СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

“Мекеним Баткенден башталат”

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«“Мекеним Баткенден башталат”»

Жалал-Абад шаарындагы И.Сатыбаев атындагы №19 жалпы орто билим берүүчү мектеп-мекемеси


Тарбиялык саат


Тема: “Мекеним Баткенден башталат”




Мугалим:______________________

Сабактын темасы: “Мекеним Баткенден башталат” Сабактын максаты:  - окуучуларга билимдин кадыр-баркын сездирүү, терең билим алуу аркылуу көптөгөн жакшы ийгиликтерге жетишүүгө, түрдүү өнөрлөргө ээ болууга мүмкүн экендигин түшүндүрүү; - татыктуу билим алуу менен Ата Мекенибизге кызмат кылган, эли-журттун керегине жараган инсандардан болууга тарбиялоо; - биримдикке, ынтымактуулукка, эмгекчилдикке ж.б. асыл сапаттарга тарбиялоо.
Колдонулуучу материалдар: Түстүү сүрөттөр, ватмандар, маркерлер
Сабактын жүрүшү: 
1. Уюштуруу (класста жагымдуу жагдай түзүү)
Баткен облусу ― Кыргызстандын түштүк-батышында жайгашкан дубан. 1999-жылдын 13 октябрында Ош облусунун Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун жана Кызыл Кыя,  Сүлүктү шаарларын чек арасында түзүлгөн. Облустун административдик борбору – Баткен шаары (2000-жылдан).

Облустун курамындагы административдик-аймактык бирдиктер:

  • 3 район;

  • 6 шаар (үчтөн облустук жана райондук маанидеги шаар);

  • 31 айыл аймагы.

Дубандын түштүк-батыш жана түндүк-батышынан Тажикстан, түндүгүнөн Өзбекстан, чыгышынан Ош облусу менен чектешет. Анын аймагында башка мамлекеттерге тийиштүү бир нече аңкылаптар бар. Ушуга байланыштуу транспорттук катнашы көп чек аралар жана аңкылаптар аркылуу өтөт. Аянты 17,0 миң км² же республиканын айантынын 8,5%ын түзөт. Калкы 548,247 (2021) же республиканын калкынын 8,3 %ын түзөт.

2001-жылы Исфана кыштактары шаар макамын алган. 2012-жылы Кадамжай жана Айдаркен шаарчалары шаар макамын алган.

999 жылкы эл каттоо боюнча 382,4 миң киши же республиканын калкынын 7,9%ын түзгөн. Шаар калкы 100,2 миң киши (дубандын жалпы калкынын 26,2%ын түзөт), айыл калкы 282,2 миң (73,8%). Калктын жыштыгы 1 км² жерге 22,5 киши (респуюликада 24,1 киши). Шаарлары: Кызыл Кыйа (калкы 31,8 миң), Cүлүктү (13,6 миң), Испана (15,9 миң), Баткен (11,0 миң); шаарчалары: Айдаркен (9,1 миң), Кадамжай (8,9 миң), Чыгыш (6,9 миң), Чабай (1,6 миң), Кеңеш (1,3 миң); ири айылдары: Үч Коргон (12,9 миң), Орозбек (7,5 миң), Кулунду (7,2 миң), Бужум (6,7 миң), Кербен (6,0 миң), Кара Бак (6,0 миң), Cамаркандык (5,6 миң), Меркез (5,0 миң), Андарак (4,7 миң) ж. б.

Дубандын калкы көп улуттуу. Негизинен кыргыздар (дубандын жалпы калкынын 74,3%), өзбек (14,4%), тажик (6,9%), орус (2,2%), түрк (0,3%) ж. б. улуттун өкүлдөрү жашайт.

Дубандын калкынын табигый өсүшү салыштырмалуу жогору (2000 ж. республикада 19,7 ‰ болсо, дубанда 23,4‰ болгон), өлүм-житимдин коэпписиенти (респуюликада 7,0‰, дубанда 5,7‰) төмөн. Бул болсо жергиликтүү улуттун басымдуулук (74,3%) кылышы менен түшүндүрүлөт. Дубандын калкынын көбөйүшү негизинен табигый өсүшкө байланыштуу. 2000 ж. өсүш ар 1000 кишиге 17,7 (республикада 12,8) адамды түзгөн.

Улуттук курамы
  • Кыргыздар – 279,750 (78%) (2021)

  • Өзбектер – 172,202 (15%)

  • Тажиктер - 33,847 (7%)

  • Орустар – 2,579 (0.5 %)

  • Татарлар – 1,505 (0.3 %)

  • Башка улуттар - 2,717 (0.5 %

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен мектептерде окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо, жарандыкты калыптандыруу максатында «Кыргызстан Баткенден башталат» аталышындагы ачык сабактар өткөрүлөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин «Кризистен кийинки калыбына келтирүү шартында балдарды жана жаштарды жарандык-мекенчилдикке тарбиялоо жөнүндө” буйругунда төмөнкүдөй иш-чараларды уюштуруу белгиленди:

  • билим берүү уюмдарында — Баткен окуяларында курман болгон аскер кызматкерлерин жана жарандарды эскерүүгө арналган иш-чараларды өткөрүү;

  • “Кыргызстан Баткенден башталат” темасында дил баяндар сынагы,

  • “Элдердин достугу өлкөнүн күчү” темасында балдар сүрөтүнүн сынагы,

  • “Достук Ритмдери” онлайн флешмобу,

  • “Ар бир үйгө тынчтык” веб-плакаттар сынагын өткөрүү;

  • мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар үчүн убактылуу жайгашкан жерлерде кошумча сабактарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүү;

  • Баткен окуялары учурунда жабыр тарткан жарандар менен иштөө үчүн республиканын жогорку жана кесиптик окуу жайларынын окутуучуларынын ичинен психологдорду ишке тартуу.





Сабакты бышыктоо:

Эске сала кетсек,14-17-сентябрда Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.

Сабакты баалоо:жооп бергшенине карап баалоо

Үй тапшырма:Мекен ырларынан жатоо















































Мугалим:____________________


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!