Медиа маалымат сабаттуулук
Мугалим: Үркүнчиева ЖК
Сабаттуулук
- САБАТТУУЛУК (окуп жана жаза билүү)
- КОМПЬЮТЕРДИК САБАТТУУЛУК (компьютерде иштей билүү)
- МААЛЫМАТТЫК САБАТТУУЛУК (компьютердик сабаттуулукка кошумча - маалыматты таап, аны иштете билүү жөндөмдүүлүгү)
- МЕДИАСАБАТТУУЛУК (медианын ар түркүн түрлөрүндө анализдөө, баалоо жана билдирүү жарата билүү жөндөмдүүлүгү)
Ой жүгүртүү
Ой жүгүртүү ар бир адамдын жашоодогу ар кандай көйгөйлөрүн чечүүчү куралы.Ойлоону өнүктүрүүгө, анын ылдамдыгын, тереңдигин, эркиндигин, маанисин өзгөртүүгө болот.
Сынчыл ой жүгүртүү - бул маалыматты талдоого, андан жыйынтык чыгарууга жана талдоонун негизинде чечим кабыл алууга, ошондой эле өз пикириңди калыптандырууга жана өз позициянды коргоого мүмкүнчүлүк берген 21-кылымдын маанилүү көндүмдөрүнүн бири.
Күнүмдүк жашоодо. Адам күн сайын өз алдынча чечим чыгара билиши керек, ал үчүн кээде толук эмес же туура эмес маалыматка таянган учурлар да болот. Бул чечимдер окууга же жумушка гана эмес, ден-соолукка, жашоого, жеке мамилелерге да байланыштуу болушу мүмкүн. Сынчыл ой жүгүртүү иш-аракеттердин мыкты ыкмасын жана вариантын тандап алууга, олуттуу каталардан алыс болууга же аларды тез арада оңдоонун жолун табууга мүмкүндүк берет.
Сынчыл ой жүгүртүү эмне үчүн керек Жумушта. Бүгүнкү күндө кайсы гана тармакта болбосун адистер күнүмдүк иш-аракеттерди мыкты аткарып гана тим болбостон, стандарттуу эмес чечимдерди кабыл алып, көйгөйлөрдү чечүүнүн жаны жолдорун жана ыкмаларын таба билиши керек. Талкууну компетенттүү жүргүзүп, өз көз карашын далилдей билген адамдар жогору бааланат. Сынчыл ой жүгүртүү иш тапшырмаларын ар кандай өңүттөн баалоого жардам берет жана так эместик же жетишсиз маалымат менен байланышкан каталардан сактайт.
Сын көз менен ой жүгүртүү
Сын көз менен ой жүгүртүү — бул аң-сезимдүү маанини издөө: өз көз караштарың менен бирге эле башкалардын пикирин да эске алуу менен кантип логикалуу ой жүгүртүп жана ага ылайык аракеттенүү керек, бул өз ынанысдарыңдан баш тарта билүү. Жаңы идеяларды жарата алган жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү көрө алган. Сын көз менен ой жүгүртүү - маселелерди чечүүдө абдан чоң жардам берет.
Факт (лат.Factum — болгон окуя, нерсе) — билдирүү, далилдөө формасындагы чын-бышыгы такталган билим. Пикир– бул белгилүү бир темага карата айтылган көз караш, ой толгоо, билдирүү
Маалымат - бул белгилүү бир маалыматтарды кабыл алуу жана аларды аңсезиминде иштеп чыгуунун негизинде алган керектөөчүнүн билими.
Сын көз менен ой жүгүртүүнүн 5 тепкичи
1
2
3
Чече турган маселени так атагыла (Эмнеге жетүүнү каалап жатасыңар?)
Маалымат чогултуу (бул айырмачылыктарды ажыратууга жардам берет)
Маалыматты пайдалануу (Кандай идеялар иштейт?)
5
4
Кесепеттери туурасында ойлонгула (Мындай чечим кабыл алсам эмне болот)
Башка көз караштарды изилдеп көргүлө
Медиа массалык маалымат каражаттарын (пресса, радио, телевидение, кино, реклама, интернет ж.б.), маалымат берүүчүлөрдү (китепкана, архив, музей) камтыйт .
Кайсыл сан унаанын ордунда жашырылган?
Кайсыл сан унаанын ордунда жашырылган?
«Медиа» деген сөз англис тилинен кирген, мааниси «массалык маалымат каражаттары» деп которулат жана телевидение, радио, гезит жана интернет деген түшүнүктөрдүн жыйындысын түшүндүрөт.
«Медиа» деген сөз англис тилинен кирген, мааниси «массалык маалымат каражаттары» деп которулат жана телевидение, радио, гезит жана интернет деген түшүнүктөрдүн жыйындысын түшүндүрөт .
Медиасабаттуулук – бул образдарды, добуштарды жана билдирүүлөрдү кабыл алуу, анализдөө жана баалоо жөндөмдүүлүгү жана ошондой эле, медиа дүйнөдө жеке максатта компетенттүүлүк менен пикир алмаша билүү жөндөмү.
Медиасабаттуулук өз ичине төмөнкү компетенцияларды камтыйт: - Эстетикалык жана чыгармачыл: медиаконтентти түшүнүү, жаратуу жана чечмелөө жөндөмү. Бул жөндөмдү окуучулар өз алдынча медиаконтент жаратуу менен калыптандыра алышат. - Сүйлөшө билүү жана коммуникация: медианын жардамы менен сүйлөшө билүү жана ар түрдүү медиаролдорду өзүнө чактап көрүү, маселен керектөөчү катары да, маалымат берүүчү катары да. Окуучулар буга кызматташуу процессинде жана ар кандай практикалык тапшырмаларды аткаруу учурунда үйрөнүшөт. Пикир алмашуу билимдери аларга өз көз караштарын айта билүүгө үйрөтөт. - Сын көз менен ой жүгүртүү жана анализ: ар кандай анализдөө каражаттарынын жардамы менен медиаформаларды жана алардын контентин түшүнүү, чечмелөө, баалоо жөндөмдүүлүгү. - Коопсуз пайдалануу: маселелерди чече билүү жана жагымсыз жагдайлардан алыс болуу жөндөмү. Интернеттеги коопсуздук маселесин айта турган болсо, бул жерде өзүңдүн жеке жашооңду коргой билүү зарыл, зыяндуу контенттен алыс болуу жана кооптуу байланыштарды түзбөө керек.
Маалыматтык сабаттуулук – бул маалыматты тандоо, түшүнүү, баалоо, пайдалануу, жаратуу, сактоо жана элестете билүү жөндөмдүүлүгү. Маалыматтык сабаттуулукту өздөштүргөн адамдар сын көз караш менен ой жүгүртө алышат, маалыматты анализдеп жана аны пайдалана алышат. Бул окуучуларга жеке, социалдык жана билим алуу максаттарына жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Маалыматтык сабаттуулук түшүнүгү ар түркүн билимдер менен жөндөмдүүлүктөрдүн кеңири алкагын камтыйт:
- Маалыматка болгон муктаждыкты аныктай билүү жана тааный билүү. - Маалымат булагын аныктай билүү. - Маалыматты табуу жана алуу. - Маалыматты анализдеп жана сапатын баалай билүү. - Маалыматты тартипке келтирип, чогултуп жана сактай билүү. - Маалыматты натыйжалуу, адискөйлүк менен абийирдүү пайдалануу. - Жаңы идеяларды жарата билүү жана тарата билүү.