Эргеш Мейманов атындагы
орто мектеби
“Математикалык кафе” интерактивдүү оюну
Уюштуруучу: Рахман кызы Чолпон
2017-2018-окуу жылы
Математикалык кафеге кош келиниздер.
Максаты:
Окуучулардын математика сабагына кызыгуусу артат.
Тез ойлонуп, туура, так жооп берүүсү жана логикалык ой жүгүртүүсү жөнгө салынат.
Топтордо иштей алышат, бири-бирине көмөктөш болушат, кенешип чечим чыгара алышат.
Оюндун эрежеси: Оюнга экиден төрткө чейинки командалар катыша алат. Конкурс менюда көрсөтүлгөн тапшырмалардын негизинде өтөт. Конкурста ар бир команда берилген тапшырмаларды, берилген убакытта аткарып, жюрилерге сунушат. Жюри ар бир тапшырмага балл берип, жыйынтык чыгарат.
Меню.
Тамактардын аттары:…………………………………………………………………..баасы:
Салаттар:
Математикалык машыгуу…………………………………………………………………... Аралаш математика…………………………………………………………………...6 мин.
Биринчи тамак:
Тендемелер шорпосу......................................................................................................3 мин. Баш катырма шорпо........................................................................................................8 мин.
Экинчи тамак:
Табышмактуу куурдак...................................................................................................5 мин: Кроссворд гарнири.........................................................................................................2 мин
Суусундуктар:
Математикалык коктейль..............................................................................................1 мин
Десерт:
Оюндун жүрүшү: Окуучулар топторго бөлүнүп, ар бир топ бирден столго жайгашат. Алгач топтор аттары жана урааны менен таааныштырат. Мугалим топторго оюндун эрежеси менен тааныштырып, оюн башталат. “Математикалык машыгуу” салаты: ар бир окуучуга бирден суроо берилип, ойлонууга убакыт берилбейт. 1-топко берилүүчү суроолор: 5 балада канча манжа бар? Кемитүүнүн жыйынтыгын эмне дейбиз? Айлананын радиусу 2,4см болсо, диаметри канча? 3 үймөк чөп менен 3 уйду үч ай бакса болот, 7 үймөк чөп менен 7 уйду канча ай бакса болот? Дурус бөлчөктөн ата... Жети санынын англисче аталышы... 2-топко берилүүчү суроолор: Квадраттын канча жагы бар? 1 минутада канча секунда бар? Диаметрдин айлананын узундугуна болгон катышы... Кошулуучулардын ордун алмаштырууда эмне болот? Үч ат 30 км жол жүрдү ар бири канча км жол жүргөн? Он жана терс санды кайсы сан бөлүп турат? 3-топко берилүүчү суроолор: 8 менен 20нын көбөйтүндүсү канчага барабар? Квадраттын жагы 4см, аянты канчага барабар? Көлдүн үстүнөн көгүчкөн, сазан, 2 таранчы, 2 ак-куу жана 5 балык учуп өттү. Көлдүн үстүнөн канча канаттуу учуп өткөн? 100 чонбу же -1000 чонбу? Эки чекит менен чектелген түз сызык эмне деп аталат? Бурчту эмне менен өлчөйбүз? 4-топко берилүүчү суроолор: 47 санында канча бирдик бар? Натуралдык сандын эн кичинеси... Кандай саат бир эле убакытты көрсөтөт? Үч орундуу эн кичине санды ата... Дарбыздын жарымы эмнеге окшош? -6 санынын модулу канча? Аралаш математика: ырларда катылган табышмактын жообун 6мин табуу керек Нерселердин кыймылына карата, Каалагандай маселени алалык, Карап көрсөк анда болот үч чондук, Кана эмесе аларды тез табалык: Бири убакыт, экинчиси ылдамдык, Дагы бири басып өткөн...
Он ичинде кезигүүчү бул санды, Окуучулар жакшы көрөт бүт баары. Алмаштырсан эн акыркы тамгасын, Дептериндин барагынын бир саны.
Циркулундун төбөсүнөн карма да, Бир топтолук айландыргын жай гана. Кагазында пайда болот ал сызык, Кадимки эле өзүн билген...
Тамакты таттуу кылат деп, Таамай сөз элде айтылат. “О”ну жазсан алдына, Ондуктан турган сан чыгат.
Көп сызыктан айырмам бар себеби, Көрсөтүүгө болот эки четимди. Далай-далай фигуранын мен чеги, Дароо тапкын! Менин атым...
Жазылышы кызык экен бул сандын, Жалгыз таяк, эки шакек көрүнгөн. Баш тамгасын алмаштырсан башкага, Мезгил болот берекеси төгүлгөн.
Тегеректин бир чекити жөнүндө, Терип-тепчип айтса болот толгон кеп. Өзүнө окшош чекиттер жок болсо да, Өтө турган ал аркылуу жолдор көп. Ордун көрсөн тегеректин ортосу, Ошондуктан аны айтабыз ... деп.
Кабаттап алсан бул бааны, Каяктан сага сыйланмак. Арабча артка окусан, Атын басат ылдамдап.
Тендемелер шорпосу: 3(4х – 3) – (5х+11) = 9 – (3х – 1) 10х – (2х + 5) = 2(4х – 7) 5(3х – 4) = 1 + (15х – 21) Баш катырма шорпосу: туура барабардык орун алгандай кылып, төмөнкү жазуунун айрым жерлерине кошуу белгисин коюп чыккыла 5 5 5 5 5 5=615 8 8 8 8 8 8 8 8=1000 Табышмактуу куурдак: топтор кагазда катылган тапшырманы оздөрү тандап алат жана 5 минутанын ичинде туура жообун бериши керек.
Амантай канча чүкөн бар? –Чүкөлөрүмдү 3төн чогуу салсам 2 чүкө артып калат, 4төн чогуу салсам деле 2 чүкө артат, 6дан кармасам деле 2 чүкө ашып калат. Жиним келип, 5тен кармап салдым эле эч арткан жок. Өзүн эсептечи канча чүкөм бар?
-Ата канча балык кармадыныз? –Алтынын башы жок, тогуздун куйругу жок, сегиздин жарымы.
Азема магазинден жумуртка сатып алып, анча чон эмес корзинага салды. Жолдо келе жатып, ал мындай деген жыйынтыкка келди: сатып алган жумурткалардын саны 2ге да, 3кө да, 5ке да, 10го да, 15ке да бөлүнөт. Азема канча жумуртка сатып алган?
Өсүмдүктүн сабагы 1м. Үлүл жогору көздөй жөрмөлөп, күндүзү 4дм көтөрүлүп, түнкүсүн 2дм ылдый түшөт. Канча күндөн кийин үлүл өсүмдүктүн чокусуна чыгат? Кроссворд гарнири. 1.Узундук бирдиги. 2.Айлананын борбору менен анын кандайдыр бир чекитин туташтыруучу кесинди. 3.Кошуунун натыйжасы. 4.Сан. 5.Чондук. 6.Эки чекитти туташтыруучу туз сызыктын бөлүгү. 7.Белгисиз сандын ордуна коюлуучу тамга. 8.Убакыт бирдиги. 9.Масса бирдиги. 10.Чондук.11.Геометриялык фигура. 12.Тик бурчтуктун айрым түрү. 13.Сан.
| | | | | | | | 1 | | | | |
| | | | | | | | | | | | |
| | | |
| | | | | | | | | | | |
| 13 | | 2 |
| | | | | | | | | | | | |
| | 12 | | | | | | | | 3 | | | |
| | | | | | | 4 |
| | | |
| 11 | | | 10 | | | | | | | | | 5 | |
| | | | | | |
| | | | | | | 9 | 6 | |
| | | | | | | | | | | | | |
| | | | | | | | |
| | | | | | | | | 8 | | | |
| | | | | | | | | | 7 | | |
Математикалык коктейль Пантомимо конкурсу өтөт: мында ар бир командадан бирден катышуучу чыгып, карточкада көрсөтүлгөн түшүнүктү кыймыл-аракет менен көрсөтүп берет. Ал эми калган оюнчулар ал эмне экенин бир минута убакытта табышы керек. Десерт. Калыстар аткарылган тапшырмаларга карата өтүлгөн оюндун жыйынтыгын чыгарат. Женүүчү командалар аныкталат. Жыйынтыктоо.
Көнүл бурганыныздарга чон рахмат!