«____» __________ 20____-жыл Сабак: Математика. 2-класс
Сабактын темасы: «Мисал, маселе иштөө».
Негизги компетенттүүлүктөр:
- Маалыматтык;
- Социалдык-коммуникативдик;
- Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү;
|
Сабактын тиби: Аралаш
Колдонулуучу ыкмалар: Аӊгемелешүү, суроо-жооп ж.б.
Керектелүүчү каражаттар: темага байланыштуу таркатмалар, карточкалар ж.б.
|
Сабактын максаттары:
|
Көрсөткүчтөр
|
1 .Билим берүүчүлүк: Окуучулар темага карата маалымат алышат, мисал, маселе иштешет.
- Өнүктүрүүчүлүк: Ой жүгүртүүсү, көӊүл буруусу, эске тутуусу өнүгөт.
- Тарбиялык: Бири бирине кайрымдуу болууга тарбияланышат.
|
Окуучулар темага карата маалымат алышса, теманы түшүнүшсө, мисал, маселе иштей алышса;
Ой жүгүртүүсү, көӊүл буруусу, эске тутуусу өнүксө;
Бири бирине кайрымдуу болууга тарбияланышса;
|
Сабактын жүрүшү:
№
|
Сабактын
этаптары
|
Убак-тысы
|
Мугалимдин ишмердүүлүгү
|
Окуучунун ишмердүүлүгү
|
Компетент-түүлүгү
|
Баалоо
|
1.
|
Уюштуруу
|
3 мин
|
Окуучулардын формаларына, гигиеналык абалына, окуу куралдарына көӊүл бурат.
|
Окуучулар формаларына, гигиеналык абалдарына, окуу куралдарына баш оту менен жооп беришет
|
|
|
|
2
|
Өтүлгөн теманы кайталоо
|
4 мин
|
Жалпы класска төмөндөгүдөй суроо менен кайрылат.
- өткөн сабагыбыз эмне жөнүндө болду эле?
- маселени туюнтма түзүп чыгарууда кандай туюнтма жазабыз?
|
Окуучулар суроолорго жооп берүү менен бирге үй тапшырмаларын айтып беришет
Эки орундуу санды кошуп, кемитүү жөнүндө айтып беришет,
Топтор бири-бирине суроо беришет.
|
НК 3
|
ПК 2
|
Өз алдынча баалоо
|
3.
|
Жаӊы теманы түшүндүрүү
|
10 мин
|
Мугалим №517-№521 чейинки мисал, маселе менен иштөөгө байланыштуу эсептерди окуучуларга класстык тапшырма кылып берет.
Мектепте 16 класстык болмө бар.
Кабинеттер ага караганда 2 ге көп.
Мектепте канча класстык бөлмө жана кабинет бар?
№518
Самара бактан 10 алма, андан 5 ке кем алмурут үзүп алды. Самара бардыгы канча мөмө үзүп алды?
Туюнтма түзүп чыгар.
№519
Жактары 3 см ден болгон тик бурчтуктун периметрин тап. Бул тик бурчтук эмне деп аталат?
№520
Бир үйдүн курулушунда 37 жумушчу иштеп жатат, экинчисинде 6 га аз. Экинчи үйдүн курулушунда канча киши иштеп жатат?
|
Жаӊы сабак менен таанышышат.
Маселенин берилишин түшүнүшөт.
16+(16+2)=16+18=34
Жообу:34 класстык бөлмө жана кабинет бар
10+(10-5)=10+5=15
Ж: 15 мөмө үзүп алды
3+3+3+3=12
Периметри 12 см
Бул тик бурчтук квадрат деп аталат.
37-6=31
Ж: 31 курулушчу иштеп жатат.
|
НК 1
|
ПК 1
|
|
4.
|
Жаӊы теманы бышыктоо
|
10 мин
|
Окуучуларга мисал, маселе менен иштөө жөнүндө түшүнүктөрүн айттырат.
|
Мисалдардагы көрсөтүлгөн өзгөчөлүктөрдү айырмалап, жазып түшүндүрүшөт.
|
НК 2, 3
|
ПК 2
|
Жылдызча
|
5.
|
Талкуулоо үчүн суроолор
|
10 мин
|
Мугалим окуучулардын түшүнүктөрүн бышыктоо үчүн суроолорду берет.
|
Окуучулар суроолорго жооп берүү менен талкууларды уюштурушат.
|
|
|
|
6.
|
Тыныгуу
|
3 мин
|
Эс алдыруу максатында темага байланыштуу оюн ойнотот.
|
Окуучулар темага карата оюн ойноп эс алышат.
|
|
|
|
7.
|
Сабакты жыйынтыктоо
|
3 мин
|
Темага байланыштуу карточкалар менен билимдерин бышыктайт.
|
Карточкалардагы суроолорго жооп беришет.
|
НК 3
|
ПК 3
|
Бири-бирин баалоо
|
8.
|
Үйгө тапшырма
|
2 мин
|
№522-көнүгүү берилет.
|
Күндөлүктөрүнө жазып белгилешет.
|
|
|
|
Просмотр содержимого документа
«Математика сабагы. Мисал, маселе иштоо»