Просмотр содержимого документа
«Математикалык статистиканын элементтери»
Математикалык статистиканын элементтери
Тема:Тандалма метод жөнүндө түшүнүк
Сабактын максаты:
- 1.Статистика жөнүндө түшүнүшөт.
- 2.Математикалык статистиканы билишет.
- 3.Тандалма метод жөнүндө түшүнүшөт.
- 4.Маселелерди чыгарышат.
Статистика -бул
1. Коомдук тиричиликтин саны жана сапат тегине байланыштуу мыйзам ченемин мүнөздөөчү маалымат алууга жана талдоого багытталган илим тармагы; 2. Массалык кубулуштардын сан өлчөөсү; 3. Кээ бир илимдерде колдонуулучу сан изилдөө илим методу.
анда
анда
=
=
Математикалык статистика
Математикалык статистика-математиканын бир бөлүмү,анда илимий жана практикалык корутунду чыгаруу үчүн статистикалык маалыматтарды системага салуу,иштеп чыгуу жана пайдалауунун математикалык меттоддору каралат. Мында статистикалык маалыматтар –кандайдыр бир белгилер боюнча ,айырмаланган обьектилердин ж.б. саны жөнүндөгү билдирүүлөр.Статистикалык маалыматтарга таянып жүргүзүлгөн изилдөө методу статистикалык метод деп аталат.Бул метод илимдин ар кандай тармактарында социологиялык –экономикалык статистикада ,статистикалык-физикада,жылдыз астраномиясында ,кибернетикалынын теориялык жана практикалык маселелерин чечүүдө ж.б.колдонулат.Ыктымалдык теориясына негизделген тандоо методу математикалык статистикада кеңири пайдаланылат.Математикалык статистика параметрлердин бөлунүшүн статистикалык чамалоодо жана статистикалык гипотезаларды текшерүүдө да пайдаланылат.
Математикалык статистиканын маселелери
1-атайын жүргүзүлгөн байкоолордун же эксперименттердин жыйынтыктарын тандап алуу жана топко бөлүштүрүү ыкмаларын табуу.
2-изилдөө талап кылынган маселенин шартына жараша статистикалык маалыматтарды анализдөө ыкмаларын иштеп чыгуу.
Ошентип математикалык статистика илимий жана практикалык жыйынтыктарды алыш үчүн,статистикалык маалыматтарды топтоо жана тиешелүү түрдө талдоо ыкмаларын изилдөөчү илим болуп саналат.
Тандалма метод
Изилденүүчү обьектилердин тобунан чектүү сандагы обьектилерди каалагандай алып ,аларды изилдеп,изилдөөнүн натыйжасы менен бардык обьектилердин тобунун изилденүүчү белгиси жөнүндө корутунду чыгарууга болот.
Мындай метод статистикада тандалма метод деп аталат,ал эми чектүү санда изилдөө үчүн изилденүүчү обьектилердин тобунан каалагандай тандалып алынган обьектилердин тобу тандалма топ же жөнөкөй эле тандалма деп аталат.
Тандалманын элементтери алынган обьектилердин тобу генералдык топ деп аталат,алардын элементтеринин саны тиешелеш түрдө тандалманын көлөмү же генералдык топтун көлөмү деп аталат жана n менен белгилейбиз.
Көлөмү n болгон тандалманын жыштыгынын бөлүштүрүлүшүнүн таблицасы
Xi
Ni
X1
X2
N1
…
N2
Xn
…
Nn
Xi- тандалманын вариантталары.
Ni-варианталардын жыштыгы
Ni/n-варианталардын салыштырма жыштыгы
Алыштырм
Тандалманын статистикалык бөлүштүрүлүшү төмөнкү таблица менен берилсин анда дисперцияны аныктагыла
Xi
1
2
Ni
20
3
15
4
10
5