Сабактын темасы: Көбөйтүү .
Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү.
Сабактын жабдылышы: Окуу китеби , сүрөттөр , слайд, карточкалар, ватман, маркер,
| Убакыт | Сабактын жүрүшү | Мугалимдин иш-аракети | Окуучунун иш-аракети |
| 3 мүнөт | 1.Уюштуруу | Турмушта саноо, ченөө , эсептөө бар. “Жети өлчөп бир кес” – деп элде айтаар. Мектепте окуп үйрөнөбүз тактыкка. Жашоонун өзү - математика . Саламатсыңарбы менин сүйүктүү окуучуларым, маанайыңар жакшыбы? Жагымдуу маанай (ыр) Келгиле анда силер менен биргеликте сабакка “Алтын эреже” түзүп алалы. Балдар силер бүгүнкү сабакка эмне максат менен келдиңер? Анда эмесе балдар, геометриялык фигуралардын жардамы менен топторго бөлүнүп алалы. Балдар бул фигуралардын артында ысымдарыңар жазылган. Өзүңөрдүн атыңар жазылган фигураны таап, ошол топко барып отуруп калгыла. | Окуучулар мугалим менен саламдашат . Бири-бирине жагымдуу маанай каалашат. Суроолорго жооп беришет. С – сабакка А – аракеттенип Б – баарыбыз А – активдүү К – катышабыз. Окуучулар өздөрүнүн ысымдары жазылган фигураларды таап алып, топторго барып отурушат. |
| 2 мүнөт | 2. Окуучунун позициясына карата жана окуудагы конкреттүү жетишкендиктерге багытталган максаттар жана күтүлүүчү натыйжалар. | Билим берүүчүлүк: Көбөйтүү амалы менен таанышасыңар жана ага карата мисал маселе иштейсиңер. Өнүктүрүүчүлүк: Көбөйтүүгө карата тапшырмаларды аткаруу аркылуу ой жүгүртүүңөрдү өстүрүп математикалык түшүнүктөрдү калыптандырасыңар. Тарбия берүүчүлүк: Алган билимиңерди турмушта пайдалана билесиңер жана бири-бириңерди уга билүүгө үйрөнөсүңөр. Күтүлүүчү натыйжалар: 2.5.1. арифметикалык амалдарды матрицалардын жардамы менен кошуп, көбөйтүп анын компонентин атайт жана айырмалайт. 2.6.2. маселенин шартын предметтердин схемалык чиймелердин жана схемалардын жардамы менен моделдештирип, түшүндүрүп негиздеп бере алышат. 2.5.4. өздөштүрүлгөн ыкма менен кошуу жана көбөйтүү амалдарынын туура аткарылышын текшерет. Баалоо критерийлери: 1.Үй тапшырманы аткардым. 2.Талкууга катыштым. 3. Топто активдүү иштедим. 4. Маселени чыгара алдым. 5. Жаңы теманы түшүндүм. Балдар, бул боюнча карточканы силерге таркатам, сабак учурунда ушул 5 критерийди аткара алсаңар “эң жакшы” баа, ал эми 4 критерийге “жакшы” деген баа, 3 критерийге “канаатандырарлык” деген баага ээ болосуңар. | Окуучулар бүгүнкү сабактын максаты жана күтүлүүчү натыйжасы менен таанышат. Окуучулар берилген баалоо боюнча ар бир көрсөтүлгөн критерийлеринин негизинде өзүн-өзү баалашат. |
| 2 мүнөт | 3.1. Кайталоо. Түшүндүрүү/ жаңы үйрɵнгɵн материалды бекемдɵɵ | Балдар биз силер менен биргеликте өтүлгөн теманы бышыктап алалы. Силерге ойлонууга 30-40 секунд убакыт беремин. Оор – жеңил сөздөрү эмне менен ...... салыштырылат. Килограмм - ........чен бирдиги. Метр, ......, ....., ...., - узундуктун чен бирдиктери. Квадрат – жактары барабар болгон ................ Кошулуучулар 48 менен 10дун суммасы канчага барабар. Жактары 3 сантиметр болгон квадраттын периметри канчага барабар. | Окуучулар берилген суроолорго ой жүгүртүп жоопторун айтышат. -Оор –жеңил тараза менен салыштырылат. - Килограмм – салмактын чен бирдиги. - Метр, дециметр, сантиметр, миллиметр- узундуктун чен бирдиги. - Квадрат – жактары барабар болгон тик бурчтук. Суммасы: 58 Периметри: 12 см |
| 3 мүнөт | 3.2. Окуучуларга манипулятивдик/графикалык моделдерди берүү (зарыл болсо). | Балдар бул маселеге көңүл бургула. Ар бир табакта 3 төн алма бар. Төрт табакта канча алма бар? Бул маселени КГА ыкмасын колдонуп чыгарабыз. Бул жазууну 3 төн 4 жолу- бул 12” десек болот. Булар бирдей кошулуучулар болгондуктан көбөйтүү менен алмаштырсак болот. 3*4=12 Бизге эмне белгисиз? Эми табактагы алмаларга көңүл бурабыз, алар кандай жайгашты? Маселени чыгарууда тегерекченин жардамы менен тик бурчтуу таблица түзүп көргүлө. Маселеде кайсы амал жөнүндө болду? | Окуучулар өз ойлорун айтышат. |
| 3 мүнөт | 3.3. Маселени элестетүү жана чыгаруу | Балдар . Ушул маселени элестетүү аркылуу чыгарып көргүлөчү. Силерге тапшырманы аткарууга 1 мүнөт убакыт беремин. | Окуучулар аткарган иштерин түшүндүрүп, негиздеп беришет. 3+3+3+3=12 Жообу: жообу табакта 12 алма бар |
| 3 мүнөт | 3.4. Маселени талкулоо | Багытточу суроолор: *Кандай жооп алдыңар? *Жооп 12 экенин кантип билдиңер? *Маселени кантип чыгарганыңарды түшүндүрүп бере аласыңарбы? *Маселени чыгаруунун башка ыкмасы менен ким бөлүшө алат? | Ар бир топ башчылары чыгып , аткарган чыгарылыштарын түшүндүрүп негиздеп беришет. |
| | | | |
| 10 мүнөт | 3.6. Талкуунун жыйынтыгын чыгаруу. Маселенинин чыгарылышын моделдештирүү | Азаматсыңар балдар ! Эми маселеге көңүл бургула! Айгерим 2 катарга 5 тен гүл отургузду. Айгерим жалпы канча гүл отургузган? Бул маселени КГА ыкмасын колдонуп чыгарабыз. Бул жазууну 2 ден 5 жолу- бул 10” десек болот. Булар бирдей кошулуучулар болгондуктан көбөйтүү менен алмаштырсак болот. 2*5=10 Жообу: Айгерим 10 гүл отургузган Балдар биз көбөйтүүгө карата маселе чыгарып жатканда матрицаларды колдонсок болот. Матрицалардын сапчаларынын саны ар бир топтогу объектилердин санын, ал эми мамычалардын саны топтордун санын көрсөтө алат. Бирдей кошулуучулардын суммасы көбөйтүү деп аталат. Көбөйтүүнүн компонеттерин атагыла! Көбөйүүчү * көбөйтүүчү = көбөйтүндү. Квадраттын периметрин табууда да көбөйтүүнү аткарсак болот. Себеби окшош кошулуучулардын суммасы көбөйтүү болот. | Окуучулар тема боюнча кеңири түшүнүк алышат. |
| 10 мүнөт | 4. Алынган билимдерди колдонуу жана бекемдөө. Практикалык иш | Жогорку деңгээлдик тапшырма. Ар бир конвертте 2 ден марка бар. Ушундай эле 5 конвертте канча марка бар? 2+2+2+2+2=2*5=10 Ортоңку деңгээлдик тапшырма. Апам дүкөндөн 5 сомдон 4 торчо дептер сатып алды. Апам канча сомго дептер алды? 5*4=20 5+5+5+5=20 Төмөнкү деңгээлдик тапшырма. Сүрөткө карап жазууларды толуктагыла: 4+4=4*2=8 -Балдар, тапшырмаларды аткарууга силерге 4 мүнөт убакыт берем. | Окуучулар деңгээлдик тапшырмаларды аткарышып, чыгарылыштарын доскада түшүндүрүп , негиздеп, далилдеп беришет. |
| 2 мүнөт | 5. Баалоо. Тез текшерүү/ Формалдуу эмес калыптандырылган баалоо. | Гипперсылка менен бышыктоо. | Окуучулар өздөрүнүн жоопторун ак баракка жазып көтөрүшөт. |
| 3 мүнөт | 6. Рефлексия (сабактын жыйынтыгын чыгаруу) | Ырастоолор аркылуу кайтарым байланыш. | Ырастоолор | Ооба | Жок | | БҮГҮНКҮ САБАКТА КӨБӨЙТҮҮ АМАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫК. | | | | БИРДЕЙ КОШУЛУУЧУЛАРДЫ КӨБӨЙТҮҮГӨ АЛМАШТЫРСАК БОЛОТ. | | | | КӨБӨЙТҮҮ АМАЛЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН КӨБӨЙТҮНДҮ ДЕП АЙТАБЫЗ. | | | | 3 МЕНЕН 2 КӨБӨЙТҮНДҮСҮ 5 БОЛОТ | | | | КӨБӨЙҮҮЧҮ 2, КӨБӨЙТҮҮЧҮ 5, КӨБӨЙТҮНДҮ 10 | | | -Окуучулар, бул тапшырманын жоопторун кол ишараты аркылуу көрсөткүлө. Эгерде окуучулар тапшырманы оңой эле аткарышса. Эгерде окуучуларда кыйынчылыктар жаралса. Эгерде окуучулар тапшырманы такыр түшүнбөсө. Балдар, биз бүгүнкү сабагыбыздын максатына кайтып келсек, эмнени үйрөндүк, эмнеге жетише алдык: -Окшош кошулуучулардын суммасын көбөйтүү амалы менен алмаштырууну билдик. -Көбөйтүүнү тик бурчтуу таблицада көрсөтүп, туюнтмасын жаздык. -Ага карата тапшырмаларды талкуулап, далилдеп аткардык. -Бирдей кошулуучулардын суммасы көбөйтүү деп аталаарын жыйынтыктап үйрөндүк. Балдар, “Ой – бул сөздүн булагы” ойлонуп , изденип, алган билимиңерди турмушта колдонууну билгиле! | Окуучулар берилген суроолорго “Ооба”, “жок” деп жооп беришет. Окуучулар, бул тапшырманын жоопторун кол ишараты аркылуу көрсөтүшөт. Эгерде окуучулар тапшырманы оңой эле аткарышса. Эгерде окуучуларда кыйынчылыктар жаралса. Эгерде окуучулар тапшырманы такыр түшүнбөсө. |
| 1 мүнөт | 7. Yй тапшырма | Үйгө тапшырма: 48-беттеги 5-6-мисалдар. Сүрөттө канча тегерекче бар. Көбөйтүү амалы менен чыгаргыла. Саламатта болгула! | Окуучулар үй тапшырманын кандай аткарылышын түшүнүшөт. |