СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мекенимдин тагдыры

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын темасы: Мекенимдин тагдыры Сабактын максаты    Күтүлүүчү натыйжалар Билим берүүчүлүк:  Кыргыз Республикасынын тарыхы, суверендүүлүк алган жылдан берки өзгөрүүлөр, дипломатиялык байланыштар боюнча кыскача маалымат алышат; Кыргызстандын өнүгүүсүнө эмне тоскоол жана Мекен үчүн жоопкерчиликтүү экенин белгилөө     Кыргыз тарыхы, Кыргыз мамлекети жөнүндө өз ойлорун эркин айтып бере алса;

Мекен үчүн ар бир атуулдун жоопкерчиликте экенин сезе билсе; Өнүктүрүүчүлүк: “Кыргызстандык” деген жарандык биримдикти калыптандырууга багыт алышат; “Менин өз айылыма кошкон салымым” кыскача ой пикир алышат     Адам укуктарын сактоо, басмырлоого жол бербөө, укугун таанып билүү, жардам колун созуу, ар биринин пикирин уга билүү, билим алууга умтулуу менен жетүүнү аныктап бере алса; Ар бир жарандын милдети жана укуктары тууралуу билсе; Тарбия берүүчүлүк: Ата Мекенди сүйүү  жана анын баалуулуктарын сактоо менен тынчтыкка умтулууга, башка этностор менен бирдикте “Биз Кыргызстандыкпыз” деген сезимин ойгото алышат    Ата Мекен, патриоттуулук, айылымды өнүктүрүү ж.б боюнча өз түшүнүгүн айтып, презентация жасай алса  

Просмотр содержимого документа
«Мекенимдин тагдыры»

Сабактын темасы: Мекенимдин тагдыры

Сабактын максаты

Күтүлүүчү натыйжалар

Билим берүүчүлүк: Кыргыз Республикасынын тарыхы, суверендүүлүк алган жылдан берки өзгөрүүлөр, дипломатиялык байланыштар боюнча кыскача маалымат алышат;

Кыргызстандын өнүгүүсүнө эмне тоскоол жана Мекен үчүн жоопкерчиликтүү экенин белгилөө

Кыргыз тарыхы, Кыргыз мамлекети жөнүндө өз ойлорун эркин айтып бере алса;




Мекен үчүн ар бир атуулдун жоопкерчиликте экенин сезе билсе;

Өнүктүрүүчүлүк: “Кыргызстандык” деген жарандык биримдикти калыптандырууга багыт алышат;

“Менин өз айылыма кошкон салымым” кыскача ой пикир алышат

Адам укуктарын сактоо, басмырлоого жол бербөө, укугун таанып билүү, жардам колун созуу, ар биринин пикирин уга билүү, билим алууга умтулуу менен жетүүнү аныктап бере алса;

Ар бир жарандын милдети жана укуктары тууралуу билсе;

Тарбия берүүчүлүк: Ата Мекенди сүйүү жана анын баалуулуктарын сактоо менен тынчтыкка умтулууга, башка этностор менен бирдикте “Биз Кыргызстандыкпыз” деген сезимин ойгото алышат

Ата Мекен, патриоттуулук, айылымды өнүктүрүү ж.б боюнча өз түшүнүгүн айтып, презентация жасай алса



Пайдаланылуучу каражаттар: КРнын картасы, туусунун жана гербинин сүрөттөрү, гимн, проектор же интерактивдүү доска, диск, таркатма барактар, сүрөт тартуу үчүн ватмандар, стикерлер, гүлдөр ж.б

Классты 3 топко бөлүп алуу: Кыргыз Республикасынын географиялык жайгашуусу кен байлыктары, тарыхы, белгилүү, атактуу инсандары тууралуу кыскача сууроолорго жооп алуу аркылуу бөлүнөт. Жооптор: Ооба, Жок, Мүмкүн деген гана жооп болот. Берилген жооп аркылуу топторго бөлүнөт. 1 – топ: Ооба деп жооп бергендер, 2 – топ: Жок, 3 – топ Мүмкүн деген жоопту бергендер. Мисалы: КРнын аянты 198,5 км2? Окуучунун жооп бергенине карата топко барат.

Берилген тапшырмаларды берилген убакта, кыскача, кызыктуу кылып даярдоо керек. Презентация үчүн топтун бардык мүчөсү катышат. Алар ар кандай көрүнүштө даярдалышы мүмкүн. ( ар бир топтун чыгармачылыгана чектөө жок).


Тапшырма:

1 – топ: Кыргыз Республикасынын символдору боюнча маалымат берет. Символ деген эмне? (кыскача маалымат берүү)

  • Мамлекет болуу үчүн алгач анын чек арасы, конституциясы, гимни, туусу, герби, эли болуу керек. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун ар биринин өзүнүн тарыхы бар. 1991 – жылдын 31 – августунда көз карандысыздыкка ээ болгон жаңы мамлекетке – Кыргыз Республикасына жаңы символдорду кабыл алуу талап кылынган. Кыргызстандын мамлекеттик символикасына Кыргыз Республикасынын Конституциясынын атайын бөлүмү арналган. (мугалим толуктоо киргизсе болот, канчанчы статья). Мамлекеттик символика Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгын жана эгемендүүлүгүн аныктап турат. Мамлекттик символдор: герб, туу, гимн. Символ – башкы белги. Мамлекеттик символика – көз карандысыздыктын жана эгемендүүлүктүн белгиси. (сүрөт, слайд, ыр, гимндин текстти ж.б көрсөтүшөт).

2 – топ: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу. КРнын мамлекеттик туусун кантип сүрөттөп берүүгө болот?

  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу кызыл туусу кызыл түстө, ал кыргыз элинин байыркы элдерден билдирип турат. Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн доорунда кыргыз кагандарынын ордосунун төбөсүндө кызыл туу желбиреп илинип туруучу. Айкөл Манас бабабыз өз элинин, ата журтунун эркиндиги үчүн Көк асабанын астында күрөшкөн. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун дал ортосунда алтын нурларын кырк бөлунтуп чачытарткан күн алкагы тартылган. Кырк саны – кырк уруудан куралган кыргыз элинин эң байыркы эл экендигинин күбөсү. Күн алкагынын ортосунда – боз үйдүн түндүгү. Туунун кызыл түсү – акыйкаттыкты, нарк – дөөлөттү жана каармандыкты, нурга бөлөнгөн алтын күн – бейпилдикти жана байлыкты билдирет ал эми тундук – ата конуштун, укум – тукум улоонун, Кыргызстандын элине, кеңири мааниде айтканда бүткүл дүйнөгө, ай ааламга карата мээрмандыктын символу. КРнын мамлекеттик туусу 1992 – жылы 5 – мартта Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясынын – Өкмөт үйүнүн төбөсүнө орнотулган. (видео, сүрөттөр ж.б көрсөтүлөт)

3- топ: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби.

  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинде тартылган Ак шумкар – жоомарттыктык жана кыраакылыктын, тоолуу өлкөнүн жалпы жарандарынын мүдөө – максаттарынын бийиктигинин символу. Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жана Ала - Тоонун ак мөңгүлүү аскаларынын артында нурун чачылта күн чыгып келе жатат. Көл жана Күн – жаратылыштын сулуулугунун, өмүр булагынын жана күч кубаттын символу. Айланта тартылган алтын тустүү тасманын оромундагы буудайдын машагы жана чанактары ачылган ак пахта – токчулуктун, эмгекчилдиктин белгиси. Алардын катарында гербдин үстү жана асты жагында “Кыргыз Республикасы” деп жазылган. Мамлекеттик герб 1994 – жылы 14 – январда бекитилген авторлору: А. Абдраев, С. Дубанаев. (сүрөт, слайд, ж.б.)

Талкууга: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни тууралуу. Гимн деген эмне?

  • Класс жалпы гимнди ырдашат.

  • Талкуу:

  • Гимн – бул салтанаттуу ыр. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни – биздин Ата Мекенибиздин улуулугу жана ажайып кооздугу жөнүндө салтанаттуу ыр. Авторлору: сөзүн жазгандар:

Слайд көрсөтүлөт: мында Кыргызстандын өсүп өнүгүшүнө салым кошкон тарыхый инсандар, Кыргыз тарыхы, жаратылышы, эли, каада салты ж.б жөнүндө баяндалат.(мугалим түшүндүрмө берсе болот)

Сөздүк менен иштөө: Мамлекет патриот, мекен, каада – салт, символ, жаран, толеранттуулук, милдет ж.б.

Кыргызстан – дүйнөнүн бир бөлүгү. Көз карандысыз, эгемендүү мамлекет. Мында 6 млндон ашуун киши жашайт. Бизде 100 дөн ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Биз – кыргыздар, орустар, казахтар, өзбектер, тажиктер, дунгандар, уйгурлар жана башка этностор – баарыбыз Кыргызстандын бирдиктүү элин түзөбүз. “Биз Кыргызстандыкпыз” деген идеаны туу тутушубуз керек. Кыргызстандын өнүгүшүнө, мамлекет катары өсүшүнө салым кошушубуз керек. Кыргызстандын жаратылышы кооз, кен байлыктарга бай өлкө. Келечек биздин колдо. Биз Кыргызстандын татыктуу жараны экенин далилдеп, дүйнөгө таанытууга аракеттенебиз. Мамлекеттин өнүгүшү улут аралык биримдик, ынтымак, билимдүү жаштарда. Ар бирибиз мамлекеттин патриоту болушубуз керек. Акылмандан “Патриотизм деген эмне” деп сурашканда, ал “Патриотизм – бул менин өлкөм баардыганан мыкты деген ишеним. Анткени бул өлкөдө сен туулгансың, Ата Мекенинди сатпа!” деп жооп берген экен. Демек, Кыргызстандын кайсы жеринде болбойлу – ал биздин МЕКЕН, биздин КЫРГЫЗСТАН! Ал эми Кыргызстанды өнүктүрүү жана гүлдөгөн мамлекетке айландыруу, “Кыргызстан – бардык этностордун бирдиктүү Мекени” деген идеаны ишке ашыруу – менин жана сенин эмгегиң, ынтымагың жана милдетиң!

Жалпы тапшырма: Эгерде биздин мамлекетибиз өнүккөн, билимдүүлөрдүн өлкөсү болсун деп ар бириңер барактан жүрөкчө жасап, ага адамда кандай жакшы сапаттар жана баалуулуктар болушу керектигин жазгыла.(2-3 мин). Ар бир жүрөкчө Кыргызстаным деген ватманга жабыштырылат.

Жыйынтыктоо:

Ар бир окуучуга таркатмалар берилет, мында сүйлөмдөр, макалдарды улоо керек. Мисалы: Ата журтум..., Мекенден айрылганча.... ж.б (мугалимдин чыгармачылыгы менен)

Сабакка катышкан ар бир окуучуга рахмат айтып сабакты жыйынтыктоо.

Үй тапшырмасы: “Мен өз айылымдын өнүгүшүнө кандай салым кошо алам” (эссе жазуу)






























Кыргыз Республикасы

Билим берүү жана илим министрлиги


Кыргызская Республика

Министерство образования и науки






сабактын темасы:







Мекенимдин тагдыры



















Мугалими:

2018 – жыл


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!