СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математика пиза тест

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

математикалык  тест

Просмотр содержимого документа
«Математика пиза тест»

Математикалык сабаттуулук 5-класс

Көнүгүү №1 Бадминтон-бул жогорку чыдамкайлыктын эң сонун реакциясын талап кылган спорт түрү. Оюнчулар тор менен бөлүнгөн аянтчанын карама-каршы тарабында жайгашып, ракетканын соккулары менен тордун үстүнөн топчону (волан) ыргытышат.

Оюн 1872-жылы Индиядан өзүнүн мүлкүнө Бадминтон ракеткасын жана түгү бар топту алып келген англиялык манордун урматына аталган, оюн ушундай аталышка ээ болуу менен белгилүү болгон.

Жапон балдары (волан) топчонун ордуна кичинекей алма же алча колдонуп, каздын канатын сайып кургаткан. Мындан сонун топтор пайда болду.

1893-жылы Англиянын бадминтон ассоциациясы пайда болуп, оюндун биринчи эрежелери иштелип чыккан жана бекитилген. Бүгүнкү күндө ракеткалар татаал химиялык эритмелерден, ал эми азыркы волан (топ) жука булгаары менен капталган тыгындан жана 16 каздын канатчасы менен жасалган. Воландын салмагы болгону 5 граммды түзөт.

Профиционал спортсмендин соккусунан кийин воландын учуу ылдамдыгы 414 км/саатка жетет, бир дагы снаряд мынчалык тез уча албай.

Бадминтон азыр Олимпиада оюндарынын бир бөлүгү болуп саналат.



1 Бадминтон ойноо үчүн кандай буюмдар керек? Бир туура жоопту танда

А. Воланчик, ракетка, тор, топ В. Ракетка, тор, топ

С. Ракетка, топ, воланчик Е. Ракетка, воланчик, тор

2 Заманбап волан эмнеден жасалат? Бир туура жоопту танда

А. Пластмасса жана каздын жүнүнөн

В. Пластмасса С. Каздын жүнүнон

Е. Жука булгаары менен капталган тыгындан жана каздын жүнүнөн



3 Бадминтон оюну кайсы кылымда пайда болгон? Бир туура жоопту танда

А. 20 В. 18 С. 17 Е. 19



4 Сүйлөмдү толукта. Бир нече туура жоопту танда

Бадминтон-бул___________жана__________талап кылган спорт.

А. Эң сонун реакцияны В. Чыдамкайлыкты

С. Көз өлчөө Е. Кайраттуулукту



5 Боштукту сан түрүндө тиешелүү маалымат менен толтур

Профиционал спортсмендин соккусунан кийин воландын учуу ылдамдыгы__________ жетет.

Көнүгүү №2 Бардык цифралары ар башка болгон эң чоң жана эн кичине үч орундуу сандардын суммасын тап.

А. 1078 В. 1099 С. 1100 Е. 1089



Көнүгүү №3 Бул сандардын кайсынысы көбөйтүү таблицасында кеңири таралган.

А. 36 В. 42 С. 64 Е. 27

Көнүгүү №4 Сандардын бирин 20 эсе көбөйтсө, экинчисин 10 эсе азайтса, анда бул сандардын көбөйтүлүшү

А. 2 эсе көбөйөт В. 2 эсе азаят

С. 20 эсе көбөйөт Е. 20 эсе азаят



Көнүгүү №5 Эң кичине эки орундуу санга 17 ни кошкп, бул сумманы эң чоң бир орундуу санга бөлсөк________болот.

А. 3 В. 6 С. 9 Е. 11



Көнүгүү №6 Үч катар оң сандар берилген. Эгерде алардын суммасы 24 кө барабар болсо, анда алардын көбөйтүндүсү__________болот

А. 104 В. 500 С. 400 Е. 504



Көнүгүү №7 Сүрөттө канча үч бурчтук жана канча төрт бурчтук бар?

В

К М



А С

А. АВС, КВМ, АКМС В. КВМ, АКМС

С. АКВ, АКВМ , АКВС Е. АКС, ВМС, АКВС

Көнүгүү №8 Кайсы амал акыркы аткарылат 513-4:4+11*8=

А. Көбөйтүү В. Кемитүү

С. Кошуу Е. Бөлүү

Көнүгүү №9 Жайылган бурч канчага градуска барабар?

А. 90 В. 180

С. 45 Е. 360








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!