүн тез эле кино-актер катары таанылып чыгат. Режиссерлор да “асмандан издегенибиз жерден табылды” деп Сүймөнкулга чоң ишеним артышты. Ролдорду Сүймөнкул “өзүм ойнобосом ойдогудай болбой калат” деп дублерсуз аткарчу. Ушул себептен киного тартылам деп ден-соолугуна көп запкы тийгизген. “Жамийла” тасмасына тартылып атканда бөйрөгүнө катуу суук тийип, ооруканага жатып дарыланып атып тартылып бүткөн. Кийин “Жалаң эркектер” тасмасында баш каарман Касымдын образын жаратууда Токтогул ГЭСинде тоодон тартылып атып аскадан учуп, анда да ооруканага жатып калат. Ошентсе да кинолорго тартылып, мыкты сүрөттөрдү жаратып, кино фестивалдарга катышып, бир топ өлкөлөргө конок болуп келген. “Ден-соолугум начар, оюмдагы нерселерге жетишим керек” деп жүрүп ден-соолугуна таптакыр көңүл бурбаптыр. 1981-жылдан баштап Сүймөнкул Чокморовдун оорусу күчөп жакшы боло албай, врачтардын сунушу менен Москвага барып дарыланууга туура келет. Кийин Сүймөнкул ооруп, киного тартыла албай калганда Төлөмүш Океев: “мындай асыл адамдар дүйнөгө чанда эле жаралат. Аяш керек, сакташ керек эле. Биз сактай албадык!.. ” дегени бар.

Сүйүү тамчысы

Сүймөнкул өзүнүн айылдашы Асымкүл менен окуп жүргөн кезинде эле бири-бирин жактырышып, сүйлөшүп, айылда жетелешип басып, алыска кетсе кат алышып турганын апасы, бир туугандары да билчү. Сүймөнкул Ленинградда окуп жүргөндө Асымкүлдү кыргызчылык кылып башка бирөө ала качып кетет. Сүймөнкул алгачкы сүйүүсү болгон Асымкүлдүн сүрөтүн курстук иши катары тарткан. Кийин турмушка чыгып кеткенин уккандан кийин турмушуна жолтоо болбоюн деген ойдо “кыргыз кызы Бурулча” деп которуп койгон. 1966-жылы өзү менен бирге окуган Салима аттуу кызга үйлөнөт. Экөө уулдуу болуп, атын Бактыгул коюшат. “Кыргыз жүзү Сүймөнкулдун жүзүндөй” демекчи актер өзү келбеттүү, келишкен адам болгондуктан ага көз арткан кыздар көп болуптур. Ошондуктан анын 1978-жылы туулган Эргул аттуу уулу бар. Көзү тирүү кезинде баласы экенин танбай, колунан келген жардамын берип турчу экен. Бирок, ден-соолугу улам начарлаган сайын үй бүлөсүнө көңүл бурганга алы келбей калган.

Сүймөнкул Чокморовдун арманда калган үч тилеги

Сүймөнкулдун агасы Намырбек аксакалдын айтканы боюнча инисинин үч тилеги ишке ашпай калганы улуттук өнөрдүн өксүгү. Манас, Чыңгызхан, Темирландын экрандык бейнелерин түзсөм деген купуя үмүтү саламаттыгына байланыштуу мезгилсиз өчтү…

Жарык дүйнө менен коштошуусу

Сүймөнкул Чокморов бөйрөгү ооругандыктан дарттын азабын абдан тарткан. Катуу ооруп Москвадагы борбордук оорукананын хирургия бөлүмүнөн бөйрөгүн 55 жолу опперация жасалыптыр. Улам опперация жасала бергендиктен вена тамырларынан соо жер калган эмес. Анан ошол вена тамырларын жаңыга алмаштыруу үчүн 1992-жылы 56-операцияга кирет. Актердун оорусу мүнөт санап күчөгөндүктөн аны Москвага алып бара алышкан эмес. Бул жактагы хирургдар опперация жасагандан кийин Сүймөнкулдун абалы жакшы болбоду. Оорусу күчөгөндөн күчөп отуруп ошол жылы сентябрь айында бу жарык дүйнө менен кош айтышкан. Сүймөнкул Чокморовдун үзүлүп бараткандагы акыркы керээз сөзү, “Жараткан өнөрлөрүмдү, сүрөттөрүмдү сактагыла, талаага таштабагыла, алар жаштар үчүн керек. Мен элим үчүн жанымды аябай кызмат кылдым. Менин жараткан сүрөттөрүмдүн бардыгы элдин мүлкү, жалпы элге таандык. Элдин байлыгы катары эсептелсин. Кийинки муундарга калтырган белегимдин барысын өнөрканама таштадым” деген сөз болгон. Сүймөнкул өзүнүн кыска өмүрүндө беш жүзгө жакын сүрөт жараткан, кинодо эмгектенген 20 жылдын ичинде жыйырмага жакын образдарды жаратып, республикадагы киноактёрлордун ичинен биринчи жолу эркектердин ролун беш жолу эң мыкты аткаргандыгы үчүн байгелерге арзып, калың катмарга таанылып, сүйүктүү актёр, элибиздин эң сыймыктуу атуулу болуп калган.
Бүгүнкү күндө Чокморовдун өзү арабызда жок болсо дагы анын экрандагы сакталып калган сүйкүмдүү элеси түбөлүккө кала бермекчи.

Жаны теманы тушунгонунорду же тушунбогонунорду «Кол конгуроо» техникасы аркылуу билуу жетиштуу болот .

Мен тушундум же тушундуруп бере алам дегендер-бармактарын жогору которушот.

Мен дагы эле тушуно элекмин дегендер-бармактарын томон тушурушот.

Мен анык тушундум деп айта албайм дегендер- манжаларын ачып корсотушот.

Кана балдар ,команданардын аттары бугун биз соз кылып жаткан каарманыбызга байланыштуу экен.Эмнелерди айтып бере аласынар. (Акындар ырларын айтышат,актерлор с.Чокморов менен маек аткарышат,суротчулор тартып келген суроттору жонундо суйлоп беришет). Азаматсынар балдар.

Сабакты бышыктоо: Балдар, «Ротация » методу менен сабакты бышыктайбыз.

Эмесе балдар,мен силерге бугунку теманы кандай тушунгонунорду билуу учун атайын суроолор жазылган карточкаларды даярдап келгем.Кайсы команда кобуроок жооп берерин коробуз.

Уйго тапшырма. С.Чокморов тууралуу эссе жазып келуу.

Баалоо: