Мекен таануу
предмети боюнча викториналык суроолор 1
(4-б класс 2-жарым жылдык)
1.Бир суткада канча саат бар?
Ж:24 саат
2.Жердин канча полюсу бар?
3.Жер шарын эмне бөлүп турат?
4.Бир жылда канча күн бар?
5.Эмне үчүн күн , түн болот?
6. Жердин өзөгү кандай жайгашкан?
7.Жер кандай күчкө ээ?
8.Эмне үчүн бизде кыш, жаз , жай ,күз мезгилдери болот?
9.Жердин тышкы катмары эмнелерден турат?
10.Жердин ички катмары эмнелерден турат?
11.Таш калдыктары деген эмне?
12.Табияттын кырсыктары кайсылар?
13.Биздин өлкө кандай зонада жашайт?
14.Биринчи глобусту ким жасаган?
15.Глобуста эмнелер тартылган?
16.Жер шарында канча материк бар?
17.Материктерди атагыла.
18.Гидросфера деген эмне?
19.Литосфера деген эмне?
20.Атмосфераны кандай түшүнөсүң?
21.Биосфера деген эмне?
22.Дүйнө канчага бөлүнөт? 2
23.Эски дүйнөгө кирген материктер ...
24.Жаңы дүйнөгө кирген материктер...
25.Арал деген эмне?
26.Дүйнөдөгү эң чоң арал кайсы?
27.Жер шарын 2ге бөлгөн шарттуу сызык эмне деп аталат?
28.Дуйнөдө канча мухит(океан) бар?
29.Кыргызстан кайсы океанга жакын?
30.Океандын деңиздин суулары кандай болот?
31.Тузсуз суунун эң чоң запасы кайда?
32.Айсберг деген эмне?
33.Кургактыктагы суулар эмнелер ?
34.Жер жүзүндө канча мамлекет бар?
35.Аянты чоң мамлекеттерди ата.
36.Дүйнөдөгү эң кичинекей мамлекет .
37.Анын аянты канча?
38.Биздин өлкөнүн аянты канча?
39.Алгачкы саякатчылар кимдер болушкан?
40.Биздин планетабыздын шарга окшоштугун 1-ким айткан?
41.Ф.Магеллан канча кеме менен саякатка чыккан?
42.Ал канча жыл сүздү?
43.Ф.Дрейк канча жашында кемеге кызмат өтөө үчүн келди жана
канча жашында капитан болгон?
44.Жерди 3 ирет айланып чыккан деңиз саякатчысы ким?
45.Эмне үчүн Д.Кук кемесине жөө аскерлерди алган?
46.Д.Кук кайсы материкти ачкан?
47.Антарктиданын музун жарып өтө албай, артка кайткан деңиз саякатчысы ким?
48.Антарктиданы кимдер ачкан жана канча жылдан кийин ?
49.Антарктида канчанчы материк?
50.Европалыктар Азиядан эмне ташып келишкен?
51.Кытайга эң биринчи барган европалык адам ким?
52.Ал Кытайга барганда таң калган.Эмне үчүн?
53.Эски Дүйнө--....
54.Жаңы Дүйнө---
55.Эң ысык материк кайсы?
56.Сахара чөлү кайсы материкте жайгашкан?
57.Дүйнөдөгү эң узун дарыя кандай аталат?
58.Африканын символу эмне?
59.Анын көңдөйүнө канча адам батат?
60.Африкадагы эң бийик жаныбар кайсы?Африкадагы эң чоң жаныбар.
61.Африкада дагы кандай жаныбарлар жашайт?
62.Африка эмненин мекени?
63.Эң нымдуу материк
64.Түштүк Америкадагы суусу көп дарыя
65.Амазонка дарыясында кайсы жылан жашайт?
66.Түштүк Американын негизги байлыгы эмне?
67.Түштүк Америкада өтө кызыктуу дарак өсөт.Ал кандай дарак?
68.Ал дарактын жалбырагы канча кг жүк көтөрө алат?
69.Эң кичине жана кургак материк кайсы7
70.Австралиядагы эң чоң дарыя
71.Австралияда кандай өзгөчө жаныбарлар бар?
72.Баштыктуу коала эмне менен тамактанат? 4
73.Эң суук материк
74.Антарктида кайсы полюска тегерете жайгашкан?
75.Антарктиданын белгилүү жаныбары кайсы?
76.Суудагы эң чоң жаныбарычы?
77.Түндүк Америкадагы гигант даракты атагыла.
78.Анын бийиктиги жоондугу канча?
79.Секвойялар канча жыл жашайт?
80.Түндүк Америкадагы эң чоң дарыя.
81.Ак аюу кайда жашайт?
82.Дүйнөдөгү эң чоң үңкүр эмне деп аталат?
83.Түндүк Америкадагы эң акылдуу жаныбарды эмне деп аташат?
84.Эң чоң материк кайсы?
85.Биздин өлкө кайсы материкте жайгашкан жана кайсы бөлүгүндө?
86.Евразиядагы эң терең көл.
87.Эң туздуу көл
88.Евразиядагы эң узун дарыя кайсы мамлекетте?
89.Дүйнөдөгү эң бийик тоо
90.Эң бийик чокуну ата.
91.Бөлөк материктерде мындай бийик тоолор барбы ?
92.Евразиядагы эң кооз жаныбарды ата .
93.Панда эмне менен тамактанат?
94.Ысык-Көл дүйнөнүн кайсы бөлүгүндө жайгашкан?
95.Кайсы жаныбарды адамдын аты-жөнү менен аташат?
96.Күрүчтүн мекени кайсы өлкө?
97.Панда кайсы жаныбарга окшош? 5
98.Ак аюунун башка жаныбарлардан өзгөчөлүгү эмнеде?
99.Секвойя дарагынын тобурчагынын көлөмү кандай жана эмнеге окшош?
100.”Мекен таануу”окуу китебинин автору кимдер?
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги
Баткен областы Лейлек району
Лейлек райондук билим берүү бөлүмү
Манас атындагы орто мектеби
Мекен таануу предмети боюнча викторина
(4-класс)
Мугалим:Төлөнбаева Динара
АТАМ ,АПАМ ЖАНА МЕН
БИЛИМ АЛУУ ИЙНЕ МЕНЕН КУДУК КАЗГАНДАЙ
БИЛИМИ КҮЧТҮҮ МИҢДИ ЖЫГАТ,
БИЛЕГИ КҮЧТҮҮ БИРДИ ЖЫГАТ.
КӨП ОКУГАН КӨП БИЛЕТ
БИЛИМ-АДАМДЫН КАНАТЫ
БИЛИМ-ДЕҢИЗ,АКЫЛ-КАЙЫК
БИЛИМ-ЖАШОО ЧЫРАГЫ
,ӨНӨР- ЭЛДИН БУЛАГЫ
БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨЖАРЫК,БИЛИМСИЗДИН КҮНҮ КАРЫП
БИЛИМ БАШЫ-МЭЭНЕТ
“БИЛИМ ГАНА АДАМДЫ ЭРКИН ЖАНА БИЙИК КЫЛАТ”
Кыргыз Билим берүү жана илим министрлиги
Баткен областы Лейлек району
Манас атындагы орто мектеби
Мекен таануу предмети боюнча викториналык
суроолор (2-чейрек)
Классы:4-б класс
Башталгыч кл. мугалими:Төлөнбаева Динара
Баткен областы Лейлек району
Манас атындагы орто мектеби
Тема:Жарылгыч заттар жөнүндө маалымат
(4-класс)
Классы:4-класс
Класс жетекчи:Төлөнбаева Динара 2019-жыл
Сабактын темасы:Жарылгыч заттар жөнүндө маалымат
Сабактын максаттары:1.Окуучулар жаңы тема боюнча маалымат алышат.Жарылгыч заттардын коркунучтуу экендигин окуучулар жеткиликтүү түшүнүшөт.
2.Жарылгыч заттардын өмүргө коркунучтуу экендигин билип калган учурда кандай аракет кылуу ,кимге маалымдоо жөнүндө ой-сезимдери өнүгөт.
3.Тактыкка ,тыкандуулукка тарбияланышат.
Сабактын тиби:жаңы материалды өздөштүрүү сабагы
Сабактын усулу:айтып берүү ,түшүндүрүү,көрсөтмөлүүлүк
Сабактын жабдылышы:окуу китеби,сүрөттөр.
Сабактын жүрүшү:а)уюштуруу иши(саламдашуу,класстын толуктугун жана сабакка даярдыгын текшерүү)
б)жагымдуу маанай түзүү
Жаңы тема:а)киришүү
Жарылуу-чектелген көлөмдөгү катуу же суюк жарылма зат-дын
молекулаларынын кыска убакыт ичинде өтө тездик м-н жүрүүчү
экзотермиялык ажыроо процесси ,бул учурда көп сандагы энергия бөлүнүп чыгуу менен молекулалар жарылма газдардын молекулаларына айланат.Жогорку басымдын жана жарылуунун сокку уруучу толкунунун очогу пайда болот.
Жарылуу-күркүрөгөн добуш,жалын,түтүн,жарака кеткен талкаланган курулуштар.Адамдардын жан дүйносүнүн сыздоосу,азап-тозогу,өлүмү болушу мүмкүн деген коркунуч.
Жарылгыч заттар-бул чоң басымга жана ылдамдыкка ээ болгон химиялык бирикмелер ,аралашмалар.
Көп учурларда окуучулар колго ар кандай жасалма жарылуучу буюмдарды :хлопушка,жарылуучу пакет,кичинекей бомбача жасоого аракеттенишет. Мунун эң коркунучтуусу пиротехникалык оюнчуктарды жасоого балдардын билими жана тажрыйбасы жок.Алар көрүнгөн жарылгыч заттарды колдонушат.Мындай эксперименттер жарылууга алып келип,балдардын жаракат алышына жана өмүрүнө зыян келтирет.Өзгөчө майрам күндөрүндө,Жаңы жылга карата окуучулардын пиротехникалык түзүлүштөрдү жасоо,сатып алуу,пайдалануусу жогорулайт.Жарылуулардын натыйжасында көздөрү ,манжалары,жумшак ткандары,сөөктөрү жараланып,колу-буттары үзүлүп,термикалык күйүк алышат.Омүргө да коркунуч алып келет.
Эсиңде болсун!
Жарылуучу заттарды өз алдынча жардырбагыла.
Жардыруучу заттарды колго жасабагыла.
Чөнтөгүңоргө жарылуучу заттарды салып жүрбөгүлө.
Чоң кишилердин эсине:жарылуучу заттарды балдардын колуна бербөөгө тийиш.
Ж з.ды окуучулардын колунан көргөн учурда колунан абайлап алып коюу,милицияга дароо кабарлоо;
Ж.з.ды көупкалган учурда окуучунун милдеттери:
Шектүү буюмдарга тийбөө,ордунан жылдырбоо;
Шектүү буюмдар ж-дө мугалимдерге,милицияга,куткаруучуларга маалымдоо;
Адистер келгиче ,
Күтүп туруп,кайсы жерден көргөнүңордү айтып бергиле;
Бышыктоо: суроолор жазылган карточкалар,БББК методу,кластер түзүү.
Жыйынтыктоо:Бүгүнкү сабакта эмнени үйрөндүңөр?
Сабак силерго жактыбы?
Эмнеси менен жакты?
Үй тапшырма:Окуп ,түшүнүп .келүү