СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
УТВЕРЖДЕН
приказом министра образования и науки
Кыргызской Республики
№866/1 от 17 июля 2019 г.
КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МЕКЕН ТААНУУ ИНТЕГРАЦИЯЛАНГАН
ПРЕДМЕТИ БОЮНЧА ПРЕДМЕТТИК СТАНДАРТЫ
Иштеп чыккандар:
Аттокурова Ч.А. – КББАнын ага илимий кызматкери
Абыкова Г.Т. – Бишкек шаарындагы №5 УКГнын башталгыч
класстарынын мугалими
Бишкек - 2019
М А З М У Н У
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
Документтин макамы жана түзүлүшү................................................................................... 3
Негизги чечемдик документтердин системасы .................................................................. 4
Негизги түшүнүктөр жана терминдер .................................................................................. 4
II БӨЛҮМ. ПРЕДМЕТТИН КОНЦЕПЦИЯСЫ
2.1. Предметти окутуунун максаттары жана милдеттери ......................................................... 5
2.2. Предметин түзүлүш методологиясы ............................................................................... 5
2.3. Негизги жана предметтик компетенттүүлүктөр ................................................................. 6
2.4. Мазмундук тилкелер. Окуу материалдарынын мазмундук тилкелери жана класстар
боюнча бөлүнүшү ................................................................................................................. 10
2.5. Предметтер аралык байланыштар. Өтмө тематикалык тилкелерди жүзөгө ашыруу ..... 12
III БӨЛҮМ. БИЛИМ БЕРҮҮНҮН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖАНА БААЛОО
3.1. Окуп-үйрөнүүдөн күтүлүүчү натыйжалар (баскычтар жана класстар боюнча) ............. 14
3.2. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун негизги стратегиялары ............................ 20
IV БӨЛҮМ. БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИН УЮШТУРУУГА КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАР
4.1. Ресурстук камсыздоого коюлуучу талаптар ....................................................................... 21
4.2. Шыктандыруучу окуу чөйрөсүн түзүү ................................................................................ 21
АДАБИЯТТАР ........................................................................................................................ 23
I БӨЛҮМ
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1.1. Документтин макамы жана түзүмү
Башталгыч класстардын Мекен таануу предмети боюнча стандарты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403-токтомуна, Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүүчү мамлекеттик билим берүү стандартына негизделип иштелип чыкты. Бул предметтик стандарт башталгыч класстардын окуу процессин Мекен таануу интеграцияланган предмети боюнча жетекчиликке алат жана жөнгө салат. Предметтик стандарттын негизинде окуу программасы, окуу методикалык комплекси, окуучулардын билим деңгээлин баалоо үчүн колдонулуучу метод, ыкмалар, баалоонун түрлөрү жана инструментарийлери, баалоо критерийлери сунушталат.
Предметтик стандарт төмөнкүлөрдү жетекчиликке алат:
башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоочу жогорку жана орто окуу жайларынын Мекен таануу боюнча окуу программасын иштеп чыгуучу авторлорун;
башталгыч класстарда Мекен таануу интеграцияланган предмети боюнча окуу программасын жана окуу-усулдук комплексин иштеп чыгуучу авторлорун;
башталгыч класстардын мугалимдерин;
башталгыч класстардын мугалимдеринин адистигин жогорулатуу курстарынын окутуучуларын;
билим берүү системаларынын башталгыч класстарынын мугалимдерин аттестациялоо боюнча комиссиянын жетекчилерин;
кенже окуучулардын Мекен таануу предметинен компетенттүүлүктөрүн баалоочу адистерин;
башталгыч класстардын педагогикасы жана методикасы боюнча билим алып жаткан жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студенттерин, магистрлерин;
башталгыч класстарда Мекен таануу сабактарын окутуу боюнча илимий иш жүргүзүп жаткан аспиранттарын, илимпоздорун, изденүүчүлөрүн, методист-окумуштууларын ж.б.
Башталгыч класстардын Мекен таануу боюнча предметтик стандарты 4 бөлүмдөн туруп (предметтик стандарттын түзүмү документтин мазмунунда так чагылдырылат), анда Мекен таануу предметин окутуунун максаттары, милдеттери, предметтин түзүлүш методологиясы, негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрү, алардын өз ара байланышы, тематикалык жана мазмундук багыттары, окуу материалдарынын бөлүнүшү, класстар жана баскычтар боюнча окутуудан күтүлүүчү натыйжалары, окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун негизги стратегиялары, ошондой эле ресурстук камсыздоону жана окутуу чөйрөсүн уюштуруунун талаптары камтылды.
1.2. Негизги ченемдик документтердин системасы
Стандарт төмөнкүдөй ченемдик укуктук актыларга негизделет:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 2017;
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамы, 2003;
2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы;
2020-жылга чейин Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы;
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдагы 21-июлдагы №403-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты»;
1.3. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Предметтик стандарт – окуу предметинин алкагында окуучулардын жетишкендиктерин, аларга жетүү жана баалоо ыкмаларын жөнгө салуучу документ.
Мазмундук багыттар – окуу предметинин мазмунун аныктап турган тематикалык багыттар.
Компетенттүүлүк – бул адамдын өз ара байланышкан инсандык сапаттарынын (билими, билгичтиги, көндүмдөрү, ишмердүүлүгү) жыйындысы. Ал белгилүү социалдык жана жеке чөйрөлөрдө аныкталган ишмердүүлүк менен шартталат.
Негизги компетенттүүлүктөр – бардык предметтер үчүн жалпы метапредметтик мазмунда ишке ашырылуучу билим берүүнүн натыйжалары.
Предметтик компетенттүүлүктөр – окуу процессинде бул же тигил предмет боюнча калыптанган билимдердин, билгичтиктердин, көндүмдөрдүн жыйындысы.
Баалоо - (1) окуучулардын окуу жана таанып-билүү ишмердигине байкоо жүргүзүү, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында окуучу жөнүндө маалыматтарды баяндоо, жыйноо, каттоо жана чечмелөө процесси; (2) окуучуларды окутуунун натыйжасында алган билимдерин, аларды турмушта колдоно алуусун терең түшүнүү максатында ар түрдүү булактардан маалымат топтоо жана талдоо процесси; (3) билим берүүнүн жетишкендиктеринин баалоо методдору.
II БӨЛҮМ
ПРЕДМЕТТИН КОНЦЕПЦИЯСЫ
2.1. Окутуунун максаттары жана милдеттери
Мекен таануу предметин окутуунун максаттары:
өзүн жана айлана-чөйрөсүн, мекенин, мекенинин жаратылышын таанып-билүү жана ааламды сүрөттөй алуу көндүмдөрүнүн калыптануусу,
жаратылыш кырсыктары жана андан сактануу, жашоо-тиричилик коопсуздуктары жана аларды сактоо көндүмдөрүнүн калыптануусу,
үйдө, көчөдө, мектепте жана коомдо жүрүм-турум эрежелерин жана укуктарын, милдеттерин аткара билүү жоопкерчилигинин калыптандыруусу,
Кыргызстандагы 80 ден ашуун улуттар менен ынтымакта, жанаша жашоого багыт алуу менен сый-урмат мамиледе болууга көнүгүүсү,
Кыргызстандагы улуу мурастарды, тарыхый эстеликтерди, алардын аталыштарын чечмелей алуу, аяр мамиле жасоо, сыймыктануу, аларды сактай билүү көндүмдөрүнүн калыптануусу.
Мекен таануу предметинин милдеттери:
аалам жана анын бүтүндүгү, аба, адам, планеталар, галактика, жаратылыш жана жаратылыш кубулуштары, үй-бүлөсү, мектеби, айылы, аймагы, мекени, коом, жаратылыш кырсыктары жана жашоо-тиричилик коопсуздуктары, жүрүм-турум эрежелери, адептүүлүк, коом алдындагы укуктары, милдеттери, коомдогу баалуулуктар, ата-баба мурастары, тарыхый эстеликтер, ыйык жерлер тууралуу маалыматтарды аң-сезимдүү кабыл алуусу, алар тууралуу керектүү маалыматтарды сурап билүү, баарлашуу көндүмдөрүнүн калыптануусу;
үй-бүлөдө, мектепте, коомдо өзүн алып жүрүү эрежелерин, адептүүлүгүн, укуктарын, милдеттерин, жаратылышты сактоо, жаратылыш кырсыктарынан сактануу жана жашоо-тиричилик коопсуздуктарын сактоо, окуу процессинде кызматташуу, практикалык иш-аракеттерди аткаруу менен жашоо-тиричиликте аларды сактай билүү жөндөмдөрүнүн өнүгүүсү;
коомдогу жүрүм-турум эрежелерин сактоонун себептерин, айрым инсандардын жүрүм-туруму, иш-аракеттери, күткөн адеби башкаларга үлгү болорун, мекенин сүйө билүү, сактоо, гүлдөп өсүүсүнө салым кошуу, ата-баба мурастарын, тарыхый эстеликтерин, ыйык жерлерин баалай билүү жана сактоо, адептүүлүк, жүрүм-турум эрежелериндеги ченемдик-талаптарды аткара билүү жөндөмдөрүнүн калыптануусу.
2.2. Предметтин түзүлүш методологиясы
Башталгыч класстардагы Мекен таануу интеграцияланган предмети адам жана коом, табият таануу, мекен таануу, турмуш тиричилик коопсуздуктарынын негиздери жана адеп курстарынан турат.
Адам жана коом окуу курсу – таанып-билүүчүлүк жана практикалык ишмердүүлүктөрдөн, коом алдындагы укуктар, милдеттер, жүрүм-турум эрежелеринен жана Кыргызстанда жашаган элдердин карым-катнашын үйрөтөт.
Табият таануу курсу – окуучуда ааламдын сүрөттөлүшүн калыптандыруу, жаратылыш кубулуштарын жана алардын мыйзам ченемдүүлүктөрүн, айлана-чөйрөнү, жаратылыштын бир бөлүгү болгон адамзатты таанып-билүүсү жана алардын бир бүтүндүгүн “аалам” деп кабыл алуусун калыптандырат.
Мекен таануу курсу өз айылы, мектеби, аймагы, мекени жана мекенине канатташ жайгашкан өлкөлөр, алардагы элдер, жүрүм-турум эрежелери, коомдогу терс көрүнүштөр, жаратылыш алдындагы укуктары, милдеттери, жыл мезгилдери жана алардагы эмгек жөнүндө компетенттүү болууга багыттайт.
Турмуш тиричилик коопсуздуктарынын негиздери курсу жаратылыш, коопсуздукту сактоо эрежелери, жаратылыш кырсыктарынан сактануу, электр энергиясынын пайдасы жана зыяны, компьютердик, планшет оюндары жана ага болгон көз карандылык, сергек жашоо, адамдын дене мүчөлөрүнүн кызматы, денени күтө билүү жана чыӊдоо тууралуу маалыматтарды, мультимедиалык каражаттарды көрүп кабыл алат, практикалык тапшырмаларды аткаруудан сактануу, сактоо көндүмдөрү өсөт.
Адеп боюнча коомдогу жүрүм-турум эрежелерин, укуктар жана милдеттерин так аткаруудан, кызматташуудан коомго ылайыктуу адеп-ахлакка тарбияланат.
Мекен таануу окуу предмети интеграцияланган предмет болгондуктан окуу материалдары жуурулуштуруп берилет.
Башталгыч класстарда Мекен таануу предметинин мазмунун аныктоодо мектепке даярдоо программалары жана мектеп менен болгон өз ара байланыштары, окуу материалдарынын ырааттуулугу, башталгыч билим берүүнүн жалпы билим берүүдөгү ээлеген орду, окуу процессинде колдонулуучу усулдар/технологиялар, баалоонун усулдары жана предметтер аралык байланыштар, окуу чөйрөсүн уюштуруу эске алынды.
2018-жылы 17-июлда Кутбилим газетасынын №25-26-санына жарыяланган министрликтин №907/1-буйругу менен бекитилген Базистик окуу планында башталгыч мектепте Мекен таануу интеграцияланган предметин окуп-үйрөнүүгө ар бир класста жумасына 2 сааттан каралган.
2.3. Негизги жана предметтик компетенттүүлүктөр
Мекен таануу интеграцияланган предметин окутууда негизги жана предметтик компетенттүүлүктөр каралат.
Негизги компетенттүүлүктөр «Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты» жөнүндөгү КРнын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы 21-июлдагы №403-токтомунун негизинде аныкталып, алардын калыптанышынын үч деңгээли көрсөтүлгөн: репродуктивдүү, продуктивдүү, креативдүү.
Негизги компетенттүүлүктүн түрлөрү:
1) Маалыматтык компетенттүүлүк.
2) Социалдык-коммуникативдүүлүк компетенттүүлүгү.
3) Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрүн чечүү компетенттүүлүгү.
Предметтик компетенттүүлүктөр. Алар башталгыч билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен төмөнкүчө аныкталды:
Таанып-билүү жана практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу компетенттүүлүгү (К1) – жаратылыш жана жаратылыш кубулуштарын, курчап турган айлана-чөйрөнү таанып-билет жана аларга байкоо жүргүзүү, жыйынтыктарын каттоо, талдоо, жалпылоо, аймактардын жаратылышы тууралуу кошумча маалыматтар менен толуктоо, өзгөчөлүктөрүн аныктоо жөндөмдөрү калыптанат;
Социалдашуу компетенттүүлүгү (К2) – бул үйдө, мектепте, айлана-чөйрөдө жана коомдо жүрүм-турум, адеп эрежелерин, укуктарын, милдеттерин билүү жана аларды сактоо менен адептүүлүк көндүмдөрү калыптанат;
Ден-соолукту сактоо жана коопсуздуктарды сактай билүү компетенттүүлүгү (К3) - өзүнүн дене түзүлүшүн билет жана аны күтө билүү, ден-соолукту сактоо жана жаратылыш кырсыктарынан сактануу, энергияны сарамжалдуу пайдалануу, турмуш-тиричилик коопсуздуктарын сактай билүү көндүмдөрү калыптанат.
Баалуулуктарды аңдап түшүнүү компетенттүүлүгү (К4) – үй-бүлө, айлана-чөйрө, Ата мекен, коом алдындагы маданий баалуулуктар, ата-баба мурастары, тарыхый эстеликтер, ыйык жерлер жөнүндө маалыматтарды угат, мультимедиалык каражаттардан көрөт, алардын маанисин түшүнөт, алар жөнүндө башкаларга айтып бере алат, аларды көздүн карегиндей сактоо менен кийинки муунга мурас катары өткөрүп берүү салтын карманууга тарбияланат.
Негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн байланышы. Негизги жана предметтик компетенттүүлүктөр өз ара тыгыз байланышта. Негизги компетенттүүлүктөрдү ишке ашырууда предметтик компетенттүүлүктөр төмөнкүчө аныкталды:
| Негизги компетент-түүлүктөр | Предметтик компетенттүүлүктөр | |||
| Таанып-билүү жана практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу | Социалдашуу | Ден-соолукту сактоо жана коопсуздуктарды сактай билүү | Баалуулуктарды аңдап түшүнүү
| |
| Маалымат-тык | Жаратылыш жана жаратылыш кубулуштары жөнүндө маалыматтарды угуу, көрө билүү, кабыл алуу билгичтиги калыптанат. Жаратылыш жана жаратылыш кубулуштарын байкайт, жыйын-тыктарын жазат, аларды жалпы класста айтып берүү менен талдайт. | Үй-бүлөдө, класста жана айлана-чөйрөдө өзүн алып жүрүү эрежелери жана адептүүлүк, өзүнүн укуктары, милдеттери жөнүндө маалыматтарды уга билүү жана аны эсинде сактай алуу жөндөмү калыптанат. Адептүүлүктү калыптандыруунун маанисин түшүнөт, анын эрежелерин турмушта так сактоо жана мультимедиалык каражаттардан иш-аракеттердин аткарылышын көрүү аркылуу калыптанат. | Өзүнүн дене түзүлүшү жана аны күтө билүү жөнүндө маалы-маттарды угат, көрөт жана ден-соолукту сактоо жөндөмү калыптанат. Жаратылыш кырсыктры жана алардан кантип сактануунун жолдорун билет. Турмуш-тиричилик коопсуздуктарын атай алат жана аларды сактай алат. Энегияны сарамжалдуу пайдалануу жөнөмү калыптанат. | Ата-баба мурастары, тарыхый эстеликтер жөнүндө маалыматтарды угат, көрөт, алардын маанисин түшүнөт, алар жөнүндө башкаларга айтып бере алат. Үй-бүлө, айлана-чөйрө, аймак, Ата мекен жөнүндө малыматтарды билет, коом алдындагы маданий баалуулуктарды айырмалайт, аларды сактоо керектигин башкаларга айтып берет. |
| Социалдык-коммуника-тивдик | Жаратылыш менен таттуу мамиледе жашоо жөндөмү калыптанат Жаратылыш жана жаратылыш кубулуштарын байкоонун жыйын-тыктарын класста талдай алуу, өз оюн, сунуштарды айта алуу менен башкаларды сыйлоо, уга билүүгө көнүгөт. | Үй-бүлөдө, класста жана айлана-чөйрөдө өзүн алып жүрүү, өзүнүн укуктарын, милдеттерин сактай билүү менен практикалык тапшырмасын аткарууда кызматташууга көнүгөт. Адептүүлүктү калыптандыруу эрежелерин сактай билүү үчүн иш-аракеттерди аткарат, талкуулайт, бири-бирине өз оюн айтат, баарлашат. | Өзүнүн дене түзүлүшү жана аны күтө билүү, ден-соолукту сактоо боюнча практикалык иш-аракеттерди, көнүгүүлөрдү аткарууда пикир алышат, аткарылган иш-аракеттерди баалай билүү жөндөмдөрү калыптанат. Жаратылыш кырсыктарынан сактануу, турмуш-тиричилик коопсуздуктарын сактоо жолдору боюнча маалыматтарды тандай алуу, топто талкуулоодо бирин бири уга билүү жөндөмдөрү калыптанат. | Ата-баба мурастары, тарыхый эстеликтер жөнүндө кошумча маалыматтарды таап, ресурстарды пайдаланып класста айтып берет, талдайт. Топтордо маданий баалуулуктар жөнүндө талдашат, аларды сактай алуу көндүмү калыптанат жана кийинки муунга өткөрүп берүү милдети экенин түшүнөт. |
| Өз ишин өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү | “Жаратылыш менен таттуу мамиледе болуу” осуятын сактоо жана кам көрүү боюнча өз алдынча маалыматтарды топтойт, анын маанисин чечмелей алуу жөндөмү калыптанат. Жаратылыш жана жаратылыш кубулуштары жөнүндөгү маалыматтарды улуулардан сурап, мультимедиалык материалдардан көрүү менен түшүнүгү тереңдейт, классташтары менен бөлүшөт. Кубулуштарга өз алдынча байкоо салат, анын жыйынтыктарын классташтары менен талдашат. | Үй-бүлөдө, класста жана айлана-чөйрөдө өзүн алып жүрүү боюнча өз алдынча эрежелерди түзө билүү көндүмү калыптанат. Өзүнүн укуктары, милдеттери жана аны сактай билүү боюнча өз алдынча байланыштуу сүйлөмдөрдөн текст жазат жана жазылган тексттерди талдай алуу жөндөмү калыптанат. “Адептүү болуу аста-аста” темасында аңгеме жазуу, аӊгемелерден мазмундуусун тандоо, аны ролдоштуруп аткаруу жана талкуулоо жөндөмдөрү өсүп-өнүгөт. | “Ден-соолукту күтө бил” темасында өз алдынча маалыматтарды топтоо, жалпылоо жана баалай билүү жөндөмдөрү өөрчүйт. Жаратылыш кырсыктары жана турмуш-тиричилик коопсуздуктары боюнча кошумча маалыматтарды табуу, башка-ларга айтып берүү, талдай билүү жөндөм-дөрү калыптанат. | Өз аймагынын ата-баба мурастарын, тарыхый эстеликтерин башка аймактардан бөлөт, маалыматтарды тактап, жалпылайт, аларды класста окуучулар менен бөлүшүү жөндөмдөрү өсөт. “Маданий баалуулуктар” жөнүндө маалыматтарды тактайт, өз аймагынын маданий баалуулуктарын айырмалай алат. |
| № | Предметтик компетенттүүлүк | Компетенттүү окуучунун иш-аракети |
| 1 | Таанып билүү жана практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу | Айлана-чөйрө, жаратылыш, жаратылыш кубулуштары, алардын өзгөрүүлөрү, энергия, аалам жөнүндө маалыматтарды айтып берет. Жаратылыш жана коомдук кырсыктар, коркунучтар кантип пайда болорун айтып берет. Электрондук окуу материалдарынан айлана-чөйрөнү, жаратылышты, жаратылыш кубулуштарын, планеталарды, жыл мезгилдерин аң-сезимдүү таанып билүүсү, предметке болгон кызыгуусу өсөт. Маалыматтардын негизинде аларга байкоо салат, байкоонун жыйынтыгын жазат, маалыматтарды топтойт, талдайт. Айлана-чөйрө, жаратылыш, жаратылыш кубулуштары, алардын өзгөрүүлөрү, аалам жөнүндө маалыматтардын негизинде эмне үчүн ошондой болоорун, энергияны сарамжалдуу пайдаланууну өз алдынча изилдеп маалыматтарды топтойт, слайд даярдоо менен презентация жасайт, суроолорго жооп берет. Үй-бүлөсү, классташтары жана өзүн курчап турган адамдар менен адептүүлүк жана жүрүм-турум эрежелери тууралуу баарлашат, адептүүлүк жөндөмдөрү өөрчүйт. |
| 2 | Социалдашуу | Үйдө, көчөдө жана мектепте башкалар менен кантип мамиле түзүү, алар менен ар дайым байланышта болуу, кызматташуу сыяктуу иш-аракеттердин натыйжасы баланын өзүн алып жүрүү, саламдашуу, сөздү уга билүү, өз пикирин билдирүү, бирин-бири сыйлоо, көтөрүмдүүлүк сапаттарга тарбиялайт. Коомдогу адептүүлүк жана жүрүм-турум эрежелерин, укуктарын, милдеттерин кантип сактоо керек жана анын маанисин түшүнгөндүгү тууралуу айтып берет. Жаратылыш кооздуктарына суктануу, жаратылыш кысыктарынан сактануу, коопсуздукту сактоо керектигин айтып берет, иш-аракеттерден көрсөтөт. Жаратылыш алдындагы милдеттер кайсылар экенин айтып берет, аны кантип ишке ашырууну билет. Коомдогу элдердин карым-катнашы, үрп-адаты, каада-салты, улуттук кийимдери, тамак-ашы ж.б. жөнүндө айтып берет, аларды талдайт, маданияттуулук көндүмдөрү өсөт. Жаратылыш жана коомдук кырсыктардан, коркунучтардан сактанууга карата иш-аракеттерди аткарат, аларды айырмалай алат. |
| 3 | Ден-соолукту сактоо жана коопсуздуктарды сактай билүү | Дене түзүлүшү жана аны күтө билүүнүн маанисин түшүнөт, күнүмдүк жашоо-тиричиликте өздүк гигиенаны сактайт, денесин чыңдайт, терс адаттардан арылуунун маанисин түшүнүп башкаларга кеңеш берет, энергияны сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгын башкалар менен бөлүшөт. Жаратылыштагы, күнүмдүк жашоо-тиричиликтеги жана коомдук кырсыктар, коркунучтар жөнүндөгү маалыматтарды билет, аларга таянып, практикалык иш-аракеттерден сактануу, алдын алуу жөндөмдөрү өсөт. |
| 4 | Баалуулуктарды аңдап түшүнүү | Ата-баба мурастарын, ыйык жерлердин, эстеликтердин кийинки муунга тийгизген таасири, алар менен сыймыктануу, ага кам көрүү боюнча ойлорун негиздеп айтат, патриоттук, мекенчилдик сезимдери ойгонот. Ата-баба мурастарын, эстеликтерди, ыйык жерлерди кантип күтүү, сактоо керектигин түшүнөт жанабашкаларга маалыматтарды айтып берет, байкоо салат. “Билим алуу - түгөнгүс байлык” экенин чечмелей алат, билимдүү адамдын коомго кошкон салымы, жүрүм-туруму башкаларга үлгү экенин, ошондой инсан болуу үчүн эмне кылуу керектигин билет. |
2.4. Мазмундук тилкелер. Окуу материалынын мазмундук тилкелер жана класстар боюнча бөлүштүрүү
«Мекен таануу» интеграцияланган предмети «Мен жана менин айлана-чөйрөм», «Жаратылыш. Жаратылыш кубулуштары», «Адам жана жаратылыш. Алардын өз ара байланыштары», «Аалам жана планеталар. Жер планетасы» мазмундук тилкелерден турат.
| Мазмундук тилкелер | 1-класс | 2-класс | 3-класс | 4-класс |
| Мен жана менин айлана-чөйрөм
| Менин үй-бүлөм. Менин сүйүктүү мектебим. Мектеп турмушу Ата журтум – айылым (аталышы, көчөлөрү). Жүрүм-турум эрежелери. Менин адебим | Менин айылыма/ кичи шаарыма жанаша жайгашкан айылдар. Айылымдын/ кичи шаарымдын артыкчылыгы Айылымдын/кичи шаарымдын сыймыктуу тургундары. Ата-баба мурастары. Адептүүлүк үлгүлөрү. | Менин аймагым Аймагым менен сыймыктанам. Өмүрү өрнөк инсандар. Аймагымдагы ыйык жерлер. Кыз адеби кымбат, уул адеби урмат. | Менин Кыргызстаным. Кыргызстандын аймактары. Кыргызстандын атактуу инсандары. Жаратылыш мурастары. Адеп сабактары. Кыргызстан менен жанаша жашаган өлкөлөр. |
| Жаратылыш. Жаратылыш кубулуштары | Жашаган жеримдин жаратылышы. Күн жана түн. Жыл мезгилдери. Аба ырайы. | Жыл мезгилдери. Термометр. Жандуу жаратылыш: канаттуулар, өсүмдүктөр, курт-кумурскалар. Жансыз жаратылыш. Мен үчүн кымбат эстеликтер. | Жансыз жаратылыш кубулуштары. Аймактардагы жаратылыш жана ата-баба мурастары. Жандуу жаратылыш жана кызыл китеп.
| Жыл мезгилде-риндеги иш-аракеттер (кийим-кечелер, аларды күтүү). Асмандагы «Күн желеси». Жер-жемиш-терин, мөмө-жемиштерин бир аймактан экинчи аймакка ташуу. Жаратылыш байлыктары. |
| Адам жана жаратылыш. Алардын өз ара байланыштары | Жаратылыш мени курчап турат. Адамзат жана жаратылыш. Жандуу жана жансыз жаратылыш. Жарыкты (свет) үнөмдөйлү! Айлана-чөйрөдөгү этият мамиле (чоочун адамдар, коркунуч). Үйдө, көчөдө жана мектептеги биздин укуктар жана милдеттер. Жүрүм-турум эрежелери адептүүлүк-түн башаты. | Адамдын дене түзүлүшү. Денебизди күтө билели. Учурашуулар, мамилелешүүлөр – бул адептүүлүк өбөлгөсү. Эл ичинде өзүн татыктуу алып жүрүү эрежелери. Төрт түлүк мал. Жаратылыштын адам баласынын жашоосуна тийгиз-ген таасири (тамак-аш; мөмө-жемиш; (пахта, жүн, кендир ж.б.) кездемелер; дары чөптөр …) Жазгы, жайкы, күзгү жана кышкы эмгек жана күн. Кагаз жаратылыш-тан алынат. Нан. Нандын түрлөрү. Суулар, топурак, өсүмдүктөр, жаныбарлар жана алардын адамзаттын жашоосундагы ролу. Өсүмдүктөр жашоо өбөлгөсү. Адам өмүрү кымбат (ПК, өрт ж.б.). Айлана-чөйрөдөгү терс таасирлерден сактаналы. Жаратылышты сактайлы! Электр тогу менен азыктануучу приборлордун (утюг, чаӊ соргуч, телевизор, уюлдук телефон, ПК ж.б.) пайдасы жана зыяны Жаратылыш алдындагы биздин милдеттер. Кыргыз эли – көчмөн эл (тарыхы, жашоо шарты, улуттук кийимдери, тамак-ашы …). | Жаратылыш – жан досум! Аймагымдын мөмө-жемиштери. Жаратылыш тартууларынан: жер-жемиштер, кийим–кечелер, кен байлыктар. Суу жаныбарлары. Достукту бекем сактайлы. Ден соолукту чыңдайлы! (Ысык-Көл, жайлоолор, туздар, ж.б.) Жаратылыш кырсыктарынан сактаналы (кар, жер көчкүлөрү, сел). Компьютер, уюлдук телефондорду колдонууда убакытты үнөмдүү пайдаланалы. Зордук-зомбулукка кабылбайлы! Коомдук укуктар, милдеттер, тил табышуу, кызматташуу. Кыргыз эли - улуу эл (маданияты, каада-салты, үрп-адаты, кол өнөрчүлүгү, дыйканчылыгы, чыгармачылы-гы…). Эли-журтумдун алдындагы укуктарым жана милдеттерим. Кыргыз элинин боз үйү, калпагы, жана комузу –ааламдагы улутубуздун символдору. | Аймактардын өзгөчөлүктөрү. Кыргызстанда жашаган улут-тар (80ден ашык улут өкүлдөрү жашайт). Адамдык сапаттар. Ата-баба мурасы – келе-чектин татыктуу тарбиячысы. Мекен алдындагы менин укуктарым жана милдеттерим. Эмгек жана жаратылыш. Бак-дарактарды күтө билели. Жапайы жаныбарлар. Жер титирөө. Ден соолукту жашыңан сакта. Коомдогу терс көрүнүштөр. Кыргыз элинин маданияты. |
| Аалам жана планеталар. Жер планетасы. | Жашаган жеримден түнкү көрүнүш. Менин айы-лым/шаарым Жер плане-тасында жайгашкан. Аба. Абанын адамдын жашоосундагы мааниси. Жаратылыш суулары, топурагы, өсүмдүктөрү жана жаныбарлары.
| Планеталар ааламдын бир бөлүгү. Ай, Күн, жылдыз планеталары. Жер планетасы – адам баласынын турагы. Жер планетасынан түңкү көрүнүш.
| Планеталардын жайгашуусу жана кыймылы. Жер жана күн планеталары-нын жыл мезгилде-риндеги жайгашуусу Интернет булактарынан жер планетасы-нын, Кыргыз-стан жана анын аймактарынын көрүнүшү.
| Космос жана Галактика. Жылдыздар жана топ жылдыздар. Жыл ичиндеги жылдыздардын жайгашуусу (айтылыштар). Айлардын кыргызча аталыш себептери. Интернет булактарынан жер планетасы-нын, Кыргыз-стандын жана жанаша жашаган өлкөлөрдүн көрүнүшү. |
2.5. Предметтер аралык байланыштар жана өтмө тематикалык тилкелерди жүзөгө ашыруу
1-4-класстарда окулуучу Мекен таануу интеграцияланган предмети кыргыз тили, адабий окуу, табият таануу, технология (сүрөт, көркөм өнөр, эмгекке үйрөнүү предметтери), музыка, дене тарбия, тарых, химия, физика, биология, география предметтери менен тыгыз байланышта болгондуктан алган билимдери кенже окуучунун предметтик жана негизги компетенттүүлүгүн калыптандырат.
Кыргыз тили: байланыштуу кебинде жаңы сөздөр менен таанышат, сөз байлыгы өнүгүп өсөт, шар окуйт, окуганын түшүнүп, маанисин өз сөзү менен айтып берет.
Адабий окуу: жаратылыш, жаратылыш кубулуштары, ата-баба мурастары, жүрүм-турум эрежелери, укуктар, милдеттер, коопсуздуктар жөнүндө аӊгемелерди, ырларды көркөм окуу, окуганын түшүнүү, макал-лакаптарды чечмелей билүү жөндөмү, жаңылмачтарды бат айта алуу көндүмдөрү өнүгөт, табышмактарды табуудан ой жүгүртө билүүсү өөрчүйт.
Табият таануу: жаратылыш, жаратылыш кубулуштары, планеталар, аалам жана алардагы өзгөрүүлөр, өсүп-өнүгүүлөр жөнүндө билимдери тереӊдейт.
Музыка: шамал, жаныбарлардын үндөрү жана жаратылыш, жаратылыш кубулуштары жөнүндө ырларды, комуз күүлөрүн угушат.
Технология: планеталар, жаратылыш, жаратылыш кубулуштары, жыл мезгилдери жөнүндөгү эмгектер менен таанышат жана жаратылыш материалдарынан айрым нерселерди (геметриялык фигураларды) жасашат.
Математика: маалыматтарды баяндоодо, талдоодо, масштабга бөлүүдө, соода-сатык иштеринде сандар менен арифметикалык амалдарды аткарышууну колдонушат.
Дене тарбия: дене түзүлүшү, ден соолукту чыңдоо жана сактоо, күндүк режимди так аткаруу, айрым адаттардын таасири жөнүндө билишет.
Физика: электр тогу, электр тогунан азыктанган каражаттардын пайдасы жана зыяны, жаратылыш кубулаштары, коопсуздуктарды сактоо, планеталардын кыймылы жөнүндө билишет.
Биология: жаратылыш жана андагы кубулуштар, аба, суу, күндүн нуру, топурак жана өсүмдүктөрдүн жашоодогу мааниси, жаныбарлардын, канаттуулардын түрлөрү, алардын жашоо-тиричилиги жөнүндө билишет ага байкоо салуу менен өзгөрүүлөрдү түшүнөт.
Химия: абанын сууда айланышы, жаратылыш кубулуштары, чагылган ж.б. жөнүндөгү маалыматтарды билет жана андан ары улантышат.
Тарых: кыргыз элинин тарыхы, үрп-адаты, каада-салты, Кыргызстанда жашаган улуттар, алардын маданияты, укуктары, милдеттери, адеп-ахлакка тарбиялоо боюнча маалыматтарды таанып-билет, кийинки класстарда андан ары улантышат.
География: аба, суу, жер, топурак жана планеталар, космос, галактика жөнүндө таанып-билет, байкоо жүргүзөт, маалыматтарды жалпылап кийинки класстарда колдонушат.
III БӨЛҮМ. БИЛИМ БЕРҮҮНҮН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖАНА БААЛОО
Таблицадагы:
биринчи цифра класстын номерин,
экинчи цифра мазмундук тилкелеринин номерин,
үчүнчү цифра компетенттүүлүктүн номерин,
төртүнчү цифра күтүлүүчү натыйжанын номерин түшүндүрөт.
Мисалы, 1.1.1.1. – биринчи 1 – классты, экинчи 1 – мазмундук тилкенин номерин, үчүнчү 1 – компетенттүүлүктүн номерин, төртүнчү 1- күтүлүүчү натыйжанын номерин түшүндүрөт.
3.1. Окуучуларды окутуудан күтүлүүчү натыйжалар (баскычтар жана класстар боюнча)
Жаңы окуу материалдарын аң-сезимдүү кабыл алат жана сүрөттөп айтып берет.
Кабыл алган маалыматтарды практикалык сабакта, байкоо жүргүзүүдө колдонот.
Электрондук окуу материалдарын өз алдынча пайдалана алат жана тапшырманы аткарууда ага таянат.
Байкоо жүргүзөт, жыйынтыгын сүрөттөп жазат, байкоонун жыйынтыктарын талдайт, жалпылайт.
Адептүүлүк жана жүрүм-турум эрежелеринин, ата-баба мурастарынын, ыйык жерлердин маанисин айтып берет жана аларды көздүн карегиндей сактоого, алар менен сыймыктанууга жана адептүүлүккө тарбияланат.
Коом алдында укуктар менен милдеттердин жана жаратылыш алдындагы милдеттердин маанисин түшүнөт жана аларды аткаруу көндүмү өсүп өнүгөт.
Практика учурунда ар бир иш-аракеттердин алгоритмин (иретин) сактайт жана тактап, жалпылайт.
Практикалык иш-аракеттерди жалпылоодон, байкоонун негизинде окуу маалыматтарын жергиликтүү кошумча маалыматтар менен толуктайт.
3-4-класстарда окуучу өз алдынча слайд, реферат, презентация, гербарий, аңгеме, суроолорду түзүү, сүрөт тартуу, тест түзүү сыяктуу иш-аракеттерди аткара алат.
Берилген тапшырма боюнча кошумча окуу материалдарын башкалардан сурамжылап таап келет, суроолорго жооп бере алат, башка окуучулардын таап келген окуу материалдарынан толуктай алат.
Окуу материалдарын кабыл алуу, колдонуу жана практикалык иш-аракеттерин аткаруу деңгээлине инструментарийлерди колдонуу менен өзүнө баа бере алат.
Окуучулардын окуу материалын айтып берүүсүнөн, аткарган иш-аракеттеринен, жаңы сөздөрдү чечмелей алуу жана аларды катыштырып сүйлөм түзө алуусунан, долборлоо методунун материалдарын презентациялоодон, жалпы талкууга активдүү катышкандыгынан, өзүн өзү, бирин бири жана жалпы класста баалай алуусунан, аткарылган иштин сапатын баалоо жөндөмү калыптанат.
Өз алдынча берилген тапшырмаларды аткарууда кабыл алган окуу материалдарын колдоно алат, практикалык иш-аракеттерин сүрөттөп айтат, окуу материалдарына тиешелүү экенин байланыштырып толуктоо менен баалоо критерийлерине таянып баалай алат.
| Мазмундук тилкелер | Компе-тенттүү-лүктөр | Предметтик компетенттүүлүк боюнча күтүлүүчү натыйжалар | |||
| 1-класс | 2-класс | 3-класс | 4-класс | ||
| Мен жана менин айлана-чөйрөм. | К1 К2 К4
| 1.1.1.1. Үй-бүлөсү жана айылы, айылынын аталышы, көчөлөрү, мектеби тууралуу маалыматтарды айтып бере алат. | 2.1.1.1. Айылы/кичи шаары жана жанаша жашаган айылдар/кичи шаарлар, алардын артыкчылыгы, тургундары жөнүндө айтып берет. | 3.1.1.1. Аймагы, аймагынын сыймыктары, андагы өмүрү өрнөк инсандар, ыйык жерлери жөнүндө айтып берет. | 4.1.1.1. Мекени Кыргызстан, анын атактуу инсандары, аймактарынын өзгөчөлүктөрү, жанаша жашаган өлкөлөр тууралуу айтып берет. |
| Мектеп турмушун, адебин, жүрүм-турум эрежелерин билет, алардын маанисин түшүнөт, керектүү учурда колдонот. | 2.1.1.5. Айылынын/кичи шаарынын тургундары, ата-баба мурастары, адептүүлүгү жана алардын маанилүүлүгү жөнүндө айтып берет, оң сапаттарга тарбияланат. | 3.1.1.5. Айылы, аймагынын тургундарынын жүрүм-туруму, адеби тууралуу билет жана алардан үлгү алат, жашоо-тиричиликте оң сапаттарга тарбиялайт. | 4.1.1.6. Жаратылыш мурастарынын жана адеп сабактарынын маанилүүлүгүн билет, аларды колдонуу, сактоо менен маданияттуулукка тарбияланат. | ||
| |
|
| 2.1.4.5. Айылындагы эстеликтер жөнүндө айтып берет, аларга кам көрүүгө, сактоого тарбияланат. | 3.1.4.6. Аймактардагы ата-баба мурастары жана алардын мааниси жөнүндө билет, аларды күтүү, кам көрүү көндүмдөрү өөрчүйт. |
|
| Жаратылыш. Жаратылыш кубулуштары | К1 К2
| 1.2.1.2. Жашаган жеринин жаратылышы, күн, түн жана жыл мезгилдери, аба ырайы тууралуу маалыматтарды айтып бере алат, керектүү учурда маалыматтарды колдонот. | 2.2.1.1. Жыл мезгилдери, термометр, жандуу жана жансыз жаратылыш жөнүндөгү маалыматтарды айырмалап баяндап берет.
| 3.2.1.1. Жандуу жана жансыз жаратылыш, жаратылыш кубулуштары жөнүндөгү маалыматтарды сүрөттөп айтып берет. | 4.2.2.1. Жыл мезгилдериндеги иш- аракеттер жана ага ылайык кийилүүчү кийим-кечелер, аларды күтүү керектиги жөнүндө айта алат. Жаратылыш байлыктары кайсылар экенин, кайда жайгашканын билет, алардын жашоо-тиричиликтеги маанисин айтып берет. |
|
|
| 3.2.2.2. Кызыл китеп жана анын маанисин айтып берет, айрым тапшырма-ларды аткарууда тиешелүү маалыматтарды колдонот. Күндүн, суунун, электр энергиясын үнөмдүү пайда-лануу зарылдыгын түшү-нөт, башкалар айтып берет | 4.2.1.9. Жер-жемиштерди, мөмө-жемиштерди бир аймактан экинчи аймакка ташуунун себептерин, маанилүүлүгүн билет, ага мисал келтирүү менен слайд даярдап презентация жасайт. | ||
| Адам жана жаратылыш. Алардын өз ара байланыштары. | К1 К2 К3 К4 | 1.3.3.2. Адам жана аны курчап турган жаратылыш, жандуу жана жансыз жаратылыш жөнүдө маалыматтарды айтып берет, аларды айырмалайт, керек учурда маалыматтарды колдонот.
| 2.3.3.1. Адам, адамдын дене түзүлүшүн, анын аткарган кызматын, аны күтө билүүнүн маанисин түшүнөт, айтып берет. Айлана-чөйрөдөгү терс көрүнүштөрдүн , кооптуулуктардын жашоо-тиричиликте тийгизген таасирин, алдын алуу керектигин айтып берет. | 3.3.3.1. Кыргыз элинин улуттук символдору, боз үй, калпак, комуз жана жаратылышын сүрөттөп айтып берет, маалыматтарды колдонот, элдик маданият жөнүндөгү түшүнүгү калыптанат. | 4.3.3.6. Кыргызстандын аймактары, жашаган улуттары жөнүндө маалыматтарды билет, алардын сый-урмат, түшүнүү менен мамиле жасоосунан адептүүлүк, сыйчылдык ж.б. адамдык сапаттары калыптанат, аймактарын айырмалайт. |
| 1.3.3.6. Үйдөгү, көчөдөгү жана мектептеги окуучунун укуктарын жана милдеттерин билет, сактай билүүнүн маанисин түшүнөт, өзүн коомдук жерлерде алып жүрүү тартибин сактоого тарбиялайт. | 2.3.3.2. Жаратылыштагы адам баласынын эмгеги (төрт түлүк мал, азык-түлүк, жер-жемиш, мөмө-жемиш, эт, сүт, пахта, жүн, кендир, кездемелер; дары чөптөр, кагаз, нан ...) жана анын баалуулугу, күн нурунун таасири жөнүндөгү маалы-маттарды айта алат, керек учурда маалыматтарды колдонот. | 3.3.3.1. Кыргыз эли, басып өткөн жолу, каада-салты, маданияты, үрп-адаты, чыгармачылыгы, кол өнөрчүлүгү дыйканчылыгы, мал чарбасы, карым-катнашы жөнүндө айтып берет жана алар элинин басып өткөн жолу, улуу тарыхы экенине сыймыктанат, башкаларга алар тууралуу айтып берет. | 4.3.3.6. Жаратылыштагы жапайы жаныбарлар жана аларга камкордук, бак-дарактарды күтө билүү жөнүндөгү маалыматтарды айтып берет, практикалык иш-аракеттерди аткаруудан жаратылышка комкордук жана күтө билүү жөндүүлүгү өсөт. | ||
| 1.3.3.6. Айлана-чөйрөдөгүлөр менен өзүнүн этият мамиледе болуусу, коопсуздуктарды сактоосу, жүрүм-турум эрежелери адептүүлүктүн башаты экенин билет, аларды жашоо-тиричиликте сактоо, колдонуу көндүмү өнүгөт. | 2.3.3.2. Өсүмдүктөрдүн жашоо-тиричиликте тийгизген таасирин айтып берет, байкоо жүргүзөт, каттайт маалыматты колдонот. | 3.3.3.2. Аймагынын мөмө-жемиштери,жер-жемиштери, жаратылышы, кездемелери, кен байлыктары тууралуу маалыматтарды айтып берет, керектүү учурда колдонот.
| 4.3.3.6. Ата-баба мурасы, мекен алдындагы укуктар жана милдеттер жөнүн-дөгү маалыматтарды айтып берет, практикалык сабактарда аларды иш-аракет түрүндө көрсөтөт, эли, жери, мекенинин ыйыктыгын, аларды сактоо зарылдыгын айтат. | ||
| 1.3.4.5. Жашоодогу жарыктын (свет) маанисин айта алат, жарыкты үнөмдүү пайдалануу менен сарамжалдуулукка тарбияланат. | 2.3.3.9. Кыргыз эли жана анын басып өткөн жолу, улуттук тамак-ашы, каада-салты жөнүндөгү маалыматты айтып берет, өз алдынча маалыматтарды колдонуп презентация жасайт. | 3.3.3.2. а) Коом алдындагы укуктар, милдеттер, тил табышуу, кызматташуу иш-аракеттери жөнүндө айтып берет, маанисин түшүнөт, анын себептерин айтып берет, маалыматтарды тиешелүү жерде колдонот. б) Коомдо кездешчү зордук-зомбулуктун маанисин жана аларды болтурбоонун жол-жобосун, алдын алуу, сактануу керектигин түшүнөт, башкаларга айтып берүүдө маалыматтарды колдонот. | 4.3.3.6 Жаратылыш кырсыктарынан, жашоодогу терс көрүнүштөрдөн сактана билүү, башкаларга маалыматтарды айтып берүү зарылдыгын түшүнөт, зыяндуулук терс көрүнүштөрдүн пайда болуу себептерин айтып берет. | ||
|
|
|
| 2.3.3.6. Эл ичинде өзүн татыктуу алып жүрүү, учурашуу, мамилелешүү эрежелери - адептүүлүктү калыптандыруу өбөлгөлөрү экенин айта алат, эрежелерди сактоо, так аткаруу көндүмдөрү өсөт. Күн нурунун жаратылышка тийгизген таасири
| 3.3.3.2. Компьютер, уюлдук телефондордон ден соолукту сактоо, аларга көз каранды болуп калбоо үчүн убакытты үнөмдүү пайдалануу зарылдыгын түшүнөт, тапшырмаларды аткарууда алардын пайдасы менен зыянын аң-сезимдүү кабыл алат, маалыматтарды жашоо-тиричилигинде колдонот. | 4.3.3.6. Кыргыз элинин маданиятынын өсүп-өнүгүүсү коомго шайкеш инсанды тарбиялоо экенин билет, атактуу инсандардын өмүрүн, чыгармачылыгын окуучулар үлгү катары кабыл алуудан, сыймыктануудан маданияттуу болууга өздөрүн даярдашат. |
|
|
|
|
| 3.3.6.6. Адамдын дени сак болушу байлык экенин билет, кар, жер, сел көчкүлөрүнүн алдын алуу, сактануу чараларын эмнеге аткаруу керектигин түшүнөт, практикада кооптуу иш-аракеттен сактануу жөндөмү өөрчүйт. | 4.3.3.6. Жаратылыш кубулуштарына карай эмгектин түрүн билүү, маанисин түшүнүү, натыйжасы жөнүндө айтып берүү, иш-аракеттерди аткаруудан эмгек кылуу жөндөмү өсүп өнүгөт. |
| 4. Аалам жана планеталар. Жер планетасы | К1 К4 | 1.4.4.1. Жер планетасы жана анда айылы жайгашканын билет, жашаган жеринен асмандын, жылдыздардын, айдын түнкү көрүнүшүн сүрөттөп айта алат. | 2.4.4.1. Ааламдын бир бөлүгү – планеталар экенин, ай, күн, жылдыз планеталарынын өзгөчөлүктөрү, Жер планетасы – адам баласынын турагы экендигин билет, жер планетасындагы жашоо-тиричилик, жаратылыш, адам ж.б. жөнүндө маалыматтарды башкаларга айтып берет, практикалык сабакта маалыматтарды колдонот. | 3.4.4.1. Планеталардын өз ара жайгашуусу жана алардын кыймылы, Жер жана күн планеталарынын жыл мезгилдериндеги жайгашуусу, алардын жаратылышка тийгизген таасири жөнүндө айтып берет. | 4.4.4.3. Интернеттен жер планетасы, Кыргызстан жана Кыргызстанга жанаша жашаган өлкөлөрдүн жайгашуусун көрөт, андагы элдердин маданияты, үрп-адаты, каада-салты, чарбасы, кен-байлыктары, дыйканчы-лыгы, кол өнөрчүлүгү, жаратылышы жөнүндө маалымат алат, электрондук окуу материалдарына таянат. |
| 1.4.4.4. Аба жана анын адамдын жашоосундагы мааниси жөнүндө айтып берет, жыл мезгилдерин-деги абага байкоо салат, аларды талдайт. | 2.4.4.4. Адамзаттын жашоосундагы суулардын, топурактын, тоолордун, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын мааниси тууралуу маалыматтарды айтып берет. Аларга байкоо салат, жаратылыштын өзгөрүүсү менен адамзаттын жашоосундагы өзгөрүүлөрдүн байланышын талдай алат. | 3.4.4.4. Планеталардын, Жер жана күн планеталарынын жыл мезгилдериндеги жайгашуусуна, алардын жаратылышка тийгизген таасирине байкоо салат, алардын өзгөчөлүктөрүн талдап, жалпылайт. | 4.4.4.4. Космос, галактика, жылдыздар жана топ жылдыздар жөнүндө маалыматтарды айта алат, байкоо жүргүзөт, өзгөрүүлөрдү каттайт жана талдайт.
| ||
| 1.4.4.10 Жаратылыш суулары, топурагы, өсүмдүктөрү жана жаныбарлары боюнча электрондук окуу материалдарынан маалыматтарды көрөт, уккан маалымат менен салыштырып, керектүү материалды кошуп, толуктайт. | 2.4.4.4. Жер планетасынан айлана-чөйрөгө байкоо салып айдын, жердин, асмандын, жылдыздардын түңкү көрүнүшүн сүрөттөп айтып берет, жазгы жана кышкы көрүнүштөрдү салыштырып талдайт. | 3.4.4.6. Интернеттен жер планетасы жана анда жайгашкан Кыргызстан, анын аймактарынын көрүнүшүн, жайгашууларын сүрөттөп айтат, өз алдынча Кыргызстан жана анын аймактары, жер-шары жөнүндө айтып берүүдө интернет менен иштей алуу көндүмү пайда болот. | 4.4.4.6. Жыл ичиндеги жылдыздардын жайгашуусу, алар боюнча айтылыштар, айлардын кыргызча аталыш себептери жөнүндө маалыматтарды билет, аларды башкаларга айтып берет, маалыматтардын негизинде жылдыздардын жайгашуусуна байкоо салат, байкоо, талдоо көндүмдөрү өнүгөт. | ||
| 1.4.4.9. Жаратылыш суулары, топурагы, өсүмдүктөрү жана жаныбарлары жөнүндө айтып берет, керек учурда маалыматтарды колдонуп, сүрөтүн тартат.
|
| 3.4.4.10. Кыргызстандын аймактары жана жаратылышы жөнүндөгү электрондук окуу материалдары менен окуу китебиндеги материалдарды салыштырат, талдап, өзгөчөлүктөрүн айтат. |
| ||
Окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун негизги стратегиялары
Баалоо – билим берүүнүн сапатын көзөмөлгө алуу, окутуу ишмердүүлүгүнүн өсүп-өнүгүүсүн, илгерилөөсүн аныктай турган инструмент, баланын ишмердүүлүгүн багыттоо ыкмаларынын жардамы менен мугалимдин окуучунун даярдыгынын деңгээлин аныктоосу. “Көзөмөлдөө” түшүнүгү кайтарым байланыш дегенди түшүндүрөт. Анын жардамы менен жеткиликтүү натыйжаларды алуу үчүн окутуу процессин оңдоп-түзөөгө болот. Баалоонун ишмердүүлүктөрү окутуу процессинде мугалим менен окуучунун өз ара иш-аракеттеринин канчалык деңгээлде ийгиликтүү жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалыматты алуу муктаждыктарынан келип чыгат.
Баа – окутуу процессинин натыйжаларын сапаттык жана сандык баалоонун түрлөрүнүн, каражаттарынын, методдорунун, формаларынын системасы: окуучунун окуудагы жетишкендиктери, программа боюнча билиминин жана көндүмдөрүнүн сапаты же жеке өнүгүүсүнүн жыйынтыгы, чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн жогорулашы каралат. Баалоо – бул акыркы натыйжаны гана тастыктап көрсөтпөстөн, окуу процессин дайыма жана толугу менен коштоп жүрөт.
Баалоонун түрлөрү
Баалоонун натыйжалуулугун камсыздоо үчүн мугалим жалпы эле баалоонун максатын жана анын ар бирин колдонуу эрежелерин билүүсү зарыл. Мында баалоонун үч түрү колдонулат:
диагностикалык (аныктоочу)
формативдик (калыптандыруучу)
суммативдик (жыйынтыктоочу).
Диагноздоочу (аныктоочу) баалоо – бул окуучунун билим, билгичтик жана көндүмдөрүнүн калыптануусунун жана компетенттүүлүгүнүн баштапкы деңгээлин аныктоо. Баалоонун бул түрү окуу жылынын башында же главаны, бөлүмдү, теманы окуп-үйрөнүүнүн биринчи сабагында жүргүзүлөт.
Формативдик (калыптандыруучу) баалоо – бул окуучунун окуу процессине үзгүлтүксүз максаттуу байкоо жүргүзүү процесси. Анын максаты – окуу процессинде мугалим менен окуучунун ишмердүүлүгүн оңдоп түзөө. Мугалимге окуучунун окуу максаттарына ылайык илгерилөө процессине байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошону менен бирге мугалимге окуу процессин алгачкы этаптарда жөнгө салууга, окуучуга билим алууда өзүнүн жоопкерчилигин жогорку деңгээлде сезе билүүгө жардам берет. Окуучунун ишмердүүлүгүн айрым-айрым сабактарда баалоо дегенди түшүндүрөт.
Суммативдик (жыйынтыктоочу) баалоо – жыйынтыктоочу баалоо, окуучунун ишинин жалпы жыйынтыгын камтыган мазмундук стандартты өздөштүрүү деңгээлинин ишенимдүү көрсөткүчү.
Жыйынтыктоочу баалоо жазуу (тест, эссе, презентация, сүрөттөө аркылуу баяндоо) иштеринин жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт. Жазуу иштерине коюлуучу баалар жыйынтыктоочу баалоонун негизи болуп кызмат кылат.
Компетенттүүлүгүн баалоодо потфолио жана практикалык тапшырмалар көбүрөөк пайдаланылат. Окуу процессинде жаратылышка, өсүмдүктүн өсүүсүнө байкоо жүргүзүүнүн түрлөрү жүргүзүлөт жана аны каттоо, талдоо иши сунушталат. Анын натыйжасында мугалим окуучулардын жазуу иштерин текшерүүдө оозеки жүргүзүлүүчү калыптандыруучу баалоонун принциптерин колдонот, кайтарым байланыш түзөт, окуучулардын ишине далилдүү талдоо жүргүзөт.
4-БӨЛҮМ
БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИН УЮШТУРУУГА КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАР
4.1. Ресурстук камсыздоого коюлуучу талаптар
Жалпы билим берүүчү уюмдардагы окуу процессин окуу-методикалык материалдар менен камсыздоо Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталган нускама-методикалык катынын негизинде аныкталат.
Мекен таануу предметинин окуу-методикалык комплекси
Ар бир мектеп төмөнкү материалдар менен камсыз болуусу зарыл:
Мекен таануу боюнча окуу китептери
Окуу китептери боюнча методикалык колдонмолор (1-4-класс);
Дидактикалык материалдар;
Окуу материалдарын электрондук окуу материалдардары жана каражаттары менен коштоо (1-4-класс);
Ар түрдүү деңгээлдеги тапшырмалар, тесттер жыйнагы (1-4-класс);
Басмадан чыккан жумушчу дептерлер (1-4-класс);
Дидактикалык оюндардын, кызыктуу тапшырмалардын топтому;
Мультимедиалык окуу материалдарын, видеофильмдерди, слайддарды колдонуу.
Мектептин материалдык-техникалык базасына коюлуучу талаптар
Мекен таануу предмети боюнча талаптарды ишке ашыруу - керектүү окуу каражаттар жана көрсөтмө куралдар менен камсыздалган кабинетин жабдуу шартында жүргүзүлөт. КРнын Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен ченемдеринин негизинде кабинет минималдуу окуу жабдуулары менен камсыз болуусу зарыл: окуу приборлору, жабдуулары, куралдары, жасалгалар, басылмалар, мультимедиалык каражаттар, слайддар, видеофильмдер ж.б.
Башталгыч класстарынын мугалимдеринин кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптар
Мекен таануу сабактарын атайын орто же жогорку билимдүү «Башталгыч класстардын мугалими» квалификациясына ээ болгон педагогикалык кадрлар, «бакалавр», «магистр» академиялык даражасы бар башталгыч класстардын мугалимдери жүргүзүүгө тийиш.
4.2. Шыктандыруучу окуу чөйрөсүн түзүү
Окуу чөйрөсү – бул атайын уюштурулган чөйрө, баланын кызыгуусун, керектөөсүн өз алынча өстүрүүгө багытталат. Окутуунун активдүү формаларынан байкоо, тажрыйба, окуу диалогу колдонулат.
Окуу чөйрөсү – атайын уюштурулган чөйрө, балдардын белгилүү билим, билгичтик жана көндүмдөрүн калыптандырууга багытталат, анда максат, мазмун, методдор жана окутуунун формалары белгилүү окуу жайынын алкагында өзгөртүүгө болот. “Чөйрө” түшүнүгү адам баласынын өнүгүп-өсүүсүндө өз ара аракеттенишүү шартын чагылдырат. Бул учурда окутуу чөйрөсүнө субъекттин катышуусу менен айлана-чөйрөнүн өз ара таасири, өз ара аракеттери каралат. Окуу чөйрөсү физикалык, психологиялык, эмоционалдык, социалдык-маданий категориялары аркылуу ачылып, анда мектеп билим берүүсүнүн ресурстары жана шарттары талданат: мында класстагы мейкиндикти уюштуруу, психологиялык маанай, окутуу процессинин катышуучулары менен өз ара аракеттенишүүлөрү, методикалык жана ресурстук камсыздоолор эске алынат.
Компетенттүүлүк мамиле түшүнүгү өӊүтүнөн карап көргөндө, чөйрө көп өлчөмдөгү психологиялык-педагогикалык, социалдык, физикалык мейкиндикте кенже мектеп окуучусунун компетенттүүлүгү калыптанат. Айрым компетенттүүлүктөрү мектепте эле калыптана бербейт, баланын тажрыйба топтогон, жалпы билим, билгичтигин калыптандырган мектептен сырткаркы мейкиндикте да кампетенттүүлүгү калыптанат.
Башталгыч мектептин окутуу чөйрөсү белгилүү параметрлерде (бүтүндүгү, ачыктыгы, психологиялык жагымдуу маанай) жана түзүү принциптери (гумандуулук, маданияттуулук, субъективдүүлүк, тандоо эркиндиги).
Мугалим менен окуучулар жана окуучу менен мугалимдин өз ара байланыштары же кызматташуусу, ошондой эле окуучулардын өз ара байланыштары окутуу чөйрөсүндөгү негизги компетенттүүлүк деп эсептелинет.
Чөйрөнү түзүү үчүн мугалим:
баланын таанып-билүү кызыгуусун, жөндөмүн эске алуу менен түрдүү деӊгээлдеги математикалык тапшырмаларды (үлгү боюнча, чыгармачыл тапшырма ж.б.) сунуштайт;
өз сабагында маалыматтык ресурстарды, технологияларды, кошумча материалдарды колдонот;
иш-аракеттерди уюштуруунун түрдүү формаларын колдонот: өз алдынча, жуптук, топтук иштердин формалары;
иш-аракеттерди өз алдынча аткарууга өбөлгө түзөт, ошондой эле аткарылган иш-аракеттерди баалайт;
окуучунун жетишкендиктерин жакшыртуунун жолдору көрсөтүүчү кайтарым байланыш берет …
АДАБИЯТТАР
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамы, 2003.
2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы.
2020-жылга чейин Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлдагы №403-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты».
Башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик стандарты. –Б., 2008.
Мамбетакунов Э.М., Сияев Т.М. Педагогиканын негиздери. – Б., 2008.
Сластенин В.А. Обеспечения качества образования. – М. Педагогика, 2011.
КРнын Базистик окуу планы, Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 9-июлундагы №907/1-буйругу. Кутбилим №25-26-сандары 2018-жыл, 17-июль.
4-класстардын окуучуларынын алган билиминин жетишкендиктерин улуттук баалоо – 2017-ж. Изилдөөнүн негизги жыйынтыктары боюнча отчет. Б. 2018., 204 б.
Табият таануу предметинин стандарты. 5-класс.Б, 2018.