Тарбиялык сааттын максаты: - Окуучулар 23- февраль Ата мекенди
коргоочулар күнү, анын тарыхы жөнүндө
кеңири маалымат алышат.
-Ата мекенди сүйүүгө, көздүн карегиндей
сактоого тарбияланышат.
Жабдылышы: Суроттор, Ватман, Маркер. Макал-лакаптар, слайд
Кеченин жүрүшү: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни ойнолот.
Жалпы туруп гимнди чогуу ырдашат.
Алып баруучулар :
1-кыз: Кутмандуу күнүңүздөр менен! Бүгүнкү “Мекенди коргоо – ыйык милдет” аттуу патриоттук музыкалык кеченин катышуучулары. Сиздерди 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын дилден куттуктаймын. Эч качан майтарылбаган, кайраттуу , күч кубаттуулугуңуздардан жазбастан , Мекенди коргоодо сыймыгыбыз болуп журө беришиңиздерди каалап өтөм. Үй- бүлөлүк бакыт менен биргеликте бекем ден соолукта жана тайманбас эр жүрөк болуп, элибиздин намысын коргоп, Ала-Тоонун бейпилдиги үчүн аман болушуңуздарга тилектешмин.
2-кыз: Сиздердин назарыңыздарда 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө карата “Мекенди коргоо – ыйык милдет” деген темада
№35 Жумабек Чаргынов атындагы орто билим берүү мектебинин
4-б классынын окуучуларынын арасында өткөрүлүүчү мелдеш кечебизди ачык деп жарыялоого уруксат этиңиздер .
1.Майрамдын чыгыш тарыхы.
2. Мекен деген эмне?
3. Мекен, Жоокер жөнүндө көркөм окуу
4. Макал-ылакаптар, учкул создөр.
5. Обондуу ырлар.
6. Бий.
7. Хор.
23-февраль- Ата мекенди коргоочулар күнү.
Мугалим: 2003-жылдан тартып Кыргызстанда Мекенди коргоочулар күнү мамлекеттик майрам катары расмий дем алыш күнү деп жарыяланган.
Майрам Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Токтому менен
өспүрүмдөргө аскер-патриоттук тарбия берүү, согуштун жана курал
күчтөрдүн ардегерлерине татыктуу ардак жана сый урмат көрсөтүү
максатында бекитилген. 1922-жылдан тартып Кызыл Армия жана Флот
күнүн майрамдоо жалпы элдик, чон майрамга айланды. Ошондон тартып
жыл сайын СССРде 23- февраль «Кызыл Армиянын» күнү деп белгиленген.
Ал эми 1946-жылдан тартып «Советтик армиянын жана Аскер- девиз
флотунун күнү» деп аталып калган.
2003- жылдан баштап «Мекенди коргоочунун күнү» деп аталып калды. Бул күнү аялдар, кыз-келиндер аталарына, өмүрлүк жолдошторуна, уулдарына өзгөчө урмат-сый көрсөтүп, белек беришет.
Мугалим: Мекен деген эмне?
Бул сөз бардыгыбыз үчүн өзгөчө кымбат͘
Мекен- бул ар кимдин киндик кан тамган жери гана эмес ал учу кыйырына көз жетпеген ажайып керемет өлкөбүз- кыргыз жери.
Мекен деген аялуу сезим дайыма адамдардын жүрөгүнүн түпкүрүнөң орун алып, Ата мекен деген касиеттүү эки сөз биздин сезимде ажырагыс байланышта турганы бекеринен эмес.
Эл башына күн түшүп, оор сыноо, шыпак келген учурда адамдар салгылашууга, мекен үчүн, Ата-Журт үчүн деп келишкени белгилүүү.
Жибек: Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чон атабыз үйрөткөн сени мени.
Толкун болот тоолордун бийик жери,
Толкундай бол кыргыздын жигиттери.
Токсон тогуз өнөрдүн ээси бол деп,
Тоолук эне үйрөткөн сени мени.
Сымбат: Булар кимдер- булар мекен сакчысы
Булар кимдер- булар элдин бактысы.
Өз мекенин карегиндей сактаган,
Мекен коргоо кесиптердин мыктысы.
Жибек: Ар намыска шыктандырып улуу төр,
Ар убакта алга сүрөйт үмүттөр.
Көз ирмебес кыраан кылып таптаган,
Эрки күчтүү кыргыз элим мүнүшкөр.
Сымбат: Тынчтык болсун мекенимде ар дайым!
Коргоочулар амандыгын каалаймын.
Душман көрбөй дүйнө менен теңдешип,
Узун болсун өмүрүнөр ар дайым.
Кыргызстан : Тоодо жашап сырын тарткан жылдыздын,
Мен уулумун таза кандуу кыргыздын.
Жигит болуп төрөлгөн соң ааламга,
Асабасын бийик кармайм кыргыздын
Шумкар: Улуу Манас чон казатка баштага
Бир урпагы жоодон кайра жатпаган.
Эркиндиктин жаны доордун тушунда
Кыргыз элим бүркүтүндөй таптаган.
Кыргызстан: Кармашканда кайрат берип утулуу
Беттеген жоо болбойт бизде кутулуу.
Кайра кайтпас өжөрлүк бар канымда
Ал анткени биз Манастын тукуму.
Шумкар: Эли жерин коргогон
Душман келсе коркпогон.
Мылтык алып колуна
Душманга карай октогон.
Кыргызстан: Ата-Журтка тийсе экен деп кереги
Ат жалында кызмат кылып келемин.
Ар адамга мекен деген ыйык сөз
Сүтү менен кошо келет эненин.
Шумкар: Мейли кыска, мейли узак жашагын
Азбы, көппү ал жеткенин жасагын.
Мен билгени Мекен деген ыйык сөз,
Каны менен кошо келет атанын.
Кыргызстан : Оо, Ала-Тоо сенсиң менин мекеним,
Башым ийип сага таазим этемин.
Өлгөнүмчө сени коргоп душмандан,
Өмүр бою кадырына жетемин.
Мекен жөнүндө макалдар.
1. Эр жигит эл четинде, жоо бетинде
2. Баатыр элден чыгат, алтын жерден чыгат.
3. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
4. Эр жигит үйдө төрөлүп, жоодо өлөт.
5. Жигит энеден туулуп, жоодон өлөт.
6. Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жоолугат.
7. Коенду камыш, жигитти намыс өлтүрөт.
8. Эр жигиттин белгиси- сыртта мырза, үйдө кул.
9. Жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн.
10. Баатырды согуш өлтүрөт.
Кыргызстаным.
Тарыхы бар нечен,
Ынтымагы дайым бекем. Ала-Тоо бешигим,
Башым ийип таазим этем. Керемет аймагым,
Желбиреп турсун байрагын. Булагын таш жарып,
Булбулдай сайрагын.
Кыргызстаным, Кыргызстаным!
Билем мен, бир өзүндө ырыс бакыт, Өзүңсүз атпайт таңым.
Кыргызстаным, Кыргызстаным!
Керекпи? Бир өзүңө арнайм жаным, Аябай тамчы каным!
Мекеним медерим,
Ыйыксын аны сеземин.
Түбөлүк сактайбыз,
Түшүрбөй бийик желегиң
Баарыбыз бул тапта,
Баркыңды сезбей турсак да.
Кемитпей беребиз,
Келечек урпакка.
Бий: «Катюша 4-класстын кыздарынан атынан
Хор: Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.
Элимдин бейпилдигин,
Намыска бек сактаймын.
Атакем сөзүм берем.
Жүзүңдү жер каратпайм.
Эр жигит эл четинде,
Азамат жоо бетинде.
Алыста кыргыз элим,
Ар дайым жүрөгүмдө.
Сүйүктүү чек арамды,
Душманга аралатпайм.
Энекем ак сүтүндү,
Эл коргоп мен актаймын
Эр жигит эл четинде,
Азамат жоо бетинде.
Алыста кыргыз элим,
Ар дайым сезимимде.
Жыйынтыктоо:
Намыстуу Абийирдүү Сабырдуу
Эр жүрөк Мекенди коргоочулар Карапайым
Кайраттуу Патриот Күчтүү
Үйгө тапшырма: Мекенге кантип кызмат кыламын? (Эссе жазуу)
Ачык класстык саат
Тема: Улуттун улуулугу тилинде.
Класс жетекчи:
Тарбиялык сааттын максаты:
-Окуучуларга кыргыз элинин улуулугун, көркөм
сөздөргө бай экендигин түшүнүшөт. Ар бир
улуттун тарыхы, маданияты, улуулугу эне
тилинен байкала тургандыгын баалай билуугө
багыт алышат.
-“Өнөр алды кызыл тил” деген сөздүн
айланасында талкуу уюштурушат.
Сөздү барктай билүүгө, таза, маданияттуу
сүйлөөгө адаттанышат. Мамлекеттик тилдин учурдагы күңгөй- тескейи жөнүндө да
пикирлешишет.
1.Тарбиялык сааттын жабдылышы:
Кыргыз тили жөнүндө жазылган лозунгдар,Кыргыз тилиндеги китептер, кыргыз тилинин гимнинин текстти.
2.Тарбиялык сааттын жүрүшү: Уюштуруу
3.Тарбиялык саат кыргыз тилинин гимнин ырдоо менен башталат.
Мугалим: Кыргыз эли тилге, сүйлөө маданиятына өзгөчө маани берген эл болгондуктан, “Өнөр алды кызыл тил” дешкен. Абалкы учурларда бир сөздөн баш алынып, таап айтылган жүйөөлү бир сөз менен адамдын башы азатка чыккан. Ошон үчүн чечендик өнөр адамзаттын сөз өнөрүнун, тил маданиятынын төрүнөн орун алган.
Чечендик өнөр, ири алды, адамдын тубаса таланттуулугуна түздөн-түз
байланыштуу келип,эчен, ар кыл чөйрөдө, ар кандай жагдайга кабылып,
өзүнүн логикасын, күчүн, тапкычтыгын, акыл таразасын, психологиясын
сынаган тынымсыз көнүгүүсүнүн аркасында жүрө-жүрө калыптанган.
Демек, кыргыз элинин сөздү багытталган жакка карата таамай, учкул сүйлөй
билген, суроого так, далилдүү жооп таба алган сөзмөр адамдары, кептин
бүрүн тандап түрөк-түрмөк ыр нөшөрүнө айланта алган ири ырчылары, алп
манасчылары көп, акылдуулугу, кыйындыгы тилинен чыккан чоң чөйрөсү
болгондугу анык.
Асема: Чырмалышкан иштин да чатышы бар,
Чындыктын да чыгышы батышы бар.
Чытырмандын кудайы пил эле эмес,
Чымындында жашоого акысы бар.
Сымбат: Сайдын дагы башталган башаты бар,
Саяпкердин сактаган такасы бар.
Өрөөндөгү кенедей өзөндүн да,
Өз тилинде чардаган бакасы бар. Айпери: “Кыргызмын” дейсин мага,
Кыйшактап бийлеп туруп.
“Кыргызмын” дейсин мага,
Кыргызча араң сүйлөп туруп.
Нуриза: Кыргыз эмес кыргызды жыдыткандар,
Кылым кескен тарыхын унуткандар.
Кыргыз эмес, кыйшайтып калпак кийип,
Кадыр-баркын калкынын унуткандар.
Тил жөнүндө тест.
1.Тил билсен, « билесиң.
а) адам б) өлкө в) эл г) дил
2. Тил ойдун«
а) бешиги б) булагы в)чырагы г)күзгүсү
3. Тилде жок ...
а) сөөк б) мээ в) уят г) бет
4. Жигиттин өзүнө караба, ... кара.
а) сөзүнө б) ишине в) колуна г) жүзүнө
5. Адеп башы«
а) тарбия б)ата-эне в) сөз г) тил
Жыйынтыктоо: Макалды улагыла.
1.Ой океан, тил
2.Тилден жаңылган турбайт,«
3. Көп сөз көмүр«
4. Сөздү билген таап айтат,«
5. Ааламдын көркүн көз ачат, «
6. Сөз айласын билбеген«
7. Аз саз сөз«
Суроо- жооп викторинасы.
1.Бир кылымда канча жыл бар?
2. Шаршембиден кийин кайсы күн келет
3. Дүйнөдө эмне күлүк
4. Физкультура сөзүнун кыргызча аталышы?
5. 5-март күнү кайсы майрам белгиленет?
6. Эл аралык эне тил күнү качан майрамдалат?
7. «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот»- деген таасын ой кимге таандык?
8. Окуучулар үчүн чыгарылган гезиттин аталышы?
9. Сары- Челек көлү кайсы областа жайгашкан?
10. Проза менен поэзиянын айырмасы кандай?
Үй тапшырма: Тил жөнүндө учкул ойлор, цитаталарды жазып келүү