СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математикалык таймаш сабак "Ким кыйын"

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Математикалык таймаш сабак "Ким кыйын"»

Сабактын темасы:

Ким кыйын







Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын математика мугалими Чыналиева Эльнура Күчүкбаевна математикадан класстан тышкаркы өткөн сабагынын иштелмеси



Сабактын темасы: «Ким кыйын»

Сабактын максаты: Окуучулар өз алдынча иштей алышат. Баардык өтүлгөн темалар боюнча кайталоо менен бирге билимдери бышыкталат. Окуучулар математика сабагынан ынтымакта, биримдикте берилген тапшырмаларга жооп беришип, “Ким кыйын” деген конкурс жыйынтыкталат. Конкурс төмөнку тапшырмалар менен өткөрүлөт.

Тапшырмалар
1. Команданы тааныштыруу
2. Тест менен иштөө
3. Ойлон, тап.
4. Сен салыштырууну билесиңби?
5. Капитан командалардын
жарышы (эсептегиле)

1. Команданы тааныштыруу 6-7-класстар.

6-7-класстан 10дон окуучу катышып, ар бир топ өз алдынча ат коюп, презентациялашат. 1-номердеги тапшырмалар 6-класска, 2-номердеги тапшырма 7-класска берилет.

2-тапшырма. Тест менен иштөө

1. Эгерде конфеттерди 2ден, 3төн же 4төн бөлсөк ар дайым 1 конфет калып калат. Бардыгы эң аз канча конфет болушу мүмкүн?
А) 15 Б) 23 В) 17 Г) 37 Д) 40
2. Столдо 100дөн аз китеп бар. Эгер ал китептерди 3төн, 4төн, 5тен да бөлүштүрүүгө мүмкүн болсо, столдо канча китеп бар?
А) 50 Б) 60 В) 70 Г)80 Д)90

1. 5454m2 саны 4кө бөлүнсө, mдин маанилеринин суммасы канча?
А) 15 Б)25 В) 35 Г) 40 Д)40
2. 45а12 санын 5ке бөлсөк калдык канча болот?
А) 1 Б) 2 В) 3 Г) 4 Д)5
1. Курама сан дагы, жөнөкөй сан дагы болуп эсептелбеген сан кайсы сан?
А) 1 Б) 2 В) 3 Г) 4 Д)5
2. Жөнөкөй сандардын арасында бир жуп сан бар, ал кайсы сан?
А) 1 Б) 2 В) 3 Г) 4 Д)5
1. Эгерде х, у, к удаалаш жуп сандар болсо,
((х−у)(к−у)(х−к))/4=?
А)-2 Б) 2 В)-4 Г)2𝟒/𝟔 Д) 4
2. Эгерде а, в, с жана к-удаалаш так сандар болсо, (к−а)/(с−в) канчага барабар.
А)-2 Б) 2 В)3 Г)6 Д) 8

1. Эгерде 5,6,7, х сандарынын арифметикалык орто саны 8 болсо, хтын мааниси канчага барабар?
А) 8 Б) 18 В) 24 Г) 16 Д) 1

2. Үч баланын жаштарынын суммасы 27ге барабар. Канча жылдан кийин алардын жаштарынын суммасы 60 болот.
А) 18 Б) 15 В) 8 Г)11 Д) 33
1. -15 жана 12 сандарынын ортосунда канча бүтүн сан бар?
А) 7 Б) 18 В) 64 Г) 26 Д) 28
2. Квадратынын акыркы цифрасы 1ге барабар болгон канча эки орундуу натуралдык сан бар?
А) 16 Б) 8 В) 4 Г) 2 Д) 18
1. (𝑎𝑏) ̅ жана (𝑏𝑎) ̅− эки орундуу сандар. Эгерде (𝑎𝑏) ̅−(𝑏𝑎) ̅=9 болсо, анда төмөндөгүлөрдүн кайсынысы (𝑎𝑏) ̅+(𝑏𝑎) ̅ боло алат?
А) 98 Б) 78 В) 8 Г)11 Д) 55
2. Удаалаш 4 натуралдык сандын суммасы 3024. Бул сандардын орточо арифметикалык маанисин тапкыла.
А) 56 Б) 736 В) 8 Г)118 Д) 505
1. Нуртилек менен Нурболоттун 20 сомдук акчалары бар. Алар 16 сомдук дептер сатып алайын десе сатуучунун акчасы жок экен. Окуучу эң аз санда канча дептер сатып ала алат?
А) 8 Б) 5 В) 8 Г)4 Д) 3
2. Касым, Арсен, Марлен, Бакай, Кутмандын жаштарынын суммасы 95ке барабар. Бул балдардын жаштарынын суммасы канча жылдан кийин 145ке барабар болот?
А) 88 Б) 18 В) 8 Г)10 Д) 55


1. ЧЫНГЫЗЧЫНГЫЗЧЫНГЫЗ........ деген жазуу кайра кайра кайталанып жазылса, 2018-тамга кайсы?
А) Ч Б) Ы В) Н Г)З Д) Г

2. МИДИНМИДИНМИДИН..... деген жазуу кайра кайра кайталанып жазылса, 2017-тамга кайсы?
А) М Б) И В) Д Г)И Д) Н Ушул тапшырмада кийин окуучулар Чынгыз Айтматов, Мидин Алыбаев ким экендиги жөнүндө айтышып, ырларын, чыгармаларынан айтып беришет.

3-Тапшырма: Ойлон, тап.



4-тапшырма: Салыштыруу эсептерин чыгарууда:
Берилген А жана Б тилкелеринде чоңдуктар жазылган. Ал чоңдуктарды салыштыргыла.
-Эгерде А тилкесиндеги чоңдук чоң болсо жоопто,
А) вариантын танда.
-Эгерде Б тилкесиндеги чоңдук чоң болсо жоопто,
Б) вариантын танда.
-Эгерде чоңдуктар бири бирине барабар болсо
В) вариантын танда.
-Эгерде берилген маалымат чоңдуктарды салыштырууга жетишсиз болсо,
Г) вариантын танда.

5-Тапшырма: Капитан командалардын жарышы

Окуучулардын топтогон упайларына жараша математика сабагынан “Ким кыйын” экендиги аныкталат.