Математикада оюн сабагынын ролу
Математика сабагында окуучуларды сабакка кызыктыруу үчүн оюн сабактарын киргизсе болот. Канчалык сабак кызыктуу, түрдүү формада өтүлсө, окуучулар төмөнкү жадатуучу сөздөрдөн кутулат. Мисалы, Тапшырма кана? Эмне үчүн чыгарбай жетип келдин? Түшүнбөсөң сен, эмнени ойлоп отурдуң? Ушул сыяктуу катуу тийген сөздөр, тапшырма чыгарып, окуп келген окуучунун деле көңүлүн иренжитет. Балдарда чарчоо сезими пайда болуп, көңүлү чөгөт. Кандай түшүнүктүү өтүлгөн сабак деле, максатка жетпей калат. Бүгүнкү күндүн талабы баланын ички сезимин бийлөө, чын көңүлдөн, жасалма эмес ыкма менен сырдашуу, анын ар тараптан өнүгүүсүн камсыз кылуу.
“Математикалык карта” оюну деп аталат. Бул оюн түрүндөгү сабак окуучуларды толук түрдө активдештирүү менен өз алдынча изденүүгө түрткү берет. Сабакты белгилүү чоң теманы же главаны өткөндөн кийин гана өткөрүүгө болот. Ал үчүн төмөнкүдөй даярдыктар жүргүзүлүүгө тийиш. Ар бир окуучу үчүн бирдей өлчөмдө 5-10го чейин карточкалар даярдалат. Бул карточкаларга окуучулар өздөрү кошумча, же дидактикалык материалдардан алып, бирден мисал жазып келишет. Окуучулар өздөрүнүн жазып келген мисал, маселелеринде берилишин жана чыгарылышын бири бирине көрсөтушпөйт. Бул карточкаларды жазууда окуучулар мүмкүн болушунча татаал эсептерди жазып келүүгө аракет кыла башташат. Алгач оюн болгон кезде окуучулар чыгарууга жеңил эсептерди жазып келишет, бул мезгилде атандашы оңой эле өз шеригини ал эсепти чыгаруу менен карточкаларын алып койгондон кийин оюндан чыгып калат. Оюндан чыкпай көп карточка топтоо үчүн тиешелүү теманы жакшы билүүго тийиш экендиги, окуучуну өз алдынча машыгууга аракет кылат. Бул оюнду сабак баштоодон мурун бардык окуучулардын ага даярдыгы текшерилет. Ар бир окуучуга бир канча таза барактар таратылган, себеби чыгарылган эсептерин аягында карточкалар мененкошо мугалимге тапшырылат. Ушул черновектин жардамы менен мугалим окуучулардын туура же туура эмес чыгаргандыгын биле алат. Окуучулар кайсы темага даяр болгон мумкунчулугун да аныктай алат. Оюн төмөнкүдөй башталат. Ар бир окуучу өз күчүнө карап, өзү менен ойноого башка окуучуну чакырат. Эки-экиден гана окуучулар ойной баштайт.
Бул эки окуучу бири биринен бирден карточканы сууруп алышып, чыгарып жоопторун өздөрүнө көрсөтүшөт. Эгерде туура чыгара алган болсо, же суроосуна туура жооп кыла алган болсо, ал карточканы алып калат. Тескерисинче чыгара албаса, туура эмес жооп берсе, карточканы ээсине кайтарып берет.алардын бири экинчисинен утула берип, карточкасы аз калса оюнду бузуп, ойнобой өзүнө башка теңдеш издөөгө акысы бар. Себеби оюндун шарты боюнча ушундай. Утуп алган окуучу да, экинчи бир утуп алган окуучу менен ойноого макулдашууга болот. Ошентип биринчи элеи окуучу бир нече окуучу менен ойноого үлгүрөт. Бир эле сааттын ичинде бир эле окуучу бир канча эсеп, суроолорду чечүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Ар бир окуучунун карточкасынын сыртына анын аты жазылат болот. Мугалим оюнду токтотууга белги бергенден баштап, ар бир окуучу өз алдынча отчетко даярданат, б.а. кимдер менен ойноп, канча жолу ойноп, канча карточка утуп алды? Ушул суроонун тегерегинде кезек менен мугалимге отчет берет. Мугалим окуучунун отчетун анализдеп, окуучулардын пикирин, эске алып окуучулардын бирин баалайт. Мындай сабакты жыл аягына чейин мезгил мезгили менен өтүп турууга болот.
“ Эмне? Кайда? Качан?” оюну. Бул сабакта өтүүдө окуучулардан терең билгичтик, тапкычтык, чебердик, көрөгөчтүк ж.б. мыкты таланттарды талап кылынат. Бул сабакты өтүүдөн мурда классты төрт командага өз ыктыяры менен бөлүштүрүрүлөт. Ар бир команда өзүнө капитан шайлашат. Капитандары өз командалары менен сабактан тышкаркы мезгилде даярдык көрүшөт. Мугалим аларга тиешелүү суроолорду берип чечип келүүсүн өтүнөт. Алардын түшүнбөгөн суроолорун түшүндүрүүгө карата кансультациялар өткөрүлөт. Бул топтордун ишин жандандырууга обөлгө болот. Сабак башталардан мурун бир столго эки бөлүктон турган суроолор карточкаларга жазылып номерленет. Командалар өзүнчө тегерек столдо отурушат. Ал суроону капитандар чыгып, бирден сууруп алышат да, аны мугалимге окуп берет. Мугалим суроонун деңээлине жараша канча упай болоорун баяндайт. Убакытка карап команда берилгенден кийин, ар бир команда суроого чогуу жооп издей баштайт. Берилген убакытта кайсы команда туура жооп бергени доскада мугалим жана окуучулар тарабынан эсептелинип, жазылып турулат. Бул оюнда “ бирөө бардыгы үчүн, бардыгы бирөө үчүн” деген девиз менен, ынтымактыкка, биринин кеңешин экинчиси уга билүүгө, жаңылыштыкка жол бербөөгө, бири-бирине суроо жооп бере билүүгө үйрөнүшөт. Берилген суроолор китептерден, журналдардан, газеталардан алынгандыктан, аларды газета-журналдарды көбүрөөк окууга мажбур болушат.
Бул сабак төмөнкүдөй төмөнкүдөй кортундалат. Командалардын жалпы алган упайлары саналып, утушка ээ болгон капитан “чемпион” деген таажыны кийүүгө укук алат. Ошондой эң мыкты тапкыч, ойчул окуучуларды да, жекече баалоо максатка ылайыктуу. Мындай сабактарды өткөрүү окуучу менен мугалимдин ортосундагы чоң кызматташтыкты пайда кылат.
“ Математикалык тосмолор”. Бул сабакты класс 4 топко бөлүнөт да, 1-7ге чейин ар бир окуучуга номер тагылат. 1-топтогулар жашыл номер, 2-топтогулар кызыл номер, 3-топтогулар сары номер, 4-топтогулар көк номер тагышат. Столдор 5 катарга коюлат. 1-катарда 1-7ге чейинки номерленген карточкалар коюлат, анда жеңил чечиле турган суроо же мисалдар жазылат, 1 упай. 2-катардагы тосмолорго да 1-7ге чейинки номер коюлган тапшырма, ал бир аз таталыраак болууга тийиш, 2 упай. Ушинтип отуруп, 5-катардагы 1-7ге чейин улам татаалдашкан суроолор же мисал, же маселелер жазылып коюлат. 1-тосмонун суроосуна туура чечкен окуучу 2-тосмонун суроосуна аракет кылат. Эгерде кайсы тосмонун суроосуна түшүнбөсө же чыгара албаса, оюнду токтотууга мажбур болуп, болгон карточкасын гана тапшыра алат. Убакыттын бирдей моментинде 1-тосмодон өтүүчү 1-топ баштайт. Ким биринчи акыркы тосмодон өтө алса, калыстар тобуна өз карточкаларын жооптору менен тапшырышат. Калыстар тобу1-топтун жообун текшерүүгө аракет жасаганда, экинчи топ өзүнүн жарышуусун баштайт. Ошентип отуруп төртөөбү тең тоскоолдуктардан өтүп бүткөндөн кийин жалпы жыйынтыкталат. 1-тосмодо 1 упайлык суроо, 2-тосмодо 2 упайлык суроо, 3-тосмодо 3 упайлык, 4-тосмодо 4 упайлык, 5-тосмодо 5 упайлык суроолор жазылат. Эң туура жооп тапкан окуучулар:1+2+3+4+5=15 упайга ээ болот. Бул окуучу да чемпиондук таажыны кийүүгө укук алат. Бул сабакта окуучулар өзүн эркин сезип, жарышуу үчүн өзүн даярдайт. Бул жарышуу чоң тема же главалар боюнча өткөрүлгөнү максатка ылайыктуу болот. Математика сабагын оюн түрүндө өтүү ар бир окуучунун сабакка богон кызыгуусун, изденүүсүн, жөндөмдүүлүгүн, атаандаштык намыскөйлүгүн, тыкандыгын, тактыгын артырат жана тарбиялайт.