Топурак менен тажрыйба жүргүзүү. Тажрыйба: Бир стакан суу алы, ага бир аз топурак салабыз. Силер эмнени көрдүңөр? (топурактан аба бүртүкчөлөрү чыгат.) Демек, топуракта аба бар. Тажрыйба. Бир аз жаңы топуракты отко ысыталы. Топурактын үстүнө муздак айнекти кармайбыз. Айнекте суу тамчысы пайда борлду. Демек, топуракта суу бар. Кыймыл менен көнүгүү аткартат. Тажрыйба. Топуракты спиртовка менен ысыталы. Эмнени көрдүнөр жана сезип турасыңар? (түтүн жана жагымсыз жыт) Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын калдыктарынан түзүлгө чиринди күйгөндөн ушундай болду.Демек топуракта чиринди бар. Тажрыйба Чиринди күйүп, ысыган топуракты суу куюлган стаканга салуу керек. Бир аз убакыт өткөндөн кийин түбүнө чопо менен кум чөгөт. Демек, топуракта кум, чопо бар. Тажрыйба Топурак салынган сууну чыпкалайбыз. Бир нече тамчыны айнектин үстүнө тамчылатабыз. Айнекти оттун үстүнө кармайбыз. Суу бууланып айнектин үстүндө ак тактар калат. Ал туздар. Туздар өсүмдүктөрдүн өсүшүнө зарыл болгон азыктандыруучу заттар. Демек, топуракта туздар бар. 1-топ кластер.
чиринди Аба
туздар
топурак
суу
микробдор
чопо кум 2-топ. Синквейн. Топурак. 3-топ.топурак кантип пайда болот? Стикер аңгеме. Суроолор: 1.Топурак деп эмне аталат. 2. Топурактын күрдүүлүгү эмнеге жараша болот? 3.топурактын курамына эмнелер кирет? | Тажрыйба жүргүзүүгө жардам беришет. Кыймыл менен аткарышат Тажрыйба жүргүзүүгө жардам беришет. Тапшырмаларды аткарып презентация кылышат. Суроолорго жооп беришет. |