СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мекенчилдик -эне тилибиздин кепилдиги

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мекенчилдик -эне тилибиздин кепилдиги»

Мекенчилдик эне тилибиздин кепилдиги


Кыргыз тили дүйнөдөгү эң байыркы тилдердин бири экендиги талашсыз. Аны кыргыз окумуштуулары гана эмес, Бартольд, Бернштам, Гумилев, Радлов жана башкалар сабында турган орус, чет элдик окумуштуулар да эбак эле далилдеп келген.

Залкар жазуучу Ч. Айтматов «Ар бир элдин тили – ошол элдин нечен кылымдык акылынан жаралган кымбат мурасы» - деп айткандай, кыргыз тилибиз туралуу сөз кылуу - өзүнчө бир көөнөрбөс улуу казынанын босогосун аттоо менен барабар экендигин тарых өзү далилдеп турат.

1925-жылдын 10-11 июнундагы РСФСРдин Кыргыз автономиялуу облусунун Аткаруу комитетинин 2 – сессиясынын кезектеги отурумунун № 3 – 4 токтомунда кыргыз тили жөнүндө маселе каралгандыгын көрөбүз (КР.БМА.Ф.200п1сб31 б 3-4). Аткаруу комитетинин бул отурумунда кыргыз тилин түрк тилинен бөлүп, улуттук мамлекеттик тил катары кабыл алуу маселеси көтөрүлгөн. Аткаруу комитетинин ушул эле отурумунда жергиликтүү калкты башкарууда улуттук тилди билген адам гана автономиялуу облустун башкаруу аппаратынын жетекчилигине келсин деген маселе каралган. Бул отурумга Абдыкадыр Орозбеков төрагалык кылган жана Жайнак Садаев, Осмонкул Алиев, Төрөкул Айтматов, Нуркул Кулназаров, Таш Кудайбергенов жана башка кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү катышкан. Мына ошондо иш кагаздары кыргыз тилинде жүргөн менен бухгалтерияда, сот, прокуратура, медицина жана башка мекемелерде пайдаланылган терминдер, кыргыз тилинин өнүгүшүнө тоскоол болгон. Андыктан мындай терминдерди которуп, элге түшүнүктүү кылып жеткирүү үчүн атайын эл агартуу комиссариатына жүктөлгөн. Бул иштерди Төрөкул Айтматов жетектеген.

Мындан 87-жыл мурда каралган маселенин түйүнү бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек. Кыргыз тили деп жан үрөп кыргыз алфавитине, кыргыз тилинин улуттук тил болушуна салымдарын кошкон И. Арабаев, К. Тыныстанов, К. Карасаев, З. Бектеновдор 1936-1937- жылдагы кандуу репрессияда куугундукка алынып, ал гана турсун кээ бирлери атууга кеткен.

1958-1960 жылдары кыргыз тилине кайрадан көңүл бурула баштаган. Буга да болсо ошол кездеги малекет башчысы И. Раззаковдун таасири зор экендигин баса белгилеп кетүүбүз зарыл. Анткени И. Раззаков орус мектептерине кыргыз тилин окутууну киргизди жана завод - фабрикаларда кыргыз жумушчу тобун түзө баштады. И. Раззаковдун аракети менен мындан 55-жыл мурун Фрунзе Политехникалык Институту (азыркы КМТУ) ачылган. Ошентип техникада кыргыз тили колдонула баштаган. Бирок И. Раззаковдун ушундай аракеттерин тескери бааланып, Москва аны жетекчилик кызматтан четтеткен. (Өмүр өткөн соң, эмгеги жогору бааланып И. Раззаковдун ысмы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине берилген). Кыргыз мамлекетинин кийинки жетекчилери орус мектептерде кыргыз тилин токтотууга жол берген. Мына ошондон бери кыргыз тилинин бедел баркын көтөрө албай келе жатабыз.

«Оорууну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» - дегендей Кыргызстанда жашаган кыргыздарга караганда чет өлкөдө жашаган кыргыздар кыргыз тилин таза сактап калганы ачуу чындык. Жөнөкөй гана мисал: кадимки светофорду кытайлык кыргыздар «жол чырак» деп аташат экен. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мырзаяш Төлөмүшев төмөнкүчө баяндайт. Эне тилибизди мамлекеттик тил кылабыз деп демилге көтөрүлүп жеңилдерибиз желпинип, сабырдууларыбыз сактанып турган чакта Кытайдын Кызыл- Суу деген жеринен жазгыч – манасчы Жусуп Мамай келип калды. Эсимде Жусуп Мамайга телевизиончулар катуу суктанышып кызуу маек жүрүп жатты. Жусуп Мамай бир дагы кытай сөзүн аралыштырбай таза кыргыз тилинде сүйлөп жатты. Телевизиончулар кызыгып ар кыл суроолор менен кайрылып бир маалда бир көрүүчү манасчыга телевизор – радиону эмне дейт деп суроо салат. Жусуп Мамай радио – телевизорду - үналгы дешет дегенин уккам, дегенде эле ага ыраазы болбой, мурдагы жоопту чала уккан дагы бир телевизиончу баягыларды кайрадан сурап олтурушпайбы. Мына ошондо кызыктай метаморфоза болду. Жусуп Мамай бир заматта эле «Радиону - үналгы, телевизорду - сыналгы»-деп салса болобу! Көрдүңүздөрбү Жусуп Мамайдын Манаска толук суугарылган чыныгы манасчы экендигинен кабар берип турат.

«Камчысы каттуу болсо, кийизден жасалган казык жерге кирет» - деп ата-бабаларыбыз бекеринен айтпаган чыгаар. Биз кыргыз элинин залкар инсаны Төрөбай Кулатовдун эскерүүсүнөн далилдегибиз келип турат. 1946 – жылы Москвада кыргыз ССРнин маданият күндөрү болуп өтөт. Ал салтанатка кыргыз элчилигине генсек Сталин чакырылат. Кыргыз ССРнин КПБКнын биринчи катчысы Вагов, кыргыз ССРнин жогорку советинин президиумунун төрөгасы Т. Кулатовдор делегацияны жетектеп барышат.

Сталин Т. Кулатовго кайрылып: - «Товарищ Кулатов какая ваша профессия?» - деп сурап калат. Кулатов тура калып: «Товарищ Сталин, моя профессия шахтер – забойщик» - деп жооп берет. Сталин Кулатовго отуруңуз дегендей ишаарат кылат. Бир аз тынымдан кийин Сталин мүштөгүн кере соруп, Ваговго кайрылып: «Товарищ, знаете ли вы кыргызский язык?» - деп суроо салат. Күтүлбөгөн суроого апкаарый түшкөн Вагов, тура калып: «Так точна, товарищ Сталин. Я знаю кыргызский язык но только в пределах 30%» - деп жооп берет. Чынында Вагов кыргыз тилин билген эмес. Сталинден коркконунан, каарына калбайын деп калп айтып жиберет. Бир аз тыныгуудан соң Сталин Ваговго кайрылып: «Товарищ Вагов, как секретарь ЦККП кыргызкой ССР вы должны знать культуру, традиции, историю и наконец родной язык кыргызского народа. Точно вы знаете только в пределах 30% явно недостаточно» – деген экен. Вагов какая калып жанына күч келгенде: «Туптуура жолдош Сталин, күнөөмдү мойнума алып, катамды тез арада жоем» - деп кыргызча сайраптыр. Ошентип Ваговду Сталиндин каарынан кыргыз тили сактап калган экен. Вагов Саталинге берген убадасын так аткарат. Фрунзеге келери менен БКнын аппаратына чейин кыргыз тилин үйрөнүшсүн деген буйрук чыгарат1. Вагов өзү кыргыз тилин алты айда үйрөнүп пикир алмашууга жетишиптир. Биздин жетекчилер да Ваговдон үлгү алса жаман болбос эле.

Ошондуктан эл башында турган башчылар, дегеле дубан, оодан, айыл башчылары, жалпы эле интеллигенттер, мен кыргызмын деген ар бир жаран өз тилибизге астейдил мамиле кылуубуз керек. Өз элине ниети түз, жүрөгү таза, жаны курман мамлекет башчылары улутту үч гана нерсе сактай тургандыгын билиши керек. Алар Улуттук тарых, Улуттук философия же дүйнө тааным, Улуттук тил. Ушул үч касиет жок болгондо улут кошо жок болорун керек болсо бакчадагы бала да билиши абзел.

«Заманыңарды таанып жашагыла балдар»-деген Калыгул олуянын сөзү бүгүнкү балдарга айтылганбы айтор, дүйнөнүн желеси аталган интернетте кыргыз тили дагы өз ордун тапты. Азыркы заман техниканын заманы болуп турганына карабастан интернеттен кыргызча маалымат табуу кыйын. Бирок КРнын Президентинин аппараты, маалымат технологиясынын улуттук борбору, Кыргызстандагы АКШнын элчилиги, «Сорос-Кыргызстан» фонду жана башкалардын колдоосу менен бир мүнөт ичинде маалыматыңды 57 тилге которгон Google translate котормосунун кызматына киргизүү учурда кыргыз кыйырында кыйла кызыгууну туудурууда. Кыргызстанда кыргыз тили Googlе translate которуу бөлүмүндө аттуу долбоордун жетекчиси Атай Жунушов берген маалыматында «Кыргызстанда Googlе translate пайда болушу кыргыз тилин өнүктүрүүгө аны сактоого жана интернеттен кыргыз тилдүү жааттын пайда болушуна шарт түзөт. Калктын кыргыз тилдүү катмары интернеттен көптөгөн маалыматтарды алат жана анын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу колдонот. Башка тилдүү колдонуучулар кыргыз тилдүү ресурстар жөнүндө маалымат ала алышат»-деп билдирет.

Эгемен эл болгонубузга 21-жылдын жүзү болгонуна карабай эне тилибизге эптемей мамиле кылып келе жатабыз. Бул туңгуюктан канткенде чыгабыз деген бүдөмүк ойлорго жооп издөөгө аракет жасадым. Көрсө Бауржан Мамыш уулу да «Мен улутчул болгондон коркпойм»- деп бекер айтпаган экен. Анын сыңары биз дагы улутчул болгондон коркпойлу, улутсуз болуп калгандан корколу. Улутчул деген: өз элин, башка элдерден өйдо корсо-бул терс жагы, ал эми эли-жерин сүйүп, урматтап, ата-бабалардын жолун жолдоп улуттун кайгысын тең бөлүшгөндү-чыныгы улутчул дейбиз. Чынында, улутсуздуктун эң башкы белгиси - маңкуртчулук, маңкуртчулуктун эң башкы белгиси – өз эне тилин жана өз элинин тарыхын билбөө. Алар тамыры жок өскөн сыяктуу. Андай чөптү кыргыздар «чырмоок» деп айтат. Өзүнүн тамыры болбогондуктан ал чөп дайым бир даракка «жармашып» өсөт да, анан ошол дарактын эсебинен жашайт. Улутсуз адамдар дал ошондой, алардын өздөрүнүн эле кара курсагы ток болсо болду. «Ааламды сел алса алардын кызыл ашыгына да чыкпайт». Ошон үчүн бүгүнкү күндөгү кыргыздын ички коркунучтуу душманы – ал улутсуз адамдар болууда. Өзүбүз жардын кырында, келечегибиз бычактын мизинде турган мезгилде эне тилибиздин эртеңи жөнүндө ойлонсом, көзүмдөн жаш акпаганы менен жүрөгүмдөн кан агып отурат.

Кыргыздын улуу касиеттерин сактап, эне тилибизге энебиздей мамиле жасап, кыргыз деген эл экенибизди, кыргыз деген журт экенибизди тааный турган мезгил келди. Бул учурда тарыхчыларыбыз өз тарыхчы кызматын аткарып «Манас» бул жомок дебестен, керек болсо Манастын прототибин тапсын, ал эми адабиятчыларыбыз болсо Манас атабызды карап түздөнүп, башкача айтканда

«Кымбатым кыргыз эл үчүн,

Башка салса көрөйүн.

Душманга кор болгуча,

Туулбай туна чөгөйүн.

Тирүү жүрбөй өлойүн»-деген сөзүн биздин урааныбызга айландырсын.

Казактын улуу жазуучусу Бауржан Мамыш уулу айткандай улутчул болгондон коркпойлу! Андан көрө улутчул болуп мамлекетибизди, элибизди журтубузду сүйөлү, урматтайлы, кийинки муунга татыктуу бир эстафетаны тартуулайлы. Бекеринен Байдылда дагы:

Улутчул дешет билбеген,

Улутун кимдер сүйбөгөн .

Кыргыз деп келгем дүйнөгө,

Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн- деп жазбаган чыгаар.

Макаламды жыйынтыктап жатып «Эне менен эл турганда, эне тилим жоголбойт деп ишенимдүү айтуу менен бирге эне тилибиздин эртеңки келечеги тууралуу ойлонуп, сиз менен менин колумдан келчүү эң жөнөкөй сунуштарды сунуштамакчымын».


  1. Жаңы төрөлгөн балага ат коюуда кыргыз ысымдарын ыйгаруу керек.

  2. Бала бакчадан баштап кыргыз тилинде тарбиялообуз зарыл.

  3. Тарыхыбызды дагы да тереңирээк билишибиз керек.

  4. Бешиктеги баладан, ак сакалдуу аталарыбызга чейин Манас айтуусу, билүүсү абзел.

  5. ЖОЖго тапшырган студенттер кайсы кесиптин ээси болбосун бир жыл милдеттүү түрдө кыргыз тилин жана тарыхын окуусу керек.

  6. Эң негизгиси улутчул болсок гана улуттук эне тилибизди өнүктүрө алабыз.

Адабияттар:

  1. Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө Кыргыз Советтик ресбупликанын закону Кыргызстан басмасы Фрунзе 1989-жыл.

  2. 2008-жылы басмадан чыккан симпозиюмдун материалдары.

  3. Тил жан дүйнөнүн күзгүсү, көмөкөйдүн куту, дил баяндар жыйнагы Ош 2009-жыл.

  4. Кыргыз тили газетасы 2011-жыл.

  5. Эдилов М, Алиева Г, философия Бишкек 2008- жыл.

(2012-жыл, апрель айы)



1 Кут билим газетасы


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!