СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Матлабтын графикалык мумкунчулутору

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Матлабтын графикалык мумкунчулутору»

Тема: Matlabтын графикалык мүмкүнчүлүктөрү.

План:

  1. Plot функциясы.

  2. Hold on функциясы.

  3. Графикти чийүүдө колдонулуучу түстөр.

Графика агымы белгилүү бир аныкталган касиеттери бар графикалык обьектилердин чиймесин берет.

Графикалык командалардын көптүгүнө карабастан, алардын синтаксиси жөнөкөй жана жаңыдан үйрөнүүчүлөргө жеңил түшүндүрүлөт. «Жөнөкөйдөн татаалга» эрежесин басып отуруп биз алдынан графика функциясын өзгөрүү иретинде, андан соң үч өлчөмдүү графикти, анимациялык жана дискриптордук графиктерди карап чыгабыз.

Көп учурларда эсептөө натыйжаларын текшерүү үчүн, анын графигин чийүү керек болот. Ал үчүн Matlab программасынын мүмкүчүлүктөрү кеңири каралган. Алгач жөнөкөй графикти чийүү үчүн, бул жерде бир функцияны колдонуу жетиштүү. Matlab график тургузуу бөлүмүндө график терезе ачып, анда обцисса жана ордината огун сызып, аргумент функциянын жыйынтыгын көрүп, график тургузуп берет. Бир терезеге бир нече графиктерди ар түрдүү түстө, түрдүү сызыктар менен сызууга болот.

Matlab векторлордун жана матрицалардын графикалары үчүн зор мүмкүнчүлүктөргө ээ. Аны менен катар түшүнүк берүү жана графиктерди басмага чыгарууга болот.

Plot функциясы ар түрдүү формада болот. Алар өзгөчөлөнгөн параметрлерге байланыштуу. М: plotly- кезеги менен узундук графигин түзөт. Мындагы у-алардын индекси. Эгер аргумент түрүндө эки вектор берилсе, анда plot(x,y), x-тен, y-тен түзүлгөн графикти түзөт. Matlab ар бир графикке автоматтык түрдө өз түсүн орнотот.

Matlab векторлорду жана матрицаларды графикалык берилиштер үчүн зор мүмкүндүктөргө ээ. Ошону менен катар түшүнүк берүү жана графикаларды басмага чыгарууга болот.

Hold on командасы графикке кесиндилерди кошууга уруксат берет.

Subplot функциясы бир терезеге графиктердин жыйынтыгын чыгарууга уруксат берет.

1-М: t=0:pi/10:2^pi;

[x,y,z]=cylider(4*cos(t));

subplot(2,2,1)

mesh(x)

subplot (2,2,2); mesh(y)

subplot (2,2,3); mesh(z)

subplot (2,2,4); mesh(x,y,z)

2-M: y=sin(x) функциясынын графиги графикте төмөнкүдөй болот.

y=sin(x)

x=0:pi/100:2^pi;

y=sin(x);

plot(x,y)

Мында plot(x,y) функциясы х-тин маанилерине шайкеш, ал эми у-тин графигин сызат. Эгерде бир терезеге эки эмес, бир канча график сызуу керек болсо, plot функциясын төмөнкүчө колдонобуз.

x=0:pi/100:2^pi;

y=sin(x);

z=cos(x);

plot(x,y,x,z)



Графиктерди сызуудагы дагы бир негизги маселе алардын түсү менен сызыктын түрлөрү. Аларды берүү менен plot командасындагы х, у-тен соң орундалат. М: plot(х,у,с*) –мындагы с-сызыктын түсү, *-түрү.

Сызыктын түсү төмөндөгү өңдөрдү кабыл алууга мүмкүн. Сызыктын түстөрү:

Күлгүч-m

Сары-y

Кызыл-r

Жашыл-g

Көк-b

Кара-k

Ак-w

Көгүлтүр-c



Кээде сызык ордуна белгилерди(символдорду) коюуга болот:

.-чекит

*-жылдызча

х-крест

+-кошуу амалы