| Сабактын максаты: | Окуучулар үчүнкүтүлүүчүнатыйжалар |
| 1.Окуучулар көп амалдуу туюнтма менен таанышышат. Туюнтмаларда бирден ашык амал болушу мүмкүн экенин түшүнөт. Тема боюнча суроо-жооп аркылуу аңгеме жүргүзүү менен мисал иштөөдө биргелешип иштешет. | 1.Окуучулар көп амалдуу туюнтма менен таанышса. Туюнтмаларда бирден ашык амал болушу мүмкүн экенин түшүнсө. Тема боюнча суроо-жооп аркылуу аңгеме жүргүзүү менен мисал иштөөдө биргелешип иштесе. |
| 2.Кабыл алуусу, сезимталдыгы, эске сактоо жөндөмдүүлүгү, жыйынтык чыгара билүүсү калыптанат. | 2.Кабыл алуусу, сезимталдыгы, эске сактоо жөндөмдүүлүгү, жыйынтык чыгара билүүсү калыптанса. |
| 3. Окуучулар биримдүүлүккө, тыкандыкка, ирээтүүлүккө, жолдоштору менен туура мамиледе болууга тарбияланышат. | -Окуу куралдарын таза, иреттүү пайдаланууга үйрөнөалса, алгандарын өз турмушунда пайдалана алышса. |
| Сабактын этабы | Убакыт | Мугалимдин иш аракети. | Окуучунун иш аракети | Баалоо | Компетенттүлүк |
| 1. Шыктандыруу | 3 мин | -Бири бирине жагымдуу маанай түзүшөт-класстын абалына көз салуу -окуучулардын сабакка даярдыгы текшерилет -“Алтын эреже” түзүү. | -Сыйкырдуу микрафон менен -сабакка даярданат -сабакка керектүү куралдарын алышат -“Алтын эреже” түзөт | | |
| | | Жалпы класска төмөнкүдөй суроо менен кайрылат: -Геометриялык фигуралардын атын атагыла. | Окуучулар берилген суроолорго жооп беришет. Эгер жооп туура болбой калса калган окуучулар тактайт, толуктайт. | | К2 |
| II этап Ү й тапшырмасын текшерүү | 5 мин | Үйгө тапшырма канчанчы мисал берилген? Окуучулар тапшырманы текшеришет. –Балдар, туюнтманын мааниси деп эмнени айтат экенбиз? -үч бурчтуктун периметрин табуу үчүн кандай ыкманы кол-? | №455. Ар бир жагы 3 см болгон төрт бурчтуктун периметрин тап. 3см+3см+3см+3см=12см Р=12см | | К3 |
| | 10мин | Сабактын темасы максаты айтылат. Көп амалдуу туюнтма менен тааныштырып, оозеки түшүндүрүү менен жазууга өтүшөт. Мисалдарды иштөөгө тапшырмалар берилип, биргелешип иштөөлөрүн көзөмөлдөп, багыт берип турат. | Окуучулар сабактын темасын жана максатын угат, түшүнөт Туюнтманын көп амалдуу болушу мүмкүн экенин билип, мисал чыгарууда колдонот. Суроолорго так жооп берет. Сабакка болгон кызыгуусу артат. | | К2 К3 |
| IV этап Көнүгүү, машыгуу лар | 18 мин | №456. 5+2+3=10 2+2+2=6 4+4+4=12 8+3+5=16 №457. а) 28 жана 15, 48 жана 18, 53 жана 20 нын суммаларын жаз. 28+15=43 48+18=66 53+20=73 б) 56-28=28 20-15=5 в) 25+15=40 40-10=30 №458. Автобуста-16 ж.б. 1- аялдамадан -4 а. к. 2- алдамадан - 6 а.т.к. Канча адам калды-? 16+4=20 20-6=14 Ж: 14 а.к. | Окуучулар жаңы темадагы математикалык сөздөрдүн маанисин түшүнүү менен берилген тапшырма боюнча биргелешип иштешет. Аткарган иштерин түшүндүрүп беришет. №459. Керим- 15 ж. Карындашы – 6 ж.к. К. Канча жашта-? 15-6=9 Ж: 9 жашта №460. 30=30 40 60 80 70 80 90 | Өзүн-өзү баалоо Белги карточ ка | К2 К3 К4 |
| V этап: Жыйын тыктоо: | 3 мин | -Балдар, туюнтма деп эмнени айтат экенбиз? -Тема боюнча эмнелерди билдиңер? | Окуучулар суроолорго жооп беришет. Калган окуучулар талкуулоо менен толукташат. Бири- бирине суроо менен кайрылышат | | К 3 К4 |
| Тапшырма | 2 мин | Үйгө тапшырма берүү № 461, 462 Түшүндүрүп берет | Окуучулар тапшырманы талдап, түшүнүк алышат. | | |
| Баалоо: | 2 мин | Окуучулардын билимдерин баалайт | Алган бааларын күндөлүккө койдурат | өзүн-өзү баалайт | |
| Рефлексия | 2мин | Бүгүнкү сабакта силерге эмнелер маанилүү болду? Эмнелер түшүнүксүз болду? | Сабакта маанилүү болгондорун айтышат. Түшүнүксүз болгондорун сурашат. | Кол белгилери | |