Математиканы окутууда окуучулардын билимин компетенттүүлүктөрдүн негизинде баалоо.
«Мажбурлоо жана милдеттүүлүк сезими
Окуучуга кароодон жана издөөдөн
Кубаныч табууга көмөк болот - деген
ой чоң жаңылыштык» А.Эйнштейн
Аннотация. Бул макалада мектептеги математика предметтин окутуу процессинде окуучулардын билимин компетенттүүлүктөрдүн негизинде баалоо аркылуу мугалимдердин жалпы билим берүүдөгү компетенттүүлүктөрүнүн калыптанышын көзөмөлдөө процессинин кээ бир жолдору каралат. Ошондой эле эсептөөчүлүк компетенттүүлүктөрдү өркүндөтүү каралган.
Түйүндүү сөздөр: компетенттүүлүктөр, окутуу процесстери, эсептөөчүлүк компетенттүүлүк, .
Аннотация.
Ключевые слова:
Annotation:
Key words:
Ааламдашуу, заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүшү, экономиканын түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөр, Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мектептериндеги математикалык билим берүүгө маданияттык компетенттик мамиленин негизинде мамиле жасоо менен компетентүү, мезгилдин талабына ылайык өз алдынча даярдыгы бар, турмуштук маселелерди чече билген инсандарды тарбиялоо милдетин коёт. Билим берүүнүн эффективдүүлүгүн артырууда окуучуларга маалыматтык, коммуникациялык, интерактивдик технологиялар менен билим берүү, тарбиялоо жана заманбап билим берүү чөйрөсүндө математик мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу талабы турат.
Агартуучулук багытындагы эмгектенген талантуу математиктерди эл ичинде эрте угулуп, ар бир инсанды тарыхый социалдык шартта жаштайынан тарбиялап, жашоо-турмушмушуна, салтына, акыл-насаатына кунт коюп кыйынчылыктарды жеңген, жамандык-жакшылыкты башынан кечирген, жөнөкөй, кайрымдуу, адамгерчиликтүү инсан болууга аракеттенген.
Азыркы мезгилде өнүгүү стратегиясы жана өнүгүү концепция, КР туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы өзгөчө мааниге ээ. Биздин шартта мектептеги математикага өз ара байланышкан үч деңгээлди белгилесек болот: стратегиялык, технологиялык (тактикалык) жана адамдардын өз ара байланыштык. Стратегиялык деңгээл жаңы идеяларды жана теорияларды колдонуу аркылуу математиканын максаттары, принциптери, негизги багыттары менен байланышкан. Башкы идеялары болуп билим берүүнү гумандаштыруу, инсанга багыттоо жана демократияга ыктоо, окуучуларды коомго аралаштыруу (социалдаштыруу) компетенцияларды калыптандыруу керек. Технологиялык деңгээлде математиканын принциптерин жана ыкмаларын колдонуу менен идеяларды турмушка ашыруу жолдору ишке ашат.
Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндөгү токтомунда (№201, 23.03.12) КРда 2020-жылга чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнүн концепциясы бекитилген. Бул маанилүү документте билим берүү системасын реформалоонун негизги багыттары белгиленген. Анда орто мектептерге тез өзгөрүп турган коомго тездик менен ыңгайлаша алган жана проблемаларды чечүү билгичтиктерине, инсандык жана граждандык өнүгүүсү жана кесиптик ишмердүүлүгүн баштоо үчүн жетишээрлик компетенцияларга ээ болгон жаштарды тарбиялап, өстүрүп чыгаруу милдети коюлган [1].
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 5-9-класстар үчүн «Математика» боюнча предметтик стандарт Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлдагы № 403 токтому менен бекитилген. Жалпы математикалык билим берүүнүн предметтик стандартынын билим берүүнүн натыйжаларына коюлган компетенциялык талаптары негизинен эки топко бөлүнөт: негизги (өзөктүү) жана предметтик компетенциялар.
Демек, бүгүнкү күндүн талабына ылайык окуучу өзгөрүүлөргө бат ыңгайлашкан, ар кандай кырдаалда проблемаларды өз алдынча чече алган, тагыраак айтканда компетенттүүлүктүн төмөнкүдөй негизги (ключевой) компоненттерине ээ болууга тийиш:
1.Маалыматтык компетенттүүлүк-өз ишмердигин пландап, жүзөгө ашыруу, аргументтүү тыянактарды чыгаруу үчүн маалыматты колдонууга даярдык. Бул маалымат менен төмөндөгүдөй иштей билүүнү билдирет: жетишпеген маалыматты максаттуу түрдө издөө, анын айрым бөлүктөрүн салыштыруу, бүтүндөй талдоо билгичтиктерине ээ болуу, божомол жасоо.
2.Социалдык-коммуникативдик-өзүнүн кызыкчылыктарын башка адамдардын жана социалдык топтордун таламдары менен шайкеш келтирүүгө, көз караштардын көп түрдүүлүгүн таануу жана башка адамдардын баалуулуктарын (диний, этникалык, кесиптик, инсандык ж.у.с.) таануу менен өз пикирин цивилизациялуу түрдө жактоого даярдык. Диалог учурунда зарыл маалыматты ала билүүгө, аны оозеки жана жазуу түрүндө баяндоого даяр болуу.
3.Өзүн-өзү уюштуруу жана проблемаларды чечүү компетенттүүлүгү –«Өз ишин уюштуруу жана маселе чече билүү» компетенттүүлүгү – маалыматтагы, окуу жана турмуштук кырдаалдардагы карама-каршылыктарды таба билүүчүлүк жана өз алдынча же башкалар менен биргеликте ар түрдүү ыкмаларды колдонуу менен аларды чече билүүчүлүк, ошондой эле андан аркы иш-аракеттер жөнүндө чечим кабыл алууга жөндөмдүүлүк.
Коомдун илимий - техникалык, технологиялык жана экономикалык өнүгүшүндө математика илиминин орду жана ролу эбегейсиз чоң. Анткени математика бардык табигый илимдердин, билимдердин негизги өзөгүн түзөт. Ошондуктан кандайдыр бир деңгээлде компетенттүү инсан болуп калыптанышында математика предметинин орду чоң экендиги белгилүү.
Предметтер жана класстар үчүн баалоонун алгылыктуу стандарттарын аныктоо максатында математик мугалимдери менен иш жүргүзүлүп жатат. Бул стандарттар окуучулардын тийиштүү предмет боюнча билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн өнүктүрүү жөндөмүнө, аларды ар түрдүү кырдаалдарда колдоно билүү жөндөмүнө негизделет. Жаңыча баалоодо буга чейинки фактыларды жаттап алууга эмес, жогорку деңгээлде ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө басым жасалат. ББИМ менен биргеликте олимпиадаларды өткөрүү тутумун жакшыртууга таасир этүүгө умтулат.
Мугалимдерди окуу пландарын, программаларын, стандарттарын өркүндөтүү ишине тартуу алкагында мугалимдерге өркүндөтүүгө жигердүү катышуу иштөө мүмкүнчүлүгүн берет. Программадагы өзгөртүүлөр фактыларды жаттап алууга эмес, билим, көндүм, жөндөмдөр менен билгичтиктерди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ошондуктан математик мугалими өзүнүн методикалык билим деңгээлин күн сайын толуктап, жаңылап, билимдеги болуп жаткан жаңылыктар менен кабардар болуп, окутуунун негизги компонентеринин ар биринин ички мазмунун так билип, аларды сабак берүүдө жогорку деңгээлде ишке ашыруусу зарыл.
Математиканы 6-класстарда окуп-үйрөнүүнүн максаты болуп сан түшүнүгүн системалуу түрдө өнүктүрүү, сандар менен арифметикалык амалдарды аткаруу билгичтигин иштеп чыгуу, практикалык тапшырмаларды математиканын тилине которуу, окуучуларды алгебра жана геометриянын системалык курстарын окуп-үйрөнүүгө даярдоо эсептелет [2].
Окуучунун билимин, эс тутумун, жөндөмүн баалоодо окуучунун маалыматты түшүнгөндүгүн аны чыгармачылык - ишмердүүлүгү аркылуу колдонуусун о.э. билимдерди талдай, баалай жана аларды турмушунда пайдалана алгандыгын баалоодо мисал келтирүү менен берген жообу бааланат. Анын ичинде, факты, эрежелерди, т.а. грамматикалык эрежелерди, же формаларды жаттап келип айтып бердиби, ага кошуп мисалдары менен далилдеп бердиби, анын классификациясын, мүнөздөмөсүн иликтеп, теориялык табиятын мүнөздөп бердиби, кыскасы, проблеманын теориялык жагын эс тутумунда кандай психикалык процесстери менен сактап калганы боюнча билимин гана баалоо жүзөгө ашат. Бул учурда окуучунун теориялык билимин баалоого көңүл бурууга караганда, анын практикалык машыгууларын баалоо компетенттүүлүккө негиздеп окутуунун алгачкы кадамдарынын бири болот. Себеби, мындай учурда окуучунун сандарды айырмалоо, сандар менен арифметикалык жана алгебралык операцияларды жүргүзүү, ар түрдүү математикалык туюнтмалардын сандык маанилерин эсептей алуу, тагыраак айтканда эсептөөчүлүк компетенттүүлүгүн эске алуу пайдалуу болуп эсептелет. Анткени, ар бир окуучунун эсептөөчүлүк компетенттүүлүгүнө ээ болуусу, алардын негизги жана предметтик математикалык компетенттүүлүктөр маанилүү процесс болмокчу. Алсак: эсептөөчүлүк компетенттүүлүк:
Сандарды айырмалоо
Сандар менен арифметикалык жана алгебралык операцияларды жүргүзүү.
Ар түрдүү математикалык туюнтмалардын сандык маанилерин эсептей алуу.
Окуучулардын эсептөөчүлүк компетенттүүлүгүн баалоо боюнча тест түзүлүп, Бишкек шаарындагы мектептердин 6-классынан 104 окуучудан алынды.
ITEMAN программасына анализденип, төмөндөгүдөй жыйынтык чыкты.
№1 тапшырма.
Күтүлүүчү натыйжа.Калдык менен бөлүүнү аткара алуу.
Компетенттүүлүк.Эсептөөчүлүк
Тапшырманын деңгээли. Базадан төмөн
Тапшырманын мазмуну. 6 санына калдыксыз бөлүнүүчүнү тапкыла
Статистика
N | P | TotalRpbis | TotalRbis | Alpha w/o |
104 | 0,48 | 0,34 | 0,43 | 0,37 |
Дистракторду 4 окуучу тандаган
Дистракторду 23 окуучу тандаган
Дистракторду 26 окуучу тандаган
Дистракторду 50 окуучу ключту тандаган
№2 тапшырма.
Күтүлүүчү натыйжа.Бөлчөк сандар катышкан маселелерди чыгараалат.
Компетенттүүлүк. Эсептөөчүлүк
Тапшырманындеңгээли. Базадан төмөн
Тапшырманынмазмуну. Туюнтманын
мааниси эмнеге барабар?
N | P | TotalRpbis | TotalRbis | Alpha w/o |
104 | 0,45 | 0,15 | 0,19 | 0,42 |
Статистика
Дистракторду 47 окуучу ключту тандаган
Дистракторду 15 окуучу тандаган
Дистракторду 10 окуучу тандаган
Дистракторду 27 окуучу тандаган
№3 тапшырма.
Күтүлүүчү натыйжа. Бөлчөк сандар катышкан маселелерди чыгараалат.
Компетенттүүлүк. Эсептөөчүлүк
Тапшырманындеңгээли. Базалык
Тапшырманынмазмуну. 4
сандардын ортосундагы айырма эмнеге барабар?
Статистика
N | P | TotalRpbis | TotalRbis | Alpha w/o |
104 | 0,14 | 0,02 | 0,04 | 0,44 |
Дистракторду 39 окуучу тандаган
Дистракторду 15 окуучу ключту тандаган
Дистракторду 13 окуучу тандаган
Дистракторду 34 окуучу тандаган
№4 тапшырма.
Күтүлүүчү натыйжа. Бөлчөк сандар катышкан маселелерди чыгара алат.
Компетенттүүлүк. Эсептөөчүлүк
Тапшырманындеңгээли. Базалык
Тапшырманын мазмуну. Амалды аткаргыла: 1,6
Статистика
N | P | TotalRpbis | TotalRbis | Alpha w/o |
104 | 0,22 | 0,35 | 0,49 | 0,38 |
Дистракторду 55 окуучу тандаган
Дистракторду 23 окуучу ключту тандаган
Дистракторду 8 окуучу тандаган
Дистракторду 16 окуучу тандаган
№16 тапшырма.
Күтүлүүчү натыйжа. Бир белгисиз катышкан теңдемени чыгара алат
Компетенттүүлүк. Эсептөөчүлүк
Тапшырманын деңгээли. Базадан жогору
Тапшырманын мазмуну. Теңдемени чыгаргыла. –(-(-у)) = -5,95
Статистика
N | Mean | Total R | TotalRbis | Alpha w/o |
104 | 0,23 | 0,27 | 0,88 | 0,70 |
Бул ачык тапшырма болгон: 17-окуучу туура эмес, 24-окуучу туура, 63-окуучу жооп берген эмес.
№17 тапшырма.
Күтүлүүчү натыйжа. Бир белгисиз катышкан теңдемени чыгара алат
Компетенттүүлүк. Эсептөөчүлүк
Тапшырманын деңгээли. Базадан жогору
Тапшырманын мазмуну. Теңдемени чыгаргыла.
Itemstatistics
N | Mean | Total R | TotalRbis | Alpha w/o |
104 | 0,05 | 0,59 | 1,00 | 0,72 |
Бул ачык тапшырма болгон: 36-окуучу туура эмес, 5-окуучу туура, 63-окуучу жооп берген эмес.
Бул иштердин багыттарыны бири 6-класстын предметтик стандартынын, анын ичинен математика боюнча дагы иштер аткарылууда. Билим берүүнүн мазмуну жакшыртууда биринчи кезекте окуучулардын окуу жетишкендиктеринин сапатын жогорулатуу үчүн аларды баалоо маселеси негизги орунду ээлейт.
Бул талкулоолордун жыйынтыктары предметтик стандартты түзүүчүлөр үчүн сунуштар берилип толуктоолордун үстүндө иштеп жатабыз. Бул аткарылган иштердин дагы бир маанилүү иштердин бири болуп предметтик стандарттардын «Окуучулардын окуу жетишкендиктеринин күтүлүүчү натыйжалары жана баалоо» компонентин жакшыртуу болуп эсептелет. Анткени, окуучулардын окуу жетишкендиктерин учурдун талабына ылайык, дүйнөлүк стандартка ылайык жаңыча баалоо боюнча мугалимдердин алдына коюлган учурдун талабы. Ошондуктан учурдагы предметтик стандарттардын жакшыртуу үчүн баалоонун инструменттерин (тапшырмалар) колдонуу менен аны сынактан өткөрүү иш аракети, кандайдыр бир деңгээлде каралып жаткан маселени чечүүгө багытталган иш катары кароо зарылчылыгы турат.
Колдонулган адабияттар.
Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндөгү токтомунда (№201, 23.03.12).
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 5-9-класстар үчүн «Математика» боюнча предметтик стандарт. ( Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлдагы № 403 токтому).
Абдырахманов Т.А., Ногаев М.А. Компетентностный подход в современном об разовании : Учебное пособие. – Бишкек, 2011. – 114 с.
Линда Крокер., Джеймс. Введение в классическую и современную теорию тестов.
Добаев, К.Д. Образование – главный ресурс развития [Текст] / К.Д.Добаев // КУТБИЛИМ. 19 сентября, 2003. – С. 5.
Носков М. Компетентностный подход к обучение к математике //Высшее образование в России – 2005. – №4. С 48-50.
Мошкина Т. И. Компетентностно-ориентированные задания и тесты на уроках математики как средство формирования ключевых компетентностей учащихся //Научно-методический электронный журнал «Концепт». – 2014. – Т. 16. – С. 21–25. – URL:
http://e-koncept.ru/2014/64205.htm.
7