Математиканы окутуунун максаттары жана милдеттери
5-9-класстарда «Математика» предмети боюнча Мамлекеттик билим берүү стандарты аталган предметти окуп-үйрөнүүнүн негизги максаттарын аныктайт.
5-9-класстардын окуучулары курчап турган дүйнөнү математикалык теориянын негизинде сыпаттап берүү ыкмаларын билип, билимдерин башка предметтерде жана күндөлүк турмушта рационалдуу пайдалануу көндүмдөрүнө ээ болушат.
Окутуунун максаты:
Математиканы 5-6-класстарда окуп-үйрөнүүнүн максаты болуп сан түшүнүгүн системалуу түрдө өнүктүрүү, сандар менен арифметикалык амалдарды аткаруу билгичтигин иштеп чыгуу, практикалык тапшырмаларды математиканын тилине которуу, окуучуларды алгебра жана геометриянын системалык курстарын окуп-үйрөнүүгө даярдоо эсептелет.
Математиканы 7-9-класстарда окуп-үйрөнүүнүн максатын эсептөөчүлүк жана алгебралык билгичтиктерди өнүктүрүү, колдонмо маселелерди математикалык моделдөөнүн негизги каражаты катары функцияны, теңдемелер жана барабарсыздыктар аппаратын өздөштүрүү, тегиздиктеги жана мейкиндиктеги геометриялык фигураларды системалуу түрдө окуп-үйрөнүү, логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү жана окуучуларды чектеш дисциплиналарды окуп-үйрөнүүгө даярдоо түзөт.
5-9-класстарда математиканы окутуунун милдеттери:
Когнитивдик. Окуучулар сан системаларынын (натуралдык, бүтүн, рационалдык, чыныгы) түзүлүш мыйзам ченемдүүлүктөрүн түшүнөт жана математикалык тилди таанымдын, изилдөөнүн жана карым-катыштын инструменти катары пайдаланышат;
Жүрүш-туруштук. Окуучулар практикалык ишмердүлүгүндө, башка предметтерди окуп-үйрөнүүдө колдонууга, ошондой эле кийинки класстарда математикалык билим алууну улантуу үчүн зарыл болгон математикалык билимдерге, билгичтиктерге жана компетенцияларга ээ болушат;
Баалуулук. Окуучулар эсептөөчүлүк, логикалык жана башка касиеттерге ээ болуу үчүн өздөрүнүн математикалык билимдерин өркүндөтүүгө жүйөсү бар, талдоого, өз жыйынтыгын баалоого жөндөмдүү жана математикалык ченөөлөрдүн жаңылыштыктарын толук аңдап-түшүнүшөт.
2.2. Предметтин методологиялык негиздери
«Математика» мектептик предмети турмуштук практиканын талаптары жана предметтин өзүнүн ички талаптары менен шартталган үзгүлтүксүз өнүгүүдө болот.
Математикалык билим берүүнүн өнүгүүсү жаңы муунга мурунку бардык муундардын синдезделген билимдери менен тажрыйбасын окуу предмети катары берүүсүз мүмкүн эмес, ал окуучуларга математикалык аппарат тууралуу түшүнүктөрдү берип, математикалык ой жүгүртүүсүнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
5-9-класстардын окуучуларына математикалык билим берүүнү уюштуруунун негизине төмөнкүлөр каралган:
Окутуунун максаттарын тактоо жана математикалык даярдоого коомдун өнүгүүсү жана анын социалдык-экономикалык керектөөлөрү менен байланышкан жаңы талаптардын коюлушу.
Математикалык билим берүүгө илимдин өзүнүн таасир тийгизүүсү, окуу предметинин мазмунун жаңыртууну талап кылган жаңы маанилүү ачылыштардын жана багыттардын пайда болушу, өзүнүн таанымдык жана практикалык маанисин жоготкон материалдарды кыскартуу.
Окуучулардын жалпы жана интеллектуалдык өнүгүүсүн күчөтүү, окуучуларда «Математика» предметинин мазмунун кыйла эрте жана кыйла интенсивдүү окуп-үйрөнүүнүн потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо.
Педагогикалык илимдин, математиканы окутуу усулунун өнүгүүсүнүн өзгөргөн деңгээли, мектеп математикасын окутуунун жеткиликтүүлүгүн, натыйжалуулугун жогорулата турган окутуунун маалыматтык жана мультимедиялык каражаттарына жетишүү.
2.3. Предметтик компетенттүүлүктөр
Математикалык билим берүү тармагы боюнча компетенттүүлүктөрдү белгилөөнүн негизи катары мектептик математикалык предметтин сапатын баалоо боюнча эл аралык тажрыйбадан келип чыккан талаптар алынган.
Жалпы орто мектептин бүтүрүүчүсү математиканын жалпы мыйзамдарын чагылдырган билимдерге ээ, аларды колдоно алат жана математикалык ой жүгүртүү көндүмдөрүнө ээ болот. Мында ал төмөнкү компетенцияларга ээ:
| № | Компетенттүүлүк | Компетенциянын сыпаттамасы |
| 1 | Эсептөөчүлүк | Сандарды айырмалоо. Сандар менен арифметикалык жана алгебралык операцияларды жүргүзүү. Ар түрдүү математикалык туюнтмалардын сандык маанилерин эсептей алуу. |
| 2 | Аналитика-функционалдык | Негизги функцияларды жана туюнтмаларды аныктоо, алардын касиеттерин билүү. Базалык математикалык туюнтмалар менен арифметикалык жана алгебралык операцияларды жүргүзүү. Теңдемелерди, барабарсыздыктарды жана алардын системаларын чыгарганды билүү. |
| 3 | Көрсөтмөлүү-образдык | Негизги геометриялык фигураларды жана алардын элементтерин билүү. Негизги функциялардын графиктерин кайра өзгөртүп түзүүнүн эң жөнөкөй жолдорун билүү. Курчап турган чындыктын кубулуштарын талдоо үчүн аналитикалык туюнтмалардын графикалык көрсөтүлүштөрүн пайдалануу. |
| 4 | Статистика—ыктымалдык | Детерминацияланган жана детерминацияланбаган процесстер тууралуу түшүнүктөргө ээ болуу жана аларды айырмалоо. Көптүктөр менен операцияларды жүргүзө алуу. Статистикалык маалыматтарды жөнөкөй иштеп чыгуунун жолдорун билүү. Ыктымалдуулуктун негизги касиеттерин билүү жана аларды курчап турган чындык менен байланышкан маселелерди чыгарууда колдоно алуу. |
2.4. Өзөктүү жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн байланышы
Математикалык билим берүүнүн өзөктүү компетенттүүлүгү катары окуучулардын ар түрдүү математикалык маселелерди чечүү менен байланышкан кырдаалдарда өз алдынча аракеттене алуу жөндөмдүүлүгү каралат. Өзөктүү компетенттүүлүктүн предметтик компетентүүлүктөр менен байланышы математика сабактарында төмөнкү деңгээлдер боюнча ишке ашырылат.
Бирични деңгээл. Түшүнүү. Окуучу окуу китебинде же мугалим тарабынан берилген математикалык материалдын мазмунун түшүнөт, сабакта же окуу китебинде талдоого алынган математикалык маселеге же көнүгүүгө окшошторду чыгарууга жөндөмдүү. Окуу материалынын тиешелүү темалары боюнча зарыл маалыматтарды табууну билет.
Экинчи деңгээл. Колдонуу. Окуучулар математикалык маселелер жана көнүгүүлөрдү чыгаруу алгоритмине, маалыматты берүү ыкмаларына ээ жана маселелерди чыгарууда математикалык теорияны, мыйзамдарды, формулаларды жана эрежелерди туура колдонот.
Үчүнчү деңгээл. Талдоо. Окуучулар математикалык түзүмдөр жана обьектилердин ортосундагы аналогияны жана негизги айырмачылыктарды табууга жөндөмдүү. Математикалык маалыматты жана өздөрүнүн иш-аракеттерин талдай алышат. Жаңы шарттарда маселелерди чыгарууда жана билимдин башка тармактарында математикалык билимдер менен көндүмдөрдү колдоно алышат.
Билим берүү стандартында бүтүрүүчүлөрдүн даярдыгынын деңгээлине коюлуучу талаптар белгиленген, алар математикалык компетенттүүлүктү мүнөздөө үчүн колдонулат: ээ болгон билимдери менен билгичтиктерин практикалык ишмердикте жана күндөлүк турмушта төмөнкү жагдайларда колдонуу:
зарыл болгон учурда аныктамалык материалдарды жана жөнөкөй эсептөөчү түзүлүштөрдү колдонуу менен, формулалар, анын ичинде даражаларды, радикалдарды, логарифмаларды жана тригонометриялык функцияларды камтыган формулалар боюнча практикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн;
эң жөнөкөй математикалык моделдерди түзүү жана изилдөө үчүн;
функциялардын жардамы менен реалдуу көз карандылыктарды сыпаттоо жана изилдөө, аларды графикалык түрдө көрсөтүү үчүн;
реалдуу процесстердин графиктерин интерпретациялоо үчүн;
математикалык талдоо аппаратын колдонуу менен геометриялык, физикалык, экономикалык жана башка колдонмо маселелерди, анын ичинде эң чоң жана эң кичине маани боюнча маселелерди чыгаруу үчүн;
диаграмма, графиктер түрүндө берилген реалдуу сандык маалыматтарды талдоо, статистикалык мүнөздөгү маалыматтарды талдоо үчүн;
анча татаал эмес практикалык кырдаалдарды окуп-үйрөнгөн формулалардын жана фигуралардын касиеттеринин негизинде изилдөө (моделдөө) үчүн; зарыл болгон учурда аныктамалыктарды жана эсептөөчү түзүлүштөрдү колдонуу менен, практикалык маселелерди чыгарууда реалдуу обьектилердин узундугун, аянттарын, көлөмдөрүн эсептөө үчүн.
2.5. Мазмундук тилкелер
Жогоруда белгиленген максаттар менен милдеттерди жүзөгө ашыруу аркылуу предметтин системдүүлүгүн, улануучулугун, математика предметинин ичиндеги байланыштарды жана башка предметтер менен байланыштарын ж.б. көрсөткөн мазмундук тилкелерди өздөштүрүүгө жетишүүгө болот.
Предметтин мазмундук тилкеси- бул негизги математикалык түшүнүктөрдүн бардык окуу материалдары жана окуучулардын математика боюнча компетенттүүлүктөрүн калыптандыруунун технологиялык мамилелери топтоштурулган предметтин фундаменталдык ядросу.
Предметтин фундаменталдык ядросу деп, ээ негиз салуучу илимий билимдердин өз ара байланышкан жана бирин бири толуктоочу элементтерден иш-аракеттери жана окуучулардын түрдүү предметтик тармактарга кеңири багыт алуусун камсыздаган иш-аракеттердин жалпыланган ыкмалары, ошондой эле математикалык объектилердин касиеттерин мүнөздөөчү санда түшүнүгү болуп саналат.
5-9-класстарда «Математика» предметинин мазмундук тилкелери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1.Сандар жана эсептөөлөр;
2. Алгебралык туюнтмалар жана аларды кайра өзгөртүп түзүүлөр;
3. Геометриялык фигуралар жана формалар;
4. Статистикага киришүү.