СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
оз билимин оркундотуу
Сабактын максаты: а) Билим берүүчүлүк:
Окуучуларга кыргыз элинин улуу инсандары жєнүндє маалымат берүү, алардын элине сиӊирген эмгеги, талыкпаган аракети, коомдон алган орду, кийинки муундарга тийгизген таасири, адеп-ахлагы, кєєнєрбєс мурастары элибиздин жүрєгүндє түбєлүк сакталып кала берерин түшүндүрүү.
б) Тарбия берүүчүлүк: Үлгүлүү жүрүш-турушка, адептүүлүккє, ыймандуулукка, тилин, сүйүүгє, Ата Мекенин кєздүн карегиндей сактоого жана аны коргоого, жаратылышты сүйүүгє, адамдарды урматтап сыйлай билүүгє, єзүн-єзү таанып, тарбиялай билүүгє үйрєтүү. Жаман менен жакшыны, ак менен караны, абийирдүүлүк менен абийирсиздикти ажыратып билүүгє багыт берүү.
в) Єнүктүрүүчүлүк: Ар бир окуучунун жекече жєндємдүүлүгүн, алган билимдерин кєрсєтє билүүсүнє жетишүү, кызыгууларын арттыруу. Адептүү сүйлєй билүүгє, сєздүн маанисин түшүнүп, аны барктай билүүгє, єз алдынча ой жүгүртүүсүнє кємєктєшүү.
Сабактын тиби: Аралаш сабак.
Сабактын методу: Интерактивдүү
Сабак аралык байланыш: Кыргыз тили, адбият, тарых, музыка.
Сабактын жабдылышы: Кыргызстандын картасы, синквейн, Венндин диограммасы, слайд, кластер, макал-лакаптар, ватман кагазы, карточкалар, маркерлер.
Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу. б) «Алтын эрежени» кайталоо. в) Єткєн темалар боюнча кайталоо.
- Саламатсыӊарбы, менин сүйүктүү окуучуларым! Кана эмесе, биз бүгүн кезектеги адеп сабагыбызды баштайбыз. Баарыӊар теӊ сабакка кунт коюп, активдүү катышат деген ойдомун. Биз єткєн сабактарыбызда кайсы темаларды єткєндүгүбүз эсиӊерде бар чыгар? Ошондуктан мен силерге бир нече суроолор менен кайрылгым келип турат. Адам єзүн таанып билбей туруп, башка бирєєгє баа бере албайт» — демекчи, бирєєнү айтуудан мурун, єзүбүздү таанып билели.
1. Єзүн-єзү таанып билүү деген эмне?
2. Адам єзүн-єзү кантип таанып билет?
3. Адам кандай болгондо єзгєрєт?
4. Єзүн-єзү тарбиялоо деген эмне?
5. Єзүн-єзү тарбиялоо үчүн эмне кылуу керек?
6. Канткенде адам уулу адам болот?
7. Улуу адам болуш үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек?
8. Улуулук жєнүндє кандай түшүнүктєрдү билесиӊер? ж.б.у.с.
- Туура айтасыӊар балдар. Ар бир адам єз алдына максат коет, ал максатка жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүгүн жумшайт. «Улуу жолду адам єзү жасайт, жол адамды улуу кылбайт» — деген сєз бар. Ошону сыӊары силердин да алдыга койгон максатыӊар бар. Ушуга байланыштуу силердин кєз карашыӊарды байкоо иретинде тапшырма берейин, ар бир топ єз оюӊарды кагазга жазып кєргүлєчү.
Максатсыз адам
Максаттуу адам
Улуу адам
(Ар бир топтон бирден окуучу жооп беришет).
- Балдар, силер туура айттыӊар. Эми силерге ушулардын ичинен кайсынысы жакты? Кандай адам болгуӊар келет?
- Максаттуу. – Улуу.
- Жакшы ойлорӊар бар экен, мен да силердин чыныгы адам болоруӊарга ишенем. Анда эмесе, бүгүнкү биздин темабыз — «улуу инсандар жєнүндє болмокчу. Силер балдар, уюткулуу улуу кыргыз элибиздин Улуу инсандары, деп кимдерди атайт элеӊер?
- Манас, Жусуп Баласагын, Калыгул, Молдо Кылыч, Саякбай, Чынгыз Айтматов, Касым Тыныстанов, Курманжан Датка ж.б.
- Абдан туура айттыӊар, балдар. Азыр биз слайддан улуу инсандар тууралуу баяндама кєрєлү.
(Слайддан улуу инсандардын сүрєттєрє кєрсєтүлүп, кыскакча баяндама берилет). Булар биздин кєєнєрбєс, кайталангыс сыймыгыбыз. Биздин улуу тарыхыбызга єчпєс-єлбєс из калтырып, кыргыз элин дүйнєгє тааныткан, элинин жүрєгүндє түбєлүк сакталып калуучу инсандар болуп эсептелет.
Мына ушул слайддан кєргєн инсандардын кимиси «Алай Ханышасы» деген атакка ээ болгон?
- Курманжан датка.
- Анда эмесе, Курманжан датка энебиздин бардык кыйынчылыкты эл үчүн кєтєргєн кайраттуулугу, акылмандыгы жєнүндє сахналык кєрүнүш кєрсєтүп берели.
* Сахналык кєрүнүш
Курманжан кош ат чегилген араба менен келип түшєт. Элдин арасы күбүр-шыбыр болуп барып кайра токтойт.
Курманжан токтоо, кєӊүлү жай адамдай, сыр алдырбайт, мүӊкүрєбєйт:
- Айдап келатышат! (Эл кайрадан уу-дуу боло түшєт).
- Оо, садага кетейин, карааныӊдан!
Курманжан үн чыккан жакты жалт карады. Датканын сүрүнєн Карасакал оозун баса калды. Аӊгыча колу артына кишенделген, буттары тушалуу, мылтыкчан солдаттардын ортосунжда Камчыбек менен Акбалбан келди.
Повала-Шыйковский: Мына бул силердин алдыӊарда турган эки адам єлүм жазасына тартылып, дарга асылат.
Булар поручик Коршунов баштаган чек ара кайтаруучу орус аскерлерин єлтүршкєн.
Єлтүрүлєр алдында эмне сурайт?…
Курманжан отурган калыбынан былк этпейт.
Элдин арасынан бирєє:
- Жаныӊды сура, Камчыбек! Ак жериӊен кетпе! – деген үн чыгат.
- Жок, сурабайм жан соогнат! Эмне?! Жан соогат сурагыдай, бирєєнү єлтүрүп же, уурулук кылдым беле?! Мен кєчүмдү тоскон, кєч үстүндє ак никелүү аялымдын чачын кескен зомбулук менен жакалашып, укукташып, єлүмгє кетип баратам. Єкүнбєйм, арман кылбайм, билип кал, тууган элим, мен тепселип кирдеген баркымды, бек сєєлєтүмдү, каным менен жууп таштап, элим үчүн єлүмгє кетип баратам.
(Повало-Шыйковскй баш ийкеп белги бергенде, сыйыртмак Камчыбектин мойнуна салынат).
Камчыбек: О, элим ай!… Мага бересеӊ болсо кечтим, аласаӊ болсо?…
Курманжан: (ордуӊан туруп)
- Уулум! Кайратыӊдан жанба, уулум! Сал сыйыртмакты мойнуна! Карызыӊды тєлєрүӊ жокпу артында? Калдайган калыӊ тууганыӊ турбайбы?! Єлүм алдында майышты дебейби?! Таба кылбайбы – душманыӊ?!
Камчыбек: Апа?!
Курманжан: Єлүмгє тике кара!
(Акбалбан менен Камчыбек дарга асылат).
Жигит: Датка эне, эми кайда?
Курманжан: Үйгє! Алайга!
Курманжандын керээзи:
Жаарандарым, эли-журтум, балдарым,
Жакын окшойт кайтпас сапар тартаарым.
Кары-жашыӊ кєӊүл коюп угуп кал.
Мына булар керээз кылып айтаарым…
Кєрбєй калсам аалам, асман, жылдызды,
Ичпей калсам бал жыттанган кымызды,
Түп кєтєрүп, чакыргыла Түштүк менен Түндүктү,
Єлүмүм да бириктирсин кыргызды!!!
Кылым карыткан кыргыз тарыхында чоӊ из калтырып, элинин келечегин ойлогон асылзаттын асылы да, баатыры да, акылманы да Курманжан энебиз болгон. Ошого байланыштуу мен силерге бир нече суроолор менен кайрылайын:
1. Курманжан Датка канчанчы жылы, кайсы жерде туулган?
2. Курманжан менен Алымбек Датка канчанчы жылы баш кошушкан?
3. Курманжанга «Алай ханышасы» деген наам ким тарабынан берилген?
4. Курманжан энебиз канчанчы жылы дүйнєдєн кайткан? Канча жашында?
5. Курманжан Датка кайсы акча бирдигине түшүрүлгєн?
6. Курманжан Датканын атына байланыштуу эмнелер бар? ж.б.у.с.
- Азаматсыӊар балдар, силер туура жооп бердиӊер. Датка энебиздин улуу инсан катары элине жасаган эмгеги, эрдиги жєнүндє жогорку класстарга барганда адабият сабагынан дагы кеӊири таанышасыӊар.
Бүгүнкү сабакка баарыӊар теӊ эӊ жакшы катыштыӊар. Силер дагы келечекте тарыхта аты калган улуу инсандардан болушуӊарды тилейм. Рахмат силерге!
Баалоо.
Үйгє тапшырма:
Улуу инсандар жєнүндє дилбаян жазып келүү
Мектептерде география предметинин окутулушу
Мектепте география предмети жаӊы окуу жылында өткөн окуу жылында өзгөртүлүп, толукталып чыккан окуу программасынын негизинде окутулат. Бирок, окуу процессин учурдун талабына, окуучунун муктаждыгына, кызыгуусуна, жөндөмүнө карата уюштуруу талапка ылайык. Анткени, азыркы учурда мектеп практикасында дагы деле болсо окуу процесси натыйжасыз болуп, окуучулардын билимдери, билгичтиктери, көндүмдөрү жакшы көрсөткүчтөрдү бербей келүүдө. Мындай жагдай өзгөчө окуу процессине байкоо жүргүзүүлөрүбүздө, окуучулардын олимпиадаларынын көрсөткүчтөрүнөн байкаса болот. Көпчүлүк учурларда окуучулар географиялык түшүнүктөрдү оозеки кебинде пайдаланып сүйлөй албастыгы, картографиялык маалыматтар менен иштей албагандыгы, географиялык объектилерди салыштыруу көндүмдөрүнүн, окуу китебиндеги тексттер менен иштөө билгичтиктеринин жоктугу ж.б.менен мүнөздөлөт. Бул жогорудагы жетишпегендиктердин негизги себеби болуп, мугалимдердин адисттик квалификациясынын төмөндүгү болуп эсептелүүдө. Ошондуктан мектептеги география предметинин ар бир курсун окутууда программада көрсөтүлгөн окуучулардын географиялык билгичтиктерине жана көндүмдөрүнө коюлган талаптарга өзгөчө көӊүл буруп, окуу жетишкендиктердин критерийлери такталышы керек. Окуучулардын билгичтиктеринин, көндүмдөрүн өздөштүрүү деӊгээлин аныктоодо төмөндөгү критерийлерди (белгилерди) эске алуу окуу процессинин сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүктөрдү түзөт:
А) билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн колдонуу аймагын билет, географиялык билимдердин булактарынын (карта, атлас, окуу китебинин тексти ж.б.) өзгөчөлүктөрүн түшүнөт;
Б) аткарылуучу иш аракеттин мазмунун жана ырааттуулугунун планын билет;
В) иш аракеттерди практика жүзүндө тааныш жана тааныш эмес окуу кырдаалда колдоно алат.
Билгичтиктер, көндүмдөр теориялык билимдер менен тыгыз байланышта болуп, ага географиялык маалыматтардын, билимдердин булактары ар кандай деӊгээлде таасир берет. Ошондуктан окуучулардын таанып-билүү ишмердүүлүгүн окуу процессинде уюштурууда ар түрдүү билимдин булактарынын шарттоочу мүмкүнчүлүгү менен тааныштырылышы максатка ылайык. Өзгөчө окуу китебинин тексти менен иштөө ыктарына көӊүл бурулуп, анын өзгөчөлүктөрү жөнүндө конкреттүү тааныштырылып, жол-жобосун тактап көрсөтүп берүү зарыл. Мисалы окуу китебинин тексти менен иштөө үчүн «Сынчыл ойлом» технологиясынын ыкмалары «Белгилеп жана токтоп окуу», «Абзац менен окуу», «Түшүнүктөрдү аныктоо», «Эки бөлүктүү күндөлүк» ж.б. колдонуу ылайыктуу. Ал эми окуучулардын жаратылыштык жана социалдык-экономикалык объектилерге географиялык карталардын жардамы менен салыштыруу аркылуу мүнөздөмө берүү көндүмдөрүн калыптандырууда географиялык мүнөздөмө берүүнүн типтүү планын пайдалануу максатка ылайык. Жаратылыштык, социалдык, экономикалык объектилерге мүнөздөмө берүүдө мындай типтүү планды пайдалануу географиялык картаны окуунун, билүүнүн ырааттуулугун жана толуктугун камсыз кылат. Мисалы, 6-класстын физикалык географиясын окуп-үйрөнүүдө салыштыруу ыкмасы аркылуу төмөндөгүдөй эстеткичти колдонуу пайдалуу:
Бул эстеткичти жогорку класстарда программалык талапка жараша толуктоолорду киргизип, окуучунун жогорку деӊгээлдеги ой жүгүртүүсүн камсыз кылуучу тапшырмаларды окуучуларга сунуштап, географиялык объектилерди салыштыруу аркылуу географиялык мүнөздөмө берүүгө үйрөтүүгө болот.
Окуу процессинде окуучулардын географиялык билгичтик, көндүмдөрүн калыптандырууда төмөндөгү этаптардын эске алынышы зарыл:
1.Билгичтик, көндүмдөрдүн маанисин жана ага ээ болуунун максатынын мугалим тараптан окуучуга көрсөтүлүшү. Мисалы,Кыргыз Республикасынын географиясын окуп-үйрөнүүнү баштоонун алдында мугалим окуучулардын алдына — статистикалык таблицаларды окууга үйрөнүү максатын коюп, статистикалык таблицалардын жардамы менен өнөр жай продукциясынын өндүрүү көлөмүн, аймактар боюнча экономиканын өнүгүү деӊгээлин билүүгө жана анын негизинде бүтүм чыгарууга болот.
2. Окуучуларды билгичтиктердин курамы менен тааныштырып, аны окуучулар тараптан аӊдоосу. Бул жерде мугалим окуучулардан таблицадан зарыл болгон графаны, сапты таап, сандык маалыматтарды салыштырып, бүтүм чыгарууда өндүрүштүн көлөмүнүн өсүү темпин түшүндүрүп берүү.
3. Мугалим тараптан ишти аткаруунун үлгүсүн көрсөтүп берүү. Бул этапта окуучулар тараптан кетирилүүчү кээ бир каталарды эскертип коюу зарыл.
4. Билгичтик, көндүмдөргө ээ болууга мүмкүндүк берүүчү машыгуу көнүгүүлөрдү өткөрүү. Бул этапта окуучулар тапшырманы мугалим көрсөткөн үлгүнүн негизинде аткарышып, кийинки көнүгүүлөр жаӊы өздөштүрүлгөн окшош материалдын негизинде аткарышат.
5. Жаӊы маселелерди чечүү үчүн өз алдынча билгичтик, көндүмдөрдү колдонуу
Мектепте география предметин окутууда дагы бир эске ала турган багыт — бул өткөн окуу жылында толукталып, өзгөртүлүп чыккан окуу программасында негизги мазмундук өзгөрүүсү — “Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү стратегиясынын чагылдырылышы” болгону баарыбызга белгилүү. Бул концепция жөнүндө окуу программасынын киришүү бөлүгүндө «Туруктуу өнүгүү концепциясы азыркы учурдагы табият-адам-экономика-айлана-чөйрө системасындагы экологиялык проблемалардын курчушу, тактап айтканда, дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнөн келип чыккан жаратылыштык, экономикалык, социалдык ж.б. проблемалар менен байланышып, өсүп келе жаткан жаш муундарды өзүн курчап турган жаратылыш, коомдук, социалдык чөйрөсүнө активдүү жарандык позиция менен сабаттуу, сынчыл ой жүгүртө ала турган адамды тарбиялоо» максаты белгиленген. Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүүнүн идеясын мектепте географияны окуп-үйрөнүүдө ишке ашырууда төмөндөгүлөргө көӊүл бурулушу зарыл:
• глобалдык масштабдагы экологиялык маселелерди талкуулоо;
• дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндөгү жаратылышты пайдалануу процесстерин салыштыруу (жерди пайдалануу, токой ресурстарын иштетүү ж.б.);
• физикалык-географиялык шарттардын адамдын жашоосуна тийгизген таасирин окуп-үйрөнүү;
• адамдын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин окуп-үйрөнүү;
• социалдык жана жаратылыш компоненттердин байланышын окуп-үйрөнүү;
• глобалдык экологиялык процесстерди окуп-үйрөнүүдө аны чечүү үчүн эл аралык байланыш контекстинде кароо;
• экономикалык географияны окуп-үйрөнүүдө айлана-чөйрөнүн маселелери менен байланышта кароо;
• демографиялык маселелерди элдик үрп-адаттар, традициялар менен байланыштырып окуп-үйрөнүү.
Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү – бул окуп-үйрөнүүнүн жана таанып-билүүнүн туруктуу процесси болуп эсептелет. Ошондуктан мектепте географияны окуп — үйрөнүүдө мурунку сиӊип калган көз караштарды кайрадан карап чыгып, ой жүгүртүүнү дүйнөдө учурда болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн жооп табуунун талап кылат жана ал төмөндөгүдөй төрт милдетти алдына коет:
• ар бир окуучуга Туруктуу өнүгүүнүн зарылдыгын жана маанилүүлүгүн аӊдоого колдоо көрсөтүү;
• окуучуларды Туруктуу өнүгүүнүн көйгөйлөрүн талкуулоого активдүү катышууга тартуу;
• каралып жаткан көйгөйлүү маселелерди ар кандай көз караштан кароого үйрөтүү;
• окуучуларды көйгөйлүү маселелерди бир эле класстан же аудиториядан ой жүгүртүүгө үйрөтпөстөн, класстан тышкаркы мезгилдерде да ой жүгүртүүгө түрткү берүү.
“Кыргыз Республикасынын географиясы» курсунда «Тоо аймактарында экологиялык кырдаалды башкаруунун көйгөйлөрү» темасын окуп-үйрөнүүгө 7 саат, анын 2 с. практикалык иш пландаштырылып, төмөндөгү маселелер каралган: тоо аймактарынын адамдын жашоосундагы мааниси жана анын калктын маданиятына, ден-соолугуна, тамактануусуна, кийимине тийгизген таасири. Тоо экосистемаларынын эл аралык мааниси. Тоо биологиялык көп түрдүүлүгүнүн өзгөчөлүк мааниси. Кыргызстандын экосистемасы жана ресурстары. Кыргызстандын тоолоруна жалпы мүнөздөмө жана анын биологиялык көп түрдүүлүгү. Тоолуу аймактардын көйгөйлөрү жана аларды чечүүнүн жолдору. Тоо аймактарындагы айыл чарба өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү. Тоо аймактарына техногендик процесстердин таасири жана анын өнүгүүсү. Кыргызстандагы жаратылыштык кырсыктар жана алардын өзгөчөлүктөрү. Жер титирөөлөр көчкү, сел, таш көчкүлөр,сунун ташкындоолору. «Туруктуу өнүгүү» түшүнүгү жана анын негизги багыттары. Жаратылышты пайдалануунун Туруктуу жана Туруксуз моделдери. Туруктуу өнүгүү модели экологиялык кризистен чыгуунун модели катары. Ал эми практикалык иштерде контур картага табигый кырсыктардын аймактарын түшүрүү жана жер титирөөлөр, сел, ташкындар, көчкү жөнүндө ар бир адам кандай маалыматтарга ээ болуу керектиги, бул жаратылыштык өзгөчө кырдаал учурунда кандай көндүмдөргө ээ болоорун көрсөтө алышы каралган. Ошондой эле окуучулар бул теманы өздөштүрүүдө «Туруктуу өнүгүү», «жаратылышты пайдалануу», «табигый кырсыктар» түшүнүктөрүн билүүгө жана картадан Кыргызстандын табигый кырсыктары болгон аймактарды көрсөтүүгө, Кыргызстандын экологиялык көйгөйлүү аймактарын аныктап, анын себептерин түшүндүрүүгө машыгуулары белгиленип, талап коюлган.«Жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана аларды коргоо» темасында география илиминин жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдаланууда мааниси, Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо боюнча стратегиялык багыты жөнүндө билимдерге ээ болушат. Билимдер менен бирге карталар боюнча жаратылыштын компоненттерине адамдын чарбалык ишмердүүлүгүнүн тийгизген таасирлерин, билимдердин ар кандай булактарынан алардын булгануу себептерин аныктоо жана жаратылышта жүрүү эрежелерин сактоо көндүмдөрүнө ээ болушат. Ал эми республиканын административдик аймактарынын социалдык — экономикалык маселелерин окуп-үйрөнүүдө ар бир региондун экологиялык көйгөйлөрү жөнүндө билишет.Программадагы белгиленген экологиялык билимдер, билгичтиктер, көндүмдөр окуу процессинде калыптандыруу физикалык-географиялык билимдердин негизинде калыптанышы талашсыз. Анткени, экологиялык проблемалар жаратылыштагы жаратылыш компоненттеринин бири-биринен жана анын закон ченемдүүлүгүнөн көз каранды экендигин эстен чыгарбоо керек. Демек, окуучулардын экологиялык компененттүүлүгүн калыптандыруунун негизин (фундаментин) жаратылыш компоненттериндеги болуп жаткан табигый процесстерди жана кубулуштарды окуу процессинде таанып-билүүгө зарыл болгон окуу материалынын мазмуну, аны уюштуруунун формалары, каражаттары, окуу көндүмдөрү калыптандыруунун этаптары, ырааттуулугуна шайкеш келиши керек.
Бул багытта белгиленген программалык талаптарды окуу процессинде ишке ашыруу үчүн экологиялык маселелерди окуп-үйрөнүүдө маалыматтык-мультимедиялык технологияларды (компъютердик технология, интерактивдүү доскалар) пайдалануу окуучулардын кызыгуусун өстүрүп, окуу материалын өздөштүрүүгө жеӊилдиктерди түзөт. Ал эми окуучулар үчүн түзүлгөн тапшырмалардын мазмуну проблемалуу маселелерди чечүүгө багытталып, сабакта жана сабактан сырткаркы окуу-тарбия иштеринде ар кандай формада өткөрүлүшү мүмкүн. Окуучуларга сунушталган проблемалар реалдуу болуш үчүн проблемаларды тандап алуунун төмөндөгү критерийлери эске алынышы зарыл:
• проблемалардын окуучулардын конкреттүү тобунун кызыкчылыгына жана муктаждыгына дал келиши;
• проблемаларды тандоодо жана анын иш аракеттерин пландаштырууда окуучулардын катышуусу;
• проблеманы чечүү үчүн анын чечүү жолдорунун көп варианттуулугу;
• тандалган проблемалар жөнөкөй жана класстын, топтун күчүн актагандай болушу;
• проблема окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша болушу;
• зарыл болгон материалдар менен камсыз болушу;
• окуучулардын мурунку тажрыйбаларына таянылышы.
Компъютердик технологияларды пайдаланууда окуучулар менен төмөндөгү окуу иштерин аткарууну сунуштоого болот:
6-класста физикалык географияны окуп-үйрөнүүдө географиялык координаталардын чекитин градустук торчонун жардамы менен аныктоого машыгуу; даяр маалымааттардын же эркин байкоолордун негизинде абанын орточо температурасын аныктоо (суткалык, айлык, жылдык); температуралардын, булуттуулуктун, жаан-чачындардын графигин, диаграммасын түзүү; жаратылыш компоненттеринин экологиялык абалын интернет маалыматтарынын издеп табуу жана аны окуп-үйрөнүү; географиялык билимдерди текшерүү максатында тесттерди жана оюндарды өткөрүү.
7-класста материктердин жана океандардын географиясында: тесттик тапшырмалар аркылуу билимдерди текшерүү; материктердин климаттарынын типтерин аныктоо; географиялык координаталарды, дарыялардын азыктануу режими боюнча типтерди аныктоо; материктердин жаратылыш зоналарын анын сүрөттөлүшүнүн негизинде типтерин, географиялык абалын, рельефин, тектоникасын, климаттык шарттарын аныктоо; материктердин жана океандардын экологиялык абалы жөнүндө окумуштуулардын изилдөө иштери, ачылыштары жөнүндө проблемалык иеманын үстүндө долбоорлук иштерди аткаруу.
Кыргыз Республикасынын жана дүйнөнүн экономикалык-социалдык географиясында. 1. Физикалык-географиялык бөлүгүндө: белгилүү бир аймакта сааттык алкакты, абанын нымдык коэфицентин, орточо температураларын, жаан-чачындарын, климаттын типтерин, рельефтин типтерин жана анын формаларын аныктоого, моделдештирүүгө; 2. Экономикалык-социалдык бөлүгүндө: статистикалык маалыматтын негизинде ар кандай аймактардын ресурс менен камсыз болуу деӊгээлин аныктоого; кен байлыктардын жайгашуу аймактарын билүүгө машыгуу көнүгүүлөрүн аткарууга; айыл чарба, өндүрүш аймактарынын, адистешүү аймактарынын картасын моделдештирүү; интернет маалыматтардын негизинде Кыргызстандын жана дүйнөнүн экологиялык маселелери боюнча салыштыруу жана иликтөө иштерин өз алдынча аткаруу. Окуучуларга интернеттен алынган материалды талдоого жана аларды иргеп алууга үйрөтүү окуу максатынын негизин түзүү керек. Анткени, көпчүлүк учурда окуучулар интернеттен даяр реферат, докладдарды алып, анын мазмундук сапатына мугалим тараптан көнүл бурулбай формалдуулукка барган учурларда окуучулардын окуу ишмердүүлүгүнүн натыйжасыз болушуна алып келет. Мугалим окуучуларга компъютер менен иштөөдө тапшырманы конкреттүү иш аракеттердин алгоритмдерин так көрсөтүп, алынуучу натыйжаларды окуучу менен макулдашып берүүсү зарыл. География предметин компъютердик технологиялардын жардамы менен окутууда программа менен камсыз болуу маселеси келип чыгаары белгилүү, бирок ар бир мектептеги информатика предметинин мугалими менен биргелешкен программа түзүү иштери жүргүзүлсө, кандайдыр бир деӊгээлде маселелерди чечүүгө болот.
Август кеӊешмелеринде талкуулануучу маселелердин болжолдуу тематикалары:
• Жаӊы окуу жылына карата тематикалык-пландарды түзүү жана анын өзгөчөлүктөрү;
• Окуу процессинде маалыматтык-мультимедиалык, долбоор технологияларын колдонуу;
• Окуучуларды окуу китебинин тексти менен иштөөнүн ыкмалары жана жолдору;
• Окуу процессинде окуучулардын компетенттүүлүктөрүн калыптандырууда педагогикалык технологияларды колдонуунун тажрыйбалары.
Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн окуу китептери:
1. Максимова Ы.А. Физикалык география. 6-кл. Бишкек 2001.
2. Токомбаев Ш., Бакиров Н.Б, Физикалык география. 6-кл., Бишкек, 2001.
3. Кулматов Т.Н. Физикалык география. 6-кл., Бишкек, 2010
4. Коринская В.А. Материктердин жана океандардын гсографиясы.7-кл. 2001
5. Кадыркулов М. Материктердин жана океандардын географиягы. 7-кл.,Бишкек, 2005.
6. Бакиров Н.Б., Исаев А.И., Осмонов А.О. Кыргыз Республикасынын географисяы. 9-кл.Бишкек, «Кыргызстан», 1998.
7. Бакиров Н,Б. Дүйнөнүн экономикалык жана социалдык географисы. 10-кл, Бишкек, «Шам» 1999.
8. Осмонов А.О.,Чодураев Т.Дүйнөнүн экономикалык жана социалдык географиясы, Бишкек, 2012.
| Эреже | Мисалы |
| 1. Биринчи кезекте салыштыруу үчүн белгилерди иргеп алгыла | 1. Урал жана Кавказ тоолорунун бийиктиктери |
| 2. Аларды салыштыргыла | 2. Кавказ тоолорунун бийиктиги — 5642 м, ал эми Урал тоолорунуку — 1894 м |
| 3. Окшоштуктары жана айырмачылыктары жөнүндө бүтүм чыгаргыла | 3. Кавказ тоолору Урал тоолоруна караганда бийик |
| 4. Окшоштуктардын жана айырмачылыктардын себептерин түшүндүргүлө | 4. Кавказ тоолору |
БҮГҮНКҮ КҮНДӨГҮ САБАККА ДАЯРДАНУУНУН ТЕХНОЛОГИЯСЫ
Кыргыз Республикасынын эгемендүү мамлекет болушу менен мамлекетибиз көптөгөн жаңыланууларга багыт алды. Бул жаңылануудан билим берүү системасы дагы четте калган жок. Мисалга алсак окутуунун жаңы "Интерактивдүү" деп аталган усулу пайда болду. Учурда окуучуларга интерактивдүү усулду пайдаланып сабак өтүү менен мугалимдер бир катар ийгиликтерге жетише алышты десек болот. Бирок ийгиликтер менен катар эле билим берүү мекемелериндеги эмгектенген мугалимдерге көптөгөн кыйынчылыктарды дагы алып келди. Мындай кыйынчылыктардын бир катарын мисал келтире кетели:
1. Жогорудагы айтылган "окутуунун интерактивдүү усулу - биз такыр көрө элек жаңы усул" деп коркушкан мугалимдер бул усулду колдонгондон качышты.
2. Кээ бир коллегаларыбыз усулдун кээ бир ыкмаларын колдонуп көрүшүп, бул ыкма биздин сабакка такыр ылайыксыз экен деген ойлорду айтышат. Айрыкча бул математика, физика ж.б.у.с. так илимдерге тиешелүү.
3. "Глобалдык билим берүү", "сынчыл ой жүгүртүү" сыяктуу программалар боюнча интерактивдүү усул менен сабак өтүүнүн стратегияларын толук кандуу колдоно албай келишүүдө.
4. Интерактивдүү усул жакшы деп салттуу усул менен таптакыр карама-каршы койгон мугалимдер жок эмес.
Интерактивдүү усулдун ар кандай ыкмаларына токтолсок, мугалимдер ушуга окшогон ыкмаларды, сабактын структурасын мурда эле колдонуп жүргөндүктөрү, интерактивдүү усул менен салттуу усул бири-бирин толуктап турган усулдар экендиги, жана алар эч кандай карама-каршы эмес экендиги байкалат.
"Эгерде бул усул мугалимдерге тааныш болсо, анда эмнеден кыйналып жатышат?" деген суроо пайда болот.
Учурда эң көп материал топтолуп жазылган план конспектке "эң жакшы" жазылган план конспект деп баа берилет. Ал эми ошол топтолгон материалды окуучуларга кантип жеткире тургандыгы план конспектиде камтылбайт. Демек, биз сабактын билим берүүчүлүк максатын гана эске алат экенбиз. Мындай учурда "Калган өнүктүрүүчүлүк, тарбиялоочулук максаттар кайда калды?", "Ошол сабактагы билимди окуучуга кантип жеткирем?" деген пландын эң негизги бөлүгү эске алынбай калат. Биз азыр мугалимдердин сабакка даярдануу этаптарын карап, интерактивдүү усул менен салттуу усулдун окшош жактарына токтолуп көрөлү.
Мугалим алгач сабакка даярдануудан мурда материал менен кененирээк таанышып, ошол материалдын көлөмү канчалык, окуучулардын билим деңгээли кандай, ал гана эмес, окуучулардын санына жараша максат коюп, сабак өтүүнүн ыкмасын тандап алуусу зарыл.
Сабактын максаты:
1. Билим берүүчүлүк максат. Сабактын аягында окуучулар кандай билимдерге ээ болушу керек.
2. Өнүктүрүүчүлүк максат. Берилген материал окуучуларга жеткирүү учурунда окуучулар кандай көндүмдөргө ээ болушу керек.
3. Тарбия берүүчүлүк максат. Сабактын жүрүш мазмунуна жараша адеп-ахлак нормалары боюнча маалымат алышы керек.
Сабактын максатын аныктап, туура коё билүүдө бизге Блумдун таксономиясы чоң жардамын берет.
Блумдун таксономиясы: Таксономия классификациялоо системасы. 1956-жылы Бенжамин Блум адамдын таанып билүү жөндөмүнүн өнүгүүсүн 6 деңгээлге бөлгөн. Билим,түшүнүү, колдонуу, анализ, синтез, баалоо.
Билим : маалымат кандай угулуп алынса, аны так ошондой формада кайталап айтып берүү, айтылган нерсени эске тутуп калуу жөндөмү.
Түшүнүү: идеяны өз сөзү менен же дагы бир башка жол менен кайра формулировкалап, түшүндүрүп берүү жөндөмү.
Колдонуу: идеяны башка бир кырдаалда колдонуу жөндөмү, жаңы эле өздөштүрүлгөн ыкманы пайдаланып, жаңы маселени чечүү.
Анализ: татаал идеянын себебин, натыйжасын жана башка составдык бөлүктөрүн табуу жөндөмү. Көрүнүштөрдүн ортосундагы ички байланыштарды аныктоо.
Синтез: бир нече идеяларды жаңы идеяга кошуу, эски идеянын жаңы вариантын түзүү, идеяларды бир сферадан же жанрдан башкасына алып баруу, бир нече идеяларды колдонуп татаал маселелерди чечүү.
Баалоо: кандайдыр тезисти түшүндүрүү үчүн конкреттүү идеянын же убакыттын адекваттуулугун баалоо жөндөмү. Критерийлер менен стандарттарды колдонуп, бир нерсе жөнүндө пикир айта алуу.
Билим берүүнүн стандарттуу ыкмалары менен сабак өтүүдө окуучулар билим, түшүнүү баскычы менен чектелет. Себеби мугалим тарабынан билим берилет, тереңдетип түшүндүрүү үчүн ар кандай мисалдарга токтолуп, көрсөтмө куралдарды колдонот. Бул нерсе жакшы таасир берсе, окуучу турмушта колдонуу аракетин көрөт. Демек, окуучу теориялык жактан терең билим алууга жетише алат. Бирок мында мугалим гана өз ой-пикирин айтып бергендиктен окуучулардын калган үч баскычка жетүү мүмкүнчүлүгү болбой калат. Ал эми сабак интерактивдүү ыкмаларын колдонууда окуучулар бири-бири менен пикир алышуу, өз оюн эркин билдирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт дагы, окуяны, кырдаалды анализдөө, жаңы идея жаратуу жана ошол окуяга баа берүү көндүмдөрүнө ээ боло алат. Бирок жалаң эле интерактивдүү ыкмаларды колдоно берүүдө окуучулардын теориялык билими тайызыраак болуп калат. Ошондуктан эки усул тең бири-бирин толуктап туруучу усулдар экендигине күбө боло алабыз. Бул усулдун ыкмаларын бир эле сабакта колдоно берсе да болот.
Учурда республикабызда интерактивдүү усулдун ыкмалары боюнча көптөгөн семинар, тренингдер өткөрүлүп келүүдө. Алардын ичинен Сынчыл ой жүгүртүү (СОЖ) программасын алсак болот. СОЖдун стратегияларын колдонууда ага тиешелүү сабакты пландоо, сабактын жүрүшүнүн этаптары салттуу усулдан айырмаланып тургандай көрүнөт. Анда ушул эки усулдун сабактын жүрүшүнүн этаптарын салыштыруу менен салттуу усулдагы сабактын этаптарын колдонуп бир сабактын планын иштеп чыгып көрөлү.
1. Уюштуруу: Сабакты уюштурууга өтө кылдаттык менен мамиле кылуу керек. Себеби бул этаптан сабактын бардык жүрүшү көз каранды болот. Мугалим уюштуруу учурунда, буга чейин кайсы сабактар болду, канчанчы саат экендигин эске алуусу зарыл. Эгер окуучулар сабакка чарчап кирген болсо анда кандайдыр бир кыймылдуу оюндарды ойнотуп койсо болот. Бирок окуучу ойноп жаткан учурда "биз ойноп жатабыз" деген ой болбошу керек. Окуучулардан эмне себептен бул көнүгүүнү аткардык деп сурап коюу зарыл, бул оюндун сабакка байланыштуу жагы бар экендигин ачып көрсөтүү керек. Оюнду дагы өтүлүүчү темага ылайыктап тандап алган оң. Мындан сырткары дагы көптөгөн ыкмалар бар, эң башкысы окуучу ошол өтүлө турган сабакка толук дитин коюп катышууга шарт түзүү керек.
2. Өтүлгөн материалдарды кайталоо: Окуучулар өткөн сабакта эмне иш кылышкандыктарын эстөөсү керек. Өтүлгөн материалдарды кайталоо менен окуучулар үй тапшырмасын дагы аткаруусу боюнча контролдук жүрөт. Окуучулар алган билимин өз алдынча, же классташтары колдонуп келүүсүнө шарт түзөт. Бул учурда окуучулардын активдүү иштөөсүн талап кылуу ыңгайлуу, себеби окуучулар буга чейин эле материал боюнча теориялык билим алышкан.
3. Окуучуларды жаңы тема өтүүгө даярдоо: Салттуу ыкма менен сабак өтүүдө мугалимдер предмет аралык, сабак аралык байланыштарды эске алуу менен сабакты пландаштырат. Бул окуучулардын буга чейин билген билимдери эске алынат. СОЖдо бул Өбөлгөлөр деп берилген. Көпчүлүк мугалимдердин план конспектилерин карап көргөндө мугалимдер жөн гана предметтердин аттарын жазып коюшкан учурлар бар. Демек мындан кээ бир мугалимдер предмет аралык байланышты анализдөөнүн сабакка кандай тиешеси бар экендигине көп көңүл бура беришпейт. Бул учурда мугалимдер өзүнүн предмети болобу, башка предмет болобу окуучулардын буга чейин алган кайсы билимдерин колдонуп жаңы билим бере ала тургандыгын анализдөөсү керек. СОЖдо бул этап чакыруу этабы деп аталып келүүдө. Бул этапта дагы окуучулардын активдүүлүгү талап кылынат.
4. Жаңы теманы окуучуларга түшүндүрүү: Мугалим алдыга койгон максаты боюнча окуучуларга билим берүүсү зарыл. Бул этапта мугалим көбүрөөк активдүү болгону дурус. Себеби окуучуларга тааныш эмес материал боюнча тереңирээк теориялык билим берүү зарыл. СОЖдо түшүнүү этабы деп берилет.
5. Бышыктоо: Окуучуларга алган жаңы билимдери жеткиликтүү болуш үчүн бышыктоо окуучулардын өз алдынча, топтордо иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүү керек. Бул этапта окуучулардын активдүүлүгүн арттыруучу ыкмаларды тандап алуу зарыл. Муну СОЖдун ойлонуу этабы менен дал келтирсек болот.
6. Жыйынтыктоо: Сабак аяктап калган учурда жалпы сабак боюнча обзор болгону дурус. Сабактын эмне максатта өтүлгөнүн, окуучулар кандай пайдалуу нерсе алгандыктары жөнүндө сөз болот. Бул жерден сабактын тарбиялоочулук максаты ачып көрсөтүлөт.
7. Үйгө тапшырма берүү: Окуучуларга сөзсүз түрдө үйдөн иштеп келүү мүмкүнчүлүгүн түзүү керек. Себеби окуучулар алган материалын колдонуп көрүү менен, анализдеп жаңы идеяларды жаратуусу толук мүмкүн. Ошондуктан үйгө тапшырма берүү дагы чыгармачылыкты талап кылат. Жөн эле окуп келгиле деп коюу жетишсиз.
8. Окуучулардын билимин баалоо. Мугалим жыл башында окуучулар менен бирдикте баалоонун критерийлерин иштеп чыгып алуусу керек, себеби окуучулар дагы кайсы жактары бааланып жатканын билиши керек. Кээ бир мугалимдер окуучулардын өзүн-өзү баалоосу, бири-бирин баалоосун дагы колдонуп жүрөт. Мугалим ар бир баага окуучу эмне себептен мындай баа койду ошого түшүндүрмө бере алышы керек.
Жогорудагыларды эске алсак, Интерактивдүү усулдун өтө деле жаңы эмес экендигин биле алабыз. Бир гана нерсе азыр сабакка коюлган талаптар билим берүү менен гана чектелбестен окуучулардын көндүм сапаттарын кошо калыптандырууга коюлуп жаткандыгында.
Бизде андан сырткары сабактын жабдылышы (көрсөтмө куралдар, керектүү ресурстар), убакытты бөлүштүрүү сыяктуу маанилүү нерселер бар. Бул нерселер сабактын жүрүшүнүн иштелип чыгуусунан көз каранды экендигин эске алуу керек.
Жогорудагылардын бардыгы кургак болбошу үчүн ыңгайлуу деп эсептелген сабакка даярданууга иштелип чыккан схеманы сунуш кылып көрөлү.
Бишкек шаарынын 135 жылдыгына карата
« Сүйүктүү шаарым-Бишкек»
Максаты: окуучулар КРсы жөнүндө кеңири маалымат алышат, анын ичинен бүгүнкү тарбиялык саатта өтүлүүчү «Бишкек- шаарынын табияты, калкы, экономикасы жөнүндө түшүнүк алышат топтордо иштегенгенге көндүмдөрү калыптанат.
Ата-Мекенди сүйүүгө жана аны көздүн карегиндей сактоого тарбияланышат.
Сабактын методу: интерактивтүү метод: топтор менен иштѳѳ, ББК
Сабактын тиби: жалпылап кайталоо сабагы
Сабактын жабдылышы: слайдшоу, сабактын мазмуну
Сабактын жүрүшү: 1-кадам жагымдуу маанай
2-кадам мээ чабуул
3-кадам ѳтүлгѳн сабакты кайталоо
4-кадам долбоор менен иштөө
5-кадам жыйынтыктоо
6-кадам окуучуларды баалоо
7-кадам үйгѳ тапшырма
1-кадам: Жагымдуу маанай: келгиле балдар Бишкегим аттуу ырды ырдап алалы.
Кана анда эмесе бүгүн биз Бишкек –шаары жөнүндө кененирээк билебиз деп ойлойм.
Кыргыз Республикасы жөнүндө.
Орто Азиянын тундук-чыгышында жайгашкан. Тундугу — Казакстан Республикасы, батышы — Озбекстан Республикасы, туштук-батышы — Тажикстан Республикасы, туштук-чыгышы — Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Кыргыз Республикасы Евразия континентинин борборунда, Чыгыш менен Батыштын, Туштук менен Тундуктун аба катнашынын кесилишинде жайгашкан. «Манас» аэропортунан 4 саат учкан аймакта Москва (Россия), Пекин (Кытай), Стамбул (Туркия), Дели (Индия) шаарлары орун алган.
Республиканын калкы -5 миллион адам. Алардын 66,9 % кыргыздар, озбектер — 14,14% , орустар -10,65%, Кыргызстанда 80ден ашуун улуттардын окулдору жашайт.
Мамлекеттик тили – кыргыз, расмий тили – орус тил.
Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаары — зор мааниге ээ, олконун экономикалык, саясий, илимий, онор жай, маданий жана транспорт борбору. Негизделген датасы: 1878-жыл. Аянты: 127,3 чарчы км. Бишкектин калкы болжол менен 1 миллион адамды тузот.
Кыргызстандын мамлекеттик тузулушу.
Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) – коз карандысыз, унитардуу, демократикалык, укуктук мамлекеттин принциптеринде тузулгон республика.
Кыргызстанда жогорку мамлекеттик бийликти томонкулор аткарышат:
- Президент;
- Жогорку Кенеш (парламент) – укуктук бийликти аткарган окулчулук органы;
- Окмот жана жергиликтуу мамлекеттик администрациялар;
- Конституциялык сот, Жогорку сот, башка соттор.
Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекет башчысы, эн жогорку мамлекеттик ишмер болуп, эн жогорку аткаруучу бийликти аткарат. Ал жалпы элдик шайлоосу менен шайланат.
Аткаруучу бийликтин жогорку органы – Премьер-министр башкарган окмот.
Инвестициялык саясаты
Кыргызстандын жаны тарыхы реформалардын багытында отуп жатат.
Саясий, экономикалык жана социалдык койгойлорун чечуусундо жаны методдор 2001-жылы Улуттук форумда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга чейинки онугуунун комлекстик негиздери» пилоттук программасында корсотулгон.
Тышкы инвестицияларды тартуу Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатынын негизги приоритеттердин бири катары жарыяланган.
Инвесторлор жана ишмерлерге тоскоолдук болгон нерселерди жоюу жана жагымдуу ишмерлик чойрону тузууго окмоттун томонку чаралары багытталган:
Банктык сектордо корпоративдик башкарууну жакшыртуу
Банктык эмес финансылык секторду онуктуруу
Фискалдык саясатында реформаларды жургузуу
Бажы укуктарын жакшыртуу
Инвестициялардын жолунда административдик тоскоолдуктарды мамлекеттин инвестициялык жана башка ишмердик иш-аракеттерге кийилигишуу (лицензияларды, уруксаттарды, текшеруулорду азайтуу) чектоо аркылуу жоюу
Эл аралык стандарттарды, нормаларды, укуктарды, рекоммендацияларды колдонуп, техникалык башкарууну жакшыртуу
Эркин соода принциптерин ишке киргизу
Республиканын экономикасында приоритеттуу тармактарга (тоо-кен тармагы, энергетика, туризм, айыл-чарба жана кайра иштетуу тармагы, тейлоо сферасы, маалымат технологиялар) туз инвестициялоого жагымдуу шарттарды тузуу
Инвесторлорду жана инвестицияларды коргоосун бекемдетуу
Республиканын инвестициялык жагымдуулугун жакшыртууга багытталган башка иш-аракеттер
Турзим
Азыркы учурда, туристтик индустриясы бат осуп, республиканын экономикасынын приоритеттуу багыттардын бири болуп саналат.
Кыргызстан чон туристтик потенциалга жана ички жана эл аралык туризмди онуктуруунун чон мумкунчулукторго ээ. Кыргызстандын территориясы Евразиянын эн чон тоо системалардын - Тянь-Шандын (Тенир-Тоо) жана Алайдын чон болугун ээлейт. Кыргыз Республикасынын территориясынын 90% жакыны 3000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан. Жалпысынан, Кыргызстандын территориясында бийиктиги 6000 метрден ашык 14 тоо жана бийиктиги Европанын эн бийик жери – Монбландын бикийтигинен (4807 метрден) ашкан 26 тоо жайгашкан.
Тоо этегиндеги туздуктордогу осумдуктору чолдуу жана жарым чолдуу, тоолордо – тоо талаалары, токойлор, бийик тоолуу шалбаалар жана шалбаалуу талаалар. Колдору коп, эн ириси – Ысык-Кол, Тян-Шандын бермети болуп аталат.
Кыргызстан — Батыш менен Чыгыштын ортосундагы соода-кербен жолунун байланыштыруучу чынжыры, Борбордук Азия цивилизациясынын кесилишкен жери.
Бишкек – Кыргызстандын борбору
Бишкек — Кыргызстандын борбору. Бишкек – Кыргыз Республиканын саясий, экон., илимий жана маданий борбору; транспорттук башкы түйүн. Аянты 12,7 миң га. Калкы 797,4 миң (2003). Бишкек ш-нда 4 адм.-айм. бирдик — Биринчи Май, Ленин, Октябрь, Свердлов райондору, Чоңарык шаарчасы (8,2 миң адам) жана Ортосай айылы (4,5 миң адам) бар.
Бишкек шаарынын Табияты.
Бишкек
Бишкек Кыргыз Алатоосунун этегинде, Чүй өрөөнүнүн борб. бөлүгүндө, Аламүдүн жана Аларча сууларынын шилендиси пайда кылган жантайыңкы түздүктөн орун алган. Деңиз деңг. 750–900 м бийиктикте жайгашкан. Лёсс сымал кыртыш каптаган түздүк бара-бара түндүктү карай жантайып, Чүй суусунун жайылмасына кошулат. Бишкек тушта Чүй суусунун нугу Чүй өрөөнүнүн түн. жагына карай четтеп, шаардан 20 кмдей аралыктан өтөт. Чүй өрөөнүнүн Бишкек ш. туштагы жазылыгы 60 кмдей. Чүй өрөөнүнүн Бишкек ш. жайгашкан борб. бөлүгү геологиялык структурасы боюнча кеңдикке жакын багытта созулуп жаткан асимметриялык мегасинклиналь. Шаардын азыркы чеги Чүй синеклизасынын Бишкек ийилүүсү деп аталган түш. бөлүгүнө дал келет. Ийилүү палеоген-неогенде пайда болгон чөкмө тектер менен толгон. Алар палеозой фундаментинин үстүндө жатат. Палеозой тоо тек катмарлары 5000 мден ашык тереңдикте (геофизикалык маалыматтар боюнча) жатып, негизинен гнейс, кристаллдык сланец жана акиташ тегинен, о. эле эффузия тоо тектеринен турат. Үстүндөгү палеоген-неоген тоо тек катмарларынын жалпы калыңдыгы 4,5–5,0 км. Аларды төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон борпоң тоо тектердин калың кабаты жаап жатат. Алар кой таштардан, арасында кум-шагыл ширелген майда жумуру таштардан, ар кандай бүртүктөгү кумдардын жана кумдуу чопонун кабатчалары менен топторунан түзүлгөн аллювий-пролювий чөкмө тоо тектерден турат. Сейсмдик райондоштуруунун маалыматы боюнча шаар аймагы 9 баллдуу зонада жайгашкан. Шаардын аймагындагы 4 жерден 1500–2000 м тереңдиктен бургулоо көзөнөгү аркылуу минералдуу ысык суу чыгарылган. Курамы хлорид-натрий кальцийлүү. Дарылык касиети бар. Муун, тери, ичеги-карын оорууларын дарылоодо пайдаланса болот. Бишкек ш. мелүүн алкактагы континенттик к л и м а т т у у аймактын түш. чегинде жайгашкан. Бир жылда орто эсеп менен 322 күн (2000 саат) бою күн тиет. Күн эң көп тийген ай июль (332 саат), эң аз тийгени декабрь (126 саат). Абанын жылдык орт. темп-расы 10,2°С, январдыкы – 4,6°С, июлдуку – 24,5°С. 1930-ж. декабрда эң төмөнкү темп-ра (–38°С), 1983-ж. июлда эң жогорку темп-ра (43°С) катталган. Шаардын түш. бөлүгү түн. бөлүгүнөн 1—2°Сге жылуураак. Үшүк жүрүү жазында апрелдин ортосунда токтоп, күзүндө октябрдын ортосунан башталат. Бирок бул мөөнөттөр өзгөрүп да кетиши мүмкүн. Шаар нымдын негизги булагы – деңиз менен океандан алыс жайгашкандыктан жаанчачын аз болот. Жылдык жаан-чачындын орт. өлчөмү 409 мм. Көбү март-июль, жылдын кургакчыл мезгили (11%) июль–сентябрь айларына туура келет. Кар декабрдын ортосунан февралдын аягына чейин жатат. Жаан-чачындуу кыштагы кардын орт. калыңдыгы 13 см, аз түшкөндөгү орт. калыңдыгы 3–7 см. Бишкектин климатына тоо-өрөөн желаргысы мүнөздүү. Анын ылдамдыгы 2–3 м/секдан ашпайт. Ылдамдыгы 15 м/секга жеткен шамал негизинен батыштан согот жана жылына орто эсеп менен 30дай жолу болот. Жылдын суук мезгилинде жылына орто эсеп менен 30–40 күн шаарды жөө туман жана мунарык басып турат. Бишкек шаарынын негизги с у у артериялары мурда Аларча жана Аламүдүн суулары болгон. Алар Бишкектин аймагында тармактанган нуктар менен түштүктөн түндүктү карай аккан. Шаар курулушунун кеңири кулач жайышына байланыштуу алардын көптөгөн салаалары эки гана нукка бириктирилген. Суу агымын жөнгө салуу үчүн Бишкектин түш. тарабындагы тоо этектеринде курулган суу сактагычтар жана көптөгөн сугат каналдары аркылуу шаар айланасындагы чарбалардын жерлерин жана шаар аймагын сугарууга пайдаланылат. Бишкектин ирригация системасына шаар аркылуу ар тарапка салынган арыктар менен каналдар тармагы кирет. Шаар аркылуу Батыш жана Түш. Чоң Чүй каналдары өтөт. Бишкектен түндүгүрөөктө Төмөнкү Аларча суу сактагычы жайгашкан: бир бөлүгү шаардын аймагына кирет. Кара жыгач багында жана Бишкек Эркин экон. зонасынын аймагында көлмөлөр бар. Шаардын түш. бөлүгүнө түндүктүн кадимки боз топурагы мүнөздүү, түн. (төмөнкү) бөлүгүн боз шалбаа, шалбаа жана шалбаалуу-саздак топурактары каптап жатат. Табигый өсүмдүктөр шаардын чет-жакасындагы бош жерлерге гана мүнөздүү. Шаардын түн. бөлүгүнүн өсүмдүк эгилбеген бош жерлеринде камыш, жекен, ыраң чөп, көлмө жана суу жээктеринде жапайы тал, терек, сейрек жийде кезигет. Шаардын түш. жагында тоо этектеринин адырларында кургакчыл жерге мүнөздүү өсүмдүктөр басымдуулук кылат. Адырлардын төмөнкү бөлүктөрүн эфемер-шыбактуу жарым чөл ээлейт.
Бишкек шаарынын калкы.
Бишкек шаарынын калкынын саны 1999-ж. марттагы эл каттоо боюнча 762,3 миң адам болуп, респ-дагы калктын 15,8 %ин түзгөн. Шаарда 1940-ж. 104,5 миң калк жашаса, 1950-ж. 218,0 миң, 1979-ж. 535,5 миң, 1989-ж. 619,9 миң калк болгон. 2003-ж. 797,4 миң калк жашап, анын 792,9 миңи (99,4%) шаарда, 4,5 миңи (0,5%) шаардын чет-жакасындагы Ортосай айылында жашайт. Эркектер жалпы калктын 47,9%ин, аялдар 52,1%ин түзөт. 2002-ж. үйлөнгөндөрдүн саны 3729 же болбосо 1000 кишиге эсептегенде 3,8, ажырашкандар 1947 же 1000 кишиге эсептегенде 2,2 адамды түзгөн. 2002-ж. Бишкек шаардык кеңеши боюнча 1000 адамга төрөлгөндөрдүн саны 14,3, өлгөндөрдүн саны 7,5, табигый өсүш 5,4 миңди түзүп, төрөлгөн 1000 баланын (1 жашка чейинки) 25,9 өлүмгө дуушар болгон. 2002-ж. жумушсуздардын саны (катталганы боюнча) Бишкек ш. боюнча 8952 адамды түзгөн. 2000-ж. шаар боюнча жалпы калктын 24,0% эмгекке жарамдуудан жаш, 64,9% эмгекке жарамдуу, 11,1% улуу муундагы адамдар болгон. Шаарда кыргыз (52,2%), орус (33,2%), украин (11,2%), казак (1,6%), өзбек (1,6%), татар (2,1%), немис (0,7%), дуңган (0,5%), уйгур (1,7%) ж. б. жашайт. Бишкек шаарынын калкынын 2002-жылкы миграциясы: келгендердин саны 5741 адам, кеткендер — 12654 адам болуп, алардын ичинен чет өлкөлөрдөн шаарга 1017 адам жана өлкөнүн башка региондорунан шаарга 4724 адам келип, шаардан башка чет өлкөлөргө 8092 адам жана өлкөнүн башка региондоруна 4562 адам кетип, жалпы миграциялык азаюу 6913 адамды түзгөн.
Бишкек шаарынын Тарыхы.
Азыркы шаардын аймагын адамдар эң байыркы заманда эле отурукташкан. Аламүдүн ГЭСтеринин жанынан табылган таш эмгек куралдары Бишкектин айланасында алгачкы адамдар б. з. ч. 5–4-миң жылдыктарда жашагандыгын далилдейт. Темир доорунун башталышы менен Кырг-н аймагында сак (б. з. ч. 7–3-к.) жана усун (б. з. ч. 3-к. – б. з. 5-к.) уруу союздары түзүлгөн. Бул уруу союздары Аламүдүн, Аларча сууларын бойлото да отурукташкан. Буга кийинки мезгилге чейин сакталып калган дөбө-мүрзөлөр далил болот. Орто кылымда Аламүдүн жана Аларча сууларынын алабын көчмөн жана отурукташып дыйканчылык кылган түрк уруулары мекендеген. Орто кылымдагы эң ири шаарлардын бири азыркы Бишкек шаар чалдыбары (7–12-к.) болгон. Татаал планда салынып, бекем чеп курулмаларынан турган бул шаар 25–30 км2дей аянтты ээлеген (Бишкек1 бекетинин жана мурунку Ключевой, Кызыласкер айылдарынын аймагы). Кийин «Темир усталар чеби» аталып калган дагы бир байыркы чоң шаар (8–13-к.), азыркы Абдумомунов жана Орозбеков көчөлөрүнүн, Кара жыгач багы менен Аламүдүн суусунун ортосунда жайгашкан. Шаардын борбору кокондуктардын мурдагы чеби Бишкек чебинин аймагында (Аламүдүн суусунун сол жээги, кийин «Темир усталар чеби» деп аталып калган шаар чалдыбарынын орду) жайгашкан. Шаар 8-к-дан 15-к-дын башына чейин өнүгүп, моңголдордун жапырыгында бүлгүнгө учураган жана бир аз убакыттан кийин кайта жанданып, тиричилик 18-к-га чейин созулган. Андан кийин шаар биротоло ээн калган. Айрым маалыматтар боюнча 18-к-да солто уруусунан чыккан Бишкек аттуу адам ушул чөйрөнү жердеп, журтун душмандан коргоп турган. 19-к-дын башында кыргыз феодалдарынын өз ара чатагынан пайдаланган Кокон хандыгы Чүй өрөөнүн басып алып, жергиликтүү элди башкарып туруу үчүн бир катар чеп курдурган.
Кокондуктардын негизги чыңдоолорунун бири катары Чүй өрөөнүн борб. бөлүгүндө курулган чеп — Бишкек чеби аталган (бул аталышты колониячылар Пишпек деп бурмалап, өзгөртүп айтышкан). Бул чеп Аламүдүн суусунун батыш жагында азыркы «Темир усталар чебинин» ордунда 6 га жерди ээлеген. Борб. Азияны ээлеп алууга умтулган Орусия аскерлери 1860-ж. 4-сентябрда Бишкек чебин убактылуу басып алган. Бирок алар кетээри менен мында кокондуктардын бийлиги кайра орногон. 1862-ж. сентябрда падыша аскерлери Байтик башында турган кыргыздардын жардамы менен чепти 2-ирээт ээлеп, аны биротоло талкалаган. 1864-ж. анын урандысынын жанында казак-орустардын бекети, ага удаа чакан базар, 1887-ж. ат-почта бекети курулган. 1868—70-ж. шаардын азыркы чегинде орус келгиндери Аламүдүн жана Бишкек айылдарын негиздешкен. 1865-жылга чейин чүйлүк кыргыздар адм. жактан Алатоо округунун (борб.— Верный шаары) начальнигине баш ийген, 1865–67-ж. Түркстан облусуна, кийин Токмок уездинин курамында Жетисуу облусуна кирген. 1878-ж. 29апрелде уездин борбору Токмоктон Бишкекке көчүрүлүп, ага шаар статусу берилген. Шаар калкынын саны 1913-ж. 18468 жеткен. Бишкекте кустардык-өнөр жайлык мүнөздөгү алгачкы ишканалар, а. и. тегирмендер 19к-дын 2-жарымында пайда болгон. 1883-ж. булгаары заводу, 1885-ж. сыр-быштак жасоо ишканасы иштей баштаган. Ошондой болсо да шаарда ө. ж-га караганда базардык-стационардык типтеги соода тезирээк өнүккөн. 1878-ж. алгачкы чакан оорукана менен дарыкана ачылган. 1879-ж. приходдук бир класстуу окуу жай, кийин башка окуу жайлар ачылган. 1916-ж. жайында Бишкек уездинин көп бөлүгүн улуттук-боштондук көтөрүлүш каптаган. Орусияда февраль буржуазия-демократиялык революциясы жеңгенден кийин, 1917ж. мартта Бишкек солдат жана жумушчу депутаттар совети уюшулуп, анда чечүүчү позициянын Убактылуу өкмөттү колдогон меньшевиктер менен эсерлер ээлеп алышкан. 1918-ж. 7-январда Бишкектеги жана уездеги бийлик иш жүзүндө большевиктердин колуна өткөн. 1924-ж. 14-октябрдан Бишкек — Кара Кыргыз АОсунун (1925-ж. 25-майдан Кыргыз АОсу), 1926-ж. 1-февралдан Кыргыз АССРинин борбору, 1926-ж. 12-майдан Фрунзе деп аталган. 1936-ж. 5-декабрдан Фрунзе — Кыргыз ССРинин борбору (1991-жылдан Бишкек аталып, эгемендүү Кыргыз Республиканын борбору), 1938-ж. Бишкекте 3 адм. район Пролетар (азыркы Ленин), Биринчи Май, Свердлов райондору түзүлгөн. 1961-ж. шаарга Кызыласкер, Привокзальный (Попеновка), Төкөлдөш айылдары, Аламүдүн, Көкжар айылдарынын бир бөлүгү, 1984-ж. Чоңарык, Ортосай айылдары кошулган. 1974-ж. жаңы адм. район Октябрь район түзүлгөн. Кеңеш доорунда Бишкек шаарынын саясий-коомдук, социалдык-экон. жана маданий турмушунда зор өзгөрүүлөр болду. 1924-ж. алгачкы кыргыз газети «Эркинтоо» чыккан. 1926-ж. мамл. басмакана менен музей түзүлгөн. 1932-ж. педагогика, 1938-ж. зооветеринария, 1939-ж. медицина институттары ачылган. Ошол эле жылдары алгачкы ири ө. ж. ишканалары курулган. Бишкекке Улуу Ата мекендик согуш жылдарында Украинадан, Орусиядан бир катар ө. ж. ишканалары көчүрүлүп келинген. Азыркы учурда базар экон-на багыт алуунун натыйжасында шаардагы ө. ж. ишканаларынын, соода мекемелеринин ж. б-дын бир катары менчиктин түрдүү формаларына өтүүдө. Көз каранды эмес мамл-тин борбору катары Бишкекте бир катар чет өлкөлөрдүн элчиликтери жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү ачылып, Кырг-ндын дүйнө элдери менен байланышы кеңейүүдө.
Бишкек шаарынын Экономикасы.
Бишкек
Бишкек ш. экон. жана социалдык жактан башка облустарга салыштырмалуу жогору деңгээлде өнүккөн, саясий жактан Кыргыз Республиканын борбору катары өзгөчөлөнгөн регион. Шаарда ө. ж., транспорт, байланыш, курулуш жана элди социалдык жактан тейлеген соода, илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж. б. тармактар өнүккөн. Кийинки жылдары, Кырг-нда жана анын региондорунда өндүрүштү рыноктук шартка ылайыкташтыруу максатында, чарбанын бардык тармактарында экон. реформа жүргүзүү башталган. Натыйжада, өндүрүшкө структуралык өзгөрүүлөр киргизилип, менчиктин ар түрдүү формасындагы ишканалар көбөйдү. 2003-ж-дын 1-январына карата, статистикалык бирдиктин мамл. регистрине киргизилген ээлик кылуучу (юридикалык жактар) ишкана, уюм жана мекемелердин катталган саны 23531 (а. и. иштегендери 19902) болгон. Алардын ичинен менчиктин формалары боюнча 1240 (842) мамл., 399 (240) коммуналык, 21956 (8820) жеке менчикке таандык. Ал эми жалпы 23531 субъектилердин түрлөрү боюнча: 21813 (8527) чакан ишканалар, 1049 (771) орто жана 669 (604) ири ишканалар. Рыноктук шартка ылайыкташкан ушул ишканалар – ө. ж., курулуш, транспорт, соода же тейлөөнүн башка тармактарына таандык. Өндүрүштү базар экон-нын шартына ылайыкташтыруунун натыйжасында ш-дын ө. ж-нда дагы эң ири структуралык өзгөрүүлөр болду.
Өндүргөн продукциялары рыногун жоготуп, сатылбай калган ө. ж. ишканалары, айрыкча Бишкектеги машина куруу тармагынын ири ишканаларынын өндүрүшү токтотулду же аларды башка өтүмдүү буюмдарды жасоого толук кайра курууга туура келди. Кээ бир ишканалар жарым жартылай иштеп калышты. Ошого байланыштуу Бишкек шаарынын ө. ж. өндүрүшү 1991—95-ж. 4 эсеге төмөндөгөн. Шаарда 1991-ж. чөп таңгактоочу машина жасоо 20 миң даанага жетсе, 1996-ж. анын 200ү араң чыгарылган. Электр машиналар 1125тен, 64кө, металлды кесүүчү станоктор 1146дан 27ге, токулган кийимдер 16 млн даанадан 1,4 млн даанага, бут кийимдер 3,5 млн жуптан 380 миң жупка чейин кыскарган. Ошондуктан, ө. ж. өндүргөн продукциянын көлөмү боюнча Бишкектин респ-дагы үлүшү 1991-ж. 31,0%тен, 1996-ж. 20,7%ке чейин азайган. Ал эми, 1996-ж. шаардын ө. ж. өндүрүшүндөгү төмөндөө токтолуп, кайра жогорулоого багыт алды. 1995-жылга салыштырганда бир жылдык өсүш продукциянын көлөмү боюнча 3,0%ти түзгөн. Жогоруда белгиленген өзгөрүүлөргө карабастан, Бишкек ш. дагы эле Республиканын эң ири ө. ж. түйүнү катары белгилүү. 2002-ж. ш-да 125 ишкана иштеп, Кырг-ндын ө. ж-нын 20,0%ин же 8903,0 млн сомдук продукциясын өндүргөн. Анын ичинен кеңири керектелүүчү товарлардын үлүшү шаардын ө. ж. өндүргөн продукциянын 63,5%ин түзгөн. Шаарда ө. ж. өндүрүшүнүн бардык тармактары бар. Алардын ичинен негизгилери машина куруу жана металл иштетүү (2000-ж. 445,9 млн сомдук продукция чыгарган), жеңил (576,6 млн), тамакаш (1877,3 млн) өнөр жайлары жана электрэнергетика (996,6 млн сом) негизги орунду ээлеп, алар 2000-ж. жалпы ө. ж-дын 60%тен көбүрөөк продукциясын өндүргөн. Ушул тармактардын респ-дагы үлүшү дагы жогору. 2000-ж. шаардын машина куруу ө. ж. Республиканын ушул тармагы өндүргөн продукциянын 26,2%ин, тамак-аш 29,0%ин жана жеңил ө. ж. 23,5%ин чыгарган. Бишкектин ири ө. ж. ишканалары: ТЭЦ (2000-ж. 454,3 млн сомдук продукция өндүргөн), «РЕЕМТСМА – Кыргызстан» АК (386,6 млн), «Дастан» корпорациясы (302,1 млн), камволдук-нооту (174,3 млн), «Кока-Кола – Бишкек – Ботлерс» ишканасы (162,0 миң), «Бишкек дан-азык» (52,5 млн); Бишкек машина куруу заводу (110,4 млн), «Бишкексүт» (114,6 млн), «Таттуу» (29,0 млн), «Кыргызшампаны» (46,9 млн), «Кыргызавтомаш» (55,6 млн), «Жылдыз» (10,1 млн), «Байпак» (9,0 млн), «Бишкек темир-бетон заводу» (37,8 млн сом), «Булгаары» биргелешкен ишканасы (14,3 млн) акционердик коомдору ж. б. Өнөр жайдын негизги продукциялары: электрэнергия (2002-ж. 1060 млн кВт·с), касса аппараттары (72 даана), автомобиль радиаторлору (178,2 даана), мебелдер (172,0 млн сом), бетондон жасалган курама курулуш конструкциялары (59,4 миң т), кыш жана плита материалдары (16,3 млн даана), токулган кийим (15,6 миң даана), жүн кездемелери (374 миң м3), байпактар (3793,6 миң жуп), бут кийимдер (37,9 миң жуп), эт (6,3 т), сүт (17,4 миң т), пиво (4722 миң дикалитр), шампан (260 миң дикалитр), коньяк (27,5 миң дикалитр), сигарет жана папиростор (3168,6 даана), ун (27,2 миң т), нан азыктары (41,3 миң т), чай (2,7 миң т) ж. б. Көпчүлүгү, айрыкча машина куруу жана жеңил ө. ж. тармактарынын продукциялары чет өлкөлөргө сатылып, алар менен экон. байланыш түзүүдө жана Республиканын өнүгүшүндө Бишкек шаарынын мааниси зор. Экспортко сатылган продукциялардын көлөмү 2002-ж. 312,9 млн АКШнын долларын (Республиканын экспортунун 64,4%ин) түзүп, региондордун ичинен биринчи орунда болгон. Ошол эле мезгилде башка өлкөлөрдөн сатып алынган калк кеңири керектөөчү продукциялардын, б. а. импорттук көлөмү 363,9 млн долларга жетип, импорттун 62,0%ин түзгөн. Натыйжада, Бишкек шаарынын өзүнүн бюджетин өзү толук каражаттоо менен Республиканын бюджетин толуктоодо зор салымы бар. Башка региондордон айырмаланып, шаардын калкына социалдык жактан берилүүчү төлөмдөрдү жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаар өзү камсыз кылат. Бишкек тогуз жолдун тоомунда жайгашып, өлкөдөгү эң ири транспорт түйүнү болуп да саналат. Эң ири автомагистралдары – Бишкек–Ош, Бишкек–Балыкчы–Нарын– Торугарт – Кашкар (Кытай), Бишкек – Балыкчы – Каракол, Бишкек – Алматы (Казакстан), Бишкек – Карабалта – Тараз (Казакстан) – Ташкен (Өзбекстан) авт. жолдору ж. б. Чалдыбар бекетинен Балыкчыга чейин кеткен темир жолу Бишкек ш. аркылуу өтөт. Шаардын ортосунда жүргүнчүлөрдүн темир жол бекети, батыш жана чыгыш четинде «Бишкек» жана «Аламүдүн» аттуу жүк түшүрүп, жөнөтүп туруучу темир жол бекеттери бар. 2000-ж темир жол транспорту менен 978,7 миң т жүк жана 590,3 миң жүргүнчү ташылган. Бишкек шаарынын түн. тарабынан 30 км аралыкта Борб. Азиядагы ири аэропорттордун бири «Манас» аэропорту жайгашкан. Бул аэропорт шаарды, о. э. Чүй облусун чет өлкөлөр жана Республиканын дээрлик бардык региондору менен аба жолдору аркылуу байланыштырат. 2000-ж. Бишкек шаарынын аба жолдору менен 1173,5 миң жүргүнчү ташылган. Шаарда 2 автобекет (Чыгыш жана Батыш) иштеп, 24 автотранспорттук, 1 троллейбустук мекемелерде 2,5 миң автобус (а. и. жеке менчик 705), 51 миңге жакын жеңил машина (а. и. 48,5 миңи жеке менчикте), 203 троллейбус болгон. 2002-ж. автотранспорт менен 4,1 млн т жүк, 60,5 млн жүргүнчү, троллейбус менен 62,7 млн жүргүнчү ташылган. Бишкекте калкты соода жана тиричилик жактан тейлөөчү тармактардын өнүгүү деңгээли дагы Республиканын орт. көрсөткүчүнөн бир кыйла жогору. 2002-ж. шаарда товарларды соодалап жүргүзүүнүн көлөмү 23,0 млрд сом, калкты тейлөөнүн көлөмү 4,7 млрд сом, а.и. калкты тиричилик жактан тейлөөнүн көлөмү 477,6 млн сомго жеткен. Башкача айтканда Республиканын орт. көрсөткүчүнө салыштырганда Бишкекте соода жүргүзүүнүн көлөмүн адамдын санына эсептегенде 1,5 эсеге, ал эми калкты тиричилик жактан тейлөөнүн көлөмү 6,0 эсеге жогору болгон. 1995-ж. Бишкек ш-нда Эркин экономикалык аймак (ЭЭА) түзүлгөн. Анын курамына шаардын «Манас» аэропорту, Өкмөттүн алдындагы Улуттук көргөзмө борборунун жери, илгертен «Акчий» деп аталып келген Чүй облусунун Аламүдүн районундагы азыркы Мрамор айылынын чет-жакасындагы жерлер кирет. «Бишкек» ЭЭАнын жалпы аянты 489 га. 2002-жылдын башталышында «Бишкек» ЭЭАда 412 ишкана катталып, анын 172си иштеген. Аларда 2814 адам эмгектенген. «Бишкек» ЭЭАда 2001-ж. 1181,8 млн сомдук продукция өндүрүлгөн, сыртка сатылган продукциянын көлөмү 12,6 млн АКШнын долларын жана сырттан келген инвестициянын көлөмү 1,2 млн долларды түзгөн.
Бишкек шаарынын Маданий турмушу.
Бишкек ш. Республиканын илим, билим, саламаттыкты сактоо, көркөмөнөр жана маданият мекемелеринин көпчүлүгү жайгашкан ири борб. катары белгилүү. Республиканын илим изилдөө мекемелеринин дээрлик бардыгы Бишкек ш-нда жайгашкан. Билим берүү жагынан 2002/2003-окуу жылында 25 жогорку окуу жайында 65,4 миң студент (алардын 85,0%и контракт менен) окуган. Жогорку окуу жайларында 4594 мугалим иштеп, алардын 226сы илимдин доктору, 1400 илимдин кандидаты. Шаарда жалпы билим берүүчү 116 орто мектеп, алардын ичинен 3 жатак-мектеп, 3 атайын мектеп жана 3 кечки мектеп иштеп, аларда 104,3 миң окуучу окуп, 5570 мугалим эмгектенген. Ушул мектептердин кээ бирлери гимназия, лицейлер жана 20 жеке менчик мектептер. Жеке менчик мектептерде 1,9 миң окуучу окуган. Ар кандай сабактарды тереңдетип окуткан мектеп, гимназия жана лицейлердин саны 32. Бардык мектептердин көбүндө информатика кабинеттери бар. Дээрлик бардык мектептерде китепкана жана ашкана иштейт. Шаардын мектептеринде бир класста орт. алганда 27 окуучу окуп, бул респ-да эң жогорку чек болуп саналат. Саламаттыкты сактоо тармагында 2002-ж. 9680 орундуу (10 миң адамга 163 орун) 32 оорукана болуп, аларда ар түрдүү адистиктеги 3792 дарыгер (10 миң адамга 97 дарыгер) жана 7253 медициналык орто билимдүү кызматкер (10 миң адамга 122) иштеген. Башкача айтканда ооруканалардагы орундарды калктын 10 миң адамына эсептегенде, шаардын деңгээли Республиканын орт. көрсөткүчүнөн 1,8 эсеге, ал эми врачтардын саны боюнча 2,9 эсеге жогору болгон. Бишкекте өлкөнүн ири мейманкалары, базарлары,дүкөндөрү ж. б. жайгашкан.
Алар: «Достук», «Аккеме», «Саякат», «Ысыккөл», «Семетей», «Бишкек», «Алатоо», «Хаятт», «Эльдорадо» ж.б. мейманкалар, «Ош», «Аламүдүн», «Баткен», «Ортосай», «Аларча-2», «Дордой», «Кудайберген» ж. б. базарлар, «Айгүл», «Айчүрөк», «Береке», «Берекет», «Бешсары», «Диньчинь», «Жаңылык», «Миңтүркүн», «Сейтек» ж. б. соода дүкөндөрү жана комплекстери д. у. с. Бишкек ш-нда 22 ири китепкана иштеп, аларда 7208 миң нуска китеп болгон. Шаарда 7 театр, анын бири опера жана балет театры, экөө мамл. драма театры, 1 филармония, 3 клуб жана маданият мекемелери, 10 кинотеатр жана 11 музей иштеген. Ошондой эле шаарда мамл. эмес бир нече театрлар ж. б. маданияттык мекемелер ачылган. Бишкек Кыргыз Республиканын саясий борб. болгондуктан өлкөнүн башкаруу бийликтери — Президенттин адм-сы, Өкмөт, Жогорку Кеңеш, Республикалык сот жана прокуратура, о. эле төртүнчү бийлик деп саналган басма каражаттары – гезит, журналдар, радио жана телекөрсөтүүчү мекемелер шаарда жайгашкан. Ошондой эле Бишкекте ондон ашык чет өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрү иштейт. Алар: АКШ, Беларусь, Германия, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Пакистан, Тажикстан, Түркия ж. б. А. Мырзаев, К. Сакебаева, Л. Приходько
Кыргызстанда 2013-жыл Иштерман жылы деп жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2013-жылды Кыргыз Республикасында Иштерман жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштарын көңүлгө алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү милдеттерин чечүүдө Кыргызстандын элинин күч-аракетин азыркы турмушунда анын жаратман ролун жогорулатуу максатында 2013-жылды Кыргыз Республикасында Иштерман жылы деп жарыялоо жөнүндө токтом кылынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасында Иштерман жылын өткөрүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга тийиш.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Темасы: ИШТЕРМАНДЫК, БИРИМДИК – МЕКЕН ТИРЕГИ
Сабактын максаты:
• окуучулар өз мекенин урматтоо, ынтымакта, биримдикте жашоо, эмгекчил, иштерман болуу зарыл экендиги тууралуу түрдүү булактардан маалыматтарды алат;
• Ата Мекен алдында өзүлөрүнүн атуулдук жоопкерчилигин, парзын аткаруу зарылдыгын сезет;
• иштерман, эмгекчил, ынтымактуу, жоопкерчиликтүү ж.б. болуу зарылдыгын түшүнөт.
Жогоруда коюлган максаттар ишке ашат, эгерде:
- өтүлүүчү темага байланыштуу өзөктүү сөздөрдүн маанисин түшүнсө;
- сабактын идеясын түшүнүп, өз сөзү менен айтып бере алса;
- текст менен иштөөдө мазмунун түшүнүп, өз оюн далилдүү айта алса;
- салыштырып, анализ жүргүзүп, топ менен бирге талкуулап, биргелешип иштей алса;
- бирин-бири сыйлап, уга билсе;
- чыгарманын мазмунуна жараша эмгекчил, иштерман, аракетчил болууга үйрөнсө жана ынтымакта бирдиктүү болуу зарыл экенин түшүнсө.
Сабакта колдонулуучу дидактикалык каражаттар: көркөм китептер, түстүү сүрөттөр, тиркемелер ж.б.
Сабактагы негизги иш-аракеттер:
- Ата Мекен, эмгекчилдик, иштермандык, биримдик, ынтымак жөнүндө окуучулардын ой-пикирин угуу;
- эл-журттун биримдиги жана ынтымагы тууралуу ой бөлүшүү;
- өз эли-жерине болгон сый-урматы, кызматы тууралуу баарлашуу, чыгармачылык иш (эссе) жазуу;
- ырларды көркөм окуу;
- накыл кептердин маанисин чечмелөө.
Сабактын башкы идеясы:
- Иштермандык бакыт-таалай менен ийгилик, ал эми биримдик ырыскы-дөөлөт алып келет.
Сабактын жүрүшү:
Мугалим:
Балдар, бүгүнкү биздин тарбиялык сабагыбыздын темасы - «Иштермандык, биримдик – мекен тиреги». Ар бирибиз эмгекчилдик, биримдик, Ата Мекен тууралуу оюбузду, түшүнүгүбүздү кыскача айтып көрөлү.
1-окуучу: Иштерман, эмгекчил болуу ар бирибизге зарыл. Анткени иштеген, аракет кылган адам гана жакшы ийгиликтерге жетише алат жана эли-жерине пайдасы тиет.
2-окуучу: Биримдик – бул адамдардын ортосундагы ынтымак, сый-урмат, колдоо. Элдин арасында ынтымак болсо, тынчтык, жакшылык, токчулук болот деп ойлойм.
3-окуучу: Ата Мекен – бул биздин туулуп-өскөн жерибиз. Туулган жер — биздин ата-бабабыздан калган ыйык мурасыбыз. Ошондуктан, ал жер Ата Мекен, Ата Журт деп аталат.
Мугалим:
Рахмат, балдар. Эми эмгек, биримдик, ынтымак тууралуу айтылган бир нече макалдын маанисин чогуу чечмелеп көрөлү:
- Ак эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу.
- Ынтымактуу биригет, ынтымаксыз бүлүнөт.
- Ынтымагы бар элдин ырыскысы мол болот.
Окуучулар ойлорун айтышып, өз ара талкуулашат.
Анда эмесе, азыр «Бакыт-таалай каякта?» аттуу жомокту чогуу окуп көрөлү.
1-тиркеме
Үч бир тууган болуптур. Ата-энеси өлүп жетим калышат. Балдар эр жетип чоӊоюп, өз алдыларынча оокат кылып, үй-жай күтүүгө аракеттенишип, байга малай жүрүшөт. Күндүр-түндүр кара жанын карч урушуп, байдын жумушун аткарышат. Канчалык эмгектенишсе да, күндүк тапканы күнүмдүк оокатына жетпейт.
Эӊ улуусу бир күнү инилерин чогултуп:
«Бул бизге оокат эмес экен, андан көрө жер кыдырып бакыт-таалай издеп табалык» — дейт. Инилери макул болушат. Жолго чыгышат.
Бир туугандардын баспаган жери, ашпаган тоосу, кечпеген суусу калбайт.
2-тиркеме
Ачка болуп кыйналган кезде жер айдап жаткан дыйканга жете келишип, эси оогондон тарс жыгылышат. Дыйкан аларды үйүнө алып барып нан, жарма берип тойгузуп, анан эмне мынча чаалыгып-чарчап жер кыдырышып жүргөндөрүн сурайт. Үч бир тууган болгон сырларын жашырбай айтып беришет.
Дыйкан талаадагы тилкени көрсөтөт.
- Муну анча тереӊдетпей казып чыккыла, бош жери калбасын! Ушул аянттын карыштай жерине бир заманда алтын катылыптыр деп укканым бар.
3-тиркеме
Бир туугандар маӊдай тер төгө мээнет кылышып, тилке жерди бүт казып чыгышты. Бирок, алтын таба алышпады. Дыйканга келип, жаӊжал салышты.
- «Шашпаган жетет муратка, шашып кетип калбагыла уятка» деген сөз бар. Андан көрө ошол казылган жерди бош таштабай буудай эгип таштагыла! — дейт дыйкан, күлүмсүрөп.
Тигилер мостоё түшүшөт. Бирок, эми андан башка айла калбаганын түшүнүшкөн бир туугандар биргелешип казылган жерге буудай эгишет. Кезек менен сугарып турушат. Күркүрөгөн күздө ошол аянтчадан аябагандай мол түшүм алышып, ырыскы-дөөлөткө ээ болушат.
Ошондо гана ага-инилүү жигиттер бакыт-таалайдын кайда болорун, ага жетүү үчүн маӊдай тери менен ак эмгек кылуу, иштерман болуу керектигин түшүнүшкөн экен.
Мугалим окуучуларга суроо менен кайрылат:
1. Үч бир туугандар бакыт-таалайды каяктан издемек болушту? Бул чечимдери туурабы? Эмне үчүн?
2. Дыйкандын аларга айткан кеӊешине кандай баа бересиӊер? Дыйкандын кеӊешин жомоктон таап, үн чыгарып окугула.
3. Бакыт-таалайга кантип жетүүгө болот экен? Жомоктон тышкары өзүӊөрдүн оюӊарды да айтып көргүлө.
4. Төмөнкү макалдардын маанисин чогуу чечмелеп, түшүнүп алгыла.
- Эмгек — ар кандай дарттын дабасы, эмгектен өткөн ырыс жок.
- Мээнеткеч адам кичине болсо да чоӊ күч, анын колунан бардыгы келет.
- Эмгектен таап береке – эстүү бала жарайт керекке.
Мугалим эмгекчил, бирдиктүү болууга үйрөтүү максатында чакан чыгармачылык иш аткаруу тапшырмасын берет.
А) Эмгек бар жерде ийгилик бар.
Б) Ынтымагы бар элдин ырыскысы түгөнбөйт, — деген темалардын бирин тандап алышып, чакан эссе жазышат. Белгиленген мүнөттөн кийин, ар бир окуучу өзүнүн чыгармасын окуп, же оозеки сүйлөп берет.
Мугалим:
Балдар, бүгүнкү сабакта мамлекетибиздин тиреги болгон биримдик, ынтымак, иштермандык тууралуу ой бөлүшө алдык. Үй-бүлөбүздө да, мамлекетибизде да тынчтык, ынтымак, биримдик болсун деп тилек кылалы да, Барпы Алыкулов атабыздын төмөнкү ырын көрктүү окуп көрөлү.
ЫНТЫМАК
Ынтымагы бар элдин
Калага (нанга) карды ток болот.
Ынтымагы жок элдер
Бирине-бири октолот.
Ынтымагы бар элдин
Адил болот улугу (башчысы).
Ынтымагы жок элдин
Ичинен чыгат бузугу.
Ынтымактуу эл болсо,
Душманга тиер ок болот.
Ынтымаксыз эл болсо,
Дыркырап качып жок болот.
Ынтымактуу биригет,
Ынтымаксыз бүлүнөт.
Ынтымак элдин баркы бар,
Бири-бирине баркы бар.
Суроолор:
1. Ынтымак деген сөздүн маанисин кандай түшүндүӊөр?
2. Ынтымактуу болуу зарыл экендиги жөнүндө өз ойлоруӊарды айтып көргүлөчү.
3. Ынтымак тууралуу буга чейин кандай чыгармаларды окудуӊар эле? Эстегиле жана азыркы ырдын мазмунун менен салыштырып көргүлө.
Мугалим: Балдар, жогоруда чыгармаларды окуп, макалдардын маанилерин чечмелөө менен кандай жыйынтыкка келе алдыӊар?
Окуучулар: Албетте, элибиз эмгекчил, иштерман болушса, өз ара ынтымакта, биримдикте жашашаса, анда мамлекетибиз бекем, туруктуу, күчтүү болот экен.
Сабактын соӊунда үйгө тапшырма катары төмөнкүлөр берилет:
1. «Иштермандык жана биримдик – мекен тиреги» деген темада өз оюӊарды айтып берүүгө даярданып келүү.
2. Эмгек, ынтымак, биримдик, мекен тууралуу ыр, макалдардан таап келүү.
Сабактын темасы: Жылдыздуу асмандан эмнени көрөбүз?
Сабактын максаты:
а) окуучулар асмандагы жылдыздар, планеталар жөнүндө билимин кенейтишет.
б) Окуучулар жылдыздар жөнүндө билимин жогорулатып, турмушта колдонууга үйрөнүшөт.
В) Табиятка болгон сүйүүлөрү калыптанат, планеталар боюнча салыштыруу жүргүзүшөт.
Сабактын методу: интерактивтүү метод: топтор менен иштѳѳ, ББК
Сабактын тиби: жалпылап кайталоо сабагы
Сабактын жабдылышы: зодиак топ жылдыздардын символдук белгилери, планеталардын сүрѳттѳрү, ватман, маркер:
Сабактын жүрүшү: 1-кадам жагымдуу маанай
2-кадам мээ чабуул
3-кадам ѳтүлгѳн сабакты кайталоо
4-кадам долбоор менен иштөө
5-кадам Венддин диаграммасы
6-кадам жыйынтыктоо
6-кадам окуучуларды баалоо
7-кадам үйгѳ тапшырма
1-кадам: Жагымдуу маанай:
Балдар мен силерге 3 түстѳгү жылдызчаны силерге таратам. Силер анын арткы бетине калоо-тилегинерди жазып, бир-бирден окуп, партанардын бир бурчуна коюп коебуз. Эми алган жылдызчанар боюнча 3 топко бѳлүнѳбүз.
2-кадам: Мээ чабуул: Кана балдар биз мурунку сабакта кандай темага токтолдук эле? Ачык талаага чыгып карасак Аалам бизге эки бѳлүккѳ бѳлүнүп тургандай сезилет. Бутубуздун алдында жер кыртышы, ал эми үстүбүздѳ асман турат. Күндүз биз асмандан жаркыраган күндү кѳрсѳк, ал эми түндѳ эмнелерди байкай алабыз?
-Жылдыздарды, планеталарды, Айды көрөбүз.
Демек, балдар биз асмандан жаркыраган жылдыздын түрлѳрүн, планеталарды, Айды кѳрѳт экенбиз. Келгиле балдар дагы биз бүгүн планеталар жѳнүндѳ сѳз кылабыз.
3-кадам: ѳтүлгѳн сабакты кайталоо: Андан ары үйгѳ берилген тапшырмага келсек, ар биринер ѳзүнѳрдүн зодиак топ жылдыздарынарды асмандан кайсы мезгилде жакшы кѳрүнѳѳрүн билип келүү болчу.
Мугалим: Кана ким айтат? Балдар айтышып, мугалим сүрѳттү доскага илип чыгат.(бѳйѳн, арстан, бийкеч, тараза, чаян, жаачы, текечер, суу куйду, балык, токту, букачар, эгиздер)
Азаматсынар демек, биз ѳзүбүздүн зодиак топ жылдызыбызды билдик.
Андан кийин биз бүгүн дагы чон планеталарга саякат жасоодон мурда, ким айтат кандай планеталарды билесинер? (Окуучулар айтышат)
Миндеген адамдар Кечки жылдыз, же Танкы жылдыз деп суктанып келишкен экен. Ал эми байыркы адамдар аны Венера десе, кыргыздар аны-Чолпон деп аташкан. А чындыгында Чолпон дегендин өзү эмне? Демек, балдар Чолпон –жылдыз эмес, ал планета. «Планета» деген сөз грек сөзүнөн которгондо «адаштыруучу» дегенди билдирет экен.Ал планеталарды адамдар жөнөкөй көз менен эле байкоо жүргүзүшкөн.Алар силер айткан Меркурий, Чолпон, Марс, Юпитер, Сатурн. Буларды телескоптон карасак чон көрүнүшөт.
Келгиле балдар, андан кийин топтор боюнча долбоор баштоодон мурда мен силерге тапшырма берем.
Тапшырманы аткарууда регламентти сактайсынар.Ар биринерге 3 минутадан убакыт берем.
4-кадам:
1-тапшырма: «Ак жылдыз» тобуна көзгө жакшы көрүнгөн планеталар жөнүндө эмне билесинер, алар кандай көрүнөт?-деген суроого жооп издейсинер.
Чолпон, Марс, Юпитер, Сатурн, булар көзгө көрүнгөн планеталарга кирет. Чолпон орок сымал Айга окшош. Марстын диаметри Жерден 2 эсе кичине, Аны 1877-жылы Америкалык астраном А.Холл ачкан. Анын эки табигый спутниги бар. «Фобос» жана «Деймос» Анын түсү аркылуу айырмалоо оной, Анын түсү ачык-кызгылт-сары жылдызга кирет. Юпитерди байкоо жүргүзүү абдан кызыктуу, Анын эки тарабынан катар турган, планетанын айланасында айланып жүрүүчү төрт жылдызчасы бар.
Сатурн-жарык ак жылдыз.Ал Юпитерден алыс жайгашып шакекче менен курчалган.Анын Күндү толук айланып чыгуусу 29,5 жылды түзөт. Анын айланасында 17 спутниги жана кооз шакекчелердин катмары менен курчалган.
«Кызыл жылдыз»тобуна көзгө көрүнбөгөн планеталар жөнүндө.
Уран, Нептун, Плутон, Меркурий,- көзгө көрүнбөгөн планеталарга кирет. Уран планетасы В.Гершелл тарабынан 1781-жылы ачылган. Нептунду аныктоодо көп түйшүктөр жаралып, көп эсептөөлөр, талаш-тартыштар келип чыккан. Француз окумуштуусу Леверье жана Адамс Уран планетасынын козголушун изилдешип, Нептун планетасын илимий жол менен көрсөткөн. 1846-жылы Галле Нептун планетасын ачкан. Плутон планетасы 1930-жылы ачылган. Радиусу 2500 км. Оз огунун айланасында толук бир айланышы 6 сутка 9 саат 17 мүнөткө барабар. Меркурий планетаны көрүү абдан кыйын. Себеби: Күн аны көрүүгө тоскоол болот качан ал батканда кечки жарык нурларынан аз убакытка жарык жылдызчаны көрүүгө болот. Анын температурасы +400 Сден жогору, түнкүсүн – 180о Сге төмөн.Анын Күндүн нуру тийген жеринде коргошун, цинк, калай, эрип кетиши мүмкүн. Булардын ичинде биз жашаган планета да бар.
«Сары жылдыз»тобу силер кандай ойлойсунар чон планетадабы же кичинекей планетада жашагынар келеби? Ушул суроого долбоор түзүп, оюнарды айтасынар.
Алар кичинекей планетада жашагылары келээрин айтышат.
Себеби:Чон планетада жашоого кыйын,ал башкаларды өзүнө күчтүүрөөк тартат. Мисалы Юпитер кандайдыр бир нерсени өзүнө жерден дээрлик 3 эсе күчтүүрөөк тартат. Эгер Юпитерде жашасак үйлөр урап, самалеттун канаттары сынып ж. коп кыйынчылыктар болмок. Ошон үчүн кичинекей планетада жашоо жыргал. Нерсени өзүнө начарыраак тартат. Атмосфера өзүнүн жанында газдарды кармап тура албайт, алар акырындык менен учуп кетишет. Суу маселесида кыйын. Суу бууланып, туман жана булуттка айланып соолуйт. Эгерде суу бууларын боштуктта кармасак, алар космоско тарап кетишет.Мында кайсы планетада жашоо керек экендиги келип чыгат. Албетте, Жер планетасында жашоо эн жакшы. Бирок биз жылуулук жөнүндө ойлонгон жокбуз. Күн планеталарды өзүнүн нурлары менен жылытат.Жердин бетинде температура +600 Сден -900 Сге чейин жетет.Эгерде Жер Күнгө жакындап барса дениздер кайнап, бак-дарактар өрттөнүп кетмек. Аыстап кетсе дениздерди муз каптап, суук болмок. Жер планетасы музга айланмак.
5-кадам:
2-тапшырма Ал эми планеталар кандай кыймылдаганын байкап көрөлүчү. (59- сүрөт) Венддин диаграммасы(салыштыруу)
Алардын баардыгы күндүн айланасында айланышат. Алыстан жай кыймылдагандай сезилет. Бир жылдын ичинде ар бир планета кандай жолду басып өтөт?
Окуучулар салыштырышат.
М
исалы:
1-топ
2-топ: Марс менен Жерди салыштыргыла.
3-топ: Сатурн менен Юпитерди салыштыргыла
6-кадам:
Сабакты жыйынтыктоо:
Кана балдар баарыбыз көздөрүбүздү бекем жуумабыз. Асмандагы жылдыздарды элестетебиз. Кыргыздарда жакшы кеп бар эмеспи «асмандагы жылдыздардын учканын байкап калып тилек айтса, тилектери орундалат»-дешет. Силер тилегинерди тилеп сабактын башындагы жазган каалоо тилегинер аткарылсын деген максатта бир-биринерге көзүнөрдү ачып беришкиле!
Анда эмесе бүгүнкү сабакта эмнени билдинер, билем, билгим келет, билдим деп- деп өзүнөрдүн билгенинерге таянып ватманга жазып кеткиле.
7-кадам:
Окуучулардын билимин баалоо: Бүгүнкү сабакта баарынар активтүү катыштынар, тилегинер орундалат деген ойдомун.
8-кадам:Үйгө тапшырма: Күн күндүзгү жылдыз. 30 сөздөн турган эссе жазып келүү. Параграф 33, 108-бет.