| Балдар баарыбыз активдүү катышууга аракет жасайлы, анткени бул сабак абдан маанилүү, терең билимди камтыган тема. Балдар, бүгүнкү сабактан силер төмөндөгүдөй натыйжага ээ болушуңар керек. 1. Квадраттык үч мүчөнүн тамырын табуу; 2. Алынган тамырлардын негизинде квадраттык үч мүчөнү көбөйтүүчүлөргө ажыратуу; 3.Үч мүчөдөн эки мүчөнүн квадратын бөлүп алуу; 4. Мисал- маселе чыгаруу; 5. Достору менен билгендерин тең бөлүшүү; Эгерде балдар ушул аталган натыйжаларга жетсеңер, анда силер “эң жакшы” деген баа алып, “МЫКТЫ ОКУУЧУ” аталасыңар. Эгерде “жакшы” деген баа алсаңар “ЖАКШЫ ОКУУЧУ”, ал эми канааттандырарлык алсаңар “АРАКЕТЧИЛ ОКУУЧУ” аталасыңар. Силер бул күтүлүүчү натыйжаларды турмушта , практикада, ар кандай чөйрөдө колдоно билишиңер керек. Келечекте кайсы бир жумушка орношкондо да ошол чөйрөдө так, анык жыйынтыкты көрсөтүү керек. Мисалы IT тармагында, офисстик жумуштарда да аткара билүүнү үйрөнөсүңөр. Учурда IT тармагы абдан өнүгүү жолунда. |