Сабактын темасы: Өткөн чактан келечекке карай
Сабактын максаты: Өткөн чактан азыркы учурга чейин жетишкендиктер менен таанышасыңар, ошондой эле өткөн чак менен азыркы учурдагы жашоо шартты айырмалап айта аласыңар.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу
Жагымдуу маанай түзүү
-Бир сан ойлон
-Ага андан кийинки санды кош
-Келип чыккан санга 9ду кош
-Келип чыккан санды 2ге бөл
-Келип чыккан сандан биринчи ойлонгон санды кемит
-Канча чыкты?
-Азаматсыңар! Туура 5 саны чыгат
-Бугунку маанайыбыз жана алган бааларыбыз 5 болсун!
Алтын эреже түзүү
1. “Убактыны албай, тапшырманы тез аткаргыла. Жакында конгуроо болот!” эмес. “Кана эмесе кеттик, ким биринчи баштайт?!”
2. “Жаныңардагыларга жолтоо болбогула!” эмес. “Келгиле топто ынтымакта иштейли.”
3. “Айткандарымды унутуп калдыңарбы?!” эмес. “Жаңы маалыматтарды билип алалы.”
4. “Бизде баардык маалымат пайдалуу. Окуйбуз, жазабыз, айтабыз жана изилдейбиз.”
Топко бөлүү
1. Ошол жылдары бул окумуштуу илимде көп ачылыштарды жасаган.
2. Элдин турмушу жакшырууда
3. Мен жакында планеталарды изилдөөчү аппарат ойлоп табам.
Сабакка өбөлгө түзүү:
Жер ортолук деңизден Улуу Кытай дубалына чейин 7миң километр жолду соодагерлер кербен менен 3 жылда басып өтүшкөн. Ал эми азыркы учурда заманбап учактар менен андай жолду 3 жыл эмес 3 саатка жетпеген убакытта басып өтүүгө болот.
Өткөн чактан азыркы учурга чейин адамзаттын жашоосунда ушундай чоң өзгөрүүлөр өнүгүулөр болгон болсо, “Келечекте дагы эмнелер болот?”- деген суроолор барыбызды ойлонтот.
Мына ушундай кызыктарга бай бугунку сабагыбыздын темасы
“Өткөн чактан келечекке карай”
Бүгункү сабакта:
Өткөн чактан азыркы учурга чейинки жетишкендиктер менен таанышасыңар.
Күн сайын жаңы ачылыштар болуп турат. Ошол ачылыштардын пайдубалында убагында биздин ата-бабаларыбыз тырмактайдан чогулткан малыматтар турат. Адамдардын ой кыялындагы, билимдин түрлөрүндөгү илимий ачылыштар жана ойлоп табуучулуктун баардыгы келип азыркы заманбап техникалардын үлгүлөрү болуп көрүнөт.
Адамзаттын эң маанилүү ачылыштарынын бири-дөнгөлөк. Өзү жүрүчү унааны (автомобил) 1885-жылы немес ойлоп табуучулары Карл Бенс менен Готлиб Даймлер болгон. Унаалардын конструкциялары жыл сайын жаңырып жатат. Алардын ылдамдыгы, кыймылдаткыч кубаты, сырткы көрүнүшү өзгөрүлуп баратат. Азыр унаанын түрү көп.
Кайыктар менен кемелерди илгери эле ойлоп табышкан. Азыр заманбап судналар өтө көп аралыкта өтүүгө жарактуу. Алар жүргүнчүлөр менен ар түрдүү жүктөрдү ташыйт. Азыркы кээ бир кемелердин ичинде ресторандар, эс алуучу жайлары да бар.
Адам баласы миңдеген жылдар бою канаттуулар сыяктуу абага учкусу келген. Бул кыялды биринчи жолу француздар ашырган. 1783-жылы алар аба шарын жасашып, 8км аралыкты учуп өтушкөн. Азыр миңдеген жүргүнчүлөр авиялайнерде саякатташат. Ракеталар Жердин орбитасына жүктөрдү жана адамдарды жеткирет.
Илгери маанилүү маалыматты билдирүү үчүн бийик жерлерге от жагышкан. Бир жакка кабар берүү үчүн почтаны же атайын чабармандарды пайдаланышкан. 1804-жылы эң жөнөкөй электрдик телеграфты ойлоп табышкан. Анда чекит жана сызыкча белгилерин атайын ачкыч менен басып билдиришкен. Аны Сэмюель Морзе ойлоп таап, телеграф менен кабарларды билдирип, Морзенин азбукасы деп аташкан.
1876-жылы биринчи телефон пайда богон. Ал анча күтүү эмес электрдик сигналга айландырып, аны зым аркылуу берип турган. Биз бүгүнкү күндө мобилдик телефонубузга жер орбитасындагы байланыш спутниктер аркылуу сигналдарды алып турабыз.
Көйнөгүң кир болсо эмне кыласың?
Албетте жууйбуз. Илгери өткөн заманда кир жуучу машынаны жыгачтан жасашкан. Биринчи кир жуучу машына 1900-1907-жылдары чыккан дешет.
Кийинчерээк адамдар уламдан-улам турлөрүн ойлоп, электр кыймылдаткычы аркылуу айланган андан кийин cуу ысытуучу жана сыгуучу кир жуугучтар пайда болгон. Биздин өлкөдө да “Киргизия” деген кир жуучу машына жасалган. Ал азыркыга чейин колдонулуп келет.
Замандын талабына ылайык азыр кир жуугучтардын түрү көп. Ал cуу кукуюлгандан баштап ысытуу, жуу, сыгуу, кургатуу, суу төгүлүшүн өзу аткаргандыгы менен кыйла жеңилдетилген.
Көңүлдүү көнүгүү жасоо: видео
Сабакты бышыктоо:
Мына балдар өткөн чактан азыркы учурга чейинки болгон маанилүү ойлоп табуулар өзгөрүүлөрдүн бир нечелери менен тааныштыңар. Келгиле эми ойлонуп көрөлү.
Карл Бенс канчанчы жылы автомобиль ойлоп чыккан? 1885-жылы
Парустар эмне кызмат кылат? Cууда аралыктарды өтүгө кызмат кылат
Аба шарын канчанчы жылы жасашкан? 1783-жылы
1804-жылы телеграфты ким ойлоп тапкан? Сэмюель Морзе
Биринчи телефон канчанчы жылы пайда болгон? 1876-жылы
Биздин өлкодо чыкан кир жуучу машынанын аты кандай аталат?
Адамдар бардык ойлоп табууларга сүйүнүштүбү?
Ойлонуп табылган нерселер адамдарга пайда жана зыян алып келиши жөнүндө айта аласыңарбы? (унаа, телефон)
Сабакты жыйынтыктоо:
| Мен .................................................билдим. |
| Мен .................................................түшүндум. |
| Мен .................................................таң калдым. |
| Мага ................................................кызыктуу болду. |
| Мен .................................................элестеткен эмесмин. |
Баалоо: топту баалоо, жеңичүүнү аныктоо
Уйгө тапшырма берүү: китептеги сүрөттөр боюнча изилдеп келүү.