Сабак-саякат
Сабактын темасы: отулгондорду кайталоо
Сабактын максаты: а)мурда алган билимдерине таянып, оозеки кемитуу жана кошуу ыктарын жакшыртуу.
б)Оозеки саноо ыктарын остуруу,, логикалык ойлоосун оорчутуу.
в)Саякаттоого, жаныбарларга, биргеликте иштоого, кызыгуусун кучотуу .
Сабактын тиби: бышыктоо сабагы
Жабдылышы : ноутбук, проектор, балыктар, кун, кеме, маймылдар, геом. Фигуралар, мисадар жазылган барактар.
Сабактын журушу:
Уюштуруу. «Чунга- Чанга» ырынын обону менен ырдайбыз.
Математика – билим ханышасы
Математика – ойдун даанышманы
Математика –кызыктуу, ажайып
Математика –илимдин башаты
Биз сабакта, биз сабакта
Амалдарды аткарабыз
Чон окурман биз балдарбыз, биз балдарбыз.
Кемитууну, кошууну да
Сандардын так орунунда
Аткарабыз, аткарабыз.
Доскада кун турат
Мугалим :-Мен силерге кундой жарык маанай каалаймын
-Балдар силер кенч деген созго тушуносунорбу?
Бугун биз силер менен биргеликте денизге «Кенч аралын» табуу учун саякатка барып келели. Кандай дейминер, макулсунаобы? Бул саякатыбыз узак жана кызыктуу болмокчу. Биз, дениздерди жана океандарды кеме менен сузуп отуп, коптогон табышмактуу аралдарга бармакчыбыз.Ал жерде бизди ар турдуу кызыктар, жоруктар кутуп турмакчы.
-Макулсунарбы?
Балдар: ооба
II. Класс менен иштоо
- Биз жон эле саякаттабайбыз, Саякаттоо менен бирге математика сабагынан отулгон темаларды кайталайбыз, эсибизге салабыз. Башта айтып откондой кеме менен саякаттайбыз
— Саякатка чыккандар кобунчо кундолук ала журушот. Кундолукко коргон жана байкаган нерселерин жазып журушот. Биздин кундолуктун ролун дептерибиз ойнойт. Мисал, маселелерди жазып аласынар.
Таза, сулуу жазууга тырышкыла.
-Анда дептеринерди алгыла биз саякатка чыгуучу числону жазгыла. .
Таза жазуу минутасы :
Биздин кеме жок дегенде 5 аралга барууну пландап жатат. Ошол себептен бугун 5 цифрасын жазабыз..
III. Оозеки саноо
М. Мен силерди кеменин палубасынын тепкичтеринен которулуунорду сунуштайм. Бирок, кемеге чыгуу учун томонку тапшырманы аткаруу керек экен. Томондогу сандарды окуйбуз.
Б. 82, 30, 73, 26, 10.
М. Мына биз кеменин палубасына чыгып алдык. Биздин алдыбызда 11.9.17.20 сандары жазылган каюталар турат. Биз бул сандардын ашыкчасын табышыбыз керек. Кайсынысы ашыкча экен. Эмне учун?
Б. 9 саны ашыкча, анткени ал бир орундуу сан.
У. 9 саны жонундо эмнелерди айта аласынар?
Б. 9 бир орундуу сандардын эн чону.
У. Кана тогузду 10, 20,30га чонойткулачы?
Д. 19, 29, 39.
IV. Бирок, кемени ким башкарат? Капитансыз биз эч жакка бара албайбыз. Туурабы? Ал учун уч топтон бирден окуучу чыгып, капитан болуу га мелдешишет. Капитан болуп ким тандалып алынса, ал сабак аяктаганга чейин менин жардамчым болуп калат. Кана, кимди капитандыкка корсотосунор?
Доскада тапшырмалар илинген барактар турат. 3 окуучу чыгып, мисалдарды чыгарышат. Ким биринчи жана туура чыгарса капитан болуп калат.
10+8= 7+3= 8+2=
11+8= 12+7= 13+6=
15-7= 16-8= 17-9=
12-5= 13-6= 14-8=
Жазып алабыз.
-- Кеменин капитанын тандап алдык. Каюталардан орун алабыз. Эми саякатка аттанабыз. Туура жооптор учун силер саякат учурунда алтын тыйындарга алмашып алуучу баллдар менен сыйланасынар. Ар бир туура жооп учун озунорго партанардын четинде турган стикерге балл коюп тургула. Сабактын аягында топтогон баллынарга карап кундолугунорго баа коюп берем.
V. М. Капитан,дениз тынч элеби? Эч кандай толкун корунбойбу?
(Капитан бинокль менен карайт да)
Капитан. Кеменин алдында балыктар журот.
М. Балдар, анда келгиле балык туталы..
Доскада 9 балык турат. Окуучулар доскага чыгышат да, балыктардын артында турган маселелерге жооп табышат. Туура тапса балыкты алышат.
Асанда 7 шары бар. Усондо андан 2 ге коп. усондун канча шары бар?
Эрте менен 7 кг алма, туштон кийин 3кг алма сатылды. Бир кундо канча кг алма сатылды?
Короодо 10 кой, 9 козу бар. Короодо бардыгы канча жандык бар?
Табакта 12 жемиш турган. Асел 4оону алды. Табакта канча жемиш калды?
Марат 8 жашта. Эжеси 13 жашта. Эжеси Мараттан канча жашка чон?
7 бала ырдап, 4 кыз бий аткарышты. Бул иш-чарага канча окуучу катышты?
Аквариумда 6 балык бар эле. Арсенге атасы дагы 4 балык алып келип берди. Канча балык болуп калды?
Бутакта 7 кептер отурган. 4 кептер учуп кетти. Канча кептер калды?
Мадинада 4 кызыл, 5 сары тустогу шурусу бар. Анда канча шурусу бар?
-- Биз силер менен кандай гана кооз балыктарды кармадык. Балык кармагычак, биздин кеме тайыз жерге келип такалып калды.
VI. Кеме токтоп тайыз жерге
Апта бою жылбаптыр
Ачка калган жургунчулор
Ар куну бир кашыктан
Зам-зам суудан ууртаптыр.
Эсеп жагын кыйын билсен
Эсептечи эринбей
Канча кундо зам-зам сууну
Ичишти алар жерибей?
Б. 7 кун.
М. Азаматсынар, балдар! Биздин кеме силердин жардамынар менен жылып баратат. Биздин алдыбызда арал корунобу, капитан?
VII У. Биздин кеме маймылдар аралына келип калыптыр. Бул жерде абдан коп экен маймылдар.Маймылдардын бири бизди банан берип сыйлагысы келип жатат. Бирок, банандар жонокой банан эмес экен, сыйкырдуу банан корунот. Анткени, биз маймылдар берген тапшырманы аткарсак гана бананды жей алабыз. Салыштыруу
4-3 * 5-1 8-8 * 9-9
7-0 * 6 12 * 10+2
VIII. У. Биздин кеме андан ары жолун улап, «Суйлоочу тоту куш жашаган аралга келип калды. Тоту куш сурап жатат: Кандай геометриялык фигураларды билесинер?
Б.тегерек, квадрат, тик бурчтук, овал, уч бурчтук
М. ар биринин озгочолугун сурайт.
Слайддагы фигуралардын ашыкчасын табуу керек. Эмне учун ашыкча? Муноздоп беришет.
IX. Физ.минутка
Бир-турабыз, чоюлабыз
Эки- ийилип, жазылабыз,
Уч –жолу алакан чаап, баш иебиз уч жолу
Тортунчудо-колду кенен жайып,
Беш –колдорду булгалайбыз,
Алты-дегенде басабыз .
жети, сегиз- отурабыз тегиз
X. Эми кайрадан жолго чыгалы. Биздин алдыбызда Пилдер аралы турат. А бул кичинекей пилдин баласы эмнегедир абдан кападай ондонот. Аа, корсо, ал мугалими берген тапшырманы чыгара албай жаткан тура. Келгиле,жардам берели
Топтордо иштоо
1.Бир пальмада 7 кокос бар, экинчисинде 5 ке коп. Экоондо биригип канча кокос бар?
2.Бир пальмада 9 маймыл отурат.экинчисинде 4ко аз. Экоондо биригип канча маймыл отурат?
3.Бир пальманын узундугу 18 метр, экинчисиники 3мге аз. Экинчиси каннча метр?
Рахмат. Пилдин баласы абдан кубанып жатат. Аны менен коштошобуз да сапарыбызды улайбыз.
М. Капитан, дениз тынчпы?
Алдыбыздан бир караан корунобу. Эмне экен ал?
Капитан. Аа.бул пираттардын кемеси экен!
М. Балдар, пираттар кимдер? Алар бизге кол салууну коздошуп жатат.алардын тапшырмасын аткарбасак кое беришпейт ко. Аткаралыбы? Акылыбыз жана кайратыбыз биздин куралыбыз болсун.
-Айлана менен тегеректин кандай айырмасы жана окшоштугу бар?
Мугалим. Эн эр журок, баатыр окуучуларым менен сыймыктанам. Жолдош капитан, палубада бир нерсе корунобу?
Капитан. Бул деген суу да! Пираттардын бироосу кеменин бортун бир нерсе менен чаап улгуруптур. Тешикти таап жамашыбыз керек. Антпесек, чогуп кетебиз ал учун томонку сандарды жазышыбыз керек. 3 группадан 3 окуучу чыгабыз.
1)1онд.1, 1онд.2, 3онд.4, 4 онд.6
2)4онд.2, 3 онд.6, 5онд.2, 1онд.8
3)2онд.9,3онд.5, 1онд.7, 5онд.8
Биздин алдыбызда Банан аралчасы турат. Бекеринен арал мындай деп аталып калбаган. Бул жерде абдан коп банан осот. банандан башка да жер-жемиштер абдан коп. Тамак-ашыбыз да тугонойун деди. Бул жерден азык-заттарды камдап алалы. Эмнени алсак болот экен.
( Ананас , кокос.) жемиштерде мисалдар жазылган :
Сандардын разряддарын ата:
23,36
М. Азаматсынар!
Силер чыныгы тайманбас, баамчыл саякатчылардан экенсинер. Силер кайратынар менен пираттарды да жене алдынар. Канча кыйынчылыктарды басып оттунор. Эми, кенч катылган аралчага келип калдык. Кенчти табуу гана калды.
Оз алдынча иштоо:
12 см кесинди сызгыла. Аны 2смге узарткыла.
Азаматсынар! Кенчти таптык!
У. Саякатыбыз силердин ынтымактуу иш-аракетинер аркылуу жемиштуу аяктап жатат. Биз саякаттан каты поз жерибизге келдик.Жолдон учураган тапшырмалардын баарын так аткардынар. Рахмат силерге!
У. Балдар! Саякат силер учун кызыктуу болдубу?
Силерге эмнеозгочо абдан жакты?
Сабактан кандай маанай менен таркайбыз?