СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математикадан ачык сабактын планы "Кайталоо" 1-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

кыргыз класстарга

Просмотр содержимого документа
«Математикадан ачык сабактын планы "Кайталоо" 1-класс»


Сабактын темасы: Кайталоо

Сабактын максаты: а) Окуучулар мисал- маселе чыгара алат. Мурдагы

алган билимдерин андан ары кеңейтет.

б) Логикалык ойлоосу, кабыл алуусу, эске тутуусу

өсүп өнүгөт.

в) Математика сабагына кызыгып,тапкыч,

билгич болушат. Математикалык тилде сүйлөй

алышат.

Сабактын тиби: Кайталоо

Сабактын формасы: Оюн «Балаты кооздоо»

Сабакта колдонулуучу усул: Көрсөтмөлүүлүк

Сабак аралык байланыш: Алиппе, мекен таануу.

Сабактын жабдылышы: 1-20 га чейинки сандар, сүрөттөр, карточкалар,

математика китеби

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу

-Кутмандуу күнүңөр менен! Менин кичинекей окуучуларым.

Силердин жагымдуу жүзүнөр, жылмайууңар силерге кубаныч алып келет деп

ойлойм.

Биз кубанычтуубуз, анткени бүгүн биздин сабакка меймандар келип отурушат.

«Конок келсе, үй ээси кубанат» дегендей биз да кубанып, сабагыбызды

баштайбыз.

Окуучу:Конок келет бизге бүгүн,

Толкунданып тособуз.

Үйрөнгөндүн баарын айтып,

Санап, кошуп беребиз.

Биз биринчи класспыз,

Аз эле болду окудук.

Бирок кылдык аракет,

Айтып баарын беребиз.

-Биз жакында кайсы майрамды майрамдайбыз?

-Жаңы жыл.

-Кайсыл жыл аяктап жатат?

-20____-жыл.

-Кайсы жыл келе жатат?

-20____-жыл.

-Жаңы жылды кантип майрамдайбыз?

-Үйго балаты коёбуз.

-Балатыны жөн эле коюп коёбузбу?

-Жок, кооздойбуз.

-Эмне менен кооздойбуз?

-Оюнчуктар менен кооздойбуз.

-Анда келгиле бүгүнкү сабакта балатыны кантип кооздогонду үйрөнөбүз.

-Мына бул жерде оюнчуктар, бул оюнчуктарды балатыга илели. Бирок бул

оюнчукту илүү үчүн оюнчуктардын тапшырмасы бар экен. Ошол

тапшырмаларды аткарыш керек.

Ошондо гана оюнчукту балатыга иле алат экенбиз.

-Анда 1-оючуктун тапшырмасы:

-№1 Математикалык диктант.

1. 1менен 0дун суммасы; 1

2. 1менен 1дин суммасы; 2

3. 4менен 1дин айырмасы; 3

4. 5менен 1дин айырмасы; 4

5. 3менен 2нин суммасы; 5

6. 8менен 2нин айырмасы; 6

7. 9менен 2нин айырмасы; 7

8. 4менен 4тун суммасы; 8

9. 10менен 1дин айырмасы; 9

10. 5менен 5тин суммасы; 10

-Кандай сандар пайда болду?

- 1ден 10го чейинки сандар.

Санатуу, артка санатуу.

-Азаматтар! 1-оюнчуктун тапшырмасын аткардыңар. Бул оючукту балатыга

илели.

-Келгиле, 2-оючукту ачып көрөлү. Бул оюнчуктун тапшырмасы:

2 «Ондуктарды жазгыла»

1онд. 1=11 1онд. 2=12 1онд. 3=13

1онд. 4=14 1онд. 5=15 1онд. 6=16

1онд. 7=17 1онд. 8=18 1онд. 9=19

2онд. =20

-Азаматтар! Булар канча орундуу сандар?

-Эки орундуу сандар.

-Мына 2-оюнчуктун тапшырмасын да аткардыңар, бул оюнчукту балатыга

илип коёлу.


Физминутка

Бир тамчы, эки тамчы,

Адегенде жай гана.

Тып, тып, тып.

Тамчылар шаша баштады,

Бирин-бири кубалап.

Тып, тып, тып, тып,тып.


Бол батыраак,

Кол чатырды ачалы.

-3-оюнчуктун тапшырмасын ачалы.

3 «Математикалык балаты». Сандын составын түзүү.

-Келгиле, төмөнкү сандардын составын түзөлү.

8

6

10 1010101010101010111001111101010101011010101 1011010101

0

6

5

5 5555555555455555555555555421147425211111111111

3

5

4 5555555555455555555555555421147425211111111111

6

7

1

5

3 5555555555455555555555555421147425211111111111

8555555555455555555555555421147425211111111111

75555455555555555555421147425211111111111

255555555455555555555555421147425211111111111

1

2

4

6

4

4

2

3

3







-Мына 3-оюнчуктун тапшырмасын да аяктадык. Бул оюнчукту да илип коёлу.

-4-оюнчукту ачып көрөлү. Бул оюнчуктун тапшырмасы:

4 «Сандарды салыштыруу»

-Анда төмөндөгү сандарды салыштыралы.

-6 4 74 3

74 31 98 42 1

32 84 63

-Бул оюнчуктун да тапшырмасын аткардык, эми илип койсок болот.

-Кийинки оюнчуктун тапшырмасын ачып көрөлү.

5 Сызыктарды атоо. Келгиле төмөнкү муундарды туура коюп окусак

сызыктардын атын табабыз.


_____________ зык- сы- түз түз сызык

.____________. син- ди- ке кесинди

ри- ий зык- сы ийри сызык


-Азаматтар! Туура таптыңар. Оюнчукту илип коёлу.

-6-оюнчуктун тапшырмасы.

6 6-оюнчук ар бириңерге конверт даярдап коюптур. Таркатып

берейин. Кана ачып көргүлөчү эмне бар экен?


-Фигуралар.

-Кандай фигуралар экен?

өрт бурчтук, үч бурчтук, тегерек.

-Аларда эмненин сүрөттөрү бар экен?




үлүп турган, капаланып турган сүрөт бар экен.

-Анда фигуралардын окшоштуктарын тапкыла.

Окуучулар фигуралардын формасына, өнүнө, маанайына карап окшоштуктарын

табышат.

-Азаматтар!

-Келгиле, фигуралар жөнүндөгү физминуткабызды жасап коёлу.


Физминутка

Тик-тик квадрат,

Тик-тик биздин квадрат.

Класс, доска квадрат,

Керек болуп дайым турат.

Фигуралар киресиңер,

Бирге дайым жүрөсүңөр.

Ой биздин квадрат,

Ой биздин квадрат.

Жакшынакай квадрат.

Тик-тик квадрат,

Тик-тик биздин квадрат.

Үч бурчтукту кошуп койсок,

Үйүбүзгө калат окшоп.

Ой биздин квадрат,

Ой биздин квадрат.

Кызыктуусун квадрат.

Кызыктуусун квадрат.

-Кызыл эмес, сары эмес, квадрат эмес фигураны тап.

-Квадрат эмес, үч бурчтук эмес, сары эмес фигураны тап.

-Үч бурчтук эмес, тегерек эмес, сары эмес фигураны тап.

Окуучулар табышат.

-Мына эми 6-оюнчукту да илели.


- 7-оюнчукту алып көрөлү. Бул оюнчуктун тапшырмасы:

7 «Маселе чыгаруу»


*+*=*


*+*=*

*+*=*



-Бул оюнчукту илип коёлу.

-8-оюнчуктун тапшырмасын окуп көрөлү.

8 «Кошуунун жана кемитүүнүн компоненттерин атоо»

4+5=9 9-6=3 5+2=7

5-3=2 6-4=2 8-4=4

7+2=9 8+1=9 7-2=5

-Азаматтар бул тапшырманы да аткардыңар.

-Мына балатыбыз кооздолуп бүтүп калды. Акыркысы балатынын төбөсүнө

илине турган жылдызча экен. Анда жылдызчаны ачып көрөлү да анын

тапшырмасын аткаралы.

-Жылдызчаны ачкандан кийин кандай сөз пайда болду, окугулачы.

-Азаматтар!

-Мына, балдар биз балатыны кооздогонубуз үчүн оюнчуктар бизге «Азаматтар»

деген жакшы сөздү ыйгарып жатышат.

-Жылдызчанын тапшырмасы болсо, сабак кимге жакса күлүп турган фигураны

көтөрсүн, ал эми кимге жакпаса, капаланып турган фигураны көтөрсүн дейт.

-Тапшырманын баарын аткарып бүттүк, жылдызчаны балатынын төбөсүнө

илип коёлу.

-Балдар, бүгүнкү сабакта жакшы эмгектенгениңерге, а конокторго да алтындай

убактысын бөлүп биздин сабакка келип бергенине рахмат!







Ленин району №42 мектеп



Математика

сабагы

Тема: Кайталоо



Момунова Р.С.