Просмотр содержимого документа
«МББС ж/а мектептеги ББС»
МББС жана предметтик стандартты ишке ашыруу
Тема: КРде жалпы орто билим беруунун мамлекеттик билим беруу стандарты Даярдаган: Кубанычбек кызы Наргиза Мугалим: Тагаев У.Б
План: 1.Дисиплинаны окуу планына киргизуунун максыты 2.Билим беруу стандарты тушунугу
Суроолор:
- Дисциплинаны окуу планына киргизуунун максаты
- Стандарт тушунугу
- Билим беруу стандарты
- Билим берууну стандартташтыруунун негизги обьектилери
- Билим берууну стандартташтыруу зарылчылыгы
- Стандарттын мамлеккеттик компаненти
- ББС-нын талаптары
- ББС-ын аныктаган Документтер
- Окуу планы деген эмне?
- Окуу программками деген эмне?
- Окуу кетебиз жана куралдары
Дисциплинаны окуу планына киргизүүнүн максаты.
Бул предметти жогорку окуу жайда окуп-үйрөнүү жакынкы 5-6 жылдан бери эле келе жатат, мурда мындай дисциплина программада жок эле. Б ул предметти окуу планына киргизүүнүн зарылчылдыгына көңүл бурсак, төмөнкү максаттарын аныктоого болот:
− мамлекеттик билим берүү стандарты менен таанышып чыгуу;
− мурдагы билим стандарттары менен салыштырып чыгуу, алардын айырмачылыктарын ажыратып чыгуу;
− мектеп окуучуларына билим берүү процесси боюнча мугалимдин иш-аракетине коюлган талаптар менен таанышып чыгуу;
− жаңы муунду тарбиялоого карата мугалимге коюлган талаптарды аңдап билип чыгуу;
− мамлекеттик билим берүү стандартынын окутуп жаткан предметти окутуу процессине койгон талаптары менен таанышып чыгуу;
− предметтик стандарт менен таанышып, өздөштүрүп чыгуу;
− предметтик стандарт менен бирге предметтин программасын окуп-үйрөнүү;
− предмет боюнча план-конспекттин жаңы үлгүсүн окуп-үйрөнүү;
− окуп-үйрөнгөндөр боюнча сабак өтүүгө даярдануу ж. б.
Бул дисциплинаны үйрөнүү менен болочок мугалим эртеңки аткара турган жумуштары менен таанышат жана ошого карата алгачкы даярдыктарын көрүп баштайт.
Адистигине тиешелүү предметти окутуу процессине тиешелүү билимдерге ээ болуп, аны реализациялоонун мүмкүнчүлүктөрүн минималдык деңгээлде өздөштүрөт.