СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математика боюнча олимпиадалык топтун иш планы

Категория: Алгебра

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Математика боюнча олимпиадалык топтун иш планы»



Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Ата-Журт” фракциясы























Кыргыз Республикасынын

улуттук саясат боюнча

мамлекеттик Концепциясы


































Бишкек – 2011ж.

Долбоор


Концепциянын долбоору

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаты,

Ата-Журт фракциясынын мүчөсү

Н.Нарматова тарабынан

киргизилүүдө



МАЗМУНУ



  1. Концепцияда колдонулган негизги түшүнүктөр жана терминдер ........3

  2. Кыргыз Республикасынын улуттук саясат боюнчамамлекеттик Концепциясын кабыл алуу зарылдыгы ........................................................9

  3. Жалпы жоболор ...........................................................................................11

  4. Улуттук саясаттынпринциптери...........................................................13

  5. Улуттук саясаттын максаттары...........................................................14

  6. Улуттук саясаттын милдеттери ........................................................... 15

1. Саясий жана мамлекеттик-укуктук чөйрөдө ................................... 15

2. Социалдык-экономикалык чөйрөдө........................................................ 17

3. Тил саясаты чөйрөсүндө ...................................................................... 18

4. Билим берүүжана илим чөйрөсүндө....................................................19

5. Маданият жана жаштарды тарбиялооо чөйрөсүндө.....................20

6. Этностор жана конфессиялар аралык мамилелер чөйрөсүндө........21

7. Жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндө ..............................22

8. Тышкы саясат чөйрөсүндө ...................................................................23

VII. Концепцияны жүзөгө ашыруу механизмдери ....................................... 23

  1. Концепцияда колдонулган негизги түшүнүктөр жана терминдер

Концепция — (лат. - conceptio) - 1) реформаларды, долбоорлорду, пландарды, программаларды жүзөгө ашырууда аракеттердин стратегиясын аныктоочу ой пикир; 2) коомдогу процесстерге жана көрүнүштөргө карата көз караштардын системасы.

Кыргыз Республикасынын улуттук саясат боюнчамамлекеттик Концепциясы - мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, этностук коомдук уюмдардын, жарандардын этностук өнүгүш жана улуттар аралык мамилелер чөйрөсүндөгү иш-аракеттерин жөнгө салуучу саясый-укуктук көз караштардын, дөөлөт-баалуулуктардын, принциптердин жана артыкчылыктардын багыттарын системалаштырган жыйындысы болуп саналат.

Улуттук саясат – мамлекеттин саясый иш-аракеттеринин курамдык бөлүгү, мында коомдун жашоо-турмушунун ар кандай чөйрөлөрүндө улуттар аралык мамилелерди жөнгө салуу көздөлөт.

Анын негизин төмөнкүлөр түзөт: бардык улуттагы адамдарга урматтоо менен мамиле жасоо, алардын ортосунда толеранттуулукту, сабырдуулукту калыптандыруу, улуттардын, этностордун кызматташуусуна жана жакындашуусуна басым коюу. Кайсы улутка таандык экендигине карабастан башкы дөөлөт-баалуулук катары адамдын өмүрү, укуктары жана эркиндиктери таанылат. Улуттук саясат бардык этностордун жана өзүнчө алганда ар бир адамдын эркин өнүгүшү үчүн мүмкүн болушунча жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталат. Улуттук саясаттын маани-маңызы – ар кандай этностордун мүдөөлөрүн мүмкүн болушунча бири бирине ылайыкташтыруу, аларды ар бир этноско, ар бир адамга урматтоо менен мамиле кылуу көз карашында жүзөгө ашыруу. Улуттук саясаттын маанилүү милдеттеринин бири – улуттук кыртышта келип чыгышы ыктымал чыр-чатактардын алдын алуу.

Адам укуктары — адам (социалдык жалпылыктын) менен мамлекеттин ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салуучу жана адамдардын белгилүү бир социалдык жана материалдык дөөлөттөргө ээ болушун камсыз кылуучу принциптердин жана ченемдердин системасы.

Басмырлоо (дискриминация) - (лат.- discrimitio - өзүнчөлөнтүү, айырмалоо) — расалык же улуттук таандыгына жараша, жынысы боюнча, диний жана саясый ынанымдары дагы ушул сыяктуу белгилер боюнча жарандардын айрым бир категорияларынын укуктарын чектөө же жокко чыгаруу.

Диаспора - (грек. - diaspora –таралып кетүү) — улуттун белгилүү бир бөлүгүнүн өзүнүн негизги тарыхый аймагынан (өнүгүш аймагынан) сырткары жерлерде жашагандар.

Дөөлөт - баалуулуктар – курчап турган дүйнөнүн объекттеринин адам, социалдык топ, бүтүндөй коом үчүн оң же терс мааниге ээ болушу. Бул маани аталган объекттердин өздүк сапаттары менен эмес, алардын адамзаттык жашоо-турмушунун, мүдөөлөрүнүн жана муктаждыктарынын, социалдык мамилелердин чөйрөсүнө тартылгандыгы менен аныкталат. Бул маанини аныктоонун критерийи жана ыкмалары адап-ахлактык принциптерде жана ченемдерде, идеалдарда, багыттарда, максаттарда камтылат. Дөөлөт-баалуулуктар материалдык, коомдук-саясый жана руханий баалуулуктар; оң жана терс баалуулуктар болуп бөлүнөт.

Жарандык — адамдын белгилүү бир мамлекет менен туруктуу укуктук байланышы. Ал мамлекеттин жана анын бийлигинде турган адамдардын ортосундагы өз ара мамиле катары көрүнөт: мамлекет адамдын укуктарын жана эркиндиктерин тааныйт жана кепилдейт, мамлекеттин чегинен тышкары жерлерде аны коргоого алат жана ага колдоо көрсөтөт. Өз кезегинде жаран мамлекеттин мыйзамдарын кынтыксыз сактайт жана өзүнө тагылган милдеттерди аткарат. Жарандыкты алуунун негизги жолдору – төрөлгөндө алуу жана башка мамлекетке өткөндө (натуралаштыруу тартибинде) алуу.

Курултай – элдик өкүлчүлүктүн тарыхыйжана салттуу органы, элдик жыйын, кыргыздардын мамлекеттик жана коомдук маанилүү маселелерди чечүүчү чогулушу. Азыркы шартта жана ушул Концепциянын алкагында бардык аймактык, кесиптик, этностук жана конфессиялык топтордун катышуусундагы элдик бийликтин органы.

Мамлекет — саясый системанын борбордук институту, коомдо саясый бийликти уюштуруунун өзгөчө формасы, ал мыйзамдаштырылган зордоону колдонуу жагында эгемендикке жана монополияга эгедер болот жана коомду башкарууну атайын механизм (аппарат) аркылуу жүзөгө ашырат.

Мамлекеттүүлүк – өз мамлекетин түзүүгө же аны ар кыл себептерден улам жоготуп алып, кайрадан калыбына келтирүүгө жетишкен өлкөлөрдүн (улуттардын, алардын топторунун д. у. с.) тарыхый өнүгүшүн тастыктоочу өзгөчө белги.

Мамлекеттик тил – мамлекетти түзүүчү улуттун тили, анын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкарууда, билим берүү жана маданият чөйрөсүндө, социалдык жана медициналык тейлөөдө, ишкердикте, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө артыкчылыктуу колдонулушу мыйзам түрүндө тастыкталат.

Расмий тил –мамлекеттик тил менен бирге улут аралык байланыштын тили катары кызмат кылган жана республиканын дүйнөлүк коомчулукка интеграциялануусуна өбөлгө түзгөн тил таанылат.

Салт (традиция, латынча - traditio – өткөрүп берүү) – социалдык жана маданий мурастын элементтери, алар муундан муунга өтөт жана белгилүү бир коомдордо, социалдык топтордо узак мезгил бою сакталып келет. Белгилүү бир коомдук эрежелер, жүрүм-турум ченемдери, дөөлөт-баалуулуктар, идеялар, каада-салттар дагы ушул сыяктуулар салт болуп саналат. Бул же тигил салттар ар кандай коомдо жана коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө жашайт.

Саясат (rpек. - politike – мамлекетти башкаруу өнөрү, ыгы) - өлкөдөгү коомдук мамилелер субъекттеринин ортосундагы өз ара карым-катышты, өз ара аракеттешүүнү, алардын мүнөзүн жана багытын билдирүүчү түшүнүк.

Саясат өз ара тыгыз байланышкан төмөндөгү үч аспекттин биримдигинен турат:1) коомдук турмуш чөйрөсү; 2) социалдык субъекттердин жигердүүлүүгүнүн бир түрү; 3) социалдык мамилелердин (адамдардын, чакан топтордун ортосундагы) тиби.

Саясатташтыруу –жашоо-турмуштун башка чөйрөлөрүнө саясаттын таасиринин күчөшү; коомдук турмуштун кандайдыр бир мааниге ээ болгон маселелерине саясый түс берүү; коомдун турмушунда мамлекеттин ролунун жогорулашы.

Сепаратизм (лат. - separatus – өзүнчө, айрым) – мамлекеттин бир бөлүгүн бөлүүгө, анын негизинде жаңы мамлекетти жаратууга, мамлекеттин бир бөлүгүнө улуттук, тилдик, диний белги-принциптер боюнча автономия алууга багытталган кыймыл.

Титулдук улут – эл аралык укукта мамлекетке аты берилген эл.

Улут- (лат. natio - уруу, эл) — адамдардын туруктуу тарыхый жалпылыгы, анын келип чыгуу тегинин, маданиятынын бир экендигинин, биргелешип чогуу жашоосунун жана коммуникациялардын (экономикалык, саясый жана башка) негизинде бара-бара калыптанат. Улуттун түзүмүндө этностук (теги, тили, маданияты), социалдык компоненттер (экономикалык турмуштун бирдиктүүлүгү, өнүккөн коммуникациялар жана топтук бирдейлештирүү) да бирдиктүү камтылат.

Улут элге (элдүүлүккө) салыштырганда жогору турган этностук категория болуп саналат жана адатта ал бир нече этносту өзүндө камтыйт. Адамдардын адабий тилдин, мектептин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирдиктүү стандарттарынын негизинде биригүүсү. Кээде улут түшүнүгү нагыз саясый бирикме катары каралат.

Улуттар аралык жарашуу – этностордун ортосунда чыккан чыр-чатактарды токтотуу, ынтымакка жетишүү, тынчтыкты камсыз кылуу максатын көздөөчү социалдык-саясый процесс.

Улуттук маселе – улуттардын, этностук коомдоштун ортосунда өз ара (экономикалык, аймактык, саясый, мамлекеттик-укуктук, маданий жана тилдик) мамилелешүү жана алардын ортосунда карама-каршылыктардын келип чыгуу себептери тууралуу маселе.

Улуттук мүдөөлөр -улуттун максаттарынан жана анын өз дөөлөт-баалуулуктары жөнүндөгү түшүнүктөрүнөн улам келип чыккан жана анын өмүр сүрүүсү, өнүгүүсү жана толукталуусу үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ болгон руханий-адеп-ахлактык, саясый. социалдык, экономикалык жана башка муктаждыктарынын жыйындысы. Кайсы улуттун болбосун башкы улуттук мүдөөсү - дүйнө курумундагы катаал чөйрөдө анын жашап кетүүсүн жана өнүгүүсүн камсыз кылуу.

Улуттук өзчүл аң-сезим – коомдоштук мүчөлөрүнүн өз тарыхы жана учурдагы ал-абалы, келечеги, ошондой эле башка этностук жалпылыктар арасындагы өз орду жөнүндө көз караштарын баалоолорун, ой-пикирлерин жана мамилелеринин жыйындысы.

Улутчулдук – бир маанисинде адамдын кандайдыр бир улуттук-саясый жалпылыкка таандык болуу сезимин тастыктоочу жана патриотизмдин синонимдери болуп эсептелүүчү символдор менен ынанымдардын системасы. Башка бир мааниде бул түшүнүк терс мүнөздө тастыкталат жана белгилүү бир улуттун же этностун башка этностук жалпылыктардан принциптүү айырмалуулугун тастыктоо идеологиясын чагылдырат.

Эгемендик – бийликтин үстөмдүгү, биримдиги, өз алдынчалыгы жана көз карандысыздыгы. Конституциялык укукта эгемендиктин төмөндөгү аспекттери (түрлөрү) бөлүнөт:

1) элдин эгемендиги же элдик эгемендик;

2) мамлекеттин эгемендиги;

3) улуттук эгемендик.

Экстремизм (лат. - extremus – чектен чыккан) — саясатта чектен чыгууга баруу, көбүн эсе ал колдонуудагы саясый ченемдерди, дөөлөт-баалуулуктарды, жол-жоболорду, саясый системанын уюштуруу негиздерин четке кагуудан, саясый туруктуулукту бузуп-жарууга жана учурдагы бийликти кулатууга умтулуудан көрүнөт. Ага башкача ой жүгүртүүгө, плюрализмге, консенсусту издөөгө караманча каршы туруу мүнөздүү.

Эл – саясый, социалдык жана этностук ар кыл жалпылыктарды тастыктоочу түшүнүк. Саясый-мамлекеттик мааниде “эл” түшүнүгү “улут” түшүнүгүнө караганда кеңири, ал өлкөдө жашап турган бардык адамдардын жалпылыгы катары каралат. Кыргызстандын конституциялык укугунда “эл” түшүнүгү (Кыргызстан эли) эгемендүүлүктүн ээси жана бийликтин бирден бир булагы катары тастыкталган.

Этнос (грек. - ethnos - уруу, эл) — белгилүү бир аймакта тарыхый жактан калыптанган жана маданиятынын, тилинин өзгөчө бир белгилерине, психологиялык өзүнчөлүгүнө ээ болгон, башкаларга карата алганда өзүнүн биримдигин жана айырмалуу экендигин аңдап-туйган адамдардын жалпылыгы. Бул термин этнографиялык мааниде “эл” деген түшүнүккө жакын.

Этносаясат — өлкөдөгү этностук топтордун ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салуу боюнча максаттуу, мамлекеттин тийиштүү саясый документтеринде жана укуктук актыларында тастыкталган иш-аракеттер.

Этносаясый чыр-чатактар - белгилүү бир деңгээлдеги уюштурулган саясый аракеттер жана коомдук кыймылдардын катышуусу, массалык тартипсиздиктердин орун алышы, сепараттык чыгуулардын болушу, жарандык согуштун башталышы менен мүнөздөлүүчү жана келип чыккан карама-каршылыктар этносттор арасында өтүүчү карама-каршылыктар. Учурдагы чыр-чатактарга этносаясый жактан баа берүүнүн маңызы - этностор аралык карама-каршылыктардын жыйылып-күчөө жана жайылуу мезгили көмүскө түрүндө кала бергендигинде. Ар кандай чыр-чатакта мындай көмүскө карама-каршылыктардын узактыгы ар башкача болот. Дал ушул көмүскө мезгилде чыр-чатактын этносаясый кудурет-күчү калыптанат, ошондой эле аларга катышуучу жактардын этностук статусун аңдап сезүү, өз этностук статусун башка этностук жалпылыктардын статусу менен салыштырып кароо жана аларга карата өз мамилесин калыптандыруу процесси жүрөт.

Этностук (улуттук) азчылыктар - өзүнүн негизги этностук аймагынын чегинен тышкары жерлерде, башкача айтканда, ушул улуттагы калктын негизги бөлүгү тарыхый жактан жашап келе жаткан аймактан тышкары жерлерде, бөлөк улуттук чөйрөдө жашаган, белгилүү бир улутка тиешелүү адамдардын жыйындысы. Аларды өздөрүнүн аймактык-экономикалык жалпылыгын эмес, тилдик, маданий, психологиялык жалпылыгын, ошондой эле өз каада-салттарынын жалпылыгын, белгилүү бир этноско таандыгын аңдап-туюу бириктирет.

Этностук (улуттук) мамилелер – улуттук–этностук өнүгүү субъекттеринин – этностук коомдоштуктардын ортосундагы мамилелер.

Этностук жалпылык – өзүнүн тилдик, руханий-маданий, социалдык-психологиялык менталдуулугун, турмуштук жашоо ыңгайын тутунган жана өзүн өз алдынча этностук жамаат катары сезген эл.









































  1. Улуттук саясат боюнча мамлекеттик концепцияны кабыл алуунун зарылдыгы

Кыргыз Республикасы эгемен мамлекет катары жарыялангандан кийинки мезгил анын мамлекеттик жана улуттук курумундагы көйгөй маселелерди ачыкка чыгарды. Мындай көйгөй маселелер айрыкча 2010-жылдагы улуттар аралык кыртышта пайда болгон чыр-чатактарда айгинеленди. Алар Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүнө, эгемендигине, аймактык бүтүндүгүнүн ал-абалына, мамлекеттин жалпы өнүгүп-өркүндөшүнө өтө терс таасирин тийгизди.

Мамлекеттик-укуктук, саясый, экономикалык жана социалдык көйгөй маселелери окшош, этнос маселелери ошол өлкөнүн өз өзгөчөлүгүнө жараша укуктук айдыңда жөнгө салынганмурдагы советтик айрым мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, мындай жөнгө салуу менен этностор аралык маселелер өтө курчуп кетүү даражасына жеткирилбейт. Бул мамлекеттерде эгемендештирүү мезгилинде эле алардагы этностук түзүмдүн субъектилери жөнүндө түшүнүктөргө, алардын статусуна мыйзам түрүндө аныктама берилген жана мамлекеттик тилдин өлкөнү башкарууда, конституциялык түзүлүштө, билим берүүдө, маданиятта, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана башка чөйрөлөрдө колдонулушунун механизмдери так аныкталган.

Ошентсе да Кыргыз Республикасында бул маселелерчала-чарбыт аракеттер аркылуужүзөгө ашырылып келди жана алар өлкөдөгү мамлекет түзүүчү улуттун жана этностук азчылыктардын менталдуулугуна туура келбеген стандарттар менен жүргүзүлдү. Улут маселесине тиешелүү укуктук актылар декларативдүү мүнөздө болуп, адатта, экинчи даражадагы маселелерге көңүл бурулуу менен, саясый эркти талап кылган чаралар көрүлгөн эмес. Сунушталган механизмалдыга коюлган милдеттерди жүзөгө ашырууну камсыздай алганэмес. Өлкөнүн тил саясатында дээрлик жыйырма жыл бою кош стандарт өкүм сүрүп келди, натыйжада алар мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө кедергисин тийгизди.

Ошол эле учурда Кыргызстандагы этностук жамааттар чогуу өмүр сүрүүнүн жана чарба жүргүзүүнүн, өз мүдөөлөрүн шайкештөөнүн, бири-бирине ыңгайлашуунун, ички жана тышкы коркунучтарга чогуу каршы туруунун көп кылымдардан бери келаткан бай тажрыйбасына эгедер. Алардын руханий дөөлөттөрү, материалдык жана рухий маданий мурастары, каада-салттары өзара бири-бирин байытуунун жана өзара түшүнүүчүлүктүн булагына айланган. Айкөл Манастын “Курама жыйып журт кылдым” осуяты эл ынтымагынын маани-маңызын айкындап турат. Ал эми Курманжан датка, Тилекмат аке, Шабдан баатыр жана башка тарыхый инсандар өз ишмердигинде ынтымак-ырашкерликтин, инсандык касиеттин кудурет-күчү канчалык зор экендигин, улуу идеялардын, максаттардын айланасына биригүү зарылчылыгын көрсөтө билишкен. Адатта өлкө үчүн тагдыр чечээр чечимдер Курултайда – кыргыздар үчүн салттуу элдик бийлик органында кабыл алынып келген.

Азыркы абалда улам жаңырган шарттарга ылайыкташкан, этностук процесстерди жөнгө салуучу жана алардын өнүгүүсүнүн оптималдуу жолдорун аныктоочу айкын улуттук саясаттын жоктугу этностор аралык мамилелердин чыңалуусунун негизги себептери болуп калды. Ушу тапта Кыргыз Республикасында жаралган жаңы жагдайларгаылайык, алардын өнүгүшүн тескей турганийкемдүү, максатка ылайык, айкын, так улут саясаты зарыл. Этностук көйгөйлүү маселелердин ашкере саясатташып кетиши Кыргызстанда этностук чөйрөнүн туруктуу жана бекем болушуна терс таасирин тийгизүүдө.

Кийинки мезгилде республикадагы этностор аралык мамилелердин турукташуу деңгээли кыйла төмөндөдү, мунун негизги себептеринин бири катары, биринчи кезекте, бул чөйрөдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жаатында кырдаалдын бүдөмүк бойдон калып жатышын белгилөө керек. Ошол эле учурда саясый айдыңда республикадагы этностук кырдаалды өз мүдөөлөрү үчүн пайдаланууну көздөгөн күчтөрдүн жанданганы болду.

Этностор аралык мамилелердеги чыңалууну жаратууга өбөлгө болгон экономикалык жана социалдык шарттар тийиштүү деңгээлде эске алынбай жана бааланбай келе жатат. Жакырчылык, массалык депрессия, руханий жардылык, максат-мүдөөлөрдү жоготуу, мамлекеттик органдардагы коррупция адамдарда экстремисттик маанайдын күчөшүнө өбөлгө түзүүдө. Ал эми айрым бир социалдык курч, көйгөй маселелер этностук боёкко ээ болууда.

Учурда Кыргызстан этностор аралык жана конфессиялар аралык мамилелерди башкаруу чөйрөсүндө айкын саясый багытты аныктап алууга мурдагыдан айрыкча муктаж болуп турат. Болуп өткөн жаңжалдан кийинки окуяларга адаттагыдай көнүмүш мамиле жасоо менен чара көрүү саясаты экономикалык жана этностук чөйрөдө кырдаалдын курчуп кетишинин зор тобокелчилигин жана кооптуулугун жаратат.


Өлкөнүн бүгүнкү өнүгүш шартында Улуттук саясат боюнча мамлекеттик Концепцияны (мындан ары Концепция) иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарылчылыгы Кыргызстан элинин тынчтыкта жана ынтымакта чогуу жашоого умтулуусу, этникалык кыртышта чыр-чатак чыгарбоо, өлкө түштүгүндөгү 2010-жылдын июнундагыдай окуялардан кайталанышына бөгөт коюу тилеги менен түшүндүрүлөт.

Бул Концепциянын олуттуулугу- анын өзөгүнө Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөө, эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн сактап калуу, өлкөнүн өнүгүшүн камсыз кылуу идеялары пайдубал катары берилгендигинде. Маселеге принциптүү мамиле жасоонун негизи катары адам укуктарын сактоо, этностук, маданий, тилдик, диний жана башка бирдейлигин камсыз кылуу жетекчиликке алынды.Концепциянын максаттары коомдо ынтымак-ырашкерчиликти орнотууну, улуттук биримдикти камсыз кылууну, этностор, конфессиялар аралык процесстерди калыптандырууну жана башкарууну көздөйт. Концепцияда улут саясатынын субъекттери, алардын таасир этүү чөйрөлөрү жана коомдук этномаданий бирикмелер, Жогорку Кеңештин этнос, конфессия аралык саясат кеңеши, Кыргызстан элинин Курултайы сыяктуу уюштуруу формалары аныкталды. Концепцияда коюлган милдеттердиаткаруу анын тийиштүү укуктук базасын түзүү жана жүзөгө ашыруу механизмин иштеп чыгуу аркылуу камсыз кылынат.

  1. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын улуттук саясаты мамлекет тарабынан этникалык мамилелер чөйрөсүндө жүзөгө ашырылуучу,улуттук мүдөөлөрдүжана келип чыккан карама-каршылыктарды чечүүгө багытталган аракеттердин жана чаралардын системасы. Ал улуттук маселедеги, мамлекеттин мүдөөлөрүнаныктоодогу, этностор аралык мамилелерди өнүктүрүүдөгү, этностордун маданий-тилдик өнүгүшүндөгү стратегиялык багыттарды көрсөтүүчүмамлекеттик саясаттын курамдык бөлүгү болуп саналат.

Көп этностуу коомду түзгөн Кыргызстан үчүн улуттук биримдикти калыптандыруу жана чыңдоо мамлекеттин туруктуулугун, коопсуздугун, аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин камсыз кылуунун, анын социалдык-экономикалык жана саясый өнүгүшүнүн стратегиялык артыкчылыктарын жүзөгө ашыруунун негизги шарттарынын бири болуп саналат.

Кыргызстанда этностук чөйрө буга чейин жетиштүү пайдаланылбай келген зор кудуретке эгедер. Этностук өнүгүү идеясынын маңызы- Кыргызстан үчүн көп түрдүүлүкчыңалуунун булагы эмес, тескерисинче,социалдык, экономикалык өнүгүүнүн маанилүү ресурстарынын бири боло алгандыгында. Өлкөдөгү ар кандай этностук топторго таандык тургундардын көпчүлүгүреспубликадагыбүткүл эл жалпы мамлекеттик көйгөйлүү маселелерди чечүү зарылчылыгынын алдында тургандыгын жакшы түшүнөт.

Концепция саясий-укуктук көз караштардын, баалуу багыттардын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын,этностуккоомдук уюмдардын,республиканын жарандарынын этностук өнүгүү жана улуттар аралык мамилелер чөйрөсүндөгү бүткүл иш-аракеттерин жөнгө салуучупринциптердин жана артыкчылыктуу багыттардын системалаштырылган жыйындысы болуп саналат.

Саясый-укуктук акт катары бул Концепция өлкөдөгүсоциалдык, саясый жана экономикалык жалпытуруктуулукту,мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу өзара аракеттенүүсүн, Кыргызстан элинин этностор аралык, жарандык бейпилдигин камсыздоого,диний ишенимдерди урматтоого,этностук-маданий өзара баюунунсалттарынөнүктүрүүгө багытталган.

Түзүмдүкжагынанулуттук саясатар кандай мөөнөттүк жана мейкиндик компоненттерден,жүзөгө ашыруу этаптарынан,артыкчылыктуу багыттардантурат. Улуттук саясаттаузак мезгилге эсептелген стратегиялар, концептуалдуу мамилени,программалык пландаштырууну талап кылган максаттар жана милдеттер, ошондой эле жакынкы мезгилде ишке ашырылуучу милдеттерда көрсөтүлгөн. Алмамлекеттин экономикалык, социалдык, маданий-билим берүү, тилдик, демографиялык жана башка түрдөгү саясаты менен тыгыз байланышта.

Улуттук саясаттынбазалык элементи болуп Кыргызстан коомун интеграциялоочу жана бириктирип, баш коштуруучу чордон катарыкыргыз улутун максаттуу өнүктүрүү саналат. Өлкөдөэтностук-саясый кырдаалды иш жүзүндө жакшыртуу жана кыргызэлинин өз өлкөсү үчүн моралдык жоопкерчилигин белгилөө иши калктын көпчүлүк бөлүгүн азчылык бөлүгүнөн айырмалап коргоонун кандайдыр бир институциялык шарттарын түзүү менен камсыз кылуудаэмес. Бул кыргыздардын өздөрүнүн коомду улуттук интеграциялоо ишиндеги анык ордун жана ролун аңдап түшүнүүсүнө жана Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген башка этностукөкүлдөрдүн өз Ата Мекени үчүн мекенчилдикой-сезимдерин калыптандырууга жетишүү жолу менен камсыз кылынышы керек. Өлкөдөгү бакыбаттуулукту, туруктуулукту,бейпилдикти жана ынтымактуулукту камсыз кылууолуттуу деңгээлдетүпкүлүктүүулуттун Кыргызстан калкын түзүп турганбашка этностук топтор менен бирдикте өзара мамилекуруусунажана кызматташуусуна жараша болот.

Ушул Концепция өлкөнүн көз карандысыздыгын жана эгемендүүлүгүн өнүктүрүү жана чыңдоо,Кыргызстан элин баш коштуруу багытында социалдык-экономикалык жана маданий саясатты жүргүзүүдөмамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүнбазалык документ болуп эсептелет.

Концепция өзүнө улуттук саясат чөйрөсүндө бышып жетилген көйгөй маселелерди чечүүгө багытталган жалпы, принциптүү мамилелерди камтыйт.

Концепция Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актылардын жанаадам укуктарынын этностук, тилдик коомдоштуктарга тиешеси бар эл аралык укуктардын жоболоруна негизделет. Атап айтканда: Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюужана жарандардын укуктары жөнүндө эл аралык конвенция; Улуттук азчылыктарды коргоо жөнүндө алкактык конвенция (Страсбург, 1995-жыл,1-февраль) ETS №157; Региондук тилдер жана азчылыктардын тилдери жөнүндө Европалык Хартия (Страсбург, 1992-жыл,5-ноябрь) ETS №148; Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт (1966-ж.); Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакт (1966-ж.); Бириккен Улуттар Уюмунун улуттук же этностук, диний же тилдик азчылыктарга кирген адамдардын укуктары жөнүндө декларациясы (1992-ж.) жана башкалар.

Бул Концепцияны иштеп чыгууда советтик доордон кийинки айдыңдагы, башка чет өлкөлөрдөгү этностор аралык жана конфессиялар аралык процесстерди жөнгө салуунун тажрыйбасы, 2010-жылдагы июнь коогалаңын иликтөө боюнча Улуттук жана Парламенттик комиссиялардын сунуштары эске алынды.

  1. Улуттук саясаттын принциптери

Улуттук саясат төмөндөгү принциптерге негизделет:

  1. Адам укуктарынын артыкчылыктарын Адам укуктарынын жалпы Декларациясына ылайык таануу жана Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өзүнүн экономикалык, социалдык жана маданий укуктарын, ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн, эгемендүүлүгүн чыңдоого жана аймактык бүтүндүгүн сактоого багытталган жарандык жана саясий укуктарын пайдалана ала турган шарттарды түзүү.

  2. Демократиялык процесстердин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, эл аралык ченемдик актылардын алкагында ар бир этностук жалпылыктын эркин өнүгүшү жана расалык, этностук, конфессиялык таандыгына карап чектөөгө, кысымга алууга жол бербөө.

  3. Мамлекеттик жана аймактык бүтүндүктү, эгемендүүлүктү, жалпы улуттук коопсуздукту ыдыратып бузууга, Кыргызстан элинин биримдигин бөлүп-жарууга, улуттар, конфессиялар, урууларарасында араздашууну жаратууга, жердешчилик боюнча бөлүүгө, аталган белгилер боюнча касташууну жана жек көрүүнүжаратууга багытталган иш-аракеттерге тыюу салуу.

  4. Ар бир жарандын эч кандай мажбурлоосуз өзүнүн улуттук таандуулугун аныктоожана көрсөтүү укугун,өз эне тилинде билим алуу жана маалымат алууукугун, диний ишенимди тутунуу укугун камсыз кылуу.

  5. Кыргызстан элинин тарыхый-маданий мурасына жана улуттук дөөлөт-энчисине аяр жана сак мамиле жасоо.

  6. Этностук таандыгына карабастан инсандын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо.

  7. Кыргызстан эли - бул кыргыздардын жана этностор аралык процесстердин субъектиси катары Кыргыз Республикасындажашаган бардык башка этностордун органикалык биримдиги экендигин бүткүл калктын аңдап түшүнүүсүнө жетишүү.

  8. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлердеги кыргыз диаспораларынын укуктары жана мүдөөлөрү мамлекет тарабынан корголушун камсыз кылуу, кыргыз тилин, маданиятын, улуттук үрп-адаттарын жана каада-салттарын сактоого жана өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү.

  1. Улуттук саясаттын максаттары

Улуттук саясаттын максаты Кыргызстандагы бардык этностордун өнүгүшү жана өмүр сүрүүсү үчүн зарыл болгон укуктук, саясый, экономикалык, социалдык, маданий, башка шарттарды түзүү, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бекемдөө, Кыргызстан элинин биримдигин камсыз кылуу болуп саналат.

Улуттук саясаттын негизги максаттары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

  1. Кыргызстандын эң негизги руханий жана материалдык байлыгы, өлкө өнүгүүсүнүннегизин түптөөчү фактор катары эл биримдигин камсыз кылуу, ага шек келтирүүгө, кол салууга мыйзамдык бөгөт коюу.

  2. Кыргызстанда болуп жаткан коомдук-саясий процесстер, анын өзгөчөлүктөрү эске алынган мамлекеттик программалары жана долбоорлору менен бекемделген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, эл аралык укуктун нормаларына жана принциптерине негизделген, бардык этностук коомдоштуктардын мамлекеттин турмушуна, этностор аралык ынтымакты, тынчтыкты чыңдоого жана өлкөнүн гүлдөөсүнө толук катышуусун камсыз кылуучу этностук процесстерди башкаруу механизимдерин жана этностор аралык сүйлөшүүлөрдүн цивилизациялык формаларын өркүндөтүү.

  3. Ички жана тышкы саясаттын ар түрдүү чөйрөлөрүндө өлкөнүн өнүгүүсүн, мамлекеттүүлүгүн жана эгемендүүлүгүнчыңдоону камсыз кылуучу жалпы улуттук кызыкчылыктарды жүзөгө ашыруу максатында бүткүл коомду бириктирүү.

  4. Кыргызстандагы салттуу диндер менен мамлекеттин ортосундагы алаканын, кызматташуунун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүаркылуу өлкөдө тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылууга, этностор жана конфессиялар аралык чыр-чатактарды алдын алууга, Кыргызстан элинин салттык руханий дөөлөт-баалуулуктарын бүлүндүрүүчү диний бузуп-жаргыч иш-аракеттерге биргелешип каршы турууга багыттоо.

  5. Коомдук этномаданий бирикмелер, Жогорку Кеңештин этностор жана конфессиялар аралык саясат боюнча Кеңеши, Кыргызстан элинин Курултайы жана башка ушул сыяктуу субъекттерди, алардын таасир этүүчү жана уюмдашуу формаларын аныктоо.



  1. Улуттук саясаттынмилдеттери

Улуттук саясаттын милдеттери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:


1. Саясий жана мамлекеттик-укуктук чөйрөдө:

1.1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн бекемдөө, аларды кыйратып, жок кылууга багытталган ички жана тышкы күчтөргө жигердүүкаршылык көрсөтүү.

1.2.Биргелешип өмүр сүрүүнүн жана келечекке карай умтулуунун жалпы мүдөөлөрүн, калыптанып калган моралдык жана маданий дөөлөт-баалуулуктарды тааныган, мыйзамдарды сактаган Кыргызстан жарандарынын Конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин толук камсыз кылуу максатында улуттук саясатты жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү.

1.3.Республикадагыбийликтин бардык бутактарында жана деңгээлдеринде улут саясатын жүзөгө ашырууга, этностор, конфессиялар аралык мамилелерди шайкеш алып жүрүүгө, Кыргызстанды эгемен жана заманбап өнүгүп жаткан мамлекет катары бекемдөөгө багытталган иш-аракеттерди координациялоо.

    1. Кыргызстан коомунун интеграциялоочу жана баш коштуруучу уюткусу катарында кыргыз улутун максатка ылайыктуу өнүктүрүү.

    2. Этностук азчылыкка таандык адамдарга адам укугу жаатында жалпы таанылган эл аралык нормаларга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык, саясий, социалдык, экономикалык, маданий укуктарына жана эркиндигине кепилдик берүү.

    3. Этностук азчылыктардын коомдун жана мамлекеттин турмушуна катышуу, айрыкча жергиликтүү деңгээлде алардын таламдарын коргоого тийиштүү маселелерди чечүүдөгү укуктарын камсыз кылуу, алардын этностук, тилдик, маданий жана диний өзгөчөлүгүн сактоо жана өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттин милдеттерин аткаруу.

1.7. Этностук таандыгына карабастан жарандарды укуктук жактан иш жүзүндөкоргоону камсыз кылуу, улуттук касташууну жана сепаратизмди тутандыргандыгы, этностук жана тилдик белгилери боюнча вандализм, бузуп-талкалоо, зордук-зомбулук актыларын жасоого көкүткөндүгү жана бул жагдайда жарандардын укуктарын бузгандыгы үчүн жазалоонунайныксыздыгын камсыздоо.

1.8.Этностор аралык мамилелер чөйрөсүндө өлкөнүн өнүгүшүнөкарата тобокелчиликтерди жана коопчулуктарды жараткан терскөрүнүштөрдү айкындоо, алардын алдын алуу жана аларды ооздуктообагытында укук системасын жана укук коргоо ишмердигин өркүндөтүү.

1.9. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ар кыл формаларды, элдик демилгенин жана дипломатиянын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу аркылуу чыр-чатактуу кырдаалдарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу ыкмаларын колдонуу.

1.10.Этностор аралык мамилелерди саясатташтырууга, аларды Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн жана эгемендигининнегизин бузуп-жаруу максатында коомдук-саясый кырдаалды курчутуу үчүн пайдаланууга жол бербөө.

1.11.Мамлекеттик кадр саясатын кесипкөйлүк жана компетенттүүлүк критерийлерине, жоопкерчилик сезимине,өлкөнү өнүктүрүү идеалдарына берилгендикке негизденип,бул үчүн этностук, диний, мүлктүк, аймактык жана башка белгилер боюнча ар кандай басмырлоону жокко чыгаруу менен жүргүзүү.

1.12.Мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Улуттук саясаттынмамлекеттик концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча эриш-аркак аракеттенүү системасын түзүү, этностук жана конфессиялар аралык мамилелерди айкалыштыруу.

1.13.Чет өлкөлүк адамдарга Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамдарда белгиленген талаптарга жана чектөөлөргөылайык,алардын билимине, курагына, кесибине, мамлекеттик тилди билүү деңгээлине, финансылык каражатынын болушуна, тикелей туугандык байланыштарына жараша берүү.

1.14.Этностор аралык мамилелербоюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, алардын жыйынтыктарына таянуу аркылуу этностор аралык мамилелерди өркүндөтүү, улуттук жана диний кыртышта келип чыккан чыр-чатактуу кырдаалдарды алдын алуу, аларды саясый күрөштө колдонууга жол бербөө багытында иш-чараларды иштеп чыгуу.

1.15.Толеранттуулуктун жана маданий көп түрдүүлүктүннегизинде Кыргызстанда тынчтыкта жана зомбулуксуз жашоомаданиятын калыптандыруу процессине саясий партияларды, коомдук уюмдарды, этномаданий борборлорду, салттуу конфессиялык бирикмелерди жана мамлекеттик органдардытартуу.

1.16.Заманбап жана өнүккөн Кыргызстанды куруу багытын көздөө мененар кыл этностор жана конфессиялар аралык тил табышууга жетишүү, ар кандай этностук жана диний жалпылыктарга кирген адамдардын ортосунда өзара түшүнүшүүнү бекемдөөмаксатында мамлекеттин, жарандык коомдун жана үй-бүлө институтунункүч-аракеттерин бириктирүү.

2. Социалдык-экономикалык чөйрөдө:

2.1.Этностор аралык ынтымакты өнүктүрүү багытында күч-аракет жумшаган чарбакер субъекттерге колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу.

2.2.Өлкөнүн бардык аймактарында жакырчылыктан арылууга, мүлк ажырымын кыскартууну, жумушсуздукту жоюуга, мамлекеттин бардык аймактарында коррупция менен күрөшүүнү, бардык жарандарды жалпы мамлекеттик максаттар боюнча чечим кабыл алуу ишине кеңири тартууга багытталган мамлекеттик чараларды кабыл алуу.

2.3.Аймактарды өнүктүрүүгө, калкты жумушменен камсыз кылууга, калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн жана жашоо деңгээлин жогорулатууга, ишкердик жигерди арттырууга, инвестициялык салымдарды көбөйтүүгө багытталган улуттук долбоорлорду иштеп чыгууга бардык этностук коомдоштуктардын өкүлдөрүн тартуу.

2.4. Өлкөнүн экономикасына сырткы таасирлердин, турмуш-тиричиликтин эң керектүү товарларына баанын өсүшүнөн, жашоо-турмуштун жана калктын аялуу катмарларын социалдык жактан коргоо наркынын өсүү кесепеттеринен арылуу.

2.5. Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жалпы улуттук идеяларын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүүчү адам ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында этностук коомдоштуктардын өкүлдөрүн мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштерине тартуу.

3. Тил саясаты чөйрөсүндө:

3.1.Өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук турмушунун бардык чөйрөлөрүндө жарандардын өз эне тилинде билим жана маалымат алуу укугун камсыз кылуудабалансталган мамиле жасоо.

3.2. Мамлекеттик, муниципалдык, илим жана билим берүү мекемелеринде, коомдук жана башка уюмдарда, жалпы улуттук медиа айдыңында Кыргызстандын бардык этностору мамлекеттик тилди кеңири колдонуусуна укуктук көмөк көрсөтүүнү жана буга жүйөө түзүүнү камсыз кылуу.

3.3. Этностук азчылыктардын тилдик өзүнчөлүгүн, этностук (эне) тилди пайдалануу, байланыш тилин, тарбиялоону, окутууну жана чыгармачылыкты аларга берилген мүмкүнчүлүккө жараша эркин тандоону сактоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттин кепилдиги жана милдеттери.

3.4. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамга ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл көлөмдө мамлекеттик тилди билүүсү боюнча квалификациялык талаптардын системасын түзүү жана аны колдонууга киргизүү.

3.5.Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик тилде иш жүргүзүүнү, ал эми мыйзамдарда каралган учурларда – расмий тилде да иш жүргүзүүнү камсыздоо.

3.6.Мамлекеттик тилди окутуунун методикасын өркүндөтүү, мында билим берүүнүн заманбап жана компьютердик технологияларын колдонуу, орус тили жанабашка чет тилдерден кыргыз тилине тексттерди автоматтык түрдө которууну камсыз кылуучу программалык иштелмелерди пайдалануу.

3.7. Өз кызматтык милдеттерин аткаруу жана калк менен баарлашуу үчүн“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамда белгиленген мамлекеттик тил минимумун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, башка адамдардын билүүсүн камсыздоо максатында шаарлардын, райондордун деңгээлинде, жогорку окуу жайларда жана башка мекемелерде, анын ичинде жеке менчик мекемелердемамлекеттик тилди үйрөтүүчү борборлордун тармактарын кеңейтүү.

3.8.Кыргыз тилинин азыркы терминдик сөздүктөрүн ар кыл багыттар боюнча (саясат, экономика, техника, менеджмент, ишкердик, сөз куроо ж.б.) иштеп чыгуу жана интернет, басма каражаттары аркылуу алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.

3.9.Кыргызстандыктардын орус тилин жана башка дүйнөлүк тилдерди билүүсү боюнча учурда жетишилген деңгээлин жана сапатын сактап калууга көмөк көрсөтүү.

4. Билим берүү жана илим чөйрөсүндө:

4.1.Жалпы адамзаттык дөөлөттөргө, конституциялык ченемдерге, адам укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого, өлкөнүн мамлекеттүүлүгүн жана эгемендигин бекемдөөгө негизделген баалуулук багыттарынын системасын өнүктүрүү.

4.2.Этномаданий мейкиндикти жана коомдук мамилелерди калыптандыруу процессинде билим берүүнүн жана мамлекеттин билим берүү жаатындагы саясатынын аныктоочу ролун камсыз кылуу. Билим берүүгө жана билимдүү жаштарга басым коюуну Кыргызстандын XXI кылымдагы экономикалык өсүшүнүн жана социалдык-маданий өнүгүшүнүн артыкчылыктарынын бири катары эсептөө.

4.3. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында “бала бакча – мектеп – жогорку окуу жайы” түрүндө мамлекеттик тилде билим берүү вертикалын калыптандыруу. Кесиптик (атайын орто, жогорку) билим берүү тармактарынын кыргыз тилинде толук кандуу иштөөсүн орус, англис жана башка тилдер менен катар камсыз кылуу.

4.4. Кыргызстан элинин жалпы руханий баалуулуктарынын, каада-салттарынын системасын өздөштүрүүгө мүмкүндүк берүүчү билимдин зарыл көлөмүн аныктоо жана өткөрүп берүү.

4.5.Мамлекеттик тил саясатын жүргүзүү жана сапаттуу билим берүү аркылуу этностук-маданий мейкиндикти калыптандыруу, титулдук улутту жана этностук азчылыктарды бирдиктүү Кыргызстан эли катары баш коштуруу.

4.6.Окутууну мамлекеттик тилде жана Кыргызстандагы этностордун тилдеринде жүргүзүүчү мугалим кадрларды даярдоонун системасын ар дайым өркүндөтүп туруу.

4.7.Иштиктүү, окуу, илимий, көркөм жана башка адабияттарды кыргыз тилине которууну жаңы технологиялар, илимдин, техниканын жетишкендиктери, чарба жүргүзүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасы менен таанышуу, кризистик көрүнүштөрдөн арылуу, демократиялык коомду жана рынок экономикасын куруу, дүйнөлүк адабиятка жана маданиятка аралашуу максатында жүргүзүү.

5. Маданият жана жаштарга тарбияберүү чөйрөсүндө:

5.1.Кыргызстан элинин жана этносторунун тарыхый-маданий өзүнчөлүгүн, ошондой эле маданий көп түрдүүлүгүн сактоо, өнүктүрүү жана буга мамлекеттик колдоо көрсөтүү, коомдун руханий-адептик салттарын жана негиздерин кайра жандандыруу.

5.2.Ар кандай коомдоштуктун ар бир жаранынын маданий турмушка катышуу жана маданий мекемелерди пайдалануу, маданий дөөлөттөргө, өзүнүн өзүнчөлүгүн жана маданиятын сактоого жана өнүктүрүүгө жетише алуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле саясий, экономикалык жана укуктук чаралар менен мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө жана коргоого камсыз болуу укугун сактоо.

5.3.Билим берүү, маданият системаларын жана жалпыга маалымдоо каражаттарын жигердүү пайдалануу аркылуу өсүп келе жаткан муунду мамлекеттик тилге, кыргыз маданиятына урматтоо менен мамиле кылууга жана өздөрүнүн жалпы Мекени катарында Кыргызстандын тарыхын урматтооготарбиялоо.

5.4.Жаштарда ыйманды, адептүүлүктү, ар-намыстуулукту калыптандыруубоюнча маданий-агартуу ишин жүргүзүү, алардындөөлөт-баалуулук багыттарына залал келтирүүчү социалдык, руханий жана диний маданияттардын жаштар арасында таралышына каршы аракеттерди көрүү;

5.5. Кыргызстан элдеринин улуттук тарыхый-маданий дөөлөттөрүн сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган элдик чыгармачылык жамааттарды, китепканаларды, көркөм өнөрканаларды түзүүнү, улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүнү, улуттук жана этностор аралык фестивалдарды, жарменкелерди жана башка иш чараларды өткөрүүнү колдоо.

5.6.Кыргызстан элинин маданиятын тааныткан кесипкөй жана элдик көркөм жамааттардын ишмердиктери үчүн шарттарды түзүү.

5.7. Маданий жана маалыматтык чөйрөнүн көп түрдүүлүгүн өнүктүрүү, Кыргызстандын өнүгүүсүнө терс таасир тийгизип, беделин түшүрүүгө, жаман атты кылууга багытталган маалыматтык экспансияга, маалымат согуштарына каршы чечкиндүү аракеттерди жүргүзүү.

6. Этностор жана конфессиялар аралык мамилелер чөйрөсүндө:

6.1.Этностор, конфессиялар аралык баарлашууну, коомдо өз ара түшүнүшүүнүжана турукташууну бекемдөө максатындамамлекет менен этностук,диний бирикмелердин ортосунда өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү.

6.2.Кыргызстандагы салттык диндердин өнүгүү тарыхын, алардын тынчтыкты орнотууозуйпасын, конфессиялар аралык кызматташтыктын салттарын иликтеп үйрөнүү аркылуумамлекеттүүлүктү бекемдөөгө салым кошуусун камсыз кылуу.

6.3.Мамлекеттин, диний бирикмелердин жана үй-бүлө институтунун коомдогу адеп-ахлактык багыттарды чыңдоо, үй-бүлөнүн ролун көтөрүү, баңгиликке, аракечтикке, балдардын, өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугунун таралышына, балдардын кароосуздугунун өсүшүнө каршы күрөшүү боюнчабиргелешип иштөөсүнө жетишүү.

6.4.Мамлекеттин жана этноконфессиялык бирикмелердин жарандык каада-салттарды, аш-тойлорду, мааракелерди өткөрүүдө ашкере чыгымдарды азайтуу, үй-бүлөлүк каржыны, жарандардын кирешелерин сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдаланууну үгүттөө боюнча иш-чараларды иштеп чыгуусуна жана жүргүзүүсүнө колдоо көрсөтүү.

6.5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде этносторжана конфессиялар аралык Кеңешти түзүү, анын милдеттери катары улуттук жана конфессиясаясаты боюнча сунуштарды иштеп чыгууну, ар кандай этностордун, конфессиялардын мүдөөлөрүн өз ара ылайыкташтырууну, ушул концепциянын максаттары менен милдеттеринин аткарылуусун камсыздоо.

6.6. Мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлик бутактары жана өлкө жетекчилиги үчүн мамлекеттик эң маанилүү чечимдерди кабыл алууда сунуштарды иштеп чыгуу жана насааттарды берүү максатында Кыргызстан элинин Курултайын этностор жана конфессиялар аралык процесстерге жигердүү тартуу.

6.7.Этностук-маданий коомдук бирикмелердин потенциалын аракетке келтирүү, алардын ишин түзүүнүн жана уюштуруунун укуктук негизин аныктоо, ар кандай этностук топтордун адамдарына этностук маданий өнүгүүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келбеген жолдорун жана формаларын тандоо кепилдиги.

6.8.Экстремизмдин, сепаратизмдин жана терроризмдин жайылышына каршы аракеттенүү максатында калк ичинде, өзгөчө жаштар арасында маалыматтык-агартуу иштерин жүргүзүү.



7. Жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндө:

7.1.Этностор жана конфессиялар аралык мамилелерди ЖМК аркылуу чагылдыруу маселелеринде журналисттер, саясатчылар, коомдук ишмерлер, окумуштуулар жана башкалар тарабынан адеп-ахлактык ченемдерди жана кесипкөйлүктү сактоо, бул ченемдерди бузууга жол бергендерди ачык жарыялоожана айыптоо.

7.2.Басылма жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарында кыргыз тилинин адабий ченемдерин, жаңы терминдерди, азыркы учурдагы фразеологиялык туюнтмаларды сабаттуу колдонууну камсыз кылуу, башка тилдерде жүргүзүлгөн таанып билдиргич, документтик жана кеңири белгилүү теле берүүлөрдү кыргызча котормо менен коштоо, телерадио компаниялардын берүүлөрүндө мамлекеттик тил боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоо.

7.3.Колдонуудагы мыйзамдардын алкагында өлкөдөгү этностор жана конфессиялар аралык кырдаалга тескери таасирин тийгизүүчү, Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн, элинин биримдигин, этностордун салттуу, адептик дөөлөт-баалуулуктарын, социалдык, руханий, диний маданиятын бузуп-жаруучу материалдардын жалпыга маалымдоо каражаттарындажарыяланышына жол бербөө жана анын алдын алуу.

7.4.Мамлекеттик тилдегиинтернет-ресурстарды өнүктүрүү жана алардын алыскы аймактардагы интернет пайдалануучуларга, айрыкча бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарга кеңири жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.

7.5.Маданият жана жалпыга маалымдоо каражаттар чөйрөсүндө этностук топтордунтилдерин колдонууга көмөк көрсөтүү жана бул үчүн шарттарды түзүү, мамлекеттик радио жана телеберүүдөн этностук азчылыктардын тилинде берүүлөрдү уюштурууну камсыз кылуу.

7.6. Улуттук саясат чөйрөсүндө маалыматтык жана гуманитардык коопсуздукту камсыз кылуу.

8. Тышкы саясат чөйрөсүндө:

8.1.Кыргыз Республикасын адамдын, этностук азчылыктардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы жалпы кабыл алынган стандарттарды тааныган жана колдонгон, этностор аралык жана конфессиялараралык мамилелерде келип чыккан көйгөйлүү маселелерди чечүүгө, алардын негизинде жаңжалдардын чыгып кетүүсүнө жол бербөөгө умтулган, заманбап демократиялык мамлекет, эл аралык коомчулуктун мүчөсү катары максаттуу үгүт-насыят иштерин жүргүзүү.

8.2.Ички жана тышкы миграция процесстерин мамлекеттик жөнгө салуу, өлкөнүн чегинен сырткары жерлерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын мамлекеттин укуктук жактан коргоосун камсыз кылуу.

8.3.Жашаган жерине жана жарандыгына карабастан Кыргызстан бардык кыргыздар үчүн өз Мекени болуп саналарын түшүнүүгө көмөк берүү максатында чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспоралары менен маданият, билим берүү,экономика жагындагы байланыштарды колдоого алуу, өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.

8.4.Кыргызстандагы ар кыл этносторду маданий жактан өнүктүрүү маселелери боюнча чет өлкөлөр менен кызматташтыкты тереңдетүү, улуттук азчылыктардын укуктарын коргоо жөнүндө эл аралык макулдашууларды жүзөгө ашыруу.

VII. Концепцияны жүзөгө ашыруунун механизмдери

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши этностук жана диний мамилелерди жөнгө салуу жана ушул Концепциянын жоболорун жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алат жана аларга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүушунун негизинде өздөрүнүн тийиштүү ченемдик актыларын чыгарат, этностук-маданий өнүктүрүү программаларын иштеп чыгат, алардын аткарылышын зарыл ресурстар менен камсыз кылат, уюштурат.

Бул механизм иш-аракеттердин төмөндөгү түрлөрүн өзүнө камтыйт:

1. Ченемдик-укуктук ишмердик

Жогорку Кеңештин кароосуна төмөндөгү мыйзамдардын долбоорлору киргизилет:

- “Кыргызстанэлинин Курултайы жөнүндө”;

- “Кыргыз Республикасындагы этностук азчылыктар жөнүндө”;

- “Кыргыз Республикасындагы этностук-маданий бирикмелер жөнүндө”;

- “Кыргыз Республикасындагы салттык диндер жөнүндө”;

-Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары.



Төмөндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет:

- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”;

- “Маданият жөнүндө”;

- “Билим берүү жөнүндө”;

- “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”;

- “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө”;

- “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”;

- “Миграция жөнүндө”;

- Жарандык кодекс;

- Эмгек кодекси;

- Жазык кодекси;

- Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары.



Төмөндөгү улуттук программалар иштелип чыгат жана бекитилет:

- 2011-2015-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү боюнча;

- 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасында маданиятты жана көркөм өнөрдү өнүктүрүү боюнча.

2. Ресурстук камсыздоо

- республикалык бюджетти түзүүдө улуттук саясаттын кызматтык-милдеттик багыттарынын мазмунун тастыктоочу жана Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн, эгемендигин, территориялык бүтүндүгүн жана өнүгүүсүн бекемдөөнү камсыздоочу, максаттуу программаларды, долбоорлорду, пландарды каржылык жактан камсыздоо боюнча чечимдерди кабыл алуу;

-ушул Концепциянын максат, милдеттерин, жалпы эле улуттук саясатты ишке ашырууга багытталып, республикалык бюджеттен жана башка булактардан бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылуусуна парламенттик, мамлекеттик жана коомдук көзөмөл орнотуу.

3. Уюштуруучулук ишмердик

- улуттук саясатты жүзөгө ашырууга катышкандардын ортосунда уюштуруучулук жана аткаруучулук кызмат-милдеттерди бөлүштүрүү;

- этностук кыртыштагы чыр-чатактарды болтурбай коюунун жана чечүүнүн максаттуу программаларын иштеп чыгуу;

- Конституцияга, мыйзамдарга жана ушул Улуттук саясат боюнча мамлекеттик концепцияга каршы келбеген алкакта этностук-маданий бирикмелердин иш-аракеттеринин укуктук базасын өркүндөтүү;

- Кыргызстанда этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты, тынчтыкты жана достукту бекемдөөгө өбөлгө болуучу коомдук демилгелерди жана элдик дипломатиянын мүмкүнчүлүктөрүн колдоого алуу;

- коомду бириктирүү процессине, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн, эгемендигин жана мамлекеттик бүтүндүгүн бекемдөөгө багытталган руханий биримдик идеяларын, Кыргызстан элинин тарыхы жана маданияты жөнүндө билимдерди жайылтуу, анын тарыхый мурастарын сактоо ишине жарандык коом институттарын кеңири тартуу;

- жалпыга маалымдоо каражаттарында белгиленген иш-чаралардын максат, милдеттерин жана аларды аткаруунун жүрүшүн чагылдыруу, анын ичинде жоопкер аткаруучулар жүргүзгөн иштер жөнүндө мамлекеттик бийлик органдарына жана республиканын коомчулугуна берген отчетторун жарыялап туруу;

- мыйзамдардын, башка ченемдик укуктук актылардын, этностук жана конфессиялык маселелер боюнча максаттуу программалардын, келишимдердин, макулдашуулардын, биргелешкен чечимдердин жана өз ара милдеттенмелердин аткарылыш абалына парламенттик жана мамлекеттик көзөмөл коюу.

4. Техникалык камсыздоо

- республикадагы этностор жана конфессиялар аралык кырдаалга системалуу түрдө мониторинг жана талдоо жүргүзүү, аларды өркүндөтүү, бекемдөө жана жаңжалдардын алдын алуубоюнча практикалык чараларды иштеп чыгуу;

- Кыргыз Республикасындагы коомдук жана маданий турмуштун этностор аралык жана конфессиялар аралык ар кандай өзгөчөлүктөрү боюнча маалымат базасын түзүү;

- Этникалык коомдоштуктардын ушул Концепциянын максат, милдеттерин ишке ашыруу, этностор аралык жана конфессиялар аралык мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө, жаңжалдардын алдын алуу боюнча биргелешкен ишмердиктеринин алымдуу аракеттерин жайылтуу.

Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын жооптуу кызматкерлерине ушул Концепцияда көрсөтүлгөн артыкчылыктуу багыттарды жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын жарандык коом менен, анын ичинде саясый партиялар, өкмөттүк эмес уюмдар, этностук-маданий коомдук бирикмелер, этностор жана конфессиялар аралык процесстин башка субъекттери менен чогуу өз ара аракеттениши зарыл.

Концепцияны ишке ашыруу этаптары:

Биринчи этап.Ушул Концепциянын милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан мыйзамдарды кабыл алуу, колдонуудагы мыйзамдарга жана аларга негизденген актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү түрүндө мыйзам чыгаруу демилгесин ишке ашыруу. Мөөнөтү – 2011 жылдын аягына чейин.

Экинчи этап. Ушул Концепциянын милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн Өкмөт тарабынан Мамлекеттик программаны жана 2015-жылга чейин мамлекеттик тил жана маданият, искусство боюнча максаттуу Улуттук программаларды кабыл алуу. Мөөнөтү –2011-жылдын 1-декабрына чейин.

Үчүнчү этап. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул Концепцияга ылайык ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу жана алардын аткарылышын камсыздоо. Мөөнөтү – 2012-жылдын 1-январына чейин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жылына бир жолу Концепциянын милдеттерин ишке ашыруу боюнча Улуттук отчет даярдайт жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине отчет берет. Отчет жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

Улуттук программаларды иштеп чыгууга мамлекеттик органдар менен катар илимий, изилдөөчү уюмдар, саясый партиялар, өкмөттүк эмес уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары жана Кыргыз Республикасындагы башка кызыкдар субъекттер тартылат.

Министрликтер менен ведомстволордун Концепциянын милдеттерин ишке ашыруусун координациялоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүжүзөгө ашырат.

26