Сабактын максаттары: | көрсөткүчтөр |
-
Билим беруучулук Канаттуулар менен таанышат. | Канаттуулар менен таанышышса, текстти шар окууга үйрөнүшсө. |
2.Онуктуруучулук: Окуучулар жапайы жана үй канаттууларын айырмалай алат. | Өз оюн эркин айта алышса жана канаттуулардын канча түргө бөлүнөөрүн билишсе. |
3.Тарбия беруучулук: Аларга кандай мамиле кылууну үйрөнүшөт. | Канаттууларга этияттык мамиле кылуу керек экенин билишсе. |
Сабактыш журушу: |
№ | Сабактын этаптары. | Мугалимдин иш аракети: | Окуучунун иш аракети: | Компет | Баалоо |
1 | Уюштуруу | Саламатсынарбы балдар! Маанай барометри аркылуу окуучулардын маанайын билүү.Азыр кайсы мезгил? | Саламатсызбы. Маанайлары жөнүндө колдун көтөрүлүшү аркылуу билебиз. Маанайы жок окуучуну калгандары мактайт. М: Даткайым акылдуусун, Элиза таза жүрөсүн. | НК2 | | Кубаттоо |
2 | Уй ишин кайталоо. (3-5 мин) | Үй ишин бышыктоо үчүн берилген суроолорго жооп беришет. М: Жансыз жаратылыш жазында деген сөздү кандай түшүнөсүн? Март айында кандай майрамдарды белгилейбиз? | М: Барчинай- жаратылыш кышындасы уйкуга кетет, кыш бүтөөрү менен жаздын башталышы менен айлана ойгонуп жан кирет жана айлана жашыл түскө боелот. Руслан- 5-март Ак калпак күнүн белгилейбиз.Мухамедазиз-8-март Аялдардын эл аралык күнү ж.б | НК1 НК2 НК3 | ПК3 | Мактоо, Стикер менен баалоо. |
3 | Жаны теманы тушундуруу (10-15 мин.) | Доскада теманы ачып алуу үчүн берилген сүрөттөрдү тандашып, 3 топко бөлүнүп алышат. 1- топ ЧАБАЛЕКЕЙ, 2-топ ТОРГОЙ, 3-топ ЧЫЙЫРЧЫК. Тема боюнча берилген суроолорго жана сүрөттөгү канаттууларды атын аташат. Ооба туура айтасыңар. Эми мен силерге текстти окуп берем. Андан кийин өзүңөрдүн тобуңар жөнүндө эмне жазылганын айтасыңар. | . М: Асан- биздин айылыбызда каргалар учуп келишкен. Мария- торгойлорда келишкен. Элиза:Чыйырчык- үйлөрдүн жаныа келишет, жуп болуп жашашат бири уясын көзөмөлдөйт, экинчиси уяга керектүү материал издеп учуп жүрөт. Даткайым:Торгой- аны көрүү кыйын бирок үнүн угууга болот. Арууке:Чабалекей- адамдардын үйүнүн жанына салышат. Чабалекей жаздын келгенин белгиси. | НК2 НК3 | ПК2 ПК3 НК5 | Мактоо |
4 | Практикалык иш | | | | | |
5 | Кыймылдуу конугуулор. | Дене бойго арналган кыймылдуу көнүгүүлөр аткарылат. | Ыр ырдап көнүгүүлөрдү аткарышат. | | | |
7 | Бышыктоо (5-8 мин) | Канаттулар жөнүндө слайд көрсөтүлөт. Аны окушат. Балдар үй жана жапайы канаттуларды атагылачы. | Оозек кайтарым байланыш. М:Хожиакпар- Үй канаттууларына тоок короз, үндүк,өрдөк,каз. Азамат- жапайы канаттууларга ак куу, чабалекей, каргалар кирет. Толуктоо үчүн: Азирети-ААлы- бүркүт,сагызгандар да кирет. | | | Мактоо |
8 | Баалоо (3 мин) | Баалоо калыстык менен болушу керек аны көзөмөл кылуу. Ким активдүү катышты? Ким тапкыч? Ким сөзмөр? | Бири-бирин баалашат. | НК1 НК3 | ПК1 ПК3 | Стикерлерди саноо. |
9 | Уйго тапшырма беруу (2 мин) | Текстти окуп келүү. | | | | |
10 | Жыйынтыктоо (5мин) | -Бүгүн биз эмнелер жөнүндө сүйлөштүк? -Алар бизге качан учуп келишет экен? -Сага кайсы канаттуу жагат? | Оозеки кайтарым байланыш. Суроолорго жооп беришет. | | | |